Макал-лакаптар
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
Абийир тапса баласы атасына бак конот. Абийирдүү азап тартса, акмак кубанат. Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат. Абийирди жашыңан сакта. Абысының болсо, күнүм жок дебе. Ага-ининин кадырын жалалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң. Агасын агалай албаган душманын сагалайт.
Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатса жок.
Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот. Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
*Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
Адал эмгек - астыңа ат, үстүңө тон.
Адам – акылы менен адам.
Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Адам ашка тойсо да жашка тойбойт.
дам көркү - адеп.
Адам көркү – чүпүрөк, дарак көркү – жалбырак.
Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
Адам өлөт, атак өлбөйт.
Адам төрөлсө да, өлсө да - койдун шору.
Адам тилинен табат.
Адам – эли менен, каз-өрдөк – көлү менен.
Адамдан айла качып кутулбайт.
адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
Адамды бузган – байлык менен бийлик.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт. Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
Адамдын даңкын да, тарпын да чыгарган – тил.
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
Адамдын кыйноосу - санаа, өлүм, оору.
Адамдын мыктысы – жөнөкөйлүк.
Адашкандын айбы жок, айланып үйүрүн тапкан соң.
Адашкың келбесе – кара, жаңылгың келбесе – сура.
Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабанаак итке окшош.
Адеби жоктун уяты жок.
Адептүү киши азаптан алыс.
Адил адам абройлуу.
Ажаан аялың болгуча ажаан итиң болсун. Ажал айтып келбейт.
Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
Ажал жолу чилдин арышынан кыска.
Ажал келсе алтын тактан пайда жок.
Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу доңуз аңда оттойт.
Аз болсо да саз болсун.
Аз жамандык да көптүк кылат.
Аз көбөйөт, азган оңолот.
Аза – арыбайт, каада – карыбайт.
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт.
Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
Азап тартпай акыл кирбейт.
Азаптан коркпо, айыптан корк.
Азапты көрбөгөн бакыттын баркын билбейт.
Азаптын азабы – жумушу жоктук.
Азга каниет кылбаган көпкө ыраазы болбойт. Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
Азды аяган көптөн кур калат.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
Азоого тушоо, күлүккө чалма.
Ай менен Күн – асмандын көркү.
Ай түндө керек, акыл күндө керек.
йгыр көпсө – үйүрүн кажыйт, хан көпсө – элин кажыйт.
Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат.
Айды этек менен калкалай албайсың.
Айдын жанында булуттун баркы жок, байдын жанында жардынын баркы жок.
***Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
***Айдын жарымы жарык, жарымы караңгы.
***Айран сураган - аягын жашырбайт.
**Айран уютса ириткен, тери ийлесе чириткен.
***Айрылаар дос бербести сурайт.
***Айткан сөз – атылган ок.
***Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.
***Айтмайынча ким билет, ачмайынча ким көрөт.
Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
***Айтсам сенден өлөрмүн, айтпасам сындан өлөрмүн.
***Айтып кылган иштин айыбы жок.
***Айтышкан - доо, алышкан – жоо.
***Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.
***Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
***Ак ийилет, сынбайт.
***Ак ит, кара ит – баары бир ит.
***Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт.
***Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
***Аккан абышка да "апаке" дептир.
***Аккан арыктан суу агат.
***Аккан сууда арам жок.
*Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка айтса толбойт.
