СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манас таануу боюнча суроолор жана конкурстун жобосу

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кут билимге суроолор СКВ»

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВДИН ВАРИАНТЫ БОЮНЧА СУРООЛОР

МАНАС бөлүмү

  1. Манастын түпкү аталары кандай даражадагы адамдар болгон?

  2. Манастын түпкү аталарынын колдоочусу ким болгон?

  3. Түнөп өткөн жерине

Түптүү мазар орногон” деген саптарды кандай түшүнүүгө болот?

  1. Манастын ата-бабаларын ирети атап өтүңүздөр?

  2. Кыргыздарды туш тарапка чачкан кытай кандары?

  3. Камчыга ченеп бөлүү” дегенди кандай түшүнсө болот?

  4. Каракандын уулдары кимдер?

  5. Акбалта кайсы уруунун каны болгон?

  6. Алоокенин канча уулу болгон?

  7. Молто кан менен Алооке кан кыргыздарды биринчи чабууда катышкан кытай балбаны?

  8. Дөңгөнүн образын сүрөттөп бериңиздер?

  9. Молто кан менен Алооке кан Каракандын сегиз уулун биринчи ирет чапканда, Шыгай менен Текече кайда качат?

  10. Молто кан менен Алооке кандын кыргыздарга салган салык түрлөрү?

  11. Молто кан менен Алооке кандын кыргыздарга салган салык өлчөмдөрү?

  12. Токсон беш төөгө баалуу жүк артып Бээжинге бара жаткан кытайдын токсон (сексен) балбанын карактап кол салгандыгын Алоокеге ким кабарлайт?

  13. Кайсы учурдан баштап Алооке Маргалаңды жердеп калат?

  14. Молто кан менен Алооке кандын кыргыздарды экинчи ирет чабышынын себеби?

  15. Токсон беш төөгө баалуу жүк артып Бээжинге бара жаткан кытайдын токсон (сексен) балбанын карактап дал кыргыздардын кол салгандыгын Алоокеге кимдер кабарлайт?

  16. Акбалта менен Жакыпты Алтайды көздөй айдоо демилгеси кимге таандык?

  17. Дөңгө баатыр кыргыз элин бүтүн бойдон кырып салалы дегенде, Алооке эмне деп аны токтотот?

  18. Жалпы кыргыз элин ар кайсы жерге көчүрүү буйругу кимге таандык?

  19. Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин кыргыз эли кайсы жерлерге көчүрүлөт?

  20. Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин Бай кайсы жерге көчүрүлөт?

  21. Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин Улак кан кайсы жерге көчүрүлөт?

  22. Алооке менен Молтонун экинчи чабуулунан кийин Үсөн кайсы жерге көчүрүлөт?

  23. Акбалта менен Жакып Алтайга канча мал менен көчүрүлөт?

  24. Акбалта менен Жакып Алтайга канча түтүн эл менен көчүрүлөт?

  25. Акбалта менен Жакып Алтайга көчүп баргыча ал жерди кайсы элдер жердеп турган?

  26. Акбалта менен Жакып Алтайда жүрүп кантип байышкан?

  27. Топон суу толкуп жете албаган жердин аты?

  28. Манастын дооруна чейин Чынмачында калып калган кыргыздан тараган элдин аталышы?

  29. Манастын дооруна чейин кыргыздан тараган эл кантип барып Чынмачынга туруп калган?

  30. Кытайдын аярлары, сыйкырчылары колдонуп турган китептин аталышы?

  31. Кыргыздардан Манастын төрөлө тургандыгын Эсенкан алдын ала кантип билген?

  32. Эсенкандын аяр, сыйкырчылары төрөлө элек Манас тууралуу кандай кабар айтат?

  33. Эсенкандын аяр, сыйкырчылары төрөлө элек Манас кандай өзгөчө белгилер менен жарыкка келээрин айтат?

  34. Эсенкандын аяр, сыйкырчылары төрөлө элек Манас тууралуу маалыматты кайдан алат?

  35. Кытайдын “Чоң даңза” китебинде Манас тууралуу эмне деп жазылган?

  36. Кантип кытай кандары алдын ала маалымат алып турган (кандай жолдор менен)?

  37. Бээжин кандай сырдуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон?

  38. Манастын туула тургандыгын уккандан кийин Карыкандын буйругу?

  39. Кытайдын сыйкырчылары Карыканга Манасты кармап келүү боюнча кандай сунуш менен кайрылышат?

  40. Төрөлө элек Манасты издөөгө Карыкан менен Эсенкан кимдерди жиберет?

