Макал-лакаптар
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
Абийир тапса баласы атасына бак конот. Абийирдүү азап тартса, акмак кубанат. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат. Абийирди жашыңан сакта. Абысының болсо, күнүм жок дебе. Ага-ининин кадырын жалалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң. Агасын агалай албаган душманын сагалайт.
Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатса жок.
Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
*Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
Адал эмгек - астыңа ат, үстүңө тон.
Адам – акылы менен адам.
Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Адам ашка тойсо да жашка тойбойт.
дам көркү - адеп.
Адам көркү – чүпүрөк, дарак көркү – жалбырак.
Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
Адам өлөт, атак өлбөйт.
Адам төрөлсө да, өлсө да - койдун шору.
Адам тилинен табат.
Адам – эли менен, каз-өрдөк – көлү менен.
Адамдан айла качып кутулбайт.
адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
Адамды бузган – байлык менен бийлик.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт. Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
Адамдын даңкын да, тарпын да чыгарган – тил.
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
Адамдын кыйноосу - санаа, өлүм, оору.
Адамдын мыктысы – жөнөкөйлүк.
Адашкандын айбы жок, айланып үйүрүн тапкан соң.
Адашкың келбесе – кара, жаңылгың келбесе – сура.
Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабанаак итке окшош.
Адеби жоктун уяты жок.
Адептүү киши азаптан алыс.
Адил адам абройлуу.
Ажаан аялың болгуча ажаан итиң болсун. Ажал айтып келбейт.
Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
Ажал жолу чилдин арышынан кыска.
Ажал келсе алтын тактан пайда жок.
Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу доңуз аңда оттойт.
Аз болсо да саз болсун.
Аз жамандык да көптүк кылат.
Аз көбөйөт, азган оңолот.
Аза – арыбайт, каада – карыбайт.
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт.
Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
Азап тартпай акыл кирбейт.
Азаптан коркпо, айыптан корк.
Азапты көрбөгөн бакыттын баркын билбейт.
Азаптын азабы – жумушу жоктук.
Азга каниет кылбаган көпкө ыраазы болбойт. Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
Азды аяган көптөн кур калат.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
Азоого тушоо, күлүккө чалма.
Ай менен Күн – асмандын көркү.
Ай түндө керек, акыл күндө керек.
йгыр көпсө – үйүрүн кажыйт, хан көпсө – элин кажыйт.
Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат.
Айды этек менен калкалай албайсың.
Айдын жанында булуттун баркы жок, байдын жанында жардынын баркы жок.
***Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
***Айдын жарымы жарык, жарымы караңгы.
***Айран сураган - аягын жашырбайт.
**Айран уютса ириткен, тери ийлесе чириткен.
***Айрылаар дос бербести сурайт.
***Айткан сөз – атылган ок.
***Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.
***Айтмайынча ким билет, ачмайынча ким көрөт.
Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
***Айтсам сенден өлөрмүн, айтпасам сындан өлөрмүн.
***Айтып кылган иштин айыбы жок.
***Айтышкан - доо, алышкан – жоо.
***Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.
***Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
***Ак ийилет, сынбайт.
***Ак ит, кара ит – баары бир ит.
***Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт.
***Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
***Аккан абышка да "апаке" дептир.
***Аккан арыктан суу агат.
***Аккан сууда арам жок.
*Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка айтса толбойт.
***Акмак акылдууну, мас соону сүйбөйт.
***Акмак өзүн эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
***Акмак баштан акылдуу ой чыкпайт.
***Акмак бергенин билип, алганын билбейт.
***Акмак достон акылдуу душман артык.
***Акмакка айткан кайран сөз.
***Акмактан акыл сураган сокурдан жол сураганга тете.
***Акмакты көрүп акылдуулукка үйрөн.
***Акмактык - айыкпас дарт.
***Акмактын өмүрү акылмандын бир күнүнө татыбайт.
***Акмактын айтканы келбей, таарынганы келет.
***Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт.
***Аксак да асманды тепкиси келет.
***Аксак иттен сокур ит соогат сураптыр.
***Акча сүйлөгөндө акыйкат унчукпай калыптыр.
***Акчасы болсо акмак да төрө.
***Акыйкат сөзгө арсыз жооп кайтарат.
***Акыйкаттын отун акмак өчүрө албайт.
***Акыл азбайт, билим тозбойт.
***Акыл азганда сөз качат.
***Акыл – ардак, байлык – бакыт.
***Акыл – баштан, асыл – жаштан.
***Акыл деген алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
***Акыл жетет, ал жетпейт.
***Акыл конбогон жигитке бакыт да конбойт.
***Акыл – тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
***Акылдан айрылам десең, арак ич.
***Акылдуу жаңылса өзүн жемелейт, акмак жаңылса жолдошун жемелейт.
***Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя.
Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
***Акылдуу ууру айылын тонобойт.
***Акылдуулардын кастыгы акмактардын достугунан артык.
***Акылдуунун алдына акмакты ээрчитип барба.
***Акылдуунун сөзү кыска, айта салса нуска.
***Акылдын душмандыгы жок.
***
Акылдуу баштаса – төргө, акмак баштаса – көргө.
***
Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
***
Акылсыз атасын акмалайт.
***
Акылсыз күч - атсыз араба.
***
Акылы аздын азабы көп.
***
Акыл жетсе атаны уул билет.
***
Акыркы ашка каскак түшөт.
***
Акырын баскан аксабайт.
***
Акырын бассаң – аксак, катуу бассаң – таскак.
***
Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
***
Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
***
Ала кушту атынан айт.
***
Алайын десем алдырбасы алдырбайт, барайын десем бардырбасы бардырбайт.
***
Аласа – арстан, бересе – чычкан.
***
Алга баскан - арткыларга көпүрө.
***
Алга жылган ашуу ашат.
***
Алган колдон берген кол март.
***
Алган эри жарашса кара катын ак болот.
***
Алгандын бермейи бар.
***
Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
***
Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
***
Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч.
***
Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат.
***
Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
***
Алдыраар күнү жаздыраар.
***
Алкыш кетпесин, каргыш жетпесин.
***
Алма сабынан алыс түшпөйт.
***
Алсаң берериңди унутпа.
***
Алсыздын кылычы – арыз.
***
Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың, төртөөң төп келсең, төбөдөгүнү аларсың.
***
Алтымыш менен жетимиш – абышканын курагы.
***
Алтымыштагы атаңдын алдап-соолап күчүн ал.
***
Алтын – байлык эмес, акыл – байлык.
***
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
***
Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
***
Алтын казына акыл казынага жетпейт.
***
Алтынды чыккан жерден каз.
***
Алуучу болбосо сатуучу кор болот.
***
Алы жетпеген – акыретчил.
***
Алыстагы душмандан аңдып жүргөн дос жаман.
***Алысты жакындаткан - ат, жакынды алыстаткан – жат.
***Амалкөйдү ашынам дебе, ач көздү кошунам дебе.
***
Амалын тапкан ажалдан кутулат.
***
Ант берсең актай бил.
***
Аңдабаган төө көрбөйт.
***
Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
***
Аңкоо азаптан, кайсар мазактан кутулбайт.
***
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
***
Ар ким сүйгөнүнүн кулу.
***
Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүч болот.
***
Ар ылдыйдын өрү бар.
***
Арам тамак аш болбойт.
***
Арамдан алган төөдөн адалдан алган улак артык.
***
Арамзанын куйругу бир тутам.
***
Арачыга алты таяк.
***
Арбашкан – алышат, кармашкан – кагышат.
***
Ардак күткүң келсе ак иште.
***
Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
***
Арзандын асылы болбойт, асылдын жаманы болбойт.
***
Арзандын тузу татыбайт.
***
Аркандын узуну, сөздүн кыскасы жакшы.
***
Аркар мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
***
Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге.
***
Арстан картайса, чөөгө күлкү.
***
Арстандын куйругу болгуча мышыктын башы бол.
***
Артык айтпа, ашыра какпа.
***
Артык дөөлөт баш жарат.
***
Ары жок - күлкүчү, санаасы жок - уйкучу.
***
Ары карап ыйлап, бери карап күлгөн жаман.
***
Арык атка камчы – жоо, жаман үйгө тамчы – жоо.
***
Арык семирет, ач тоюнат.
***
Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне.
***
Аскан ашты таштаба.
***
Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
***
Асмандагы шумкардан колдогу турумтай артык.
***
Асманды караган аягынан мүдүрүлөт.
***
Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
***
Асылуу казан – бышылуу аш.
***
Ат – адамдын канаты.
***
Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
***
Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт.
***
Ат баспайм деген жерин миң басат.
***
Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет.
***
Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы – урмат.
***
Ат жалына казан ас.
***
Ат кадырын жок билбес, ач кадырын ток билбес.
***
Ат камчыдан жалтанат, эр намыстан жалтанат.
***
Ат куйругун кармасаң суудан өтөрсүң, ит куйругун кармасаң сууга чөгөрсүң.
***
Ат казыгы арыганча, эр казыгы карыганча.
***
Ат менен жолго чыккан эшектин шору.
***
Ат - мингендики, тон - кийгендики, аял – тийгендики, эр – элдики.
***
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
***
Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
***
Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет.
***
Ат семирип нык болот, эр семирип бук болот.
***
Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
***
Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
***
Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
***
Ата даңкы, эне баркы – балага дем.
***
Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт.
***
Ата көргөн ок куят, эне көргөн тон бычат.
***
Ата өлүп, бала калса – тилегине жеткени, бала өлүп, ата калса – арманы ичте кеткени.
***
Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар.
***
Атадан жакшы туулса, эшиктен төргө сүйрөөр, жаман туулса төрдөн көргө сүйрөөр.
***
Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
***
Аталар сөзү – акылдын көзү.
***
Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим.
***
Атам, энем бар болсун, оозу-мурду жок болсун.
***
Атан төө мас болсо тайлак менен дос болот.
***
Атан төө өлсө, тайлак бар, кому жерде калган жок.
***
Атанын көөнү – балада, баланын көөнү – талаада.
***
Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
***
Атанын уулу болуш – урмат, элдин уулу болуш – кымбат.
***
Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
***
Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
***
Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер.
***
Атасы болушчаактын уулу - урушчаак, энеси болушчаактын кызы - ыйлаак.
***
Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
***
Атка жеңил, тайга чак.
***
Аткан - мерген эмес, тийгизген - мерген.
***
Аттан айрылсаң да, абийириңден айрылба.
***
Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
***
Аттан тай озоор.
***
Аттанганда эле көчүгү кыйшык болчу.
***
Атты такаласа эшек бутун көтөрүптүр.
***
Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
***
Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
***
Атын атаса куту сүйүнөт.
***
Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.
***
Атына жараша заты.
***
Атың арык болсо бир чап, отунуң аз болсо бир жак.
***
Атың жакшы болсо камчынын кереги не.
***
Атың жаман болсо айлаң кетет, алганың жаман болсо тууганың кетет.
***
Атың чыкпаса жер өрттө.
***
Ач көз кусканын билип, жутканын билбейт.
***
Ач көзгө бардыгы аз көрүнөт.
***
Ач көздөр өлсө да, ач көздүк өлбөйт.
***
Ач кадырын ток билбейт.
***
Ач кулактан тынч кулак.
***
Ачка киши – урушчаак, арык киши – тырышчаак.
***
Ачка отурганча айранга нан малып жеген артык.
***
Ачкалык арам-адалды танбайт.
***
Ачканын аңы жүрбөйт.
***
Ачкаңда жеген куйрукту тойгонуңда унутпа.
***
Ачтын күчү - тамагында, жөөнүн күчү - таманында.
***
Ачуу – акылдын душманы, напси – ыймандын душманы.
