Просмотр содержимого документа
«Тест 6 класс биология»
6- класс Биология ФИО.________________________________________
1.Өсүмдүктүн сабагын,түймөктөрүн, тамырын кайсы ткань сууктан коргойт
А)пробка Б)чоку бүчүр
В)каптал бүчүр Г)кабык
2.Бир нече катмар өлүк клеткалардан түзүлгөн жабуучу ткань жыл сайын.... пайда болуп турат.
А) камбий шакекчеден Б)буладан
В)пробкадан В)жылдык шакекчеден
3.Сууну жана анда эриген минералдык заттарды өткөрүүчү түтүкчөлөр, сабактын кайсы тканында жайгашкан?
А)теричиде Б)пробкада
В)булада Г)сөнгөктө
4.Өсүмдүктүн сабаогы туурасынан эмненин эсебинен жооноюп өсөт?
А)сөңгөктүн Б)пробка катмарынан
В)камбийдин Г)чечевичканын
5. Сууда эриген заттар сабактын сөңгөгү аркылуу төмөндөн жогору карай эмне аркылуу ташылат?
А)флоэма Б)ксилема
В)пробка Г)камбий
6.Төмөнкү дүйнөчөгө кирген өсүмдүктөр
А) тамыр Б) балыр
В) сабак Г) гүл
7.Бир клеткалуу балырлар?
А) хлорелла Б) улотрикс
В) спирогира Г) ламинария
8.Бири бирине улашып,катар жайгашкан бир түрдүү клеткалардан турган кайсы балыр?
А) хлорелла Б) улотрикс
В) спирогира Г) ламинария
9.Кемелердин жүрүшүнө тоскоол кылган кайсы түстөгү балырлар?
А) бир клеткалуу балыр Б) кызыл балырлар
В) күрөң балырлар Г) жашыл балырлар
10.Агар атту зат кайсы балырдан алынат?
А) бир клеткалуу балыр Б) кызыл балырлар
В) күрөң балырлар Г) жашыл балырлар
11.Эки түрдүү клеткадан турган өсүмдүк?
А) мамык чөп Б) күкүк зыгырыгы
В)сфагнум Г)папоротник
12.Папоротник кантип көбөйөт
А) тамыр аркылуу Б)спора аркылу
В) сабак аркылуу Г)гүлдөрү аркылуу
13.Жылаңач уруктуулар канча класска бөлүнөт
А)2 Б) 3
В)4 Г)5
14.Роза гүлү канча үлүштүү?
А) Эки үлүштүү Б) бир үлүштүү
15.Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн генеративдик органы болуп эмне эсептелет?
А) тамыры Б) ийне жалбырагы
В)сабагы г) тобурчагы
Жообу
1-г
2-в
3-г
4-в
5-б
6-б
7-а
8-б
9-в
10-б
11-в
12-б
13-в
14-а
15-г