СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Манасчылар манасчылар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Манасчылар манасчылар»

К алканбай Ашымбаев Батакөй чал

© К.Ашымбаев, 2006. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21 январы


Батакөй чал

(Философиялык этюддар)


«Батакөй чал» Белгилүү жазуучу улам жаңы түр, жаңы мазмун издеп келет. Бул китепте абалкы ата-бабадан болуп калган каада-салтка элдик даанышмандык чөгөрүлүп, өткөөл доордун өксүктөрүн менен күйдүрүп, келечек багытын ак бата менен сүйдүрүп, окуучуну алга сүрөмөлөгөн көркөм ойлор камтылды


Калканбай Ашымбаев. Батакөй чал. Философиялык этюддар. – Б.: Эркин-Тоо, 2006. – 102 б. китебинен алынды

УДК 82/821

ББК 84 Ки 7-4

А - 98

ISBN 9967-23-588-8

А 4702300100-06


Ардактуу окурман, ар бир чыгарманын жаралыш жай-мааниси, себептери жана зарылдуулугу болот. Сиздерге тартуулаган чыгарманын жаралышына жазуучу жана публицист Байма Жапаровна СУТЕНОВА себепчи болуп, ойдун түп маанисине баа берип: "Бул тема Сиздин гана колдон келет. Жаштардын жүрөгүнө түнөктөй турган ой-максаттарга жумшак юморуңуз жуурулушса, окурманды кызыктырбай койбойт", - деп шыктандырды. Ошентип чыгарма бир гана дем менен шилтенди. Бүткөн соң кыргыз радиосунан толук бойдон угузулуп, кулак каккандар жылуу пикирлерин туйгузду.

Андан бери бир-эки жылча туруп калган эле. Демөөрчү болмоюн чыгарманын жарык көрүшү өтө кыйын.

Дагы бир себеп чыга калбаспы. Чыгармачылык жактан ойлош-пикирлеш таланттуу шакирттеримдин бири - жазуучу жана жалындуу публицист Абдиламит Матисаков чыгарманы "Кыргыз Туусунан" жарык көргөзүп, басмага компьютерлеп беришке көмөк этүүдө. Жан-дүйнөңдү илгиртпей туюп, көкүрөгүңдөгү ой-тилегиңди колдоп, жалпыга жарыгын чачкандар арбый берсин деп ак батамды бердим!


АВТОРДОН


Батадан кийинки ысым


Байкуш, кыргызым, той десе тополоңу түшүп, ошол тойдо өздөрүнүн ар-намысын, кудуретин, ырыс-ыйманын жана байлыгын даңаза этишке кумарланат десең. Бир карап турсаң той - ата-бабабыздан бери укум-тукумга таберик этилген керемет күзгүсүбү деп да кетесиң, бир туруп, той - биздин элди түк күттүрбөс кур намыска айландыбы деген күдүк ойдун күбүрүнө түшөсүң. Илгери-илгери той десе, күлүгүн суутуп, кушун таптап, балбандарын камдап, жар чакырар акындарын тандап, катуу бүлүнүшчү тура. Ошондо деле кедей байкуш катуу каржалып, "ынтымактан" чыга албай, бересеге батып келиптир. Азыркы ач өзөк тарткан доордо той десе, анча-мынчасы сүйүнүп, карапайым калк: "Капырай-е, капкайдагы шылтоону бетине кармашып, элдин кызылын кырып ала турган болушту" - деп шыпшынышат.

Ошондой тойлорго атак-даңкка чулгангандар, анча-мынча аты билинип, бийликке илингендер чакырылат эмеспи. Алардын чачпагын көтөргөнсүп, жапыздана куйрук улаш олтурган, орто бойлуу, жашы алтымыштан ашкан, адеп сактап аз сүйлөгөн, наркка салып, алдындагы ашты апылдатып ийбеген ак саргыл абышка колго суу куйган балага:

- Өмүрүңө береке берсиң, ырыс-кешиктүү бол, айланайын, - деп алкады. Андан саал жогору олтурган тыржыйган кара сур киши күлгөн болду:

- Ой, сен деле илгерки жетимиш-сексен ашкан чалдардай бата берет экенсиң го...

- Алтымыш ашканы "айланайын, жарыгым, алтын башың аман болсун", - деген сөз оозума кирчү болду. Адам аттууга озунуп салам айтма адетим ого бетер күчөп, ким болбосун алкамайын койбойм...

Аны көпкө тиктеп турган, терең карыган эл акыны Сүйүнбай Эралиев:

- Мунуң жакшы карыгандын белгиси, азыркы күндө салам менен батанын үрөнү үзүлүп, кысыр жерди алабата, эрмен баскан сымал көчө-көчөдөн болсун, базардан болсун сөгүнгөн сөздөрдөн заарканасың. Бата адамдын бар кудуретин байкатат, - деп калды. Сөзүнүн акырында муну кошту, - мен муну дамбылда деп коём.

Анда куйкум сөзгө шыкакчыл бирөө: "Батакөй чал" деген куп жарашып жүрбөсүн, - десе көпчүлүк дуу күлүп жиберди. Ошондон улам ал "Батакөй чал" атка конду.


Бата кай убакта адашат


Орто бойлуу, ак саргыл тарткан, адеми кийинип, аярлана баскан, ак калпакчан чал автобуска илинер замат:

- Ассалому алейкум, - деп угуза дабыштады. Үнү бийик, доошу угумдуу, анын саламына эч ким үн катпаганда орус аял:

- Салам аликим, - десе болобу?

- Ыракмат, байбиче, мусулман динине өтпөсөң да дили тунук, ою учкул улуу журттун тукуму эмессиңби, "дай бог Вам здоровье", - деп алкады. Бир даары бирин-бири карап күлүңдөдү, бир даары башын шылкыйта дымышты. Алдыда олтурган ак куба келин шак тура калды:

- Олтуруңуз, ата...

- Аксакалдарды көрсө, атып турган акылдуу жердин айнеги белемсиң, жарыгым, бак-таалайың артып, ушул басыгыңдан жазба. - Чалдын батасы автобустагыларга даана эшитилди. Жаш келиндин жүзү албырып:

- Эч нерсе эмес, - деди басыңкы дабыштап...

- Ээ жарыгым, батам барар жеринен адашып калбадыбы?

- Кандай десем оң болот, ата? - деп алиги келин уялыңкырап турду.

- Айтканыңыз келсин, же "Батаңыз кабыл болсун", - деген эки сөздүн бирин айтсаң бата жүрөктүн толтоосуна уялап, бүчүр жарат...

- Айтканыңыз келсин, ата, калаада өскөндөр бирөөдөн ыракмат укса, "эч нерсе эмес" дегенди эле билебиз.