  41. Төрөлө элек Манасты издөөдө кытайлар кайсы жерлерди кыдырган?

  42. Кытайлар чыныгы Манастын ордуна кимди туткундап алышат, анын тегин айтып бериңиздер?

  43. Туткунга түшкөн Жарманастын тагдыры кандай болот?

  44. Балага зар болуп жүргөн Жакып түшүндө эмне көрөт?

  45. Акбалтанын образын сүрөттөп бериңиздер?

  46. Жакыптын түшүн Акбалта кантип жоруп берет?

  47. Жакыптын төрөлө турган уулуна Манас деген ысым бериле тургандыгын алгач ирет ким айтат?

  48. Төрөлө турган уулуна Жакып кандай ырым кылат?

  49. Талгак болгон Чыйырдыга шерди ким атып келет?

  50. Шерди атып келген кытай мергени Кочкуга Жакыптын берген тартуусу?

  51. Чыйырдынын талгагы тууралуу маалыматты бөтөн элдерге айтпоо жөнүндө Жакып кандай чара көрөт?

  52. Эмне себептен Чыйырды төрөй турган маалында, Жакып жылкысына кетип калат?

  53. Чыйырды төрөр алдында, Жакып жылкысына кетип жатып, элине эмне деп айтып кетет?

  54. Баланын төрөлүшүн күтүп, жылкыда жаткан Жакып кандай түш көрөт?

  55. Манас төрөлөргө чейин эле канча жыл мурда Манас тууралуу кабар кытайлардын даңзасына чийилген?

  56. Жакыптын башка жылкыларына салыштырмалуу Кула бээнин орду кандай эле?

  57. Манас кандай өзгөчө белгилер менен төрөлгөн?

  58. Билерик кытайлардын туткунуна кантип түшүп, барымтага алынат (анын ата-теги)?

  59. Сүйүнчүлөп келген Акбалтага Жакып эмне тартуулайт?

  60. Манасты төрөп жаткан Чыйырдыга ким, эмне деп кайрылат??

  61. Манас төрөлгөндө, Жакып канча мал союп той берет?

  62. Кечилдиктин салты, шарты кандай болгон?

  63. Жакып балалуу болуп, паашалыктай той берди” – деп, кабар берген Чоң желдетке Эсенкан эмне деп жооп кайтарат?

  64. Жакыптын бечел уулу” – деген сөз кимге карата жана эмне себептен айтылган?

  65. Калмактын 80 баласы менен кыргыздын 40 баласынын ортосунда эмнеден улам чыр чыгат?

  66. Калмактын 80 баласы менен кыргыздын 40 баласынын ортосунда чатак эмне менен аяктайт?

  67. Кайсы учурда Жакып, Манаска кыргыздардын тек-жайы тууралуу айтып берет?

  68. Эмне себептен Жакып Манасты Ошпурга тапшырууга аргасыз болот?

  69. Ошпурдун колуна Жакып Манасты канча жылга тапшырат?

  70. Манас баштаган 40 койчу баланын ичинен 4 баланы өлтүрүп, тамак-ашын тартып алган ким?

  71. 40 койчу баланын ичинен 4 баланы өлтүрүп, тамак-ашын тартып алган Канжарколду тындым кылган ким?

  72. Ошпур Манастын Манас экенин качан байкап калат?

  73. Кочку Алтайга канча аскер менен жана кандай максат менен келет?

  74. Манастын колдоочуларын атап өтүңүз?

  75. Манастын кыял-жоругун көрүп-билип, Ошпур Манаска эмне дейт?

  76. Манас менен бир күндө туулган болочок тулпар?

  77. Торучаардын сүрөттөлүшү?

  78. Кочкунун сүрөттөлүшү?

  79. Манаска катылып келген Кочкунун тагдыры кандай болот?

  80. Кочкунун аскери кырылып, Кочку курман болду деп Эсенканга ким кабар жеткирет?

  81. Кочку аскери менен алтайлык кыргыздарга аскер менен келгенде, Манас канча жашта эле?

  82. Манас тууралуу Эсенканга Тагылык эмне деп айтып барат?

  83. Тагылыктын Манас тууралуу кабарын уккан Эсенкан кандай буйрук кылат?

  84. Кокус буйругун аткара албай калса, Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү эмне кылмак?

  85. Жолой, Дөңгө менен бирге дагы кайсы белгилүү кытай балбандары Алтайга аттанат?

  86. Алгач Алтайга барган Жолой менен Дөңгө Жакыпты кандай амал менен доого жыкмак болушат?

  87. 200 аскери менен Манаска катылган Дөөдүр эмне болот?

