СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сибирь Кыргыздары....

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сибирь Кыргыздары....»

Нурдин Усеев : 2.5.4. Сибирь кыргыздары



Кыргыздардын жашаган жерине карай атап көрсөткөн экзоварианттардын бири – бул Сибирь кыргыздары (Сибирские киргизы):

О нравах сих Сибирских Киргизов объявлено уже выше. Они в сем не различествуют от братей своих Махометанских киргизов. После усмотрено будеть, сколь много помехи сии беспокойые головы Россианами учинили. Ради их Россиане имели и с Калмаками долговременную ссору. Наконец в начале нынешняго века по друже (Фишер, 1774: 63).

Күбө болгонубуздай, И. Э. Фишер Номчи, Ишей, Эренек сыяктуу баатыр бектердин жетекчилигинде орустарга каршы күрөшүп, аларга көп мүшкүл салган жана тарыхый “Кыргыз жеринде (Киргизская землица)” (азыркы Россиянын Хакас, Тыва, Алтай Республикаларынын; Красноярск крайынын, Кемеров, Томск облустарынын бир катар жерлерин камтыган аймак) жашаган кыргыздарды Сибирь кыргыздары деп атаган. Биз үчүн дагы бир маанилүү жагдай, И. Э. Фишер Сибирь кыргыздарын мусулман кыргыз деп атаган Ала-Тоо кыргыздары менен бир тууган деп эсептеп, каада-салт, нарк-насили жагынан эч айырмаланбай турганын белгилеген. Башкача айтканда, И. Э. Фишер үчүн жогорудагы текстте берилген Сибирь кыргыздары менен мусулман кыргыздар (Ала-Тоо кыргыздары) бир эле элдин эки башка географиялык аймакта жашаган бөлүктөрү. Ошондуктан биз да аты аталган жана башка окумуштуулардын пикирлерине, өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыктарына таянып, жогоруда сөз болгон Ала-Тоо кыргыздары жана Сибирь кыргыздары этнонимдери бир тектен чыккан, тили бир, каада-салты, нарк-насили бүтүн кыргыз элин билдирген кыргыз этнониминин географиялык экзоварианттары деп эсептейбиз.

п.с. "Сибирь кыргыздары" деген термин, "Сибирь кыргыздары менен Ала-Тоо кыргыздары бир эл" деген пикир илимий чөйрөдө 250 жыл мурун айтылган чындыктар.