***
Ачуу – душман, акыл – дос.
***
Ачуу суроо берип таттуу жооп күтпө.
***
Ачуулуунун астынан чыкпа.
***
Ачууну акыл жеңет.
***
Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
***
Ачуусу чукул айыпка жыгылат.
***
Ачык сөздүн даамы ачуу болот.
***
Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар.
***
Ачынган – тилдүү, ачыккан - ууру болот.
***
Аш көп болсо каада көп.
***
Аш кадырын ачыккан билет, жок кадырын тарыккан билет.
***
Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.
***
Аштык бер дейт, аштык берсең баштык бер дейт, баштык берсең артып бер дейт.
***
Аштын таттуусун таткан билет, жолдун алысын баскан билет.
***
Ашуудан ат алмаштырбайт.
***
Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт.
***
Ашы бар аяктан аттаба.
***
Ашы жок үйдү ит да сүйбөйт.
***
Ашыгып жооп берген аз ойлойт.
***
Ашыккан алыс узабайт.
***
Ашыкпаган араба менен коенго жетет.
***
Ашына жараша табагы, ишине жараша табагы.
***
Ашынан табагы кымбат.
***
Ашың жогуна кайгырба, ишиң жогуна кайгыр.
***
Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
***
Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын болбо.
***
Аягы кысканын арышы кыска.
***
Аяк желдүү болсо ташка тиет, ооз желдүү болсо башка тиет.
***
Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
***
Аял жакшы – эр жакшы, саймаланган жер жакшы.
***
Аял жакшысын эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
***
Аялдын акылын жесирде көр, баланын акылын жетимде көр.
***
Аялдын сулуулугу – ажарында, эркектин сулуулугу – акылында.
***
Аялың мыкты болсо – бактың, кыйды болсо – каттың.
Б
Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт, чечен чеченди сөзүнөн тааныйт.
***
Баатыр – бир октук, бай – бир жуттук.
***
Баатыр болмок маңдайдан, чечен болмок – таңдайдан.
***
Баатыр – маңдайлаш, чечен – таңдайлаш.
***
Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө неси калат.
***
Баатыр туулса – эл ырысы, жамгыр жааса – жер ырысы.
***
Баатырга да жан керек, бакырга да жан керек.
***
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
***
Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
***
Баатырдын баш ийгени – өлгөнү.
***
Базар барга таттуу, жокко ачуу.
***
Базар көркү – бакал, эр көркү – сакал.
***
Базары жакын байыбайт.
***
Бай байга куят, суу сайга куят.
***
Бай-байбиче – куймакта, кул менен күң – көмөчтө.
***
Бай-байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта.
***
Бай билгенди кул да билет, айтайын десе эрки жок.
***
Бай болсоң магдыраба, жарды болсоң мөгдүрөбө.
***
Бай болуп көргөнүм жок, жарды болуп өлгөнүм жок.
***
Бай жарды болсо үч жыл байлыгын кое бербейт, жарды бай болсо үч жылы жардылыгын кое бербейт.
***
Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
***
Бай менен куда болсоң чиренет, жарды менен куда болсоң тиленет.
***
Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
***
Байды мактаба, кедейди жектебе.
***
Байдын ашын байкуш аяйт.
***
Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
***
Байкуш эңсейт байлыкты, карыя эңсейт жаштыкты.
***
Байлаганды билсең чечкенди да бил.
***
Байлыгың болбосо да, баркың болсун.
***
Байлык куушурат, жоктук бышырат.
***
Байлык – мурат эмес, жоктук – уят эмес.
***
Байлык - мүлктө эмес, талантта.
***
Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт.
***
Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
***
Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
***
Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
***
Бака майрыгын билбей, жыланды ийри дептир.
***
Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
***
Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
***
Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа.
***
Бактылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
***
Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.
***
Бакыргандын баары эле баатыр эмес, балкайгандын баары эле балбан эмес.
***
Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
***
Бала, баланын иши чала.
***
Бала биздики, акыл өзүнүкү.
***
Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
***
Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
***
Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
***
Бала падышадан кудуреттүү.
***
Бала чуркаса чалдын буту зыркырайт.
***
Бала ыйламайынча эмчек кайда.
***
Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
***
Балакет кылбаган балакетке жолукпайт.
***
Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.
***
Балалык кишиге эки келет, бир жашында, бир карыганда.
***
Балам, балалуу болгондо билерсиң.
***
Баланы жашынан, катынды башынан.
***
Баланы тарбиялоо – ташты кемиргенге тете.
***
Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
***
Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
***
Баласы баатырдын атасы ардактуу.
***
Баласыз - бир азап, балалуу – миң азап.
***
Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
***
Балта көтөргөнчө дөңгөч эс алыптыр.
***
Балык башынан сасыйт.
***
Балээ кетсе, бакыт келет.
***
Балыкчыны балыкчы алыстан тааныйт.
***
Бар барын айтат, жок зарын айтат.
***
Бар мактанса табылар, жок мактанса чабылар.
***
Бар шаттантат, жок какшантат.
***
Барга бар дүйнө, жокко зар дүйнө.
***
Барга көппө, жокко чөкпө.
***
Барды аяган жокко тойбойт.
***
Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
***
Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат.
***
Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
***
Баскандан эринген бир кезекте жүгүрөр.
***
Басмайылдын батканын ээси билбей ат билер, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билер.
***
Бастырган - бараар, чапкан – калаар.
***
Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
***
Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
***
Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
***
Батаар күндүн атаар таңы бар.
***
Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
***
Баш иштебесе бутка күч.
***
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
***
Баш куйрукту күтпөйт.
***
Башка түшсө – байтал жорго.
***
Башкага жасаганың да өзүңө пайда.
***
Баштаагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт.
***
Башталганга мактанбай, бүткөнгө мактан.
***
Баштоочу болсо коштоочу табылат.
***
Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
***
Башчы экөө болсо, акыл жалгыз.
***
Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
***
Башың баш, багалчагың кара таш.
***
Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
***
Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
***
Бекем катсаң, оңой табасың.
***
Бекер алгандын берекеси болбойт.
***
Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
***
Бекерчиден безе кач, өнөрлүүгө өтө кач.
***
Белек баалуу эмес, сый баалуу.
***
Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
***
Бербестин шылтоосу көп.
***
Берген март эмес, алган март.
***
Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
***
Бергенин алган - жамандын иши, ичкенин кускан – чабалдын иши.
***
Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
***
Бетке айткандын заары жок.
***
Бечелге жөтөлдүн кереги эмне?
***
Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет.
***
Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
***
Билбеген – уят эмес, билгиси келбеген – уят.
***
"Билем" деген миң сөз, "билбейм" деген бир сөз.
***
Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
***
Билгенден билелегиң, көргөндөн көрөлегиң көп.
***
Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
***
Билим – мейман, акыл – ээ.
***
Билим оошот, ырыс жугушат.
***
Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
***
Билимдүүнүн түнү – күн, билимсиздин күнү – түн.
***
Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
***
Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
***
Бир агарган сакалың кайрадан чыгып карарбас.
***
Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
***
Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
***
Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
***
Бир баш – миң ой.
***
Бир башта миң үмүт.
***
Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
***
Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
***
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы.
***
Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
***
Бир жолу калпың чыкса сөзгө алгысыз болосуң.
***
Бир көргөн – билиш, эки көргөн – тааныш, үч көргөн – алыш.
***
Бир күндүк өмүрүң болсо – түштүгүнө жорго мин.
***
Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
***
Бир кемпир бир кемпирди "кыз" деп тергептир.
***
Бир киши арык казса миң киши суу ичет.
***
Бир коркоктун кесири миңге тиет.
***
Бир кумалак бир карын майды чиритет.
***
Бир ок менен эки коенду атыптыр.
***
Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
***
Бир сөз бар – оозго алгыс, бир сөз бар – издесе тапкыс.
***
Бир тоокко да жем керек.
***
Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың.
***
Бир уядан бир сасыткы чыгат.
***
Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын оозуңда.
***
Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
***
Бир этегин жаза баскан, бир этегин үзө басат.
***
Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
***
Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт.
***
Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
***
Бирөө өлмөйүнчө бирөө күн көрбөйт.
***
Бирөө өлүп жатса бирөө күлүп жатат.
***
Бирөө утулмайынча бирөө уталбайт.
***
Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
***
Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
***
Бирөөгө жамандык кылсаң, өз башыңа тиерин унутпа.
***
Бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт.
***
Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
***
Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
***
Бирөөнүн өрдөгүн жесең каз байла.
***
Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
***
Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
***
Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
***
Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
***
Бирди аяган миңден кур калат.
***
Бирди капа кылган миңге чуу түшүрөт.
***
Бирди кессең – онду тик.
***
Бирдик болгон жерде – тирдик.
***
Бирдин катасы миңди азапка салат.
***
Биригишсе тиштешкен - ажырашса кишенешет.
***
Биринчи байлык – ден соолук, экинчи байлык – ак жоолук, үчүнчү байлык – жүз соолук.
***
Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
***
Бозодогу сөз бокко жарабайт.
***
Боконого бычак сындырба.
***
Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
***
Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
***
Болоор бала богунан.
***
Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
***
Болоору болду, боесу канды.
***
Боор ооруса боорго тебет.
***
Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт.
***
Бороондуу күндө бок кычайт.
***
Бою карыш, ою алыс.
***
Боюңа карап тон быч.
***
Боюңа мактанба, оюңа мактан.
***
Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
***
Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык.
***
Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
***
Бөксө чайнек бат кайнайт.
***
Бөлүнгөндөн бүлдүргү алба.
***
Бөлүнгөндү бөрү жейт.
***
Бөрү баласы ит болбойт.
***
Бөрү жебесе да күнөөлүү.
***
Бөрү карыса бир койлук алы бар.
***
Бөрү карыса итке күлкү болот.
***
Бөрүнү аясаң өзүңдү жарат.
***
Бөрүнүн күчү – тишинде, адамдын күчү – ишинде.
***
Бөрк ал десе баш алган.
***
Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
***
Бука жокто торпок бий.
***
Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
***
Буканын жаманы музоого теңтуш.
***
Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
***
Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.
***
Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
***
Булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу.
***
Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы.
***
Буту сынган жатып семирет, колу сынган басып арыктайт.
***
Бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт.
***
Буудайдын бараар жери – тегирмен, кыздын бараар жери – күйөө.
***
Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
***
Бучуктун өпкөнү, сокурдун күлгөнү жаман.
***
Буюкканга жылдыз – от.
***
Буюм керек учурунда жакшы.
***
Буюрбаган ашка мурун канайт.
***
Бүгүн көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
***
Бүгүнкү мээнетиң – эртеңки дөөлөтүң.
***
Бүгүнкүнүн эртеңкиси бар.
***
Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
***
Бүркүт карыса чычканчыл болот.
***
Бүткөн ишке сынчы көп.
***
Бычагы курч байыбайт.
***
Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
***
Бээ десе – төө дейт.
***
Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
Д
Дайрадан чыгып көлчүккө чөгүптүр.
***
Дарак бир жерде көгөрөт.
***
Дарак нымды сүйөт, эл чынды сүйөт.
***
Дартты жөн койсо жайылат, дарыласаң айыгат.
***
Дары – чөптөн, акыл – көптөн.
***
Дарт кетсе, дарыгер эстен чыгат.
***
Дарты жок дары издебейт.
***
Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
***
Дени соонун жаны соо.
***
Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
***
Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
***
Дос таарынса бергенин алат.
***
Дос көтөрөт көңүлдү, мал көтөрөт өлүмдү.
***
Дос изде, душман өзү табылат.
***
Дос айрылат, сөөк кайрылат.
***
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
***
Дос-жолдошуң – бир жылдык, куда-сөөгүң – миң жылдык.