  88. Каптап келе жаткан Жолойдун аскеринен корккон Жакып, андан кутуулунун кандай жолун Манаска сунуштайт?

  89. Кытайдын балбаны Дөңгө кандай шартта жана кимдин колунан каза табат?

  90. Кытайдын балбаны Жоон алп кандай шартта жана кимдин колунан каза табат?

  91. Аскер менен Алтайга, Манасты кармап келүү үчүн барган Жолой эмне себептен Манасты көрүп Бээжинди көздөй качат?

  92. Алтайга өзү барып Манаска катылган Жолой, кандай амал менен качып кутулган?

  93. Жолой баатырлыктан, балбандыктан сырткары дагы кандай өзгөчө касиетке ээ болгон (мисал келтиргиле)?

101.“Ит жээр, бит жээр эл” деп, кайсы эл айтылат жана кайсы жерди жердешкен?

102. Алтайдагы кыргыздарга кол салып келгичекти, кайчы кулак Каман алп кандай атакка ээ болгон эле?

103. Кайчы кулак Каман алп, кандай шартта, кимдин колунан каза табат?

104. Алгач ирет Манаска 40 чилтен менен Кызыр кандай шартта жолугат?

105. Жолой баштаган 10 миң аскерди талкалагандан кийин Манаска кайсы мифтик каармандар жолугат?

106. Алгач Алтайда жолукканда, Кызыр ата Манаска кандай буюм тартуулайт?

107. Манас менен Кызыр канча сапар дос болот?

108. Кандай түрдө Кызыр Манаска колдоочу болуп калат?

109. Кызыр колдоочу катары Манаска ким тарабынан жиберилет?

110. Шай ата менен 40 чилтен алгач Манаска Алтайдан жолукканда кандай атак ыйгарышат?

111. Ким жана кандай шартта Манасты ак динге киргизет?

112. Чегебай кимдин уулу жана анын кийинки ысымы?

113. Чегебайдын Чегебай ысымын өчүрүп, Кутубий деп ким коёт?

114. Кызыр, Шай ата, 40 чилтенге Манас кантип жолугуп калат?

115. Эмне үчүн Чегебайдын ысымы Кутубий деп өзгөрөт?

116. Манастан сырткары, дагы ким ак динге кирет?

117. Манастын алгачкы шерттешкен чоросу ким?

118. Алооке менен Молто кан тарабынан кыргыздар туш тарапка чачыраганда, Улак кандын тагдыры кандай болот?

119. Алооке менен Молто кан тарабынан кыргыздар туш тарапка чачыраганда, Үсөндүн тагдыры кандай болот?

120. Алтайда өмүр сүрүп жатып Акбалта, Үсөн тууралуу кандай кабар угат?

121. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү демилгеси кимге таандык?

122. Алтайдан Ала-Тоого көчүү боюнча Акбалта Манаска кандай кеңеш берет?

123. Кошойдун өзгөчөлүктөрүн айтып өтүү?

124. Акбалта Манасты Алтайдан Ала-Тоого узатып жатып Кошой тууралуу эмне дейт?

125. Манас Алтайдан чыгып, Кошой менен көрүшүүгө келе жатып, азыркы Кыргызстандагы өрөөндөрдөн кайсы жерге алгач туш болот?

126. Манастын алгачкы эрдиги канча жашында кылынган?

127. Жакып менен Акбалта Алтайды жердеп турганда, Кошойдун абалы кандай эле?

128. Манас Алтайдан чыгып Ала-Тоого келе жатканда, Кошой кандай түш көрөт?

129. Манастын Ала-Тоого келгенин Кошойго ким кабарлайт?

130. Алгач Манасты көргөн Кутунай, Манастын Манас экенин билгенби?

131. Ала-Тоого алгач ирет келе жаткан Манасты Кошой кандай тозуп алат?

132. Кошойдун туулган жери?

133. Алптын уулу Жүгөрү деген ким, кандай шартта каза болот?

134. Каракан өлгөндөн кийин, Молто менен Алооке кан кыргыздарды чапканда, Кошой кандай аракет көргөн?

135. “Балбан” атагын Кошойго ким ыйгарган?

136. Алгачкы жолугушууда, Кошой менен Манас кандай кеп-кеңешке келишет?

137. Билериктин өзгөчөлүктөрү жана даражасы?

138. Кытайлардын тайынган кудайы?

139. Кандай жол менен Алооке Маргалаңга кан болот?

140. Алоокенин Ат-Башыдагы Кошойго келген салыкчыларына кандай мамиле кылат?

