Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Тарыхый мураска мамиле
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: жаӊы маалымат алуу
Максаты |
А)Конкреттүү максаты(билим берүүчүлүк):Тарыхый мурастар боюнча маалымат алуу. |
Б)Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялоочулук): Тарыхый мурастарды сактоо,аларга аярдык менен мамиле кылуу менен тарбияланат жана тарыхын билүү менен өнүгөт. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Тарыхый мурастар
• Бурана, өзгөн мунаралары
•Таш-рабат
•Манас күмбөзү
Сабактын мотивациясы: Окуучуда патриоттук сезимди ойгонушат.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,слайддар
Убакыт: 45 мүнөт
Убакыттын бөлүштүрүү: Чакыруу этабы: 3-5мүн
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):20-25мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12мүн
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу, досканын тазалыгына көз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бири-бирине комплимент айтуу
Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү):
Тарыхый-маданий мурастардын ролу
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастары улуттук маданияттын абдан маанилүү бөлүгү, мамлекеттин маданият саясатынын түптөөчү принциптерин түзүүчү, улуттун өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн өзөгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы тарыхый-маданий
мурастардын азыркы учурдагы абалы
Кыргыз Республикасында Кыргызстандын улуттук тарыхында жана маданиятында өзгөчө мааниге ээ тарыхый, археологиялык, архитектура жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 2 миңдей кыймылсыз эстеликтери бар. Алардын ичинен 583 объект Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кирген.
Тарых жана маданият эстеликтеринин типологиялык тиешелүүлүгү төмөнкүдөй:
- тарыхый эстеликтер - 66 объект;
- археологиялык эстеликтер - 335 объект;
- шаар куруу жана архитектура эстеликтери - 122 объект;
- искусство эстеликтери - 53 объект;
- тарыхый-маданий жана табигый - 7 объект.
Республикада жыл сайын тарых жана маданият эстеликтерин этаптуу инвентаризациялоо, эстеликтердин тарыхый-маданий жана көркөмдүк маанисин аныктоо боюнча илимий-изилдөөчү иштер, аларды техникалык кароодон өткөрүү, эсепке алуу документтерин тариздөө (паспорттор, коргоо милдеттенмелери жана коргоо келишимдери) жүргүзүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы археологиялык эстеликтерди инвентаризациялоонун жыйынтыгында изилденген 173 эстеликтин ичинен 25 археологиялык объект жана 28 архитектуралык эстелик ремонттоо-реставрациялоо жана консервациялоо иштерине муктаж экендиги аныкталган. 76 объектиге паспорт берилип, объектилердин менчик ээлери (пайдалануучулары) менен 172 коргоо келишимдери жана коргоо милдеттенмелери түзүлгөн.
2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, 2014-жылы «Красная Речка (Невакет)», «Ак-Бешим (Суяб)» чалдыбарлары жана «Бурана» мунарасынын республикалык археолого-архитектуралык музей комплекси (Баласагын)» киргизилген.
Тарыхый-маданий мурас объекттердин, алардын чектешкен аймактарынын тарыхый чөйрөсүнүн сакталышын камсыз кылуу максатында тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмдөрү: коргоо чөлкөмү, курулуштарды жөнгө салуу жана жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафттардын корголуучу объекттеринин чөлкөмдөрү белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагында республикалык маанидеги 23 эстеликтин коргоо чөлкөмүнүн долбоору иштелип чыккан.
2013-2014-жылдардын аралыгында «Красная Речка (Невакет)», «Ак-Бешим (Суяб)» чалдыбарларында жана «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин объектеринде консервациялоо жана ремонттоо иштери жүргүзүлгөн.
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана
пайдалануу боюнча көйгөйлөр
Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо, пайдалануу жана кеңири жайылтуу изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо жана музейлештирүү иштерине чейин бир далай финансылык салымдарды талап кылат.
Тарых жана маданият эстеликтери тийиштүү каралбагандыктан алар акырындык менен бузулууда. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына чарба жүргүзүүчү субъектилердин чарбалык иштери, археологиялык жана тарыхый-маданий эстеликтер жайгашкан жерлерди юридикалык тариздөөнүн жоктугу сыяктуу факторлор таасирин тийгизүүдө.