***Акмак акылдууну, мас соону сүйбөйт.
***Акмак өзүн эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
***Акмак баштан акылдуу ой чыкпайт.
***Акмак бергенин билип, алганын билбейт.
***Акмак достон акылдуу душман артык.
***Акмакка айткан кайран сөз.
***Акмактан акыл сураган сокурдан жол сураганга тете.
***Акмакты көрүп акылдуулукка үйрөн.
***Акмактык - айыкпас дарт.
***Акмактын өмүрү акылмандын бир күнүнө татыбайт.
***Акмактын айтканы келбей, таарынганы келет.
***Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт.
***Аксак да асманды тепкиси келет.
***Аксак иттен сокур ит соогат сураптыр.
***Акча сүйлөгөндө акыйкат унчукпай калыптыр.
***Акчасы болсо акмак да төрө.
***Акыйкат сөзгө арсыз жооп кайтарат.
***Акыйкаттын отун акмак өчүрө албайт.
***Акыл азбайт, билим тозбойт.
***Акыл азганда сөз качат.
***Акыл – ардак, байлык – бакыт.
***Акыл – баштан, асыл – жаштан.
***Акыл деген алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
***Акыл жетет, ал жетпейт.
***Акыл конбогон жигитке бакыт да конбойт.
***Акыл – тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
***Акылдан айрылам десең, арак ич.
***Акылдуу жаңылса өзүн жемелейт, акмак жаңылса жолдошун жемелейт.
***Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя.
Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
***Акылдуу ууру айылын тонобойт.
***Акылдуулардын кастыгы акмактардын достугунан артык.
***Акылдуунун алдына акмакты ээрчитип барба.
***Акылдуунун сөзү кыска, айта салса нуска.
***Акылдын душмандыгы жок.
***Кызганчаактын ашы ич оорутат.
***Кыздын кырк чачы улуу.
***Кыздын көзү кызылда.
***Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.
***Кызмат – колдун кири.
***Кызууну кымыз чыгарат.
***Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
***Кызылдын баары шайы эмес, сарынын баары май эмес.
***Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет.
***Кыйкыргандан коркпо, кылтыйгандан корк.
***Кыйналып табылган ырыскы баалуу.
***Кыйналыштын артында жеңилдиги болот.
***Кыйшык болсо да жол жакшы, долу болсо да кыз жакшы.
***Кылгылыкты кылып куюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
***Кылыч бирди, тил миңди жыгат.
***Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.
***Кылычтуу коркокту союлдуу баатыр жеңет.
***Кылычынан кан тамганды тилинен бал тамган жеңиптир.
***Кымбат сөз кыска айтылат.
***Кыңыр иш кырк жылда билинет.
***
Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат.
***Кырсык – каш-кабактын ортосунда.
***
Кырсык кырсыкты ээрчите жүрөт.
***Кырчаңгыга кырчаңгы үйүр.
***Кысаз кыяматка кетпейт.
***Кыска жип байлоого жетпейт, малы жок жайлоого көчпөйт.
***Кысыр уй мөөрөк болот.
***Кыш азыгын жайда камда.
***Кыялаган кыр ашат.
***Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт.
***Кыянаттык кылсаң, кумурска да чагат.
"Мага" дегенди эрин эптүү айтат.
***Май жок, ун болсо казан сурап келип куймак куюп берет элем.
***Май кармаган бармагын жалайт.
***Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.
***Макал сөз – тилдин байлыгы.
***Макал ыр эмес, жаттап алгыдай, керегинде өзү келет күтүп тургандай.
***Макалдуу сөз бузулбайт.
***Мактанчаактын арканы чирик.
***Максат менен соккон жүрөк бакыт менен өмүр сүрөт.
***Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө кандайт.
***Мал семирсе өлүмгө, жан семирсе өмүргө.
***Мал – тапкандыкы, жер - чапкандыкы.
***Мал үйүрчүл, адам уюмчул.
***Мал ээсин тартпаса арам өлөт.
***Малды бага билбеген таба да албайт.
***Малды баккан билет, отунду жаккан билет.
***Малды курутпайын десең пул кыл, эгинди чиритпейин десең ун кыл.
***Малды чаппа, кишини какпа.
***Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар.
***Малың барда баары дос, малың жокто кайда дос.
***Малың жакшы болгончо, базарың жакшы болсун.
***Манастан Чубак кем бекен.
***Март жарымын берет, коркок баарын берет.
***Марттын бергенин көрүп сараңдын ичи күйүптүр.
***Мастан жинди качып кутулуптур.
***Масты түртпө, өзү эле жыгылат.
***Мастыктын түбү мазак, мазактын түбү азап.
***Меймандын кетишин сураба, келишин сура.
***Меймандын өзүн бакпай, атын бак.
***Мекениңдин кадыры башка жакта билинет.
***Менин колума да карга чычаар.
***Мергендин ажалы зоодон, баатырдын ажалы жоодон.
***Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте.
***Минип жүргөн атын издептир.
***Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет.
***Миң досуң аз, бир душманың көп.
***Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок.
***Миң кайгы бир карыздан куткарбайт.
***Миң калп бир чынга татыбайт.
***Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр.
***Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил.
***Миң койду бир серке баштайт.
***Миң күнү кыйналсаң, бир күнү унутарсың.
***Миң уккандан бир көргөн артык.
***Миң чеченди бир тантык жеңиптир.
***Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.
***Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет.
***Молдо көп болсо кой арам өлөт.
***Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба.
***Мөмөсү жок дарактан жапайы өскөн тал жакшы.
***Мурун болбосо эки көз бири-бирине өч болмок.
***Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт.
***Мууздап бергенди жиреш оңой.
***Мүйүзгө чапсаң туяк зыркырайт.
***Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылыптыр.
***Мылжыңды эзме жеңиптир.
***Мылтыгыңдын күмүшүн айтпа, тийишин айт.
***Мылтыктан коркпой, ушактан корк.
***Мышык майга жетпей сасык дептир.
***Мышык жок болсо чычканга той.
***Мышыкка – оюн, чычканга – өлүм.
***Мээнет болбой, дөөлөт болбойт.
***Мээнет жерде калбайт, мээнетсиз рахат албайт.
***Мээнет кетпейт бечелден, сөз кутулбайт чеченден.
***Мээнет шашып келип, шашпай кетет; дөөлөт шашпай келип шашып кетет.
***Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.
***Мээримдүүлүк жүрөктөн, мээримсиздик билектен.
Нааданга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
***Нандан улук тамак жок.
***Нан болсо ыр да болот.
***Нысапсызга кашык салсаң беш ууртайт.
Оо дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн тозогу артык.
