Сабактын темасы: “Манас”эпосу жана манасчылар
Сабактын максаты:
а) билим берүүчүлүк жагы: Манасчылар жана
«Манас» эпосу боюнча кенири маалымат берүү
б) өнүктүрүүчүлүк жагы:
студеннтердин өз оюн туура айтууга,изденүүгө,
билгичтикке калыптандыруу
в) тарбиялык жагы: Мекенчилдикке , достукка тарбиялоо
Сабактын усулу: Чын билим берүү,
Сынчыл ойлом, салттык усул
Сабактын ыгы: талкуу, суроо-жооп, ангемелешүү ББК
консептуалдык карта
Сабактын жабдылышы: Плакат, сүрөттөр, портрет
Сабактын тиби: жаны тема өтүү
Пайдаланган адабияттар:
1. Кыргыз поэзиясынын антологиясы Ф.1985ж.
2. «Кыргыз адабиятынын тарыхы» К.Артыкбаев Ф.1979ж
3. «Кыргыз адабияты» томдуктар ( антология)Б.2012ж.
4. « Манас» эпосунун энциклопедиясы
5. « Манас» эпосунун жети илтиги
Сабактын жүрүшү:
Жаны тема: “Манас”эпосу жана манасчылар
Жарым миллион сап «Манас» баянын жадысында сактап, азыркы XXI кылым заманына жеткирген жана андан ары улап жаткан манасчылар жөнүндө маалымат. Элдик уламыш, аңыздар боюнча биринчи манасчы - Ырамандын ырчы уулу болгон. Ырамандын Ырчы уулу, Ырдап айткан кебимди. Канчалар кордук кылганда, Кайраным тапкан эбимди”, - деп Манас өзү баа берген дешет. Манастын көзү өткөн соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен. Жайсаң ырчы Манастын учурунда жашап, анын жортуулдарын даңктап ырдаган экен. Алтайда турган кыргыздарды бүтүн жыйдырып кеңеш кылганда, Үмөт уулу Жайсаңды да чакыртканы айтыла Атасы Жакып кары бар, Акылмандын баары бар... Айдаркан уулу эр Көкчө Баары келген чагы бар Үмөт уулу Жайсаң бар Өлүмдөн коркпос көп жандар Жайсаң ырчы боз үйдүн жабдылышын эле жарым күн айтчу экен: Алиги көргөн Кайыпдаң Кыз берүүгө камданган Уугун күмүш суулантып, Керегенин порумун Кандай уста кылган деп, Көргөн жанга суратып Ак манат менен жаптырып, Алтындан нагыш чаптырып, Ичин кызыл сырдаган, Чийин жибек чырмаган Салтанатын көргөндө Жайсаң ырчы дегени, Жалаң үйдүн порумун Жарым күнгө ырдаган.... Токтогул ырчынын жашаган доорун уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет. Ал тууралуу Тоголок Молдо: Ырамандын соңунан, Иши келип оңунан. Элден таап нускасын, Арбытып айтып кыскасын. Токтогул ырчы ырдаган, Токтогул ырдап турганда, Калктын баары тыңдаган. Ырамандын Ырчы уул - Жомокчунун башчысы. Баарын тизген Токтогул - Бул жомоктун ачкычы”,- деп эскерет.
Түлөберди (1735-1810) Таластагы жетиген уруусунан чыккан манасчы Түлөберди жашаган чөлкөмгө күндөрдүн бир күнүндө жоо келген экен. Алар жоокерчиликтин эски ырымы менен туу кандамак болушуп туткун кармоого киришет. Туткунга Түлөберди манасчы түшүп калып, акыркы күнүм ушул экен деп ойлойт да, “Манасын” айтып кирет. Жоо анын ырына кызыгып, угуп-көрүп, ыры бүткөн соң өлтүрмөк болушат. Бирок ырчынын ыры түгөнбөйт. Бир күн айтат, эки күн айтат, үч күн айтат, түгөнбөйт... Ошондо аскербашы: “Биз жоонун касиеттүү кишисин кармап келген экенбиз. Мындай киши менен туу 21 кандалбайт. Жолубуз болбой калган экен, кайттык артка!” - деп, элге кол салбастан, ат башын кайра артка бурган экен. Ошентип улуу манасчы элин 22 жоодон сактап калыптыр.
Тулпар манасчы Келдибек Карбоз уулу Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде туулуп, 80 жаштан өткөн кезде 1880-жылдарда Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болгон. Келдибек Манас айтканда, тегерегиндеги жандуу- жансызды бүтүндөй өзү менен Манас дүйнөсүнө ээрчитип кетчү дешет. Келдибектин манасчылыгына олуя акын Арстанбек таң бере мындай деген экен: Келдибек Манас айтканда, Шамал уруп, бук болуп, Боз үйлөргө жүк толуп. Чагылган учуп чартылдап, Кереге-уук карчылдап. Ат дүбүртү угулуп, Журт атасы Манастын, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Арбагы көзгө урунуп. Кырк чоро кырдан суурулуп, Желеде кулун чыңырбай, Кымызга көңүл бурулбай. Төөлөр чөгүп жоодурап, Койлор жуушап, кепшебей, Коңулда иттер эт жебей. Аздектеп турчу бардыгы. Кара тору түспөлү, Кыпкызыл болуп чыңалып, Арча отундай чок болчу. Ашырып айтаар Манасты, Ак уул, Куу уул кыргызда, Андай адам жок болчу. Он эки мүчө шалкылдап, Бүт денеси балкылдап, Тар дүйнөнү унутуп, Кең бейиште жүргөндөй. Сыйкырдуу дүйнө аралап, Керемет болуп кеткенин, Көргөн жайым бар эле, Көрбөгөн адам зар эле. Келдибектин өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын. Бир сөз менен айтканда, Келдибек сейрек кездешүүчү, чыныгы алп манасчылардын бири болгон.
