СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 13.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас кунүнө карата

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

4-декабрь "Манас" эпосунун күнунө карата 

Просмотр содержимого документа
«Манас кунүнө карата»

Т.Ормонбеков атындагы «28 мектеп-лицейи



Манас таануу кечеси

Тема;Манастын урпагыбыз





Жангазиева Жазгул







Датасы: 04.12.2023-ж.

2015-жылдын 27-апрелинин №259 буйругунун негизинде 4-декабрь «Манас эпосунун кунунө» карата өтүлчү иш чарага мектепте ийримге катышкан окуучулар менен даярданып кече өткөрдүк.

Кеченин темасы: Манастын урпагыбыз

Кеченин максаты: «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, кыргыздын каада-салтын өстүрүүгө багытталды. Кеченин программасы төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турду.

  • 1.Саламдашуу . Бир окуучу кыз, бир эркек бала чыгып саламдашышат. Кыз:

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,

Кыр жон барбы кыргыз кыргын таппаган.

Кылымдарга аты калбай өчөөрдө ,

Кыргыз элин кыраан Манас сактаган. – Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер жана коноктор 4-Декабрь «Манас кунунө» арналган кечебизге кош келиниңиздер.

Бала: Кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан каада-салтын,үрп-адатын бизди муундарга шуурудай тизип айтып кеткен улуу Манасчыларыбыздын бири Саякбай Каралаевдин быйыл 130 жылдыгы. Кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон – Манас эпосуну кылымдарга сакталат деген ойдобуз. Манастын 7 осуятын ар бир кыргыз жатка билүүсү керек.



  • 2. Манастын жети осуятынын 7 окуучу чыгып айтат:

  1. Эл –журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарган ичкиг ; биримдиги;

  2. Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык;

  3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;

  4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр-билим аркылуу бакыбат жашоого умтулуу;

  5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;

  6. Табият менен таттуу мамиледе болуу;

  7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

3. Каныкейдин монологу ( текст: Жумагазиева Элина 7-кл образ менен айтат)Атакемдин төрт тулпар, төртөө келет алдыда, Калган аттар негедир караандабай калды да!Арбак урган Тайтору Кең-Мойноктун боорунда,Каргадай бала жонунда.Келе жаткан кези экен, алтымыш аттын соңунда!Мен карабет бейбактын маңдай сөөгү кайкы бейм,Манастан кийин шор катып көрөөр күнүм тайкы бейм! Артта калса Тайтору,Ары жок катын дедирбей,ажалдан мурун өлөйүн. Астыга чыкса Тайтору , кагылайын жалгыздын, бактысын сынап көрөйүн.Оо жаныбар Тайтору,белгилүү күлүмал элең,Катуулап кызып алганда,канатуу куштай бар элең.Уга көргун сөзүмдү,Ыйлата көрбө көзүмдү.Ээликкен катын дедиртип,Озөктөн чыккан балама, Шерменде кылба өзүмдү.Кагылайын Тайторум чыгып кел,чыгып кел.Манас!Манас!Манас!

  • 4.Манастан үзүндү айтуу ( 4 окуучу .)

АЙЗАТ: ЖАМИЛЯ:

Айкол Манас артык шер,

Казатка чыкты камынып.

Чочуп тулпар токунуп,

Эриң Манас кокжал ,шер

Кылча көрбөй куу жанды,

Кыргынга келген ошол жер.

Баатыр уулдун, аты улук

Айкол Манас шер ошол.

Дөнгө менен Жолойго

Согуш кылган жер ошол.

Мана-манас болгон жер,

Манас атка конгон жер.

Торучаарды минген жер.

Толкуган кытай, калмакка

Жетик белин курчанып,

Жер жайнаган калмакка

Жеке кирип барган жер,

Минген аты Торучаар

Сопол куйрук, сом туяк

Кара байыр, казанат

Артык балбан артык эр

Туп атасы Түгөл кан,

Түбүнөн Кыдыр даарыган.

Беттешкен аман болбогон,

Бет алганды койбогон

Каарланып бакырып,

“Манастап” ураан чакырып

Кагышка кирди эр Манас

Он экиге келгенде

Кыргын салган жер ошол

Торучаар менен ойнотуп,

Толгон кытай манжууну

Тоголотуп сойлотуп

Барын кырган жер ошол.

Кайнап жаткан кытайга,

Кабылан Манас кол салып,

Бет алдынан келгенди,

Кармай калып имерип,

Канкордун иши ушундай,

Чөл тушуруп жиберип.

Алысыраак балбанды,

Найза менен кулатып.