***Обозгер жакшы – хан жакшы, катын жакшы – эр жакшы.
***Обу жоктун отуна жылынба.
***Ой жеткен менен кол жетпейт.
***Ой октон ылдам.
***Ойдун чалы сөздөн таяк таянат.
***Ойлобой – баштаба, баштасаң – таштаба.
***Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат.
***Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет.
***Ойчул ойлонгуча тобокелчил тоону ашыптыр.
***Ок жарасынан сөз жарасы кыйын.
***Окуган - жарык, окубаган - чарык.
***Окуй берсең – көзүңдү ачат, отура берсең – жалкоолук басат.
***Отурган кыз ордун табат.
***Он эки пайгамбардан бир Кудай улуу.
***Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас.
***Оңсоң да өзүңдөн, тоңсоң да өзүңдөн.
***Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн.
***Ооз – сөздүн ээси.
***Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет.
***Оозуна келгенин оттогон укпаган сөздү угат.
***Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат.
***Оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн.
***Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк.
***Оору кадырын соо билбейт.
***Оору кай жерде болсо жаның ошол жерде.
***Оорубуган өлүмдөн коркпойт.
***Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт.
***Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт.
***Ор казган өзү орго түшөт.
***Ордон чыккан тоого да чыга алат.
***Орун таппаган орунсуз калат.
***Оройдун он досу да болбойт.
***Орундуу сүйлөгөндүн ооматы кетпейт.
***Ормон опуза.
***Оро албаган орок тандайт.
***Осмо кетер каш калар, суулар кетер таш калар.
***От чаласынан сөз чаласы жаман.
***От – жаккандыкы, тон – кийгендики.
***От койсоң – күйөсүң, ор казсаң – түшөсүң.
***От менен ойнобо.
***От өчөт, даңк өчпөйт.
***Отко жакын ыш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
***Оттон качсаң сууга кир.
***Отун албаганга от жактырба.
***Отун – олжо, суу – кордук.
***Отурганга олжо жок.
***Оюндан омуртка сынат.
***Оюндан от чыгат.
Өгөй эне - өөнчүл, жетим бала - кекчил.