- Аныңда айып жок, жарыгым, "спасибо" дегенге "ничебо" деп көнгөнсүңөр. Силерге батаны бере билбеген жана аны кабыл алышты үйрөтө албаган айып бизде. - Карыя ушул сөздү айтып дымыды. Андан дагы кандай сөз эшитээр экенбиз дегендер өкүттө калышты.


Бир чакырымдык бата


Бирде кой жоргого салып, бирде арыш керип, төтөн өзү түшөөр автобусту көргөндө буту бутуна тийбей чураган чал Маданият айылына бармакка автобус күттү. Колунда эски чемодан, жонунда эскинин жаңысы чапан, койнунда дептер, мойнунда галстук.

Аңгыча автобус келип, логлоп тургандар жөөлөшүп кирип, өчөйгөн чал, өбөктөгөн кемпир эң артында түшкөнгө жолоочунун өзөгү өрттөнөт. Ал элдин артында кыпчыла берип жайланган соң:

- Айссалоому алейкум, агайын тууган, бул автобус Маданият айылына барабы? - деди.

- Ооба, өзүнө барат... - Туш-туштан жаңырыктайт.

- Оо ошондой, жаштары маданияттуу, ызааткор, карылар нарктуу-салттуу деп уккан элек. Ылайым ошол олутунан оодарылбасын. Келиңиз, апатай, менин ордума, - деп катуу дабыштады.

Аны уккан кемпир:

- Ээ, какмар, ээлеген ордуң жок туруп, кайда чакырасың? - деп таң калды. Аны уккан бир тобу каткырык салды.

- Энелерди жонго ээр токунуп туруп мингизип алсак аздык болот, - деп ансайын бак-бак этет.

Ушул учурда алкына алдыга кирип, орун ээлеп алгандар ордунан туруп беришти. Бирок, кары-картаң бата бердиби-ай, же берсе да угуза айткан жокпу, айтор жолоочу кайрадан каркылдайт:

- Карыларды каркыттаган касиеттүү элдин тукумдарынан экенсиңер, бактылуу жана өмүрлүү болгула, батаны мен берейин олтургандар аман-эсен үйлөрүнө жетишсин.

- Ой, айланайын, тукумуң өссүн, багыбызга өзүңдү кудай айдап келдиби, жыргатып салбадыңбы? Деги ким деген болосуң?

- Батакөй чалга кезиктик эле деп айта жүргөнүңүз эп болор...

- Ылайым кар болбо!

- Айтканыңыз келсин, өзүңүз да бала-бакыранын, эл-журтуңуздун сый-урматына бөлөнүңүз...

Аттан бирөө: "Мунун батасы бир чакырым жерге барып түгөнөт окшойт", - деп калды.


Атасын коюп өзүнө бата бербейби


Бирде бапак, бирде чехтердин жаба салмасын, бирде күрөң шляпа, кээде калпак кийип, көзүн күлүңдөткөн жолоочу жылыга "Арашан" айылына бармайын алымсынбайт. Аламүдүн суусунун боюндагы эки кабат имараттын бир бөлмөсүнө чүмкөнө жатып алып, ардемени чүргөмүш этет.

145-маршрутка эл шыкалып калыптыр. Илинер менен "Ассалоому алейкум" айтты. Эч ким алик албаган соң, өзү кайтып: "Валейкума салам", - деди. Кай бирлери бул жолоочуну эликтеген өңдөнүп, бырс күлдү. Орто жерде олтурган кара тору калбаат жигит:

- Аксакал, келиңиз, олтуруңуз, - деп ордунан оолай берди. Жолоочу сыгылышып жатып, орунга жеткен соң бакылдап бата узатты:

- Улууну көрсө учуп турган атасы абийирдүү, энеси акылман жердин тукуму экенсиң, үрөн-бутактап өс, өзүңдөй сезгич улан-кыздар көбөйсө, элдин бактысы эмеспи!

- Айтканыңыз келсин, ата!

- Жакшы бата бердиңиз, - деп катарлаш олтурган кемпир кубанып калды.

Арттан бирөө кээр агытты:

- Атасын коюп эле өзүнө бата бербейби?

Аны кулагы чалган батакөй чалдын деп турганы:

- Ээ, иним, атасы жаман алакилең болот, энеси жаман эгерим оңолбойт деген кеп бар, атасы жаман болуп, энеси мыкты болсо, элди сыйлаганга жарайт, атасы зирек тартып, энеси мылмык болсо, улууну көрсө уңкуят, уяттан кетип дуңкуят, уламалуу сөзгө кулагы керең, көөдөнү дүлөй болот да: "Жатыны жаман" деген наалатка калат.

- Сөз эмес бекен, ысмыңыз ким?

- Салам менен батанын үрөнүн чачкан чалга жолуктук эле дей бериңиз.

- Бул аксакалды тааныбаган адам чанда...

- Ой-ой ошолсуңбу ыя, ассалоому алейкум келе колуңду...


Батаны ичинен бериптир...


Баягы эле 145-маршрутка батакөй чал арт жагынан орун тандап, көчүк басты. Эл шыкалып калганда улгайгандар эки жагын каранышып, шыпшынып турушту. Бир аздан соң алтымыш аралаган, ак чач кемпир, баштык-үштүгүн көтөрүнүп кирип келди. Батакөй чал аны көрө сала:

- Оо, апатай, берер батаңыз оозуңузда белен болсун, береке тапчу берешен уул-кыздарыңыз орун белендеп турат, - деп бакылдады.

Алды жактан кыркты кырдаган келин чалды күлмүңдөй карап алып, орун бошотту. Алиги кемпир бата бермек түгүл "ыракмат" дебегенде батакөй чал:

- Ээ, жарыгым, арачы түшүп жатып алган ордуңдан айырдым элем, өмүрлүү бол да, укум-тукумуң көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкан адамдардан болсун, - деп алкады.

- Айтканыңыз келсин...

- Оо, апатай, батаңызды неге аядыңыз, - деп чал курдашына кайрылды.

- Ичимден бердим эле...

- Ээ, жарыктык, бабаларыбыз байыртан бери батаны угуза берген эле. Сиз "Иогово" динине өткөн болбоңуз.

- Эл дуу күлүп жибергенде алиги байбиче оңтойсуздана жер карады.


Табышмактуу бата


Батакөй чалдын байбичеси: "Өмүр бою көтөрүнүп жүрүп, эки ийним түшүп бүттү, оң колум оңдуу кыймылдабайт, жүрү базарга баралы", - деп жетелеп жөнөдү.

