Сабактын темасы: Эрдикке түбөлүк таазим!
Сабактын максаты:
Окуучулар Улуу Ата-Мекендик согуш , жеңиш күнү жана ал согушта биздин аталарыбыздын эрдиги жөнүндө алгачкы маалыматтарды алышат.
Таанып билүүсү өсөт.
Патриоттуулукка тарбияланышат.
Сабактын формасы: Аралаш сабак
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, ТСО, ыр-куплеттер
Сабактын журушу:
Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу конокотор, окуучулар. Сиздерди 9-май Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Балдар, билесиңерби, кана эмесе доскага көңүл буралычы (сүрөт менен иштөө)
1-согуш учуру
2-азыркы учур- экөөн салыштыруу
Согуш деген эмне? Адамдар эмнеге согушат?
Сабактын темасы, максаты менен тааныштырып, шыктандыруу
Согуш мезгилинен слайд менен үзүндү көргөзүү.
Элестетем 1941-жыл, таңкы саат алтыда,
Согуш деген апаат тарап жалпыга.
Үрөйү учуп, аял-бала сестенген,
Эркектери кан согушту беттенген.
Бардык шаар, бардык айыл кумсарып,
Бак-дарак да, байчечекей сумсайып,
Шарпылдаган аккан суу да кайгырып,
Жошо болуп акты суу да кан болуп.
75 жыл мурун, мындайча айтканда коп жыл өттү. Ал кезде силер, силердин ата-энеңер жада калса мен да төрөлө электе, Фашисттик Германия Советтер Союзуна согуш жарыялап кол салып киришкен. Анда биз, 15 мамлекеттин эли Советтер Союзу болуп биригип турган. Мына ошентип Дүйнөлүк Ата Мекендик согуш башталган.
Балдардын суроту: Согуш деген эмне? Бул дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу нерсе. Согушта эң чоң армия түзүлүп, адамдар куралдарды колдоруна кармап, бири-бирин өлтүрүү үчүн аттанышат. Адамдар эки жаат болуп бири-биринге кол салып, өлтүрүшөт. Согушта солдоттар эле эмес, аялдар, балдар, баардык адамдар кырсыкка жана да өлүмгө учурап, дүйнө жүзүн ачарчылык каптайт.
Атчан сурот:Фашисттер, мындайча айтканда немецтер ошол учурда кучтуу даярдыкта болушкан жана дагы курал-жарактары көп, күчтүү болгон. Аларда танк, самалёт, пушка жана миллиондогон салдаттары болгон.
Гитлердин Сүрөтү: Ошол учурда Германияны Гитлер баштап турган. Гитлердин буйругу менен фашисттер Советтер Союзуна чаабуул койгон. Аларды фашистер, гитлерчилер , немецтер деп да атап коюшкан. Алар биздин душмандарыбыз эле. Алардын максаты биздин жерлерди басып алуу, улуттарды жок кылуу, бизди өздөрүнүн кулу кылып алуу болчу
Сталин: Ал эми Советтер Союзун Сталин башкарып, Сталиндин жетекчилиги менен жоокерлер согушка аттанышкан.Душмандар менен жеңгенче согушушкан.
Танктын Суроту:Согуш 22-июнь 1941-жылы башталган. Фашистер бизге күтүлбөгөн жерден чабуул койгон. Алар бат эле шаарларды, жерлерди багындырып алышкан. Биздин жоокерлер бир нече ай чегинүүгө аргасыз болушкан.
Кыздардын сүрөтү: Советтер Союзунун элдери жан- жабыла, кары-жашына карабай, эртеден кечке, дем алышсыз иштеп, армияга жардам беришкен . алар сноряд, пушка жасашкан. Алдар талаа иштерине чыгып, тамак-аш, кийим-кечелерди жасашкан. Кичинекей балдар дага чоңдордон кем калышпай иштешкен. Алар:Баардык нерсе фронтко, Баары фронт үчүн!-дешкен
Солдаттардын сүрөтү:1942-жылы Фашистер Москвага чейин басып киришкен. Бирок Москваны ала алышкан эмес, кызыл армия аларга жооп кайтарып, чабуул коюп, аларды артка кайтууга аргасыз кылышкан. Ошол учур Советтер союзунун эң кыйын күндөрү болгон. Анткени ар улуттун көптөгөн адамдары, миллиондогон сандаган адамдар мерт болушкан. Дайынсыз жоголушкан. Ачкачылыктан жана дагы жарадар болуп каза тапкандар көп болгон. Баары болуп 27000000 адам каза тапкан. Бул Советтер Союзу үчүн эң чоң жоготуу болгон.
Бирок биз жеңдик! Фашисттерди өз жерибизден куудук! 1945-жылы 9-майда фашисттердин борбор шаары Берлинге кирип , Гитлерди жок кылып, Кызыл Армиянын туусун сайып, жеңишти жарыяладык!
Кандуу согуш 4 жылга уланды. Андан бери коп жыл өтсө да биз согуштун ардагерлерине рахмат айтып, таазим кылабыз!
Ошол кандуу согушка катышкан аталарыбыздын биринин эрдигине токтолсок, ал Чолпонбай Тулебердиев. Үмүт маалымат берет.
Ошондой эле биздин айылдан да аталар кетип, алардын ичинен кайтпай калганы көп болуп, Жениш менен кайткандары да болгон. Ал чоң аталарыбыз эл үчүн көп кызмат кылышты.
Сүрөттөр менен тааныштыруу : Асылбеков Көкөн, Эсенкулов Заид, Турдугулов Сейдивалы
Бул аталарыбыз балдар,
Наристелер бейкапар күлүшсүн деп,
Өспүрүмдөр ойноп гана жүрүшсүн деп.
Жан-жаныбар бейкуттукта жашашсын деп,
Тар-турс октон алар чоочуп калбасын деп,
Кашык канын аябай согушушкан
Жеңиш күнүн бизге тартуулашкан
Аталарыбыз дайым эстен чыкпайт!
Жеңишке жеткен эл бул күндү мына ушул күнгө чейин майрамдап келет. Быйыл жеңишке 74 жыл толду.
Кана эмесе айткылачы, биз азыркы тынчтык, бакубат жашообуз үчүн кимге ыраазычылык билдиребиз? Ооба согуш ардагерлерине.
Согуш кыйын аны билебиз,
Согуш жексур аны сезебиз.
Андыктан согуш ардагерлерин сыйлап
Аларга таазим этебиз! (жалпы)
Окуучулар «Жеңиш күнү» аттуу ырды көркөм айтышат
Мугалим: балдар мен сабакты жыйынтыктоонун алдында силерге дагы бир видео ролик көрсяткүм келип турат.
Чептен ээрдин күчү бек
Силер ушул видеодон эмнени коруп, кандай болуш керек экенин билдиңерби?
Жыйынтыктоо: Биз бүгүнкү сабагыбызды жыйынтыктап жатып, жерибизде дайыма тынчтык болсун деп, «Тынчтык керек » деген ырды аткарып коелу