***
Дос сыртыңан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
***
Досторуңа таттуу бол, кастарыңа катуу бол.
***
Достун орду – төр, кастын орду – көр.
***
Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
***
Досум, дос элек – коон үзгөндө, тетири карап калыпсың – бозо сүзгөндө.
***
Досунан ажыраган – өзүнө өзү душман.
***
Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
***
Досуң миң болсо да аздык кылат, касың бирөө болсо да көптүк кылат.
***
Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
***
Досуңдун сүйгөн буюмун сураба.
***
Досуңдун касынан сактан, касыңдын досунан сактан.
***
Дөөлөт – тоголок, мээнет – жалпак.
***
Дөөлөт басса эт басат, мээнет басса бит басат.
***
Дөөлөттөн артык мээнет бар.
***
Дудук айткысы келет, төкөр баскысы келет.
***
Дудуктун душманы жок.
***
Думанадан айбашы үмтөтүптүр.
***
Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
***
Душман сыртынан жылмаят, ичинен кубанат.
***
Душманга таба, доско күлкү болбо.
***
Душмандын чырагына май тамызба.
***
Душмандын биринчи кадамы – жылмалап айткан саламы.
***
Душмандашкан киши оңолбойт.
***
Душманыңдын душманы – сенин досуң.
***
Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок.
***
Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
***
Дүлөйдүн тилин дудук билет.
***
Дүнүйө бир тыйындан куралат.
***
Дүнүйөкор – дүнүйөнүн кулу.
Ж
Жаагың сынса сынсын, шагың сынбасын.
***
Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба.
***
Жабылган аяк жабылуу бойдон калсын.
***
Жагымсыз конок жатаар маалда келет.
***
Жаз - жардыныкы, кыш - алдуунуку.
***
Жаз – жарыш, күз – күрөш.
***
Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
***
Жазганды өчүрө албайсың.
***
Жазгы суук жандан өтөт.
***
Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.
***
Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат.
***
Жаздын аракети – күздүн берекети.
***
Жай кийгенин кыш кийген жарды кайда байысын.
***
Жайыл дасторкон – марттыктын белгиси.
***
Жайын билбей жер тандаган кызык, алын билбей эр тандаган бузук.
***
Жайында баспаган кышында чуркайт.
***
Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт.
***
Жакшы айттырбай билет, суратпай берет.
***
Жакшы – арына кул, жаман – малына кул.
***
Жакшы ат – жанга шерик, жакшы ит – малга шерик.
***
Жакшы ат камчы салдырбайт.
***
Жакшы ата жаман уулга кырк жыл азык.
***
Жакшы атанын кашыктап чогултканын жаман уулу чөмүчтөп чачат.
***
Жакшы аял – дөөлөт, жаман аял – мээнет.
***
Жакшы аял – ырыс, жаман аял – уруш.
***
Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
***
Жакшы дос пайдасын тийгизбесе да, зыянын тийгизбейт.
***
Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.
***
Жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат.
***
Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул; жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул.
***
Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
***
Жакшы - жумуш башында, жалкоо – үй кашында.
***
Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
***
Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи, эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи?
***
Жакшы карасаң сүттөн да кара табасың.
***
Жакшы катын – жарым ырыс, жаман катын – күндө уруш.
***
Жакшы киши – үлгү, жаман киши – күлкү.
***
Жакшы кошунаңа жарамсыз сөз айтпа.
***
Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
***
Жакшы максат – бүтүн кылат, жаман максат – күкүм кылат.
***
Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
***
Жакшы менен жүрсөң жетесиң муратка, жаман менен жүрсөң каласың уятка.
***
Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет.
***
Жакшы – сөздү таап сүйлөйт, жаман – каап сүйлөйт.
***
Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын.
***
Жакшы тилек – жарым ырыс.
***
Жакшы тондун жакасы бар, жеңи жок; жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок.
***
Жакшы үйгө келгенде жаман адам мас болот.
***
Жакшы эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
***
Жакшы – эли менен, жер – кени менен.
***
Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
***
Жакшыга жут жок, жаманга кут жок.
***
Жакшыга айтсаң билет, жаманга айтсаң күлөт.
***
Жакшыда кек жок, жаманда тек жок.
***
Жакшыдан ат калат, жамандан дат калат.
***
Жакшыдан башчы койсоң элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң элди жүдөтөөр.
***
Жакшыдан жаман туулса – чыгаша, жамандан жакшы туулса – киреше.
***
Жакшыдан качпа, жаманга баспа.
***
Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым деп тим болот.
***
Жакшыны жараштыр, жаманды адаштыр.
***
Жакшыны жатым жебе, жаманды өзүм дебе.
***
Жакшыны коштой бил, жаманды таштай бил.
***
Жакшыны сыйласаң эсинен кетпейт, жаманды сыйласаң эшигиңден кетпейт.
***
Жакшынын өзү өлсө да, иши өлбөйт.
***
Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети.
***
Жакынды жаралаба, алысты каралаба.
***
Жакыны көп жазганбайт.
***
Жакынын сыйлабаганды жат сыйлабайт.
***
Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
***
Жакырдын жайын жалчы билет.
***
Жалгыз аттуу – жарышчаак, жалгыз шымдуу – күрөшчөөк.
***
Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт.
***
Жалгыз дарак токой болбойт.
***
Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
***
Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт.
***
Жалгыз кол түйүн чечпейт.
***
Жалгыз кылган уурунун жаманаты жалпыга.
***
Жалгыз өлө жегиче, досуң менен бөлө же.
***
Жалгыз өлсө чуу чыкпайт, жар куласа суу чыкпайт.
***
Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
***
Жалгызга жар – кудай.
***
Жалакор жалаа издейт, паракор жалаадан кетпейт.
***
Жалкоо карап отуруп чарчайт.
***
Жалкоонун сыркоосу көп, жандеминин шылтоосу көп.
***
Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында.
***
Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
***
Жаман айгыр үйүрүнө тап.
***
Жаман айтпай, жакшы жок.
***
Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт.
***
Жаман атты жал басат.
***
Жаман аял белгиси – казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
***
Жаман болор жигит чегинчээк, кедей болор жигит эринчээк.
***
Жаман болсо катының ичтен жеген митедей.
***
Жаман болсоң – бир кишисиң, жакшы болсоң - миң кишисиң.
***
Жаман да болсо атабыз, жакшыны кайдан табабыз.
***
Жаман жашырынбайт, жакшы көрүнбөйт.
***
Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
***
Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
***
Жаман жолдош жоого калтырат, жаман сөз доого калтырат.
***
Жаман жолдоштон жалгыздык артык.
***
Жаман иттин аты – Бөрүбасар.
***
Жаман көрүп май бергенче, жакшы көрүп чай бер.
***
Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
***
Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
***
Жаман калем – жакшы эстен мыкты.
***
Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, чачын жуубай биттен көрөт.
***
Жаман кийим жок болсо, жакшы кийим кор болот.
***
Жаман малын катат, жакшы элин катат.
***
Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.
***
Жаман туугандан жакшы кошуна артык.
***
Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт.
***
Жаман уй жарда музоолойт.
***
Жаман уулу жакшы атанын наамын булгайт.
***
Жаман үйдүн коногу бийлейт.
***
Жаман энеден бала да качат.
***
Жаман ээрден жайдагым артык, жаман аялдан бойдогум артык.
***
Жаманга сый жарашпайт.
***
Жаманга алкыш да, каргыш да жок.
***
Жаманга олжо түшсө, бөлүшө албай колго түшүптүр.
***
Жаманга үңүлбө, жакшыдан түңүлбө.
***
Жамандан жарты кашык жарма артат.
***
Жаманды мактаса жардан алыс кетиптир.
***
Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
***
Жамандыгы болбосо, жаштыгы калган жок.
***
Жамандык жерде жатпайт.
***
Жамандык жаманга жарашат.
***
Жамандык кылбасаң жабыкпай жүрөсүң.
***
Жамандын барынан жогу.
***
Жамандын бир өнөрү артык – жата калып ат үркүтөт.
***
Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
***
Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок.
***
Жамандын катыны болгуча жакшынын жесири бол.
***
Жамандын миң сөзү жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
***
Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
***
Жамандын төрүндө отугуча жакшынын ирегесинде отур.
***
Жамандыкты унуткан – жакшы, жакшылыкты унуткан – жаман.
***
Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
***
Жамгыр өзүн сел ойлойт, көлчүк өзүн көл ойлойт.
***
Жан бар жерде өлүм бар.
***
Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт.
***
Жандооч кийик аттырат.
***
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.
***
Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
***
Жараат бүтөт, так калат.
***
Жарачу уул жашынан.
***
Жаргылчактуу катын – жакшы катын, электүү катын – эрке катын.
***
Жардамы тийбеген – жардам күтпөсүн.
***
Жарды байыйт, жаш чоңоет.
***
Жарды болсоң да ардуу бол.
***
Жардынын ую жылда кысыр.
***
Жардылык уят эмес, жалкоолук уят.
***
Жарым жолдон кайткандын жолу болбойт.
***
Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт.
***
Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
***
Жатаар курсак жармадан айлансын.
***
Жаткан оору эмес, баккан оору.
***
Жатып ичээр жигиттен сарамжалдуу чал жакшы.
***
Жатып өлгүчө атып өл.
***
Жаш – каруусу менен, карт – кеңеши менен.
***
Жаш карыса да, жан карыбайт.
***
Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
***
Жаш улук эмес, акыл улук.
***
Жаш чыбыктын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү.
***
Жашка – кызмат, карыга – урмат.
***
Жаштык бар жерде жалын бар.
***
Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет.
***
Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
***
Жаштык кезиң мастык кез.
***
Жаштык коштошпой кетет, карылык учурашпай келет.
***
Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот.
***
Жашыңда берсин мээнетти, карганда берсин дөөлөттү.
***
Жашыңдан жаман жолго баспаганың – адамдык сапатыңды сактаганың.
***
Жашырган жиниң болгуча, ачык жемең болсун.
***
Жегенде тойбогон жалаганда тоймок беле.
***
Жегендин кусмайы бар.
***
Жегени да жаман, дегени да жаман.
***
Жейин десе – тиши ооруйт, берейин десе – ичи ооруйт.
***
Жек көрүүдөн кастык туулат.
***
Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт.
***
Жел чакпаса жан чыгат.
***
Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
***
Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
***
Желмогуздун кичинеси кыйын.
***
Жемди көргөн кыргый торду көрбөйт.
***
Жемди көрүп, көктөгү куш торго түшөт.
***
Жеңил акыл – бутка күч.
***
Жеңилди жерден, оорду колдон алган.
***
Жер тамырынан эл тамыры көп.
***
Жер эмгекти жебейт.
***
Жер казгандан, ушак айткандан түгөнбөйт.
***
Жерге өзүң ийилбесең, жер сенден кийин дейт.
***
Жерге түшкөн гүл болот, отко түшкөн күл болот.
***
Жерге түшкөн жетимдик.
***
Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
***
Жери байдын эли бай.
***
Жети өлчөп бир кес.
***
Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
***
Жети күндүк жаандан желип өткөн суу жакшы.
***
Жети күндүн бири – өлүм.
***
Жетим жүрүп жетилет.
***
Жигит өлөр жерине күлүп барат.
***
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
***
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
***
Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн.
***
Жигит сөзүнөн, ийне көзүнөн сынат.
***
Житкен окту аткан ок табат.
***
Жоголгон бычактын сабы алтын.
***
Жоготуу – жол тапкычтыкка үйрөтөт.
***
Жойпу наадан – жоодон жаман.
***
Жокко суу да жок.
***
Жоктон бар болор, бардан жок болор.
***
Жокту жок табат.
***
Жокту керек таптырат.