- Алла таала күч-кубат берип, балдарыңдын убайын, чалыңдын урматын, эл-журтуңдун сыйын көр, алтын байбичем, - деп кобурап жетегине түштү. Анан калса, бул чалдын базарга барганга каргыш карманган жайы бар. Не дегенде, тээ алтымышынчы жылдын ичинде келинчеги жаш төрөйт, эт алып келгени базарга чуркайт. Туш-туштун баары эле жайнаган эт, тандап олтурабы, четинен эки-үч кило тарттырып алып, үйүнө жетип, казанга салат. Орто кайнап келгенде жипкиртме жыт бурайт. Келинчеги ферманын жалгыз кызы боло турган. Ал дароо туйду:

- Момунум, кочкордун этин алып келген турбайсыңбы? - деп төгүп салат.

- Эттин эркек, ургачысы байкалбайт экен, - деп күйөөсү ичтен түтөгөн. Дагы бир курдай уяттуу меймандар келип калганда тандыр нанга жумшайт. Жетип барып, жыйырманы баштыгына салдырат. Үйүнө алпарса, баш жагында беш-алтоо менен түп жагындагы бир-экөө гана тандыр, калганы калама болуп чыгат. Ушундан соң кайсы бети менен базар араласын...

Бул саам байбичеси эттен этти тандап, улам бирин сайгылайт. Бир оокумда алган этин тарттырды. Таразасы кылтылдап шойкумдуу көрүндү, бүтүк көз, ыз-быздаган мурутчан жигит кичинеден кесилген эттерди сала берди. Байбичеси байкап коюп, бездүү майды алып салды. Ошондо барып эт баштыкка түштү. Акчаны санап берген соң чал бата узатты:

- Кылтылдама таразаң менен кылым жаша да, бези алынбаган май аша, таразаңдын ташы жонуңа консун, жонуңдан түшпөс жолбун үйүң болсун..

Тегерек четтегилер дуу күлүп жиберишти. Ак калпакчан карыя:

- Табышмактуу бата бердиң, - деп жылмайды.

Чал-кемпир жолуна түшкөндө эт саткандар ак калпакчан карыяны тегеректеп, табышмактуу батанын жандырмагын чечмелешти. Карыя боюн түзөп, үнүн жасап, дегени бул:

- Эт чапкандар жана эт саткандар эски сөздү эсиңерге ала жүргүлө. Кары-картаң келгенде, кадырлуу адам кашыңда турганда көңүлүн көмө чаппай, каалаганын берсеңер агарып-көгөрөрүңөргө жакшы. Мына бул шум балага берилген батанын мааниси өзүнө төп келди. "Таразаңдын ташы жонуңа консун, жонуңдан түшпөс, жолбун тамың болсун дегени - таш баканын өзүн айтып салбадыбы, ал эми кылтылдаган таразаң менен кылым жаша да, бези алынбаган май аша дегени башы кылтылдаган карыларды кан какшатып алдаган мүлкүң сырты май, ичи без болуп калсын дегени. Эки сомго алдайм деп эки кылымга айтылар ылакапка кабылдың...

Эт саткычтын өңү бозоруп чыкты...


Бата бир эле берилет


Кан көчөдө калайык-калкты көзүнө илбей, моюн алышып, өлүп-тала өбүшкөн эки жашты көрүп, батакөй чал:

- Кошоктошкон жылдыздарым, өткөн-кеткенге өнөрүңөрдү көрсөтүп, өмүр бою өбүшүп өткүлө! - деди.

Чачын саксайткан, эки түрлүү боёк сүртүнгөн кыз:

- Ыракмат, - деп жигиттин кучагынан бошоно берди. Жигити көзүн жүлжүйтө берип:

- Кайра айтыңызчы, - деп өтүндү.

Чал көөдөнүн көтөрө берип, дегени бул:

- Уулум, бата бир эле жолу берилет...


Кетип баратканга бата


Папкасын кара баштыкка салып алып, өзгөчө тебетей кийген чал автобуска салам айтып түшкөндө шофёр жигит гана алик алды. Бир-эки аялдамага дейре ага эч ким орун бошотпогон соң, машине бирде токтоп, бирде күүлөнгөн сайын саал олтурган өңдөнүп, кайра түзөлө калып жатты. Айнек тагынган таякчан абышка:

- Бул эмне деген өнөрүң? - деди эликтеген кыязда.

- Ээ, курдаш, медицина илими улгайган сайын муундарыңды кыймылдатып турбасаң катыган кайыңдай какайтып, колуңа кооз таяк карматып коёт дейт экен. Машинанын кыймылына жараша муундарымды ийлеп жатам.

Тегерек-четтегилер жымыңдашып калганда элүүдөн өтө берген аял тура жөнөдү:

- Кечирээк болсо да орун бердиң. Теңирим тилегиңди көп күттүрбөй кабыл этсин жарыгым, - деп чал алкап коё берди.

- Агай, мен кетип бараттым эле.

- Кетип бараткандарга да акылың эрте келсин деген бата жолдонот, карындашым...


Каргышка каршы бата


Менчик автобуска жалаң эле кемпир-кесек түшүп калыптыр. Кара тору шофёр жигит аларды көрүп көп жактырбаган кыязда кабак бүркөп баратты. Олтургандардын арасынан бир кемпир:

- Бул уулум береке тапчу уул экен, ботом кай бирөөсү бар, карган кишини көрсө эле качып жөнөйт. Арга канча: "дөңгөлөгүң жарылгыр деп кала берем", - деди.

Бул сөздү шофёр уксун дегенчелик кылып, күчөнө айтканын батакөй чал баамдап калды. Түшүп баратканда шофёрго узак бата берди:

- Моторуң гүрүлдөп турсун, бак-таалай алдыңдан күлүңдөп турсун, шатунуң шаркылдап турсун, кыз-келин туураңдан акча сунуп, жаркылдап турсун, дөңгөлөгүңө кемпирлердин каргышы тийбесин!..

- Ой, ыракмат, аба, эстеген сайын күлө турган болдук, көп жашаңыз, - деп шофёр жайдарыланып жөнөй берди.


Кыз ойготор бата


Шашкалактап автобуска түшкөн чал: "Ассалоому алейкумду" айтып кирсе, олтурган эки жаш жигиттин бири: "Салам" деп тим болду. Экинчиси терезени көздөй тетирлене бурулду. Нарыдан назик кыз тура калды:

- Келиңиз, ата...

- Таалайың артсын, жарыгым, укум-тукумуңду угуздурбас кереңдиктен сактасын, уйку баскан мерездиктен сактасын...

Чалдын батасына арт жакта олтурган кыз-улан кыткылыктап күлүп калышканда бети табактай болгон уйкучу кыз чоктой кызарып чыкты.


Жыгылчаак кемпирге бата


Күндөрдүн биринде чал автобуска түшө берерде эшик шарт жабылып калса болобу.