141. Эмне учүн Кошой, Карлыгачты Жарманаска күйөөгө бер деп, Манаска айтат?

141. Кошой Манасты Алтайга узаткандан кийин кайда аттанат?

142. Алооке менен Молто кандын каарынан жаш Улак канды ким сактап калган?

143. Улак кан кимдин колунда өсүп-чоңоёт?

144. Алооке менен Молтонун каарынан эптеп кутулган Улак кандын тагдырын Манаска ким айтып берет?

145. Кошой Манасты Ат-Башыдан узатып жатып эмне дейт?

146. Кошой Алтайга Манасты кантип узатат?

147. Жолой баштаган 10 миң аскердин Манастын колунан кырылганын Эсенканга ким кабарлайт?

148. Алтайдагы Манасты кармап келгендиги үчүн Каражойго Эсенкан кандай тартуу кылмак?

149. Бакайдын балалыгы кайда жана кимдин колунда өтөт?

150. Бакайдын Манасты издөөсүнө ким түрткү болот?

151. “Өлгөн сайын өрчүгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн” деп касыл элди сүрөттөйт?

152. Кошойдун кушу?

153. Эпостогу музыкалык аспаптар?

154. Ноопаз(оопаз) деген кандай жандык?

155.Көк качырчан кытай дөөсү?

156. Боз качырчан кытай алпы?

157. Манас Жолойду жети айланта кууган жер?

158. Каман алп кытайдын кайсы уругунан болгон?

159. Жолой Манастан араң кутулуп, Бээжинге качкан жер?

160.Кара токой мал эткен, кара үңкүрдү үй эткен баатыр?

161. Эгиз кара ат байлаган, Эки-Кемин жайлаган баатыр?

162. Кошойдун түшүн ким жоруйт?

163. Эсенкандын бичиги канча беттен турган?

164. Жакып канча жашында уулду болот?

165. Кутубий тулпарына кантип ээ болгон?

166. Манас Нескарага эмне үчүн 3 күн бурсат (тыным) берет?

167. Манас Орго менен алгач качан беттешет?

168. Манас Айбанбозго кантип ээ болот?

169. Коңурбайдын ысымын “Коңурбай” деп, ким койгон?

170. Алтайдан келген Акбалта эмне үчүн Сары-Колго кетмек болот?

171. Акбалтанын Манастан Кутубийди сураганынын себеби?

172. Эмне себептен Манас Жакыпка таарынып, Таластан кетип калат?

173. Манас эмне үчүн башка жерге эмес Анжыянга аштык айдайт?

174. Аккулага Манас кантип ээ болот?

175. “Манаста” бункер же атайын жер төлөө түшүнүгү кездешеби?

176. Манас алты курчка (кылычка) кантип ээ болот?

177. Манас менен Бакай кандай шартта жолугат?

178. Алты айында энесинен, бир жашында атасынан айрылган каарман?

179. Аккелтени ким жасаган?

180. Орустар эмне үчүн Аккелтеге кызыкдар болгон?

181. Ажыбай кайдан билим алган?

182. Ажыбай Карткүрөңгө кантип ээ болот?

183. Жоого кирсе бүлдүргүч, Өрүүдө жатса күлдүргүч чоро?

184. Бакай Манаска келгенде канча жашта эле?

185. Шууту менен Ырчыуул Манаска кантип чоро болуп калат?

186. Ырчыуул, Шуутудан кийин кимдер келип Манаска чоро болот?

187. Бүгүнкү күндөгү Күчөр шаарынын Манастагы башкы аталышы?

188. Чубактын Көгала тулпарга ээ болушу кандай баяндалат?

189. Эмне себептен Көкөтөйдүн ашында Манас Коңурбайдын тулпарын албай коет?

190. Коңурбайдын жылкычы башчысы Карагул жарадар болуп, сууда калганда, Алмамбет менен Сыргактын келгенин Коңурбайга ким кабар жеткирет?

191. Эмне себептен Алмамбет өз учурунда “Бээжиндин жолун билбейм!” деп Манастын суроосуна жооп кайтарган?

192. Алмамбет өзү туулуп-өскөн жерине жетип, кандай кейиштүү абалды көрөт?

193. Манастын Аккуласы үчүн Алмамбет жасап берген ээр?

194. Эпостогу көзгө атаар мергендикти аныктай турган кыргыздадын спорт оюну?

195. Актелкинин баштапкы ээси ким болгон?

196. Желмаяндын Манаска кылган кызматы?

197. Манастын сөөгүн жашырууда кимдер катышкан?

198. Эсенкандын буйругу менен Кытайдын чегине коюлган кытай баатыры?