***
Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
***
Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
***
Жол азабы – көр азабы.
***
Жол бирге болсо да тагдыр башка.
***
Жол салсаң – өтөсүң, ор казсаң – түшөсүң.
***
Жолборстун жаткан жерине ит батпайт.
***
Жолдош болсоң кууга, башыңды салар чууга.
***
Жолдошу көптүн колдоосу көп.
***
Жолдошу көптүн олжосу көп.
***
Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа, аялың жаман болсо киши алдында үн катпа.
***
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
***
Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал.
***
Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы.
***
Жолуң шыдыр болсун, жолдошуң Кыдыр болсун.
***
Жоо аяган жаралуу.
***
Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап.
***
Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар.
***
Жоого жалынба – жаныңды алат, доого жалынба – малыңды алат.
***
Жоодон корккон жоого дос, элди сүйгөн эрге дос.
***
Жоон сүзүлгүчө, ичке үзүлөт.
***
Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска.
***
Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт.
***
Жооштон жоон чыгат.
***
Жорго жүрүшүнөн пул болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
***
Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат.
***
Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
***
Жоргону жорго көргөндө төрт аягы тыбырайт, чеченди чечен көргөндө оозу-мурду кыбырайт.
***
Жоргонун кадыры желгенде билинет, жолдоштун кадыры өлгөндө билинет.
***
Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт.
***
Жорто албаган жол бузат, айталбаган сөз бузат.
***
Жөжөнү күздө санайт.
***
Жөн билгини жумшасаң акыл үйрөтпө.
***
Жөө жүргөнчө төө минген жакшы.
***
Жөөнүн энчисин атчан албайт.
***
Жөтөл – картаңдын күлкүсү.
***
Жупуну жугумдуу, сыпайы сүйкүмдүү.
***
Журт – мазар, журттан чыккан – азар.
***
Жуткан жутабайт.
***
Жуурат төгүлсө жугу калат.
***
Жүгүргөн албай, буюрган алат.
***
Жүз жолу айткандан бир жолу көргөзгөн жакшы.
***
Жүз дос аз, бир кас көп.
***
Жүз сөздү бир сөз токтотот.
***
Жүздөн бирөө чечен, миңден бирөө көсөм.
***
Жүрөктөн чыкпай жүрөккө кирбейт.
***
Жыгылган күрөшкө тойбойт.
***
Жыгылган оогонго күлөт.
***
Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл.
***
Жылан кээде чагат, ажал күндө чагат.
***
Жылан өз уусунан өлбөйт.
***
Жылан чактырган аркандан коркот.
***
Жыландын куйругун баспа – чагат.
***
Жыландын уусу – тишинде, жамандын уусу – тилинде.
***
Жыландын териси кооз, тиши уу.
***
Жыландын уусунан айыкса болот, ушактын уусунан айыгыш кыйын.
***
Жылдыздын көбү - асмандын көркү, билимдин көбү – акылдын көркү.
***
Жылкыңа карап ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
***
Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылан ийнинен чыгат.
***
Жыргайсыңбы, куурайсыңбы – жашоо керек.
***
Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
***
Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.
***
Жээн эл болот - сый жарашса, желке тон болот - ий жарашса.
З
Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
***
Заманына карай – күлкү, тоосуна карай – түлкү.
***
Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
***
Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет.
***
Зор иште жаның чыкса да, даңкың калат.
***
Зордукчуга мал жокпу.
***
Зордун түбү кор болот, туздуу жерде шор болот.
И
Ийгиликтин кечи жок.
***
Ийлеп-ийлеп итке салба.
***
Ийне өткөн жерден шоона да өтөт.
***
Ийненин чөпкө түшкөнү – жоголгону.
***
Ийри отурсаң да түз сүйлө.
***
Ийри таяктын көлөкөсү түз болбойт.
***
Илим – ийне менен кудук казгандай.
***
Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.
***
Иреңине карасаң – күндөй, ишине карасаң – түндөй.
***
Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
***
Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
***
Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
***
Ит кабышып өлөт, наадан чабышып өлөт.
***
Ит коруган жерге чычат.
***
Ит менен дос болсоң сөөк талашасың.
***
Ит төөгө арсылдайт, төө итти барсынбайт.
***
Ит үрөт, кербен жүрөт.
***
Ит эле болду Сарбагыш.
***
Итенген сайын бир боорсок.
***
Итке темирдин кереги эмне.
***
Ит каппайт дебе, ат теппейт дебе.
***
Иттин башын сыласаң өзүңдү кабаар.
***
Иттин жаманы күчүктү талайт.
***
Иттин тойгон жери бар, туулган жери жок.
***
Ичи тар итине бок бербейт.
***
Ичи тардын иши тар.
***
Ичиң күйсө туз жала.
***
Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
***
Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
***
Ичкилик арты – өкүнүч.
***
Ичтен чыккан ийри жылан.
***
Ичээр сууңа түкүрбө.
***
Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуң урайын.
***
Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма.
***
Иши жүрөөрдүн ташы өйдө кулайт.
***
Иши жоктун – ашы жок.
***
Иши оңолоордун ити чөп жейт.
***
Ишке келгенде – бала, сөзгө келгенде – балээ.
***
Иштебей туруп тиштээриңди ойло.
***
Иштебеген – тиштебейт.
***
Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
***
Иштеген колдон көргөн көз уста.
***
Иштегениң ата-энең үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн.
***
Иштөө – кыйын, сыноо – оңой.
***
Иштесең досуң көбөйөт, ушактан касың көбөйөт.
***
Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
К
Каалаганын сүйлөгөн кагуу жейт.
***
Каардуу коңшуңдан кутулайын десең карыз бер.
***
Кабагы жамандын сабагы жаман.
***
Кабанаак ит тамакка да, таякка да тоет.
***
Кабанаак иттен качып өт.
***
Кагаз жазып колу жоорубагандын иштеп бели да оорубайт.
***
Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.
***
Казаны бышкандын кайгысы башка.
***
Казды туурап карганын буту сыныптыр.
***
Казы кертип, жал чайнап сен да өтөрсүң дүйнөдөн, кара жарма жалмалап мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
***
Казына – казына эмес, калк – казына.
***
Кайгыда да кармана бил.
***
Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.
***
Кайгырганга кайрылган – сооп.
***
Кайгысы жок кара сууга семирет.
***
Кайгысы канча болсо, көз жашы ошончо.
***
Кайгысыз киши карыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
***
Кайгысызга уйку таттуу.
***
Кайда барсаң – Мамайдын көрү.
***
Кайдан карасаң да казандын кулагы төртөө.
***
Каймактын даамын кашык билбейт.
***
Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт.
***
Кайнене айбаттуу болсо, келин уяттуу болот.
***
Кайраттуу – карыса да жаштай, кайратсыз – жаш болсо да карыдай.
***
Кайраттунун калпагы да курал.
***
Кайраты жоктун сабыры жок, сабыры жоктун кадыры жок.
***
Кайрылгандан айрылба.
***
Калемдин учунда найзанын күчү бар.
***
Калжыраган сөз канжалайт.
***
Калк айтса – калп айтпайт.
***
Калкка түзөлбөгөн калыпка түзөлбөйт.
***
Калп айткан киши жарыбайт.
***
Калп каткырык ыйдан жаман.
***
Калп – көп, чындык – бирөө.
***
Калп сүйлөп жашагыча, чын айтып өлгөн жакшы.
***
Калп сүйүндүргөндөн чын күйүндүргөн жакшы.
***
Калп – оору, чындык – дары.
***
Калп – ырыс кесет, кайгы – өмүр кесет.
***
Калпты чындай айтса, чын чыга качыптыр.
***
Калптын казаны кайнабайт.
***
Калптын сөзү суу кечпейт.
***
Калптын сөзү - ушак, чындын сөзү - тузак.
***
Калпычынын чын сөзү да төгүнгө чыгат.
***
Калпычынын эртеңи түгөнбөйт.
***
Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
***
Камсыздын коюн карышкыр жейт.
***
Кан койнунда калтырап жатканыңча, кул койнунда кутуруп жатканың артык.
***
Кан төкпөй жеңиш жок, тер төкпөй жемиш жок.
***
Кан үйүнүн тардыгы ай, кара алачыгымдын кеңдиги ай.
***
Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай.
***
Кандай салам берсең, ошондой алик аласың.
***
Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
***
Кандан, бектен кайра тартпаган.
***
Кандектин карыганы билинбейт.
***
Кандын да бир татым тузу кемиптир.
***
Кара далы – эр тандабайт, өлөр адам – жер тандабайт.
***
Кара жерди жамандаба кайтып бир күн барасың, калың элди жамандаба каргышына каласың.
***
Кара кыздын агынан эмес, багынан.
***
Кара кылды как жарган калыс.
***
Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
***
Каран түн калайыктын башын кошот.
***
Караңгыда көз табаар, капилеттен сөз табаар.
***
Караңгыны көрбөй, жарык кадырын билбейсиң.
***
Карапайым адам – касиеттүү адам.
***
Карга баласын "аппагым" дейт, кирпи баласын "жумшагым" дейт.
***
Карга бакса куш болбойт.
***
Карга карганын көзүн чукубайт.
***
Карга каркылдап каз болбос, катын шыңкылдап кыз болбос.
***
Каргайын десем – жалгызсың, каргабайын десем – байкушсуң.
***
Каргадан тоту туулбайт.
***
Каргангандын калпы көп.
***
Каргыш албай, алкыш ал.
***
Каргышты билбесең, бирөөдөн үйрөнбө.
***
Каргыштын эң жаманы: "Өзүң билбе, билгендин тилин алба".
***
Карды тойгон канга салам бербейт.
***
Карды токтун кайгысы жок.
***
Картайган карышкырга кандек да үрөт.
***
Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
***
Кары адам – үйдүн куту.
***
Кары алжыса баладай.
***
Кары да бол, жаш да бол, кадырлашкын тирүүңдө; калат бир күн алтын баш, казылган көрдүн түбүндө.
***
Кары, карынын сөзү – дары.
***
Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.
***
Кары түлкү капканга түшпөйт.
***
Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу.
***
Карыз карыбайт.
***
Карыз бергенде – дос, кайра сураганда – кас.
***
Карыз, карызды берүү – парыз.
***
Карыз үн катпай уктатпайт.
***
Карызды отуруп берип, туруп аласың.
***
Карызсыз кедей - бай кедей.
***
Карылыктын алды, жаштыктын арты.
***
Карын ачты, кайрат качты.
***
Карынын кебин капка сал.
***
Карынын сөзү – жамак, жамагы жашоого – сабак.
***
Карысы бардын ырысы бар.
***
Карыш – карыш, сөөм – сөөм.
***
Карышкыр арыктыгын билбей, итке жонун үрпөйтөт.
***
Карышкыр бирди жебейт, миңди кырат.
***
Карышкырга кой кайтарткан.
***
Карыштан сөөм жакын.
***
Карыяны сыйлабаган карыганда сый көрбөйт.
***
Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк.
***
Катардан ашсаң да, калктан ашпа.
***
Каткалаң болбой жут болбойт.
***
Катуу кыштан калган мал олжо, катуу оорудан калган жан олжо.
***
Катын албай кайын ал.
***
Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
***
Катын жакшы – эр жакшы.
***
Катын – карга, бала – сагызган.
***
Катынга зарга кара катын айдай көрүнөт.
***
Катыны жакшы кар болбойт.
***
Катының долу болсо замандын тынчтыгынан не пайда.
***
Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын.
***
Качагандын кесири жуушаганга тиет.
***
Качан көрсөм тойдон көрөм.
***
Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт.
***
Качмак-куумак эрде бар, көчмөк-конмок элде бар.