***Өз абийирин сактабаган өзгө абийирин сактабайт.
***Өз башында төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы көөнү көрөт.
***Өз жакшылыгыңды доомат кылба, бирөөнүн жакшылыгын унутпа.
***Өз күчүңдүн өлчөөсүн өзүң билбей ким билет.
***Өз кадырын билбеген жат кадырын биле албайт.
***Өз кемчилигин сезбөө – наадандык.
***Өз өзгө, өзгө жатка тартат.
***Өз тууганын кордосо, душманына кор болот.
***Өз үйүм – өлөң төшөгүм.
***Өз элине батпаган душманына кор болот.
***Өз энең болбосо, өгөй энеге көн.
***Өзгө өздөй, жатка жаттай.
***Өзгөгө капкан салган өзү түшөт.
***Өзгөдөн тартып алган өзүнүкүнөн айрылат.
***Өзгөнү айтарда өзүңдү ойло.
***Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
***Өзөн жээги турганда өзгө жерге конбогун.
***Өзү билбеген, билгендин сөзүнө кирбеген – айбандык.
***Өзү билбегендин оозуна караба.
***Өзү боштун сөзү бош.
***Өзү жаш болсо да иши маш.
***Өзү кары, жүрөгү жаш.
***Өзү тойбостун көзү тойбойт.
***Өзү уялбаган бирөөнү уялтат.
***Өзүбек кетип өз калды.
***Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар.
***Өзүмөн алыс төркүнүмө көрүнсүн.
***Өзүмчүл киши өзгөгө жакпайт.
***Өзүн башкара билген башкаруучу – мыкты.
***Өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген.
***Өзүн сактай билген абийирин барктай билет.
***Өзүң сүйгөндү алба, өзүңдү сүйгөндү ал.
***Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло.
***Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат.
***Өкүрүктөн өлүк тирилбейт.
***Өлбөгөн жанга бир оокат.
***Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
***Өлгөндүн артынан өлмөк жок.
***Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылба.
***Өлкөңдөн айрылгыча өмүрүңдөн айрыл.
***Өлөрүндө булбулдун да үнү өзгөрөт.
***Өлө албай жатып өлөң айтат.
***Өлө жалкоо болбосоң, өтө жарды болбоссуң.
***Өлө жегиче бөлө же.
***Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу.
***Өлөөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт, ыйлаар бала атасынын сакалына сөйкөнөт.
***Өлсөң дагы эстүүдөн өл.
***"Өлтүрөм" дегенден коркпо, "өлөм" дегенден корк.
***Өлүм адамды коркутат, үмүт адамды курчутат.
***Өлүм бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
***Өлүм жашка карабайт.
***Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
***Өлүмдөн башканын эртеси жакшы.
***Өлүүнү айтса тирүүнүн тынчы кетет.
***Өмүр карыса да, көңүл карыбайт.
***Өмүр оттой жанып, күл болуп бүтөт.
***Өмүр өлчөнбөйт да, суратпайт.
***Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
***Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
***Өнөр алды – кызыл тил.
***Өнөр – баккан булак, билим – күйгөн чырак.
***Өнөр – түгөнбөс азык, жоголбос байлык.
***Өнөрдү билүүгө да өнөр керек.
***Өнөрлүү - зор, өнөрсүз - кор.
***Өнөрү жок жигит – канаты жок куш.
***Өнөрүң болсо өргө чап.
***Өңдү көрсө жүз таят.
***Өңү сулуу – сулуу эмес, акылы улуу – сулуу.
***Өөн сөздү өзүңө да айтпа.
***Өрдөк берген каз алат.
***Өрдөк жокто чулдук бий.
***Өрт – тилсиз жоо.
***Өскөн жер – өз эне, өзгө жер – өгөй эне.
***Өсөөр малда өлүм жок.
***Өткөн ишке өкүнбө.
***Өткөн өмүр – аккан суу.
***Өткөн өмүр качкан куш, үндөсөң келбейт кайрылып.
***Өткөн өмүр – өчкөн от.
***Өткөн ишке айла жок, өкүнгөн менен пайда жок.
***Өткүр тырмак каргада эмес, шумкарда.
***Өтүнгөнгө чиренген өзүнөн чоңго ийилет.
Пайгамбар баарына азыр.
***Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
***Пейли жакшы кем болбойт.
***Пулуң болсо кулуңмун.
Саап ичсең – миң күндүк, союп жесең – бир күндүк.