199. Алмамбет окуп билим алган жер кайсы мифтик жаныбардын аты менен аталат?

200. Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы?

201. Асмандан түшкөн алты курч кимдерге берилет, санап өткүлө?

202. Жети кандын чатагынын келип чыгышынын себеби?

203. Манас жалпы кыргызга кайсы учурда кан шайланат?

204. Кандай шартта жан кантип Чубак Манаска чоро болуп кошулат?

205. Шооруктун аскери жылкы минбей төө мингендигинин себеби эмнеде?

206. Бурулчанын Алмамбетке кандай жакындыгы бар?

207. Алмамбеттин энеси Алтынай качан, кандай шартта курман болот?

208. Кандай максат менен Көзкамандар Манаска келип кошулат?

209. Кумайыктын айынан болгон Манастын Каныкейге кылган опузасы?

210. Коңурбайдын “Түп Бээжинди Манаска берейин” деген сөзүнүн ар жагында кандай амал турган эле?

211. Качан, кандай шартта Алмамбет алгач ирет Бурулчага жолугат?

212. Коңурбайдын чек кайтарган жаныбар кароолчулары?

213. Азизкан Алтынайды эмнеден улам ала турган болот?

214. Алмамбет менен Коңурбайдын алгачкы беттешүүсү качан, кандай шартта өтөт?

215. Тал-Чокуга чыкканда, Манас Алмамбетке эмне деп таарынычын айтат?

216. Манаска ашпоозчу болуп келген тыңчы ким?

217. Бурулча менен Бирмыскал Таласка кантип келип калат?

218. Чоң Казатта Карткүрөңдүн аткарган кызматы?

219. Чалкуйруктун өзгөчөлүгү?

220. Манастын сөөгү кайсы жерге коюлат?


СЕМЕТЕЙ, СЕЙТЕК бөлүмдөрү

1. Гүлчорону төрөгөн энеси ким болгон?

2. Бакай менен Семетейдин алгач жолугушуусу кандай маанайда өтөт?

3. Семетейди кайып дүйнөсүнө ким алып кетет?

4. Сарыбай кимдин колунан каза табат?

5. Сейтектин зайыбы ким?

6. Кырк чоронун Семетейге кылган мамилеси кандай болгон?

7. Кырк чоронун ичинен Каныкейге арачыга Көбөш кимди жөнөтөт?

8. Беш берен кайып дүйнөсүнө кетип бара жатып, кыргыз элине кимди кан шайлайт?

9. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка кимдер чыгат?

10. Алты жашка чыкканда, той өткөрүлүп аты коюлат, он үчкө жашы чыкканда, “кан шимирип катыгып, кыз арстан атыгат” бул баатыр кыз ким?

11. Канчоро менен Чачыкейди эмне бириктирип турду?

12. Манастын көзү өткөндөн кийин Зулпукор кылычы, Аколпок тону, Аккелте мылтыгы Сырнайзасы кимдин колунда калат?

13. Коңурбайдын Таласка казат баштагандыгынын себеби?

14. “Кайып” дегенди же “кайып болуу” дегенди кандай түшүнсө болот?

15. Үмөтөйдүн тагдыры кандай аяктайт?

16. Семетейди Каныкейге каршы Ысмайыл эмне деп көкүтөт?

17. Чынкожонун “Үргөнчтү чабам” деген демилгесине карата Толтойдун баштапкы ою кандай эле?

18. Чыйырдыга мүнөздөмө бергиле (анын колдоочулары, өзгөчөлүктөрү)?

19. Каныкейге мүнөздөмө бергиле (анын колдоочулары, өзгөчөлүктөрү)?

20. Айчүрөккө мүнөздөмө бергиле (анын колдоочулары, өзгөчөлүктөрү)?

21. Акберметке мүнөздөмө бергиле (анын колдоочулары, өзгөчөлүктөрү)?

22. Каныкей төркүнүнө ким менен жана эмнеге качат?

23. Айчүрөк менен Көкмончоктун кандай жакындыгы бар?

24. Каныкей Букарды көздөй качканда, Бурулча кандай тагдырга туш болду эле?

25. Айчүрөк менен Чачыкейдин алгачкы жолугушуусу кандай маанайда өтөт?

26. Коңурбайдын “Түп Бээжинди Манаска берейин” деген сөзүнүн ар жагында кандай амал турган эле?

27. Букарды көздөй качып баратып, ачкалыктан Семетейдин үнү чыкпай калганда, айласы кеткен Каныкей Семетей менен Чыйырдыга кантип тамак таап берет?