***
Каш коем деп көзүн чукуп алыптыр.
***
Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чачпа.
***
Кашыктап жыйса кап толот.
***
Каяшачыл карыш узабайт.
***
Кедейдин бир тойгону орто байыганы.
***
Кедейдин эти болсо оту жок, оту болсо эти жок.
***
Кедейдин эчкиси уйга тете.
***
Кедейлик кемтик эмес.
***
Кезегинде кечирген – кеңдик.
***
Кекчил болбой эпчил бол.
***
"Кел" демек бар, "кет" демек жок.
***
Келин келет, кыз чыгат.
***
Келин жаман эмес, келген жери жаман.
***
Келме кезек – терме тезек.
***
Кембагал болсоң көчүп көр.
***
Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат, жигит менен кыз жатат, жыргал менен таң атат.
***
Кемчилиги көптүн кемсинтээри көп.
***
Кемчилик – менден, кечирмек – сенден.
***
Кең болсоң, кем болбойсуң.
***
Кең пейилдин кени болор, тар пейилдин ташы болор.
***
Кеңешип кескен бармак оорубайт.
***
Кеп чынынан бузулбайт.
***
Керегем, сага айтам, келиним, сен ук; уугум, сага айтам, уулум, сен ук.
***
Керектүү таштын оору жок.
***
Керкисинде да, кемигинде да бар.
***
Керооз сөздө кырсык көп.
***
Кесел адам кейикчил.
***
Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.
***
Кесип алса кан чыкпайт.
***
Кескен бычак сөөккө токтойт, кесирлүү сөз жүрөккө токтойт.
***
Кеткени болот келгендин.
***
Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда.
***
Кечиккен соң шашканыңдан не пайда.
***
Кечтим байдын кызынан.
***
Кечүү таппай өтүгүңдү чечпе.
***
Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
***
Кечээки күндүн алысы жок, эртеңки күндүн жакыны жок.
***
Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку.
***
Кимди кор тутсаң, ошого зар болосуң.
***
Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты.
***
Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың.
***
Кимдин сараң экенин кайырчы билет.
***
Кичи пейилдик - айкөлдүктүн белгиси.
***
Кичине жалаадан чоң балээ чыгат.
***
Кичине жалкоолук чоң жалкоолукка жеткирет.
***
Кичинекей таш да килейген башты жарат.
***
Кичи пейилдүүлүктөн кичирейбейсиң.
***
Кичүү болгуча иттин күчүгү бол.
***
Кичүүнү сыйлабаган улууну урматтабайт.
***
Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
***
Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт.
***
Кишиге киши тең эмес, чийкиге бышык тең эмес.
***
Коен өз көлөкөсүнөн коркот.
***
Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
***
Коендон корккон аюуга жолугат.
***
Коенду көп коркутса арстан болот.
***
Коендун териси бир күндүк чарыкка жараптыр.
***
Кожонун өзү тойсо да өзү көзү тойбойт.
***
Кожоюн – коноктун малайы.
***
Кой аксагы менен миң.
***
"Кой" дедим, калдым балээге.
***
Кой каргышы бөрүгө жетпейт.
***
Кой оозунан чөп албаган момун.
***
Койго - бычак, кызга - кучак.
***
Кол башчы коркок менен кеңешпейт.
***
Кол ийрисине тартат.
***
Кол – кудайдын мөөрү.
***
Колго түшкөн арстанга коен да короңдойт.
***
Колго түшкөн коенду кое берген оңобу.
***
Колдо бар алтындын баркы жок.
***
Колдон намысты кетиргенче, башты кетирген артык.
***
Колу ачыктын жолу ачык.
***
Колу байлангандын тили байланбайт.
***
Колу жокко найзанын кереги эмне.
***
Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт.
***
Колу кысканын тону кыска.
***
Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт.
***
Колунда талканы бар бала сүйгүнчүктүү.
***
Колуң көтөрбөс чокморду белиңе байланба.
***
Колуңда болсо жакын көп.
***
Колуңдан келбес жумушту оюң менен бүтүрбө.
***
Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт.
***
Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
***
Конокко аш кой, эки колун бош кой.
***
Конуш издебе, коңшу изде.
***
Коңшу жакшы болсо сокур кыз эр табат.
***
Кордук өмүрдөн эрдик өлүм артык.
***
Коркок иттин капканынан үргөнү катуу.
***
Коркокко кош көрүнөт.
***
Коркоктун баары корунчаак.
***
Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
***
Коркунучтан келелегинде корк.
***
Котур ташы койнунда.
***
Кошоматка кой сойгон.
***
Кошуна болсоң жөлөк бол, болбосоң бөлөк бол.
***
Кошуна - кошунанын күзгүсү.
***
Кошунаң сокур болсо бир көзүң жуумп өт.
***
Көбүрөөк билгиң келсе аз укта.
***
Көз жетпеген жерге сөз жетет.
***
Көз – коркок, кол – баатыр.
***
Көз көрбөсө жүрөк сүйбөйт.
***
Көз көргөндү көңүл тилейт.
***
Көз менен көргөн чын, кулак менен уккан күмөн.
***
Көз - нурдун уясы, көңүл – сырдын уясы.
***
Көз сокурун дарыласа болот, көңүл сокурун дарылап болбойт.
***
Көздөн көңүл көрөгөч.
***
Көздүн көргөнүнөн кулактын укканы көп.
***
Көзү сокурдан көңүлү сокур жаман.
***
Көзүнө чөп салган душмандыктын белгиси.
***
Көзүң ооруса – колуңду тый, ичиң ооруса – оозуңду тый.
***
Көзүңдөн оюң алыс көрөт.
***
Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет.
***
Көк итти көп ит талаптыр.
***
Көктөн тилегеним жерден табылды.
***
Көкүрөгүн жоготкондон көзүн жоготкон артык.
***
Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат.
***
Көлдү бороон толкутат, элди эси жок толкутат.
***
Көлдү көрбөгөн көлчүккө таңыркайт.
***
Көлөкөгө тон бычкан.
***
Көлөкөдө жаткан ит күндү көрүп үрөт.
***
Көлчүк өзүн көл ойлойт.
***
Көмүскө достон көрүнөө душман артык.
***
Көңүлдөгү сырды көз билдирет.
***
Көңүлсүз көздөн жаш чыкпайт.
***
Көңүлү бузук башкалардан айып издейт.
***
Көңүлүм келсе көлдөймүн, келбесе такыр чөлдөймүн.
***
"Көңүлүмө жагат" деп көрүнгөн менен дос болбо.
***
Көңүлүнө жакканды дүлөй да угат.
***
Көп адашпайт, көлөкө карматпайт.
***
Көп акча көздү көр кылат.
***
Көп алгың келсе көп иште.
***
Көп аялдуунун "кокуйу" көп.
***
Көп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен.
***
Көп баскан аяк бок басат.
***
Көп берекетке көп аракет керек.
***
Көп билген - нуска болот, көп иштеген - уста болот.
***
Көп билсең да көптөн артык билбейсиң.
***
Көп дабыш кошулса бир дабышты жок кылат.
***
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
***
Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт.
***
Көп кайгырган дартка чалдыгат.
***
Көп сөз - бок сөз.
***
Көп сүйүнгөн катуу кайгыраар.
***
Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот.
***
Көп тамчыдан көл болот.
***
Көп тыңша, аз сүйлө.
***
Көп уктаган көптөн кур калат.
***
Көп үйлөсө жел болот, көп ыйласа сел болот.
***
Көпкө кубанба, азга ыйлаба.
***
Көпкө аз түтөйт.
***
Көптөн качкан көмүүсүз калат.
***
Көптөн көп акыл чыгат.
***
Көптү азайтмак оңой, азды көбөйтмөк кыйын.
***
Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт.
***
Көптүн көзү көрөгөч.
***
Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа.
***
Көрөр күнү бардын ичээр суусу болот.
***
Көрүнгөн тоонун ыраагы жок.
***
Көрүнгөнгө ыйлаган көзсүз калат.
***
Көсөө узун болсо кол күйбөйт.
***
Көсөөнүн акылы түштөн кийин.
***
Көч бара-бара түзөлөт.
***
Көчкөн журттун баркын конгон журтуңдан билесиң.
***
Көчөт тиккен көлөкөлөйт.
***
Куубаш болоор шордууга туубас катын туш келет.
***
Куурайды бирден сындырган оңой, тобу менен сындырмак кыйын.
***
Кудай берейин десе эки кулагын тең кесип берет.
***
Кудай - бирөө, кезек – экөө.
***
Кудай деген кул өлбөйт.
***
Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот.
***
Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы.
***
Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт
***
Кудайдын көзү түшкөнгө пайгамбардын сөзү түшөт.
***
Кудайдын кулагы сүйүнсүн.
***
Кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток.
***
Кул кутурса өтүгү менен төргө өтөт.
***
Кулакка кирген сасык сөз жүрөккө барып бир тиет.
***
Кулда кулак жок.
***
Кулдай иштеп хандай жаша.
***
Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту.
***
Кумардын түбү – өкүнүч.
***
Кумурска да төөнүн өркөчүнө чыккысы келет.
***
Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзөбү.
***
Курал иштебейт, уста иштейт.
***
Кур аякка бата жүрбөйт.
***
Куру кайрат баш жарат, кур кыйкырык баш жарат.
***
Куру сөздөн май чыкпайт, курумшудан тон чыкпайт.
***
Куттуу үйдөн кур чыкпа.
***
Кутургандан кутулгандын өзү – акыл.
***
Куш жаңылса торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт.
***
Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот.
***
Куштун алганынан салганы кызык.
***
Кушу жоктун турумтайы - шумкар, аты жоктун жаман тайы – тулпар.
***
Күзгүгө үйүр боюн түзөйт, күмөн болгон оюн түзөйт.
***
Күзөттө көзүң илинсе, жоого өзүң илинесиң.
***
Күйөө карыса – жээн.
***
Күйөөң жаман болсо – кызыңдан көр, келиниң жаман болсо – уулуңдан көр.
***
Күлбө карыга, келет башыңа.
***
Күлгөндүн билгени бар.
***
Күлкү – ден соолуктун мүлкү.
***
Күлкүдөн да жаш чыгат.
***
Күлкүдөн күлкү, кайгыдан кайгы чыгат.
***
Күлүктү табына келтирген – саяпкер, кушту табына келтирген – мүнүшкөр.
***
Күлүк - күнүндө, тулпар - тушунда.
***
Күн тийип туруп жааган күндөн түңүл, күңгүрөнүп сүйлөгөн кишиден түңүл.
***
Күн тийген жердин күкүгү.
***
Күн караган – суукка тоңот, бай караган – ачтан өлөт.
***
Күн жаманга да, жакшыга да бирдей тиет.
***
Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт.
***
Күнүмдүк ишке кайгырба, түбөлүк ишке кайгыр.
***
Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет.
***
Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.
***
Күч атасын тааныбайт.
***
Күч бербеген тулпардан сүт берген уй жакшы.
***
Күч – бирдикте.
***
Күчтүү болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн, таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген.
***
Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
***
Кыз боозуп энесин коркутат.
***
Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат.
***
Кыз – конок.
***
Кыз сулуусу кыргызда.