***Сабаасына жараша бишкеги, сакалына жараша искеги.
***Сабырдуу адам – жылдыздуу.
***Сабырдуулук – бакыттын ачкычы.
***Сабырсыздын иши тамырсыз.
***Сабырдын түбү – сары алтын.
***Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
***Сагынычтан саргаят.
***Сакадай бою сары алтын.
***Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
***Сакалдын көркү – чалда, сулуунун көркү – калда.
***Сакалы узун, акылы кыска.
***Сактасаң миң күндүк, сактабасаң бир күндүк.
***Сактансаң – сактаармын.
***Сактыкта кордук жок.
***Салаалап сыйпап сакалды, карылар айтат макалды.
***Санаа менен байыба, убайым менен карыба.
***Санаа тарткандын ичкени – ирим, жегени – желим.
***Санаасы жок сары сууга семирет.
***Санабай туруп түгөл дебе.
***Сараң байдын коногу болгуча, март кедейдин коногу болгон артык.
***Сараңдардын миңинен жалгыз да болсо март жакшы.
***Сараңдын жыйнаганын зордукчу чачат.
***Сараңдын казаны кайнабайт.
***Саргара жортсоң – кызара бөртөсүң.
***Сарт санаасы менен байыйт.
***Сарт үйүн көргөндө чабат.
***Сарыбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулубайдын кула байталы көрүнүптүр.
***Себепсиз күлгөн – тарбиясыздыктын белгиси.
***Себепсиз макал айтылбайт.
***Сен", "мен" деген сенек сөз, "сиз", "биз" деген сылык сөз.
***Сени күндүз мактаган түндө сөгөт.
***Септүү кыз болгуча эптүү кыз бол.
***Сиркеси суу көтөрбөйт.
***Согуштун көзү сокур.
***Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
***Сокур атка котур ат үйүр.
***Сокур намыс баш жарат.
***Сокур өлгүчө көзү ачыларынан үмүт кылат.
***Сокурдан күзөтчүң болсо элиңди жоого алдырат.
***Сокурдун тилегени – эки көз.
***Соодада достук жок.
***Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
***Соонуку – дилинде, мастыкы – тилинде.
***Соргоктун көөнү – казанда, сопунун көөнү – азанда.
***Союл кармаганга токмок көтөр.
***Союлду ура билбеген өзүнө тийгизет.
***Сөз өзөгү – макал.
***Сөз баштаган эл баштайт.
***Сөз билбеген муштуму менен коркутат.
***Сөз билгич адамдын ар сөзүндө бир тузак.
***Сөз доодон да, жоодон да куткарат.
***Сөз – жип, кандай созсо кете берет.
***Сөз кадырын билбесең, өз кадырың билбейсиң.
***Сөз маанисин билбеген сөзгө калат.
***Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
***Сөзгө ишенбе, көзгө ишен.
***Сөзгө кыйын иште жок.
***Сөзгө – сараң, ойго – терең.
***Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик.
***Сөздү билген таап айтат, сөз билбеген каап айтат.
***Сөздү сөз жыгат.
***Сөздү убагында айтпаса сөз атасы өлөт.
***Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге куй.
***Сөздүн атасы – ыр, катасы – чыр.
***Сөздүн баркы - кыскалыгында.
***Сөзү аздын иши аз.
***Сөзү жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
***Сөзү кардай аппак, иши көөдөй кара.
***Сөзү экинин иши да чеки.
***Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
***Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
***Сөөктүн жаманы суу кечирет.
***Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың.
***Суктан сураба, сараңга бербе.
***Суктун көзү ач болот.
***Сулуу аялдын сузу жакшы.
***Сулуу болсо көрөргө жакшы, жакшы болсо жашарга жакшы.
***Сулуу - сулуу эмес, сүйгөн - сулуу.
***Сулуулуктан жылуулук.
***Сунган башты суурган кылыч кеспейт.
***Сурай-сурай Меккеге барат.
***Сураган жеңил, жооп бериш оор.
***Сураган уят эмес, уурдаган уят.
***Сурап бергиче уруп бер.
***Суу атасы – булак, сөз атасы – кулак.
***Суу – жашоонун булагы.
***Суу жээгинен кудук казбайт.
***Суу менен ойнобо – чөгөсүң, от менен ойнобо – күйөсүң.
***Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
***Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
***Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөн соң эмнемди берейин.
***Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
***Сууну көп кечсең – балчык, сөздү көп айтсаң – тантык.
***Суунуку - сууга.
***Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.
***Суусасаң суудан таттуу жок.
***Сүйбөгөн менен жашоо – өзүңдү өзүң кыйноо.
***Сүйбөгөнгө сүйкөнбө.
***Сүйгөнүңдүн кемчилиги болбойт.
***Сүйөрүң да – от, күйөрүң да – от.
***Сүйүү кары-жашты ылгабайт.
***Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
***Сүйүүнүн көзү сокур.
***Сүйүүсүз аял - карыз алган буюмдай.
***Сүйүнгөндөн маңдай жарылып, корккондон жүрөк айрылып кетпес.
***Сүйүшпөгөндүн оту күйүшпөйт.
***Сүт десең – уй бак, эт десең – кой бак.
***Сүткө түшкөн чычкандай.
***Сыйга берген сыналбайт.
***Сыйга – сый, сыр аякка – бал.
***Сыйлаганды билбеген сыйпалаган көр сокур.
***Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашууга өз жакшы.
***Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
***Сыпайы сырын жашырбайт.
***Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
***Сырты жалтырак, ичи калтырак.
***Сыртын көрүп ичинен түңүлбө.
***Сырын билбей дос болбо.
***Сырын билгиң келсе, сөзүн ук.
Таамай сөз таяктан катуу.
