СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас эпосу боюнча тест

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манас эпосу боюнча тест»

1. ―Манас‖ эпосунун жанрдык белгиси кайсы?

а) оозекилиги б) тарыхыйлуулугу

в) синкреттүүлүгү г) түбөлүктүүлүгү

2. Республикада Манаска байланыштуу мамлекеттик кандай сыйлык белгиленген?

а) 1-даражадагы “Манас” медалы б) “Манас ата” сыйлыгы

в) 1–2-даражадагы “Манас” ордени г) 1, 2, 3-даражадагы “Манас” ордени

3. ‖Манас ата‖ сыйлыгы качан негизделген, ал сыйлыкка татыктуу болгон биринчи инсан

а) 1990-жылы, А. Токомбаев б) 1991-жылы, Т. Сыдыкбеков

в) 1992-жылы, Ч. Айтматов г) 1994-жылы, К. Баялинов

4. ‖Манас‖ эпосу боюнча бүткүл союздук илимий конференция өткөн жыл

а) 1935-жылы б) 1952 -жылы

в) 1987 -жылы г) 1991-жылы

5. Төмөнкүлөрдөн элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүсү кайсынысы?

а) “Теңири Манас”, А. Жакыпбековдуку б) “Эр Семетей баяны”, Б. Максүтов

в) “Айкөл Манас”, Ж. Садыков г) “Манас”, С. Каралаев

6. ―Манас жарым аралы‖ –топоним, жер шарынын кайсы өлкөсүндө жайгашкан?

а) Латын Америкада б) Венгрияда

в) Крымда г) Кытайда

7. ―Манас‖ эпосунун 1000 жылдыгы качан болгон?

а) 1995 -жылы б) 1996-жылы

в) 1997 -жылы г) 1998-жылы

8. ―Манас‖ эпосунун аналогу кайсы элде бар?

а) казактарда б) алтайлыктарда

в) өзбектерде г) кара калпактарда

9. ―Манас‖ үчилтиги кайсы ыкмада түзүлгөн чыгарма?

а) генеологиялык циклдешүү б) реалисттик циклдешүү

в) классикалык циклдешүү г) фантастикалык циклдешүү

10. Таластагы Манаска арналган этнографиялык музей комплекси эмне деп аталат?

а) “Манас айылы” б) “Манас шаары”

в) ”Манас ордосу” г) “Манас комплекси”

11. ―Сейтек‖ эпосунун канча варианты бар?

а) 12 б) 15

в) 17 г) 19

12. Учурда жыл сайын теле-радиодо Манаска байланыштырылып өткөрүлүүчү иш чара

а) манасчылардын курултайы б) манасчылардын кароо конкурсу

в) манасчылардын айтышы г) Манаска арналган конференция

13. ―Эр Семетей баяны‖ аттуу китептин автору ким, качан жарык көргөн?

а) Б. Максүтов, 2000-жылы б) А. Жакыпбеков, 2004-жылы

в) С. Байгазиев, 2001-жылы г) К. Жусупов, 2004-жылы

14. ―Манас‖ эпосунун жаралуу доору боюнча канча түрдүү көз караш бар?

а) 6 б) 4

в) 8 г) 9

15. Солярдык миф кандай миф?

а) күнгө байланыштуу б) айга байланыштуу

в) планеталар жөнүндө г) жан-жаныбарларга байланыштуу

16. ―Манастын‖ генезисине байланышкан маселелерди изилдөөдө ―Тарыхтардын жыйнагы‖ табылгыс мүлк болуп саналат‖, -деп ким айткан?

а) Б. Исаков б) И. Бекбоев

в) С. Байгазиев г) А. Муратов

17. Манас 13 жеринен жаракат алганы кайсы вариантта айтылат?

а) Бекмураттын б) Жакшылыктын

в) Молдобасандын г) “Тарыхтар жыйнагында”

18. ―Семетей шаары‖-топоним, жер шарынын каеринде жайгашкан?

а) Кыргызстанда б) Америкада

в) Японияда г) Индияда

19. ―Манас‖ эпосунда өтө кеңири сүрөттөлгөн географиялык мейкиндик

а) Талас, Ысык-Көл б) Алай, Тибет

в) Орол, Эдил г) Алтай, Гималай

20. ―Тал чоку‖- топоним, географиялык реалияда кайcы жерде жайгашкан?

а) Алтайда б) Кытайда

в) Казакстанда г) Кыргызстанда

21. ―Манас‖ эпосунун эки катмары кайсы?

а) энциклопедиялык, варианттуулук б) мифологиялык, реалдык

в) оозекилик, традициялуулук г) айтуучулук, манасчылык

22. Алдын-ала жакшылык, же жамандык болору жөнүндө аян берилиши кайсы көз караштын мисалында?

а) магиялык б) анимисттик

в) шамандык г) тотемдик

23. Каныкей Манастын керээзи боюнча анын сөөгүн көмүү үчүн каздырылган жер

а) Эчки өлбөс б) Эчки тоо

в) Эчки сай г) Эчкиликтин кара зоо

24. Кара-Кулжанын Кара-Туз айылындагы Тар дарыясынын боюндагы эски күмбөзгө кимдин сөөгү коюлган деп божомолдошот?

а) Жаңыл Мырзанын б) Кыз Сайкалдын

в) Каныкейдин г) Айчүрөктүн

25. Кошой-Коргон деп аталган жер республиканын кайсы аймагында

а) Таласта б) Нарында

в) Баткенде г) Чүйдө

26. Кырк жигиттин уюткусун түзгөн каарман

а) Бакай б) Манас

в) Чубак г) Кыргылчал

27. Манас кайсы уруунун өкүлү катары сүрөттөлөт?

а) нойгут б) ногой

в) кыпчак г) кыргыз

28. ―Манас‖ эпосунда катышкан кенже эпостун каарманы

а) Эр Табылды б) Эр Таргын

в) Эр Төштүк г) Эр Солтон

29. Манас таануу институту ачылган университет

а) Кыргыз улуттук университети б) Манас түрк университети

в) И. Арабаев атындагы университет г) Бишкек гуманитардык университет

30. Эпостогу көлдөрдүн аталыштары:

а) Сонор-Көл Чатыр-Көл, Ысык-Көл ж. б. б) Манас-Көл, Чатыр-Көл, Соң-Көл ж. б.

в) Чатыр-Көл, Сонор-Көл, Тунук-Көл ж. б. г) Тунук-Көл, Манас-Көл, Чатыр-Көл ж. б

31. Эмне үчүн манасчылык өнөрдү синтез, же театр дешет?

а) сахнада аткарылганы үчүн б) ырдалганы үчүн

в) элестүү берилген аракети үчүн г) көлөмдүүлүгү үчүн

32. ―Манас‖ эпосунун бардык варианттарында эмне сакталат?

а) согуштук сюжет б) өзөк сюжет

в) патриоттук сюжет г) ич ара келищпестик

33. Кытайдын башкы борбор шаары Чоң Бээжинге жакын жайгашкан тоо

а) Бурул тоо б) Бушала

в) Бучала г) Былкылдак

34. Кан Көкөтөй канча жашында өлгөн?

а) 85 б) 72

в) 87 г) 92

35. ―Кароол чоку‖ кайсы жерде жайгашкан?

а) Таласта б) Алтайда

в) Бээжинде г) Нарында

36. Көкөтайдын ашы өткөрүлгөн жайлоонун аты

а) Суусамыр б) Саз

в) Каркыра г) Арым

37. ―Манас‖ эпосуна көп кам көргөн ЖКнын депутатынын аты- жөнү

а) К. Самаков б) М. Абдылдаев

в) И. Исаков г) Ө. Текебаев

38. Манасчы филолог-окумуштуу

а) С. Рысбаев б) А. Раимбеков

в) Т. Бакчиев г) К. Калчакеев

39. Саадак деген эмне?

а) Жаанын жебесин салуучу кап б) найзага кийгизилүүчү кап

в) дүрмөт салуучу кап г) күлазык салуучу кап

40. Манас үңкүрү кайсы жерде жайгашкан?

а) Ош облусунун Алай районунда, Алай тоосунда

б) Жалал- Абад облусунун Ленин районунда, Фергана кырка тоосунда

в) Баткен облусунун Лейлек районунда, Памир тоосунда

г) Нарын облусунун Жумгал районунда, Тянь-Шань тоолорунда

41. Береке экен, бел экен,

Пенде көрчү жер экен,

Ортосу көпкөк көл экен,

Суусунда миңдей түр экен,

– деп Манас кайсы жерге суктанган?

а) Байкалга б) Манас көлгө

в) Ысык-Көлгө г) Соң-Көлгө

42. Кыргыз мамлекетин башкарууда жетекчиликке алынчу жети осуят кайдан чыккан?

а) Ч. Айтматовдун чыгармаларынан б) курандан

в) “Манас” эпосунан г) “Семетей” эпосунан

43. ―Манас‖ эпосундагы Алгара кайсы баатырга таандык тулпар?

а) Манаска б) Коңурбайга

в) Чубакка г) Жолойго

44. ―Теңири Манастын‖ автору

а) К. Каимов б) К. Жусупов

в) А. Жакыпбеков г) К. Мамбетакунов

45. ―Манаска‖ эгиз эпос

а) “Гильгамеш” жөнүндө эпос б) “Алып Манаш”

в) “Алпамыш” г) “Көроглы”

46. ―Ынтымакта болбосок пил да болсок жыгылабыз, миң да болсок кырылабыз, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет‖, - деп Чубакка ким айтат?

а) Манас б) Бакай

в) Алмамбет г) Каныкей

47. Коңурбайдын кыргыздарга кол салышын чагылдырган кайсы бөлүм?

а) “Чоң казат” б) “Манастын өлүмү”

в) ”Кичи казат” г) “Көл -Кечүүдөгү кармаш”

48. Көзкаман ким?

а) Жакыптын досу б) Манастын чоросу

в) Жакыптын агасы Үсөн г) Манастын агасы Үсөн

49. 1993-жылы эпостун маарекесине арналып ай сайын чыгып турган гезит

а) “Манас” жаңырыгы” б) “Манас” дүбүртү”

в) “Манас” үнү” г) “Манас” сабагы”

50. Кайсы өлкөлөрдө Манас атындагы улуттук парк жана Манас коругу (заповедник) бар?

а) Индия, Бутан б) Пакистан, Иран

в) Кытай, Корея г) Оман, Ливия

51. Байыркы грек философу Платондун (б. з. ч 428) ―Манас‖ эпосундагы аты?

а) Ак Падыша б) Акбари Султан

в) Жажуж Мажуж г) Апылатун Илакар

52. Эпосто: ―Өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн‖, о. э. Манастын чагылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган, ийрисин түзөгөн таянычы, насаатчысы, кеңешчиси болгон каарман

а) Каныкей б) Бакай

в) Жакып г) Алмамбет

53. Алмамбеттин кытайдан кеткенге чейинки антташкан колуктусу, Кытай каны Эсенкандын кызы

а) Бурулча б) Акеркеч

в) Айчүрөк г) Арууке

2.“МАНАС” ҮЧИЛТИГИН ЭЛ ООЗУНАН ЖЫЙНОО ЖАНА ЖАРЫЯЛОО

ТАРЫХЫНАН

54. 1925-жылы кайсы манасчынын айтуусундагы вариант Москвадан жарык көрөт?

а) Чоңбаштын б) Келдибектин

в) Тыныбектин г) Сагымбайдын

55. ―Манасты‖ көркөм өздөштүрүү кайсы жылы башталган?

а) 1927-жылдары б) 1924-жылдары

в) 1930-жылдары г) 1941-жылдары

56. 1925-жылы Москвадан Тыныбектин ―Семетейин‖чыгарткан инсан

а) К. Тыныстанов б) И. Арабаев

в) Е. Поливанов г) З. Бектенов

57. ―Манас‖ орусча-кыргызча жыйнак болуп, каерде, качан чыккан?

а) Фрунзеден 1981-жылы б) Ленинграддан 1974-жылы

в) Оштон 1951-жылы г) Москвадан 1984-жылы

58. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн ―Манас‖ үчилтигинин

2-китеби канчанчы жылы, кайсы жерде жарык көргөн?

а) Фрунзеде, 1980-жылы б) Ошто, 1978-жылы

в) Нарында, 1986-жылы г) Бишкекте, 1992-жылы

3. “МАНАС” ҮЧИЛТИГИ КЫРГЫЗ ЖАНА ДҮЙНӨ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН

КӨЗҮ МЕНЕН (ҮЧИЛТИКТИ ИЗИЛДӨӨ ТАРЫХЫ)

КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУЛАРЫ ТАРАБЫНАН ҮЧИЛТИКТИН ИЗИЛДЕНИШИ

59. ―Манастын‖ тарыхый-этнографиялык маселелерин терең изилдөөгө алган, кыргыздын биринчи профессионал изилдөөчү-тарыхчысы

а) Б. Юнусалиев б) Р. Сарыпбеков

в) Ш. Акмолдоева г) И. Молдобаев

60. Манастын образынын ―түйүлдүк‖ кезин изилдеген окумуштуу?

а) М. Борбугулов б) С. Байгазиев

в) В. Радлов г) Ч. Валиханов

61. С. Орозбаковдон эпостун биринчи бөлүмүн толук жазып алган кыргыз изилдөөчүсү

а) Т. Молдо б) Ы. Абдыракманов

в) К. Мифтаков г) А. Ирисов

62. ―Кыргыздын баатырдык эпосу –―Манас‖ аттуу эмгегин Москвадан чыгарган окумуштуу

а) К. Карасаев б) А. Сыдыков

в) Б. Юнусалиев г) М. Богданова

63. 1948-жылы жарык көргөн 8-класстын окуу китебине ―Манас‖ эпосун адаптациялап кийирген методист-окумуштуу

а) Р. Сарыпбеков б) Т. Байжиев

в) Б. Маленов г) Б. Алымов

64. ―Манас‖ энциклопедиясынын эки томдугу канчанчы жылы басмаканадан чыккан?

а) 1992 б) 1993

в) 1994 г) 1995

65. 1990-жылы жарык көргөн ―Камус- нама‖ (Манас сөздүгү) кайсы окумуштуунун эмгеги?

а) Б. Юнусалиев б) С. Мусаев

в) К. Карасаев г) Э. Абдылдаев

66. ‖Манас‖ энциклопедиясынын ―Алгы сөзүн‖ ким жазган?

а) Ч. Айтматов б) Р. Кыдырбаева

в) С. Мусаев г) К. Кырбашев

67. ―Манас‖ эпосунун курама вариантынын 3-бөлүгү ―Сейтекке‖(1959) кириш сөздү жазган окумуштуу

а) Б. Керимжанова б) К. Асаналиев

в) Р. Кыдырбаева г) А. Жайнакова

68. Эпостун 5-бөлүмүн (1947) эң алгач кагаз бетине түшүргөн окумуштуу

а) С. Мусаев б) К. Кырбашев

в) Ы. Абдыракманов г) Р. З. Кыдырбаева

69. 1922-жылы С. Орозбаковдон ―Манас‖ эпосун жаздырып алууну уюштурган тунгуч агартуучу

а) И. Арабаев б) К. Тыныстанов

в) Т. Жолдошев г) Т. Айтматов

70. ―Сейтек‖ бөлүмүнүн ―Кириш сөзүн‖ жазган ким?

а) Б. Юнусалиев б) З. Кыдырбаева

в) К. Асаналиев г) Б. Исаков

71. ―Манасчылар‖ деген обзордук макаланы жазган ким?

а) С. Мусаев б) С. Байгазиев

в) А. Акматалиев г) А. Сыдыков

72. М. Чокмор уулунан 1965- 1973-жылдары манастын кайсы бөлүмдөрү жазылып алынган?

а) 2 бөлүмү, “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан

б) 4 бөлүмү, “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан

в) 1 бөлүмү, “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан

г) 3 бөлүмү, “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан

73. Ы. Абдрахмановдун өмүр- чыгармачылыгына арналган ―Ыбрайым Абдрахманов‖ (1987) аттуу монографиянын автору

а) Самар Мусаев б) Ибраимов Кубат

в) Болот Юнусалиев г) Раиса Кыдырбаева

74. ‖Киргизский героический эпос ―Манас‖(1961) аттуу эмгекте окумуштуулардын кандай эмгектери топтолгон?

а) монографиялык эмгектер б) илимий макалалар

в) сын макалалар г) сүрөттөр

75. ―Манас‖ эпосундагы баатырдык мотивдер‖ (1982) аттуу монографиянын автору, окумуштуу

а) М. Борбугулов б) К. Асаналиев

в) О. Сооронов г) А. Сыдыков

76. ―Баатырдык ―Манас‖ эпосу-кыргыз маданиятынын эстелиги‖ аттуу илимий эмгектин автору

а) В. В. Радлов б) М. И. Богданова

в) С. М. Абрамзон г) К. Рахматуллин

77. 1931-37-жылдары манасчы С. Каралаевдин оозунан ―Манас‖ эпосунан ―Семетей‖ бөлүмүн латын арибинде жазып алган (48872 сап) ―Манасты‖ жыйноочу ким?

а) Б. Рисов б) К. Рахматуллин

в) Реми Дор г) А. Сапарбаев

78. ―Улуу жомокчу, укмуштуу Манас‖ аттуу эмгекти жазган окумуштуу

а) М. Богданова б) К. Рахматуллин

в) Р. Кыдырбаева г) Б. Юнусалиев

79. ―Манасчы‖ деген терминди 1-жолу Манас таанууга киргизген окумуштуу

а) И. Арабаев б) К. Тыныстанов

в) Т. Жолдошов г) К. Карасаев

80. ―Манас‖ таануу илиминин Кыз Сайкалы

а) М. Богданова б) Р. Кыдырбаева

в) А. Маргулан г) Б. Керимжанова

81. 1925-жылы партиянын обкомунда ким ―Манас‖ эпосу жөнүндө доклад жасаган?

а) Т. Саманчин б) Е. Поливанов

в) Т. Байжиев г) К. Тыныстанов

82. ―Манас‖ эпосунун генезисин биринчилерден болуп изилдеген окумуштуу?

а) К. Мифтаков б) С. Мусаев

в) К. Кырбашев г) Р. Кыдырбаева

83. ―Манас‖ эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары‖ деген монографиялык эмгектин автору

а) Э. Абдылдаев б) А. Жайнакова

в) К. Ибраимов г) А. Сыдыков

84. ―Манас‖эпосунун биринчи бөлүмүнүн кара сөз түрүндөгү баяндамасын жазып, 1986-жылы жарыкка чыгарган окмуштуу

а) Т. Байжиев б) А. Жайнакова

в) С. Мусаев г) К. Сыдыков

85. ―Манас‖ эпосунун 440 сабын өзбек тилине которгон кыргыз совет жазуучусу, котормочу.

а) Адашбаев Турсунбай б) Адхам Ислам

в) Байшери Албан уулу г) Берков Павел

86. Манастын образын улуу эпостор ―Илиада‖ менен ―Одиссеядагы‖ Зевс менен Ахиллдин, ―Махабхаратадагы‖ Аржуна менен Карыонун образдары менен салыштырып изилдеген кыргыз совет адабиятчысы, сынчысы

а) Кадыркул Даутов б) Камбаралы Бобулов

в) Мухтар Борбугулов г) Салижан Жигитов

87. ―Манас‖ эпосундагы фразеологизмдер‖ деген темадагы диссертация коргогон,

б. а. ―Манас‖ эпосундагы фразеологизм сөздөрдү изилдеген манас изилдөөчү?

а) Ж. Шериев б) Л. Үкүбаева

в) Р. Эгембердиев г) К. Асаналиев

88. ―Манас‖ эпосунун элдүүлүгүн, генезисин тарыхый фактылар менен изилдеген, ―Манас жана Алманбет‖ драмасынын (1942) автору, кыргыз эл жазуучусу?

а) Ашым Жакыпбеков б) Акбаралы Садыков

в) Мукай Элебаев г) Түгөлбай Сыдыкбеков

89. 1940-жылы ―Манас‖ эпосунун 1-бөлүмүнүн сюжетин кара сөзгө айландырып жазган, 1946-1949-жылдары ―Манас‖ секторун башкарган, ―Манас‖ эпосу жөнүндөгү лекциялары кыргыз үн алгысынын алтын фондусуна жазылган алгачкы манас изилдөөчү?

а) Зияш Бектенов б) Кеңешбек Асаналиев

в) Сапар Бегалиев г) Эгемберди Бекболиев

90. Манас таанууга ―манасчы‖ терминин киргизген, ―Манас‖ эпосундагы накыл сөздөргө жана башка тилден (орус, араб, иран, монгол, кытай) кирген сөздөргө түшүндүрмө берип, маанисин чечмелеген манас изилдөөчү?

а) Бүбү Керимжанова б) В. М. Жирмунский

в) Б. М. Юнусалиев г) Хусейин Карасаев

91. Шапак Рысменде уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарындагы негизги окуяларды так жана жогорку деңгээлде жазып алып, өзүнчө китеп кылып жарыялаган ―Манас‖ жыйноочу?

а) Курман Кыдырбай кызы б) Курманов Таалай

в) В. В. Радлов г) А. Н. Бернштам

92. Мамбет Чокмор уулунан ―Манас‖ үчилтигинин бөлүмдөрүн ―Манас‖ секторунун кызматкерлери канчанчы жылдары жазып алышкан?

а) 1965- 1973-ж б) 1960-1970-ж

в) 1980- 1987-ж г) жылдар туура эмес

93. ― ―Манас‖ эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери‖ аттуу эмгегинде 16-кылымда жазылган ―Мажму ат таварихтеги‖ ―Манас‖ окуяларын изилдеп, Ч. Валиханов,

В. Радлов, Г. Алмаши жазып алган варианттардын өзгөчөлүгүн салыштырган ―Манас‖ изилдөөчү?

а) Мамытбеков Зайыр Чекиевич б) Болот Мураталиевич Юнусалиев

в) Касымалы Жантөшев г) Көчкүнов Айдарбек

94. ―Манас‖ үчилтигин эл ичинен жыйноого жана илимий изилдөөгө багыттоочу,

С. Каралаевден ―Манас‖ үчилтигин жазып алуунун демилгечиси, ―Академия кечелери‖ пьесасынын 1-циклинде өзөк окуя кылып ―Манас‖ эпосун алган кыргыз-

дын чыгаан уулу?

а) Кубанычбек Маликов б) Касымалы Жантөшев

в) Аалы Токомбаев г) Касым Тыныстанов

95. ―Манас‖ эпосунун тилин изилдеген, б. а. 1988-жылы жактаган ―Манас‖ эпосун-дагы тиричилик лексикасы‖ деген кандидаттык диссертациясында эпостун турмуш-тиричиликке байланыштуу лексикасын салыштырма-тарыхый планда изилдеп,

аларга этимологиялык түшүндүрмө берген окумуштуу?

а) Абдурахманов Гыламидин б) Кыдырбаева Раиса

в) Орозобекова Жылдыз г) Жумакунова Гулзура

96. ―Манас‖ эпосунун баатырдык мотивдеринин эволюциясы‖ монографиясынын автору, С. Карала уулу, М. Мусулманкул уулу, Б. Сазан уулу, Ы. Абдрахман уулу

ж. б. манасчылардын портретин жазган манас изилдөөчү?

а) Омор Сооронов б) Аскар Какеев

в) Кубанычбек Калчакеев г) Райкул Сарыпбеков

ҮЧИЛТИКТИН ОРУС ЖАНА КАЗАК ОКУМУШТУУЛАРЫ

ТАРАБЫНАН ИЗИЛДЕНИШИ

97. ―Манас‖ эпосун 1885-жылы Германияда Лейпцигде немец тилинде жарыялаган окумуштуу-академик

а) Карл Решл б) Ч. Валиханов

в) В. В. Радлов г) Г. Алмаши

98. ―Введение изучение эпоса ―Манас‖ аттуу эмгекти жазган окумуштуу

а) В. М. Жирмунский б) Е. Л. Поливанов

в) К. Рахматуллин г) М. И. Богданова

99. Манасчылар‖ аттуу эмгектин автору

а) А. Х Маргулан б) Б. Юнусалиев

в) М. Мусулманкулов г) К. Рахматуллин

100. Ч. Валихановдун ―Манас‖ эпосунан алгачкы кагазга түшүрүлгөн бөлүмү

а) Манастын төрөлүшү б) Көзкамандардын окуясы

в) Көкөтайдын ашы г) Семетей

101. ―Манас‖ эпосун советтик идеологияга туура келбеген жат көрүнүш‖, - деп жыйынтык кабыл алуудан сактап калган окумуштуу

а) Маргулан б) М. Ауэзов

в) Алмаши г) М. Богданова

102. А. Г. Белинский менен Б. В. Смирнов Пишпек уезинен ―Семетейдин‖ бир үзүндүсүн кайсы акындан фонографка жазып алат?

а) Кенжекарадан б) Музоокеден

в) Тыныбектен г) Акылбектен

103. В. В. Радлов эпопеянын кайсы бөлүмдөрүн жазып алган?

а) 2 бөлүмүн тең б) 4 бөлүмүн тең

в) 3 бөлүмүн тең г) 1 бөлүмүн

104. ―Манас‖- кыргыздын баатырдык эпосу‖ аттуу фундаменталдуу эмгек кимге таандык?

а) А. Х Маргулан б) М. Ауэзов

в) Реми Дор г) К. Рахматуллин

105. ―Манас‖ эпосун орусча которуу принциптери‖ аттуу эмгектин автору

а) Е. Поливанов б) В. Жирмунский

в) М. Ауэзов г) П. Фалев

106. Ысык- Көл аймагынан ―Манастан‖- 9449 сап ыр, ―Семетей‖, ―Сейтектен‖- 3005 сап ыр жазып алып, аны 1885- жылы ―Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү‖ деген томдукту басып чыгарган илимпоз?

а) Ч. Валиханов б) А. Маргулан

в) В. Радлов г) М. Ауэзов

107. Ч. Валихановдун жазып алган ―Көкөтөйдүн ашын‖ архивден таап жарыя-лаган казак совет илимпозу ким?

а) В. М. Жирмунский б) Е. Л. Поливанов

в) К. Рахматуллин г) А. Маргулан

108. А. Маргуландын казак тилинде жазылган монографиясы эмне деп аталат?

а) “Манас” б) Көкөтөйдүн эртегеси”

в) “Карабас уулу Манас” г) “Шокан жане “Манас”

109. Эпостун ыр түзүлүшүнүн принциптерин, кыргыз тилиндеги тексттин мыйзам ченемдүүлүктөрүн алгач аныктаган окумуштуу

а) В. М. Жирмунский б) Е. Л. Поливанов

в) К. Рахматуллин г) А. Маргулан

110. ―Манас‖ эпосун орусчага алгач толук которгондор

а) К. Тыныстанов, С. Карачев б) В. М. Жирмунский, М. Богданова

в) С. Липкин, М. Тарловский г) С. Мусаев, Р. Кыдырбаева

111. ―Манас‖ эпосу боюнча адабияттардын библиографиясын түзгөн кимдер?