Назар Болот уулу (1828-1893) Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Сары-Камыш айылынан чыккан. Аны көрүп билгендер анын чоң жомокчу болгондугун, эпостун үчилтигин толук билгендигин эскеришет. Чокон 23 Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашы” дал ушул Назар манасчыдан Жыргалаң суусунун боюнда жазылып алынган деген маалымат бар.
Тыныбек Жапый уулу (1846-1902) - манасчылардын ири өкүлү, өзүнүн артынан далай шакирттерди өстүрүп чыгарып, манасчылыктын өзүнчө бир мектебин түптөгөн. Ысык-Көлдүн Кайнар деген айылында жарык дүйнөгө келген. Эл ичинде: «Тыныбек “Манас” айтып атканда жерден бир карыш көтөрүлүп калчу, көл үстүнөн басып кетчү. Дүйнөдөн кайтканда Ай тутулуп, табият да улуу жомокчуга аза күткөн»,- деп айтылган. Тыныбектен «Манас»жазып алуу үчүн келгенде, алардын эмне максатты көздөгөнүн ачык билбеген жомокчу Семетейден айрым бир үзүндүлөрдү гана айтып берген. Ал үзүндү “Семетейден бир бөлүм” деген ат менен араб арибинде 1925- жылы Москвадан жарык көргөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, китеп болуп 1994-жылы биринчи ирет жарыяланат. “Манасты” өмүр бою оозунан түшүрбөгөн Тыныбек өлүм алдында да: Таштабай айттым сөзүңдү, Өзүмө өзүң тапшырган. Тагдырга жакын болгон бейм, Танып барам акылдан. Кыргызга нускам калбады, Кыраан Манас Баатырдан. Арманым ушул, калайык, Арбактуу эрди таштабай, Айтса экен элим артымдан! - деген. Айткандай, анын артынан далай шакирттери чыгып, сөзүн жерге таштабай улап кетти. Андан таалим алган Тоголок Молдо, Сагымбай, Калыгул, Байбагыш, Деңизбайлар өз мезгилинде белгилүү манасчылардан болгон.
Кенжекара Калча уулу (1859-1929) - семетейчи, манасчылыктын салттуу түрүнөн айырмаланып, эпосту аспаптын (кыл кыяктын) коштоосу менен аткарган. 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн. 1903-жылы анын аткаруусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгарма сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан үнжазгычка жазылып алынган. Б.Смирнов мындайча эскерген: “Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши экен. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан кыл кыягын алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар музыкалык аспап. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп, бир- эки жолу чалды да көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду. Ал ырдап жатканда угуучуларга такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду”. Сүрөтчүнүн бул маалыматы Кенжекара манасчы тектеш элдер ырдап жүргөн азыркы көмөкөйдөн ырдоо өнөрүн билгенин маалымдайт. Тоголок Молдо
(Байымбет Абдырахманов) (1860-1942) - кыргыздын белгилүү жазма акыны жана манасчысы. 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчынын тарбиясында жүргөн. Тыныбек манасчынын ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен, Тоголок Молдо деген ылакап атты берген. Тоголок Молдо санжыра-тарыхты мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган. “Манастын” өз вариантын өзү кагазга түшүрүп, 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына «Манас»үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган. Ал эми “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат.
Белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу (1863-1925) Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген. Чоюкенин түшүнө баатырлар көп жолу аян берген экен. Калың эл «Манасты» Чоюкедей эч ким айта албайт деп баа беришкен. Шакирти Саякбай Карала уулу Чоюкенин ашкере талантын: “Чоюке - чынар, мен - чырпык. Чоюке - бүркүт, мен - чымчык” деп баалаган. Айрыкча Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Саякбай да ушул бөлүктү аябай ийине жеткире мыкты аткарганына караганда, өз устаты Чоюкеден өздөштүрсө керек деп болжолдосо болот. Атагы калың журтка белгилүү манасчылардын бири
Шапак Ырысменде уулу (1863-1956) Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы деген айылда жарыкка келген. Ага атактуу Балык манасчынын тийгизген таасири зор. Андан “Манасты” көп угуп, эпостун сыйкырына арбала берет. Аян берген түштөн кийин ал биротоло “Манас” айтууга белсенет. 26 жашында Сагымбайга кезигип, бирге ээрчишип жүрүп, бири- биринен таалим алышат. Кийинчерээк, айтылуу Акылбек манасчыга да жолугуп, андан да таалим алат. Шапак манасчыдан 1935-1948-жылдар аралыгында “Манастын” үч бөлүмү тең: “Манастан” - 24 588 сап ыр, “Семетейден” - 42 338 сап ыр, “Сейтектен” - 14 718 сап ыр жана «Манас»эпосунан сырткары “Мендирман”, “Жаныбек” сындуу кенже эпостор жана элдик макал-ылакаптар жазылып алынган.
Залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген айылда туулган. Сагымбай кайып дүйнө менен кадимкидей аралашып, таң калычтуу учурларга өтө эле көп кезиккен. Эч нерсе жок жерден айыл иттери ызы-чуу түшүп, бир нерсени ээрчий чуркашып, абалап үрүп калганын көрүп түшүнбөй турган элге: “Баатырдын колу келди. Курмандыкка союш сойгула” -деген Сагымбайдын сөзү ары сырдуу, ары сүрдүү угулар эле дешет. Анын жанындагы аксакал кишини көрүп чочуп кеткен аялын сооротуп, ал киши бала кезинен бери жанында келе жатканын, өзү кер мурут болгондо, ал да кер мурут болгонун, кара сакал болгондо, карасакал, аксакал болгондо, аксакал болгонун айтып жооткоткон. Өзү өмүрүндө калп айтпаган, куулук-шумдук менен жумушу жок адам болгон. Ден соолугуна байланыштуу андан үчилтиктин “Манас” бөлүмү гана жазылып калган. Сагымбайдын варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Сагымбайдын талантына манасчылар өздөрү да таазим этип, баш ийишкен. Мисалы, жыйырманчы кылымдын Г омери аталган Саякбай Карала уулу, бүркүтү Сагымбайдын күмбөзүнө конуп калгандыгына эле чексиз кубанып, өзүнчө ырым кылган. Сагымбай өзүн семетейчи катары эсептеп, үчилтиктин ушул бөлүгүн эң бир чеберчиликте аткарчу дешет. Тилекке каршы, ал бөлүгү бизге жеткен жок. Андан “Манасты” жаздыруу ортолоп калганда, Ыбырайым Абдырахманов: “Саке, дагы канча калды?” - деп сураса, алдындагы чоң чарада турган эттен уучуна толо алдыртып: “Жазганыбыз уучуңдагыдай болсо, жаза элегибиз чарадагыдай калды” деген экен. Анысына караганда, залкар манасчынын “Манасы” ичинде кеткенине «аттиң» деп өкүнөсүң. Сагымбайдын оозунан жазылып алынган үчилтиктин “Манас” бөлүгү 180 378 сап ырдан турат. Анын “Манасы” аркылуу кыргыз эли бүтүндөй дүйнөгө сыймык кыла алат. Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942) Жумгал районунда туулган. Жети атасы тең: Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек «Манас»айтып келишкен. Жаңыбайдын «Семетейин» жазып алууда «Манас»жыйноочу Каюм Мифтаков чоң эрдик жасаган. Ал Жаңыбайды үйүнө чакырып, тамагын, кийимин камсыздап жана күнүнө 200 сомдон төлөй турган болуп макулдашып, 1936-жылдын сентябрь айынан баштап 1937- жылдын март айына чейин жүз басма табак көлөмүндөгү эпосту - «Семетей» эпосун толук жана «Манастын санжырасы» жана «Манастын балалык чагы» бөлүмдөрүнөн үзүндүлөрдү жазып алган.
Сейде Дейди кызы (1881-1946) Наманган уездине караштуу Багыш болуштугундагы Жампа-Салды айылында дүйнөгө келген. Атасы Аксы менен Арпага аты угулган чечен, өнөрпоз адам болгон. Дейдинин үйүнө маал-маалы менен Кыдыраалы манасчы келип, “Манас” айтып турчу экен. Дейди өнөрпоз болгондуктан, Тогуз-Торо, Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Ташкен, Түркстан, Самарканга чейин барып, эл-жер кыдырат. Барган жеринин баарына кызы Сейдени ала жүрөт. Атасын ээрчип жүргөн кызы ыгы келген жеринен «Манас»айта салчу болот. Ошентип, эл ичинде Сейденин өнөрү кеңири тарап, көпчүлүккө белгилүү боло баштайт. Жашы он бешке келгенде Сейдени күйөөгө узатышат. Кайната-кайненеси динчил адамдар болгондуктан, «Манас»айтышына каршы чыгышат. Сейде мындай кордукка чыдай албастан качып кетет да, атасынын колуна барат. Кийин Устажолдош деген төкмө акынга турмушка чыгат. Күйөөсү Сейденин өнөрүн туура кабыл 25 26 алат. Бирок, “Эл оозунда элек жок” дегендей, эл ичинде өйдө-төмөн сөз жүрүп, молдо-эшендер: “... аял «Манас»айтса, аны арбак уруп кетет, а түгүл жакындарын да арбак урат” деп коркутушат. Сейде үйдө эч ким жокто коргондун дарбазасын бекитип, небересин кароолго коюп күнү кечке, түнү бою “Манас” айтып чыкчу экен. Небереси Рыскул уулу Калмураттын айтканына караганда, чоң энеси “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кенен”, “Алымсарык” эпосторун айткан экен. Сейдеден 3 басма табак көлөмүндө жазылган “Манастын Ферганага калаа курдурганы” деген үзүндү Кыргыз улуттук илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Обончу, акын, комузчу, кыякчы, дастанчы жана манасчы Молдобасан Мусулманкул уулу (1883-1961) Нарын областына караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. “Манас” үчилтигин толук билген, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Жаңыл Мырза”, “Кедейкан” баш болгон бир катар кенже эпосторду да ийине жеткире аткарган. “Курманбек” эпосу 1928-жылы кыргыз элинин кенже эпосторунун тарыхында биринчи жолу китеп болуп чыккан. Андан 1935-1945-жылдары жазылып алынган «Манас»үчилтиги 203 000ге жакын ыр сабын түзөт. Көркөмдүгү жагынан да өзгөчө кооздукка ээ. Мисалы, Манастын келбетин Сагымбай: “Айың менен Күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй. Алтын менен күмүштүн, Ширөөсүнөн бүткөндөй. Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй,-деп сүрөттөсө, Молдобасан манасчы андан ары өрчүтүп: “Жети кабат кара жер, Салмагынан бүткөндөй. Жети дайра деңиздин, Жаркынынан бүткөндөй. Аңырайган капчыгай, Алкымынан бүткөндөй. Абадагы булуттун, Салкынынан бүткөндөй. Дайрадагы жаяндын, Каарынан бүткөндөй, Ажыдаар, жыландын, Заарынан бүткөндөй. Бейиштеги мөмөнүн, Наарынан бүткөндөй”,-деп толуктайт. Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуучулук өнөрү боюнча кыргыз элдик музыкасын изилдөөчү В.Виноградов: «Молдобасан «Манас»айтып жатканда көркөмдүк сезимин жоготпойт, салтты пайдаланат. Интонациясы так, ладдык негизи айкын, речитациясы дайыма музыкалуу, текстти кашкайтып, даана бере билет»,- деген.