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири реставрациялоо жана ремонттоо иштерине каражаттын жана квалификациялуу кадрлардын жоктугу болууда. Тарыхый-маданий мурас объекттери боюнча түзүлгөн долбоордук-сметалык документтер эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылбайт. Курулуш, ремонт иштерин тарыхый-маданий мурас объекттерди реставрациялоого байланыштуу иштерди жасоого уруксаты жок уюмдар жүргүзүшкөндүктөн бул эстеликтердин жоголуусуна алып келүүдө.
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмүнүн долбоорлорунун жоктугу архитектуралык, археологиялык жана тарыхый эстеликтердин өзгөртүлүп курулуп, алардын көрүнүшү өзгөртүлүп, кээде эскирген курулуш катары бузуп салууга дуушарлантууда. Көп учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугусуз эле эстеликтердин коргоо чөлкөмдөрүндө алардын сакталышын эсепке албай курулуш иштерине уруксат беришет. Жерлер эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу жок эле чарбалык-курулуштук иштерге жана иштетүү максаттарына бөлүп берилет, ошондой эле шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу, реконструкциялоо долбоорлору даярдалат жана бекитилет.
Мамлекет тарабынан жерди жеке менчикке берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жер реформасы, ошондой эле кендерди жана аларга жанаша аймактарды өздөштүрүү, ага баруучу жолдорду куруу сыяктуу тез өсүп бараткан тенденция, коргоо чараларынын жоктугу көп сандаган археологиялык эстеликтердин жок болушуна же бузулушуна алып келди. Республиканын аймагында табылган археологиялык эстеликтердин басымдуу көпчүлүгү чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында талкаланууга дуушар болууда.
Эгерде эстеликтер ээлеп турган жер участокторунун макамы боюнча маселе жөнгө салынбаса, анда жакынкы 10-15 жылда эстеликтердин айрымдары жок болуп кетиши мүмкүн.
Бул көйгөй тиги же бул аймакта тарых жана маданият эстеликтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтын жоктугунан улам да болууда. Пландык-картографиялык материалдарда, жерди эсепке алуу документтеринде жана топографиялык карталарда тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар экендиги жана орду жөнүндө тийиштүү белгилер жок.
Тарыхый-маданий мурастар чөйрөсүндөгү азыркы ченемдик-укуктук база иш жүзүндө реалдуу юридикалык практикада колдонулбайт.
Жер-жерлерде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөөгө, табууга, эсепке алууга жана коргоого каражат бөлүшпөйт.
Тарыхый-маданий мурастар – туура мамиле жана натыйжалуу пайдалануу болсо мамлекеттин имиджин жогорулатуучу жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүчү ресурс боло алуучу чөйрө. Бирок, тарых жана маданият эстеликтери туристтерди тартууда толугу менен пайдаланылбай жатат. Тарыхтын жана маданияттын көптөгөн эстеликтери бар аймактарда талапка ылайыктуу инфрастуктура жок. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондун кызыктуулугун жогорулатууда эстеликтердин мүмкүнчүлүктөрүн эске алышпайт.
Концепциянын максаты жана милдети
Бул Концепция тарыхый-маданий мурас объекттеринин абалын жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоонун жана пайдалануунун мурдатан келаткан шарттарынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана учурдагы өнүгүүгө ылайыктуу жаңы шарттарын түзүүгө багытталган.
Бул Концепциянын максаттары:
- Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында тарых жана маданият эстеликтеринин инфраструктурасын өнүктүрүүгө, курчап турган тарыхый-маданий чөйрөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү;
- Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин мамлекеттик коргоону жана пайдаланууну мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири деп таануу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөндөгү маселелерди чечүү зарыл:
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен тарых жана маданият эстеликтеринин маалымат базасын андан ары түзүү;
- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик - укуктук базасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерин инвентаризациялоону андан ары жүргүзүү;
- кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу;
- тарых жана маданият эстеликтерин реставрациялоо, консервациялоо, археологиялык изилдөө жүргүзүү боюнча иштерди туруктуу каржылоо боюнча чараларды көрүү;
- тарых жана маданият эстеликтерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо;
- маданият мекемелеринин тарых жана маданият эстеликтерин табууга, коргоого жана пайдаланууга багытталган иштерин илимий, усулдук жана кадрдык камсыздоону өркүндөтүү.