а) В. М. Жирмунский, М. Богданова 1956-жыл

б) П. Н. Берков, Э. К. Сагидова 1961-жыл

в) Е. Поливанов П. Фалев 1962-жыл

г) М. Ауэзов, А. Маргулан

112. Башкырт улутундагы изилдөөчү-окумуштуу К. Мифтаковдун туулган жылы

а) 1881 б) 1882

в) 1883 г) 1885

113. ―Кыргыздарда өткөндө өнүккөн жазма адабияттын болбогону ―Манас‖ сыяктуу монументалдык чыгарманын жаралышына өбөлгө түзгөн‖, - деген пикир кимге таандык?

а) А. Н. Бернштам б) Е. Поливанов

в) М. Богданова г) П. Фалев

114. ―Манас‖ эпосунун жаралуу доорун, эпостун байыркы негиздерин IX кылымдан издөө биринчилиги ыраматылык Фалевге таандык, - деп айткан окумуштуу

а) Ч. Валиханов б) М. Ауэзов

в) А. Петросян г) П. Н. Берков

115. ―Манасты‖ эл оозунан Ч. Валихановдон кийинки жыйноочу

а) С. Мусаев б) К. Рахматуллин

в) К. Мифтаков г) В. Радлов

116. ―Кыргыздын баатырдык эпосторунун ‖ өзгөчөлүктөрү жөнүндө‖ илимий монографиянын автору

а) С. Аксыкенти б) Ч. Валиханов

в) М. И. Богданова г) Б. Сазанов

117. Манасчылар жөнүндө алгач илимий эмгек жараткан окумуштуу

а) К. Рахматуллин б) А. А. Петросян

в) Е. Д. Поливанов г) Ч. Валиханов

118. Ч. Валиханов жазып алган ―Көкөтайдын ашы‖ кимдин вариантына көбүрөөк жакын?

а) Ж. Кожековдукуна б) Т. Молдонукуна

в) Тыныбектикине г) Сагымбай менен Саякбайдыкына

119. С. Орозбаковдун варианты жөнүндө эң биринчи терең илимий талдоо жазган окумуштуу

а) Р. Сарыпбеков б) А. Эсеналиев

в) С. Мусаев г) М. Богданова

120. ―Манас‖ эпосун изилдеген Ч. Валихановдон, М. Ауэзовдон башка казак окумуштуусу

а) З. Кабдолов б) А. Маргулан

б) М. Жумабаев г) З. Ахмедов

121. ―Манас‖ эпосу менен байыркы Орхон-Енисей таш эстеликтерин салыш-тырып чыккан окумуштуулар

а) Д. Алмаши, Р. Дор б) П. Фалев, М. Ауэзов

в) Ф. Корш, Маркварт г) П. Н. Берков, П. Мелиоранский

122. ―Көкөтөйдүн ашынын‖ орусча котормосу жөнүндө : ―Чокан орус тилин кандай чебер колдоно билген. Кыргыздардын калк ырын аз сөзгө көп маани сыйдырып кандай көркөм, сулуу которгон‖ (Правительствеңый вестник, 1902, №67, 2-бет). Кимдин баасы?

а) Н. И. Веселовский б) В. В. Радлов

в) А. Н. Бернштам г) П. Н. Берков

123. 1903-жылы экспедицияда манасчынын (Кенжекаранын) үнүн тарыхта биринчи жолу тасмага түшүрүп алган инсан

а) Б. В. Смирнов б) А. Н. Бернштам

в) Е. Д. Поливанов г) А. Г. Белинский

124. К. Мифтаков эл оозеки чыгармачылыгынан канча дептер жыйнаган?

а) 1 б) 3

в) 5 г) 8

125. Кыргыз этнографиясына негиз салуучу, ошону менен бирге ―Манас‖ эпосун этнографиялык жагдайда изилдөө проблемасына жол ачып, ―Манас‖ эпосу – булак‖ деп атап, кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, салт-санааларын изил-деген этнограф.

а) Солтоноев Белек б) Сайф Аддин Аксыкенти

в) Абрамзон С. М. г) Радлов В. В.

126. Манас менен казактардын баатырдык ―Кабыланды баатыр‖ жана ―Алпамыш‖ эпосторун тарыхый типологиялык планда изилдеген, ―М. Ауэзов – манас изилдөөчү‖, ―Ч. Валиханов жана кыргыз фольклору‖ макалалардын автору. казак адабият таануучусу.

а) Мухтар Шаханов б) Алибек Жексенкулов

в) Рахманкул Бердибаев г) Мухтар Ауэзов

127. ―Манас‖ эпосун тарыхый жактан изилдөөчү, б. а. эпосто баяндалган жер-суу, адам аттарын тарыхый окуялар менен байланыштырып изилдеп, Манастын прототиби 9-кылымда жашаган Яглакар хан деп божомолдогон советтик тарых-чы, этнограф?

а) В. В. Радлов б) Арефьев Анатолий

в) П. Н. Берков г) А. Н. Бернштам

128. ―Алтайский эпос ―Манас‖ аттуу белгилүү макаланын автору, анда ―Манасты‖ казактардын ―Алпамыш‖ жана алтайлыктардын ―Алып-Манаш‖ аттуу эпостору менен салыштырып изилдеген орус совет адабиятчысы

а) Е. Малов б) Берков Павел

в) С. Абрамзон г) И. Я. Стеблева

129. Орус, түрк-монгол элдеринин маданиятынын тарыхын изилдөөчү, ―Манас‖ эпосунун академиялык басылышына рецензия жазып, эпостун материалдарын көп эмгектеринде талдоого алган фольклорчу, этнограф?

а) Липкин Семен Израилович б) Липец Рахиль Соломановна

в) В. В. Радлов г) Касымалы Жантөшев

130. ―Манас‖ эпосунун Сагынбай Орозбак уулунун айтуусунда ―Чалгын‖, ―Жылкы тийүү‖, ―Соңку казат‖ бөлүмдөрүн орус тилине которгон акын, котормочу. Бул 1946-жылы Москвадан жарык көргөн.

а) Алыкул Осмонов б) М. Тарловский

в) Л. Пеньковский г) С. И. Липкин

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ОКУМУШТУУЛАРДЫН

ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ

131. ―Көкөтайдын ашын‖ текстологиялык жактан изилдеген чет өлкөлүк окумуштуу

а) Х. Хатто б) С. Абрамзон

в) Д. Алмаши г) В. Рогачев

132. ―Манасты‖ венгер тилине которгон окумуштуу

а) Реми Дор б) А. Б. Лорд

в) Д. Алмаши г) В. Радлов

133. ―Манастын‖ ―Памирдеги үзүндүсү‖ деген ат менен француз тилине которгон окумуштуу?

а) Реми Дор б) Карл Решл

в) А. Т. Хатто г) Маркварт

134. Венгер окумуштуусу Д. Алмаши 1911-жылы жазып алган ―Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону‖ деген үзүндү канча сап эле?

а) 71 сап б) 72 сап

в) 73 сап г) 74 сап

135. Түркияда ―Манас‖ эпосу тууралуу алгачкы маалымдама баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган манас изилдөөчү ким?

а) Абдулкадыр Инан б) Копроло-заде

в) Ивгин Хайретдин г) Инжу Энгунин

136. ―Манас‖ эпосун тажик окурмандарына биринчи болуп тааныштырган инсан?

а) Анвар Байтур б) Медина Богданова

в) А. Маргулан г) Адхам Аслам

137. 1979-ж. ―Манас‖ дастаны жана ―Көкөтөй хандын жомогу‖ деген темада атайын илимий иш жазып, доценттик наам алган түрк окумуштуусу

а) Ивгин Хайретдин б) Инжу Энгунин

в) Дурсун Йылдырым г) Камил Тойгар

138. Кытайлык ―Манас‖ жыйноочу жана изилдөөчү, ―Манас‖ жана аны изилдөө абалы‖ аттуу илимий китептин (Пекин, 1980) автору

а) А. Байтур б) М. Өмүрбай

в) Ху Чжень Хуа г) Ж. Жакып

139. Америкалык түрколог Ильзе Лауде-Циртаутас кайсы манасчынын чыгармачылыгын изилдеген?

а) Саякбай б) Сагымбай

в) Чоюке г) Жусуп Мамай

140. Кытай тилинде ―Манасты‖ кара сөз менен жазып чыккан окумуштуу

а) Лаң Йиң б) Анвар Байтур

в) Ху Чжень Хуа г) Макелек Өмүрбай

141. ―Манастагы‖ көркөм фактылар менен тарыхый фактыларды салыштырып изилдеген тарыхчы- окумуштуу

а) Турганбай Кылычбек б) Макелек Өмүрбай

в) Анвар Байтур г) Мамбеттурду Мамбетакун

142. ―Манас‖ эпосун изилдеген чет өлкөлүк ага-ини Чедвиктер окумуштуулар кайсы өлкөнүн окумуштуулары?

а) Англиянын б) Германиянын

в) Туркиянын г) Кытайдын

143. Уйгур манасчы кайсы элде жашайт?

а) Оогандарда б) Кытайда

в) Туркияда г) Венгрияда

144. ―Манас‖ эпосундагы аялзатынын образын изилдеген чет

өлкөлүк окумуштуу

а) Маркварт б) Инжи Энгу

в) А. Т. Хатто г) Чедвик

145. Ч. Валихановдун ―Көкөтайдын ашын‖ англис тилинде кара сөз менен которгон окумуштуу

а) А. Б. Лорд б) А. Т. Хатто

в) ага-ини Чедвиктер г) Карл Решл

146. ―Манас‖ эпосу чет өлкөлүк окумуштуулар тарабынан кандай изилденген?

а) кеңири изилденген б) изилденген эмес

в) айрым гана изилдөөлөр болгон г) орус окумуштуулары гана изилдеген

147. Түркияда алгачкы ―Манас‖ тууралуу маалымданма-баяндама жазган жана 1936-68-жылдардагы макалаларында ―Манас‖ кыргыз тили боюнча мол мате-риал берген зор эстелик экендигин белгиленген түрк тилдүү манас изилдөө-

чү?

а) Абрамзон С. б) Абдулкадыр Инан

в) Адхам Ислам г) Абдыкадыров Ж.

148. ―Манас‖ баатырдын уулу Семетей менен коштошкону‖ үзүндүсүн жазып алып, 1911-жылы ―Восточная обозрения‖ журналына жарыялаган жана бул үзүндүнү немец тилине которгон, о. э. ―Манастын‖ поэтикалык ыр түзүлүшүнө

кайрылган венгер окумуштуусу?

а) Мухтар Ауэзов б) Дъердь Алмаши

в) Ч. Валиханов г) С. Абрамзон

149. ―Туркияда ―Манас‖ тууралуу жарыкка чыккан эмгектер‖ деген 56 наамдагы бибилиографиядан турган көлөмдүү макаланын автору, Анкарада түзүлгөн ―Манас‖ дастанын изилдөө борборунун мүчөсү, ―Манас‖ дастаны жана ―Ди-

вани лүгат ат- түрк‖ аттуу изилдөө жүргүзгөн түркиялык манас изилдөөчү?

а) Ивгин Хайретдин б) Абдулкадыр Инан

в) Имангазы Исагул г) Саул Абрамзон

3. МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨР ЖАНА МАНАСЧЫЛАР

150. Галлюцинация деген эмне?

а) окуу б) дин

в) көзгө көрүнүү г) агым

151. Манасчы Келдибек Карбоз уулу канчанчы кылымда жашаган?

а) ХVI кылымда б) ХVII кылымда

в) ХVIII кылымда г) ХIХ кылымда

152. Жомокчу, манасчы Акылбек Ы. Абдрахмановдун айтуусу боюнча кайсы тилде Манас айткан?

а) Калмак тилинде б) казак тилинде

в) кыргыз тилинде г) билбейм

153. Белгилүү куудул, ―Манастын‖ айрым үзүндүлөрүн айткан инсан?

а) Шаршен б) Асанкул

в) Куйручук г) Назармат

154. Семетейди кыл кыяк менен айткан семетейчи ким?

а) Тыныбек б) Чоюке

в) Акылбек г) Кенжекара Калча уулу

155. Шаабай Азиз уулу кайсы манасчынын бир тууганынын баласы?

а) Чоюке б) Сагымбай

в) Музооке г) Шапак

156. Байымбет акындын Тоголок Молдо атыгып кетишине кайсы манасчы себепкер?

а) Музооке б) Чоюке

в) Тыныбек г) Акылбек

157. 14 жашында Манас айтып баштап, 25 жашында чоң манасчылардын ката-рына кошулган кайсы манасчы?

а) Кенжекара Калча уулу б) Тыныбек

в) Саякбай г) Жусуп Мамай

158. Кыргызстандык алгачкы жазгыч манасчы

а) Байымбет Абдрахманов б) С. Каралаев

в) С. Орозбаков г) Балык Сазан уулу

159. ХХ кылымда жашап өткөн Семетейчи аял

а) Жаңылкан б) Акдана

в) Сейдене г) Зууракан

160. ―Манастын‖ жазылып калышына чоң эмгек сиңирген Ыбырай Абдырахманов кайсы өрөөндө туулган?

а) Ысык-Көлдө б) Ат Башыда

в) Нарында г) Таласта

161. Жазгыч манасчылар

а) Дункана Кочуке уулу, Чоңду

б) Мамбет Чокмор уулу, Ш. Рысмендеев

в) Ыбырайым Абдырахман уулу, Тоголок Молдо

г) Чоюке, Келдибек

162. Кызылсуулук манасчы Эшматтан жазылып алынган эпизод кандай аталат?

а) “Манас менен Каныкейдин тою”

б) “Семетей менен Айчүрөктүн тою”

в) “Алмамбеттин келиши”

г) “Чубак менен Алмамбеттин чатагы”

163. Эпостун музыкалык жагын мыкты келтирип, текстти кашкайтып даана. обондуу жаңылмач сыяктуу айткан манасчы

а) Ж. Кожеков б) Матисак Акбай уулу

в) М. Мусулманкул уулу г) Чоюке

164. ―Манастын Париканага калаа курдурганы‖ деген үзүндү кайсы манасчыдан жазылып алынган?

а) Сейдене Молдокеева б) Сейде Дейди кызы

в) Матисак Акбай уулу г) Чоңду

165. ―Бали, балам, Сагымбай атаңдын арбагын жылоолосоң манасчы болот экенсиң‖-деп, С. Каралаевден бата алган манасчы

а) Т. Бакчиев б) С. Назаралиев

в) У. Мамбеталиев г) Р. Исаков

166. Басыз уруусунан чыккан манасчынын аты, Манасты жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн, андан 1966-70-жылдары ―Манастын‖ көп эпизоддору жана ―Көкөтайдын ашы‖ жазылып алынган.

а) Абдылда Дөөлөт уулу б) Акмат Токтогул уулу

в) Абдырахман Байымбет уулу г) Өтө Көкө уулу

167. 1891-жылы Чүйдөгү Шамшы айылында туулган, семетейчи. С. Орозбак уулунун шакирти. Анын айтуусунда ―Үргөнч‖ деген ат менен (1941) ―Семетейден‖ үзүндү өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

а) Акмат Рысменде уулу б) Шапак Рысменде уулу

в) Абдрахман Байымбетов г) Атайбек

168. ―Манас‖ эпосунун обонунун негизинде ―Чоң кошуун‖, ―Семетей күү‖ деген күүлөрдү жараткан, ―Көкөтайдын ашынан‖ үзүндү, ―Семетейдин жетим калып Букарга барышы‖ аттуу эпизоддорду айткан манасчы, комузчу.

а) Жайсаң ырчы б) Ыраманын ырчы уулу

в) Токтогул Сатылганов г) Актан Тыныбек уулу

169. ―Манасты‖ калмактар арасында калмакча да айткан, өтө таланттуу манасчы, жомокчу. Андан С. Орозбак уулу, С. Каралаев, Ы. Абрахманов ж. б. атактуу манасчылар таалим алып, аны өтө жогору баалашкан, уламышка айланган

манасчы.

а) Жайсаң манасчы б) Акылбек манасчы

в) Чоюке манасчы г) Жусуп Мамай

170. ―Манасты‖ кара сөз менен ыр аралаш айткан, Тажикистандык манасчы аял?

а) Ашым Афер б) Алыйман Муса кызы

в) Батмабүбү г) Алтынай Муса кызы

171. ―Манасты‖ башка варианттардан Манасты үч жолу өлүп, үч жолу тирилүү мотиви боюнча айырмалап айткан, манасчылардын түштүк тобуна кирген манасчы аял

а) Анаргүл Тажыбай кызы б) Алыйман Муса кызы

в) Жумакунова Гүлзура г) Алтынай Муса кызы

172. Эпостун үч бөлүгүн тең айткан, үч бөлүгүнөн 101580 сап ыр жазылып алын-ган, о. э. өзгөчөлүгү ―Чыйырды эл коргогон аксак боз кемпирдин кара кызы‖ болгон деп айткан атактуу манасчы

а) Актан Тыныбек уулу б) Багыш Сазан уулу

б) Дүңкана Кочуке уулу г) Акылбек манасчы

173. Өз аты Бекмурат Кумар уулу, өз заманында чоң манасчылардын бири болгон. Эл койгон лакап аты -

а) Балык б) Жеңижок

в) Тоголок Молдо г) Музооке

174. Эмне үчүн Каратай аты калып Ырчы уул деп аталып калган?

а) Манасчы болгон б) ырчы болгон

в) ал эң алгач Манасты кошок кылып айткан г) төкмө акын болгон

175. Эл тарыхындагы Жайсаң ырчынын орду?

а) ырчы б) кошокчу

в) жамакчы г) Байыркы жомокчу-ырчылардын эн алгачкылары

176. Жайсаң ырчы канчанчы кылымдарда жашаган?

а) болжол менен 9-кылымда б) 8-кылымда

в) 10-кылымда г) 10-11-кылымдарда

177. Жайсаң ырчы кайсы уруудан болгон?

а) чагатай б) адигине

в) сарыбагыш г) кушчу

178. Токтогул канчанчы жылдары кимдин хандыгынын тушунда жашаган?

а) 1345-1356-ж Сарыбай хандын

б) 1340-1357-ж Жаныбек хандын

в) 1347-1358-ж Бакай хан

г) 13-кылымда Көкөтай хандын

179. Токтогулдун Манаска кандай тиешеси бар?

а) Манасты айткан эң алгачкы ырчы б) Манастын жердеши

в) Манастын тууганы г) Бакайдын тууганы

180. Келдибек Карбоз уулунун Манас айтышынын негизги себеби?

а) Атасы Манасчы болгон

б) Манас экөө чогуу жүргөн

в) Башка манасчылар сыяктуу түшүнө Манас кирген дешет

г) Түшүнө Алманбет кирип Манас айтасың деген

181. Келдибек Карбоз уулунун манасчылыктан башка кандай өнөрү болгон?

а) табыпчылык б) кошокчу

в) ырчы г) чечен

182. Келдибек Карбоз уулу Манас айтып жатканда кандай белгилер болгон?

а) жаан жааган, чак түштө күүгүм кирген ж. б.

б) үй солкулдап, бороон жүрүп, Манастын чоролорунун

аттарынын дабышы угулган

в) шамал, бороон жүрүп кеткен да, Манастын үнү жаңырып турган

г) эч нерсе болгон эмес

183. Эмне үчүн ал Балык деп аталып калган?

а) сууда жакшы сүзгөн

б) балыкты сүрөттөп көп ырдаган

в) оозу балыктын оозуна окшош болгондуктан

г) жөн эле эл койгон аты

184. Балык Кумар уулу - Манас 2 бөлүмдөн турат деген, алар кайсылар?

а) 1-Манастын мурдагы кыргыз тарыхы Отор хан аталышы, 2- Манастын азыркы учурдагысы

б) 1- Манастын окуясы, 2- Семетей окуясы

в) 1- Манастын окуясы, 2- Алманбеттин окуясы

г) 1- Жакыптын окуясы, 2- Манастын окуясы

185. Өз мезгилинде ырчы, манасчы, комузчу аталган инсан?

а) Саякбай б) Музооке

в) Токтогул г) Чоюке

186. Музооке манасчыны ―булбул ырчы‖ деп ким айткан?

а) Т. Сатылганов б) Т. Молдо

в) Сагынбай г) Ч. Айтматов

187. Музоокенин бутуна эмне айыбы үчүн кишен салышкан?

а) Манас айтканы үчүн

б) Эки эрди ашта чабыштырганы үчүн

в) ырдаганы үчүн

г) бийликке каршы ырдаганы үчүн

188. Музооке манасчы жашаган жылдар?

а) 1700-1750-ж. б) 1810-1880-ж.

в) 800-1878-ж. г) 1800-1868 –ж.

189. Музоокенин кандай күүлөрү эл арасында абдан белгилүү болгон?

а) “Үн алыш”, “Коңур күз”, “Мундуу күү”

б) “Кербезим”, “Сынган бугу”

в) “Жазым”, “Эл бактысы”, “Күйгөнүм”

г) “Буракжан”, “Мөлмөлүм”, “Секетбай”

190. ―Айбалта тийген башымдан корком, Атала боорсок ашыңдан корком‖, - деген саптар Музоокенин кайсы күүсүнөн?

а) “Үн алыш” б) “Сынган бугу”

в) “Мундуу күү” в) “Коңур күз”

191. 1816-1887-жылдары жашаган ырчы жана манасчы?

а) Балыкооз б) Чоңду

в) Чоюке г) Айтыке

192. Айтыке Манастын кайсы бөлүгүн жакшы айтчу?

а) “Манастын Ала-Тоого келиши” б) “Кошойдун боз айгырын”

в) “Манастын тою” г) “Көкөтөйдүн ашы”

193. Айтыке кандай мүнөздөгү адам болгон?

а) кошокчу, жомокчу, сөзмөр б) ал нуска сөздүү, төкмө, чоң манасчы

в) чечен, кызыл жаак г) мүнөзүү өтө оор болгон

194. Айтыке манасчы көбүнчө кайсы жерлерде жашап өткөн, кайсы жерди көп кыдырган? Манасчы катары өз талантын кайсы чөлкөмдө көп жарыя кылган?

а) Көлдө, Нарын, Чүйдө б) Ошто, Баткенде, Жалал-Абадта

в) Талас, Кара-Колдо г) бир айылда туруктуу турган эмес

195. Чонду кыргыз ырчыларынын ири өкүлү катары канчанчы кылымда жашаган?

а) 17-кылымда б) 18-кылымда

в) 18-к. 2- жарымында г) 19-кылымда

196. Чонду кайсы манасчылардан үлгү алган?

а) Чоюке б) Айтыке

в) Саякбай г ) Токтогул

197. Акылбек ―Манастын‖ кайсы бөлүмүн өзгөчө көңүл бөлүп айткан?

а) Алманбет менен Чубактын жол талашын

б) Көкөтөйдүн ашынын жүрүшүн

в) Чон казаттын жүрүшүн

г) Манастын өлүмүн

198. Тыныбек Жапы уулу канчанчы жылдары жашаган?

а) 1800-1850-жж б) 1700-1790-жж

в) 1846-1902-жж г) 1705-1788-жж

199. Тыныбек манасчы өзүнөн улуу кайсы манасчылардан таалим алган?

а) Чонду, Сагынбай б) Чонбаш, Келдибек, Акылбек

в) Токтогул, Саякбай г) Жусуп Мамайдан

200. Тыныбек манасчы кайсы манасчы менен айтышкандан кийин элге таанылган?

а) Надыр менен б) Эшмамбет менен

в) Эсенаман ырчы г) Чоңду манасчы менен

201. Тыныбектин шакиртттери кимдер болгон?

а) Чонду, Келдибек

б) Куйручук, Тыныбек, Т. Молдо

в) Сагымбай, Калыгул, Т. Молдо, Касымбай

г) Чонбаш, Келдибек, Акылбек

202. Тыныбек манасчы кимге арнап күмбөз тургузган?

а) Бакайга б) Манаска

в) Семетейге г) Алманбетке

203. Кенжекара Калча уулу канчанчы жылдарда жашаган?

а) 1851-1924-жж. б) 1878-1934-жж.

в) 1859-1929-жж. г) 1800-1870-жж.

204. Кенжекара манасчы ―Семетейдин‖ кайсы бөлүмүн мыкты айткан?

а) Семетейдин төрөлүшүн

б) Семетейдин балалык чагын

в) Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүн

г) Семетейдин Ала-Тоого кайтып келишин

205. Дыйканбай манасчы кайсы уруудан чыккан?

а) Солто уруусунан б) Адигине тагайдан

в) Сарыбагыш г) Белектин “Алдаяр” уруусунан

206. Дыйканбай менен Найманбай экөөнүн айтышында ―Манастын‖ кайсы бөлүмү айтылат?

а) “Манас”, “Семетей” б) “Семетей”

в) “Сейтек” г) “Манас”

207. Багыш чыгармачылыгын өнүктүрүүдө кимдин ―Манас‖ айткандарын угуп, таасир алган?

а) С. Орозбаковдун б) С. Каралаевдин

в) Жусуп Мамайдан г) Б. Абдрахмановдон

208. Чоюке Өмүр уулунун устаты ким болгон?

а) Тыныбек манасчы б) Шапак манасчы

в) Сагынбай манасчы г) Чоң манасчы Акылбек

209. Чоюке эмне үчүн ―Манас‖ айтып калган?

а) Түшүнө Манас кирген

б) Түшүнө Каныкей менен Алмамбет киргенден кийин

в) Манас 40 чоролору менен түшүнө кирген

г) башка манасчылардай айтып калган

210. Тоголок Молдо ―Манасты‖ кимден угуп үйрөнгөн жана жаттаган?

а) Акылбектен б) Чоңдудан

в) Саякбайдан г) Тыныбектен

211. Тоголок Молдо Манастын канча атасын аныктаган?

а) 12 б) 32

в) 7 г ) 10

212. Шапак Рысменди уулу канча жашында манасчы катары таанылган?

а) 25 жашында б) 20 жашында

в) 26 жашында г) 18 жашында

213. Шапактын варианты боюнча Манас канча бөлүмдөн турат?

а) 4 б) 3

в) 2 г) 5

214. Куйручук деген атты ким ыйгарган?

а) Жайсаң ырчы б) Саякбай

в) эл г) Байзак манап

215. ―Куйручукка айтыш жагынан эч ким жетпейт‖, - деп ким айткан?