- Карыга капкан салган калдас шофёрго кабар эткиле дээри менен эшик кайра ачылып, чал чыканагын кармалап ичке кирди. "Ассалоому алейкум", - деп чал тыгылышта да көнгөн адетин карматып барат. Алик алмак кайда. Троллейбус зуулдап баратып, тык токтогондо, батакөй чалдын үстүнө орус кемпир оонап калды. Спортко машыкпаганда экөө тең оң тапмак эмес.

- Байбиче, дай бог Вам здоровье, мындан ары абышкалардын үстүнө аласалбай, өмүр сүрүңүз, - десе алиги аял ой-божум-ой деп жыргап күлүп:

- Доор ушундай болуп жатпайбы? - деп сөздү тереңдетип жиберди.

Батакөй чал түшөргө жакындаганда алкынта айдаган шофёрдун азабынан зымы чыгып кетти. Качан гана аялдамага жеткенде чал батасын чубуртту:

- Моторуңдан ток кетпесин, жүрөгүңдөн от кетпесин, таманың тагылбасын, акылың айныбасын...

Айдоочу жигит чалды көздөй чылымдын түтүнүн экиленте үйлөп, каалагасын жаап, жөнөп берди.





Күпчөктү күмөндүү дептир


Автобус бош кезинде алды жакка олтуруп алган чал курсактуу, курагы кырктын ичи дегидей аял киргенде атып турду:

- Келегой жарыгым, көчүк басыңыз...

- Ыракмат, агай...

- Аман-эсен көз жарып алыңыз...

- Ок, оозуңа таш! - деп жиберди алиги аял исиркектене.

- Кечириңиз, күмөнү бар курсак менен күпчөктү чаташтырган күнөө менде, жарыгым, - деп батакөй чал башын ийсе, алиги аял ичин былкылдата күлөт эле күлөт.


Жону жукага жукпас бата


"Батаны байкап бербесем, башыма балта сымал чабылат тура" - деп ойлоп, алиги чал тилин тишине камайын десе, ураган жагынан учкаяктап туруп алды. Автобуска кире бергенде бул саам орусча учурашты, не дегенде, ургундайы улуу журт экен. Ыманы ысык көрүнгөн, ак саргыл, көк көз, кабелтең тарткан келин орун бошотту.

- Дай бог Вам здоровье и пятеро детей, - деп бата узатаары менен алиги келин ачуулана деп турганы:

- А кто будет кармить, ты будешь кармить...

- Извините, одна дочка, одна кошка...

- Эта терпима...

- Баса, ачарчлык бул болсо, анча баланы кантип багат. Тууган баласын бага албай тумчуктурган тууду бийкелер чыкпадыбы, - дешип аялдар күбүр-шыбыр. Чал ойлуу кайтты: "Жоомарт бата жону жука аялдарга жолобойт тура..."


Киндикке айтылган кирдүү бата


Эки-үч боёк сүртүнүп, төшү менен киндик тарабын ачык койгон, делбирттеген тилик этегинен тизесинен жогору жоон санына дейре кызаң-кызаң эте көрүнө калган кыз чалды көрүп, анын кыбыңдаган көзүнөн шек урдубу-ай, ордунан секин козголо берди, ошол учурда дароо мындай бата жаады:

- Ыракмат, жарыгым, өмүрүң узун болсун, көйнөгүң көөдөктөргө тузак болсун, кекиртегиң үндүү болсун, киндигиң жүндүү болсун, меймандарың түрдүү болсун.

Кыз батага түкшөмөл ойдо калды ыраңдуу сумсайыңкы баш ийкеди. Нарыда кара тору, карапайым кийинген кыз карагат көзүн күлүңдөтө күлкү ойногон жүзүн чалга буруп турду.




Мончодогу бата


Кошоктогон шыпыргысын колунан түшүрбөгөн чал кой жорголуу басык менен мончого кирип барды:

- Ассалоому алейкум...

Дырдай жылаңачтанып алгандар алик албаган соң: "Валекума салам", - деп кайра өзүнө кайтарган болду.

Кап курсактуу кара тору жигит:

- Старик, мончодогу жылаңач кишилерге салам айтылбайт, - деп буруйду.

- Ошондой де, иним, азыркылар терисин сыйырткан айбандай үн катпасын аңдабаган экенбиз.

Чал алакандай чүпүрөгүн алдына тартынып алып, ичкери киргенде кай бири какшык узатты:

- Такай белдик тартынасызбы?

- Ээ, убарлаш, адамды айбандан ажырата турган абийир жапкыч ушул эмеспи.

Бир даары анын ким экендигин иликтеген соң, шынаарлап алышты. Шыпыргысын эки колдоп, музыканын ыргагына салып денесин чапкылаган чалды байкап, күлкүгө тунушат.

Аксакал, келиңиз, аркаңызды чаап берейин, - деп бажактады бирөө.

Бир чапканда - өмүрлүү бол, эки чапканда - бактылуу бол, үчүнчүсүндө - үрөн бутактап өс, төртүнчү чапканда - айлуу түндө адашпа, акмактарга жанашпа...

Ушул жерден тигил жигиттин кылыгын билгендер дуу күлүп жиберишти...


"Не нужно твоё здоровье!"


Аренда автобус айдаган орус жигиттин каны ичине тартып, мурду кыпчылат, ансайын кеңешип алгансып мүлдө эле кары-картаң шыкалат десең. Шофёрдун колуна жарытымдуу акча урунбайт, же бир аларың шамдагайлана ыкчам чыгып, бат түшпөйт...

- Тез, тез дейм.. - Шофёр жинденет.

Батакөй чал ага боору ооруп, көңүлүн көтөрөйүн деген кыязда:

- Дай бог Вам здоровья, - деп бата берсе, тигил кадимкидей ачууланат:

- Не нужно твоё здоровье.

- Тогда Ваша дело, - деп кызыл тыштуу күбөлүгүн көкөлөтө көтөрдү. Бирок жүрөгү түпөйүл: "Оо, кудай, ызакор, ичи тар, ач көздөр жүрөк ооруга бат чалдыгат дейт, ошол кеселден бул бечараны сактай көр..."


Жоош карыгыла


Жаш шофёр аялдама сайын айгайлайт:

- Күбөлүгүңөрдү, жүргүнчүнүн билетин көрсөткүлө.

Батакөй чал төш чөнтөгүн сыйпаласа, күбөлүгү башка күрмөсүндө калыптыр. Чыга берерде алиги жигит:

- Сиздики кана, - деп демите суроо шыкайт.

Чал ак калпагын башынан алып, агарган чачтарын көрсөтүп:

- Жарыктарым, менин жашыма келип, жоош карыгыла, - деп түшүп кетти.