Концепцияны ишке ашыруунун негизги этаптары
Концепцияны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт:
I этабында (2015-2017-жылдар):
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө улуттук мыйзамдын жана эл аралык укуктун ченемдерине комплекстүү анализ жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин колдоо боюнча азыркы учурдагы мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын толукталышын камсыз кылуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерге комплекстүү изилдөө жана иликтөө жүргүзүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүү үчүн критерийлерди иштеп чыгуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмүн орнотуу боюнча эрежени иштеп чыгуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздоого инвестицияларды тартууга багытталган иштерди жүргүзүү.
Концепцияны ишке ашыруунун биринчи этабында көрүлгөн чаралар бул чөйрөдөгү абалды тарых жана маданият эстеликтерин табуу, системалаштыруу жана коргоо багытында жакшыртууга мүмкүндүк берет.
II этабында (2018-2020-жылдар) аткарылат: тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча төмөнкүдөй багыттарда иштелип чыккан чараларды толук масштабда ишке ашыруу:
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча чараларды жакшыртуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин көрүү үчүн келгендерге көрсөтүлүүчү тейлөө кызматынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- тарыхый-маданий мурас объекттердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
- жарандардын жана туристтердин тарыхый-маданий мурас объекттерине болгон кызыгууларын арттыруу.
Күтүлгөн натыйжалар
Концепциянын ишке ашышы тарыхый-маданий мурастардын маанисин тереңирээк аңдап билүүгө, аны бүткүл дүйнөлүк маданий мурастын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналган Кыргызстан элинин кайталангыс баалуулугу катары коргоого жана пайдаланууга, ошондой эле азыркы учурда анын материалдык объекттерди коргоого жана өнүктүрүүгө түрткү берген фактор катары ролун түшүнүүгө өбөлгө болот.
Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоону жана пайдаланууну жакшыртууга, тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндө уюштуруу-башкаруу, материалдык-техникалык жана кадрдык иш-чаралардын комплексин ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жагындагы мыйзамдарын өркүндөтүүгө;
- музей, маданий эс алуу мекемелеринин материалдык-техникалык базасынын жаңыланышына көмөк көрсөтүүгө (заманбап талаптарга жана ченемдерге ылайык келген жабдыктар менен жабдылган мекемелердин санын көбөйтүүгө);
- тарых жана маданият эстеликтеринин көркөмдүгү менен өзүнө тарткан туристтик тармактын динамикалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө;
- туристтерди тейлөөдө кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуулук деңгээлин, алардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга;
- тарых жана маданият эстеликтеринин ресурсун билим берүү максаттарында пайдаланууга;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө;
- жергиликтүү коомчулукту социалдык-маданий иштерге активдүү тартууга. Туристтик сезон убагында белгилүү тарых жана маданият эстеликтеринин жанында уюштурулган боз үй шаарчалары алар үчүн кирешенин маанилүү булагы болуусу мүмкүн;
- тарых жана маданият эстеликтеринин кыйла натыйжалуу инфраструктурасын түзүүгө, тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу боюнча иштеген мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого.
Ушул Концепцияны ишке ашырууга жооптуу
аткаруу бийлигинин органдары
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги саналат.
Ресурстук жактан камсыз кылуу
Ушул Концепциянын алкагындагы иш-чаралар мамлекеттик органдарга жана мекемелерге каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле эстеликтерди эксплуатациялаган уюмдардын финансылык которууларынын, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынын жана эл аралык коомчулуктун жардамынын эсебинен каржыланат.
Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Tокмок шаарынан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-кылымдын аягы–11-кылымдын башында курулган.
Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.
Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.
Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-кылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.
Табышмактуу Таш-Рабат
Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шандын тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.
Таш-Рабат туурасында уламыштар
Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө оозеки уламыштар айтылып жүрөт алардын биринде ошол жерде бир хан жашаптыр. Анын эки баласы болгон экен. Күндөрдүн биринде хан өзүнүн байлыгын хандыгын балдарынын кимисине калтыраарын билбей «балдарым экөөң элдин жакшы жашоосу үчүн бир жакшы иш жасагыла, кимиңердин жасаган ишиңер жакшы болсо ошого хандыкты берем” деп тапшырма берет. Балдарынын улуусу эл жакшы жашаш үчүн душмандан коргогон чеп керек деп Таш-Рабатты, Оштун жанына бир чеп куруптур, кичүү уулу болсо, элдин кат-сабатын жойгонго, жерди иштетүүгө, соода жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруптур. Хан кичүү уулунун бул эмгегин баалап хандыкты ага берет. Ал эми Таш-Рабатты курдурган баласынын эмгеги анчейин бааланбаган дешет.