а) Токтогул б) Молдо Кылыч

в) Тоголок Молдо г) Молдо Нияз

216. ―Манас‖ эпосун жазып алуу эң биринчи кайсы манасчыдан башталган?

а) Саякбай Карала уулунан б) Актан Тыныбек уулунан

в) Каюм Мифтаковдон г) Сагынбай Орозбак уулунан

217. Сагымбайдан ―Манастан‖ башка кандай мурастар калган?

а) жаңылмачтар, тамсилдер б) санат, терме, үлгү ырлар, жомок

в) макал-лакаптар, афоризмдер г) кошоктор, арман ырлары, дастандар

218. Сагымбайдын айткандарын жыйноочулар?

а) В. В. Радлов, В. А. Власов б) Е. М. Мелетинский, Каюм Мифтаков

в) К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов г) Ч. Валиханов, А. Медетбеков

219. ―ХХ кылымдын Гомери‖ аталган алп манасчы?

а) Саякбай Каралаев б) Сагынбай Орозбаков

в) Актан Тыныбек уулу г) Жусуп Мамай

220. Алжирдин маданият министри Мурад Борбуну Саякбайдын манасчылыгына кандайча баа берген?

а) “Силер жазуу маданиятыбыз болгон эмес дейсиңер, мына силердин улуттук китепкананар - ушул абышка”

б) “Сакемден башка эч бир манасчыдан эпостун үч варинты толук жазылып алынган эмес”

в) “Ошондуктан ал варинат – уникалдык, жападан- жалгыз вариант”

г) “Муну Саякбай карыянан өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек”

221. Саякбай манасчылыктан башка да кандай өнөрлөрү менен таанылган?

а) санат-насыят айтып жүргөн б) төкмө акын болгон

в) уламыш, жомок, ырларды айткан г) терме ырчы болгон

222. Жакшылык Сарык уулу канчанчы жылдары жашаган?

а) 1860-1930-жж б) 1878-1940-жж

в) 1880-1934-жж г) 1878-1942-жж

223. Жакшылык Сарык уулунун варианты боюнча ―Семетей‖ менен ―Сейтек‖ канча китеп болуп басылып чыккан?

а) 12 китеп б) 13 китеп

в) 14 китеп г) 11 китеп

224. Жаныбай Кожек уулу ―Манас‖ үчилтигинен кайсынысын айткан?

а) Манасчы б) Сейтекчи болгон

в) Семетейчи г) ал кошокчу болгон

225. Жаңыбай Кожек уулунун айтуусунан 100 басма табак көлөмүндөгү эпосту ким жазып алган?

а) Касым Тыныстанов б) В. В. Радлов

в) К. Асаналиев г) К. Мифтаков

226. Молдобасандын айткан училтиги канча сап ырдан турган?

а) 210 000 б) 217 000

в) 203 000 г) 500 553

227. Мамбет Чокмор уулунун ―Манасты‖ айтып калуусуна кимдин таасири тийген?

а) Таякеси Эшимбек ууулу Доңуздун

б) Чон атасы чоң манасчы болгондуктан

в) Атасы Чокмор акын, төкмө болгон

г) апасы кошокчу болгондуктан

228. Мамбет Чокмор уулу башка манасчылардан эмнеси менен айырмаланат?

а) жаш кезинен “Манас” айтып калуусунун

б) ал оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнө кызыккан эмес

в) оюнан чыгарып айтуучу болгондугунан

г) айырмаланган деле эмес

229. 1886-1981-жылдары жашаган элге белгилүү ―Семетейчи‖?

а) Жаңыбай Кожек уулу б) Дуңкана Кочуке уулу

в) Мамбет Чокмор уулу г) Ыбырай Абдрахман уулу

230. Дуңкана Кочуке уулунун айткандарын кимдер жазып алып, изилдешкен?

а) Асылбек Медетбеков

б) Белек Солтоноев менен Касым Тыныстанов

в) Каюм Мифтаков жана Б. Юнусалиев

г) С. Бегалиев жана Р. Сарыпбековдор

231. Ыбырайым Абдрахман уулу алгач ―Манасты‖ кимден үйрөнгөн?

а) Тыныбек манасчыдан б) Музоокеден

в) Акылбек манасчыдан г) Саякбайдан

232. Ыбырайым Абдрахман уулунун элге белгилүү поэмасы?

а) “Ак уул” б) “Жаныл Мырза”

в) “Саринжи Бөкөй” г) “Кыз Дарыйка”

233. Акмат Рысменде уулу ―Семетейди‖ канчанчы жылы айткан?

а) 1915-ж б) 1900-ж

в) 1920-ж г) 1916-ж

234. Акмат Рысменде уулу айткан ―Чон казат‖ эпизодунан канча сап эпостук түрмөк жазылып алынган?

а) 1) 5300, 2) 3660 б) 1) 6500, 2) 3456

в) 1) 5560, 2) 3578 г) 1) 5500, 2) 3663

235. Жусуп Мамай башка манасчылардан эмнеси менен айырмаланат?

а) Жусуп эпостун Алымсарык бөлүмүн да айткан

б) Жусуп жазма манасчы болгон

в) ал Манасты ар дайым жаттап айткан

г) Кошокко окшоштуруп, кээде жомок кылып айткан

236. Жусуп Мамайдын жазган ―Манасы‖ канча сап ырдан турат?

а) 570 870 б) 553 500

в) 580 000 г) 560 000

237. Манасчы С. Оробаковдон жана Т. Молдонун варианттарын эки дептерге жазып алып жаттап үйрөнүп, айткан ―Манас‖ аткаруучу?

а) Мамыров Муңдук б) Мамыт Алдаяр уулу

в) Жаңыбай Кожек уулу г) Мамбетаалы Ашымбай уулу

238. Жеңижок кайсы шаарда Нурмолдо менен ―Манас‖ айтышып, жарышкан?

а) Наманганда б) Анжиянда

в) Пишпекте г) Нарында

239. ―Манас‖ айтып жатып, Манас менен Коңурбайдын сайышына келгенде тулгадан секирип кетчү дешет, 1916-жылы Какшаалда С. Орозбаков менен ―Манас‖ айтышкан манасчы?

а) Жусубакун манасчы б) Жусуп манасчы

в) Жүгөрү Назар уулу г) Дыйканбай манасчы

240. ―Манаска‖ кара сөз менен ыр аралаштырып айткан, о. э. ―Көкөтайдын ашын‖ кара сөз менен айткан 1901-ж. туулган манасчы, жомокчу, акын?

а) Уркаш Мамбетов б) Саринжи Кожомберди уулу

в) Шапак Рысмендиев г) Сарыбай карыя

241. Саякбайдын ―Манас‖ айтып калуусуна ким түрткү болгон?

а) Чоң энеси Дакиш Манасты көп айтып жүрүп

б) Атасы Карала оозеки чыгармачылыкты билген адам

в) Манасчы Тыныбек

г) түш көрүп айтып калган

242. Саякбай Карала уулу манасчылык талантынын ачылышын эмне менен байланыштырат?

а) оозеки чыгармаларды жакшы билгендиктен

б) төкмөлүк өнөрү болгондуктан

в) түшүнө Бакай менен Каныкей кирип айтып калган

г) “Манасчылыкка” жашынан таасирленгендиктен

243. ―Манастын Париканага кала курдурганы‖ деген 3 басма табак көлөмдөгү үзүндү жазылып алынган, атасы ―бул Сейит уулум‖ деп атаган, эпостун бардык бөлүмүн айткан манасчы аял?

а) Алыйман Муса кызы б) Сейде Дейди кызы

в) Сейдене Молдоке кызы г) Молдокулова Эсенбүбү

244. Түштүктөн чыккан, Кудаярхандын манасчысы болгондугу жөнүндө эл оозунда аңыз айтылган манасчы?

а) Шаймардан б) Чоодан

в) Чюке г) Бөрүбай

245. ―Манас‖, ―Семетей‖, ―Сейтекти‖ айтуу жагынан алдына киши чыкпаган, эпостун уландысы Саякбайдын устаты, Кызыл-Кыянын Түргөнүндө уктап калып, түшүндө кызырга жолуккан манасчы?

а) Акылбек манасчы б) Ш. Рысмендиев

в) Чоюке Өмүр уулу г) Бөрүбай Султан уулу

246. ―Манас‖ эпосун кара сөз менен айткан сабатсыз манасчы?

а) Эргеш Ташимбет уулу б) Матисак Акбай уулу

в) Калбек Жумагүл уулу г) Шаймерден манасчы

247. Мамбетаалы Ашымбай уулунан ―Манастын‖ кайсы бөлүмдөрү жазылып алынган?

а) “Манастын өзүнө ылайык жар издеши”, “Чоң казаттын жүрүшү”, “Манастын жарадар болушу”

б) “Алманбеттин окуясы”, “Көкөтайдын ашы”

в) “Көкөтайдын ашы”, “Семетей”, “Сейтек”

г) “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөктайдын ашы”, “Алманбеттин окуясы”, “Коңурбайдын чабуулу”

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971)

248. Т. Сыдыкбеков биринчи жолу Саякбайдын Тайторуну чаптырганын качан уккан?

а) 1927 б) 1945

в) 1949 г) 1960

249. 1963-жылы Москвада өткөн этнографтар менен антропологдордун эл аралык конгрессинде Саякбай ―Манас‖ эпосунун кайсы бөлүгүн айткан?

а) Чоң казат б) Көкөтайдын ашы

в) Каныкейдин Тайторуну чапканы г) Көзкамандар окуясы

250. Генсектердин ичинен ким ―Манасты‖ Саякбайдын оозунан уккан?

а) М. Горбачев б) Ю. Андропов

в) Н. Хрушев г) И. Сталин

251. Саякбайдын ―Манас‖ айтканын угуп, кайсы элдин маданият министри ыйлаган?

а) Болгар б) Тажик

в) Алжир г) Араб

252. Каныкейден жеңилип калган чоро

а) Серек б) Чубак

в) Сыргак г) Ажыбай

253. Ата журтту баскынчылардан бошотуу аракеттери кайсыл эпизоддо көрүнөт?

а) Нуукер дөө менен болгон согушта б) Көкөтайдын ашында

в) Чоң чабуулда г) Текес хан, Орго хан менен болгон согушта

254. Семетей, Айчүрөк, Бакай, Каныкей, Күлчоро-бешөө эмне үчүн кайып болуп кетишет?

а) Эпосто өз милдеттерин аткарып бүткөндүктөн

б) Күнү бүтүп ажалы жеткендиктен

в) Перилер азгырып кеткендиктен

г) Элдин үмүтү акталып, бейпилдик орногондуктан

255. Себил деген эмне?

а) Курал-жарак, ок өтпөс жоо кийимдердин жалпы аталышы

б) күлазык, тамак-аштардын жалпы аталышы

в) боз үй жабдууларынын жалпы аталышы

г) ат жабдыктарынын жалпы аталышы

256. Күлчоро менен Канчоронун ортосунда талашка түшкөн жаныбар

а) куш б) ат

в) ит г) төө

257. Саякбайдын орус досу

а) Д. Андреев б) В. Шишков

в) А. Баженов г) С. Клычковский

258. Түп атасы Бөйөн хан, Бөйөн хандан Чаян хан, Чаян хандан Огой хан, Огой хандан Балакан, Балакандан Каракан, Каракандан 8 уул, улуусу Жакып кимдин варианты боюнча Манастын ата-бабалары?

а) Сагымбайдын б) Саякбайдын

в) Тыныбектин г) Жайсаңдын

259. ―Сейтек‖ эпосундагы Момунжан кимди дарылап, өлүмдөн алып калат?

а) Канчорону б) Карагулду

в) Күлчорону г) Бакайды

260. ―Он жыл күт, жалгызыңдан туяк-белек калды. Эркек болсо, элиңе тутка, кек алат. Неберең кыз болсо, ошондон кийин өлөлүк‖, - деп Айчүрөк кимге айтты?

а) Чыйырдыга б) Каныкейге

в) Бакайга г) Күлчорого

261. Манас жарадар болгондо, аны Кытайдан Таласка алып келген тулпар

а) Карткүрөң б) Тайтору

в) Тайбуурул г) Тоотору

262. Душмандын курчоосунда калып тогуз күн жөө согушкан баатыр

а) Сыргак б) Чубак

в) Алманбет г) Манас

263. ―Чоң казатта‖ чалгынга Манас минген ат

а) Тайкүрөң б) Мааникер

в) Аймаңбоз г) Аккула

264. Жарым миллион кеп билген, Жалпы дүйнө боюнча Жаттагандай төп билген. Жалгыз сенсиң оюмча, - Саякбайга арналган бул саптардын автору- төкмө акын

а) К. Акиев б) Барпы

в) Алымкул г) Ы. Борончиев

265. Аккула кайсы манасчынын вариантында данга сатылып алынат?

а) Сагымбайда б) Тыныбекте

в) Жусуп Мамайда г) Саякбайда

266. Саякбайдын азасында чертилген күүлөр:

а) “Көкөй кести”, “Карөзгөй” б) “Саринжи Бөкөй”, “Көкөй кести”

в) “Сынган бугу”, “Карөзгөй” г) “Көкөй кести”, “Сынган бугу”

267. Коңурбай кимдин колунан каза тапкан?

а) Күлчоронун б) Серектин

в) Семетейдин г) Канчоронун

268. Саякбай Москвада кайсы окуу жайда ―Манас‖ айткан?

а) Пушкин атындагы институтта

б) Бауман атындагы училиүада

в) Ломоносов атындагы университетте

г) Щепкин атындагы театралдык училищада

269. Саякбайга жашы кичүү курдаш, жан сырын жашырбас сырдаш болгон эл акыны

а) М. Жангазиев б) Т. Байзаков

в) А. Токомбаев г) Б. Сарногоев

270. Манастын айбалтадан өлөрүн айтып, Коңурбайга айбалта жасаткан кытайлык даанышман

а) Эсенкан б) Карыкан

в) Раңкүдүк г) Жангир

271. С. Каралаевдин варианты боюнча Манастан Семетейге мураска өткөн тулпар

а) Тайбуурул б) Тайтору

в) Кылжейрен г) Торучаар

272. Кытайдын башкы хандары: Эсенкан, Алооке, Карыкан, Азизкандардын туугандык катыштыгы

а) бөлөлөр б) бир туугандар

в) таяке-жээндер г) жердештер

273. ―Алты арам‖ деген туруктуу эпитет кимдерге таандык?

а) Көзкамандарга б) кытайлык кыл мергендерге

в) Манастын аталаштарына г) эч кимге

274. Манасчы С. Каралаевдин өмүр чыгармачылыгына арналган илимий фильмдин канчанчы жылы ким тарабынан тартылган?

а) 1965-жылы, Б. Шамшиев б) 1968-жылы, Т. Океев

в) 1974-жылы, Д. Садырбаев г) 1964-жылы, М. Убукеев

275. К. Карасаев С. Каралаевди ким аркылуу тапкан?

а) Бекен карыя аркылуу б) Кайду карыя

в) Акыл карыя аркылуу г) Кабыл карыя аркылуу

276. Идрис Жунуш уулу С. Каралаевден канча сап ―Семетейди‖ жазып алган?

а) 45172сап, же 5 дептер б) 45178сап, же 3 дептер

в) 25162сап, же 2 дептер г) 35172сап, же 5 дептер

277. С. Каралаевдин вариантында Жакыптын түшүн ким жоруйт?

а) Ошпур б) Бакдөөлөт

в) Байжигит г) Акбалта

278. ―Манастын‖ кайсы бөлүмүндө аалам жөнүндө сөз болот жана кимдин вариантында?

а) С. Орозбаков, “Манастын төрөлүшү”

б) С. Каралаев, “Каныкейдин Тайторуну чапканы”

в) Ж. Мамай “Кичи казат”

г) С. Каралаев, “Чоң казатта”

279. Саякбайдын манасчылыктан башка дагы өнөрлөрү болгонбу?

а) комузчулук б) кол өнөрчүлүк

в) саяпкерлик г) мүнүшкөрлүк

280. Саякбай жарыкчылык менен коштошуп баратканда эмне деп айткан?

а) келме келтирген б) куран окуган

в) коштошкон г) “Манас” айткан

281. Бакайдын баласынын ысымы?

а) Акаяр б) Байтайлак

в) Байжигит г) Байбарак

282. Каарына бу кыздын,

Калайык чыдап турбаган.

Кан Коңурбай баш болуп,

Чымачындын, Бээжиндин,

Чын кандары ыйлаган.

а) Кыз Сайкал б) Карлыгач

в) Арууке г) Каныкей

283. Манастын ордосу турган жер катары эпосто кеңири сүрөттөлгөн, азыркы Талас дарыясынын сол куймасында жайгашкан жер кайсы?

а) Кең- Кол б) Кең- Арал

в) Кең-Тоо г) Кең- Өзөн

284. Чубактын жоого минген жана байгеге чапкан күлүгү?

а) Көкчебич б) Көкбуудан

в) Көктеке г) Көкбуурул

285. Күлчорону дарылап айыктырган дарыгер ким?

а) Момунжан б) Сабыржан

в) Момункул г) Атажан

286. Кыз Сайкал жердеген жер?

а) Талас б) Анжыян

в) Алай г) Мазейил

287. Торсук деген эмне? ―Жаман атка жел бүтсө жанына торсук байлатпайт‖ (элдик макал)

а) ат б) кол чанач

в) курал г) куржун

288. Манас кытайдын Кочку баштаган жети жүз колу менен беттешкенде минген тулпар?

а) Аккула б) Тайтору

в) Торучаар г) Тайбуурул

289. ―Элемандын эркеси,

Кудайдын сүйгөн пендеси,

Тогуз уулдун кенжеси‖, - деген туруктуу эпикалык формула кимге карата колдонулат?

а) Төштүк б) Көкчө

в) Алманбет г) Манас

290. Жедигер уруусунун каны, Семетейдин ички душмандарынын бири?

а) Канчоро б) Күлчоро

в) Чынкожо г) Толтой

291. Шаатемир деген ким?

а) Чачыкейдин атасы б) Аруукенин атасы

в) Бурулчанын атасы г) Айчүрөктүн атасы

292. Эпостогу ―ылашкер‖ деген сөз эмнени түшүндүрөт?

а) элди б) жерди

в) чинди г) аскер

293. Сыргактын жоого минген жана байгеге чапкан тулпары?

а) Көкжорго б) Көкказык

в) Көккачыр г) Көкчолок

294. Күлдүр мамай бул эмне?

а) найза б) кылыч

в) жаа г) мылтыктын аты

295. ―Улуу манасчы Саякбай Карала уулуна алкыш‖ (Алп манасчынын албан элеси. Бишкек, 1994). Кайсы жазуучунун макаласы?

а) Ч. Айтматов б) Т. Сыдыкбеков

в) К. Жусупов г) К. Жусубалиев

296. ―Мындай дастанчы Сакеңден (Саякбайдан) кийин дүйнөгө келбейт‖, - деп ким айткан?

а) Т. Сыдыкбеков б) В. Жирмунский

в) Ч. Айтматов г) М. Ауэзов

297. ―Аты да Манас турбайбы, заты да Манас турбайбы.

Өзү да Манас турбайбы, сөзү да Манас турбайбы.

Алмамбет болсо жолдошум, кан Манас болсо жолборсум.

Касташкан жоодон жалтансам, мени кудай урбайбы‖, - деп зор дем менен жоого каршы аттанган баатыр

а) Алмамбет б) Сыргак

в) Чубак г) Серек

298. С. Каралаевдин варианты боюнча ―Алты шердин‖ кенжеси аталган баатыр (Эпизоддогу алты Шер: Сулайман (Соломан падыша) , Дауд, Искендер-Зулкарнайн, Үрүстөм, Дастан, Азирет Аалы ж. б. легендарлык фольклордук баатырлар)

а) Азирет Аалы шер б) Дауд Шер

в) Манас Шер г) Үрүстөм баатыр

299. Арууке төрөгөндөн үч күндөн кийин көз жумат, андан соң анын уулу Күлчорону медер кылып ким багып алат?

а) Каныкей б) Чыйырды

в) Айчүрөк г) Бурулча

300. Манастын ата-бабалары

а) Бакай, Жакып, Каракан, Огузкан, Аланчакан

б) Каракан, Огузкан, Аланчакан, Байгур, Бабыр, Түгөй, Көгөй, Ногой, Жакып

в) Бөйөн, Чаян, Түгөй, Сарыкан, Ногой, Каракан, Бакай, Жакып

г) Бөйөн, Чаян, Ногой, Жакып, Байгур, Орозду

301. Манастын кой багып жүргөндөгү досу ким?

а) Акбалта б) Ногой

в) Чегебай г) Чубак

302. Манас кой кайтарып жүргөндө кимдер менен таанышат?

а) Калмактар менен б) Алмамбет

в) Көкчө г) Кырк чилтен менен

303. Манас биринчи болуп кимдер менен жоолашат?

а) Алтайлык калмактар менен б) кытайлар

в) казактар г) Шорук хан менен

304. Бай ким?

а) Жакыптын иниси б) Жакыптын агасы

в) Манастын досу г) Манастын иниси

САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (1867-1930)

305. С. Орозбаковдун вариантында Чубактын өз ысымы ким делет?

а) Болот б) Болотбек

в) Болотбай г) Болотхан

306. Элдик оюндар чагылдырылган эпизод

а) Көкөтайдын ашында б) Карабөрккө үйлөнүүдө

в) Акылайга үйлөнүүдө г) Таласты бошоткондо

307. Сагымбай Орозбаков төрөлгөн жыл

а) 1864 б) 1865

в) 1866 г) 1867

308. ―Манас‖ эпосун мусулмандаштырган манасчы

а) Тыныбек б) Жайсаң

в) Сагымбай г) Саякбай

309. Көкөтайдын ашындагы ―Төө чечмей‖ оюнунда байгени алган кытайлык аял

а) Оролгүл б) Ороңгу

в) Орунгүл г) Орунбү

310. Көкөтайдын ашындагы ат чабышка канча тулпар катышкан?

а) 997 б) 999

в) 1000 г) 1001

311. Кимдин вариантында Манас менен Аккула бири-бирине атайын арналып жаралган тагдырлаштар катары бир күндө туулат?

а) С. Каралаев менен Б. Сазановдун

б) С. Орозбаков, менен Б. Сазановдун

в) Б. Сазанов менен Тыныбектин

в) М. Мусулманкулов менен Келдибектин

312. Санирабиганы Каныкей титулу менен биринчи ким атаган?

а) Абылкасым (Атемирдин иниси) б) Кошой

в) Ысмайыл (Каныкейдин иниси) г) Бакай

313. ―Манас‖ эпосунда Акмама кимдин энеси?

а) Каныкейдин б) Аруукенин

в) Акеркечтин г) Акылайдын

314. Чубак менен Манас биринчи жолу жолугуп ―Кыл болот мизин жалашып‖ антташкан жер эмне деп аталат?

а) Боз-Таш б) Акчаңгыл- Таш

в) Көк-Таш г) Көкчаңгыл-Таш

315. С. Орозбаковдо Алике кимдин баласы?

а) Бакайдын б) Байдын

в) Кошойдун г) Тазбайматтын

316. Алманбеттин аялы Арууке кимдин кызы деп айтылат?

а) Көкчөнүн б) Шаатемирдин

в) Кайберендердин каны Байыңдын г) Акундун

317. Чыйырдыга каңгайдын Кара мергени аткан жолборстун жүрөгүн алып келип берген жылкычы

а) Бадалбай б) Болотбай

в) Акбалта г) Байжигит

318. Бакайдын жоого минген аты

а) Желкайып б) Суркийик

в) Малтору г) Бозжорго

319. Алманбеттин атасы Соорондуктун шаары

а) Будалык б) Будача

в) Мазейил г) Каңгай

320. Көкөтөйдүн атасы ким?

а) Жанадил б) Карыкан

в) Камбаркан г) Багыш

321. Алымсарыктын минген аты, Көкөтөйдүн ашында Манас баатыр Коңурбай менен эр сайышка минип түшкөн тулпар

а) Каражой б) Айманбоз

в) Жармаңдай г) Тайтору

322. Түн ичинде сууруса

Өрттөй болуп кызарган,

Уруштуу күндө узарган,

Заарын тарткан мунардан,

Учун кайкы чыгарган

Тоого чапса таш кескен

Белге чапса баш кескен

Шиберге койсо өрт кеткен

Шилтенгени мүрт кеткен, - деп С. Орозбаков кайсы согуш куралын сүрөттөйт?

а) Аккелте б) Зулпукор

в) Сырнайза г) Жойкума

323. Кыз Сайкалдын атасынын ылакап аты

а) Катыраң б) Каткалаң

в) Катал г) Карынбай

324. Он алты жарым жашы бар,

Оролгон кара чачы бар.

Саат салган топчудай,

Керилген кара кашы бар.

Акак тиштүү, кыйгач каш,

Тамагынан көрүнгөн,

Кара мейиз, жуткан аш, - бул сүрөттөөлөр кайсы сулууга таандык?

а) Чачыкей б) Карабөрк

в) Арууке г) Акылай

325. Эң алгач жоо менен беттешип Манас жекеде өлтүргөн баатыр?

а) Дөөдүр алп б) Кайчы кулак

в) Жолой дөө г) Кочку

326. Үсөндүн ылакап аты?

а) Көдөң б) Көкчөкөз

в) Көгөй г) Көгөн

327. Ырчы уул менен эгиз деп айтылган чоро?

а) Бозуул б) Шууту

в) Жайнак г) Кутунай

328. Кооздолуп жасалган, ок, найза өтпөс сырт кийим эмне деп аталат?

а) соот б) күрөөкө

в) олпок г) күбө

329. Санирабиганын атасы Атемир кайсы журттун каны болгон?

а) казак б) кыйба

в) калмак г) өзбек

330. Кыяш кимдин жубайы?

а) Жолойдун б) Кошойдун

в) Коңурбайдын г) Эсенкандын

331. Коңурбайдын жылкычыларынын башчысы

а) Токшукер б) Орок

в) Карагул г) Түктаман

332. Каңгайдын канышасы, баатыр аял. ―Оюктун боюн жердеген Ойроттон киши жеңбеген‖ белгилүү баатыр аял ким?

а) Ороңгу б) Канышай

в) Арууке г) Бурулча

333. Серектин өз аты

а) Байсабай б) Бозуул

в) Серсабай г) Согорбай

334. Чотала деген эмне?

а) төө мылтык б) араба

в) мылтык г) жаа жебеси

335. Ыраңшоо балбаны

Ыргай найза алганы,

Ага каршы эр Манас

Аккула атын чуратты,

Бир урганда найзаны

Ыраңшоону кулатты. Манас Ыраңшоону кайсы урушта өлтүрөт?