Адамдык парз


Топтошуп турган элге чукулдай келген ак калпакчан:

- Ассалоому алейкум, - деп атайлап, кыраатка салып, дабышын шаңданта салам жолдоду. Галстукчан, кара көз айнек тагынып, какайыңкы турган жигит терс айланды. Ошончонун арасынан ак куба жигит гана: "Салам" деп баш урунду. Өзүнө курбал кишиге саламчы ызааттана кош колун узатты:

- Ак калпакчан экенсиз, айтылган саламдын ана башы Сизге багышталган эле, бурадар, чет элдин чапанын жамынгандарга жолдоор салам бир бөлөк эмеспи. Аман-эсен турасыздарбы, эл-журт тынчпы, сары санаадан, бөөдө кырсыктан чет, түтүн булатып, эсен турасыздарбы? - деп алиги мурутчан кара думбулдун колун силкилдетти.

- Аа, жакшы, жакшы, ии, мени кайдан тааныйсыз? - дейт алиги таң кала.

- Бурадар, Сизди эми гана таанып олтурам...

Беркилер күлүп, экөөнү шынаарлап калышты. Саламчы чал ээрдин жалана сөз чубуртту:

- Иттин кабышканы табышканы, жылкынын кишенешкени үйүр алышканы, анын сыңарындай атам замандан бери аралуулашкан жөрөлгөнү колдонуп, амандык сурап койдук, айып көрбөйсүзбү?

Кол кармашкан бойдон не дээрин билбей, кара мурутчан туруп калганда, жапылдаган ак куба жигит арага кыпчылды:

- Ой аксакал, кантип жаман көрөлү, ыракмат гана айтышка акыбыз бар. Бул аксакалыбыз мурда түркүн кызматта жүрүп, орусча китептерди опсуз көп окуган, эми гана башына калпак илинип, чочугансып салам айта коймою бар ийилип, мурут койдуруп алды жакшы карыганы билинип.

- Анда кечиримдүү экен, кеч болсо да ата салтына ооганына, ата конушуна конгонуна куттук айтып, Алла-Таалам абийирлүү карылык берсин деп бата берели, - деп алигинин колун кысып туруп бошотту. Жапалактаган жигит саламчы чалдын оң жагына чыга берип:

- Аксакал, айып этпесеңиз, азыноолак собол узатсам деген ниеттемин.

- Ниетиңиз кабыл болсун, сурай бериңиз...

- Карылыкка баш койгондор саламды түрлөнтүп айтып жүрүшөт, самагон менен самопалды самагандар "салам" дейт же "кандайсыңар?" деп колун берсе берет, бербесе чөнтөгүнөн чыгарбайт. Жаштар салам айтпаса: "Эй, эмне эс-акылдан таңгансып, эсендик сурашпайсыңар?!" - демейи бар. Айтор, кийинки жылдары каада-салт калктан качып баратабы деп жүрөгүм зир-зир. Ушуга бир айтаар акылыңыз барбы?

- Оо, түйшүкчүл иним, типтүү элден каада-салт качып баратабы деп кайгыга баткан жүрөгүң түрсүлүнөн танбасын да, улам кийинкилерге адеп-ахлаптын үрөнүн себүүдөн талбасын.

- Айтканыңыз келсин, аксакал, кай-кай жерде Сиздей карыларыбыз калыңдаса, калкыбыздын төрүнө кут конот, узак жашаңыз...

- Тилегиң кабыл болсун, иним, ыракмат. Өзүңдөй жөн билги, намыска бек жигиттер арбыса, Ата Журтубуздун башына бак-дөөлөт орнойт...

- Ыракмат, ата, ыракмат. Теңир тоонун чокусуна чыккандай ыракат алдым, - деп таазим этти.

- Эй, Марат, эми майлайсың, аксакал бекер киши көрүнбөдү, - деп бели кожоңку тартып турган курсактуу жигит кара көз айнегин жулуп алып, аны демите берди.

- Сөздүн касиетин карагылачы, барабан төштүн көз айнеги ыргып, көз ачыла түштү, көөдөнүңө көркөм сөздүн толкуну урунду бейм, - деп Марат ак дилинен күлдү да сөзүн жалгады:

- Ата, кечириңиз, бир шылтоо таап майлайсыңбы деген кесел жаштардын жан дүйнөсүнө жабышкан дат болду, ал дат акылды майдалап, эркти кемиктейт экен, ал дат жакшы сөздү угузбай, омоктуу ойдон оолактатат тура. Жанагы менин соболума...

- Аа, иним, соболуңа жооп белен, адам коому жаралганы амандык сурашып, бири-бирине ак бата берип, үрөн бутактап келет эмеспи. Кыргыз да кылымдардын кыйрын карыткан калк болгон соң: "Ассалоому алейкум" айтышса, "Валекума салам" деп кабыл алышмай наркка айланып, парз катары саналган. Адам адамга кезиккенде тааныйбы, тааныбайбы, салам айтуу парз, аны кабыл тутабы, же үн катпай коёбу, ал эшиткендин эс-акылына, дараметине, кала берсе набаттуулугуна жараша. "Ассалоому алейкум" деген арабдын сөзүндө: "Сизге бейкутчулук болсун", - деген тилек катылуу экен. Ал эми "Валекуму саламы" "Өзүңүзгө да бейкутчулук тилейм" дегени тура. Кыргыздар кыска гана айта салганга кынык тапкан калк экенбиз: "Салам алеки", "Алеки салам" делинип келет. Эми булар такыр айтылбай эле орусчадан оодара салгандар: "Саламатсыздарбы", "Жакшысыңарбы?", "Кандайсыңар?" демейге көчүштү. Ооруган адамды эртең менен көргөнү барганда: "Жакшы болуп калдыңбы? Кечээкиден бүгүн жылыш барбы? Сак-саламатсызбы?" - деп ал-жайын сураш ыйык парздын бири, ал көңүлүн көтөрүп, кубат бүтүрүп, сыркоолууга күч берет. Чыгып кетерде: "Аягыбыз жеңил" болсун, тез сакайып кетиңиз делинет. Ушундан улам сыркоолуу: "Мен элге керек турбаймынбы, өңүң дурус экен деп кетти, буюрса оңолуп кетемин" деген ишенимге бекийт. Кыргыздар ушундан улам: "Ооруну сураса, айыкканга тете, өлгөндү сураса, тирилгенге тете" - дешет.

- Кечириңиз, аксакал, ырас гана кезиккен экенсиз, кудай уруп биз, көңүл сурагандын жайын билбей, оройлоно оргу-баргы жүрө берген экенбиз, - деди кара көз айнекчен, капшыттуу жигит.

- Майла, акмак дебейсиңби? - деп Марат үстөмөндөп алды.