Дагы бир уламышта ошол аймакта жашаган элдерге жараткан кылган күнөөлөрү үчүн катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда Таш-Рабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок, Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын көрүнбөй бекинип калуусу үчүн шарт түзгөн дешет.
Байыркы Өзгөн-улут байлыгы - Өзгөн Фергана өрөөнүндө караханиддер доорунун тушунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө өзүнүн базарлары менен белгилүү болгон шаарлардан болгон. Өзгөн шаары VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымдарда караханиддер династиясынын борбор шаарына айланган эң байыркы шаарлардан. Бул шаар убагында Фергананын чоң соода борбору болуп эсептелгендиктен ага Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин баары токтошуп, базарларында соода кылып өтүшүп турушчу экен. Өзгөн ошол убактарда маданий жагынан да өнүккөн. Мунун далили катары шаардын аймагындагы караханиддер дооруна таандык архитектуралык тарыхый 4 эстеликти айтсак болот. XI кылымдарда тургузулган мунара жана 3 күмбөз тарыхта караханиддердин басып өткөн тарыхый жолунун жана шаар маданиятынын кандайча өнүккөнүн далилдеп берүүчү эстеликтер экендиги аныкталган. Себеби, бул эстеликтер бир эле мезгилде курулуп калган эмес. Мисалы, алардын ичинен эң байыркы эстелик деп Орто күмбөз табылган. (Үч күмбөз бири-бирине жанаша жайланышына карап жергиликтүү калк тарабынан болжолдуу түрдө Орто, Түштүк, жана Түндүк күмбөз деп аталып калышкан.) Ал XI кылымда ошол эле аймакта жашаган султандын буйругу менен курулуп, ага караханиддер династиясын негиздеген Наср ибн Алинин сөөгү жашырылган деп жүрүшөт. Бул эстелик ошол кылымдын маданиятын, искусствосун таасын чагылдырган эстелик деп эсептелинет. Анын курулушу жана кооздолушу өзгөчө. Имараттын ичин кооздоо үчүн пайдаланылган биздин тил менен айтканда алебастырдын түсүнүн актыгы жана анын ушул күнгө чейин өңүнөн кете электиги бүгүнкү күндүн архитекторлорун таң калдырып келет. Орто Азия аймагында караханиддер дооруна тиешелүү эстеликтерден айырмаланып, бул күмбөздүн эки кире бериши болгон.
Орто күмбөзгө катарлаш эле түндүк күмбөз жайгашкан. Бирок, бул тарыхый эстелик Орто күмбөздөн 1 кылымга жашыраак. Анын ичинде башкача айтканда кире беришинде жазылып калтырылган жазуулар боюнча илимпоздор эстеликтин 1152-жылы Кара-хакан башчысы Хусейин ибн Хасан курдургандыгын аныкташкан. Тарыхый маалыматтарга таянсак бул имаратта ошол кезде аймакты башкарып турган Султан - Санжар - Мазинин агаларынын бири Султан - Илчи - Мазынин сөөгү жашырылган. Ал эми уламыштарда бул күмбөздө жергиликтүү элди каардуу ажыдаардан сактап калган Клыч - Бурхан -хандын жана анын ата- энесинин сөөгү жашырылган экен. Биринчи күмбөзгө караганда бул имараттын ичинин кооздолушу бир топ чеберчилик менен аткарылгандыгын искусство таануучулар жана архитекторлор айтып жүрүшөт. Кирпичтеринин да өзгөчө кооздолгондугун, жылмакайлатылгандыгын жана аларды бири- бирине ширетүү ыкмасы да орто күмбөздөн бир топ айырмаланат. Ошол себептен да тарыхчы, илимпоздор бул эстеликтердин караханиддер доорунун искусствосунун кандайча өнүккөнүн далилдеп берчү эстеликтер дешет.
35 жыл өткөндөн кийин ушул эле эстеликтерге катарлаш түштүк күмбөзү курулган. Ченемдери жагынан күмбөз жанындагы имараттардан кичинерээк. Ал бир топ кийинчерээк курулса да кимге арналып курулганы жана анда кимдин сөөгү жашырылганы али күнчө белгисиз. Бирок, искусство чеберлери түштүк күмбөз курулуп жатканда бул аймакта керамика искусствосунун өнүгүп жаткан мезгил экендигин аныкташкан. Курулуш ыкмасы, оюу-чийүүлөрдүн, кирпичтердин сайкалданышы жана монументалдык коллиграфиянын (жазууларынын) бул имараттын курулушунда өтө чеберчилик менен жасалгандыгы көрүнүп турат. Бул тарыхый эстеликтер Өзгөн шаарынын эле эмес бүтүндөй Орто Азия чөлкөмүндө курулуштун кандай өнүккөнүн, имараттарды кооздоо ыкмаларын даана көрсөткөн архитектуралык энциклопедия деп табылган.