28. Канчоронун чыккынчылыгы эмнеде?

29. Жакыптын, Букардан жаңы келген Семетейге кылган мамилеси?

30. Каныкейдин канжары эмне деп аталат?

31. Кыяз кимдин колунан өлүм табат?

32. Кыяздын ордуна, жедигер элине ким кан болот?

33. Чачыкей кимдин колунан каза табат?

34. Манастын көзү өткөндөн кийин Желмаяндын күнү кандай аяктайт?

35. Кыяздын Семетейге каршы аттангандыгынын негизги себеби?

36. Эмне себептен Семетей Үргөнчкө барат?

37. Чарайна деген эмне?

38. Сейтектин эң биринчи эрдиги?

39. “Канды кудай ураарда, катыны менен кабышат, калкы менен чабышат” деп ачууланган Кыясты ким тыят?

40. Сейтектин жедигер элинде төрөлүп калышынын себеби?

41. Эмне себептен, Сарыбай менен кармашууда Семетей, Гүлчоро, Сейтектердин кайраты кеткен?

42. Манастын көзү өткөндөн кийин энеси Чыйырдынын көргөн күнү кандай болот?

43. Үмөтөйдүн атасы ким жана анын Манаска жакындыгы бар?

44. Жолборс издеп чыккан Акжолтойго ким кабылат?

45. Куялы кимдин кызы?

47. Чоң Ките деген ким?

49. Эмне үчүн Темиркан Семетейдин тоюн 12 жашында өткөрөт?

51. Кыяздын туткунунда жүргөн жарадар Гүлчорону ким дарылайт?

52. Сейтектин акылман кеңешчиси?

53. Гүлчоронун зайыбы ким жана ал кимдин кызы?

54. Сарыкандын мурдагы аты ким?

55. Манастын кунун кууганы бара жатып, Семетей, Бакай чоролору менен эмне болуп тулпарларынан айрылып калат?

56. Кенен мине турган Кертулпарды Акжолтойого ким берет?

57. Конурбайдын Семетейди атаар алдындагы ой-жүгүртүүсү?

58. Каныкейдин багы эмне үчүн куурап, көлү эмне үчүн соолуп калат?

59. Семетей кайып болгондо, Кыяс Канчорону эмне деп жемелейт?

60. Кыяз кыргыздын кайсы уруусунун каны болгон?

61. Акеркеч Тайбуурулду кантип кордойт?

62. Семетей кайып болгондо, Акшумкар менен Кумайык эмне болот?

63. Чоң Билгич менен Чоң Ките бир туганбы?

64. Каныкейдин Канчоро менен Гүлчорону эмизген учуру кандай баамдалат?

65. Семетей кайып болгондон кийин Гүлчоронун көрөөр күнү кандай болот?

66. Сейтек энеси Айчүрөктү кимге “баш байла” деп кайрылат жана бул маселенин жыйынтыгы кандай аяктайт?

67. Үргөнчтөгү кагылышуу эмне менен аяктайт?

68. Коңурбай качан, кандай шартта жана кимдин колунан курман болот?

69. Сарыбайдан отуз күндүк мөөнөт сурап согушту убактылуу ким жана эмнеге токтотот?

70. Эмне үчүн Каныкей Семетейди өзү багып чоңойто алган эмес?

71. Манастын көзү өткөндөн кийин бийлик кимдин колуна өтөт?

72. Семетей кайып болгондон Таласка ким ээлик кылат?

73. Сейтек Таласка келгенде, аны кимдер тозуп чыгат?

74. Сейтек жөнүндө кабарды Гүлчоро кимден угат?

75. Кытайлардын куралсыз согушкан жоокерлери?

76. Акжолтойдун тулпары?

77. Сейтектин неберси?

78. Букардагы Каныкейдин булагы?

79. Каныкей Семетейди Ысмайылга кандай шарт менен тапшырат?

80. Көкмончок Семетейди алып кеткен тоонун аталышы?

81. Темиркан кандай максат менен Семетейге той берет?

82.Суркоендун башын ким алат?

83. Кыргыздарды жеңип алуу үчүн Чоң Билгичтин Чоң Китеге берген кеңеши?

84. Каныкейди төркүнүнө ким узатат?

85. Чынкожонун Семетейге карата кандай тууганчылык жакындыгы бар?

86. Эпосто колго салынуучу кишендин аталышы?

87. Семетейдин Букардагы алгачкы эрдиги?

88. Сарыбай кандай шартта жана кимдин колунан өлөт?

89. Тайтору башында кимге таандык тулпар эле?