***Тааныбасты сыйлабас.
***Таба кылбай тобо кыл.
***Таз тарангыча той таркаптыр.
***Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү.
***Таздан тарак сурабайт.
***Тактыктан достук бузулбайт.
***Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
***Талап – табылбас канат.
***Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
***Тамакты таттуу кылган – туз, алысты жакын кылган – кыз.
***Тамашага - тамаша, каяшага – каяша.
***Тамашанын теңи чындык.
***Тамчы суудан тал көгөрөт.
***Тамырлуу да жыгылат, такалуу да тайгаланат.
***Тандаган тазга жолугат.
***Тапкан сүйүнөт, тааныган алат.
***Тар жерде табышкан кең жерде келишет.
***Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
***Тарткан – төө, чачкан – чычкан.
***Тарчылык болбой кеңчилик болбойт, кеңчилик болбой теңчилик болбойт.
***Тарыхка кириш кыйын, чыгыш оңой.
***Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
***Таттуу калптан ачуу чындык жакшы.
***Таш менен урганды аш менен ур.
***Таш түш, таалайыңан көр.
***Таш түшкөн жеринде оор.
***Таяк - тайга, тай - атка жеткизет.
***Таяк тапса төкөр сүйүнөт.
***Тегинен эмес, кебинен.
***Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
***Темирчи көмүрчүгө үйүр.
***Тең - теңи менен, тезек - кабы менен.
***Теңсинбегенге теңелбе.
***Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
***Темене берип төө алат.
***Темирди кызуусунда сок.
***Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер.
***Терс угулган сөздүн жообу да терс.
***Тизелеп жашаганча тик туруп өлгөн жакшы.
***Тил албаган жаманга акыл сөздөн муш жакшы.
***Тил кылычтан өткүр.
***Тил менен тикенди да аласың.
***Тил менен тирүү адамды өлтүрүүгө болот.
***Тилден бал да тамат, уу да тамат.
***Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
***Тилдин кулпусу – тиш.
***Тилемчинин куржуну толбойт, алынча берсең аз деп кордойт.
***Тили – бал, жүрөгү – муз.
***Тили жүгүрүк - кепке, буту жүгүрүк - ашка.
***Тилин тишине каткан жакшы адат.
***Тилиң тишиңе күбө.
***Тилиңе – тибиртке.
***Тирүүсүндө сыйлашпаган, өлгөндө ыйлашпайт.
***Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
***Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт.
***Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда.
***Тишиң ооруса жулуп тын, коңшуң жаманбы – көчүп тын.
***Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунасың.
***Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар, терс адатың коюп бар.
***Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
***Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир.
***Тоону, ташты суу бузар, адамзатты сөз бузар.
***Той – токчулуктун жышааны.
***Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат.
***Тойгон ит ээсин тааныбайт.
***Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
***Тойгондон кийин токтунун эти топурак татыйт.
***Тозгон казды топтошкон карга алат.
***Ток бала ач бала менен ойнобойт.
***Ток бала ач болом деп ойлобойт.
***Ток чычканга тоң май жакпайт.
***Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет.
***Токой – тоонун көркү, эр – элдин көркү.
***Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
***Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
***Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар.
***Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
***Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой суук.
***Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
***Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү – султан.
***Топтон озгон – чечен, көптөн озгон – көсөм.
***Төө көрдүңбү? – Жок, бээ көрдүңбү? – Жок.
***Төө кыядан өткөн соң "оо" дегениң курусун.
***Төө мингендин төбөсү бийик.
***Төө минип эчкиге жашынба.
***Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
***Төөсүнө жараша – кому, эшегине жараша – чому.
***Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
***Төгүн жерден өрт чыкпайт.
***Төрдө орун болсо улагага отурба.
***Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.
***Төшөктүн тардыгы – тардык, көңүлдүн тардыгы – кордук.
***Тууган издеп достон кетпе.
***Туулбаган өлбөйт.
***Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң билесиң.
***Туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк.
***Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн.
***Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
***Туура сөз кылычтан өткүр.
***Туура сөзгө жооп жок.
***Тулпар сөөгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт.
***Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
***Тулпардын үйүрү бир болсо да, оттоосу башка.
***Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
***Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип дөөлөт жолукса душманың келип дос болот.
***Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок.
***Түгөйсүз Сайкал, жүгөнсүз байтал.
***Түз кишиге жүз киши жакын.
***Түйшүгү болбой түшүмү болбойт.
***Түн болбой айдын баркы билинбейт.
***Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк.
***Түшүм алам десең түйшүктөн.
Убайым басса уйку жок.
***Угаары жоктун унчукпаганы эп.
***Угумдуу аңгеменин узагы жок.
***Узун күндө – иш көп, узун түндө – түш көп.
***Узунсуз кыска болбойт, үлгүсүз уста болбойт.
***Уй байларга жиби жок, үрүп чыгар ити жок.
***Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
***Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы.
***Уйду мүйүзүнөн, адамды сөзүнөн карма.
***Уйку орун тандабайт.
***Уккан кулакта жазык жок.
***Укканыңа ишенбе, көргөнүңө ишен.
***Укканың – ушак, көргөнүң – чын.
***Улам "кийин" дегендин үйүнө жалкоолук үйүр.
***Улук болсоң кичик бол.
***Улуу сөздө уят жок.
***Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат.
***Улуулукка жаш жеткирбейт, баш жеткирет.
***Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон.
***Уну бардын оту өчпөйт.
***Унчукпаган – улуу иш.
***Ургандан тап берген жаман.
***Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат.
***Уруш – ырысты качырар, ынтымак – ырысты чакырар.
***Урушпас уул, кейишпес келин болбос.
***Урушта туруш жок.
***Уруштун башы – "бок жебе".
***Урушчаактын муштуму кычышса, ушакчынын тили кычышат.
***Уста, устадан нуска.
***Устанын тогоосу жок.
***Устадан шакирт өтөт.
***Устара кырат, сөз кесет.
***Устасы – дудук, шакирти – дүлөй.
***Устукан мүлжүбөй этке тойбойт.
***Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт.
***Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
***Уунун дагы дарылыгы бар.
***Уурунун көчүгү кууш.
***Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат.
***Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
***Ууру уурулугун койсо да, "ууру" аты калбайт.
***Ууруну актаганың – уурдоону жактаганың.
***Ууруну каракчы тоноптур.
***Уурунун катыны да уурдалып келген.
***Уурунун тапканы жукпайт.
***Учкан кушту кармоого болот, айткан сөздү кармоого болбойт.
***Ушак уудан жаман.
***Ушакчы – калпычы, калпычы – ушакчы.
***Ушакчы – ушакчы эмес, ушакты уккан ушакчы.
***Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.
***Уялбагандан өзүң уял.
***Уят – өлүмдөн катуу.
***Уят уяттуу үчүн.
Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган.
***Үйдү үй кылган да – аял, үйдү күл кылган да – аял.
***Үйдө баатыр, жоодо жок.
***Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
***Үйдө чечен – доого жок.
***Үйдө ыркы жоктун талаада сыйы жок.
***Үйдүн ысык-суугун кыш түшкөндө билесиң, кимдин алыс-жакынын иш түшкөндө билесиң.
***Үйрөнгөн жоо – атышарга жакшы.
***Үйлөнгөндүн көркү – ыр, өлгөндүн көркү – ый.
***Үйлөнөм десең бойдокко кеңешпе.
***Үйрөнүү үчүн жаша, жашоо үчүн үйрөн.
***Үйү жакын иттин куйругу узун.
***Үйүндө кашык айраны жок, уулунун аты – Жууратбек.
***Үлп эткен учкундан үймөк күйөт.
***Үмүт – узак, ажал – кыска.
***Үн жетпегенге сөз да өтпөйт.
***Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат.
***Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо эрим бар.
Чаап айтканча, таап айт.