Ошол убактарда бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк туризмде эң байыркы, кооз шаарлардын катарына кирип, туристтердин сүймөнчүлүгүнө айланган Бухара менен Самарканддан архитекторлор келишип, так ушул төрт имараттын курулушун байкап көрүп кетишчү экен. Тарыхый эстликтердин төртүнчүсү Өзгөн шаарынын айтылуу мунарасы. Ал XII кылымга таандык курулуш. Мурун мунаранын бийиктиги 44 метр болгон экен . Тилекке каршы ал биздин күндөргө чейин өзүнүн биринчи бийиктигин сактап кала алган эмес. Илимпоздордун айтымына караганда мунаранын бийиктигин жоготушу Анжиян жер титирөөсүнүн кесепетинен болгон. Анын азыркы бийиктиги 27 метрге жетет. Мунаранын жанындагы күмбөздөр белгилүү бир адамдардын сөөгүн коюу үчүн атайын курулган болсо Өзгөн мунарасы эки максат менен курулган экен. Биринчиси шаарга келе жаткан чоочундарды байкоо, экинчиси исламдын шарияттарын аткаруу максатында. Мисалы, мунарага чыгып бийиктиктен азан айтуу жана намаз окуу. Мунаранын ичи бүтүндөй бышырылган кирпичтер менен курулган. Сырттан караганда мунаранын ичи боштой сыяктанат. Бирок, имараттын ичи толо кирпич. Болгону мунаранын чокусуна чыгуу үчүн гана тепкич жана кичинекей терезелер бар. Архитекторлордун айтымында мындай курулуш ыкмасы ошол мезгилдин табылгасы болгон. Кирпичтердин жана имараттын кандайдыр бир жол менен желденип, чирип кетпей сакталып турушу караханиддер доорундагы искусство чеберлеринин ойлоп тапкычтыгына байланыштуу болгон дешет адистер. Тарыхый эстеликтердин бир доордо курулганына карабастан алардын төртөөнүн курулуш ыкмалары бири - бирине такыр окшошпойт. Улуу муундуна айтымында күмбөздөрдүн жанында, мурун XV кылымга таандык мечит болгон экен. Ал 1937- жылы большевиктер тарабынан талкаланып кеткен. Ошол мечит турган жерде илгери караханиддердин душмандан коргонгондо, элди жер астынан башка жакка чыгарып кетүүчү узун коридорлору болгон делет. Бирок, азыр алардын кайсы жерден башталып кайсы жерден бүтөөрү табыла элек. Илимпоздор шаар астында мындай зындандардын, коридорлордун болушу турган иш дешет. Себеби, бул шаар караханиддер династиясынын борбор калаасы болгон. Караханиддер шаарды чеп менен бекемдөө менен бирге анын түбүнөн шаардан чыгып кетүү үчүн жашыруун коридорлорду курушкан. Бул ошол кезде бүтүндөй чоң шаарларда пайдаланылган согушка каршы тактикалардын бири болгон. Демек, Өзгөн шаары бардык жагынан алып караганда дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келчү аймакка айланганга толук шарты бар. Тарыхый эстеликтерди сүйүүчүлөр үчүн бул күмбөздөр табылгыс кенч.
Адистердин айтымында байыркы Өзгөндүн тарыхый эстеликтери учурда кыйроо коркунучуна көбүрөөк кабылышууда. Буга биринчилерден болуп экологиялык-антропогендик шарттар таасир этүүдө. Мисалы, Анжиян жер титирөөсүнөн кийин мунараны кайра тургузуу каралган экен бирок, жергиликтүү калк анын бышырылган кирпичтерин ташып кетишип натыйжада мунара бир топ метрге кыскарып кеткен. Азыркы убакта албетте андай жоруктарга жол берилбейт. Анткени эстеликтердин тарыхый маанисин эл жакшы билип калышкан. Бирок, архитектуралык комплекс шаардын ортосунда жайгашкан. Ал эми жыл өткөн сайын калктын санынын көбөйүшүнөн абанын ашыкча газдалуусу байкалууда. Архитекторлордун айтуусу боюнча бул фактор да комплекстин акырындык менен кыйроосуна шарт түзүшү мүмкүн. Андан сырткары экологиянын, аба алмашуу процессинин өзгөрүшү да эстеликке терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, өзүнүн оригиналдуулугу менен Бухара менен Самарканддын тарыхый комплекстеринен кем калбаган эстеликтерибизди учурда кыйроодон сактап калуунун айласын издөөгө учур келип жетти сыяктанат.