Белгилүү кыргыз фольклор жыйноочусу, санжырачы, педагог, манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу (1888-1967) Ысык-Көлдүн Чырак деген айылында туулган. Ыбырайымдын сабаты эрте жоюлуп, элдик оозеки чыгармачылыкка болгон ышкысы эрте ойгонот. 7-8 жашында айылдагы кары- жаштар чогулуп, «Манас»билген кишилерден эпосту айттырган кезде, кай бир эпизоддорун өздөштүрүп алып, эртеси айтып берер эле. 13 жашында айтылуу Акылбек манасчыга жолугуп, аны 28 жашка дейре үзгүлтүксүз угат. Андан башка дагы ошол кездеги белгилүү манасчылар Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Жакшылык (Кара ырчы), Отунчу, Калча өңдүү манасчыларга да жолугуп, алардан да таасирленген. Бул тууралуу өзү: Мен да билем башынан, “Семетей”, «Манас»жомогун, Акылбектен көп уктум, Өздөштүрүп төп уктум. Жандаке, Байжан, Калчаны, Алардан уктум канчаны. Отунчу менен Жакшылык, Белектен чыккан Дыйканбай, Алардан уктум бир далай. Сагымбайдан көп жаздым, Айткандарын төп жаздым” - деп эскерет. Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылы “Манас” эпосун кагазга түшүрүү менен Ыбырайымдын элдик мурасты жыйноого киришүүсү башталган. “Манасты” жазып алуу аябай кыйынга турган. Ага Ыбырайымга окшогон аябай берилген адам гана чыдамак. Ыбырайым көптөгөн манасчылардын варианттарын кара сөзгө айландырган. Бир нече үзүндүлөрдү басмага даярдаган. Элдик адабияттын бир топ үлгүлөрүн жыйнаган. Өзүнүн вариантын да жазып калтырган. 1946-1952- жылдары ал жазып калтырган “Манас” бөлүгү - 26 456 сап, “Семетей” 23 364 сап, ал эми “Сейтеги” 7 839 сап, баары биригип 57 659 сап ырдан турат.
Саякбай Карала уулу (1894-1971) «Чет мамлекеттен келген меймандар С.Каралаевди угуп, көргөн соң, ар качан ооздорунан түшүрбөй даңазалап кетишчү. Андайлардын канчасын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам. Алжир Республикасынын маданият министри Мурад Борбуну С.Каралаевдин «Манасты» аткаруусун көрүп, көзүнө жаш алып, аны мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, «Силер жазуу, адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепкананар ушул абышка» деген»,- деп эскерет Ч. Айтматов. Өз заманынын эң залкар манасчысы Саякбай Карала уулу Ысык-Көлдүн Ак-Өлөң деген айылында туулган. Бардык манасчылар сыяктуу эле Саякбайдын манасчы болуп калышына да аян-түш себепкер. Каныкей, Бакай жолугуп, 6-7 жылдан кийин жомокчу болуп чыгаарын айтат. Андан соң Бакай жанындагы Манас баш болгон баатырларды тааныштырып, батасын 28 берип, калың кол жөнөп кетет. Чоң энеси Дакиш ыр-жомокко шыктуу киши болуп, “Манастан” да айтып берип, бала күндөн улуу жомокту кулагына сиңирип жүргөндүктөн, Саякбай аян түш көргөнгө чейин эле «Манас»айта коюп жүргөн экен. Бирок ошол аяндан кийин гана «Манас»айтууга бир беткей киришкен. Саякбайга устаты Чоюке Өмүр уулунун тийгизген таасири зор. Саякбай: “Чоюке - чынар, мен - чырпык!” - деп, устатына аябай урмат көрсөткөн. Чоюкеден кийин Акылбек, Кайдуу сыяктуу чоң манасчылардан да жомокчулуктун сырларын өздөштүргөн. 1919-жылы февраль айынын аягында Саякбай манасчы менен жазуучу, окумуштуу Зияш Бектенов карело-фин элинин атактуу жомогу «Калеваланын» ошо кездеги басмадан чыккандыгынын 100 жылдык майрамына катышуу үчүн барып калышат. Саякбай Каралаев менен Зияш Бектеновду Кыргызстандан келген өкүл дешип, президиумга шайлашып орун беришет. Залда отургандардын суроосу менен Саякбай ортого чыгып беш- алты мүнөтчө «Манас»айтып бергенде залдын ичиндеги кыймыл токтоп, аяктаганда алакандар дуулдап чабылып, залдагы отурган окумуштуулардын бир тобу ордуларынан туруп, окумуштуулар В.М.Жирмунский, Гардлевский, Козин баш болуп Саякбайга басып барышып, бетинен өөп, кучактап куттукташат. Эртеси Карелиянын радиосунда Саякбай Каныкейдин Тайторусун чапкан жерин айтып берет. Радиодон кийин кечинде жолугушууга барганда, Саякбай Каныкейдин Тайторусун чаптырып, айкырыгы баш жарчудай, кыйкырыгы таш жарчудай, муруттары бириндеп, эки этеги дирилдеп, кадим Тайторуну өзү чапкандай, өзүн-өзү сүрөп ат үстүндө келе жаткандай болуп: Арыстан Манас, өлбөй кал, Азапты бейбак көрбөй кал! Карындан чыккан баламдан, Капыстан өлүп каламбы,- деп айтып жатып ыйлап киргенде, зал тыптынч болуп, отургандар Саякбайга айрандай гана уюп отуруп берген экен. Талкуу башталганда академик Козин: «Мен көп элдин жомокчу ырчыларынын, артисттеринин эпос айткандарын, ырдагандарын көргөм, бирок Каралаевдей укмуштуудай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Каралаевдин аткаруусу ушунчалык