а) “Нескара менен болгон урушта б) Алооке менен болгон урушта

в) Коңурбай менен болгон урушта г) Текес кан менен болгон урушта

336. ―Жазган молдо Ыбырай, жаш акты эки көзүнөн‖ деп ким ырдаган?

а) Сааданбек б) Рысбай

в) Сагымбай г) Назаркул

337. ―Манас‖ эпосунун эң этнографиялуу варианты кайсы манасчыныкы?

а) Саякбай б) Сагымбай

в) Келдибек г) Чоң Ооз

338. С. Орозбаковдун вариантын кагазга түшүргөн адам

а) Буудайбек Сабыр уулу б) Тоголок Молдо

в) Ыбырай Абдырахманов г) Тазабек Саманчин.

339. Улуу манасчы С. Орозбаков качан каза болгон?

а) 1915 б) 1929

в) 1930 г) 1940

340. Сагымбайдан ―Манас‖ канча жыл бою жазылган?

а) 4 жыл б) 8 жыл

в) 1 жыл г) 2 жыл

341. Тарыхчы Белек Солтоноев С. Орозбаковдон эмне деген ыр жазып алган?

а) “Элиме” б) “Балама”

в) “Сагымбайдын зары” г) “Ысык-Көлдү сагынуу”

342. Сагымбайдын ―Манас‖ бөлүмү толугу менен канча сап болгон?

а) 180378 б) 1 000000

в) 500 000 г) 300 700

343. Манасты ―Манас, Манас деп койсо, мардая калат экенсиң.

Сууга салган чаначтай, дардая калат экенсиң‖, - деп, ким жемелейт?

а) Бакай б) Кошой

в) Акбалта г) Бай

344. Көкөтай кайсы жердин ханы?

а) кыргыз ханы б) Анжиян ханы

в) калмак ханы г) Ташкент ханы

345. Тил билгич чоро

а) Серек б) Түмөнбай

в) Сыргак г) Ажыбай

346. Семетейге ата-тегин угузган адам

а) Каныкей б) Каратаз

в) Сарытаз г) Ысмайыл

347. Коңурбайдын атасынын ысымы

а) Эсенкан б) Алооке

в) Молто г) Карыкан

348. Манас үйлөнгөн тажик кызынын ысмы

а) Рабиниса б) Санирабига

в) Гулфруз г) Саодат

349. Манастын акыреттик досу кайсы улуттан?

а) кытай б) казак

в) өзбек г) калмак

350. ―Манас‖ эпосундагы казактын каны

а) Эр Көкчө б) Эр Төштүк

в) Нескара г) Көкөтөй

351. Көп чатакка себепкер болгон иш-чара?

а) Манастын үйлөнүшү б) Алмамбеттин окуясы

в) Көкөтайдын ашы г) Манастын төрөлүшү

352. Көкөтөйгө чейин Ташкенди бийлеп турган калмак каны

а) Алооке б) Нескара

в) Паң г) Панус

353. Ногойдун балдары

а) Орозду, Үсөн, Бай, Жакып б) Бөйөн, Чаян, Жакып, Бай

в) Каракан, Аланчакан, Үсөн, Жакып г) Орозду, Бай, Бакай, Чыйырды

354. Жакыптын аялдарынын аттары

а) Чыйырды, Бакдөөлөт б) Чыйырды, Карабөрк

в) Чыйырды, Каныкей г) Чыйырды, Шакан

355. Чыйырды кандай түш көрөт?

а) Түшүндө ак сакалдуу киши келип кылыч берет

б) Түшүндө ак селдечен ак сакалдуу адам келип ак алма менен кызыл алма берет

в) Түшүндө кызыр ата келип алтын аяк берет

г) Түшүндө куш кармап алат

356. Туучунакты издеп кеткен баланын аты ким?

а) Чике б) Акбалта

в) Меңдибай г) Эштек

357. Меңдибай Туучунактын артынан келип токойдо кимдерге жолугат?

а) Жолборско б) карышкырга

в) кырк балага г) 40 чилтенге

358. Бакдөөлөт кандай түш көрөт?

а) 2 куш кармап алат б) Кызыр белек берет

в) Жолборс кармап алат г) 2 алма таап алат

359. Чыйырды кош бой болгондо эмнеге талгак болот?

а) алмага б) жылкы этине

в) аюунун этине г) жолборстун жүрөгүнө

360. Манас төрөлгөндө Жакыпка ким сүйүнчүлөп барат?

а) Акбалта б) Эшим

в) Кошой г) Бекболот

ЖУСУП МАМАЙ (1918-2014)

361. Ж. Мамай канчанчы жылы кайсыл жерде төрөлгөн?

а) 1917-жылы Шинжаң ооданы

б) 1921-жылы Ак- Чий ооданы Меркез айылында

в) 1920-жылы Кызыл-Суу ооданы

г) 1918-жыл Ак- Чий ооданы Меркеч айылында

362. Магдым кимдин аялы?

а) Жакыптын б) Акбалтанын

в) Бакайдын г) Кошойдун

363. Ээй,

Айтайын баатыр Манасты,

Анын арбактары колдосо,

Айтканым жалган болбосо.

Жарымы төгүн, жарымы чын,

Жарандардын көөнү үчүн, - деп кайсы манасчынын варианты башталат?

а) С. Орозбаков б) С. Каралаев

в) Ж. Мамай г) У. Мамбеталиев

364. Жусуп Мамайдын вариантында Манастын түп атасы ким?

а) Бөдөнө б) Орозду

в) Чаян кан г) Кара кан

365. Жусуп Мамайдын вариантында Ороздунун канча аялы

болгон?

а) 7 б) 5

в) 3 г) 6

366. Ороздунун чоң аялынын балдары кимдер?

а) Жакып, Жамгырчы б) Жакып, Калка

в) Жакып, Шыгай г) Жакып, Эштек

367. Ороздунун тушунда Алооке кандын жердеп турган жери

а) Бейжин б) Нарын

в) Кытай г) Кең-Арал

368. Алооке кыргыздарга кол салганда калмакка барып эл болгон Жакыптын бир туугандары

а) Көлбай, Ташбай б) Адыбай, Көлбай

в) Касиет, Калка г) Текечи, Шыгай

369. Жусуп Мамайдын вариантында эмне үчүн Жакып ногой элинен, Акбалта нойгуттан деп аталып калган?

а) Алооке Жакыпты калмактын байы ногойго, Акбалтаны нойгутка бергени үчүн

б) Жакып ногой уурусунан, Акбалта нойгут уурусунан чыкканы үчүн

в) Ногой жана нойгут деген бир туугандардын балдары болгондуктан

г) Экөөнүн туугандык жакындыгын белгилөө үчүн

370. Калмак менен кыргызга Жакыпты ким кан көтөрдү?

а) Ногой кан

б) калмак кыргыздар кенешип кан көтөрүштү

в) Дөөлөс кан

г) байлыкка алданып Алооке өзү кан шайлады

371. Алооке кан Раңгүдүктүн суук кабарын угуп кимди чакыртып, кандай буйрук берди?

а) Эсен канды чакыртып, ар бир кыргыздын үйүн кыдырып тим болду

б) Эч ким менен кеңешпеди, жанындагыларга бул кабарды эч кимге угузбагыла деп буйрук берди

в) Чыңгыш канды чакыртып, кыргыздын боюнда бар аялдарын чогултуп ичин жардырды

г) Кош бойлуу аялдардын үй-бүлөсүнө чоң салыктарды салды

372. Жусуп Мамайда Куубай аталган Жакып Чыйырдыны эмне кылды?

а) “Сен эркек төрөбөдүң, “-деп, Чыйырдыга сүйлөбөй койду

б) Жырык кара уйга жыртык үйдү арттырып ээн талаага таштады

в) Ызаланып башка жакка көчүп кетүүнү Чыйырдыга сунуштады

г) Чыйырдыны ээрчитип “Башбол” мазарына барды

373. Жакыптын экинчи аялынын аты ким?

а) Чыйырды б) Бакдөөлөт

в) Магдым г) Айкүл

374. Сыргак менен Серек кимдин балдары?

а) Шыгайдын б) Жакыптын

в) Каңдунун г) Балтанын

375. Жакыптын айылындагы Жакыпка теңтуш, кеңешчи, акылмандын аты

а) Акбалта б) Адылбек

в) Бакай г) Алыбай

376. Чыйырды эмнеге талгак болду?

а) Жолборстун жүрөгүнө, шердин тилине

б) Жолборс менен жылкынын жүрөгүнө

в) Жолборстун жүрөгүнө

г) Жолборстун жүрөгүнө, ажыдаардын этине

377. Манас кандай абалда төрөлдү?

а) Барылдап ыйлап түштү

б) Тулумдун ичинде түштү

в) Оң колуна каракан, сол колуна сары алтын уучтап түштү

г) Эки колуна кан уучтап түштү

378. Мажик кимдин баласы?

а) Караногойдун б) Ошпурдун

в) Камбылдын г) Ногойдун

379. Жакып Аккуланы кайсы кандан тартууга алды?

а) Эсен кандан б) Алооке кандан

в) Чыңгыш кандан г) Кары кандан

380. Чыйырды Аккулага кандай жем берди?

а) Эмчек сүтүнө чыланган мейиз аралаш күрүч берди

б) Атайын даярдалган арпаны берди

в) Эмчек сүтүнө чыланган буудай берди

г) Таруу аралашкан арпа берди

381. Орозду өлгөндөн кийинки кыргыздын тагдырын Манаска ким айтып берди?

а) Акбалта б) Жакып

в) Бакай г) Кошой

382. Манас 40 чоросу менен Ооганга жоортул кылып кайсы баатыр менен беттешишти

а) Чанычын баштаган кол менен б) Чынаачанын колу менен

в) Чакчанын жигиттери менен г) Чоңкелдин жигиттери менен

383. Оогандагы беттеште Сыргак менен Шапырак канча күн алышып бири-бирин жеңе албай коюшту?

а) жарым күн б) бир күн

в) үч күн г) эки күн

384. Эсиңди жыйып көзүң ач,

Далайды алган Манасмын,

Мен турганда сен канча?!

Эркексип кепти салыпсың,

Эмеле эстен таныпсың,

Эбиң кетип бир демде,

Арага элчи саласың, - деп Манас кимге айткан?

а) Алоокеге б) Чынаачага

в) Коңурбайга г) Шорукка

385. Манастын кайсы чоросу бир ок атып отуз ит өлтүргөн

а) Алмамбет б) Чубак

в) Сыргак г) Кутубий

386. Манастын айкөлдүгү, боорукердиги кайсы окуяда ачык көрүнөт?

а) Ажаттын боюндагы салгылашта б) Манастын Ооганга жортуулунда

в) Чоң казатта г) ар дайым

387. Ушул вариант боюнча Манастын аялдарын белгиле

а) Каныкей, Карабөрк, Арууке б) Карабөрк, Дилде, Акылай

в) Накылай, Карабөрк, Каныкей г) Карабөрк, Каныкей, Акылай

388. Көкчөкөз Манасты атып жарадар кылганда ким куткарып калды?

а) Бакай б) Каныкей

в) Чубак г) Ажыбай

389. Накылай Каныкейдин алдынан тосо чыгып конок бол деп кимди суранды?

а) Алмамбетти б) Манасты

в) Кошойду г) Бакайды

390. Каныкей эмне үчүн алты жыл жырык уй, жыртык үй менен талаада жашап калды?

а) Накылайдын жалаасынын айынан б) Эч кимди көргүсү келбегендиктен

в) Бакай ушуну кеңеш кылды г) Салтка ылайык нерсени жасаш үчүн

391. Серек менен Сыргакты төрөгөн Жакыптын аялы

а) Чыйырды б) Магдым

в) Багдагүл г) Шакан

392. Манасты сегиз муунуна чейин айткан манасчы

а) Дыйканбай б) Багыш Сазан уулу

в) Жусуп Мамай г) Акмат Рысменде уулу

4. “МАНАС” ҮЧИЛТИГИ КАРА СӨЗДӨ:

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ – “ТЕҢИРИ МАНАС”

393. А. Жакыпбековдун ―Теңири Манас‖ романы кимдердин варианттарына таянылып, качан жазылган?

а) Жусуп, Саякбай, Балык (1994) б) Саякбай, Сагымбай, Жусуп(1992)

в) Сагымбай, Жусуп, Найманбай (1995) г) Балык, Чоюке, Жаңыбай(1985)

394. Кайсы манасчынын варианты ―-Бай Жакыптын катыны, баатыр тууп жатыры‖ деген саптар менен башталат? Бул кабарды ким айтат, аны ким уккан?

а) Ашым Жакыпбеков, жылаңач бала, Акбалта

б) Саякбай, дубана, Меңдибай

в) Сагымбай, дербиш, Чегебай

г) Бегыш, олуя, Жакып

395. Жакын арада Алтай тараптагы кыргыздарда эр туулат, чоңоюп, кыргыздын башын бириктирет, ошондо Алооке, башыңыздан бийлик, алдыңыздан так кетет деген ким?

а) көзү ачык Жангир б) балчы Раңкүдүк

в) далычы Карыкан г) дубана

396. Акбалтанын байбичеси Канымжан кимдин вариантында Манастын киндик энеси болот?

а) Жаңыбай б) Акмат

в) Багыш г) А. Жакыпбеков

397. Ким Манасты Орозду берген Көктөн түшкөн эки Октун бири менен оозданткан? Ооздандырылган окту эмне кылган?

а) Бакдөөлөт ооздандырган, окту Чыйырдыга берген

б) Бегижан ооздандырган, окту Канымжанга берген

в) Чыйырды ооздандырган, Манастын ич тонунун жакасына тиккен

г) олуя ооздандырган, окту Чыйырдыга берген

398. Бармак астындагы бөлтөктөгү ―Манас‖ деген жазуу менен мөөрдү, жонундагы көк жал болчудай калың каралжын кырка түктү ким көрдү?

а) Акбалта б) Бердике

в) Чаргын г) Жамгырчы

399. Алтын-Көлдөгү алп арчанын түбүндөгү жан адамга көрүнбөгөн мүрөктүн суусун ким Чыйырдыга эмне үчүн берди?

а) Байдалы Манаска ичиргенге б) Жакып Чыйырдыга ичиргенге

в) Акбалта Манасты киринткенге г) Бакдөөлөт Манасты киринткенге

400. Манасты колдоочу кайсы жаныбарлар, качан, каерге келишти?

а) Манас төрөлгөн күнү боз үйгө көк жал бөрү, кара чаар жолборс келишти

б) Манас төрөлгөн күнү алп кара куш, жети баштуу ажыдаар келишти:

в) Манас төрөлгөн күнү кумайык, комдолгон боз инген келишти

г) билбейм

401. Манас 14 жашында үч аралга ууга барган кезинде кимге жолугат?

а) 40 чилтенге б) Алманбетке

в) Абунасирге г) Нескарага

402. Манас кан шайлангандан кийин ким менен жоолошат?

а) Калмактын Кортугу б) Кытайдын Нукер дөөсү

в) Нескара менен г) Көкчө менен

403. Жаангер кожонун 11 жаштагы Билерик аттуу баласын Нескара туткунга алганда ким куткарат?

а) Манас б) Алманбет

в) Бакай г) Кошой

404. Манастын душманы, кытайлык он бир Дуудунун колбашчысы ким?

а) Эсенкан б) Нескара

в) Кайыпдаңды г) Кырмуз

405. Манас аялы Карабөрккө кантип үйлөнөт?

а) Атасы Кайыпдаңды кызын тартуу кылат

б) Атасын Кайыпдаңдыны Манас жеңип алат да кызына үйлөнөт

в) Манасты Карабөрк сүйүп калып өзү келет

г) Атасы Жакып кудаалап Карабөрктү алып берет

406. Манас Ата журтун душмандардан бошотуу үчүн кол жыйнап жолго аттанганда ким менен жоо салышты?

а) Калмактын Текес каны б) Кытайдын Алооке канны

в) Кытайдын Эсенканы г) Калмактын Кайып каны

407. Тейишкан кан шайлангандыгы үчүн элге берген тоюнда Манас ким менен эр сайышка чыгат?

а) Калмактын баатыр кызы Сайкал менен б) Куялы баатыр кыз менен

в) Коңурбай менен г) Орго кан менен

408. Сайкал Манаска эмне белек кылат?

а) Балалуу болсоң балаң минсин деп Тайбуурулду берет

б) Кылычын белек кылат

в) Өзүнүн минген атын берет

г) Ак шумкарды берет

409. Мекенин душмандардан бошотуу максатында Манас калмактын каны Акунбешим менен беттешкенде эрдик көрсөткөн баатыр ким?

а) Казактын Көкчө баатыры б) Кыргыздын баатыры

в) Жарманас кыпчактын баатыры г) Сыргак кыргыздын баатыры

410. Манас Ташкенди бийлеген Панусканды жеңгенден кийин ал жерге ким кан шайланат?

а) Бакай б) Жакып

в) Көкчө г) Көкөтөй

411. Жакыптын сунушу боюнча Алтайдагы кыргыздар кай жерге көчүшөт?

а) Анжыян менен Алайга б) Ташкенге

в) Ферганага г) Чүйгө

412. Анжыян аймагын ээлеп турган кытай каны Алоокени Манас кантип жеңет?

а) Алооке Манастан жеңилип калууга көзү жетип багынып берет

б) Манас Алоокенин элин, колун кошуп чаап салат

в) Алоокени өлтүрүп элин багынтырат

г) Алооке качып кутулат

413. Манас Шоорук кандын кызы Акылайга кантип үйлөнөт?

а) Манас Акылайды сүйүп калып катындыкка алат

б) Шоорук кан Манастан жеңилип, кызы Акылайды тартуу кылат

в) Акылай Манасты сүйүп калып, өз каалоосу менен тийет

г) Атасы Жакып кудалап алып берет

414. Алооке Анжияндан качып баратып кимге жолугат?

а) Манаска б) Манастын аскерлерине

в) Баласы Коңурбайга г) Алманбетке

415. Кыргыздын казынасын 90 төөгө жүктөтүп, Бээжинге бараткандарды кимдер токтотту?

а) Жамгырчы, Жакып б) Акбалта, Жакып

в) Улакан, Акбалта г) Жамгырчы, Акбалта

416. Молто Алоокеге: ―Күл чыгарар күң керек, мал кайтарар кул керек. Салык салып, алым алып турууга көз каранды журт керек‖ деди, эмне үчүн?

а) Алооке жиндеп кеткенде

б) Алооке ушак укканда

в) кыргызды жек көргөндө

г) Өлгөндөн калган кыргыз баш көтөрдү дегенди угуп, кырып жибермекчи болгондо

417. Молтонун акылынан кийинки Алоокенин чечими кандай болду?

а) Ороздунун он уулун он тарапка бөлдү

б) Ороздунун иниси Байды Кашкарга сүрдү

в) Акбалта, Жакыпка өтө өчүгүшүп, Алтайдын Ак-Талаа деген жерине кууду

г) жооптордун баары туура

418. Ала-Тоо менен Таласты ким мекендеп турганда, Алооке, Молто кол салды?

а) Көгөй мекендеп турганда б) Ногой мекендеп турганда

в) Орозду мекендеп турганда г) Орозду өлүп, Жакып мекендеп турганда

419. Энесайда жашаган кыргыздардын Түпкү Ханы ким болгон?

а) Түбөй б) Бабыр

в) Чыйыр г) Байгур

420. Ак-Талаага сүргүн болгон кыргыздар жашоону кантип улантышты?

а) Таш кемеге жасап, сактаган куурма чайын кайнатып, балык кармап өзөк жалгашты

б) Акбалта алыстагы калмактарга барып, бекиткен алтынына мал айырбаштады

в) Жакып да бекиткен алтындарына калмактардан мал сатып келди

г) Ак-Талаага сүргүн болгон кыргыздар жогоркудай үч абалда жашоону улантышты

421. ―Ак-Талаанын үстү- асты алтын экен, Энесай менен Миң- суудагы кыргыз-дарга барып, алтын иштеткендерди табайын‖ деген Акбалта максатына жеттиби?

а) Чыйыр бий күйөө баласы Жакып менен Шаканга деп санабай мал-мүлк айдатты

б) Миңсуунун бийи Жоодур 20 үйлүү нойгутту мал-мүлкү менен Ак- балтага коштотту

в) Акбалтага, Ороздунун жетимине деп 90дон аргымак, баалуу аң терилерди берди

г) Жогорудагылар Акбалтанын максаты эле, көксөгөн максатына жетти

422. Жакып Акбалтанын сүйүнчүсүн укканда кандай абалда болду?

а) эсин жоготуп, көзү көрбөй алактап, бирде коркуп, бирде кубанып, бирде таңданды

б) эсин жоготуп, ачуусу келип, кыйкырып-өкүрүп, буркан-шаркан түштү

в) чочуп кетип, менин түбүмө жетер балабы деп, эртелеп көзүн тазаламакчы болду

г) эч кандай сезимдерге кабылбады

423. А. Жакыпбековдун ―Теңири Манас‖ романындагы бир калта алтын, Камбарбоздун үйүрүнөн бир тогуз, төрт түлүктөн төрт тогуз эмне болучу?

а) Жакыптын Кочкуга камдаган белеги

б) Жакыптын Акбалтага берген сүйүнчүсү

в) Акбалтанын Бакдөөлөткө берген сүйүнчүсү

г) Чыйырдынын Меңдибайга белеги

424. Ак-Талаага сүрүлгөн кыргыздардын ичинен биринчи байыганы ким болду?

а) Акбалта б) Кубат

в) Жакып г) Сарбан

425. Эмне үчүн Меңдибай Туучунакты издеп кетти?

а) куу туяктыгына өксүгөн Жакыпка боору ачышып, атты издеди

б) Чыйырды Меңдибайдан атты кармап кел деп суранганынан издеди

в) Бакдөөлөт Бегижандан өтүнгөнүнөн улам издеди

г) Жакып Меңдибайдан суранганынан издеди

426. ―Согончогу канабаган, эмчеги зыркырап ийибегенге баланын баркы жок‖кимдин сөзү?

а) Канымжандын б) Бегижандын

в) Бакдөөлөттүн г) Жаңылдын

427. Кукулуктаса үнү куштан башкача, куйрук-башы жаркылдайт, жүнү куудан ап-пак, саңоор жүнү алтын, текөөрү болот, тумшугу канжар, айбат менен караса алпкаракуш сүрү бар... ага туур жайладым, жанына алача моюн шумкар байла-дым... кимдин түшү?

а) Чыйырдынын б) Бакдөөлөттүн

в) Жакыптын г) Акбалтанын

428. ―Өзүң боосу жез бозала туйгундан экини кармапсың, эки колуңа кондуруп, соного саласың, салгандын баарысы алдыңа далп деп түшөт, алар менин үйүмдө, чоң үйдө алтын балдак туурда туйгун отурат, ал талпынса, эки куш жалтанат... кимдин түшү?

а) Бегижандын б) Канымжандын

в) Чыйырдынын г) Бакдөөлөттүн

429. Манастын тууларын уккандан кийинки Эсенкандын Алоокеге берген тапшырмасы:

а) боюнда бар аялдар сүргүнгө айдалсын

б) боюнда бар аялдар өлтүрүлсүн

в) боюнда бар аялдардын ичи жардырылсын

г) кыргыздардын бүт баарын кыргыла

430. ―Алооке, тукум курут кыла көрбө, бир жолку кырганың деле жетер, бул жоругуңдун сыры эмне?‖- деп, кимдер жан соога кылышты? Алооке эмне деп жооп берди?

а) Акбалта, Бердике, Жакып Эсенкандан сурагыла

б) бүт кыргыз, Карыкандан сурагыла

в) Чыйырды,, Эсенкандан сурагыла

г) Жакып, Акбалта, Карыкандан сурагыла

431. Кыргыздан 90 аттуу-баштуу киши, 30 төөгө атын-күмүш жүктөп, 90 күлүк, толгон баалуу аң терилерди алып, кимге жан соога сурап барды?

а) Карыканга б) Эсенканга

в) Алоокеге г) Молтого

432. ―Кыргыздар беш үйдөн бир консун, бирден кечил боюнда барларга байкоого салат, эркек төрөлсө, бармагынын бөлтөгүндө Манас деген жазуу, мөөр болсо, токтоосуз мага жеткиргиле. Ич жаруу токтотулсун, кимдин буйругу?

а) Молтонун б) Алоокенин

в) Эсенкандын г) Карыкандын

433. Жакыптардын беш түтүндөн турган жамаатына ким кароолчу болду?

а) Кортук б) Кочку

в) Шакум г) Шууту

434. Жолборстун жүрөгүн ким тапты жана ким Чыйырдыга бышырып берди?

а) жылкычы Бадалбай тапты, өзү бышырды б) Кара мерген тапты, Бакдөөлөт бышырды

в) Кангайдан тапты, Бегижан бышырды г) Меңдибай тапты, Канымжан бышырды

435. Боюнда бар Чыйырдыны Кочкудан кантип бекитишти, ал акылды ким тапты?

а) Меңдибай экөөнү токойго көчүрдү, Акбалта б) Энесайга кетирди, Бадалбай

в) Үйүндө эле эч кимге көрсөтпөй, Бердике г) Миңсууга кетирди, Акбалта

436. ―Кең көкүрөк, жайык төш, алаканы жазы, колу ачык, алп мүнөз, кеткен кекти, өткөн өчтү алар, маңдайы жазы, кочкор тумшук‖ деген сыпаттаманы ким кимге берди?

а) Акбалта Манаска б) Жакып Манаска

в) Бердике Манаска г) Бадалбай Манаска

437. ―Ой, бул чоң бала го, чоң катын муну Энесайда тууп келген, төө бакканга жарайт, Чоң жинди деп аты туура коюлган, той бере бер, мени да чакыр, ―-деп ким айтты?

а) Кортук б) Шакум

в) Кочку г) Шууту

438. Төрткө келгенде бой келбети толду, беште тамтуң басты, алтысында кадыресе жетилди, жетисинде жигит курады, сегизинде койчумандыкка барган ким?

а) Меңдибай б) Манас

в) Айнакул г) Чегебай

439. ―-Сенин атың Манас, 40 жолдошуң болот, мунун аты Чегебай экен, аты Кутубий болуп өзгөрөт‖, –деген ким?

а) бөрү болуп кубулган 40 чилтендин бири б) белгисиз киши

в) бөрүдөн куйругу үзүлгөн козу г) Чегебайдын сөзү

440. Кырылган малыңа кейибе, калмак деген ит-куштан балаңды сакта деп ким айтты?

а) Ошпур б) Акбалта

в) Чыйырды г) Бакдөөлөт

441. ―Олжону кайтарчу беле?‖ качан, кимге карата айтылган сөз?