- Аксакалдан сөз угалычы, көрсө, "кандайсың?" - деген сөздүн жүрөккө канжар урар жагы бар тура, а биз көнүп калган жаныбыз, андан башка сөздү оозанбаган соң, айта салат экенбиз. Өгүнү бир таанышты: "Кандайсың? " - десем, "Кандайын сурайт элең?" - деп какмалап салды. Ошондон кийин саламдашкым да келбейт. Меники осолдук эмеспи, аксакал? - деп кара көз айнекчен башын ийип турду.

- Кеч болсо да туура баамдаган экенсиз, Алла Таала сиз өңдүүлөргө эс-акылын, сезимталдыгын таң атаары менен жиберсин деп тилек этели. "Кандайсың?" деген кепке кекээр, басмырлаган табаа бугуп жаткандай сезилет. Сөзгө бай, сезимтал, набаттуу адамга "кандайсың?" деген канжар такаганга тең эмеспи? Кыргыз байыртан бери ал-жай сурашканда "Мал-жаныңар эсенби? Эли-журтуңар эсенби?", "Байыңыз күүлү, демдерби" - дегенде: "Кудайга шүгүр", "Шүгүрчүлүк этип, эсен турабыз" - деп бири-бирине ак тилек айтышып, бата тилешкен соң, шашканына нан ооз тийгизип, шашпаганы чайланып, акырында зарыл иштери жөнүндө кеп урушкан. Мына бул иним таанышына "кандайсың?" айта коём деп кагуу жегени да жөндүү, не дегенде, салам бузулуп айтылган, анын үстүнө көтөрүңкү дабышка салган, акыры арамдыгы жок кеп ачууга айланган. Мунун өзү жылан гүлдөн уу жыйнаганга тете десек эп болоор. Ошол себептен саламдашуудан адамдын ички дүйнңөсү аңдалат. Байыртан бери кыргыздын жылдыз нурлуу уул-кыздары эл менен учурушканда күн нурун жамынып туруп, кучак жая кош колдоп учурашкан. Ошондо ага тушуккандардын тула бою касиеттүү нурга чулганып, жүрөгү балкыган. Ал дагы айтаарга сөз таппай, төштөшкөн соң сырын төккөн. Кыргыздар эч качан өбүшпөгөн, себеби, ооз аркылуу илдет жугат эмеспи. Ал тургай дасторкондо олтургандар менен сырттан кирген киши кол алышпай, баш урунушкан.

- Саламдашкандын жол-жобосу болобу?

- Албетте, кичүүлөр - улууларга, атчан - жөөгө, жогортон келаткан төмөнтөн баратканга, аз - көпкө салам айтуу салт болуп келет. Непада топтошуп жөө тургандар болсо, аттан түшө калып, кол алышкан. Дөөлөтүнө жана мансабына карап, бул заңды бузгандар нарксыз аталган, сөзгө жыгылган. Бир жагдайды унутуп бараткан экемин, Мухаммед пайгамбар балдарга озунуп салам айтчу экен, ушул жагынан биздин алсыздыгыбыз аңдалат, не дегенде, аларга жол-жосунду үйрөтпөй туруп, алардан салам жана сый-урмат күтөбүз. Мунубуз - улуттук салттын келечегине доо кетиргенибиз деп айтаар элем. Азыркы күндө саламдын үрөнү үзүлүп барат. Бир-эки муун өткөн соң баш ийкешкенге жарабай калышабы деп сары санаа жүрөктү мыжыйт.

Саламдашуу жагынан түштүк элине таазим эткенибиз оң, аякта аксакалдар жаштарга озунуп салам айтып, бир чети уялтат, экинчиден, ыйык парзын актап, соопчулук күтөт.

Түндүк тарапта салам айтсаң, айрыкча жаштар, таазим эте алик алышты быякка кой, бетон мамы сымал эч сезимсиз турганы турган. Себеби, улуулар болсун, мугалимдер болсун, жетекчилер андан бетер саламдашуу парзын кадырлашпайт. Ал тургай кол алдындагыларга саламдашпагандар канча?! Мунун өзү адам деген асыл атты, ага тагылган вазийпаны урматтабаган ургансайлык эмеспи?! Арга канча, Алла Таалам андайларга акыл-ыйман берсин деп тилейли.

- Көп жашаңыз, ата, улуттук салт-санаанын уругун сээп жүрүпсүз. Ал эми бул курдашымдын сакалы агарган чакта Сиздей нускоочу карылардан болсун, - деди Марат бажыраңдап.


Батанын түрлөрү


Сексенинчи жылдын башында жай саратаны кезинде Абдылда акын болуп жазуучулардын бир курдайы Ат-Башыга сапар тартты. Конок үйүнө жайгашкан соң ашкана тарапка бет алышты. Алды жакта шляпасын чекесине кыйшайта кийип алган, колдон түшө калма момун көрүнгөн, көзүн бардап-бардап алып, сөзгө кирген акын буфетчи келинге барып, деп турганы:

- Карындаш, бу силерде чай деген болобу?

Өңдүү-түстүү келин башын көтөрө берип:

- Жок, - деп нары чочуган, нары жактырбаган кыязда үн катканын батакөй чал баамдап калды. Бир аздан соң ал барып:

- Эсен турасыздарбы, карындаш, ылайым эсен бололу, эсен жүрсөк минтип ал-жай сурушат экенбиз. Бирок, акактаткан аптап, жол азабын тартып, чарчап-чаалыгып, чаңкаган адамды аманчылыктан мурда чай суратып коёт экен, айып этпейсизби? - деди сыпайылана.

- Жок, агай, - деп жайдарылана күлүп, - азыр, агай, бир азга күтүңүздөр, - деп ашкана тарапка элпектене жөнөдү.

Муну көргөн Абдылда акын сыртка чыгып:

- Ой достор, бери келгиле, ааламдагы алп баталар айтылып чай кайнатылып жатат, - деп жар чакырган өңдөндү. Беркилер күлүп:

- Жакшы сөз жарым ырыс деген ошол, - дешсе, Абдылда, - ой билбейм, мен дагы мунун батасына аң-таңмын, байыртан бери баталар сый-сыпаттан кийин, жакшылыктын соңунан алакан жайылып, ак тилек айтчу экен. Бул болсо, батаны башында берет тура. Анан ошо... чай иче турган окшодук.

Чогулгандар күлүп калышты, аңгыча болбой ак халатчан илбериңки кыз назик дабыштады:

- Агайлар, чайланыңыздар...

Алакел жагына Абыкең олтуруп алып, анда-санда көзүн кыбыңдатып калат, аны байкагандар:

- Абыке, ичтен кайнап жатасызбы? - деп чекмелейт.

- Касиеттүү бата көөдөндө арашан сымал көбүрүп чыгарын эми гана ойлоп олтурам. Ой айланайын, иним деги канча түрлүү батаң бар, ант ичкен сыр өңдөнтпөй, бизге да аңтара салсаң кантет?

- Мынча болду, жашырбаңыз, аксакал, - деп шаштырат Нооман бир жагынан.

- Батанын түрү көп, сөөк бата, сүр бата, сакайтаар бата, ойготоор бата, кайрат берер бата, - деп сөзүнүн аягына чыга электе Абыкең кол чалмасын ыргытат:

- Бул жолкуң чай сурама батабы?

- Беркилер дуу күлүп басылганда батакөй кадимки жай дабышына салып минтти:

- Абыке, бул жолку батам, ата-бабадан бери келаткан ал-жай сурашуу салтын аңдабай, суусундук сурагандын айбын Алла Таала кечиргейсиң деп тилеген батам...

- Андай болсо, күнөөдөн арылып, суусунубуз да канды, - деп Абыкең көзүн кыбыңдатканда беркилер күлүп:

- Азыркылар Абыкеңдей сөзгө жыгыла да, жыга да билишпейт, - дешти.


Ыйык жайга киргизээр бата


Таягын көтөрүп алып, таң эрте кыйтың-кыйтың желип бараткан чалдын каптал тарабынан эле: "Здрав-ствуйте!" - деген аялдын үнү жаңырды. Кылчая берсе, таңкы үрүл-бүрүлдө көп кабаттуу үйлөрдүн алдын шыпырып жүргөн аял экен. "Аа, бечера сыйга сый тартуулап жатпайбы", - деп чал күлүп, алик алып, жай сурашкан соң Ботаникалык бакты көздөй желип-жортту. Ээ, несин айтасын, батакөй чалдын да өнөрү күч, баш калаанын кичи райондорунун биринен там алганы отуз алты жылдан ашып барат. Ошол жылдары эле ал жүгүрүп жүргөн. Не дегенде, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жылаңайлак кар кечип, соко айдашып, бутун чөңөргө тилдирип, чөмөлө салышкан чакта муундарына суук тийген ыраңдуу, ошол себептүү жүгүрүү жагынан ондогон китептерди окуган. Такай таң алдында эки-үч километр желип-жортот, көнүгүү ойноп, бел кырчоосуна дейре муздак сууга шапшынып алмайын алымсынбайт. Көрсө, жүгүргөн жүрөктүн жети түрлүү оорусун сакайтып, андан сырткары кызыл жүгүрүк, муун оору, полиатрит жана башка оорусун айыктырарын академик Амосов газеталардын бирине жазганын окуп калат. Андан мурда бул чал медициналык адабияттарды калтырбай окуучу. Ошонун шыпаасыбы-ай, же өзүнүн эркин курчутуп жүгүргөндүн пайдасыбы, муундары зыркырабай калган. Мейли бороон-чапкын болсун, мейли нөшөрлөгөн жамгыр куйсун, таяк көтөрүп, таңга маал сайды көздөй салып урат да, оболу бириндек жылдызы жашына элек чыгышка, андан соң ак карлуу Ала Тоосуна: "Ассалоому алейкум" айтып, кой жоргого салып олтуруп, карагай, арчага кабылат.

- Мүрөктүн суусун ичкиле, - деп далай курбу-курдаштарын азгырганын айтпайсыңбы? Алардын айрымдары: "Таңкы таттуу уйкудан ажырап, артыңдан кууган бирөө болбосо, кудайдын азабын тартып, желип-жортуш эмне?" - дешет. Бир тобу эп көрөт, бирок эрктүүсү гана көнөт.

Ошондой таңдын биринде көчө шыпыргандардын алдынан кыя өтпөйт: "Здравствуйте" деп турганы. Жанараак эле капталган качыра салам айткан байбичеге оболу жолукканда ал шыпыргысына жөлөнө калып: "Мени кайдан тааныйсыз?" - деген. Анда береги чал:

- Сиздей көчө-көчөнү тазалагандар күнчүлүк жерден көзгө чалдыгат, көңүлгө алынат. Көчө биздин күзгүбүз, көчөсү тазанын көңүлү сергек деген сөз бар. Сиздер биздин коомдун таза болушуна өмүрүн зарптаган адамсыздар. Сиздерге тилегенибиз узак өмүр, бак-таалай, десе алиги бечара: "Ой, акетай, кандай асыл адам элеңиз. "Көчө шыпыргыч да кишиби?" дешип, көпкөлөң тарткан күпчөктөр, капчыгы калың ач көздөр мурдун тумчулап, алыстан айланып өтүшөт.

Батакөй чал ага муну туйгузат:

- Бир акылман мындай дептир, сыртына чаң жукпаган сылаңкороздор, алтын-күмүшкө чулганган алп ооз айымдар ички дүйнөсүнүн жакырдыгын жана оройлугун кымбат баалуу кийимдер менен жаап-жашырып турушат, ал эми сыртын кир чалып тургандардын ички дүйнөсү акактай тунук келет, анткени, алар жаратылыштын оозунан дем алган айкөл адамдар...

- Такай саламдашкан уул-кыз сиздики тура, аларга узак өмүр жана бакыт каалайм, биз көчөнү гана тазаласак, сиз адамдардын сезимине жуккан чаңды сүртөт экенсиз. Ыйык храмга кирип-чыккандай ыракат алдым, бар болуңуз деп алкап кала берген.


Бата табылгыс дары


Аянтчада топтошуп, ойноп тургандардын арасынан бирөө:

- Арслан, салам, салам! - деп айгайлады да колтугуна папка кыскан ак калпакчан чалды сөөмөйү менен көрсөтүп, ага карай жүгүрдү.

- Аа, салам, салам дешип үч-төрт эркек бала чалды көздөй чуркашты. Бир даары жүгүрүп баратып жыгылып турду, бир даары чалдын колун талаша кармашат. Чал ар биринин колунан кармап, башынан сылайт. Арсланды бетинен өбөт. Ага ак тилек каалап: "Бактылуу бол, садага", - дейт. Ошентсе ал чалды ата ордуна карманабы-ай, эркелетсе ага шынаарлап, жанынан чыкпайт. Муну бештен алтыга өткөн Саша туюп, күлүңдөп карап тура берет.

- Салам... - Анан үч жашар Жибек эми гана жетти. Чал аны так көтөрүп жерге койсо:

- Дагы, дагы дейт кубана. Чал ар бирин бирден, экиден көтөрүп: "Бактылуу болгула, жарыктарым деп алкыш үстүнө алкыш демейт.

- Качан конфет бересиң, - дейт афгандык учкучтун баласы. Алар качан гана коммунисттер куугунтукка алынганда Кыргызстанга жер оодарган.