***Кызганчаактын ашы ич оорутат.
***Кыздын кырк чачы улуу.
***Кыздын көзү кызылда.
***Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.
***Кызмат – колдун кири.
***Кызууну кымыз чыгарат.
***Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
***Кызылдын баары шайы эмес, сарынын баары май эмес.
***Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет.
***Кыйкыргандан коркпо, кылтыйгандан корк.
***Кыйналып табылган ырыскы баалуу.
***Кыйналыштын артында жеңилдиги болот.
***Кыйшык болсо да жол жакшы, долу болсо да кыз жакшы.
***Кылгылыкты кылып куюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
***Кылыч бирди, тил миңди жыгат.
***Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.
***Кылычтуу коркокту союлдуу баатыр жеңет.
***Кылычынан кан тамганды тилинен бал тамган жеңиптир.
***Кымбат сөз кыска айтылат.
***Кыңыр иш кырк жылда билинет.
***
Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат.
***Кырсык – каш-кабактын ортосунда.
***
Кырсык кырсыкты ээрчите жүрөт.
***Кырчаңгыга кырчаңгы үйүр.
***Кысаз кыяматка кетпейт.
***Кыска жип байлоого жетпейт, малы жок жайлоого көчпөйт.
***Кысыр уй мөөрөк болот.
***Кыш азыгын жайда камда.
***Кыялаган кыр ашат.
***Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт.
***Кыянаттык кылсаң, кумурска да чагат.
"Мага" дегенди эрин эптүү айтат.
***Май жок, ун болсо казан сурап келип куймак куюп берет элем.
***Май кармаган бармагын жалайт.
***Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.
***Макал сөз – тилдин байлыгы.
***Макал ыр эмес, жаттап алгыдай, керегинде өзү келет күтүп тургандай.
***Макалдуу сөз бузулбайт.
***Мактанчаактын арканы чирик.
***Максат менен соккон жүрөк бакыт менен өмүр сүрөт.
***Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө кандайт.
***Мал семирсе өлүмгө, жан семирсе өмүргө.
***Мал – тапкандыкы, жер - чапкандыкы.
***Мал үйүрчүл, адам уюмчул.
***Мал ээсин тартпаса арам өлөт.
***Малды бага билбеген таба да албайт.
***Малды баккан билет, отунду жаккан билет.
***Малды курутпайын десең пул кыл, эгинди чиритпейин десең ун кыл.
***Малды чаппа, кишини какпа.
***Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар.
***Малың барда баары дос, малың жокто кайда дос.
***Малың жакшы болгончо, базарың жакшы болсун.
***Манастан Чубак кем бекен.
***Март жарымын берет, коркок баарын берет.
***Марттын бергенин көрүп сараңдын ичи күйүптүр.
***Мастан жинди качып кутулуптур.
***Масты түртпө, өзү эле жыгылат.
***Мастыктын түбү мазак, мазактын түбү азап.
***Меймандын кетишин сураба, келишин сура.
***Меймандын өзүн бакпай, атын бак.
***Мекениңдин кадыры башка жакта билинет.
***Менин колума да карга чычаар.
***Мергендин ажалы зоодон, баатырдын ажалы жоодон.
***Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте.
***Минип жүргөн атын издептир.
***Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет.
***Миң досуң аз, бир душманың көп.
***Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок.
***Миң кайгы бир карыздан куткарбайт.
***Миң калп бир чынга татыбайт.
***Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр.
***Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил.
***Миң койду бир серке баштайт.
***Миң күнү кыйналсаң, бир күнү унутарсың.
***Миң уккандан бир көргөн артык.
***Миң чеченди бир тантык жеңиптир.
***Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.
***Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.
***Молдо көп болсо кой арам өлөт.
***Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба.
***Мөмөсү жок дарактан жапайы өскөн тал жакшы.
***Мурун болбосо эки көз бири-бирине өч болмок.
***Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт.
***Мууздап бергенди жиреш оңой.
***Мүйүзгө чапсаң туяк зыркырайт.
***Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылыптыр.
***Мылжыңды эзме жеңиптир.
***Мылтыгыңдын күмүшүн айтпа, тийишин айт.
***Мылтыктан коркпой, ушактан корк.
***Мышык майга жетпей сасык дептир.
***Мышык жок болсо чычканга той.
***Мышыкка – оюн, чычканга – өлүм.
***Мээнет болбой, дөөлөт болбойт.
***Мээнет жерде калбайт, мээнетсиз рахат албайт.
***Мээнет кетпейт бечелден, сөз кутулбайт чеченден.
***Мээнет шашып келип, шашпай кетет; дөөлөт шашпай келип шашып кетет.
***Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.
***Мээримдүүлүк жүрөктөн, мээримсиздик билектен.
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
***Нандан улук тамак жок.
***Нан болсо ыр да болот.
***Нысапсызга кашык салсаң беш ууртайт.
Оо дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн тозогу артык.
***Обозгер жакшы – хан жакшы, катын жакшы – эр жакшы.
***Обу жоктун отуна жылынба.
***Ой жеткен менен кол жетпейт.
***Ой октон ылдам.
***Ойдун чалы сөздөн таяк таянат.
***Ойлобой – баштаба, баштасаң – таштаба.
***Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат.
***Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.
***Ойчул ойлонгуча тобокелчил тоону ашыптыр.
***Ок жарасынан сөз жарасы кыйын.
***Окуган - жарык, окубаган - чарык.
***Окуй берсең – көзүңдү ачат, отура берсең – жалкоолук басат.
***Отурган кыз ордун табат.
***Он эки пайгамбардан бир Кудай улуу.
***Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас.
***Оңсоң да өзүңдөн, тоңсоң да өзүңдөн.
***Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн.
***Ооз – сөздүн ээси.
***Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет.
***Оозуна келгенин оттогон укпаган сөздү угат.
***Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат.
***Оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн.
***Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк.
***Оору кадырын соо билбейт.
***Оору кай жерде болсо жаның ошол жерде.
***Оорубуган өлүмдөн коркпойт.
***Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт.
***Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт.
***Ор казган өзү орго түшөт.
***Ордон чыккан тоого да чыга алат.
***Орун таппаган орунсуз калат.
***Оройдун он досу да болбойт.
***Орундуу сүйлөгөндүн ооматы кетпейт.
***Ормон опуза.
***Оро албаган орок тандайт.
***Осмо кетер каш калар, суулар кетер таш калар.
***От чаласынан сөз чаласы жаман.
***От – жаккандыкы, тон – кийгендики.
***От койсоң – күйөсүң, ор казсаң – түшөсүң.
***От менен ойнобо.
***От өчөт, даңк өчпөйт.
***Отко жакын ыш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
***Оттон качсаң сууга кир.
***Отун албаганга от жактырба.
***Отун – олжо, суу – кордук.
***Отурганга олжо жок.
***Оюндан омуртка сынат.
***Оюндан от чыгат.
Өгөй эне - өөнчүл, жетим бала - кекчил.
***Өз абийирин сактабаган өзгө абийирин сактабайт.
***Өз башында төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы көөнү көрөт.
***Өз жакшылыгыңды доомат кылба, бирөөнүн жакшылыгын унутпа.
***Өз күчүңдүн өлчөөсүн өзүң билбей ким билет.
***Өз кадырын билбеген жат кадырын биле албайт.
***Өз кемчилигин сезбөө – наадандык.
***Өз өзгө, өзгө жатка тартат.
***Өз тууганын кордосо, душманына кор болот.
***Өз үйүм – өлөң төшөгүм.
***Өз элине батпаган душманына кор болот.
***Өз энең болбосо, өгөй энеге көн.
***Өзгө өздөй, жатка жаттай.
***Өзгөгө капкан салган өзү түшөт.
***Өзгөдөн тартып алган өзүнүкүнөн айрылат.
***Өзгөнү айтарда өзүңдү ойло.
***Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
***Өзөн жээги турганда өзгө жерге конбогун.
***Өзү билбеген, билгендин сөзүнө кирбеген – айбандык.
***Өзү билбегендин оозуна караба.
***Өзү боштун сөзү бош.
***Өзү жаш болсо да иши маш.
***Өзү кары, жүрөгү жаш.
***Өзү тойбостун көзү тойбойт.
***Өзү уялбаган бирөөнү уялтат.
***Өзүбек кетип өз калды.
***Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар.
***Өзүмөн алыс төркүнүмө көрүнсүн.
***Өзүмчүл киши өзгөгө жакпайт.
***Өзүн башкара билген башкаруучу – мыкты.
***Өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген.
***Өзүн сактай билген абийирин барктай билет.
***Өзүң сүйгөндү алба, өзүңдү сүйгөндү ал.
***Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
***Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат.
***Өкүрүктөн өлүк тирилбейт.
***Өлбөгөн жанга бир оокат.
***Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
***Өлгөндүн артынан өлмөк жок.
***Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба.
***Өлкөңдөн айрылгыча өмүрүңдөн айрыл.
***Өлөрүндө булбулдун да үнү өзгөрөт.
***Өлө албай жатып өлөң айтат.
***Өлө жалкоо болбосоң, өтө жарды болбоссуң.
***Өлө жегиче бөлө же.
***Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу.
***Өлөөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт, ыйлаар бала атасынын сакалына сөйкөнөт.
***Өлсөң дагы эстүүдөн өл.
***"Өлтүрөм" дегенден коркпо, "өлөм" дегенден корк.
***Өлүм адамды коркутат, үмүт адамды курчутат.
***Өлүм бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
***Өлүм жашка карабайт.
***Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
***Өлүмдөн башканын эртеси жакшы.
***Өлүүнү айтса тирүүнүн тынчы кетет.
***Өмүр карыса да, көңүл карыбайт.
***Өмүр оттой жанып, күл болуп бүтөт.
***Өмүр өлчөнбөйт да, суратпайт.
***Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
***Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
***Өнөр алды – кызыл тил.
***Өнөр – баккан булак, билим – күйгөн чырак.
***Өнөр – түгөнбөс азык, жоголбос байлык.
***Өнөрдү билүүгө да өнөр керек.
***Өнөрлүү - зор, өнөрсүз - кор.
***Өнөрү жок жигит – канаты жок куш.
***Өнөрүң болсо өргө чап.
***Өңдү көрсө жүз таят.
***Өңү сулуу – сулуу эмес, акылы улуу – сулуу.
***Өөн сөздү өзүңө да айтпа.
***Өрдөк берген каз алат.
***Өрдөк жокто чулдук бий.
***Өрт – тилсиз жоо.
***Өскөн жер – өз эне, өзгө жер – өгөй эне.
***Өсөөр малда өлүм жок.
***Өткөн ишке өкүнбө.
***Өткөн өмүр – аккан суу.
***Өткөн өмүр качкан куш, үндөсөң келбейт кайрылып.
***Өткөн өмүр – өчкөн от.
***Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.
***Өткүр тырмак каргада эмес, шумкарда.
***Өтүнгөнгө чиренген өзүнөн чоңго ийилет.
Пайгамбар баарына азыр.
***Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
***Пейли жакшы кем болбойт.
***Пулуң болсо кулуңмун.
Саап ичсең – миң күндүк, союп жесең – бир күндүк.