а) Ошпур Баянчордон кечирим суратмакчы болгондогу, Манастын жообу

б) Жакып калмактардан кечирим суратмакчы болгондогу, Манастын жообу

в) Ошпур айылдын элинен кечирим суратмакчы болгондогу, Манастын жообу

г) Чегебайдын Манасты тартипке чакырмакчы болгондогу, Манастын жообу

442. Манастын намысын козгоп, канын дүргүтүп, укуруктун уусунан мүрт кеткен калмак?

а) Шакум б) Кортук

в) Ыйман г) Баянчор

443. Кортуктун сөөгүн артып, Бала Манастан таяк жеген калмактар кандай чечим кылды?

а) Кортуктун бийи Дөгөн кун куумакка 700 манжу- алтай калмактан аскер жыйнады

б) Алтайлык калмак Домабил - Дөгөн кыргызды баш көтөргүс кылмакка келишим түздү

в) Кунга келаткан жылкыны Домабил бүт алып, Дөгөндү өлтүрдү, манжуну талкалады

г) Калмактардын чечимдери ишке ашпай калды

444. Эмне үчүн наймандан, коңураттан, үйшүндөн, алчындан, казактан 780 кол келди?

а) Домабилге каршы согушмакка б) Дөгөнгө каршы согушмакка

в) Коркуттун кунун кууш үчүн г) Жакыптын жардам сураганынан улам

445. Бала Манастын(10 жаштагы) алгачкы намыс үчүн согушу кантип аяктады?

а) Кортуктун уулуна Каратоко Мажик деген ат коюлуп, манжулук калмакка бий болду

б) Кыргыз, калмак, казак үч журт ынтымакташып, достошту

в) Чоң Жинди аты өчүп, Манас атка конду, ал атагы Эсенканга жетти

г) Намыс үчүн болгон күрөш жогорку үч ийгилик менен коштолуп, жеңиш менен бүттү

446. Кан жолдун огуна тигилген кырк таман ордону ким чийдирди?

а) Айнакул б) Манас

в) Меңдибай г) Мажик

447. Тогуз нарга алтын-күмүш жүктөтүп, алты жайсаң, жети сартты Эсенкан кандай максатта Алтайдын Арал тарабына жөнөттү?

а) соода-сатык кылуу үчүн б) байланыш-катышты чыңдоо үчүн

в) Манасты өлтүртүү үчүн г) өз саясатын таратуу үчүн

448. 9 төөнүн жүгүн алгыла, төөлөрүн жетелетип 7 сартты жолго салгыла, 6 өлүктү ордодон алыс ыргыткыла, арыз-арманын Бурканына айтсын, урганым жок деген ким?

а) Мажик б) Бала Манас

в) Кутубий г) Меңдибай

449. Эмне үчүн 10 жаштагы Манас, Мажик Турпанга Карамырзаныкына сүргүнгө кетти?

а) Бакдөөлөттүн сөзү үчүн б) Чыйырдынын чечими үчүн

в) эрезеге жеткенче душманга көрүнбөс үчүн г) балдар менен чабыша бербес үчүн

450. Көмүр-темир ташыганга унаа, согумга көп мал, соодасына алтын-күмүштү ким берет?

а) Карамырза б) Ат-Башыдагы Дөө Кошой

в) Жамгырчы г) Бөлөкбай

451. Калмактар тымтыракай куугандан узанбай, сырымды каттым, өздөрүнө иштетпесин дедим, Жойкуманы сага тартуу, Манаска курал жасаганга даярмын деген ким?

а) Кангайдагы Үсөн б) Бадакшандагы Бөлөкбай

в) Эрендеги Шыгай г) Жамгырчы

452. Самаркандга Жамгырчыга кимдер келишти?

а) Бөлөкбай, анын эки уулу: Түлөөкө, Төлөк, Бакай

б) Дөө Кошой, Манас

в) Карамырза, Бакай

г) Үсөн, Бакай

453. Жакып менен Акбалта кандай белек сураганда Эсенкан каткырып күлдү?

а) алтын-күмүш б) кула бээнин жүдөө кула тайын

в) асыл буюм г) шуру-мончок

454. Жерден, бийликтен кула тай чоң белек болду, Манаска тете тулпар болот деген ким?

а) Бакай б) Карамырза

в) Жакып г) Акбалта

455. Малдын сырын билген буруттар тулпар чыгар тайды алдап алып кеткен тура, кайыптан бүткөн ал тай, кула бээ эми туубайт, 1-кулун Алгара Коңурбайда, 2-кулун Ачбуудан Жолойдо, экөөнөн чыгааны ушул, кайтарып алалы деген

ким?

а) Эсенкандын Жангири б) Алоокенин Раң-Күдүгү

в) дербиш г) олуя

456. Ошпурдун уулунун аты ким?

а) Айнакул б) Кутубай

в) Назарбек г) Чегебай

457. 900 аскер кол менен Нуукерди Эсенкан эмнеге жөнөттү?

а) саякатка б) Манасты издетти

в) соода жүргүзгөнгө г) казатка

458. Нуукер өлүп, 900дөн 200ү араң качып кутулганда, Манаскандай атка конгон?

а) Эр Манас б) Шер Манас

в) Арстан Манас г) канкор Манас

459. Канга кылдык каяша, кастыгына жараша. Эми Эсенкан жөн жатпайт. Өлүү болсок бир чуңкурда, тирүү болсок чогулуп бир дөбөдө бололук, ынтымак куралы деп ким айтты?

а) Акбалта б) Жакып

в) Бакай г) Бердике

460. Манас деп ураан чакырылып, Чыйырды эне жасаган көргөндүн көзүн тал-дырган Ак Ордо тигилип, Көк Туу желбиреди, 9 күн той болду, ошондо Манас канча жашта эле?

а) 13 жашта б) 15 жашта

в) 14 жашта г) 12 жашта

461. Нуукердин кунун кууганы, атактуу баатыр Нескара 6400 кол менен Манастар капарсыз турганда, капыстан бастырып келгенде, 1-кимге жолукту?

а) Жайсаңга б) Жакыпка

в) Кутубийге г) Бердикеге

462. Нескара менен болгон согушка Манас кайсы атты минип чыкты?

а) Торучаарды. б) Аккуланы

в) Койкүрөңдү г) Сараланы

463. Кытайдын балбаны Шаңмусар Манаска жаа тартмакчы болуп калганда аны ким атты?

а) Карабөрк б) Акылай

в) Карлыгач г) Бегижан

464. Манас канча жашында, кимге каада-салт менен жактырып, үйлөндү?

а) 14үндө Акылайга б) 13үндө Айчүрөккө

в) 15инде Карабөрккө г) 16сында Асылга

465. 19 жаштагы Нескаранын айла-амалын кетирип, Бээжинге чейин куумакчы болуп, Аккуланын табына келе электигинен, согушка көнө электигинен өксүп калган ким эле?

а) Кутубий б) Чегебай

в) Айнакул г) Манас

466. Манастын, 40 чоронун согуштук курал-жарактарын дөөкер(токарь) Бөлөкбай канча жылда бүтүрдү, аны Бакай кимге бекиттирди?

а) 2, Жамгырчыга б) 3, дөө Кошойго

в) 4, Карамырзага г) Үсөнгө

467. Өзүн-өзү өлтүргөн Текестин ордуна кимди кандыкка көтөрүштү?

а) Карача чалды б) Кыз Сайкалды

в) Култаңды г) Текестин иниси Тейишти

468. ―Өзүм алчу кыз экен, өлтүрүп коюп жүрбөйүн, абайлайын‖ деп, Аксаргылды минип(Тейиштин тоюнда) , найза сайышта, ажалсыз өлүмгө кете жаздаган кайсы баатыр?

а) Манас баатыр б) Нескара баатыр

в) Нуукер баатыр г) Чубак баатыр

469. ―Атагы таш жарган, каарынан калың кытай калтыраган Манасты жайлап, Куяс менен Текестин кунун алайын‖ деп, Теро Маеодогу калмактардын кайсы баатыры айтты?

а) Дардак балбан б) Үйшүмбай бай

в) Шүйүңгүр баатыр г) Сайкал баатыр кыз

470. Манас баатыр Сайкалга мага тий деп каерде сунуш киргизди?

а) Найза сайышта б) боз үйдө

в) Карача чалдын үйүндө г) Текестин зыйнатында

471. Манас Сайкалдын атын албай, Карачага берип, Тейиштин тоюндагы элге эмне деди?

а) жерин алам б) кереги жок

в) атын албайм, өзүн алам г) элин алам

472. -Ысык-Көл жер соорусу турбайбы, бирок тегереги чылк курчалган аскалуу тоо экен, жоо камап кирсе, эл кантет, көлгө кире качабы, - деген кимдин сөзү?

а) Кошойдун б) Манастын

в) Жакыптын г) Бакайдын

473. ―Сүйүнгөнүм го жөн, бирок аксакал башым менен алактап, жаш баланын алдынан чаап чыкканым жөнсүз болор. Каада сактап, Чеч-Төбөдөн күтөйүн‖, - деп ким айтты?

а) Жакып б) Дөө Кошой

в) Үсөн г) Акбалта

474. Касыңдын каны чачылсын, элиңдин багы ачылсын, досуңдун көөнү басыл- сын, жоо жолобой сүрдөсүн, каруу болсун күндүзү, кароол болсун түндөсү, калканыч болсун элиңе, кайрат болсун белиңе, Сырнайзанын учундагы Көк асаба Кыргыздын болсун желеги, жоо жарактар Көкө Теңирдин сага болсун белеги!- батаны ким кимге берди?

а) Жакып Манаска б) Бакай Манаска

в) Акбалта Манаска г) Дөө Кошой Манаска

475. Кошой абасынын батасын, бекиткен жоо жарагын алган соң, Манас эмне кылды?

а) Сыпайкерчилик үчүн Тейишке учурашып өтүү кан салты, Тейишке кайрылышты

б) Улууну урматтоо үчүн Карачага учурашуу эл адаты, Карачанын үйүнө барышты

в) Сайкал: “Баатыр жары эрте тул калат, зыйнатыңа туруп, акыреттик жар болом”-деди

г) Манас Кошой абасыныкынан келе жатып, жогорудагы үч ишти жасады, жооп алды.

476. Ала-Тоону беттеп көчкөн Жакыптарга Манас Аккуланы кошуп, Жылдызга конуп, үч ай күткүлө, ага чейин келбесем, Манас өлдү деп, үйгө кара асаба көтөргүлө деди, эмнеге

а) Эсенкан Манасты сөзсүз өлтүрөсүңөр деп эсепсиз кол менен баатырларын жөнөттү:

б) Дөө Жолойду, өчүңдү аларсың деп Нескараны, Айжаңжуң менен Күнжаңжунду

в) Көзгө атар Каражойду, манжунун баатыры Дөөдүрдү, Тибеттин каны Кырмусту ж. б.

г) Жогорку үч кабарды уккан Манас, алда неме болуп кетпесин деп кабатырлангандан

477. Акбалта баш болгон кыргыздар, жардамга келген санаалаш-табакташ ар түрдүү улуттан куралган жоокерлер Манас келгенче согуштун канча күнүнө туруштук берди?

а) үч күнгө б) 6 күнгө

в) 10 күнгө г) бир айга

478. Душмандын көзүнө: алдында көк жал бөрү жүгүрүп, оң жагынан арстан шер чамынып, сол жагынан кара чаар жолборс камынып, үстүнөн чеңгел салган буудайык имерилип, артынан 60 кулач ажыдаар жалын чачып ышкырып тур-

гандай көрүнгөн ким?

а) Дөө Жолой б) Манас баатыр

в) Дөө Кошой г) Эр Төштүк

479. Эки тарап тең кырылды, саны азайды, чаалыгып-чарчашты, манжунун баа-тыры Дөөдүр өлдү, Тибеттин каны Кырмус туткундалдалганда кийин, калмактар Айжаңжуң менен Күнжаңжунду Манаска эмне үчүн жөнөттү?

а) тыңчылыкка б) согушту токтотууга

в) үч күн өргүү берүүгө г) алдап качуу үчүн

480. Каражой сураганың берейин, Манастан өлбөйүн өзүн же атын жайлап бер, -деп ким айтты?

а) Нуукер б) Дөө Жолой

в) Дөөдүр г) Алооке

481. Каражой Торучаарды өлтүргөндөн кийин Жолойдун балбандарынын курчоо-сундагы Манаска Айбанбозду тартуулап, Жолой баш болгон балбандарды чилдей тараткан ким?

а) Акбалта б) Кутубий

в) Жакып г) Дөө Кошой

482. Согушта жеңилип, качкан Нескара менен Жолойду баш кылып, балбандарын Бээжинге чейин куумакчы болуп ээленген ким?

а) Акбалта б) Жакып

в) Манас баатыр г) Дөө Кошой

483. Кумурскадай кытайга миң кол кеп эмес. Алтайдан элиң көчтү, Ала-Тоо Алоо-кенин колунда, теңдешсиз жоого өзүң жалгыз барам дегениң эп эмес? Жерибизди бошотолу, чачылганды жыйнайлы, күчкө толгондо, кек алууга казат

баштайлы деп ким айтты?

а) Айдаркан б) Дөө Кошой

в) Акбалта г) Кутубий

484. Теңир улуттарга жер бөлүп жатканда кыргыз уктап калып, Ала-Тоого ээ бол-гонун Кошой санжыралаганда, Шуутунун уктап калганын ким көрүп, күлүп, тил уккан?

а) Ажыбай б) Жакып

в) Кутубий г) Акбалта

485. Кыргыз жерин бүт баскынчылардан бошотуп келаткан Манас Таластан бей-капар эле, Меркеш, Шамың шаа, Дабагынын согушка камынып жатканын ким айтып келди?

а) калмак Акунбешим б) кыргыз Күдүңбай

в) кытай Кетелик г) манжу Чулу

486. ―Маралдары инектей, балтырканы билектей, кескелдирик жыландай, жылан-дары аркандай‖ деген Ырчыуулдун апыртмасына Манас баш болуп күлсө, үргү-лөп келаткан Качкынбай кошо күлүп, кайра эмнеге күлдүк дейт, ошондон калган лакап кайсы?

а) Шодокондун бүркүтүндөй жутунган б) Тазбаймат Манасты унуткандай

в) Чубактын кунундай чубалжыган г) Качкынбайдын каңырыш күлкүсү

487. Оболу Орозду бабабыздын кыйраган ордосуна өкүрүп түшөлү деп ким айтты?

а) Акбалта б) Дөө Кошой

в) Жакып г) Бакай

488. Манастын кошууну Алоокеден Андижанды бошотуп, кимди ажо койду?

а) Жамгырчыны б) Дөө Кошойду

в) Үсөндү г) Акбалтаны

489. Ким кейиди: олдо, Манасым ай, айкөлдүгүңдү карачы, нечен аталарыңдын куну мойнунда, каны колундагы Алоокени Каңгайга аман кое бергениңе жол болсун!

а) Акбалта б) Жакып

в) Дөө Кошой г) Бакай

490. Маймуңдуктун каны Шоорукту жеңип, Акылайды тартууга алган ким?

а) Жамгырчы б) Манас

в) Үсөн г) Бакай

491. Аткошчу болсо жүдөөбаш, орукта калат, Чубак кылычтын мизин кескен албарс болот 15ке чыкканча Баш Туунун түбүндө болсун, майданга көзү каныксын, —деп ким айтты?

а) Дөө Кошой б) Акбалта атасы

в) Бакай кол башчы г) Жакып абасы

492. ―Эрегиште жеңилбес эр көрө элек экенбиз, ―-деп Шоорук кимге баа берди?

а) Чубакка б) Бакайга

в) Акбалтага г) Манаска

493. Акылай баштап, тартууга келген отуз кыздын ичинен эч кимге жакпай калган ким?

а) Чубак б) Кутубий

в) Шууту г) Чегебай

494. Алтайга куулган кыргыздар, канча жыл бөтөн элде, бөтөн жерде жашады?

а) 35 жыл б) 30 жыл

в) 37 жыл г) 39 жыл

495. Каңгайдагы Үсөндүн балдары Көкчөкөз, Көзкаманды кытайлыктарга дилин берип, маңкуртка айланганын билип, Эсенкан аларды кимди туткундоого пайдаланды?

а) Дөө Кошойду б) Акбалтаны

в) Манасты г) Бакайды

496. Үсөндүн балдары Көзкаман беш баласы, Көкчө жетөөбүз кытайлыктардан баш калкалап качып баратабыз, Ат-Башыдабыз, Таласка батырсаң күт деп кимге кат жазат?

а) Дөө Кошойго б) Манаска

в) Жакыпка г) Бакайга

497. Көкчөкөздү тосуп алууга эмне үчүн Манас шашты, Бозуул, үч ат кошчу жөнөштү?

а) Ордодо Бакай гана бар эле б) Ордодо Акбалта гана бар эле

в) Үсөндөн кабар келгенге сүйүнүп г) Манас шашкалак болчу

498. Бозуул Көзкамандар балдары менен кытай болуп кеткенби деп эмнеге ойлонду?

а) улам жүгүнүп, чочко соймокчу болгонунан

б) кабарсыз кеткендеринен улам

в) өңү-түстөрүнүн өзгөргөнүнөн улам

г) кийген кийимдеринин бычымына улам

499. Манас:‖Жайлады‖-деп, эмнеден улам жамбашынан бүк түштү?

а) Көкчөнүн найза сайганынан улам

б) Көзкамандардын уу кымызын ичкенден улам

в) Оюнда арамдык жоктугунан улам

г) Тууганчылдыгынан улам

500. Эмне үчүн Көзкамандардын сакал-муруту жыдып, көздөрү агып түштү?

а) маңкурт, көк мээликтеринен улам

б) саткынчылыктарынан улам

в) Бозуул уу кымызды беттерине чачкандан улам

г) өз ара мушташкандарынан улам

501. Манас көзүн ачса, оң жагынан кабылан, сол жагынан көк жал атырылат, эмнеге?

а) Манасты алар жакшы көргөнүнөн улам

б) Манастын касиеттүүлүгүнөн улам

в) мындай болушу мүмкүн эмес

г) алар Манастын колдоочулары болгонунан улам

502. Бакай кимди : ―Атаңдын көрү алаңгазар! Эрдиги бар, эси жок‖ деп сөктү, эмнеге?

а) Манасты б) Чубакты

в) Алмамбетти г) Жакыпты

503. Көзкамандардын тилдерин кесип:‖Эсенканга белек‖ деп колдоруна карматкан ким?

а) Бакай б) Чубак

в) Сыргак г) Дөө Кошой

504. ―Бир Манастын башына кылым жоо татыбайт‖-деп, Кошой качан, кимди тилдеди?

а) Манас уулангандан кийин Акбалтаны

б) Манас уулангандан кийин Сыргакты

в) Манас уулангандан кийин аскер башчыны

г) Манас уулангандан кийин Чубакты

505. ―Жолго кирсе жолдошу, жоголор жерде колдошу, жоо качырса жолборсу‖ деген саптар кимдин образын ачып турат, ал кимдин жолдошу, колдошу жана жолборсу?

а) Кошой, Манастын б) Чубак Манастын

в) Манас Бакайдын г) Алмамбет Манастын

506. Алманбеттин ата-бабалары

а) Чылаба, Солобо, Соорондук б) Каракан, Угузкан, Аланча

в) Бойон, Чаян, Соорондук г) Сарыкан, Бойон, Чаян

507. Соорондук кан менен Экзер канча жашка чейин уул көргөн эмес?

а) 54 жашка чейин б) 59 жашка чейин

в) 57 жашка чейин г) 60 жашка чейин

508. Алмамбеттин ысымын ким койгон, ал төрөлгөндө канча күн жер титиреп турган

а) кыргыз дубана, 70 күн б) белгисиз дубана 69 күн

в) ата-энеси, 71 г) Эсенкан, 77 күн

509. Алмамбет ар түркүн өнөрлүү сыйкырчы болгон, аны кимден үйрөнгөн?

а) окумалдан б) көзү ачыктан

в) 6 баштуу ажыдаардын сыйкырынан г) ата-энесинен

510. Алмамбетке атасы канча жашында тагын берген, кандай кандык жүргүзгөн?

а) 9 жашта, адилеттүү б) 15 жашта, калыс

в) 13 жашта, жаман г) 12 жашта, адилеттүү

511. Алманбет 16 жашында ууда жүрүп кимге жолугат жана турмушунда кандай өзгөрүү болот?

а) Кара канга жолугат элин душман басып алат

б) Көкчөгө жолугат ата-энеси дүйнөдөн кайтат

в) Көкчө баатырга жолугат жана мусулман динине өтөт

г) Коңурбай менен беттешет атасынан айрылат

512. Сен да меникисиң, өлүгүңдү Эсенканга белекке берем деген ким, аны кимге айтты?

а) Эсенкан Коңурбайга б) Коңурбай Алмамбетке

в) Бакай Нукерге г) Чубак Сыргакка

513. Эсенканга:‖Алмамбет адилдик кылымыш болуп, элди колуна алды, бурут-тарга каршы деп мени жок кылып, Сиздин тагыңызды тартып алмакчы‖- деп айткан ким?

а) Нескара б) Алооке

в) Коңурбай г) Нуукер

514. ―7 күн бекер жаттыңыз, атаңызга жамандап койду, арам өз атасынан өлүм табат деди, баш калкалар жер табыңыз, кеминде 7 жыл күтөм‖ деген ким, аны кимге айтты?

а) Акылай Манаска б) Карабөрк Чубакка

в) Гүлбү Сыргакка г) Бурулча Алмамбетке

515. ―Каратамандарды эркелетесиң, Эсенканга жаңжал саласың, Коңурбайды сабайсың, кечирим сура, жөкөр бол, болбосо өзүм сени өлтүрөм‖деген ким, кимге айтты?

а) Нескара Кулга б) Соорондук Алмамбетке

в) Эсенкан Нуукерге г) Сыргак Чубакка

516. ―Улуктун калдың каарына, Коңурбай акмалатып жүрөт, коштошолу уулум‖деген ким

а) Чыйырды б) Каныкей

в) Экзер г) Бурулча

517. ―Алтайдын белин ашырбай тирүү кармагыла, өлөсө кылып сабап, байлап келгиле, качып кетсе 5-6 жылдан кийин аны Бээжинден көрөсүңөр деп ким, кимдерге айтты?

а) Алооке калмактарга б) Карыкан Конурбайга

в) Нескара г) Эсенкан жайсаңдарга

518. Алманбет эмне үчүн Бээжинден качып чыгат?

а) Алманбет энеси Экзер атасы Соорундукка мусулман динине

өтүшүн суранса, баш тартат. Атасынын буйругу боюнча колго түшүрүлмөкчү болгондо качып чыгат.

б) Алманбеттин эли каршы болуп, өлтүрмөкчү болгондо качып чыгат

в) Душмандары жерин басып алып, Алманбетти колго түшүрмөкчү болгондо качып чыгат

г) Алманбет достору менен кастташып, аларга күчү жетпей качып чыгат

519. ―Бет келип сайышпай, качып бериш, колдун арасына кире калуу‖кимдин адаты?

а) Коңурбайдын б) Алоокенин

в) Карыкандын г) Нескаранын

520. Эркекче кийинип, жайсаңдар менен согушкан Экзердин тагдыры эмне болду?

а) Өлүмгө учурады, Алмамбет сөөгүн көмдү б) жайсаңдарды өлүмгө дуушар кылды

в) колунан эч нерсе келбеди г) өч алды

521. Алмамбет Алтайды көздөй келе жатып биринчи кимге жолукту?

а) Кошойго дөөгө б) Айдаркандын Көкчөсүнө

в) Нескарага г) Раң Күдүккө

522. Айдаркан Алмамбетти ордого калтырмакчы болгон чечимди Көкчө кабыл алдыбы?

а) Жок б) билбейм

в) ооба г) кайдыгер болду

523. Чыр чыкса Алмамбет бүтүрөт, олжосун баарына тегиз бөлөт, элге алында, ууруларды айыпка жыгып байычу элек, ырыскыдан айрыды, казакты кудай урарбы, каңгып келген бир кытай калкка бийлик кыларбы, ага кутум уюшту-

ралы деген кимдер?

а) казактагы калмактар б) манжулар

в) Көкчөнүн чоролору г) ордо билермандары

524. Көрөр көзү Агеркеч Алмамбет менен соо эмес деген ушакты ким Көкчөгө жеткирди?

а) чоросу Дөөкүр б) досу Салимбай

в) тууганы Жаанбай г) күндөшү Бидайкүл

525. Көкчө, өлтүрсөң да, Алмамбетти кетирсең да айтарымандан айрылган күнү өзүңдүн отуң өчөр, Алмаңды өздөрү даап өлтүрө албай, сага жүктөп жаткан көрүнөт деген ким?

а) Агеркеч б) Бидайкүл

в) Жолой г) Бөрүкөз

526. ―Эр Көкчө десе, көңдөй терек экенсиң, эл-жерден безген жөнүм бар, казатка чыгар касым бар, сапарга жүрөр салтым бар, арамдык көрсөң, ачык айт, айта албасаң сөзүңдөн кайт, элиңе тийбейм, арам сөзүң үчүн каныңды ордоңо ча-

чып кетейин‖, -деп айткан ким?

а) Чубак б) Сыргак

в) Манас г) Алмамбет

527. Алманбет Көкчөгө келип чогуу жашап турган мезгилинде эмне үчүн казак билермандары кастык кылат?

а) Эл Алманбетти кан шайлап коюшканын көрө алышпайт

б) Алманбет өзүнүн калыстыгы, адилдиги үчүн даңкы чыгып кадыр-баркка ээ болот. Арыз-муңу барлар бүт ага кайрылышат

в) Казактын кыз – келиндери Алманбетти жактырып калышат

г) Алманбет ал жерде тез эле байып, бүт элге жардам берип, элдин назарын өзүнө тарта баштайт

528. ―Көкчөдөн кордук көрдүм деп өлүп алганым болбос, эрдиги тоодой, кеңдиги көлдөй дешет Манасты, кайрылайын, эгер ага батпасам, анда а дүйнө карай кетейин‖ деген ким?

а) Чубак б) Сыргак

в) Алмамбет г) Манас эмне болот?

529. Манас түшүндө кылыч табат, ал жолборско, анан ажыдаарга, анан ак туй-гунга айланып, оң колуна конот бул эмне болучу?

а) ойлонгон ою б) аян

в) алдындагы максаты г) билбейм

530. ―Баатыр, тегин эмес түшүңүз, оңолот экен ишиңиз, ниетин сизге бурган бейм, ойдогу азиз кишиңиз‖, - деп Манастын түшүн ким жооруп берди?

