Логика жана ой жүгүртүү
5-класс
Сабактын максаты
- Логика жөнүндө таанышасыңар
- Логикалык айтымдар менен таанышасыңар
- Логикалык амалдарды аткарганды үйрөнөсүңөр
План: түйүндүү түшүнүктөр:
- Логика
- Ой жүгүртүү
- Ой-пикир
- Логикалык айтым
- Ой корутунду
- Логика жана ой жүгүртүү
- Логикалык айтымдар
- бышыктоо
1- план
Логика – ой жүгүртүүнүн мыйзамдарын жана формаларын, ой-пикирдин жана далилдөөнүн ыкмаларын изилдөөчү илим.
Ой жүгүртүү – бул маалыматты кабыл алуу жана сиңирүү процесси.
Ой жүгүртүү төмөнкүлөргө жардам берет: • жаңы маалыматтарды тапканга; • алынган маалыматтарды жалпылаганга; • кабыл алынган маалыматтардын негизинде логикалык жыйынтык чыгарганга; • касиеттер, объекттер жана кубулуштар жөнүндө маалымат алганга; • айлана-чөйрөнүн мыйзамдарын билгенге.
Ой пикир – бул чындык же жалган мааниге ээ болгон жай сүйлөм менен берилген ой .
Ой-пикирдин мисалдары: «Зат атооч – бул сөз түркүмү», «Бишкек – Кыргызстандын борбору», «Биринчи спутник СССРде 1954-жылы 4-октябрда учурулган».
2- План логикалык айтымдар
Логикалык айтымдар – бул чындык же жалган деп гана айтууга боло турган жай сүйлөм.
Суроолуу же илептүү сүйлөмдөр логикалык айтымдар болуп эсептелбейт, анткени алар чындыкты да, жалганды да чагылдырбайт.
Логикалык айтымдар төмөнкү эки маанинин бирин гана алышы мүмкүн:
Мисалы: «Үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы 180 0 ка барабар» – бул айтым чындык болуп саналат. «Бардык чымчыктар жакшы уча алышат» – бул жалган айтым. «Ура, каникул!» – ал эми бул сүйлөм болсо логикалык айтымга кирбейт.
Логикалык маселелерди чыгаруу менен биз логикалык айтымдардын негизинде жыйынтыкка, ой-корутундуга келебиз.
Ой корутунду бир же бир нече логикалык айтымдардан туура жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет.
Кыскача жазууда бул ой корутундуну мындайча берүүгө болот: Эгерде баардык А лар В болсо, ал эми бардык В лар С болушса, анда бардык А лар да С болушат. Схема формасында бул төмөнкүдөй берилет:
Бышыктоо
Логикалык маселелерди чыгаруу менен биз логикалык айтымдардын негизинде жыйынтык чыгарабыз. Логикалык айтымдар – бул чын же жалган деген эки маанини гана алган ырастоо.