***Чабалбаган чалгы тандайт.
***Чабал өрдөк мурда учат.
***Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
***Чакырганга келбеген ымдаганга зар болот.
***Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
***Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат.
***Чакырылган жүз конок үчүн бар, чакырылбаган бир конок үчүн жок.
***Чала молдо дин бузат.
***Чала өлтүргөн жыландай.
***Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
***Чапанчанды чапсаң көйнөкчөнгө доо кетет.
***Чапкан сайын көз чыкпайт.
***Чапсаң - чарчаарсың, желсең – жетерсиң.
***Чарыкчанды жактырбасам, өтүкчөн мени карабайт.
***Чатактын чырын калыс чечет.
***Чегирткеден корккон эгин экпейт.
***Четте жүрсөң тарыгаарсың, өз элиңди сагынаарсың.
***Чечен алжыса атагын жейт.
***Чечендин сөзү – алтын, устанын колу – алтын.
***Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет.
***Чоочун жол – чытырман токой.
***Чобурдан оогонду тулпарга мингизбе.
***Чоң атаңдын кадырын чоңойгондо билесиң.
***Чоң баштын да маң башы бар.
***Чоң иш бүтүрөм десең, майдадан башта.
***Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят.
***Чоң чатактан кичинекей достук артык.
***Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө.
***Чөл жакалап конбой, көл жакалап кон.
***Чөлдүн кемеси – төө.
***Чөлдүн көркү – суу, көлдүн көркү – куу.
***Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан семиртет.
***Чөптөн жылан уу жасайт, аары бал жасайт.
***Чыбыгында ийилбеген таягында бүгүлбөс.
***Чыбык кармаганга ит өч, чындык айтканга акмак өч.
***Чыгаан чыкчу уул чыйрак ойлойт.
***Чыгаша кирбей киреше кирбейт.
***Чыгым - пайданын тууганы.
***Чыгымыңды кирешеден мурун эсепте.
***Чыйыр – жолго барат, жол – элге барат.
***Чыккан кыз – чийден тышкары.
***Чыккан – мээнет, кирген – дөөлөт.
***Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
***Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт.
***Чымындай чындык алптай калпты жеңет.
***Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
***Чын чычалайт, калп каткырат.
***Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп.
***Чындыгыңды жоготконуң – өмүрүңдү коротконуң.
***Чындык – ачуу, калп – таттуу.
***Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
***Чындыкка от үйлөгөндүн сакалы өрттөнөт.
***Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
***Чырайлуу көзүнөн эмес, сөзүнөн.
***Чычкан көчүгүн көрүп аксайт.
***Чычкандай жүз жыл жашагыча, жолборстой бир жыл жашаган артык.
Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт.
***Шак мөмөлөгөн сайын ийилет.
***Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.
***Шарыят – буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет.
***Шашкан коен аңга батпайт.
***Шашкан – шайтандын иши.
***Шашканга шайтан шерик.
***Шектүү шекинет.
***Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай.
***Шордууга бакыт алыс, кырсык жакын.
***Шыбыр – кеп болбойт, шыйрак - эт болбойт.
Ыйдын түбү – ый, сыйдын түбү – сый.
***Ыйлаганды сураба – өлгөнү бардыр, күлгөндү сураба – билгени бардыр.
***Ыйлап жүрүп арык чапкан, ырдап жүрүп суу сугарат.
***Ылдыйкы бутак – өйдөкү бутактын тиреги.
***Ынтымак бар жерде ырыс бар.
***Ырайына жараша ыйманы.
***Ырдаган ырым – бүтпөгөн чырым.
***Ыржың кызга тыржың күйөө жолугат.
***Ырынан чыры көп.
***Ырыс алды – ынтымак.
***Ырыскы – иште, иш – колдо.
***Ыштанын булгаган колун аябайт.
Эбепке себеп.