а) Бакай б) Кошой

в) Акбалта г) Ажыбай

531. Ажыбай Алмамбетке:‖Өкүмү эки болбогон, каска катаал, доско адал, биздин жосунга көнүңүз, кас кишидей барбаңыз, ызат-ыйман кармаңыз‖, - деп эмне үчүн айтты?

а) аттан түшпөй, камчысын ээрге илбей баратканы үчүн

б) басынтып шылдыңдоо үчүн

в) сөзгө сындыруу үчүн

г) сабырын сыноо үчүн

532. Манас Алманбетти кай жерде жолуктурат?

а) Манас ууда жүрүп Бото – Мойноктун белинде көкжейренге карап турса Ак-эрмектин боюнда келе жаткан Алманбетти көрүп калат

б) Алманбет Каркыра жайлоосунда жүргөндө жолугат

в) Акөтүк деген жерде жолугат

г) Бээйжинде жолуктурат

533. Алмамбет кош колун сунуп, Бакай, Манас менен учурашып, ортосуна отурду, чаңкап турса да, кымыздан кылт этти, ал өзөгүнө түшсө да, адеп сактады, аны ким баалады?

а) чоролор б) хандар

в) бектер г) Манас баш болуп, баарысы

534. ―Алмамбет, улууга ини, кичүүгө ага, жорого дос, касыбызга кас бол, шор кылчу жерде эмессиң, кор кылчу элде эмессиң, баатыр‖-деп, Сараланы астына тарткан ким?

а) Бакай б) Акбалта

в) Манас г) Ажыбай

535. ―Эзелтен кыргыз наркы экен, мал таанылса жан түшүш, ат чабылбай даңаза кылбай кан түшүш, кан жолуна ат чабышты унутканыбыз нарк бузган болбойбу?‖-деген ким?

а) Чубак б) Бакай

в) Акбалта г) Серек

536. Алмамбетке Манас: Аккуланы, Аккүбө тонун, Аккелтени, Ай балта менен кылычын тартуулаганда, ат-тонунан айрыганым болбос, Сараланы гана алайын дегени эмнеси?

а) акылдуулугу б) чиренгени

в) тоготпогону г) каадаланганы

537. Алмамбеттин урматына уюштурган ат чабышка эмне үчүн Аккуланы кошушпады?

а) Аккула Алмамбетке тартууланган үчүн б) Сараланы ат чабышка кошкону үчүн

в) Бакайдын Сарыкызылы кошулган үчүн г) Чубактын Көктекеси кошулган үчүн

538. Төрө, аруу пейил, ак ниет, намыска бек, каска кас өзүңдөй арстан эр таптым, ар кимиңер мага дос, башка түшкөн мүшкүлдү тең бөлүшөйүн, бирге жүрөйүн деген ким?

а) Ырчуул б) Ажыбай

в) Алмамбет г) Мажик

539. Мындан 15 жыл мурун анда Манас 15 жашта эле, түш көргөм аны м-н 13 жаш-тагы жолдошу ойноп жүрүптүр, Теңир жалгаптыр, уулумдун жолдошу туулуптур деген ким?

а) Акбалта б) Кошой

в) Бакай г) Жакып

540. Бир атадан төрт болдум, Теңир жалга!- деп Манас кимдерди айтты?

а) Чубак, Сыргак, Ажыбайды б) Мажик, Кутунай, Серекти

в) Алмамбет, Абыке, Көбөштү г) Кыргылчал, Кутубий, Шуутуну

541. Аккуланы марттык кылып мага бердиң, Аккуласыз арманың күч болор, энемдин ак сүтү үчүн Аккуланы өзүңө кайра тартуулайм!- деп айткан Алмамбет-ти ким десе болот?

а) сыйлаганды билбейт б) салтты билбейт

в) акылсыз г) акылдуу, нарктуу, билимдүү

542. Манас Таласка көчүп баргандан кийин Алманбеттин кеңеши боюнча ким менен согушат?

а) Ташкендин каны Панус менен б) Анжыян каны Алооке

в) Кытайдын каны Коңурбай г) Кенжуттун башкаруучусу Айган менен согушат

543. Алманбет жактырып калган Айган хандын кызы ким?

а) Алтынай б) Кызсайкал

в) Кардыгач г) Күлийпа

544. ―Баатыр, өзүң бойдок жүргөндө мага жол жок‖, - деп Алмамбет кимдерге капаланды?

а) Карабөрк, Акылайга б) Карачач, Бегижанга

в) Канымжан, Акылайга г) Гүл, Нурга

545. Манас баатырга тең болор жардын сыпаттамасын ким айтып, баатырды муютту?

а) Акбалта б) Бакай

в) Алманбет г) Кошой

546. ―Темиркандын көкүрөк күчүгү Санирабига акылы тунук, быйыл 15те, түшүңдөгү куш ошол болор, ордоңо ырыс толор, макул болсоң Букарга багыт алалы‖, - деген ким?

а) Жакып б) Кошой

в) Бакай г) Акбалта

547. Жакып Манаска кыз издеп чыкканда Букарада ага ким кыз таап берет?

а) Чубак б) Акбалта

в) Алым мырза г) Темиркан

548. Жакып аталык милдетин аткарып Манасты кимдин кызына кудалап алып берет?

а) Шоорук кандын кызын кудалап алып берет

б) Кайып дегендин Карабөрк деген кызына куда түшөт

в) Калмактын кызы Сайкалга куда түшөт

г) Атемирдин кызы Санирабийге куда түшөт

549. Манас Санирабиганы алгандан кийин ким деп аташат?

а) Каныкей б) Кардыгач

в) Карабөрк г) Кыз Сайкал

550. ―-Айрөк, ууру! Качпаңыз! Эрөөлгө!‖ - деп ким кимди жекеме-жекеге чакырды?

а) Сайкал Манасты б) Жаңыл Түлкүнү

в) Санирабига Чубакты г) Арууке Сыргакты

551. Кайгуулга кеткен Чубакты эрме чөлдө күтүп жүрүшүп, Манас эмнелерге ээ болду?

а) Желмаян, Кумайыкка б) бүркүт, көк жалга

в) ажыдаар, түлкүгө г) жыланга

552. Намыстанып, бирок эр экен, Манас деген бекен, башка даап келе албайт деген ким?

а) Арууке б) Акылай

в) Санирабига г) Карабөрк

553. ―-Айкөлүм, сага катын издейм деп, бейбак кыздан айдалыма найза жедим, амал менен качпасам, алар катыныңды көрбөй туруп алмаксың‖-деп Манастан ызаланган ким?

а) Сыргак б) Серек

в) Чубак г) Ажыбай

554. Санирабигага сөйкө салыш наркы үчүн дилде жүктөлгөн 90 нар, көкүлүнө ак була байлатып 90 жылкы, 9 миң кой айдатып, кимдер жуучулукка барышты

а) Жакып, Кошой б) Бакай, Ажыбай, Кыргыл

в) Жакып, Бакай г) Бакай өзү

555. Манастын эрдигин оендоруна, Байысбекке айтып, кыргыздай жапайы арс-тандарды жоо кылып алганыбыз оңбу, же кудалашып, тууган-дос болгонубуз оңбу деген ким?

а) ордо оендору б) туугандары

в) Темиркан г) тажиктер

556. ―Коюнунда чети кетик Ай, бара-бара Ай кетиги толуп, жаркырайт‖кимдин түшү?

а) Манас менен Алмамбеттин б) Чубактын

в) Сыргактын г) Кыргылдын

557. Жосуну жок сен кимсиң? Кыз зыйнатын бузганыңа жол болсун, ит баккыдай мен жесир катын эмесмин, каалап алар болсоң каркыралуу колуктуңмун‖-деп айткан ким?

а) Арууке б) Сайкал

в) Жаңыл г) Санирабига

558. Аккуланы ким өлтүргөн?

а) Шыпшайдар б) Желжетпес

в) Кылмерген г) Шаңмусар

559. Манастын жарадар болушуна түздөн-түз себепкер болгон Коңурбайдын тыңчысы, Манаска тартууланган ашпозчу

а) Шаңмусар б) Шуңгур

в) Шыйкуу г) Шуйкучу

560. Сани алтын чарага балбылдатып от жагып, үч бүктөлүп жүгүндү, Манас: Санинин сырын ошондо түшүндү, очок ээси болорун аңдады, аттан араң оонап түшүп, эмне деди?

а) айып менде б) айып сенде

в) айып салтта г) айып сүйүүдө

561. Катындар даңкы таш жарган күйөөнү көрүп чык дегенде өлүмдөн калган аял ким?

а) Салия б) Алия

в) Капия г) Калия

562. Бу баатыр Какандын кашка тунугу, калың кытай улугу, каалабастан кашай-саң Манаска сен тий, мен Алмамбетке тийейин деп Санирабига кимге айтты?

а) Капияга б) Аймончокко

в) Айназикке г) Аруукеге

563. 70теги Көкөтөй менен Айымкүл эне үч жашар Бокмурунду каерден таап алышкан?

а) Анжияндан б) Бухарадан

в) Самаркандан г) ээн талаа, эрме чөлдөн

564. Көкөтай өлөр кезинде кандай керез айтат?

а) Байдын уулу Баймырза деген тууганын чакыртып: “Мен өлгөндө уулум аш берем деп оо-лугуп, көп эл чогултуп дүйнөмдү чачпасын эптеп көмүп койсун. Не болгондо да Манас менен кеңишип иш кылсын дейт”.

б) Артымда жер жайнаган малым, канча казына толтура өлүү дүйнөм калды мен өлгөндө балам эл оозунан кетпеген аш берсин дейт.

в) Артымда калган мал дүйнөмдү балам эл журтка бөлүп берсин дейт.

г) Бокмурун Манасты ага тутунуп анын сөзүнөн чыкпасын, ата ордунда көрсүн дейт.

565. Баймырзага Көкөтөй: Бокмурун мени бечарадай кылып көмсүн, кыйналып калат алдастап айла таппаса, Мааникерди минип, Манаска жетсин деп керээз калтырат. Эмне үчүн?

а) Манаска гана ишенген б) Бокмурунга ишенет

в) орто жолдо калат г) чачылат

566. Бокмурун атасы өлгөндөн 9 күндөн кийин келди, Көкөтөйдүн сөөгү каерде сакталды

а) боз үйдө, керебетте б) короодо, көлөкөдө

в) тоодо г) Ак-Башатта, арча табытта

567. Бокмурун:‖Атамдын каймана керээзин түшүнбөгөн мен белем, калкыма нарк, уулума даңк болсун дептир, Манаска жетейин ал да, атам да кызырдуу киши‖- деп эмне кылды?

а) ойлонуп отурду б) аркы-терки басты

в) Манас менен акылдашты г) билбейм

568. Бокмурун өзүн барктабай, жигит чаптырбай, өзү келгенине ким жипкирди?

а) Жакып б) Акбалта

в) Кошой г) Манас

569. ―Атамдын зыйнатына келип туруп бербесең, Манасыңды баш кылып чаап алам, жумшактан күлүң, катуудан туулгаң калат, деп айт‖ - дегенди ким айтты?

а) Чубак б) Сыргак

в) Бокмурун г) Кыргыл

570. Көкөтөй ажонун өлгөнүнө канча күн толгондо Манас келди?

а) 36 күн б) 38 күн

в) 39 күн г) 40 күн

571. ―Үч жылдан кийин аш берилет, сөөк ээси Манас ашты башкарат, Каркырада өтөт, кырк уруу кыргызга мал бөлүнүп берилсин, намыска баарың бек бол‖ - деген ким?

а) Акбалта б) Кошой

в) Жакып г) Бердике

572. Көкөтөйдүн ашына Мааникерди мингизип, жаш Айдарды чабарман кылып, төгөрөктүн төрт бурчуна чаптырып, аттан түшпөй айт, келбегенин чаап алам‖ деген ким?

а) Манас б) Кошой

в) Бокмурун г) билбейм

573. Мааникерди көрдүңбү, кайыпка чалыш жаныбар, чалгынга минсе чаалыбас, оорукка минсе оорубас, канаты бар экен, Манас көрүнбөйт, келгенче тартып алалы деген ким?

а) Жолой б) Нескара

в) Алооке г) Коңурбай

574. ―Жер очоктон эт жеген ит, улук болбой жерге кир! Атамын малын бүт сойсом да сенин кардыңды тойгузбайт белем. Араанын ачкан чочко‖-деп ким кимди жипкирди?

а) Бокмурун Жолойду б) Акбалта Нескараны

в) Жакып Коңурбайды г) эч кимди

575. ―Бу Мааникериң Эсенканга тартуу кылар мал экен. Бербесең ташыңды талкан кылам, кытай, манжунун кунуна, Алоокенин ызаасына алам‖-деп Нескара кимге айтты?

а) Акбалтага б) Кошойго

в) Бокмурунга г) Чубакка

576. ―Манасың келсе жүгүрүп, Арчаторуну баш кылып, 9 тулпар тартууладың, Мааникерди тартуу кылбасаң ашыңа азап, тоюңа тозок салам деп ким кимди коркутту?

а) Нескара Серекти б) Коңурбай Бокмурунду

в) Жолой Чубакты г) Нескара Бокмурунду

577. Мааникерди бергенче Манасым өлдү десеңчи! Эртең Чалкуйрукту, бүрсүгүнү Аккуланы дебейби! Ат тартуу алчу кайда экен, мен алпурушуп көрөйүн!-деген ким?

а) Манас б) Чубак

в) Сыргак г) Бокмурун

578. Мааникерди сураган Жолой, Нескара, Коңурбай ж. б. бутун Манас бир өтүккө тыкканда, жансоогалагандар Алгаранын иниси Кылкараны эмне кылды?

а) өлтүрүштү б) сууга агызышты

в) Манаска тартуулашты г) жоргого кошушту

579. Көкөтөйдүн ашында оюн-зооктордо эң көп байге алгандар кимдер болушту?

а) калмактар б) манжулар

в) кытайлар г) кыргыздар

580. Жолойго эч ким чыкпаганда Манас:‖Баарыбыздан бир балбан чыкпаса, бай-гесин бериңиз‖-десе, ―Байгеси курусун, намысты кошо алдырабызбы, өзүм чыгам‖ деген ким?

а) Акбалта б) Жакып

в) Кошой г) Бердике

581. ―Каныкей балам, балалуу бол, балаң аюу болбой эр болсун, шер болсун, кыргызга арка тирек, бел болсун, Теңир колдоп зор болсун!- деп, Кошой эмне үчүн бата берди?

а) кандагай батканда б) ашка тойгондо

в) ичи жылыганда г) жөн эле

582. Ороңгу:‖Эркек болуп не муратка жеттиңер, маарекенин кайсы байгесин жеңип көптүңөр, намысыма чыдабай чыктым, кое бер жолду тоспогун‖- деп кимге айтты?

а) Жолойго б) Коңурбайга

в) Нескарага г) Алоокеге

583. ―Эй, эрсинген эр Манас, зорсунган зор Коңурбай! Жол бошот, же мөөрөйдөн экөөңө соогат таштайынбы! Кара чачым жамынып, жыргаганымдан чыкпадым!-деди эмнеге?

а) соогат алууга б) ачууланып

в) ыймансыздыгынан г) эненин намысын билдирүү үчүн

584. Манас Коңурбай менен эр сайышка эмне үчүн Жармаңдайды минип чыкты?

а) тоготпогондон б) эрдемсигенден

в) уялгандан г) Аккуланы ат чабышка кошконунан

585. Манас:‖Баатыр эле Коңурбай, өзүн сайып кулаттым, намыс алдым жери-шээр, атын алып нетейин‖ деп ойлонгонунан, анын кандай сапаты баамдалып турат?

а) намыстуулугу б) айкөлдүгү

в) кайраттуулугу г) чечкиндүүлүгү

586. Алмамбет:‖Колго тийген олжону кайра берген болобу, Коңурбайды мууздап салбай не болдуң, ал өлмөйүн кыргыздын иши оңолбойт, жоо аяган жаралуу‖-десе Манас:

а) мен, сен турганда кыргыз кор болбойт б) унчукпайт

в) ойлонбойт г) кенебейт

587. Бакай:‖Коңурбай ыза, Жолой уят болду, чыгып келаткан күлүктү кытай, калмак жыкпасын, кордобосун күлүктү, Көкөтөй ашы көп чырдын башы‖-деп, кимдерге айтты?

а) конокторго б) меймандарга

в) калмактарга г) жалпы кыргызга

588. Аккулага бут тоскон Коңурбайды кытайча кийинген Алмамбет кантип жазалады?

а) чокусуна булдурсун менен чапты б) тиштеп алды

в) атып жиберди г) тээп жиберди

589. ―Чегибизди чектеп, кыйырыбызды бекитип, кыргызга карасанатайларды кылымдап кырдангыс кылалы, босогосуна жетип, төрүнө өтө албаганга сүйүнбөйлү, - деген ким?

а) Бакай б) Кошой

в) Чубак г) Манас

590. Бакай:‖Даярданалы, келерки жылы жайда Чоң казатка аттаналы, ата-бабанын өчү өксүбөсүн, кеги кетпесин, Чоң казатка Теңир жол берсин!‖-деп ант беришти, кимдер?

а) алтайлыктар б) ат-башылыктар

в) жалпы кыргыздар г) турпандыктар

591. Жамгырчы Эр Төштүк, Үрбү, Көкчө, Санжыбек, Музбурчак-алты арам кан эмне деди?

а) согушабыз б) иттик кетти бизден

в) өлбөгөн жерде калабыз г) бешенеден көрөлү

592. Алмамбет: ―Казатка жүрчү кейпи жок, жортуулдук ат албаптыр, аттары жоор, бутуна суу түшкөн, аскерлери тартип билбейт, буларга жоо арты менен күлөт‖- деп кимге айтты

а) Акбалтага б) Жакыпка

в) Бакайга г) Манаска

593. ―Атка минсе ак жолтой, даанышман Бакай абабыз Туу башы кан болсун!‖- деген ким?

а) Манас б) Кошой

в) Жакып г) Алмамбет

594. ―Казат жолдун бийлиги Жолбашчы жана Колбашчы Алмамбет болсун!‖- деген ким?

а) Чубак б) Сыргак

в) Манас г) Бакай

595. ―Ниети бузук, казатка даяр эместер бүгүндөн калбай кайткыла. Аты жогуң үйүрдөн тандап мингиле, эртең санакка илинип, анан шылтоолосо башы алынат-‖бул эмне?

а) коркутуу б) Манастын жарлыгы

в) сыноо г) эскертүү

596. ―Үч ай токсон күн жол алыстыгы, ага үч жылдык күл азык, 30 жүз миң кол даярдалды, Көкө Теңирге табынып, казатка аттаналы‖деген кимдин жарлыгы?

а) Манастын б) Акбалтанын

в) Алмамбеттин г) Бакайдын

597. Манас баш болуп, Чоң казатка аттанганда Ордону ким башкарып калды?

а) 96 жаштагы кан Кошой калды б) Үсөн

в) Санжыбек г) Музбурчак

598. Улуктун күчү эл менен, катындын күчү эр менен, 6 ай күмөнүм бар. Казат улуу жол. Кытай эл деген, басташып душман жеңбеген, барса келбес жер деген кимдин сөзү?

а) Акылайдын б) Карабөрктүн

в) Каныйкейдин г) Аруукенин

599. Сайса найза өткүс, чапса кылыч кескис, баары алтындан чоктолуу кырк калпакты бириң-бириңди көргөндө Ала- Тоону көргөндөй демденип калгыла деп кийгизген ким?

а) Каныкей б) Чыйырды

в) Арууке г) Карабөрк

600. Кан ордосу Ак Сарайга көчүп коносуң. Жардыгым бар, мен келгенче эл жака-сын, жер кыйырын багып турасың, чабармандардан менден кабар алып турасың деген ким?

а) Алмамбет б) Манас

в) Кыргылчал г) Чубак

601. Чоң казаттын кыркынчы күнүндө Бозуулдун онунан ким Манасты издеди?

а) Чубак б) Сыргак

в) Кыргылчал г) Кутубий

602. Алмамбет Оркун дарыяга эмне үчүн жайчылыгын карматып, сууну музга айлантты?

а) аба муздасын деп б) жоокерлер суудан өтсүн деп

в) керемет көрсөтөм деп г) билбейм

603. Кошуун канча күн өргүүдө болду, он башылар эмне жумуш аткарды?

а) 7 күн, машыктырышты б) 6 күн, эс алышты

в) 5 күн, ойношту г) 3 күн, укташты

604. Чалгынга кошуундан кимдер тандалды?

а) Чубак, Сыргак б) Сыргак, Алмамбет

в) Кыргыл, Чубак г) Ажыбай, Кыргылчал

605. Арага бузук кириптир, эрегишүү башталды, Аккуланы Чубакка тартуула деген ким?

а) Бакай б) Кыргыл

в) Манас г) Сыргак

606. Экөөбүз эриш-аркак болбосок, Манас пил болсо да жыгылды, миң болсо да кырылды, Алмамбетти чабам дегениң, Манасты чабам дегениң, ойлодуңбу деген ким?

а) Бакай б) Кыргыл

в) Сыргак г) Кутубий

607. 13 жашар чагымда чоро болдум, эми чалгында мага жол жок, кызматыңдын баарына жарадым, тентип келген кытайга теңебедиң, көлөкөң болуп жүрөмбү деген ким?

а) Сыргак б) Кыргыл

в) Кутубий г) Чубак

608. ―Жол баштар кимиң бар, кол баштар кимиң бар!‖ дедим, анда эмине чыкпа-дың? Чуу көтөрбө, кыйын кезең кан жолдо билгичтик кылар убагың‖ деп ким кимге айтты?

а) Бакай Чубакка б) Манас Чубакка

в) Бакай Сыргакка г) Манас Сыргакка

609. ―Ишенбеген кишидей четтетип мени чалгындан, кайра алып кеткени келат-кан тура эр Манас! Калкынан азган кор тура, каңгыган эр шор тура!.. деген ким?

а) Алмамбет б) Чубак

в) Сыргак г) Шууту

610. Чалгын чалчу сенсиңби, орукта калчу менминби калкыңа батпай качкансың чалгынга кошо барамын айтканыма көнбөсөң, калкыңа жетпей өлөсүң!-деп ким кимге айтты

а) Серек Алмамбетке б) Кыргыл Алмамбетке

в) Чубак Алмамбетке г) Манас Сыргакка

611. Калкынан азган кор экен, каңгыган эрдин шору экен, ар качандан бир качан басташканың койбодуң, жамандык кылдым кимиңе, бурут?-‖ деп ким кимге айтты?

а) Алмамбет Сыргакка б) Алмамбет Чубакка

в) Алмамбет Серекке г) Чубак Алмамбетке

612. Аңылдаган эки арам! Чоң Казаттын жолунда кошуунду бүлдүрүп, жоого мени таштап качайын деген экенсиңер, экөөңдү тең урдум, Каңгайга жеке барамын‖-деген ким?

а) Бакай б) Чубак

в) Алмамбет г) Манас

613. ―Жарагың жок боюңда, жалаң камчы колуңда, Аккуланы таштапсың, минге-ниң чабал шайы жок, Тал-Чокуга өргүп тур, аркарларды атып тур, Чубак менен чалгындайын бирөөдөн кооптонуп турамын‖, - дейт Алмамбет, ал кооптонгон киши ким эле?

а) Жолой дөө б) Нескара

в) Коңурбай г) Макел-Малгун

614. ―Коңурбай болбой комур бол! Манас дегениң ким эле, ошол мага бөкө бекен, бадиректи көргөзчү, бакадай былчыйта кармап салайын!‖-деген ким?

а) Жолой дөө б) Макел-Малгун

в) Кырмус шаа г) Каражой

615. Макел-Малгун кишикийикпи билбеймин, жандуунун баарын жалмаган балээ, муну Манас алабы, же ал Манасты байлап кетеби деп Чубакты сынамакчы болгон ким?

а) Бакай б) Кошой дөө

в) Алмамбет г) Кыргылчал

616. Сол Бээжинге аттанганда Каныкей өзүнүн сарамжалдыгын көрсөттү

а) Манаска керектүү кийим кечекти өзү тигип берди

б) Манас жана 40 чоросунун ар бирине куржун тигип жолдо керектүү кийим-кечек, буюм-тайым менен толтуруп берди

в) Жол азыгын бүт өзү камдап бышырып берди

г) Жолго чыгаар алдында Манасты 40 чоросу менен сыйлады

617. Манастын колу Бээжинди көздөй бара жатып кайсы дарыяга туш келди?

а) Сыр-дарыя б) Кара-дарыя

в) Уркун г) Нарын дарыя.

618. Чубак эмне үчүн чыр салды?

а) Алманбетти калк кан шайлаганы үчүн

б) Бээжинде жаңы кыйналып азапталганы үчүн

в) ү йгө, жерине кайткысы келип чыр салды

г) Манаска кастанып чыр салды

619. Кытайлар жеңилгенден кийин эки эл кантип жарашат?

а) Коңурбай эсин жыйып, Кытайдын улуктары чогулуп кеңешип тартуу тартып жарашуудан башка арга жок дешет

б) Коңурбай өзү баш болуп Манаска баш ийип берет.

в) Манас Коңурбайды чаап жиберип элин багындырат

г) Коңурбай качып кетип элин багындырат

620. Манас Семетейдин төрөлгөнүнө элге той берип жатканда

Коңурбай эмнени ойлойт?

а) Манас Коңурбайды жакшы сыйлабай коёт

б) Коңурбай Семетейге берген тойдун шылтоосу менен чыр чыгарууну

в) Манастын ордуна кан болууну

г) Семетей төрөлүшүн каалабагандыгы үчүн

621. Кичи казатта Манасты ким жарадар кылат?

а) Кожожаш найза менен атат б) Макел дөө айбалта менен чабат

в) Коңурбай айбалта менен чабат г) Ажибай найза менен саят

622. Жарадар Манасты ким элине алып келет?

а) Алманбет б) Чубак

в) Бакай г) Сыргак

623. Алманбет кимдин огунан шейит болот?

а) Коңурбай б) Макел дөө

в) Кожожаш г) Жолой

624. Манастын күмбөзү кай жерге салынат?

а) Таласка б) Үрүмчү шаарына Кумарык деген жерге

в) Алтайга г) Алайга

625. Манас өлөр алдында Каныкейге кандай керээз айтат?

а) Кыргыз элин өзүң башкар дейт

б) Өзүң кан бол дейт

в) Темиркандыкына качып барып Семетейди бир тууганың Ысмайылга бер дейт

г) Бакайга кеңешип сөөгүмдү эч кимге билгизбей жашырып кой дейт

626. Антты бузган бир туугандар менен 40 чоронун бузуку иштерин Каныкейге ким айтты

а) Бакай б) Кыргылчал

в) Тазбаймат г) Желдеңбай чоро

627. Көбөш Каныкейдин эмчегин жара чаап, башын кыя чабарда, ким арачалап калды?