таланттуу, азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик», - деп баа берген. Окумуштуу Азиз Салиев мындай деп эскерет: «1956-жылы кыргыз адабиятынын Алматыда өткөн күндөрүнө барабыз деп даярданып жатканда Мухтар Ауэзов атайын телефон чалып, арабызда Саякбайдын сөзсүз болушун суранды. Университеттин залында өткөн биринчи жана негизги кездешүүдө кириш сөз Мухтар Ауэзовго берилди. Бизге келген сайын жазуучу өлкөбүздө да, чет мамлекеттерде да «Манас»жана Саякбай жөнүндө сөз кылганын дайыма айтар эле. Бул кечеде да Париж менен Нью-Йоркто телевизор аркылуу, Делиде президент-философ Радхаришнандын алдында сөз болгонун белгиледи. «Манастын» дүйнөлүк дастандар арасындагы жаркын өзгөчөлүктөрүн айтып, Сакеңдин өнөрүнө өтө толкундангандык менен токтоду да: «Осы улы адам шалкыган дастандарды жараткан даулердин соңы гой. Европалыктардын сөзү 29 менен айтканда «Последний из Могикан». Булай алп дастаншы Сакеңден кийин дүйнеге келмейди. Осы улы дэу адамды казак калкы, биздин казак интеллигенциясы жана жастары көрип калсын деп алдырып келип олтырабыз. Кэзир Сакем алдымызга шыгып, дастандын сөзинен айтып береди. Осыны тыңдап, Сакеңдин өнөрин да, сөзин да, өзин да эске тутуп калыңдар", - деди. Ауээовдон кийин Сакеңе сөз берилип, Сакең Тайторунун чабылышын айтты. Зал манасчы бүтөрү менен дүр эте жапырт көтөрүлүп, узакка кол чаап турду... » Академик Б. Юнусалиев өзүнүн жазган эмгегинде залкар манасчы жөнүндө мындай деген: «Сакемден башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан, ал вариант - уникалдык, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек». Саябай Каралаевден 500 553 сап ырдан турган «Манас» эпосунун алты бөлүгү, башкача айтканда Манастын беш мууну толук жазылып алынган, анын ичинен «Манас»- 84 513 сап ыр, “Семетей” - 31 6157 сап ыр, “Сейтек” - 84 697 сап ыр, “Кенен”, “Алымсарык, Кулансарык” - 15 186 сап ыр. Манасчынын вариантын жазуу иштери 1932-жылы башталып, 1947-жылга чейин уланган. Ага К.Жумабаев, Ыбырайым Абдыракман уулу, Жунуш Ырыс уулу, К.Кыдырбаевалар катышкан. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик радиосунун “Алтын казнасына” Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча 45 000 метрлик үн тасмасына “Манас”, “Семетей” бөлүктөрү жазылып алынган. 1966-жылы М.Убукеевдин демилгеси боюнча “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан “Саякбай” аттуу кинотасма тартылган. Кыргыз илимдер академиясынын кызматкерлери С.Бегалиев, С.Мусаев тарабынан 1968-жылы Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча үн тасмага “Манас” эпосу толук түрдө түшүрүлгөн. Саякбайдын «Манасы» - эң көлөмдүү жана салттык окуялардын баарын толугу менен камтыган вариант. Саякбай элдик оозеки чыгармалардын көптөгөн үлгүлөрүн мыкты билген жана өзүнүн төл чыгармалары да арбын болгон. Анын вариантындагы “Төштүк” (1957) эпосу түрк тилдүү элдердин арасында сакталган варианттардын ичинен көлөмү жагынан да, көркөмдүүлүгү жагынан да эң мыкты үлгү деп табылып, Парижден француз тилинде жарык көргөн. Андан сырткары “Бүркүттөр” (1952), “Эстен кетпейт” (1957), “Делдеш баатыр”(1957), “Азапты көп көргөн Кубат” (1958), “Канаттуу куштар” (1959), “Бакытай балбан” (1961), “Карамолдо” (1962), “Томор мерген” (1965), “ Унутулгус күндөр” (1967) деген сыяктуу көркөмдүгү мыкты чыгармаларды жараткан. Заманыбыздын дагы бир залкар акыны Байдылда Сарногоев: «Сакемдин өзүн карасаң, Сакадай болуп кичине. Айкөл Манас бүт баткан, Алмадай баштын ичине!” - деп таамай белгилеген. 30 Кыргыз ССРинин жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРинин Эл артисти, “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак Белгиси” ордендеринин үч жолку ээси, “Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн” медалдын, ошондой эле бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон алп манасчы Саякбай Карала уулу 1935-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. 1971 -жылы 7-майда Фрунзе шаарында каза болгон. Жусуп Мамай (1918) Залкар манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий районуна караштуу Карабулак айылынын Мергеч кыштагындагы Атжайлоо деген жеринде туулган. Агасы Балбай билимдүү адам болгон, Чойбек, Ырысменде, Шапак, Найманбай, Балык, Тыныбек, Сагымбай, Жусупакундардын «Манасын» билген, айрымдарын кагазга түшүргөн. Жусуп Мамай Манастын Семетей менен Сейтектен кийинки Кененим, Сейит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек жана Чигетей аттуу жети урпагына чейин баатырдыктарын жомок кылып айткандыгы менен айырмаланат. Жусуп Мамайдын дагы бир өзгөчөлүгү - анын жазма манасчылыгында. Ал эпосту жөн гана айтпастан, кагазга да түшүрүү иштерине жигердүү катышкан. Сейдана