***Эбин тапкан эки жейт.
***Эжем эрге тийди, эскиси мага тийди.
***Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт.
***Эки доо бир келсе – амалыңдын кеткени, эки жоо бир келсе – ажалыңдын жеткени.
***Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт.
***Эки жакшы кошулса бирин-бири кыйышпайт, эки жаман кошулса кең дүйнөгө сыйышпайт.
***Эки жоо беттешсе коркогу мурда кол салат.
***Эки кайталанган сөздүн ээси табылбайт.
***Эки коенду кууган бирин да кармай албайт.
***Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт.
***Эки кузгун жөөлөшсө, бир каргага жем болот.
***Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат.
***Эки текем бир букача жок бекен.
***Эки тентек элге сыйбайт.
***Эки тизгин, бир чылбыр – эптүү киши колунда.
***Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшпөйт.
***Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ач калат.
***Эки туйгун качырса – каздын шору.
***Эки эргежээлге дүйнө тар.
***Эки уйлуунун үйү – айран.
***Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо.
***Эл байынан жер байы артык.
***Эл башы болгуча суу башы бол.
***Эл - башы менен, тоо – ташы менен, аяк – ашы менен.
***Эл башына түшкөн күн – эр башына түшкөн түн.
***Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт.
***Эл жасаса – жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам – белим ооруйт.
***Эл – жердин гүлү.
***Эл жоосуз болбойт, жер тоосуз болбойт.
***Эл ичи – өнөр кенчи.
***Эл көзү – сынчы.
***Эл көркү – мал, өзөн көркү – тал.
***Эл – мазар, элден безген азаар.
***Эл мактабаган кыз эрсиз калат.
***Эл оозунда элек жок.
***Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос.
***Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт.
***Эл үчүн жашагың келсе элден үйрөн.
***Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал.
***Эл – эне, жер – ата.
***Элге берген куруттан, мага бербей куруткан.
***Элге караганга эл да аркасын салбайт.
***Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
***Элге эл кошулган – дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет.
***Элдештирмек – элчиден, жоолаштырмак – жуучудан.
***Элди да үйрөт, элден да үйрөн.
***Элдин алтынын алба, алкышын ал.
***Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда.
***Элдин эки тиреги бар, биринчиси – акылман, экинчиси – баатыр.
***Элек сурап келем деп эрге тийип кетиптир.
***Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт.
***Элиң коргоп жоо сайган – баатыр атка конот.
***Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
***Элиң түлкү болсо – түлкү бол, бөрү болсо – бөрү бол.
***Элиңди жаман көрсөң, элиңе кантип батасың, жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың.
***Элчи менен ырчыга өлүм жок.
***Эмгегине карай өнмөгү.
***Эмгегиң шаңдуу болсо, жегениң майлуу болот.
***Эмгек кылбай эр оңбос, бириндеген эл болбос.
***Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.
***Эмгек – чыйралтат, өмүр – үйрөтөт.
***Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.
***Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
***Эмгектен арыктаган түшүмүнө семирет.
***Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
***Эмгектин түбү – ыракат.
***Эринчээкке бак конбойт.
***Эмгекчил таң атарын күтөт, жалкоо күн батарын күтөт.
***Эмчинин өз эми өзүнө түшпөйт.
***Эне адаты – кызга үлгү.
***Эне көөнү – бешикте, баланын көөнү – эшикте.
***Эне өлсө – төркүн жок, ата өлсө - тууган жок.
***Эне сабырында чек жок.
***Эне сыры - кызында, ата сыры - уулунда.
***Энеси жоктун - кызы баш, атасы жоктун - уулу баш.
***Энеси көрбөгөнүн кызы көрөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөр.
***Энеси тепкен кулундун эти оорубайт.
***Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт.
***Энесин үч коргондон таанытам.
***Эң ачуу да – тил, эң таттуу да – тил.
***Эңкейгенге эңкейгин – башың жерге тийгенче, какайганга какайгын – төбөң көккө тийгенче.
***Эңсеген таппайт, издеген табат.
***Эп көргөндү эп көр, жек көргөндү жек көр.
***Эр ачтан өлбөй, ардан өлөт.
***Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз.
***Эр жаратсыз болбойт.
***Эр жигит менен бөрү азыгы жолдо.
***Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
***Эр жигиттин башына нелер келип-кетпейт.
***Эр жолдошу – тобокел.
***Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
***Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
***Эр күзгүсү – эмгеги.
***Эр намысы – эл намысы.
***Эр ортону – элүү.
***Эр ташыса – элине, суу ташыса – жээгине.**Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
***Эр чекишпей бекишпейт.***Эр эмгегин жер жебейт.**Эр энөө болот.***Эр эңсегенине жетет. Эрге жаккан аял, элге да жагат.
***Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
***Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат.
***Эрди жарыткан да – аял, арыткан да – аял.
***Эрди талап учурат, кушту канат учурат.
***Эрди эр кылган да – аял, жерди жер кылган да - аял.
***Эрдигиң бар, эсиң жок.
***Эрдик билекте эмес, жүрөктө.
***Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа.
***Эрдин малы – элдин малы.
***Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук.
***Эрдин сөзү эки эмес.
***Эрегиштен эр өлөт.
***Эринбесең эмгегиң өнөт.
***Эринчээк түшкө чейин уктайт, кечке чейин эстейт.
***Эринчээк этегине аарчыйт.
***Эринчээкке бүгүнкүдөн эртең оңой.
***Эрк күчтүү болсо, тоо талаага айланат.
***Эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол.
***Эркек болбосо үй жетимсирейт.
***Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
***Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
***Эркектин кой сойгону – аялдын сайма сайганы менен тең.
***Эрте жатып, кеч турган – эринчээктин белгиси.
***Эрте соода – соода, кечки соода – коога.
**Эртеңки тамактана турган идишиңди бүгүн жуу.
***Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
***Эсеп билбес – чот билбес, жыйганынан айрылат.
***Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы.
***Эсеп, эсеп билбеген эшек.
***Эсери болбой эл болбойт.
***Эси жок элчи эки элди бузат.
***Эсиң барда этегиңди жап.
***Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди.
***Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
***Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
***Эски – жаңыга аралжы, аз – көпкө аралжы.
***Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
***Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий.
***Эскиси жоктун жаңысы жок.
***Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
***Эстүүлүктүн белгиси – эпчилдик.
***Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы, кудагый.
***Эт – этке, сорпо – бетке.
***Эти тургай табагым жок.
***Эттен өткөн таяктан сөөктөн өткөн сөз жаман.
***Эчки тууй албай жатып койго арачы түшөт.
***Эчки өлөрүндө сүзөнөөк.
***Эшек айкырса булбул тынчып калыптыр.
***Эшек барга саналса да, малга саналбайт.
***Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт.
***Эшек семирсе ээсин тебет.
***Эшекке ээр жарашпайт.
***Эшектен жыгылганды элирген атка мингизбе.
***Эшекти отко айдасаң, бокко качат.
***Эшектен жыгылсаң туягын тосот, аттан жыгылсаң жалын тосот.
***Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.
***Эшектин күчү адал, сүтү арам.
***Эшке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайненем каапыр жемелейт.
***Эшиктен кирип төр меники дейт.
**Ээси келсе, бээсин бер.
***Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал.