СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Логикалык суроолор

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Логикалык суроолор»

1. Эмне үчүн катуу нерселерге караганда суюктуктарда жана газдарда диффузия кубулушу бир кыйла тез жүрөт?

2. Эмне үчүн оттон чыккан түтүн улам жогору көтөрүлгөн сайын шамал болбогон аба ырайында да көрүнбөй калат?

3. Эмне үчүн биз борду сындыргандан кийин, аны кайрадан бириктире албайбыз?

4. Эмне үчүн китептин кургак барактарын ачканга караганда, кагаздын сууланган барактарын ажыратууга көбүрөөк күч талап кылынат?

5. Эмне үчүн самолет учаарда, о.э. коноордо жүргүнчүлөр коопсуздук курун байланууга милдеттүү?

6. Эмне үчүн жаан жаагандан кийин кара жол тайгак болуп калат?

7. Эмне үчүн чөп чапкычтын, саман туурагычтын жана башка айыл чарба машиналарынын кесүүчү бөлүктөрү абдан курч жасалат?

8. Эмне үчүн күрөктүн бут менен баса турган жерин ийип коюшат?

9. Эмне үчүн газды ачык идишке сактоого болбойт?

10. Эмне үчүн күйүп жаткан керосинди суу куюп өчүрүүгө болбойт?

жооп :

1. молекулалык түзүлүшүнө байланыштуу. 
2. улам жогору көтөрүлүүдө аба менен көбүрөөк аралашат. 
3. борду түзгөн тартуу күчүнө жеткидей аралыкка алып келе албайбыз. А пластелинди түзгөн молекулаларды жеткире алабыз. 
4. суунун молекулаларынын тартуу күчү чоң. 
5. инерциянын негизинде учаарда артка, коноордо алдыга жүткүнөт). 
6. сууда сүрүлүү күчү азаЯт.
7. Туурасынан кесилиш аянты кичирейсе, басым чоңойот. 
8. туурасынан кесилиш аянтын чоңойткондо, бутка көп күч келбейт. 
9. абага сиңип кетет, анткени аба да газ. 
10. суунун тыгыздыгы керосиндин тыгыздыгынан чоң, андыктан төмөн түшүп кетет. 

1. Массалары ар кандай болгон эки кыз бири-бирин тепкич боюнча куушуп, бир убакытта үйдүн 3-чү этажына чыгышты. Бул учурда алар бирдей кубаттуулукту өөрчүтүшөбү?

2. Кимиси көп кубаттуулукту өөрчүтөт: тепкич менен жай көтөрүлүп бара жаткан кишиби же о.э. салмактагы шыргай менен секирген спортсменби?

3. Байыркы убакта сүрүлүү менен от тамызуу кандай физикалык кубулушка негизделгенин түшүндүр?

4. Эмне үчүн конькини муз үстүнө тебүүгө болот, ал эми бети абдан жылмакай болгон айнектин үстүнө тебүүгө мүмкүн эмес?

5. Эмне үчүн ысытылган тетиктер абага караганда сууда бат муздайт?

6. Кышында бут кандай бут кийимде үшүйт? Кенен бут кийимденби же тар бут кийимденби? Эмне үчүн?

7. Эмнеге стаканга кайнак суу куярдан мурда кашык салышат?

8. Балыктын сүзүп жүрүүсүндө тарсылдактын ролу кандай?

9. Орус жазуучулардын кимиси университеттин физика-математика факультетин аяктаган?

10. Тон жылытабы?

  • ЖООП

1. алдыдагы кыздын кубаттуулугу чоң болот. 

2. шыргай менен секирген спортсмен.

3. Сүрүлүүнүн жардамы менен көбөйөт. 

4. музда сүрүлүү күчү аз. 

5.суунун жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору. 

6. тар бут кийимде бут бат үшүйт. Бут кийим кенен болгондо ортодо аба көбүрөөк, аба жылуулукту начар өткөрөт. 

7. Суунун жылуулугу кашыкка өтүп тез муздайт. 

8. өйдө-төмөн көтөрүлүүсүнө жардам болот. 

9. Грибоедов. 

10. тон жылытпайт, ал денедеги жылуулукту чыгарбайт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!