Молдоке кызы (Семетейчи Сейдана) (1920-2006) Негизинен эле “Манас” жүгүн көтөрүнгөндөр эркектер болуп, аял манасчылар өтө сейрек кездешкен. Сейдана Молдоке кызы аян берген окуядан кийин да жомокчулук жолго түшпөй жүрө берет. Анткени, биресе элден тартынса, экинчиден, кайнатасынын каарынан коркот. Кийин бир канча жолу түшүнө баатырлар кирип, айтасың деп кыйноого алышат. “Айтпасаң, шерлериңди алабыз!” - дешет. Сейдана бул сөзгө кийин, Арзыбек, Дөөлөтбек, Мырзабек, Таласбек деген төрт баласы тең сопсоо жерден эле биринин артынан бири чарчап калганда түшүнөт. Ээн жерлерге барып, «Манас» айта баштайт. Ошентип кыйналып жүрүп, Торкенде слѐт болуп атканда жерде биринчи жолу эл алдында «Манас» айтат. Анан бат эле оозго алынып, “Семетейчи Сейдана” атыгат. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сейдана Молдоке кызы 2006-жылдын 24-мартында 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кааба Атабеков (1924-2008) Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «Манас»- 1000» медалынын ээси, манасчы Кааба Атабеков Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Төрт- Күл айылында туулган. 12-13 жаш курагында кереметтүү түш көргөндөн тартып, Каабанын оозу өзүнөн өзү кыбырап, бир жерге туруп токтоно албай, ыр ырдагысы келет. Уулунун мындай абалын байкаган атасы Атабек Каабаны ошол айылдык Мамбет Чокмор уулу деген белгилүү манасчыга ээрчитип барып тапшырат, Кааба бир нече жыл бою манасчынын кол алдында жүрүп, таалимин алып такшалат. 1940-жылдын июнь айында Фрунзе шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын 31 % Республикалык олимпиадасында Саякбай Каралаев анын «Манас»айтканын угуп, жактырып, батасын берет. К.Атабеков манасчылардын облустук, республикалык, эл аралык кароо- сынактарында алдыңкы орундарды жеңип алган. 1995-жылдын 21-25- июлунда «Манас»эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн манасчылардын Эл аралык кароо-сынагында биринчи орунга татыктуу болгон. К.Атабековдун айтуусу боюнча Кыргыз илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна 1962-жылы «Манас»эпосунун «Жылкы тийүү» окуясы жазылып алынган. К.Атабековдун манасчылык өнөрү тууралуу голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин илимий эмгектери англис тилинде жарык көргөн, 1998-жылы Голландия кинокомпаниясы тарабынан «Акыркы манасчы» («The Last Manaschi») деген 40 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылган. 2000-жылы Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмага К.Атабековдун айтуусунда «Манас»эпосунун «Чоң казат» эпизодунан үзүндүлөр тартылып алынган. Манасчы 1995-жылы Түркия, 1996- жылы Франция мамлекеттеринин атайын чакыруусу боюнча «Манас»айтып барып келген.1998-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана ПРООНдун - «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында бир катар жаш манасчыларды тарбиялаган.
Шаабай Азизов (1927-2004) Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «Манас»- 1000» медалынын ээси, манасчы Шаабай Азизов Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Кара- Бөлтөк айылында манасчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 6-7 жашында кой кайтарып жүрүп, Жаман-Карагай жактан кыйкырык, сүрөөн, чубаган адамдардын келе жатканын көрөт. Ошентип, Шаабай аталарынын жолун жолдоп, эл ичинде «Манас»айтып калат. 1959-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна «Алмамбеттин казактардын Көкчөсүнө келиши», «Көкөтөйдүн ашы», «Эки баатырдын кармашы», «Манастын өлүмү» аттуу, 8 368 сап ырдан турган өзүнүн айтуусундагы «Манас»эпосунун ири окуяларын, 1961 -жылы «Манас»эпосунун «Эр Сарык» (Сейтектин уулу) бөлүгүн өз колу менен кагазга түшүрүп, тапшырат. Ш.Азизов Кыргыз Илимдер академиясынын атайын өтүнүчү боюнча 1971-жылдын жай айларында кыргыз элинин белгилүү акын, жазуучу, окумуштууларынын алдында бир күн бою өзүнүн вариантындагы «Манас»эпосунун ар кайсы окуяларын айтып берет. Ошол айткандарынын ичинен «Сейтектен» 3 842 сап ыр жазылып алынган. 1995-жылдын апрель айынан тартып ноябрь айына чейин Ш.Азизовдун вариантындагы 100 000ден ашуун сап ырдан турган «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүктөрү толугу менен манасчынын өз оозунан үн тасмага жаздырылып алынат. Ш.Азизов «Манас»эпосунун «Алымсарык», «Кулансарык», «Кененим», «Акаяр», «Акжол баатыр» аттуу кийинки бөлүктөрүн да айта алган.
Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» Ш.Азизовдун айтуусунда «Тал-Чокунун көрүнүшү жана Алмамбеттин жомогу» аттуу үзүндү 1000 метрлик үн тасмасына жазылып алынган. «Казакфильм» киностудиясы тарабынан тартылган «Чокон Валиханов» аттуу төрт бөлүмдүү кинотасмада, «Кыргызтелефильм» киностудиясы тарабынан 1985-жылы тартылган «Шайырлар айылы» аттуу концерттик телетасмада Ш.Азизовдун «Манас»эпосун айтып жаткан учуру чагылдырылган. Кинорежиссѐр М.Убукеев тарабынан 1994-жылы «Акыркы манасчы» аттуу 20 мүнөттүк даректүү кинотасма тартылат, «Манастын ааламы» аттуу илимий-популярдуу кинотасма жарык көрөт. Манасчынын айтуусундагы «Тайбуурулдун Күлчорону ала качышы», «Күлчоронун Үргөнч суусун кечиши» деген окуялары граммпластинкага жазылып, 1981 -жылы Ташкенттен чыгат. 2000-жылы Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмада Ш.Азизовдун айтуусунда «Жети баатырдын өлүмү», «Алмамбеттин жомогу», «Манастын кошогу» аттуу үзүндүлөрү чагылдырылган. 1996-жылы Түркия мамлекетинин атайын чакыруусу боюнча Ш.Азизов өлкө ичин кыдырып «Манас»эпосун айтып келген. «Устат- шакирт» аттуу долбоорунун алкагында жаш манасчы Тилек Асановду тарбиялаган.
Уркаш Мамбеталиев (1934-2011) Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Манас» - 1000» медалынын ээси, үчүнчү даражадагы «Манас»орденинин ээси, “Манас” банкынын стипендианты, акын, манасчы Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык- Көлдүн Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Жаштайынан ыр-күүгө шыктуу өскөн Уркаш эпостон айрым үзүндүлөрдү жаттап айтып жүргөн кезде түшүнө аян берген учурлар болгон. Кийин Саякбай Карала уулуна жолугуп, анын батасын алган. Ыбырайым Абдыракман уулуна жолугуп, манасчылыктын сырларын өздөштүргөн. Өз вариантында да айрым эпизоддорду аткарып, Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган. Уркаш Мамбеталиев 1950- 1957-жылдары Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан билим алат. 1957-1962- жылдары Ысык-Көл облустук драмтеатрында артист, 1962-1996- жылдарда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. “Манас-мурас” коомдук фондусунда жеткинчек манасчыларга устаттык кылып, таалимин берген. Манасчынын 75 жылдыгына карата анын айтуусундагы “Семетей” эпосу жарык көргөн.
Асанкан Жуманалиев (1947-2011) Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Билим берүүнүн мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси, Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү Асанкан Жуманалиев 1947-жылы Таластын Манас районуна караштуу Арал айылында туулган. Жаш кезинен эле элдик ырларга, 33 уламыштарга жакын болуп, дилгирлик менен чоңоѐт. Ынаш Кумаш уулу деген манасчыдан тарбия алып, манасчылыкты өздөштүргөн. Атактуу манасчы Саякбай Каралаевден, кытайлык манасчы Жусуп Мамайдан бата алган. 1963-67-77-87-жылдардагы Бүткүл Союздук Эл чыгармачылыгы кароосунун лауреаты болгон. 1965-1968-жылдары ВДНХнын медалдары менен сыйланган. 1964-1968-жылдары республикалык телефестивалдын баш байгесин жеңип алган. 1988-жылы Финляндиянын Тампера шаарына тогуз мамлекеттен барган өнөрпоздордун Эл аралык сынагына катышып, «Манас»эпосунун үзүндүлөрүн мыкты аткаргандыгы үчүн баш байгеге ээ болгон. Бир нече китептердин автору. Анын ичинде “Алмамбеттин окуясы” өзүнчө китеп болуп чыккан.
Манасчылар: Самат Көчөрбаев, Аман Дүйшөбаев, Камил Мамадалиев, Замир Баялиев, төкмө акын Аалы Туткучевдердин устаты.
