СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Логикалык суроолор 222

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Логикалык суроолор 222»

Сүйлөмдөрдү толуктоо 1 - сабак

Мис. 1: Согушка жөнөп бараткан _________________ артында кайгылуу ______________ калып жатты.

а) танкалардын / түтүндөр б) элдин / издер

в) учактардын / үндөр г) солдаттардын / кадамдар


Мис. 2: Биз математиканы окутуу процессинде ________ маселе-мисалдарды чыгартуу менен окуучуларды ___________ туура эмес.

а) көп чыгарылышы бар / басынтканыбыз

б) кызыктуу логикалык / чарчатканыбыз

в) жаңы типтеги / кыйнаганыбыз

г) окшош типтеги / убара кылганыбыз

Тапшырмалар.

1. Камчысын __________ Кармышак тигил __________ отурган кишиге ____________ карады.

а) сүйрөй баскан / ынтыгып / жалт

б) кезенген / бүрүшүп / күлүмсүрөй

в) бүктөй кармаган / тоготпой / мээримдүү

г) булгалаган / сестенип / жайдары


2. Жүрөгү лакылдап согуп, __________ башына тартып, эми __________ ким чыкса да ___________ болуп Амандын ___________ .

а) малакайы / аркасынан / кайтарып салчуудай / кыжыры кайнады

б) ачуусу / алдынан / багынып берчүүдөй болуп / өпкөсү ташыды

в) кубанычы / эшикке / кучагын жайчуудай / заманасы куурулду

г) каны / бет алдынан / бырчалап салчуудай / өпкөсү ичине батпады


3. Байдылда _______ менен _________ балдар менен кошо жашы _____ тартып, советтик _______ тарбиялана баштады. а) досу / жашаган / жетелектен / мектепте б) өзү / куракташ / өткөндөн / бакчада в) өзү / куракташ / жеткенден / мектепте г) баласы / куракташ / жеткенден / айылда

4. Айтибай ата ______ бааруу үчүн Бектурган коңшусунун атын _____ , куржунун _______ артып шашке маалда ________ чыгып кетти. а) базарга / сурабай эле / машинасына / залдан б) жайлоого / сурап / атына / үйдөн в) жайлоого / берип / эчкисине / үйдөн г) борборго / сурап / кемпирине / базардан

5. __________ шаарлардын тургундары автобустардын көбөйүшү шаар ичинде техникалардын тыгынын _____________ деп _________________ .

а) Кичинекей / бүлдүрөт / сестенишет

б) Кичинекей / арттырат / тилешет

в) Чоң / азайтат / үмүттөнүшөт

г) Чоң / көбөйтөт / кооптонушат


6. ____________ кооз сөздүүлүк ___________________ пайда кылат.

а) Жасалма / толкунданууну

б) Өзгөчө / көралбастыкты

в) Чыныгы / чочулоону

г) Жасалма / ирээнжүүнү


7. Эгерде баланы кичинекейинен ____________ ______________ үйрөтсө, анда ал сөзсүз түрдө мээнеткеч жана талаптуу ______________ болуп чоңоёт.

а) жаратылышты / сүйүүгө / сүрөтчү

б) комузда / ойноого / артист

в) китепти / сүйүүгө / окурман

г) эмгектене / билүүгө / дыйкан


8. Отказан канчалык _______ болсо, түтүн ошончо _______ бөлүнүп чыгат, анткени _____ технологиялар тазалоосу ______ жабдуулар менен жабдылган. а) жаңы \ көп \ жаңы \ төмөн б) эски \ аз \ жаңы \ жогору в) жаңы \ көп \ эски \ төмөн г) эски \ көп \ эски \ төмөн

9. Бермет адамгерчиликти ______ эле, сүйүүнү туу ______, ага башкача мамиле кылат, бардык учурда махабаттын ______ үчүн _______ . а) билбегендей / кылып илет / тазалыгы / чуркайт б) урматтагандай / тутат / тазалыгы / күрөшөт в) тоготпогондой / кармайт / балиттиги / күрөшөт г) урматтагандай / тутат / жалгандыгы / күйүнөт

10. Дүйнөлүк маданияттын ______________ ______________ аны ________________ алып келет.

а) тегиз / стандартташтырылышы / өнүгүүгө

б) ар тараптан / калыптануусу / сенектикке

в) бир кылка / стандартташтырылышы / сенектикке

г) ар тараптуу / өнүгүүсү / туңгуюкка