Просмотр содержимого документа
«Логикалык суроолор»
1. Титаник кемеси чөккөндө көбүнчө жаш балдар жана аялдар аман калышкан. Андан көп өтпөй дагы кеме чөгүү болуп андан күчтүү эр жигиттер гана аман калган. Изилдөөчүлөр муну изилдеп чыгып мындай дешкен «титаникте 180, кийинки чөгүүдө 18 болуптур» дешкен. Суроо: изилдөөчүлөр эмнени айтып жатышат?
1. Жооп : Убакыт жөнүндө
2. Бал аарычылар кайсыл аары бал топтоп же балы жок келе жатканын билишет.
Суроо бал аарычылар аарынын эмнесинен билишет?
2. Жооп : Үнүнөн
3. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда жашыруун каттарды атайын коргошун китепчелери аркылуу жазышкан. Кызыгы жашыруун каттарды кагазга же башка нерселер аркылуу жазса болмок.
Суроо бул китепти кайсыл жерде колдонушкан?
3. Жооп : Деңиздерде колдонушкан, себеби коргошун сууга ыргытып жиберсе чөгүп кетет
4. Стакан жасаган адам ХХ кылымдын башында укмуштуудай көп кырдуу стакан жасаган. Ошол мезгилде улуу Князга тартуу кылган. Князь стаканга карап баа берип ушундай сөзүн айткан: ...
Суроо : Князь эмне деген?
4. Жооп : Жакшы стакан экен, муну деңиздеда колдонсо ыңгайлуу тура.
5. 1930-1935-жылдары ушундай бир кызыктуу жарнама чыккан. Жарнамада “бул нерсени пахта май деп тамакка кошуп албагыла, муну ушу гана нерсеге пайдалангыла” деген.
Суроо : Эмнени жарнама кылып жатат?
5. Жооп : Бут крем
6. Бул нерсе келгендерди тосуп алып, кеткендерди узатат.
Суроо : Эмне ал?
6. Жооп : эшик тутка
7. Адамдын жан дүйнөсү сезим менен толгондо акыл чыгып кетет. Муну окумуштуулар бир буюмга окшоштурушат.
Суроо : Эмнеге окшоштурушат?
7. Жооп : кум саат
8. Австралияда эки бармагын бириктирүү аркылуу бул жемиштин бышкан бышпаганын билишет.
Суроо : Бул кайсыл жемиш?
8. Жооп : дарбыз
9. Россиядагы метролордогу эсколатрлардын кармагычы тезирээк же акырыныраак жүрөт.
Суроо : Бул нерсе адамдардын эмнесине байланыштуу коюлган?
9. Жооп : уктап кетпөөсү үчүн