а) Ажыбай б) Кыргылчал

в) Тазбаймат г) Желдеңбай

628. Манастын күмбөзүнө келип: ―Оо, Манас, уулуң келди коштошоюн деп, сени менен, өзүң бардагыдай күн болбой калды бизде, арбагың уулуңду колдоп жүрсүн‖ деген ким?

а) Чыйырды б) Каныкей

в) Бакай г) Кыргылчал

629. Жарманас ким?

а) Манастын карындашы Карлыгачтын күйөөсү б) Манастын иниси

в) Манастын коркунучтуу душманы г) Манастын тутунган агасы

“СЕМЕТЕЙ” – ҮЧИЛТИКТИН ЭКИНЧИ БӨЛҮМҮ

630. Манас өлгөндөн кийин ак пейил туулган Абыке Бакайга кан өлгөндө баары өлүп, өрт өчкөндөй болбойлук. Төмөнкү үч кан элинде эр өлтүрүшкөн кыргын болуптур. Калыстык менен элдештирип кайталык, – дегенде Бакай эмне дейт?

а) “Манас мен өлгөндө топко барбай жүр, кан өлгөндө карысы төөгө жакын болуучу, жети-миңдин төөсүн кайтар” -деген Абыке тобуңузга барбаймын -деп мындан ары бийликке катышпасын билдирет

б) Манас “мен өлгөндөн кийин элди сен башкар, кан шайланып душмандардан журтубузду корго” деген макул барайын-дейт

в) Бакай -башкаруу менин ишим эмес, өзүңөр элди башкаргыла кааласаң өзүң, же агаң Көбөш кан болсун-дейт

г) “Манас өлгөндөн кийин мага эч нерсенин кереги жок, бул жерлерден баш алып кетемин”-дейт

631. Манас өлгөндөн кийин башкаруу кимдин колуна өтөт?

а) Абыке кан шайланат б) Бакай кан шайланат

в) Көбөш кан шайланат г) Жакып кан шайланат

632. Башкаруучулук милдетин алган Көбөштүн мүнөзү

а) Султан болуп, арам кан соруп мантыккан мите-көк кенедей толуп, көбө баштайт

б) Кан болуп жоопкерчиликти сезип, адилеттүү калыс болуп элдин көзүнө түшө баштайт

в) Башкаруучулук милдети Көбөштүн колуна өтүп эли журтунун, тууган уругунун кызыкчы-лыгын ойлой баштайт

г) Кан шайланып, тууган уругунан башка эч кимди ойлобой элди кордой баштайт

633. Жакып Бакдөөлөттөн төрөлгөн алты уулун жана Манастан калган 40 чорону эмне дейт?

а) Манастын жоктугун билгизбей баарыңар бир жакадан баш чыгарып биримдик менен Ата-Журтуңарды душмандардан коргогула дейт

б) “Каныкей жесир жүрүп жээлигип калыптыр, пара жеген Бакай аны Текеченин Ормонбеги-не качырып бергени жатыптыр. Манастан калган Каныкейди бириң алсаң болбойбу”-дейт

в) “Манастын баласына бирөөң аталык кылгыла”-дейт

г) Манастан калган Каныкейди баласы менен жалгыз таштабай душмандардан калкалагыла”-дейт

634. Көбөш Тазбаймат менен Кыргылчалды Манастын аялдарына жуучулукка жөнөткөндө алар кандай жооп берет?

а) Акылай, Каныкей макул болушат б) Акылай көнбөйт, Каныкей көнөт

в) Каныкей да, Акылайда көнбөй коёт г) Акылай көнүп, Каныкей көнбөй коёт

635. Көбөш Каныкейди чаап алмак болуп аттанып жатканда ким нааразылыгын билдирип, 40 чорого Манастын кылган жакшылыктарын баштан аяк эстетип салат?

а) Атакул б) Жакып

в) Ырамандын ырчыуул г) Чыйырды

636. Каныкей Көбөштүн чапканы келе жатканын ким аркылуу билет?

а) Ийининдеги Күң периси, колдоочусу аркылуу билет б) Чыйырди билдирет

в) Жакып билдирет г) Бакай билдирет

637. Каныкей Семейтейди кимге берип качырып жиберет?

а) Бакайга б) Акылайга

в) Чыйырдыга г) Аруукеге

638. Каныкей баланы кантип сактап калат?

а) Каныкей койнундагы Күң перисинин кара баласы Жообузарга Семетейдин кийимдерин кийгизет да тал түбүндө эмизип олтурган болот

б) Көбөш баласын чапканы келгенде Каныкей кошунасынын баласын койнуна салып өлтүргөн болот

в) Көбөш келгенде Каныкей жалгыз олтурган болот

г) Каныкей Көбөш келгенге чейин качып кетет

639. Көбөш Каныкейдин оң даласын айбалта менен жара чаап, башын кесмек болгондо ―Көбөш, сенин кан экениң чын болсо канткенде катындын башын кесесиң‖-деп жүйө сөз сүйлөп ким арага түшөт?

а) Ырамандын ырчы уулу б) Манастын чоросу Шууту

в) Абыке г) Жакып

640. Каныкей баласы менен Чыйырдыны алып төркүнүн көздөй баратып ичерге суусу, жээрге тамагы жок айласы куруп баратып кимден жардам сурайт?

а) Жакыптан жардам сураса эчтеке бербейт

б) Өкүл атасы Карынбайдан торпогун сураса бербей коёт

в) Бакайга кабар жиберишет

г) Жылкычылар жеп жаткан этинен бербей коёт

641. Каныкей менен Чыйырды Сыр-Дарыянын боюна келип өтө албай айласы куруп турганда аларды ким издеп келет жана жардам берет?

а) Жакып б) Акылай

в) Ысмайыл г) Бакай

642. Төркүнүнө качып бараткан Каныкейге Бакай Таластан кандай баалуу заттар-ды алып келип берет.

а) Жакып менен жүргөн Акборчукту, Тайторуну алып Алманбеттин Аккаңкы ээрин токуп (Семетейге белек кылып берген) келет

б) Көбөштөн Манастын курал жарактарын тартып алат

в) Манастын Аккула атын алып берет

г) Манастын Акшумкары менен, Кумайыгын алып келип берет

643. Каныкей Букарага келип баласын кимге бала кылып берет?

а) Атасы Темирканга б) Иниси Ысмайылга

в) Агасы Сарытазга г) Алымбекке

644. Темиркан Семетейге алтын таажы кийдирип кан көтөрүп той бергенде Каныкей ат чабышка Тайторуну эмне үчүн кошту?

а) Семетейге төлгө кылып

б) Тойторунун биринчи келип баш соорунду алышына көзү жеткен

в) Тайторуну сыноо үчүн

г) Букарага кимдин аты экенин көрсөтүү үчүн

645. Каныкейдин ат чабышка чыккандыгына Темиркан менен Ысмайыл кандай көз карашта болот?

а) Темиркан макул болуп, Ысмайыл жактырбайт

б) Темиркан бул жоругуңду кой дейт, Ысмайыл да Каныкейди Семетейге жамандайт

в) Темиркан Семетейге Каныкейди жамандайт

г) Ысмайыл колдойт

646. Семетей канча жашында кан шайланды?

а) 15 б) 12 в) 18 г) 20

647. Семетей өзүнүн ата-тегин алгач кай жерде жана кимден укту?

а) Гүл-Токойдо Сарытаздан б) Сыр-Дарыя боюнда Карадөөдөн

в) Гүл-Токойдо Сарыбайдан г) Таласта Бакайдан

648. Энеси Каныкейдин баянын угуп, эл-жеринен толук кабардар болгон Семетей Таласка бет алып эң биринчи кимге жолукту?

а) Кең колдо Акшумкарга б) Үч-Кошойго келгенде Кумайыкка жолукту

в) Бек-Жайлоодо Желмаян, Бозбура г) Беш-Таштын башында Бакайга

649. Семетей Бакайга жолукканда өзүн кантип таанытты?

а) “Мен Манастын уулу Семетеймин”, - дейт

б) Бакай аба тааныбай турасызбы, мен Семетей, - дейт

в) “Мени энем Каныкей жөнөттү, Семетеймин”, -дейт

г) Манасың кимге окшош эле? -деп сураганда атасына окшотуп тааныйт

650. Бакай Семетей менен көрүшүп эң биринчи кай жакка алып барат?

а) Каныкей Манастын сөөгүн душмандан жашырып койгон Эчкиликтин Кара зоосуна алып барат

б) Чоң атасы Жакыптын үйүнө

в) Көбөш менен Абыкеге

г) Бурулча менен Күлчорого

651. Бакай Семетейди Жакыптын үйүнө алып барганда Жакып кандай жорук көрсөтөт?

а) Семетейди жакшылап тосуп алат да балдары Абыке, Көбөштөргө салып берет

б) Кош көңүл мамиле жасап, Семетейдин келгенин жактырбайт.

в) Семетейди жакшы тосуп алып, арагына уу чылатып Бакайдын арагына бал чылатып өлтүрмөкчү болот.

г) Семетейти жактырбай кууп чыгат

652. Алманбеттин аялдары жана баласы?

а) Арууке, Чачыкей, Күлчоро б) Бакдөөлөт, Арууке, Мөңүлбай

в) Арууке, Чачыкей, Канчоро г) Арууке, Бурулча, Күлчоро

653. Семетей: ―Абыке, Көбөш агама учурашып келем, эл болсо элдигин, жоо болсо жоолугун көрөм‖, - деп жолдо баратып кимге жолугат?

а) Абыке, Көбөшкө

б) Сарыбайга

в) Жарманаска турмушка чыккан Манастын карындашы Карлыгачка

г) Бакайга

654. Семетейди Абыке, Көбөш кандай тосуп алат?

а) Абыке, Көбөш кубанып тосуп алат

б) Абыке жактырбайт, Көбөш сыйын жайына коёт

в) Абыке, Көбөш жактырбайт

г) Абыке жакшы тосуп алат да, Көбөш тоотпогондой мамиле жасайт

655. Семетей Абыке, Көбөштөн атасынан мураска калган:Кумайык, Акшумкар, Тайбуурул, Акколпок, Аккелте, асмандан түшкөн алты курч, Бөзкисени доолап кантип алат?

а) Көбөш-сенин атаңдыкы эмес, менин өзүмдүкү болуучу, бербейм деп бербей койгондо Семетей жаакка коюп сабап алат

б) Көбөш Семетейден коркуп өзү алып чагып берет

в) Абыке, Көбөшкө айтпай бекитип алып чыгып берет

г) Абыке, Көбөш бербей коёт

656. Семетей Букарага кайтып келип, Темирканга атасынын жери Таласка барып жашашын айтканда Темиркан Семетейди кантип узатат?

а) Энчи берип, өзүнүн минген аты Актулпарын берет

б) Актулпарын миндирип, жанына көптөгөн кол кошуп берет

в) Сексен нарга алтын менен күмүш арттырып Семетейге энчилеп Чыңтемирдин кызы Чачыкейге үйлөндүрүп узатты

г) Семетейге капа болуп, узатканы келбей коёт

657. Семетей энеси Каныкей менен Чыйырдыны алып, Таласка келгенде кимдер тосуп чыкты?

а) Бөлөкбай, Бакай, Бурулча, Бирмыскал, Кулчоро, Канчоро

б) Абыке, Көбөш, Жакып

в) Бакдөөлөт, Жакып, Акылай

г) Бөлөкбай, Бакдөөлөт, Жакып, Абыке, Көбөш

658. Абыке, Көбөш, Жакыптардын Семетейге каршы ачкан согушу эмне менен аяктайт?

а) Абыке, Көбөш, Жакыптын жеңиши менен аяктайт

б) Абыке, Көбөш, Семетейдин огуна учуп өлүшү менен

в) Абыке, Көбөш, Семетей менен кайра жарашышат

г) Семетейдин өлүмү менен аяктайт

659. Бакайдын уулу ким?

а) Шайымбет б) Калык в) Байтайлак г) Меңдибай

660. Семетей эмне үчүн Бакай, Күлчоро, Канчоролорду Чынкожого элчи кылып жөнөтөт?

а) “Туугандык ынтымакка келсин. Таласта бирге турсак бизге душман батынып кол сала албайт, биргелешип Коңурбайдан баатырлардын кунун кууйлу”, -дейт

б) “Кечээ көчүп келгенимде өрүлүктөп келбеди, атам өлгөндө топурак салып кетпептир. Таласты бошотуп койсун”, -дейт

в) “Кечээ Манас кырк эки түмөн кол болуп он эки Түгөй кан барып Бээжинге казат кылганда калк катары барбаптыр ошону үчүн атамдын кунун Коңурбайдан кууганга мени менен барсын”, -дейт

г) Чынкожо менен достошомун кабарымды жеткиргиле, -дейт

661. Чынкожо эмне үчүн Толтойго барып кошулат?

а) Семетейдин басып алуусунан коркуп б) Семетей менен достошуу максатында

в) Семетейден өч алуу максатында г) Семетейден алыс болуу максатында

662. Чынкожонун Толтойго айткан кеңеши

а) “Семетей сенин зайыбың Чачыкейди алды эле эми сен анын зайыбы Айчүрөктү ал намысың кайра колго тиет”, -дейт

б) “Семетей менен тил бириктирип кайра достошолу ошондо душмандан алыс болобуз”, -дейт

в) “Семетейди өлтүрүп ордуна кан шайлан”, -дейт

г) “Семетейден Чачыкейди тартып ал”, -дейт

663. Айчүрөк Семетейди кай жерден көрүп жактырып калды?

а) Айчүрөк ак кууга айланып жер ааламды кыдырып өзүнө күйөө издеп, Толтой менен Чынкожодон өчүмдү алайын деп жүрүп, Семетейди көрүп жактырып калат

б) Айчүрөк 40 нөкөрү менен сарайдан сыртка сейилдеп чыгып, Семетейди жолуктуруп жактырып калат

в) Семетей ууга чыкканда Айчүрөк көрүп жактырып кала.

г) Айчүрөк Толтойго тийбейм деп үйүнөн качып чыгып, токой аралап баратып Семетейди көрүп калат да, жактырып калат

664. Айчүрөк Чачыкейге: ―Семетейге кошсоңуз отуң менен кирип кызматыңды кылайын‖-деп төмөнчүлүк менен суранган өтүнчүнө Чачыкей арылдап беттен алып кордогондо Айчүрөк эмне деп жооп кайтарат?

а) “Семетейди сенден тартып аламын, сен ага тең эмессиң”, -дейт.

б) “Менин бул убакка чейин эрге тийбей жүргөнүм, кудалашып койгон Манастын арбагын сыйлаганым. Семетейдин Акшумкарын ала качып кетип, сени салынды катын кыламын”, -дейт.

в) “Семетейдин Акшумкарын ала качып, өзүн дубалап өзүмө ийдирем да” анын сүйүктүү жары болом, - дейт.

г) “Семетейди мага кудалап койгон сен каалабасаң да мен аны менен баш кошомун”, -дейт.

665. Семетей Айчүрөктү кай жерде көрүп жактырып калат?

а) Акшумкарды издеп жүрүп, Үргөнчтүн жээгинде дүрбү салып отуруп Айчүрөктү көрүп жактырып калат

б) Семетей Акшумкарды издеп жүрүп токойдо Айчүрөктү жолуктуруп калат

в) Айчүрөк Семетейдин жанына өзү келет

г) Күлчоро Айчүрөктү Семетейге алып келип берет

666. Семетей Коңурбайдан атасы Манастын кунун кууп жолго чыкканда согуш эмне менен аяктайт?

а) Семетейдин өлүмү менен аяктайт

б) Күлчоронун өлүмү, Семетейдин жарадар болушу менен аяктайт

в) Коңурбай жана Семетейдин өлүмү менен аяктайт

г) Коңурбайдын өлүмү менен аяктайт

667. Үмүтөй эмне үчүн чатак чыгарды?

а) Семетейге “Атаң атам Көкчөнү зордоп Бээжинге алып барып өлтүргөн, ошонун өчүн алам”, - дейт

б) Семетейге “сен мага минген атың Тайбуурулду бересиң”, - дейт

в) Семетейдин ордуна кан шайлайм “тагыңды мага бер”, - дейт

г) Семетейден Үмөтөй атасынын кунуна “бардык малыңды, байлыгыңды бересиң”, - дейт

668. Семетей Үмөтөйдүн кунун кантип төлөйт?

а) Көптөгөн мал-мүлкүн берет

б) Семетейге караштуу жерин казак элине тартуу кылат

в) Тайбуурул аты менен көп дүйнө тартуу кылат

г) Үмөтөйдүн кунун “өзү күнөөлүү”деп төлөбөйт

669. Канчоро Семетейге кантип чыккынчылык кылат?

а) Семетейдин душманы Кыяз менен беттешкенде жалгыз таштап кетет

б) Кыязга Семетейдин атсыз калганын кабарлап, аны чабууга камынышын айтат

в) Кыяз бастырып келгенде Семетейдин атасынан калган курал жарагын жашырып коёт

г) Канчоро Семетейди Кыязга кармап берет

670. Жедигер колу кыргыз элин бастырып киргенде Кыяз Семетейди жарадар кылып качып жөнөгөндө Семетейди ким алып кетти?

а) Семетейдин сөөгүн Күлчоро Кыяз, Канчорого таштабайм деп алып кетип кара үнкүргө жашырат

б) Семетейди жарадар кылып Кыяз туткунга алат

в) Семетейди Айчүрөктүн сиңдиси Көкмончок бир жанга көрсөтпөй алып кетет

г) Канчоро Семетейдин сөөгүн жырткыч айбандарга салып берип өч алат

671. Эпостун аягы эмне менен бүтөт?

а) Канчоро Семетейдин ордуна кан шайланат да, Чачыкейди алат. Кыяз Айчүрөктү зордук менен өз журтуна алып кетет

б) Канчоро Айчүрөктү алып кан шайланат

в) Кыяз Чачыкейди алып кан шайланат. Канчоро Айчүрөктү аялдыкка алат

г) Кыяз Айчүрөктү күңдүккө алып кетет

672. Көкмончок Семетейге кошуп эмнелерди алып кетет?

а) Кулчорону

б) Аккелте мылтыгы менен Ачалбарс кылычын

в) Бозкисе менен Аколпокту

г) Акшумкар менен Кумайыкты

“СЕЙТЕК” ЭПОСУ – ҮЧИЛТИКТИН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМҮ

673. Айчүрөк курсагындагы баласын канча ай көтөрүп жүрөт?

а) 9 ай б) 12 ай в) 7 ай г) 8 ай

674. Кыяз Айчүрөк Сейтекти төрөгөндө кандай абалга түшөт?

а) Бала өзүнүкү эместигин сезип жок кылуу максатында болот

б) Баланын Семетейден төрөлгөнүн сезип, аны чоңойтуп анан жок кылам дейт

в) Семетейдин баласы болсо да бага берем, менин балам болот дейт

г) Айчүрөктү баласы менен кошуп жок кылам дейт

675. Айчүрөк толготуп жатканда ага төрөгөнгө ким жардам берет?

а) Жети кемпир б) Кыяс

в) Карачач г) кыздар

676. Сейтекке ата тегин кай жерден ким угузат?

а) Күлчоро Сейтекке талаадан жолугуп айтат

б) Сейтек аң уулап жүргөн кезинде талаадан кезиктирип айтат

в) Карагул жылкы айдап жүрүп Сейтекти көрүп калып айтат

г) Аң уулап жүргөндө Карадөө айтат

677. Сейтек Күлчоро менен кантип таанышат?

а) Жылкычы Бозбаладан Сейтектин аман- эсен өсүп келе жатканын угуп, көрүп келүү үчүн Күлчоро өзү барат

б) Сейтек ата тегин уккандан кийин Күлчорону өзү издеп чыгып кулчулуктан бошотуп алат

в) Карагулда кулчулукта жүргөн Күлчорону Сейтек угуп Айчүрөккө билдирет

г) Сейтек Күлчорону уучулук кылып жүргөндө жолуктуруп калат

678. С. Каралаевдин варианты боюнча Кыяз кимдин колунан өлөт?

а) Күлчоронун б) Айчүрөктүн

в) Сейтектин г) Өзүн – өзү өлтүрөт

679. Сейтек Таласка келгенде биринчи ким тосуп алат?

а) Байтайлак б) Бозинген

в) Канчоро г) Күлчоро

680. Сейтектин минген аты

а) Тоотору б) Тайбуурул

в) Чалкуйрук г) Кылкүрөң

681. Канчоро кимдин колунан каза болот?

а) Сейтектин б) Айчүрөктүн

в) Күлчоронун г) Каныкейдин

682. Канчоронун кордугуна чыдабай тоо ташка качып кеткен Бакайды ким табат?

а) Сейтек б) Күлчоро

в) Кутубийдин баласы Карадөө г) Канчоро

683. Чачыкейди ким өлтүрөт?

а) Айчүрөк б) Күлчоро в) Сейтек г) Каныкей

684. Сейтек Таласка көчүп кетээрде баш кошуу үчүн кайсы кыз өз ыктыяры менен келет?

а) Нуркандын кызы Кара кыз б) Куялы баатыр кыз

в) Перинин кызы Акбермет г) Перинин кызы Күлайым

685. Тайбуурул менен Семетейди ким көрүп калат?

а) Күлчоро б) Бакай

в) Карадөө г) Сейтек

686. Жакындары Семетейди кантип өзүнө келтиришет?

а) Каныкей эмизгенде сүт чыгат да, Семетей өзүнө келет

б) Семетейди өзүнүн элине алып келип өткөн күндөрдү эскертишет

в) Көкмончокко Айчүрөк Семетейди кайтарып беришин суранганда макул болуп кайра өзүнө келтирет

г) Күлчоро дары чөп алып келип ичирип өзүнө келтирет

687. Карадөө кимдин колунан каза табат?

а) Кытай каны Чоң китенин колунан б) Желмогуз уулу Сарыбайдан

в) Куялы баатыр кыздан г) Өзүн-өзү өлтүрөт

688. Айчүрөк Куялыны эмне үчүн алып келет?

а) Желмогуз уулу Сарыбайды жеңүү үчүн б) Семетейге аялдыкка алып берүү үчүн

в) Сейтекке жар кылып берүү үчүн г) Күлчорого аялдыкка алып берүү үчүн

689. Куялы Сарыбай менен беттешүүдөн мурда Семетейге кандай шарт коѐт?

а) “Эгер балаң Сейтекке баш коштурсаң гана Сарыбай менен беттешем”, - дейт

б) Семетей мени аялдыкка алса гана Сарыбай менен кармашам, -дейт

в) Күлчоро мени аялдыкка алса гана Сарыбай менен беттешем, -дейт

г) Сарыбайды жеңгенден кийин мага Тайбуурул атыңды бересиң, - дейт

690. Куялынын койгон шартын кантип аткарышат?

а) Айчүрөк Бакай Семетейди көндүрүп Тайбуурулду Куялыга беришет

б) Бакай, Айчүрөк орого түшүп, Семетейди көндүрүп, Куялы менен тиги дүйнөлүк кыяматтык жар болушат

в) Сейтекке Куялыны баш коштурушат

г) Күлчоро Куялыны аялдыкка алат

691. Сейтек кимге үйлөнөт?

а) Акберметке б) Кулайымга в) Куялыга г) Кыз Сайкалга

692. Кожожаштын баласы Чоң Билгичти кыргыздын жылкысына тийип, элине кол сал деп ким жиберет?

а) Акберметтин атасы б) Коңурбайдын небереси Чоң Ките

в) Байкоңур г) Калмактын баатыры Кутбий

693. Акжолтой баатырга Олуя чал кезигип Манастын Сейтекке деген аманаты деп эмнени тапшырат?

а) Акберметти

б) Аккула атын

в) Кулансур, Кулунсур тулпарды, Наркескенди, Алмабаш аттуу жандуу мыйыкты

г) Манастан келген курал жаракты сактап жүрүшүн айтат

694. Чоң Билгичтин минген аты?

а) Ниянкор б) Кер в) Кулунсур г) Куносур

695. Чоң Билгич жеңилип калып Китеге барып кандай кеңеш берет?

а) Буруттардыжеңе албай койдук Индия канынын Чоң Керги кызы Бурулду алсаңыз Чоңтемир аттуу уулдуу болосуз ошол гана кыргызды жеңе алат дейт

б) Кыргыздарды жеңүү үчүн көп кол топтоп аларды амалкөйлүк менен гана жеңүүбүз керек. Өзүңүз баш болуп кайра кол салабыз дейт

в) Чоң Билгичтин жаралуу болуп келгенин көрүп, кыргыздарга биздин күчүбүз тең келбейт экен деп Кителер кайтып кетишет

г) Сейтекке бир гана өзүңүздүн күчүңүз жетет, бирок кол салуудан мурда чоң атаңыз Коңур-байдын арбагына өтүп өзүңүздүн минген атыңызды курмандыкка чалышыңыз керек дейт

696. Акберметтин боюна бүтүп жолборс этин күсөгөнүн уккан Акжолтой жолборс издеп таппай кимге жолугат жана эмне берет?

а) Акберметтин энеси периге жолугат кызына колдоп жүрөт деп тумар берет

б) Акжолтой уктап калып түшүндө Манаска жолугат да Кенен аттуу баатыр уул төрөлүшүн айтып кылычын берет

в) Кызырга жолугат да Берметке бер деп бир тоголок жаңгак берет. Бул жангак медияндан ажыдаар өлүп уусу чачылган жеринде өнүп чыккан бир түп касиеттүү жаңгак дейт. Кенен мине турган тулпар ушу деп Кертулпарды тапшырат

г) Чоң ажыдаарга жолугат да аны өлтүрүп этинен алып барат

697. Кенен төрөлгөндө кандай өзгөчөлүгү болот?

а) Карыштай кара жалы бар касиеттүү бала төрөлөт

б) оң колуна кара кочкул кан чеңгелдеп, сол колуна сары алтын чеңгелдеп төрөлөт

в) Колунун астында канаты бар касиеттүү бала төрөлөт

г) Оң колунда Кенен деген жазуусу бар төрөлөт

698. Кенен кимге үйлөнөт?

а) Перинин кызы Гүлайымга б) Калмактын Кызсайкалына

в) Баатыр кыз Мырзагүлгө г) Баатыр кыз Нурга

699. Сейтек менен Акжолтой кантип каза болот?