Тизгиндеше келгенди,

Айбалталап сулатып.

Оң жагына келгенди,

Кылыч менен сулатып.

ФАТИМА:

Дардайган кара калмактын,

Чачы калып,булайып.

Эчен тоодой балбандар,

Өлүп жатат тырайып.

Каарман өлүп,кан өлүп,

Кабылан Манас султандын

Кармашкандын баары өлүп.

Жамгырдай кылып,жаа тартып

Мөндүр кылып ок атып.

Балбан каптап былкылдап

АСЫЛАЙ:

Туш-тушунан кол салып.

Туруп берди Эр Манас

Баатыр айза сунганда,

“Өлөмүн” деп кенебейт.

Өңкөй дөөсү каптаса,

Бучкагына теңебейт.

Кез болгондо калмактын,

Кечилин сайып кулатып,

Шер экинин мындан бил,

Оноосун бирдей сулат

Качырып кылыч сунганда

Алы кетип баратты.

Калмактардын Жолою,

Чымындай жандан түңүлдү.

Эси кетип салактап,

Эс акылын жыя албай

Эр Жолой турду алактап.

Акыл ийлеп,эр ойлоп

Ачбууданын теминип,

Эчким чыдап туралбай,

Манжуулардын барысын,

Кайра тозуп токмоктоп,

Элдин баары жыйылы




5. Окуучулар эки топко бөлүнүп, команданын атын жакташып, мугалим берген суроолорго жооп беришет. (С.Каралаевдин вариянты негизинде суроолор даярдалды. Жообун билген командага упайлар берилди.).

  1. Манас төрөлгөндө Жакыпка ким суйунчу айтат?

  2. Алманбет эмне себептен өз элинен качып кетет?

  3. Чубак кимдин баласы болгон?

  4. Сейтектин кеңеш берген адамы ким эле?

  5. Кошой кантип Манаска кезигет?

  6. Семетей Канчорону кантип Каныкейден коргоп калат?

  7. Чоң Казатка эң биринчи кимдер жолду билип келгени барат?

  8. Сыргак каза болгондо канча жашта болчу?

  9. Манасты ким жарадар кылат?

  10. Манас өлгөндө Семетей канча жашта эле?


  • Командалар бир-бирине 2 ден суроо жооп кылышты.

  • 7.Жыйынттыкталып , 1-2-3-орунду алган командаларга граммоталар ыйгарылды. Алар:

- 1-орун -Жумагазиева Элина -«Акшумкар» ком. топ башчысы

-2-орун -Дунгулова Асылай- «Кырк Чилтен» ком. топ башчысы

-3-орун -Эржанова Жамиля – «Кыз Сайкал» ком. топ башчысы



Тест С.Орозбаковдун вариянтында түзүлдү.

Суроолор

А)

Б)

1

Жакыптын атын кубалап кеткен өспүрүм?

Жылкычы

Мендибай

2

Жакып канча бир тууган?

4

5

3

Бай Нескарадан качып кутулгандан кийин канча кундөн кийин Жакыпка кезигет?

6 кун

1 жыл

4

Ороздунун балдары жакшы чыкканбы?

ооба

жок

5

Бакай кимдин уулу болгон?

Байдын

Шыгайдын

6

Мендибайдын апасынын аты ким?

Онолкан

Канымжан

7

Чыйырды кайсы элдин мергенчиси аткан шердин этин жейт?

Кангайдын

Кыргыздын

8

Камбаркан уулу Айдаркан Орозбаков вариянтында да кезигеби?

Жок

Ооба

9

Айдаркандын уулу?

Көкчө

Дөңгө

10

Ошпурдун уулунун аты ким эле?

Корук

Чегебай

11

Үсөндүн өзгөргөн аты?

Көзкаман

Кутубий

12

Манаста Меке,Медина айтылабы?

жок

ооба

13

Сагынбай Орозбаков кайсы жылы туулган?

1867

1850

14

Сагынбай ата Манаста айткан динден өзүнун кабары бар киши болгонбу?

ооба

жок

15

Манас төрөлгөндө Жакыптын жылкысы канча миң болгон

28миң

38миң

16

Манас төрөлгөндө кимдин аты эң артта келет?

Ошпурдун

Акбалтанын

17

Манастын түпку аталарынын бири Бабырдын уулу ?

Түбөй кан

Ногой

18

Ороздунун 10 уулу бар болчу,улуусунун аты ким?

Кабатай

Чагатай

19

Байдын кичүү уулунун аты ким?

Тайлак

Орозду

20

Көкчө кайсы улуттан?

казак

калмак






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!