Манас Ордо
Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси (КУМОК) – Талас областы нын, Ташарык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин «Манас» коругу болуп келген. 1996-жылы официалдуу (расмий) түрдө КУМОК деген статус берилген. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүлгөн. Азыркы учурда 70 ке жакын жумушчу топ эмгектенип жатат.
Кыргыз эли учун Манас жана анын күмбөзү «Манас» эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), үңкүрлөр, суулар, булактар, жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.
Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. Ал гана эмес, бул ыйык жайга чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып алып, «Манас» эпосун билгендерден эпостун үзүндүлөрүн жазып алып кетишкен жана азда болсо кыска да болсо басма беттерге макалаларды, билдирүүлөрдү берип турушкан. Изилдөөчүлөр А.М.Беленицкий менен М.Е. Массон күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны мындай деп чечмелешкен: «Бул күмбөз улуу урматтуу, кадыр барктуу, сый сыпаттуу, мартчылык менен боорукердиктин башаты, калем жана найза менен багындыруучу, эмирдин кең пейил, пакиза, оор басырык бактылуулардын үлгүсү, кудайга жагар таянычы, аялдан чыккан сырттан Кянизек хатундуку, Абука эмиридики. Алла алардын барган жайына бейиш айтсын, бул Рамазан айынын башында болду. Бул ай: Алланын тортунчу таянычынын ыйык берекелуу айы деген. Жазуунун аягы күмбөз 14- кылымдын кайсыл мезгилине таблица туура келери аныкталган эмес. Ал эми Манастын күмбөзү турган Ташарык айылында 1864-жылы туулган, «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрүн кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазууларды изилдеген инсан, Жусупбек уулу Токтогазы ал жазууларды мындайча чечмелеген: «Саал кадн Буркенчекли бул ишти жаңылоочусу, Алласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына отмоду. Ушуну бүткөргөн кадн кайгылуу болду. Бу ой аяа эмес. Кадндыкы турк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кенешли тарабойлуу көп кишилер сан түсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон озунун оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы». Жана башка көптөгөн окумуштуулар «Манас Ордонун» тарыхын изилдеп келүүдө.
Манас күмбөзүнүн тарыхы
Республиканын чегиндеги байыркы эстеликтеринин ичинен элге кеңири таанылган белгилүүсү бул Манас бабабыздын күмбөзү. Тилекке каршы илимий адабияттарда күмбөз жөнүндө маалыматтар кечирээк кездешет. «Манас» күмбөзү жөнүндөгү алгачкы кабар 1897-жылга В.В.Бартольддун «1893-1894-жылдарда илимий максат менен Орто Азияга баргандыгы жөнүндөгү билдирүү » - деген эмгеги жарыкка чыккан мезгилге туура келет. Эстелик Орто Азиянын ири изилдөөчүсү профессор М.Е.Массон айткандай 1907-жылы А.С.Колесникова тарабынан биринчи жолу фотосүрөтткө тартылып алынган. Бирок бул сүрөт жоголуп кеткен, ошондуктан жарык көргөн эмес. Ошондуктан Олуя-Аталык фотограф Ф.И.Белдермандын 1922-жылы тарткан фотосүрөтү «Күмбөздүн алгачкы фотосүрөтү»- деп аталып жүрөт. Ф.И. Белдерман 1937-жылы күмбөздү экинчи ирет сүрөткө тартып алган жана ал сүрөттөр бир нече жолу илимий эмгектерде иллюстрацияланган. Күмбөз жөнүндө түшүнүк жана эстеликтин сүрөтү 1939-жылы жарыкка чыккан «Советтик Кыргызстандын искусствосу» илимий макаласын жарыкка чыгарган. Төңкөрүшкө чейин көчмөн кыргыз элинин арасында «Манас» күмбөзү ыйык жай, мазар катарында бааланган. Жол жүрүп бара жаткан адам кыя өтпөй, зыярат кылып, куран окуп аттанган. Адамдар курмандыкка мал союшуп, түлөө өткөрүшүп, Манас Атанын арбагынан биримдүүлүк, ынтымактуулук, ыймандуулук, токчулук, тынччылык суранган. Баласыздар зарлап перзент сурашып, оорулуулар ден соолук сурашып түнөп кетишкен. 