а) Чоң Ките келип амалкөйлүк менен өлтүрүп кетет

б) Чоң Билгичтин огунан каза болот

в) Эбегей, Көгөй деген эки дөөнүн колунан каза табат

г) Кененге келин алып келе жатып бир мазардын түбүндө тамактанышат да, ” кабыргадан кагынып, как төбөдөн сезгенип” тарса–турса жөтөлүп экөө тең жума күнү көз жумат

700. Кенендин балдары ким?

а) Кулансарык, Алымсарык б) Көгөй, Эбегей

в) Койбос, Илияс г) Байкоңур, Куялы

5. “МАНАС” ҮЧИЛТИГИ ИСКУССТВОНУН БАШКА ТАРМАКТАРЫНДА:

“МАНАС” ҮЧИЛТИГИНИН ЭКРАН ЖАНА САХНАДАГЫ ЖАШООСУ

701. Кинорежиссер М. Убукеев тарткан Саякбайдын ―Манас‖ айтуусу канча саатка созулат?

а) 12 б) 13 в) 14 г) 15

702. ―Ак илбирстин тукуму‖ фильминде Манас айткан актриса

а) С. Күмүшалиева б) Б. Кыдыкеева

в) А. Жангорозова г) Т. Турсунбаева

703. ‖Сейтек‖ драмасы театр сахнасына биринчи жолу канчанчы жылы коюлган?

а) 1982-жылы б) 1985-жылы

в) 1987-жылы г) 1992-жылы

704. Ж. Садыковдун ―Айкөл Манас‖, ―Манастын уулу Семетей‖, ―Сейтек‖ драмаларын кайсы сүрөтчү-коючу жасаган?

а) Мелис Исхаков б) Тургунбай Садыков

в) Акбар Сабыров г) Акай Бакаев

705. ―Манастын уулу Семетей‖ драмасынын автору жана театрда биринчи жолу качан коюлган?

а) К. Маликов, 1945- жылы б) А. Малдыбаев, 1946 - жылы

в) Ж. Садыков, 1982- жылы г) Т. Сыдыкбеков, 1946- жылы

706. 1962-жылы тартылган ―Улуу эпос‖ аттуу илимий-попуярдуу фильмди жараткан режиссер

а) Б. Карагулов б) Л. Ж. Турусбекова

в) Р. Байтемиров г) Б. Шамшиев

707. 1990-жылы коюлган ―Айкөл Манас‖ драмасындагы башкы ролду ким аткарган?

а) С. Жаманов б) К. Досумбаев

в) С. Жумадылов г) К. Чодуронов

708. Мелис Убукеев кайсы манасчы жөнүндө даректүү фильм тарткан?

а) Азиз Шаабаев б) Каба Атабек уулу

в) С. Орозбаков г) С. Каралаев

709. Кыргыз киносунун тарыхында эң алгачкы көркөм фильм жаратуу аракети (1941) кайсы чыгармага байланыштуу болгон?

а) “Жаңыл Мырзага” б) “Алтын кызга”

в) “Узак жолго” г) “Манаска”

710. Бакайдын ролун ким аткарган?

а) Жумадылов Советбек б) Жаманов Сыдыкбек

в) Рыскулов Муратбек г) Байтөбөтов Дүйшөн

711. Ж. Садыковдун ―Манастын уулу Семетей‖ драмасында Каныкейдин ролун ким аткарган?

а) Бакен Кыдыкеева б) Даркүл Күйүкова

в) Назира Мамбетова г) Сабира Күмүшалиева

712. 1982-жылы ―Манастын уулу Семетей‖ спектаклинде Чыйырдынын ролун ким аткарган?

а) Сабира Күмүшалиева б) Бакен Кыдыкеева

в) Жамал Сейдакматова г) Күйүкова Даркүл

713. Манасчы С. Каралаевдин өмүр чыгармачылыгына арналган илимий фильмдин канчанчы жылы ким тарабынан тартылган?

а) 1965-жылы, Б. Шамшиев б) 1968-жылы, Т. Океев

в) 1974-жылы, Д. Садырбаев г) 1964-жылы, М. Убукеев

714. Семетейдин ролун биринчи аткарган артист

а) Рыскулов М. б) Садыков Ж.

в) Жумадылов С. г) Эшимбеков К.

715. ―Айчүрөк‖ операсы Кыргыз мамлекеттик музыкалык театрда качан коюлган?

а) 1936-жылы 12-апрелде б) 1939 – жылы 12- апрелде

в) 1935-жылы 12-мартта г) 1937-жылы 12-майда

716. Ж. Садыковдун ―Манастын уулу Семетей‖ драмасын 1982 –жылы сахнага алып чыккан театр режиссеру

а) Садыков Жалил б) Айтиев Гапар

в) Абдыкаров Жалил г) Бекиев Абыкерим

717. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын (―Айкөл Манас‖), Кыргыл-чалдын (―Манастын уулу Семетей‖) образдарын сахнада жараткан кыргыз драма театрынын артисти?

а) Күмболот Досумбаев б) Мамбет Асанбаев

в) Эгемберди Бекболиев г) Советбек Жумадылов

718. К. Маликов ―Манас‖ эпосу боюнча жараткан эмгеги?

а) “Манас” боюнча китеп жазган б) “Теңири Манас” романын жазган

в) “Манас” поэмасын жазган г) “Манас” операсынын либереттосун жазган

“МАНАС” ҮЧИЛТИГИ – КӨРКӨМ СҮРӨТ ААЛАМЫНДА

719. Цинкография техникасында С. Каралаевдин ―Тулпарлар‖ (1965) , ―Баатыр-лар жана айымдар‖ (1969) китептерин көркөмдөгөн, Манас, Каныкей, Бакай, Сейтек, Айчүрөк, Сайкал ж. б. негизги каармандардын портреттеринин галерея-

сын түзгөн кыргыз живописчиси?

а) Г. Айтиев б) С. Акылбеков

в) О. Мануйлова г) Б. Жумабаев

720. Семетей менен Айчүрөктүн жолугушуусун биринчи сүрөткө тарткан инсан

а) С. Чуйков б) Б. Смирнов

в) Л. Ильина г) И. Безунович

721. Т. Курманов кайсы манасчынын вариантындагы жарык көргөн китепке сүрөт тарткан?

а) С. Каралаевдин б) С. Орозбаковдун

в) Тыныбектин г) Ж. Мамайдын

722. С. Орозбаковдун 1978-1980-жылдары жарык көргөн вариантында кайсы сү-рөтчүнүн графикалык эмгектери жайгаштырылган?

а) Л. Ильинанын б) Б. Жумабаевдин

в) С. Чокморовдун г) Т. Герцендин

723. ―Эпос‖, ―Манасчы‖ серияларын жараткан, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971) сүрөтчү айым

а) З. П. Петрова б) Л. А. Ильина

в) К. Т. Смирнова г) М. А. Боярская

“МАНАС” ҮЧИЛТИГИ – АРХИТЕКТУРА ЖАНА СКУЛЬПТУРАДА

724. ―Манас‖ архитектуралык-скульптуралык ансамблинин (1981) автору

а) С. Чуйков б) Т. Садыков

в) Г. Айтиев г) С. Чокморов

725. Жыгачка Манастын жана анын баатырларынын бейнелерин чегип түшүргөн автор ким?

а) Самар Мусаев б) Сыртбай Мусаев

в) Кожош Мусаев г) Абдылда Мусаев

726. Манастын күмбөзү кайсы кылымга таандык архитектуралык эстелик деп божомолдонот?

а) 1-кылымга б) 11-кылымга

в) 13-кылымга г) 14- кылымга

727. Улуттук тунгуч сүрөтчү, Саякбай Каралаевдин скульптуралык портретин тартып, анда манасчынын чылк ырдан бүткөн образын, анын инсандык жана чыгармачылык жан дүйнөсүн чеберчилигин берген живописчи?

а) Акмат Рысменде уулу б) Абдылдаев Эсенаалы

в) Айтиев Гапар г) Алдашев Абдулкай

“МАНАС” ҮЧИЛТИГИ – МУЗЫКА ДҮЙНӨСҮНДӨ

728. Композитор М. Раухвергер кайсы спектаклге музыка жазган?

а) “Манас жана Алмамбетке” б) “Улуу эпоско”

в) ”Манастын уулу Семетейге” г) ”Улуу жомокчу”

729. Композитор Глуховдун 1974-жылы жазган ―Бабам Манас жөнүндө баллада‖ аттуу хор копелласынын тексттин жазган акын

а) Ж. Мамытов б) Т. Муканов

в) Т. Кожомбердиев г) О. Султанов

730. Музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен ―Манас‖ эпосунун обонун нотага түшүргөн ким?

а) Затаевич. А. В. б) В. Власов

в) В. Фере г) А. Малдыбаев

731. Ж. Садыковдун эпостун негизинде жазган драмаларына ким музыка жазган?

а) М. Бегалиев б) В. Фере

в) К. Молдобасанов г) В. Власов

732. ―Манастын‖ обонуна салып, көлөмдүү ырын жазган ким?

а) К. Маликов б) Ж. Бөкөнбаев

в) А. Токомбаев г) Ж. Сыдыков

733. Белгилүү композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун симфониялык чыгармасы

а) ”Айкөл Манас” б) ”Манастын кошууну”

в) “Манас жана Алмамбет” г) ”Манас”

734. ―Боз салкын‖ ыр-бий ансамбли кайсы эпосту музыкалык урма аспаптардын коштоосу менен аткарат?

а) “Эр Табылды” б) “Олжобай менен Кишимжан”

в) “Манас” г) “Кожожаш”

735. ―Улуу эпос‖ аттуу илимий-попуярдуу фильмге музыка жазган кыргыз композитору

а) Т. Эрматов б) А. Малдыбаев

в) К. Молдобасанов г) М. Бегалиев

736. ―Манас‖операсында Коңурбайдын партиясын аткарган ырчы ким?

а) Х. Мухтаров б) Б. Миңжылкыев

в) Т. Сейталиев г) К. Чодронов

737. ―Айчүрөк‖ операсында Айчүрөктүн ариясын мыкты аткарган ырчы

а) Д. Жалгасынова б) К. Сартбаева

в) С. Бекмуратова г ) С. Кийизбаева

738. В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаевдин ―Айчүрөк‖ операсында Күлчоронун образын жараткан ырчы

а) Х. Мухтаров б) Б. Миңжылкыев

в) Т. Сейталиев г) К. Чодронов

739. В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаевдин ―Манас‖ операсында Каныкейдин образын жараткан бийчи

а) Р. Чокоева б) Б. Бейшеналиева

в) А. Токомбаева г) С. Кийизбаева

740. ―Манас‖операсында Чубактын партиясын аткарган ырчы ким?

а) М. Темирбеков б) Б. Миңжылкыев

в) Т. Сейталиев г) Х. Мухтаров

741. ―Алмамбеттин арманы‖ элдик күүнүн жаралыш себеби, маани-маңызы

а) Алмамбет баатырга байланышкан окуялар

б) Алмамбеттин өз эл-жеринен кетип, казактарга кошулуп, ал жерге да батпай куулган окуя

в) Алмамбеттин өз жерин көргөндө кусалыктан каңырыгы түтөп, Сыргакка айткан арманы

г) “Манастын” сюжетине чертилген элдик күү

742. 1974-жылы акын Т. Кожомбердиевдин сөзүнө композитор Глухов жазган ке-ңири өөрчүтүлгөн, үч бөлүмдөн турган хордук копеллалык поэманын аталышы?

а) “Бабалардан калган сөз” балладасы б) “Баатыр Манас жөнүндө баллада”

в) “Бабам Манас жөнүндө баллада” г) “Манастын ата-теги” эпостон үзүндү баллада

743. ―Манас‖ эпосунун обонун биринчилерден болуп нотага түшүргөн, Токтобек Багишевден ―Манастын‖, Субанкул Юсуповдон ―Семетейдин‖ обонун, Актан Тыныбековдон ―Семетей күүнү‖ жазып алган композитор?

а) Абдылас Малдыбаев б) Александр Викторович Затаевич

в) Асанкан Жумакматов г) Калый Молодобасанов

744. ―Манас‖ баатыр жөнүндө кошок ырларын бир бүтүн чыгарма катары түзгөн ырчы

а) Молдо Нияз б) Токтогул

в) Т. Молдо г) М, Кылыч

745. Саякбайдын азасында чертилген күүлөр:

а) “Көкөй кести”, “Карөзгөй” б) “Саринжи Бөкөй”, “Көкөй кести”

в) “Сынган бугу”, “Карөзгөй” г) “Көкөй кести”, “Сынган бугу”

746. ―Манастын уулу Семетей‖ драмасынын музыкасын жазган, ―Манас‖ аттуу симфониясынын автору, кыргыз композитору?

а) Сапар Бегалиев б) Муратбек Бегалиев

в) Калый Молдобасанов г) Насыр Давлесов

6. “МАНАС” ЭПОСУНУН ПОЭТИКАСЫ

747. Куяс аяр чөп-чарлардын, тоо-токой, талдын баарын сыйкыр менен жоокер кылып салат. Бул кайсы диний көз караштын элементи?

а) анимисттик б) тотемисттик

в) шаманисттик г) исламисттик

748. Төлгөчү Кара Төлөктүн, далы көрүүчү Агыдайдын сүрөттөлүшү кайсы ишенимден улам келип чыккан?

а) шаманисттик б) исламисттик

в) анимисттик г) тотемдик

749. Төмөнкү саптардан туруктуу эпитетти тапкыла

а) күчтүүсүнгөн ит Жолой б) күрпөңдөшө кеткени

в) каарданып бакырып г) кармашса канын төгөм деп

750. Антропомофтук образ деген эмне?

а) жаныбарларды киши сындуу сүйлөткөн образдар: Эр Төштүктүн Чалкуйругу

б) Жер-суу аттарынын түшүндүрмөсү

в) жансыз нерселерге, табият кубулуштарына ай-жылдыз, жан-жаныбарларга кишинин касиетин (сүйлөө, ойлоо сезим) киргизүү дегенди түшүндүрөт

751. Партеногенез деген эмне?

а) Нурдан төрөлүү б) кайыптан жаралуу

в) топурактан жаралуу г) энеден төрөлүү

752. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, изилденишине өзгөчө салым кошуп, тилди изилдөөдө ―Манасты‖ булак катары пайдаланган советтик түрколог?

а) В. Радлов б) Б. Юнусалиев

г) К. Дыйканов г) К. К Юдахин

7. “МАНАС” ҮЧИЛТИГИНЕ БЕРИЛГЕН БААЛАР ЖАНА УЧКУЛ СӨЗДӨР

753. ―Манас‖ эпосу КРнын Гимни, Герби, Туусу сыяктуу эле мамлекеттин жана улуттун ыйык көркөм мурасы болуп саналат‖ аттуу учкул сөздүн ээси

а) А. Акаев б) А. Атамбаев

в) Р. Отунбаева г) Ч. Айтматов

754. ―Манас‖ үчилтиги сыяктуу эстелик башка бир дагы элде жок. Эпос дүйнөлүк маданияттын казынасына кыргыз эли кошкон татыктуу салым болуп саналат‖, -деген окумуштуу

а) Д. Алмаши б) С. Абрамзон

в) К. Асаналиев г) А. Бернштам

755. ―Кыргыздарда элдик оозеки чыгармачылыктын өтө сейрек кездешкен, та-былгыс байлыгы бар. Бул -―Манас‖ эпосу‖, -деп ким айткан?

а) В. М. Жирмунский б) Е. Л. Поливанов

в) К. Рахматуллин г) А. Маргулан

756. ―Манас‖-көчмөн духтун, көчмөн цивилизациянын алтын кору, кыргыздын кечөөкү улуттук философиясынын уңгусу‖. Бул пикирди ким, кайсы эмгегинде айткан?

а) Бартольд В. В. “Кыргыздар”, (Бишкек, 1991)

б) Кыдырбаева Р. “Манас” эпосунун генезиси, (Бишкек, 1980)

в) Өмүралиев Ч. “Теңирчилик”, (Бишкек, 1995)

г) Сарыпбеков Р. “Манас”эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы”, (Фрунзе, 1997)

757. ―Патриотизм, бир тууган эл, жерди берилип сүйүү идеясы кыргыз эпосу ―Манаста‖ өтө күчтүү берилген. Бул чыгарма турмуштун чыныгы мектеби, бал-дарды париоттуулукка тарбиялоонун кайталангыс каражаты‖, -деген пикир

кайсы педагогго тиешелүү?

а) Измайлов А. Э. б) Рахимова М. Р.

в) Панкова Т. В. г) Иптаров С.

758. ―Манас, Бакай, Кошой, Каныкей – булар жайынча гана адабий каармандар, образдар эмес, булар бизге таалим катары тартууланган мезгил карытпас, көө-нөрбөс моралдык жандуу үлгүлөр, жалпы адамзаттык маанидеги элдин бийик адеп-ахлак нормаларынын эстелик-символдору‖, -деген ойдун автору

а) Б. Исаков б) Т. Байжиев

в) Б. Акматов г) С. Байгазиев

759. ―Манасты‖ укканда ыйлабаган кыргыз болбойт жана ―Манасты‖ билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик‖ деген афоризимдин автору?

а) Абдыганы Эркебаев б) Чынгыз Айтматов

в) Мар Байжиев г) Мухтар Ауэзов

760. ―Манас‖ эпосу тээ ата-бабадан, анын акыл көхарынан тама-тама молугуп, биздин доорго жеткен. Мен мына ушул доорубузга жете келген ―Манас‖ эпосу-нун бир күйөрманы катары аны көкүрөгүмө бекем түйүп, мындан кийинки ур-

пактарга калтырууга далбас урган кишимин. Кыргыз эли аны тарыхым, тилим, үрп-адатым сакталып жаткан казына деп билет‖, - деген уникалдуу пикирдин автору, манасчы?

а) Саякбай Каралаев б) Жусуп Мамай

в) Сагынбай Орозбаков г) Акылбек манасчы

761. ―Ал океан сындуу ―Манастан‖ миллион саптар жат билчү‖ -деп улуу манас-чы Саякбайдын портретине жандуу баа берген кыргыз профессионал адабиятынын жазуучусу?

а) Түгөлбай Сыдыкбеков б) Төлөгөн Касымбеков

в) Касымалы Жантөшев г) Чынгыз Айтматов

762. Сагынбай Орозбаковду Данте, Шекспир, Пушкин, Толстойго салыштырып, тан калтыруучу күчкө ээ талант деп атаган кыргыз акыны?

а) Аалы Токомбаев б) Жоомарт Бөкөнбаев

в) Алыкул Осмонов г) Сүйүнбай Эралиев

763. ―ХХ кылымда Сагынбайдын күчүнө тете акын туула элек. Ал элдик адабият-тын пири катарында сезилет‖, - деп айткан советтик акын?

а) Омор Сооронов б) Сооронбай Жусуев

в) Алыкул Осмонов г) Сүйүнбай Эралиев

764. ―Саякбай – дүйнө жүзүндөгү бир гана адам. Эч жер, эч элде жарым миллион жолдон турган отуз томдук асыл казынаны жатка айтып бере турган экинчи Саякбай жок. Ал-феномен‖ деген баалуу пикирдин автору, казак окумуштуусу?

а) Мухтар Ауэзов б) Кажым Жумалиев

в) Мухтар Шаханов г) Азиз Салиев

“МАНАС ТААНУУ” ДИСЦИПЛИНАСЫ БОЮНЧА ТЕСТТЕРДИН ЖООПТОРУ

1. а 61. б 121. б 181. в 241. а 301. в 361. г

2. г 62. в 122. а 182. б 242. а 302. г 362. а

3. б 63. б 123. г 183. в 243. б 303. а 363. в

4. б 64. г 124. г 184. а 244. б 304. б 364. а

5. г 65. в 125. в 185. б 245. в 305.а 365. б

6. в 66. б 126. в 186. а 246. а 306. а 366. г

7. а 67. б 127. г 187. б 247. г 307. г 367. б

8. б 68. г 128. б 188. в 248. а 308. в 368. в

9. а 69. а 129. б 189. а 249. в 309. б 369. а

10. в 70. в 130. г 190. в 250. г 310. в 370. а

11. а 71. а 131. а 191. г 251. в 311. б 371. в

12. б 72. г 132. в 192. б 252. б 312. а 372. б

13. а 73.б 133. а 193. б 253. г 313. а 373. в

14. в 74. б 134. б 194. а 254. г 314. б 374. б

15.а 75. г 135. а 195. г 255. а 315. в 375. в

16. в 76. в 136. г 196. в 256. б 316. в 376. а

17. г 77. а 137. в 197. а 257. в 317. а 377. б

18. б 78. г 138. в 198. в 258. б 318. г 378. а

19. г 79. г 139. б 199.б 259. в 319. б 379. в

20.б 80. б 140.а 200. а 260. Б 320. а 380. в

21. б 81. г 141.в 201.в 261. в 321. в 381. а

22. а 82. г 142. а 202. б 262. б 322. б 382. б

23. г 83. а 143. б 203. в 263.в 323. б 383. б

24. б 84. в 144. б 204. в 264. г 324. г 384. б

25.б 85. а 145.б 205. г 265. г 325. г 385. а

26. б 86. в 146. а 206. б 266. г 326. б 386. б

27 .б 87. в 147. б 207. а 267. в 327. б 387. в

28. в 88. г 148. б 208. г 268. в 328. б 388. б

29. в 89. а 149.а 209. б 269. г 329. б 389. в

30. в 90. г 150. в 210. г 270. б 330. а 390. а

31. в 91.а 151.в 211. б 271. а 331. в 391. б

32. б 92.а 152. а 212. в 272. б 332. а 392. в

33. б 93. а 153. в 213. а 273. в 333. а 393. б

34.в 94. г 154. г 214. в 274. а 334. а 394. а

35. а 95. г 155. а 215. в 275. б 335. а 395. б

36. в 96. г 156. в 216. г 276. а 336. в 396. г

37.а 97. в 157. б 217. б 277. в 337. б 397. в

38. в 98. а 158. а 218. в 278. г 338. в 398. а

39. а 99. г 159. в 219.a 279. в 339. в 399. в

40 .б 100. в 160. а 220. а 280. г 340. а 400. а

41. в 101. б 161. в 221.в 281. б 341. в 401. в

42. в 102. а 162. б 222. в 282. а 342. а 402.б

43. б 103.в 163. в 223. а 283. а 343. а 403. а

44.в 104. б 164. б 224. в 284. в 344. г 404. в

45. б 105. а 165. в 225. г 285.а 345. г 405. б

46.б 106. в 166. а 226.в 286. г 346. в 406. а

47. в 107. г 167. а 227. а 287.б 347. б 407. а

48. в 108. г 168. г 228. б 288.в 348. б 408. в

49.б 109.б 169. б 229.б 289. а 349. а 409. г

50.а 110. в 170. б 230.г 290. в 350. а 410. г

51. г 111. б 171. а 231. в 291. а 351. в 411. г

52. б 112. б 172.б 232. б 292. г 352. г 412. а

53.а 113. в 173. а 233. а 293.б 353. а 413. б

54.в 114. б 174. в 234. г 294. г 354.а 414. г

55.в 115. г 175. б 235. б 295. б 355. б 415. б

56.б 116. в 176. а 236. в 296. г 356. в 416. г

57. г 117. а 177. в 237. б 297. в 357. в 417. г

58. а 118. г 178. б 238. б 298. в 358. а 418. г

59. г 119. г 179.а 239. а 299. г 359. г 419. в

60. а 120. б 180. г 240. б 300. б 360. а 420. г

421. г 481. г 541. г 601. в 661. в 721. а

422. а 482. в 542. г 602. б 662. а 722. г

423. б 483. б 543. г 603. а 663. а 723. б

424. в 484. а 544. а 604. б 664. б 724. б

425. а 485. б 545. б 605. в 665. а 725. в

426. б 486. Г 546. в 606. в 666. г 726. г

427. в 487. б 547. в 607. г 667. б 727. в

428. г 488. б 548. г 608. б 668. в 728. б

429. в 489. в 549. а 609. а 669. б 729. в

430. а 490. б 550. в 610. в 670. в 730. а

431. б 491.в 551. а 611. б 671. а 731.а

432. в 492. г 552. в 612. г 672. б 732. в

433. б 493. в 553.в 613. г 673. б 733. б

434. а 494.б 554.б 614. б 674. а 734. в

435. а 495. в 555.в 615. в 675. в 735. а

436. а 496. б 556.а 616. б 676. г 736. а

437. в 497. в 557. г 617. в 677. а 737. б

438. б 498. а 558. а 618. а 678. а 738. в

439. а 499. б 559. г 619. а 679. б 739. в

440. в 620. б 680. г 740. а

441. а 500. в 560. а 621. в 681. б 741. в

442. б 502. а 562. г 622. в 682. в 742. в

443. г 503. в 563. г 623. в 683. б 743. б

444. г 504. в 564. а 624. г 684. в 744. б

445. г 505. г 565. а 625. г 685 .в 745. г

446. б 506. а 566. г 626. г 686. а 746. б

447. в 507. а 567. в 627.б 687. б 747. а

448. б 508. а 568. г 628. б 688. а 748. а

449. в 509. в 569. в 629. а 689.б 749. а

450. б 510. г 570. а 630. а 690. б 750.в

451. б 511. в 571. б 631. в 691. а 751. а

452. а 512. б 572. в 632. г 692. б 752. г

453. б 513. в 573. г 633. б 693. в 753. в

454. г 514. г 574. а 634. г 694. б 754. б

455. а 515. б 575. в 635. в 695. в 755. б

456. в 516. в 576. б 636. а 696. в 756. в

457. б 517. г 577. а 637. в 697. а 757. а

458. г 518. а 578. в 638. а 698. а 758. г

459. б 519. а 579. г 639. б 699. г 759. б

460. в 520. а 580. в 640. в 700 .а 760. б

461. а 521. б 581. а 641. г 701. в 761. г

462. б 522. в 582. б 642. а 702. в 762. в

463. а 523. в 583. г 643. б 703. в 763. в

464. в 524. г 584. г 644. а 704. а 764. б

465. г 525. а 585. б 645. б 705. в

466. б 526. г 586. а 646. б 706. б

467. г 527. б 587. г 647. а 707. б

468. а 528. в 588. а 648. г 708. г

469. г 529. б 589. г 649.г 709. г

470. а 530. г 590. в 650. б 710. б

471. в 531. а 591. б 651. в 711. а

472. б 532. а 592. г 652. г 712. г

473. б 533. г 593. а 653. в 713. а

474. г 534. в 594. в 654. г 714. б

475. г 535. г 595. б 655. а 715. б

476. в 536. а 596. в 656. в 716. в

477. а 537. а 597. а 657 а 717. б

478. б 538. в 598. в 658. б 718. г

479. в 539. г 599. а 659 в 719. г

480. б 540. в 600. Б 660 а 720. б