90. Тайбуурул башында кимге таандык тулпар эле?

91. Суркоендун баштапкы ээси ким?

92. Көкмончоктун теги ким?

93. Куялынын Айчүрөккө койгон негизги шарты?

94. Шыпшайдардын өчүн алуу үчүн Таласка келген баласынын аты?

95. Манастын көзү өткөндө, Семетей канча жашта эле?

96. Чачыкейдин Канчорого турмушка чыгуусунун негизги себеби?

97. Нескара кимдин колунан жана качан, кайсы жерде курман болот?

98. Коңурбайдын буйругу менен кытайлардын чегин кайтарган баатыр?

99. Канчоронун акыры душман чыгаарын ким сезип туйган?

100. Көзгө атаар мерген Кожожаштын уулу?

101. Айчүрөк Коңурбайды сынап жатып анын эмнесинен айныйт?

102.Үчилтиктин кайсы бөлүмүндө “Көкөктөйдүн ашы” кимге, ким аркылуу айтылат?

103. Манастын көзү өткөндөн кийин Жарманастын шаарын кимдер камаган?

104. Карлыгачтын минген аты?

105. Акдөө менен Көкдөөдөн Желпиништи куткарам деп убада берген ким?

106. “Баарынан да жок жаман, досуңдан тийген ок жаман” макалды чечмелеп бергиле?

107. “Отко салса күл болбойт, олжого түшсө күң болбойт” макалды чечмелеп бергиле?

108. “Дос айрылат, тууган кайрылат” макалды чечмелеп бергиле?

109. “Биримдик деген улуу күч, бет алып келбейт бүлдүргүч” макалды чечмелеп бергиле?

110. “Куюн алаар үйүм жок, кууп алар малым жок” макалды чечмелеп бергиле?

111 “Аял кесири эрине, эр кесири элине” макалды чечмелеп бергиле?

112. “Адам аласы ичинде, мал арасы сыртында” макалды чечмелеп бергиле?

113. “Үйүм, үйүм дебегин, үйүң токой чырпыгы” деген макалды чечмелеп бергиле?

114. “Малым, малым дебегин, малың тоонун чымчыгы” деген макалды чечмелеп бергиле?

115. “Чыктан чыкпас Чынарбай” деген ылакаптын маанисин чечмелеп бергиле?

116. Абыке, үч кандын элинин чатагын басуу үчүн кимди ээрчитип алат?

117. Манастын көзү өткөндөн кийин, Бакайдын Каныкейди качыруу боюнча, эл ичинде сөз тарайт, кеп ким жөнүндө болуп жатат?

118. Манастын көзү өткөндөн кийин, Абыке, Көбөшкө кошулбай өзүнчө кеткен чоролор?

119. Манастын көзү өткөндөн кийин, Көбөштүн Каныкейди чапканы келе жатканын ал кимден угат?

120. Балтыр бешик Семетейдин ордуна курман болгон бала ким жана ал кимдин баласы эле?

121. Манастын ордосун кайтарган баатыр?

122. Манастын бир туугандары – Чыйбыт, Кочкор экөөнү катар сайып кулаткан баатыр?

123. Каныкейдин өкүл атасы ким болгон?

124. Каныкейдин өкүл атасынын Каныкейге кылган мамилеси?

125. Каныкей Чыйырды менен Семетейди көтөрүп алып, чөлдү канча күндө басып өтөт?

126. Олуят чалдын асырап багып алган баласы?

127. Манастын көзү өткөндөн кийин, Бакай кайда кетип калат?

128. Манастын көзү өткөндөн кийин, Таластан Букарды көздөй качып чыккан Каныкейдин изин кантип табат?

129. Семетейдин тентектигин тыйсын деп, Темирканга кимдер кайрылат?

130. Букардагы Семетейдин тоюнда кимдер тулпарларын чабат?

131. Семетейдин тоюнда, Каныкейдин ат чаба тургандыгын Темиркан кимден угат?

132. Семетейдин тоюнда, Каныкейдин Тайторуну чапкандыгынын себеби?

133. Семетейдин тоюнда, Каныкейдин Тайторуну чаап жатып эмне деп төлгө кылган?

134. Семетейдин тоюнда, ат чабышта канча тулпар чабылган?

135.Семетейдин тоюнда, ат чабышка катыша турган Тайтору канча жашта эле?

136. Каныкейдин Тайторуну чаап жатканын уккан Ысмайыл, Семетейге эмне дейт?

137. Семетейдин тоюнда, 6 күн күрөшкөн балбандар?

138. Семетейдин тоюнда, Ак балбанды жыккан Төө балбанга Семетей кандай сунуш кылат?