Кубанычбек Алмабеков (1955) Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Григорьев айылында манасчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Касымаалы, чоң атасы Алмабек, чоң атасынын агасы Дыйканбай, бабасы Тойчубек өз заманынын залкар манасчылары болгон. К.Алмабеков сегиз жашына чейин чоң атасы Алмабектин колунда чоңоюп, аны менен бирге эл- жер кыдырып, анын «Манас», «Семетей», «Сейтек» айткан учурларына далай ирет күбө болгон. Кийинчерээк ар кайсы айылдык, райондук жыйындарда, салтанаттарда атасы Касымаалынын «Манас», «Семетей», «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Төштүк» эпосторун айткандарын уккан. Манасчылык өнөргө 7-8 жашында келсе да, көпкө баш ийбей, айтпай жүрөт. Тун кыздуу болгон күнү, маңдайында сүрдүү зор баатыр пайда болуп: «Мен Семетей болом! Атаңдын жолуна түшпөй, бизди неге айтпай жүрөсүң?» - деп, найза менен качырып күркүрөйт. Мына ошол окуядан кийин Кубанычбек эл ичинде «Манас»баянын айтууга чындап киришет. Райондук, облустук кароо-сынактарга, маданий иш чараларга катышып, «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Манастын Кошой дөөгө жолукканы», «Манастын Ала-Тоого көчүп келиши», «Алмамбеттин баяны», «Кыз Сайкалдын баяны», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» окуяларын, «Семетей» бөлүгүн толук, «Сейтек» бөлүгүнөн: «Сейтектин төрөлүшү жана балалык чагы», «Сейтектин Күлчорого жолукканы», «Кыяз менен Күлчоронун беттешүүсү», «Канчоронун өлүмү», «Желмогуз уулу Сарыбайдын урушу» аттуу окуяларын айтып келүүдө. Талантаалы Бакчиев (1971) Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун, “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, «Манас»банкынын стипендианты, манасчы Талантаалы Бакчиев Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында туулган. Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Түшүндө Чыйырды, Манас, Каныкей, Коңурбай, Алмамбет, Чубак, Ырамандын Ырчы уулу, Сыргак, Семетейлерге кабылган. 34 Аталаш чоң атасы Саякбай манасчы утур-утур түшүнө кирип, «Манас»айтууну үйрөтүп турган. Т.Бакчиев жаш төкмө акындардын, эпос айтуучулардын республикалык кароо-сынагында, республикалык студенттер фестивалында, эл аралык кароо- сынакта байгелүү орундарга ээ болгон. 1989-жылы Баку шаарында өткөн III Бүткүлсоюздук «Кавказ, Орто Азия, Казакстан жана Дагестандын жаш айтуучулары» аттуу фестивалынын, 2001 -жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн «Эмнени көрсөм, ошону ырга салам», 2002-жылы Улан-Батордо өткөн «Улуу Жибек жолунун обондору», 2002-жылы Өзбекстанда өткөн «Бойсун көктөмү», 2003-жылы Баку шаарында өткөн «Азия майрамы», 2004- жылы Будапешт шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин III фольклордук фестивалы» аттуу эл аралык фестивалдардын лауреаты. 2006- жылы Бишкекте өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу эл аралык фестивалдын, 2008-жылы Якутск шаарында өткөн “ Олонхо жергесиндеги Юнеско шедеврлери ” аттуу эл аралык фестивалдын дипломанты. 2001-жылы Утрехт университетинин, 2008-жылы Тилбург университетинин атайын чакыруусу боюнча «Манас»эпосун айтып, Г олландия өлкөсүнө барып кайткан. 2000- жылы Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмага анын айтуусунда «Күлчоронун Үргөнч суусун кечиши» аттуу окуясы тартылган, 2005-2006-жылдары Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасына «Чубак менен Алмамбеттин чатагы» жана «Семетейдин Букардан Таласка келиши» окуясынан тартып «Семетейдин төрт беренге аш бергени» деген окуяга чейин жаздырылып алынган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана ПРООНдун «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында жаш манасчылар Алмаз Эгембердиев менен Улан Төлөгөновду тарбиялаган. 2004-жылы «А.Жакыпбектин адабият менен фольклордун кесилишиндеги чыгармачылык изденүүсү» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Манасчы Тилек Асанов 1982-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылында туулган. Чоң атасы Сооронбай учурунда Кыдыр акенин мүнүшкөрү, саяпкери болсо, атасы Асан кадырлуу табыпкер, жамакчы, санжырачы болгон. Тилек он эки жашында түш көрүүдөн кийин «Манас»айтып калат. Шаабай манасчынын шакирти катары манасчылык өнөрдүн үлгүсүн алган. Райондук, облустук, республикалык маданий иш чараларга, манасчылардын кароо-сынактарына, фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келген. 2001-жылы Лондон калаасында өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты. Дөөлөтбек Сыдыков (1983) “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендиаты Дөөлөтбек Сыдыков 1983-жылы 24- августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор - Булак айылында төрөлгөн. Манасчылык - Дөөлөтбектин чоң атасы Сыдыктан бери келе жаткан өнөр. Дөөлөтбек кичинекей кезинде түшүнөн аян берип, ошондон улам айта баштаган. Дөөлөтбек жаш манасчылардын кароо-сынагында, фестивалдарда, Республикалык манасчылар мелдешинде байгелүү орундарга татыктуу болуп келүүдө. 2005- жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган. Дөөлөтбек Кыргыз Улуттук консерваториянын манасчылык классында, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдон билим алган. “Сейтек” эпосунун өз вариантын жазып, басмага даярдаган.
Улан Исмаилов (1984) «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, манасчы Улан Исмаилов 1984- жылдын 8-июлунда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи- Жаргылчак айылында туулган. Анын манасчылык жолго түшүшүнө да аян себепкер болгон. Мына ошол аяндан кийин Улан Таластагы Манастын күмбөзүнө барып, жети күн бою «Манас»баянын айтып кайтат. Кийинчерээк эл алдына чыгып, «Манас»эпосун айта баштайт. 2006-жылы Соң-Көлдө өткөн «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу Эл аралык кароо-сынакта 1-орунга ээ болгон. Ошол эле жылы Бишкек шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу Эл аралык фестивалдын дипломанты болуп табылган. У.Исмаиловдун айтуусунда Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасына «Манастын Ала-Тоого көчүп келиши», «Чоң казат» аттуу окуяларынын айрым үзүндүлөрү жазылып алынган.
Сабакты бышыктоо: Мында өтүлгөн тема окуучулар менен талкууланып, БББК менен тема бышыкталат.
Баалоо: Студенттердин активдүүлүгүнө карап бааланат.
Үйгө тапшырма берүү: С.Каралаев менен С.Орозбаков боюнча Венндин диаграммасын түзүп келүү