***Сабаасына жараша бишкеги, сакалына жараша искеги.
***Сабырдуу адам – жылдыздуу.
***Сабырдуулук – бакыттын ачкычы.
***Сабырсыздын иши тамырсыз.
***Сабырдын түбү – сары алтын.
***Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
***Сагынычтан саргаят.
***Сакадай бою сары алтын.
***Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
***Сакалдын көркү – чалда, сулуунун көркү – калда.
***Сакалы узун, акылы кыска.
***Сактасаң миң күндүк, сактабасаң бир күндүк.
***Сактансаң – сактаармын.
***Сактыкта кордук жок.
***Салаалап сыйпап сакалды, карылар айтат макалды.
***Санаа менен байыба, убайым менен карыба.
***Санаа тарткандын ичкени – ирим, жегени – желим.
***Санаасы жок сары сууга семирет.
***Санабай туруп түгөл дебе.
***Сараң байдын коногу болгуча, март кедейдин коногу болгон артык.
***Сараңдардын миңинен жалгыз да болсо март жакшы.
***Сараңдын жыйнаганын зордукчу чачат.
***Сараңдын казаны кайнабайт.
***Саргара жортсоң – кызара бөртөсүң.
***Сарт санаасы менен байыйт.
***Сарт үйүн көргөндө чабат.
***Сарыбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулубайдын кула байталы көрүнүптүр.
***Себепсиз күлгөн – тарбиясыздыктын белгиси.
***Себепсиз макал айтылбайт.
***Сен", "мен" деген сенек сөз, "сиз", "биз" деген сылык сөз.
***Сени күндүз мактаган түндө сөгөт.
***Септүү кыз болгуча эптүү кыз бол.
***Сиркеси суу көтөрбөйт.
***Согуштун көзү сокур.
***Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
***Сокур атка котур ат үйүр.
***Сокур намыс баш жарат.
***Сокур өлгүчө көзү ачыларынан үмүт кылат.
***Сокурдан күзөтчүң болсо элиңди жоого алдырат.
***Сокурдун тилегени – эки көз.
***Соодада достук жок.
***Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
***Соонуку – дилинде, мастыкы – тилинде.
***Соргоктун көөнү – казанда, сопунун көөнү – азанда.
***Союл кармаганга токмок көтөр.
***Союлду ура билбеген өзүнө тийгизет.
***Сөз өзөгү – макал.
***Сөз баштаган эл баштайт.
***Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
***Сөз билгич адамдын ар сөзүндө бир тузак.
***Сөз доодон да, жоодон да куткарат.
***Сөз – жип, кандай созсо кете берет.
***Сөз кадырын билбесең, өз кадырың билбейсиң.
***Сөз маанисин билбеген сөзгө калат.
***Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
***Сөзгө ишенбе, көзгө ишен.
***Сөзгө кыйын иште жок.
***Сөзгө – сараң, ойго – терең.
***Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик.
***Сөздү билген таап айтат, сөз билбеген каап айтат.
***Сөздү сөз жыгат.
***Сөздү убагында айтпаса сөз атасы өлөт.
***Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге куй.
***Сөздүн атасы – ыр, катасы – чыр.
***Сөздүн баркы - кыскалыгында.
***Сөзү аздын иши аз.
***Сөзү жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
***Сөзү кардай аппак, иши көөдөй кара.
***Сөзү экинин иши да чеки.
***Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
***Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
***Сөөктүн жаманы суу кечирет.
***Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың.
***Суктан сураба, сараңга бербе.
***Суктун көзү ач болот.
***Сулуу аялдын сузу жакшы.
***Сулуу болсо көрөргө жакшы, жакшы болсо жашарга жакшы.
***Сулуу - сулуу эмес, сүйгөн - сулуу.
***Сулуулуктан жылуулук.
***Сунган башты суурган кылыч кеспейт.
***Сурай-сурай Меккеге барат.
***Сураган жеңил, жооп бериш оор.
***Сураган уят эмес, уурдаган уят.
***Сурап бергиче уруп бер.
***Суу атасы – булак, сөз атасы – кулак.
***Суу – жашоонун булагы.
***Суу жээгинен кудук казбайт.
***Суу менен ойнобо – чөгөсүң, от менен ойнобо – күйөсүң.
***Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
***Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
***Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөн соң эмнемди берейин.
***Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
***Сууну көп кечсең – балчык, сөздү көп айтсаң – тантык.
***Суунуку - сууга.
***Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.
***Суусасаң суудан таттуу жок.
***Сүйбөгөн менен жашоо – өзүңдү өзүң кыйноо.
***Сүйбөгөнгө сүйкөнбө.
***Сүйгөнүңдүн кемчилиги болбойт.
***Сүйөрүң да – от, күйөрүң да – от.
***Сүйүү кары-жашты ылгабайт.
***Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
***Сүйүүнүн көзү сокур.
***Сүйүүсүз аял - карыз алган буюмдай.
***Сүйүнгөндөн маңдай жарылып, корккондон жүрөк айрылып кетпес.
***Сүйүшпөгөндүн оту күйүшпөйт.
***Сүт десең – уй бак, эт десең – кой бак.
***Сүткө түшкөн чычкандай.
***Сыйга берген сыналбайт.
***Сыйга – сый, сыр аякка – бал.
***Сыйлаганды билбеген сыйпалаган көр сокур.
***Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашууга өз жакшы.
***Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
***Сыпайы сырын жашырбайт.
***Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
***Сырты жалтырак, ичи калтырак.
***Сыртын көрүп ичинен түңүлбө.
***Сырын билбей дос болбо.
***Сырын билгиң келсе, сөзүн ук.
Таамай сөз таяктан катуу.
***Тааныбасты сыйлабас.
***Таба кылбай тобо кыл.
***Таз тарангыча той таркаптыр.
***Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү.
***Таздан тарак сурабайт.
***Тактыктан достук бузулбайт.
***Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
***Талап – табылбас канат.
***Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
***Тамакты таттуу кылган – туз, алысты жакын кылган – кыз.
***Тамашага - тамаша, каяшага – каяша.
***Тамашанын теңи чындык.
***Тамчы суудан тал көгөрөт.
***Тамырлуу да жыгылат, такалуу да тайгаланат.
***Тандаган тазга жолугат.
***Тапкан сүйүнөт, тааныган алат.
***Тар жерде табышкан кең жерде келишет.
***Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
***Тарткан – төө, чачкан – чычкан.
***Тарчылык болбой кеңчилик болбойт, кеңчилик болбой теңчилик болбойт.
***Тарыхка кириш кыйын, чыгыш оңой.
***Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
***Таттуу калптан ачуу чындык жакшы.
***Таш менен урганды аш менен ур.
***Таш түш, таалайыңан көр.
***Таш түшкөн жеринде оор.
***Таяк - тайга, тай - атка жеткизет.
***Таяк тапса төкөр сүйүнөт.
***Тегинен эмес, кебинен.
***Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
***Темирчи көмүрчүгө үйүр.
***Тең - теңи менен, тезек - кабы менен.
***Теңсинбегенге теңелбе.
***Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
***Темене берип төө алат.
***Темирди кызуусунда сок.
***Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер.
***Терс угулган сөздүн жообу да терс.
***Тизелеп жашаганча тик туруп өлгөн жакшы.
***Тил албаган жаманга акыл сөздөн муш жакшы.
***Тил кылычтан өткүр.
***Тил менен тикенди да аласың.
***Тил менен тирүү адамды өлтүрүүгө болот.
***Тилден бал да тамат, уу да тамат.
***Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
***Тилдин кулпусу – тиш.
***Тилемчинин куржуну толбойт, алынча берсең аз деп кордойт.
***Тили – бал, жүрөгү – муз.
***Тили жүгүрүк - кепке, буту жүгүрүк - ашка.
***Тилин тишине каткан жакшы адат.
***Тилиң тишиңе күбө.
***Тилиңе – тибиртке.
***Тирүүсүндө сыйлашпаган, өлгөндө ыйлашпайт.
***Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
***Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт.
***Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда.
***Тишиң ооруса жулуп тын, коңшуң жаманбы – көчүп тын.
***Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунасың.
***Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар, терс адатың коюп бар.
***Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
***Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир.
***Тоону, ташты суу бузар, адамзатты сөз бузар.
***Той – токчулуктун жышааны.
***Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат.
***Тойгон ит ээсин тааныбайт.
***Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
***Тойгондон кийин токтунун эти топурак татыйт.
***Тозгон казды топтошкон карга алат.
***Ток бала ач бала менен ойнобойт.
***Ток бала ач болом деп ойлобойт.
***Ток чычканга тоң май жакпайт.
***Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет.
***Токой – тоонун көркү, эр – элдин көркү.
***Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
***Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
***Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар.
***Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
***Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой суук.
***Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
***Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү – султан.
***Топтон озгон – чечен, көптөн озгон – көсөм.
***Төө көрдүңбү? – Жок, бээ көрдүңбү? – Жок.
***Төө кыядан өткөн соң "оо" дегениң курусун.
***Төө мингендин төбөсү бийик.
***Төө минип эчкиге жашынба.
***Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
***Төөсүнө жараша – кому, эшегине жараша – чому.
***Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
***Төгүн жерден өрт чыкпайт.
***Төрдө орун болсо улагага отурба.
***Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.
***Төшөктүн тардыгы – тардык, көңүлдүн тардыгы – кордук.
***Тууган издеп достон кетпе.
***Туулбаган өлбөйт.
***Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң билесиң.
***Туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк.
***Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн.
***Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
***Туура сөз кылычтан өткүр.
***Туура сөзгө жооп жок.
***Тулпар сөөгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт.
***Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
***Тулпардын үйүрү бир болсо да, оттоосу башка.
***Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
***Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип дөөлөт жолукса душманың келип дос болот.
***Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок.
***Түгөйсүз Сайкал, жүгөнсүз байтал.
***Түз кишиге жүз киши жакын.
***Түйшүгү болбой түшүмү болбойт.
***Түн болбой айдын баркы билинбейт.
***Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк.
***Түшүм алам десең түйшүктөн.
Убайым басса уйку жок.
***Угаары жоктун унчукпаганы эп.
***Угумдуу аңгеменин узагы жок.
***Узун күндө – иш көп, узун түндө – түш көп.
***Узунсуз кыска болбойт, үлгүсүз уста болбойт.
***Уй байларга жиби жок, үрүп чыгар ити жок.
***Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
***Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы.
***Уйду мүйүзүнөн, адамды сөзүнөн карма.
***Уйку орун тандабайт.
***Уккан кулакта жазык жок.
***Укканыңа ишенбе, көргөнүңө ишен.
***Укканың – ушак, көргөнүң – чын.
***Улам "кийин" дегендин үйүнө жалкоолук үйүр.
***Улук болсоң кичик бол.
***Улуу сөздө уят жок.
***Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат.
***Улуулукка жаш жеткирбейт, баш жеткирет.
***Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон.
***Уну бардын оту өчпөйт.
***Унчукпаган – улуу иш.
***Ургандан тап берген жаман.
***Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат.
***Уруш – ырысты качырар, ынтымак – ырысты чакырар.
***Урушпас уул, кейишпес келин болбос.
***Урушта туруш жок.
***Уруштун башы – "бок жебе".
***Урушчаактын муштуму кычышса, ушакчынын тили кычышат.
***Уста, устадан нуска.
***Устанын тогоосу жок.
***Устадан шакирт өтөт.
***Устара кырат, сөз кесет.
***Устасы – дудук, шакирти – дүлөй.
***Устукан мүлжүбөй этке тойбойт.
***Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.
***Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
***Уунун дагы дарылыгы бар.
***Уурунун көчүгү кууш.
***Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат.
***Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
***Ууру уурулугун койсо да, "ууру" аты калбайт.
***Ууруну актаганың – уурдоону жактаганың.
***Ууруну каракчы тоноптур.
***Уурунун катыны да уурдалып келген.
***Уурунун тапканы жукпайт.
***Учкан кушту кармоого болот, айткан сөздү кармоого болбойт.
***Ушак уудан жаман.
***Ушакчы – калпычы, калпычы – ушакчы.
***Ушакчы – ушакчы эмес, ушакты уккан ушакчы.
***Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.
***Уялбагандан өзүң уял.
***Уят – өлүмдөн катуу.
***Уят уяттуу үчүн.
Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган.