30-40-жылдардын экинчи жарымында «Манас» күмбөзүнө зор көңүл бурула баштады. Ал археологдор жана архитекторлор тарабынан изилденүүчү объект болуп калат. 1934-жылы басма сөздөрдө П.П. Ивановдун «Таластын баш жагынын тарыхы жөнүндөгү маселеге карата» деген макаласы жарыяланып, анда «Манас» күмбөзүнүн архитектурасы тууралуу айтылуу менен эстеликтин сүрөтү да басылган. Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин алдындагы илим комитети менен Кыргыз педогогикалык институтунун директору Б.М. Зиманын жетекчилиги менен уюштурулган археологиялык экспедициясы 1937-жылы күмбөздүн ички бөлүгүн казуу иштерин жүргүзгөн. Күмбөздүн чыгыш тарабындагы бөлүгүндө кийинчерээк коюлган эки табыт, ал эми борбордук бөлүгүндө адамдын ирээтсиз жаткан сөөктөрү табылган. Илимий экспедицияга катышкан кызматкерлер менен жергиликтүү калктын өкүлдөрү күмбөздүн алдында сүрөткө түшүшкөн, ал сүрөттү архивден музей-коруктун илимий кызматкерлери А.Жунушалиев жана М.Ибралиевдер табышып, музейдин фондусуна өткөрүп беришкен. 1938-жылы күмбөздү кыргыз илимдер академиясынын тарых институтунун Александр Натанович Бернштамдын жетекчилиги астында Жети-Суу археологиялык экспедициясы изилдей баштаган. Экспедиция күмбөздүн ичин эки ирээт казууга киришет. Күмбөздүн жер пайынын алдында 1937-жылы табылган сөөктөн тышкары дагы жыгач табыт табылган. Бул бейиттердин деңгээлинен төмөнүрөөк алгачкы эки өлүк жаткан. Чыгыш тарабындагы бейит менен катар 1937-жылы изилденген батыш тарабындагы бейит күмбөздүкүндөй 25 х 25 см чийки кирпич менен жабылган. Бейиттин жер тамында эркектин скелети жаткан, скелеттин негизинде ал кишинин бою эки метрден ашык болгондугу далилденген. Күмбөздүн бетиндеги арабча жазууну 1938-жылы А.М.Беленицкий толук окуган. Улуу архитектуралык эстелик катарында «Манас» күмбөзү Кыргыз Республикасында биринчи ирээтте реставрацияга коюлган. Күмбөздүн өзү гана изилденбестен айлана тегереги да изилденген. Күмбөзү азыр Таласта сакталууда
Манас атанын «Хан өргөөсү»
Биздин ата-бабалар өзүнүн башкарган инсандарын ар дайым Хан өргөгө олтургузуп, атайын 12 канат боз үй көтөрүшкөн. Анын сынары, Манастын 1000 жылдык маарекесине карата, “Хан өргө” жасалган.”Хан өргөнүн бийиктиги 5 м. 70 см, диаметри 10 м, түндүгүнүн диаметри 150 см. “Хан өргө” демекчи атайын хандарга арналып колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үчэмчек айылынын тургуну Табил Рыскулбеков жасаган. Ички-сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова К., Алапбаева У. ж.б уз чеберлер эмгектенишкен. Боз үй “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинде баш байгеге татыктуу болгон. Азыркы учурда бул зор боз үй бүлүнбөй Шайылдаева Жаңылбүбүнүн колунда сакталып турат. Манасты көп адамдар изилдеген.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Бышыктоо:
1.Ата-бабалардан калган мурасты эмне кылышыбыш керек?
2. Силер дагы кандан тарыхый мурастарды билесинер?
3. Тарыхый мурастарды эмнеге сакташыбыш керек деп ойлойсунар?
Υйгө тапшырма: өзүӊөр каалаган мурас жөнүндө кыскача эссе жазып келгиле
Баалоо:
"5"- өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан , жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча экиден, топто иштеше алса,алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
"4"-Жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса .
"3"- Жогорудагылырдын экөөнө катыша албаса.
"2"- Таптакыр аракети жок болсо.