139. Букардын каны?

140. Күл эшендин Күл токоюндагы көмүрчү ким?

141. Семетейдин таенеси?

142. Семетейдин чоң энеси?

143. Ысмайылдын кызы?

144. Семетей менен сырдаш болгон Букар шаарынын төрөсү?

145. Семетей алгач ирет Таласка келип, Бакайга жолукканда, кимдин баласымын деп тааныштырат?

146. Таластан качып чыккан Каныкей, Чыйырды менен Семетейге кайдан табышат?

147. Семетейдин карын бөлөсү?

148. Ысмайыл, Семетейди багып алганда, канча күн той берет?

149. Эсенкандын канча уулу болгон?

150. Гүлчорону төрөгөндөн кийин Арууке, канча күндөн каза болот?

151. Гүлчоронун баккан энеси?

152. Жылкы баласынын жаш курагы боюнча аталышы.

153. Уй баласынын жаш курагы боюнча аталышы.

154. Төө баласынын бөлүнүшү.

155. Зайыппурушту чечмелеп бергиле.

156. Эпостогу курал жарактарды санап бергиле.

157. Эпостогу жоокер кийимдерин санап бергиле.

158. Эпостогу канатуулар.

159. Эпостогу өсүмдүктөр.

160. Эпостогу тулпарлар.




























20


Просмотр содержимого документа
«Манас таануу ЖОБО 2020 КТРК (1)»



Жалпы билим берүүчү мектептердин 8-9-10-11 класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү республикалык “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын

ЖОБОСУ


1. Жалпы маселелер

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы жарлыгынын негизинде 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилеген. Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу максатында;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен бирге жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында республикалык “Манас таануу” телетаймашын өткөрөт.


2. Телетаймаштын максаты:

  • Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу;

  • Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо;

  • Өсүп келе жаткан жаш муунду Манас эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо;

  • Окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу;

  • Аймактарда “Манас” эпосун тереңдеп окуп үйрөнүү боюнча мектеп окуучуларынын, мугалимдердин изденүүсүнө, билимине, тапкычтыгына баа берүү.



3. Телетаймаштын шарты жана тартиби

  • Таймашка жалпы республиканын билим берүүчү мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары катышат (3 окуучу бир топ түзүп);

  • Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалат;

  • Командага “Манас” үчилтигинен алып өзгөчө ат коюу;

  • Таймаш беш бөлүмдөн турат: 1.Атын жактоо (топтун атын жактоо); 2.Үчилтик; 3.Сыр куржун; 4.Күтүлбөгөн бир суроо; 5.Өз ара суроо.

  • Таймаш улуу манасчы Саякбай Каралаевдин академиялык варианты боюнча өткөрүлөт.

  • Балдардын телетаймашка катышуусун билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук борборлордун, облустук билим берүү округдарынын башчыларына , министрликке жүктөлөт.


4. Өткөрүү тартиби

  • 1 -баскыч- мектептерде (январь)

  • 2 -баскыч - райондордо (февраль)

  • 3 -баскыч-облустарда ( март)

  • 4 -баскыч - республикада (апрель)

- Республикалык таймашка жети облустан жана Ош, Бишкек шаарынан 8-11-класстар арасынан 2 ден топ (облуста 1-2-орунду ээлеген командалар) катыша алышат. Жалпы 36 команда. Окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөн мектептерден(орус, өзбек класстар) жалпы 12 команда катышат.

- Манас таануу интеллектуалдык телетаймашы КТРК, Баластан каналдарында эфирде көрсөтүлөт. Бир таймаштын көлөмү 45 мүнөт.

5. Телетаймаштын жүрүшү жана баалоо ыкмасы

  • Атын жактоо” (Командага эпостон алып ат коюп, аны жактап беришет 1минут)

  • Үчилтик” (С.Каралаевдин академиялык варианты боюнча 5 суроо берилет)

  • Сыр куржун” (Көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү 1 сөз, 1 макал)

  • Күтүлбөгөн суроо” (ар бир окуучуга 1 ден суроо)

  • Өз ара суроо” (команда атаандашына 1 суроо даярдап келет)


6. Калыстар тобун түзүү жана алардын иштөө тартиби

  • Калыстар тобунун курамын “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу аныктайт;

  • Баалоо 5 баллдык система менен жүргүзүлөт. Калыстар өз милдеттерин так аткарып, ачык добуш беришет.


  1. Телетаймаштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Таймаштын жеңүүчүлөрү демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер, грамоталар, жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.


2



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!