***Үйдү үй кылган да – аял, үйдү күл кылган да – аял.
***Үйдө баатыр, жоодо жок.
***Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
***Үйдө чечен – доого жок.
***Үйдө ыркы жоктун талаада сыйы жок.
***Үйдүн ысык-суугун кыш түшкөндө билесиң, кимдин алыс-жакынын иш түшкөндө билесиң.
***Үйрөнгөн жоо – атышарга жакшы.
***Үйлөнгөндүн көркү – ыр, өлгөндүн көркү – ый.
***Үйлөнөм десең бойдокко кеңешпе.
***Үйрөнүү үчүн жаша, жашоо үчүн үйрөн.
***Үйү жакын иттин куйругу узун.
***Үйүндө кашык айраны жок, уулунун аты – Жууратбек.
***Үлп эткен учкундан үймөк күйөт.
***Үмүт – узак, ажал – кыска.
***Үн жетпегенге сөз да өтпөйт.
***Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат.
***Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо эрим бар.
Чаап айтканча, таап айт.
***Чабалбаган чалгы тандайт.
***Чабал өрдөк мурда учат.
***Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
***Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот.
***Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
***Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат.
***Чакырылган жүз конок үчүн бар, чакырылбаган бир конок үчүн жок.
***Чала молдо дин бузат.
***Чала өлтүргөн жыландай.
***Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
***Чапанчанды чапсаң көйнөкчөнгө доо кетет.
***Чапкан сайын көз чыкпайт.
***Чапсаң - чарчаарсың, желсең – жетерсиң.
***Чарыкчанды жактырбасам, өтүкчөн мени карабайт.
***Чатактын чырын калыс чечет.
***Чегирткеден корккон эгин экпейт.
***Четте жүрсөң тарыгаарсың, өз элиңди сагынаарсың.
***Чечен алжыса атагын жейт.
***Чечендин сөзү – алтын, устанын колу – алтын.
***Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет.
***Чоочун жол – чытырман токой.
***Чобурдан оогонду тулпарга мингизбе.
***Чоң атаңдын кадырын чоңойгондо билесиң.
***Чоң баштын да маң башы бар.
***Чоң иш бүтүрөм десең, майдадан башта.
***Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят.
***Чоң чатактан кичинекей достук артык.
***Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө.
***Чөл жакалап конбой, көл жакалап кон.
***Чөлдүн кемеси – төө.
***Чөлдүн көркү – суу, көлдүн көркү – куу.
***Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан семиртет.
***Чөптөн жылан уу жасайт, аары бал жасайт.
***Чыбыгында ийилбеген таягында бүгүлбөс.
***Чыбык кармаганга ит өч, чындык айтканга акмак өч.
***Чыгаан чыкчу уул чыйрак ойлойт.
***Чыгаша кирбей киреше кирбейт.
***Чыгым - пайданын тууганы.
***Чыгымыңды кирешеден мурун эсепте.
***Чыйыр – жолго барат, жол – элге барат.
***Чыккан кыз – чийден тышкары.
***Чыккан – мээнет, кирген – дөөлөт.
***Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
***Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт.
***Чымындай чындык алптай калпты жеңет.
***Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
***Чын чычалайт, калп каткырат.
***Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп.
***Чындыгыңды жоготконуң – өмүрүңдү коротконуң.
***Чындык – ачуу, калп – таттуу.
***Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
***Чындыкка от үйлөгөндүн сакалы өрттөнөт.
***Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
***Чырайлуу көзүнөн эмес, сөзүнөн.
***Чычкан көчүгүн көрүп аксайт.
***Чычкандай жүз жыл жашагыча, жолборстой бир жыл жашаган артык.
Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт.
***Шак мөмөлөгөн сайын ийилет.
***Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.
***Шарыят – буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет.
***Шашкан коен аңга батпайт.
***Шашкан – шайтандын иши.
***Шашканга шайтан шерик.
***Шектүү шекинет.
***Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай.
***Шордууга бакыт алыс, кырсык жакын.
***Шыбыр – кеп болбойт, шыйрак - эт болбойт.
Ыйдын түбү – ый, сыйдын түбү – сый.
***Ыйлаганды сураба – өлгөнү бардыр, күлгөндү сураба – билгени бардыр.
***Ыйлап жүрүп арык чапкан, ырдап жүрүп суу сугарат.
***Ылдыйкы бутак – өйдөкү бутактын тиреги.
***Ынтымак бар жерде ырыс бар.
***Ырайына жараша ыйманы.
***Ырдаган ырым – бүтпөгөн чырым.
***Ыржың кызга тыржың күйөө жолугат.
***Ырынан чыры көп.
***Ырыс алды – ынтымак.
***Ырыскы – иште, иш – колдо.
***Ыштанын булгаган колун аябайт.
Эбепке себеп.
***Эбин тапкан эки жейт.
***Эжем эрге тийди, эскиси мага тийди.
***Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт.
***Эки доо бир келсе – амалыңдын кеткени, эки жоо бир келсе – ажалыңдын жеткени.
***Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт.
***Эки жакшы кошулса бирин-бири кыйышпайт, эки жаман кошулса кең дүйнөгө сыйышпайт.
***Эки жоо беттешсе коркогу мурда кол салат.
***Эки кайталанган сөздүн ээси табылбайт.
***Эки коенду кууган бирин да кармай албайт.
***Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт.
***Эки кузгун жөөлөшсө, бир каргага жем болот.
***Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат.
***Эки текем бир букача жок бекен.
***Эки тентек элге сыйбайт.
***Эки тизгин, бир чылбыр – эптүү киши колунда.
***Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшпөйт.
***Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ач калат.
***Эки туйгун качырса – каздын шору.
***Эки эргежээлге дүйнө тар.
***Эки уйлуунун үйү – айран.
***Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо.
***Эл байынан жер байы артык.
***Эл башы болгуча суу башы бол.
***Эл - башы менен, тоо – ташы менен, аяк – ашы менен.
***Эл башына түшкөн күн – эр башына түшкөн түн.
***Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт.
***Эл жасаса – жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам – белим ооруйт.
***Эл – жердин гүлү.
***Эл жоосуз болбойт, жер тоосуз болбойт.
***Эл ичи – өнөр кенчи.
***Эл көзү – сынчы.
***Эл көркү – мал, өзөн көркү – тал.
***Эл – мазар, элден безген азаар.
***Эл мактабаган кыз эрсиз калат.
***Эл оозунда элек жок.
***Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос.
***Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт.
***Эл үчүн жашагың келсе элден үйрөн.
***Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал.
***Эл – эне, жер – ата.
***Элге берген куруттан, мага бербей куруткан.
***Элге караганга эл да аркасын салбайт.
***Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
***Элге эл кошулган – дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет.
***Элдештирмек – элчиден, жоолаштырмак – жуучудан.
***Элди да үйрөт, элден да үйрөн.
***Элдин алтынын алба, алкышын ал.
***Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда.
***Элдин эки тиреги бар, биринчиси – акылман, экинчиси – баатыр.
***Элек сурап келем деп эрге тийип кетиптир.
***Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт.
***Элиң коргоп жоо сайган – баатыр атка конот.
***Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
***Элиң түлкү болсо – түлкү бол, бөрү болсо – бөрү бол.
***Элиңди жаман көрсөң, элиңе кантип батасың, жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың.
***Элчи менен ырчыга өлүм жок.
***Эмгегине карай өнмөгү.
***Эмгегиң шаңдуу болсо, жегениң майлуу болот.
***Эмгек кылбай эр оңбос, бириндеген эл болбос.
***Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.
***Эмгек – чыйралтат, өмүр – үйрөтөт.
***Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.
***Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
***Эмгектен арыктаган түшүмүнө семирет.
***Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
***Эмгектин түбү – ыракат.
***Эринчээкке бак конбойт.
***Эмгекчил таң атарын күтөт, жалкоо күн батарын күтөт.
***Эмчинин өз эми өзүнө түшпөйт.
***Эне адаты – кызга үлгү.
***Эне көөнү – бешикте, баланын көөнү – эшикте.
***Эне өлсө – төркүн жок, ата өлсө - тууган жок.
***Эне сабырында чек жок.
***Эне сыры - кызында, ата сыры - уулунда.
***Энеси жоктун - кызы баш, атасы жоктун - уулу баш.
***Энеси көрбөгөнүн кызы көрөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөр.
***Энеси тепкен кулундун эти оорубайт.
***Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.
***Энесин үч коргондон таанытам.
***Эң ачуу да – тил, эң таттуу да – тил.
***Эңкейгенге эңкейгин – башың жерге тийгенче, какайганга какайгын – төбөң көккө тийгенче.
***Эңсеген таппайт, издеген табат.
***Эп көргөндү эп көр, жек көргөндү жек көр.
***Эр ачтан өлбөй, ардан өлөт.
***Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз.
***Эр жаратсыз болбойт.
***Эр жигит менен бөрү азыгы жолдо.
***Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
***Эр жигиттин башына нелер келип-кетпейт.
***Эр жолдошу – тобокел.
***Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
***Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
***Эр күзгүсү – эмгеги.
***Эр намысы – эл намысы.
***Эр ортону – элүү.
***Эр ташыса – элине, суу ташыса – жээгине.**Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
***Эр чекишпей бекишпейт.***Эр эмгегин жер жебейт.**Эр энөө болот.***Эр эңсегенине жетет. Эрге жаккан аял, элге да жагат.
***Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
***Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат.
***Эрди жарыткан да – аял, арыткан да – аял.
***Эрди талап учурат, кушту канат учурат.
***Эрди эр кылган да – аял, жерди жер кылган да - аял.
***Эрдигиң бар, эсиң жок.
***Эрдик билекте эмес, жүрөктө.
***Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа.
***Эрдин малы – элдин малы.
***Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук.
***Эрдин сөзү эки эмес.
***Эрегиштен эр өлөт.
***Эринбесең эмгегиң өнөт.
***Эринчээк түшкө чейин уктайт, кечке чейин эстейт.
***Эринчээк этегине аарчыйт.
***Эринчээкке бүгүнкүдөн эртең оңой.
***Эрк күчтүү болсо, тоо талаага айланат.
***Эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол.
***Эркек болбосо үй жетимсирейт.
***Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
***Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
***Эркектин кой сойгону – аялдын сайма сайганы менен тең.
***Эрте жатып, кеч турган – эринчээктин белгиси.
***Эрте соода – соода, кечки соода – коога.
**Эртеңки тамактана турган идишиңди бүгүн жуу.
***Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
***Эсеп билбес – чот билбес, жыйганынан айрылат.
***Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы.
***Эсеп, эсеп билбеген эшек.
***Эсери болбой эл болбойт.
***Эси жок элчи эки элди бузат.
***Эсиң барда этегиңди жап.
***Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди.
***Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
***Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
***Эски – жаңыга аралжы, аз – көпкө аралжы.
***Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
***Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий.
***Эскиси жоктун жаңысы жок.
***Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
***Эстүүлүктүн белгиси – эпчилдик.
***Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы, кудагый.
***Эт – этке, сорпо – бетке.
***Эти тургай табагым жок.
***Эттен өткөн таяктан сөөктөн өткөн сөз жаман.
***Эчки тууй албай жатып койго арачы түшөт.
***Эчки өлөрүндө сүзөнөөк.
***Эшек айкырса булбул тынчып калыптыр.
***Эшек барга саналса да, малга саналбайт.
***Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт.
***Эшек семирсе ээсин тебет.
***Эшекке ээр жарашпайт.
***Эшектен жыгылганды элирген атка мингизбе.
***Эшекти отко айдасаң, бокко качат.
***Эшектен жыгылсаң туягын тосот, аттан жыгылсаң жалын тосот.
***Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.
***Эшектин күчү адал, сүтү арам.
***Эшке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайненем каапыр жемелейт.
***Эшиктен кирип төр меники дейт.
**Ээси келсе, бээсин бер.
***Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал.
Начало формы
Конец формы