Кыргыз адабиятынан суроолор:
1. Төмөнкү эпостордун ичинен кайсынысы турмуштук эпосторго кирет?
а) “Кедейкан” +
б) “Манас”
в) “Эр Төштүк”
2. “Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчынын көркү үндө бар...” бул ыр саптары кайсы төкмөгө тиешелүү?
а) Калык
б) Алымкул
в) Осмонкул +
3. Баяндоо түрүндөгү ыр менен жазылган чыгармалар эмне деп аталат?
а) Ыр
б) Сатира
в) Поэма+ 4
4. “Ак чыны” кимдин чыгармасы?
а) Б.Сарногоев +
б) Т.Кожомбердиев
в) А.Осмонов
5. Ч.Айтматов кайсы чыгармасын «дебютум» деп атаган?
а) “Жамийла”
б) “Бетме-бет”+
в) “Саманчынын жолу”
6. Ак мөөр улуу сүйүү үчүн көч үстүндө ким менен жарыша кеткен?
а) Жантай
б) Болот
в) Баян +
7. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы драмалык жанрга кирет?
а) Комедия +
б) Роман
в) Сатира
8. Элдик “Шырылдаң” ыры кимдердин турмушунан алынган?
а) Койчулардын
б) Дыйкандардын
в) Жылкычылардын +
9. Мамырбай менен Кендирбай С.Карачевдин кайсы чыгармасынын каармандары?
а) “Эрксиз күндөр” +
б) “Армандуу эки жаш”
в) “Күкүк менен Зейнеп”
10. Эпилог чыгарманын кайсы жеринде берилет?
а) Башында )
б) Ортосунда
в) Аягында +
Тарыхтан суроолор:
1. Уруулук коом...
а) Жалпы мүлкү бар, чогуу жашап жана эмгек кылган туугандар +
б) Бир нече уруулардын биригиши
в) Байыркы адамдар жашаган мезгил
2. Кыргызстанда 19-кылымдын экинчи жарымында жашаган заманачыл акындар?
а) Токтогул, Тоголок Молдо
б) Арстанбек, Молдо Кылыч +
в) Коргоол, Эшмамбет
3. Грециядагы эң өнүккөн эки мамлекет?
а) Аттика жана Эллада
б) Крит жана Микен
в) Афины жана Спартак +
4. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы алгач Кытайда жасалган?
а) Алфавит
б) Иероглиф
в) Кагаз, ок-дары +
5. Кыргызстанды Орусия басып алгандан кийин жер кимге тиешелүү болгон?
а) Уруу бирикмелерге
б) Мамлекетке +
в) Бай-манаптарга
6. Кыргыздар биринчи жолу кайсы жазууну колдонушкан?
а) Арамей +
б) Орус
в) Грек
7. Кыргыздардын кайсы уруусу биринчи болуп Орусиянын курамына кирген?
а) Саяк
б) Бостон
в) Бугу +
8. Улуу Жибек Жолу кайсы кылымда негизделген?
а) 2-кылымда +
б) 3-кылымда
в) 1-кылымда
9. Биринчи кыргыз тарыхчысы ким?
а) С.Карачев
б) К.Тыныстанов
в) Б.Солтоноев +
10. Захреддин Бабур деген тарыхый инсан ким?
а) Иран шахы
б) Улуу Могол империясынын негиздөөчүсү +
в) Өзбек акыны
Географиядан суроолор:
1. Картадагы уюлдарды туташтырган экваторду кесип өткөн сызыктар эмне деп аталат?
а) Параллель
б) Меридиан +
в) Изобата
2. Кайсы организмдер жер бетинде биринчи пайда болгон?
а) Өсүмдүктөр
б) Канаттуулар
в) Микроорганизмдер +
3. Монголиянын айыл-чарбасындагы эң негизги тармак?
а) Дан эгини
б) Кой өстүрүү +
в) Төө чарбасы
4. Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратма кайсы?
а) Ниагара +
б) Амазонка
в) Виктория
5. Памир тоолорунун түндүк капталында жайгашкан тоо?
а) Суусамыр
б) Фергана +
в) Алай
6. Кыргызстанда узундугу боюнча экинчи дарыя кайсы?
а) Нарын
б) Жыргалаң
в) Чүй +
7. Эмне себептен Африка эң ысык өлкө деп аталат?
а) Көпчүлүк бөлүгү тропикте жайгашкан +
б) Эң жылуу океан жайгашкан
в) Ысык шамал, кумдуу бороон-чапкын көп
8. Төмөндөгү кайсы мамлекет баалуу металлдын атын алып жүрөт?
а) Мексика
б) Боливия
в) Аргентина +
9. Адам баласынын тынымсыз өсүп, тукум улап туруусу бул...
а) Төрөлүү
б) Калктын өнүгүүсү +
в) Иммиграция
10. Аянты боюнча эң ири Евразиядагы мамлекет
а) Индия
б) Россия +
в) Казакстан
Логикалык суроолор:
1. Келин кайсы учурда кыз болот? (Төркүнүнө барганда)
2. Эки адам 5 партиядан шахмат ойношуп, ар бири 5 жолудан жеңишке ээ болгон. Кандай учурда мындай болот? (Эгер экөө эки башка адам менен ойносо)
3. Тоок эмне үчүн бир бутун көтөрүп турат? (Эки бутун көтөрсө жыгылып калат да)
4. 2 литр сүттү 1 литр банкага кантип батыруу керек? (Туура жообу – сүттү кечке чейин кайнатуу шарт)
5. Жатып туруп эле светти өчүрүп койдум. Ошондо кантип светти өчүрдү? (Туура жообу – туруп эле өчүрдүм)
6. 31-декабрда мергенге чыктым. Асманда бүркүт учуп бараткан экен, аны атып түшүрсөм карга түштү. Кандайча? (Кышында карга түшөт)
7. Уй эмне үчүн жатат? (Туура жообу – отурганды билбегендиктен жатат)
8. Адам көпүрөдөн өтүп баратканда бутунун алдында эмне бар болот? (Туура жооп – бут кийиминин таманы)
9. Бир киши атка кызды мингизип, жетелеп келе жатты. Алардын алдынан бир карыя чыгып, киши менен учурашып, аттын үстүндөгү кызды көрсөтүп сурады:
– Бул кыз сага ким болот?
Анда тиги кишиден мурун кыз жооп берди:
– Мунун энеси менин энемдин кайненеси.
Ошондо кыз кишиге ким болот? \
(Туура жообу – атасы болот)
10. Деңизде кандай таш жок? (Туура жообу – кургак таш жок)
3