- Пенсия тийгенде, - деп чал аны эркелете карайт. Пенсиясынан он сегизинчи үйдөгү балдарга момпосуй сатып бермеси бар. Дачадан кайтканда:

- Алма барбы? - деп туткактап алышканычы.

Өткөн жылы чалдын бар түп алмасы үшүктөн аман калган, бышкандарын балдарга деп атайлап көтөрүп келет да, эки-үчтөн карматат. Андайда анын карааны көрүндү дегиче балдар үймөлөктөшөт да калат:

- Салам, салам...

Көрүп турган кемпир-чалдын эт жүрөгү элжирейт:

- Өмүрүңүз узак болсун, аксакал.

- Акылдуу неберелерди тарбиялаган силерге узак өмүр тилейбиз.

- Алтымышынчы жылдан бери ар бир уул-кызды салам айтканга тарбиялап келген сизге бакыт каалайбыз, - дешти байбичелер.

- Чоң эне - улут бешиги эмеспи, чоң эне ар бир уул-кызды улуттук ар-намыска бөлөйт. Каада-салтка үйрөтөт, мүнөт санап, саат сайын адамгерчиликтин асыл сапатын сезимине сүртөт. Өгүнү автобустан бир байбиче алты жашар небересин терезе жак орундукка корголотуп, өзү бер жагына көчүк басыптыр, анын менен учурашкан соң:

- Небереңиз элди сыйлаган, элдик кыздардан болсун, - десем бала кызарып чыгып, чоң энесинин алдына коно калып: "Келиңиз", - деп орун берди. Артында башы калчылдаган кемпир турду эле ал "ыракмат" айтып олтурду.

Дагы бир жолу этеги тилик көйнөк кийген чоң эне беш-алты жашар небересин ээрчитип алыптыр, анын тырмактары кызарып, кашы боёлгон. Саламдашып болгон соң, кызына бата берди: "Садагасы, узак өмүр сүрүп, бактылуу бол, мода этегиңди тилбесин да, аркай жактан агып келген ыпластык көөдөнүңө кирбесин..."

Чоң энеси ыракмат айтып, баш ийкеди да:

- Сааттуу жаным улуу кызыма тар келген көйнөктү кийип албадым беле? - деп тетири бурулду.

Бул сөзгө байбичелер маашырлана күлүштү. Гүласым чоң эне:

- Ой, агай-ай, кебез менен мууздаган турбайсызбы, чынында улгайганда адамгерчиликтин асыл сапаттарын аркалай жүргөнүбүз абзел болор, - деди.

Кырк жылдап доктор болгон Шакен чоң эне:

- Сенин батаң алдын-ала эмдеген дары сымал тура. Азыр дал ушундай бата бергендер өтө аз, эл да, жаштар да батаны эңсеп турушат. Бата деген табылгыс дары эмеспи, - деди жылмая.


Акыйкатчылдардан насыя жеме


Кийинки жылдары көпчүлүк эл кыжынып, ашыкча байыгандарды каргап-шилеп: "Биздин байлыкты соргон кап курсак, кара жемсөөлөр ушулар!" - дешет. Кай бирөөлөрдүн эки-үч кабаттап салган сарайларын көрүшүп, өңгөчүн тарта орусчалап: "Сволочь!" - деп жиберип, далайга дейре кеп урушат. Төтөн газетага ошондой үйлөрдүн сүрөтү басылып, кожоюну каерде иштээрин, айлыгы канча, бүлөсү нече, буларды билип алышканда: "Сталин болгондо мындайларды атып салмак!" - деп ыза бүркүшөт.

Топтошуп тургандар үч кабат үйдүн сүрөтүн көрүп алышып, жаалданышат. Чап жаак бозомук аял:

- Мынча акчаны уурдап, элди тоноп алышпадыбы? - деп алкынат.

- Пара да, парага туйтунуп жатышпайбы? - десе, үчүнчүсү, - кредиттен жешкени канча дейсиң, эми аларды шорлоп биз төлөйбүз.

Төртүнчүсү кыйла сабаттуу өңдөнөт:

- Эсеп-кысап жок. Депутаттар өздөрүнө ылайыктап мыйзамды жумшактап чыгарып алышты да, ушундай ак сарайларды куруп коюшту. А биз байкуш, чайга, кантка акча таба албай, ак уруп жүргөндү билип коюшту дейсиңби?

Оболу алкына айгайлаган аял баш чайкады:

- Карачы, асмандата үч кабат курдурганын... Бети бозорбой туруп, өз акчама деп кантип уялбай айтышат. Асмандата салганын кара, аксым, сволочь!

Ушул учурда батакөй чал сөзгө аралашып:

- Азырынча асмандай берсин да аман жүрүп, убайын көргөй эле, - деди момураган кейипте.

Бозомук тарткан аял титиреңдеп ага алкына демите берди:

- Асмандабаса аңга түшсүн, аман жүрбөсө атылып өлсүн, аны эмне коргойсуң, сен митаам чал, алардын жек-жааты болуп жүрбө-ыя?!

Чал өңүн өзгөртпөстөн дабышын жайлантып дегени бул:

- Азырынча асмандай турсун дегеним, аны бийликтен алмайын аска боорунда үкү сымал турганы турган, ага силердин ыргыткан таш чендебейт. Качан гана мезгил келгенде үч кабат тамды бетин үч түлөтүп жатып салган чүмбөтү сыйрылып калат.

- Ой айланайын, олуялык сөз айтып, оолуккандардын оозун баспадыңбы, - деди улгайган киши.

Чал кайрадан жаңырыктайт:

- Эгер ага дейре аман болбой көз жумса, үч кабат тууралуу сөз түгөнөт. Эл-журтка шермендеси чыгып жатып, алардын каргыш-илкишине калып жатып, курган тамынын убайын көрүп жарыбас. Бир акылдуу келин сараң чал өлгөндө минтип кошкон экен:


Атаке, төрт бөлмө турак жай,

Атаке, асемдеп неге курдуңуз?

Атаке, төркү үйдү аяп түнөбөй,

Атаке, түбөлүк жайды көрдүңүз...

- Ой-боой, даана кошокчу келин тура, ха-ха-ха. Ана ач көз, алкы бузук сараңдар ашманканага жашап, жарыкчылыктан кош айтышат. Анын сыңарындай кабаттап там курган менен, балдары башка жакта жашап жаткандар канча?..

Батакөй чал ойду дагы чечмеледи:

- Акыйкатчыл, адал жүрөк агаиндер, азыркы күндөгү алдым-жуттумга алкына ачуу агытканда алдан тайып, жүрөк ооруга кабыласыңар, оболу өзүңөрдүн көрөр күн, ичер сууңар түгөнбөсүн.

- Ой, айланайын, анык ойчул белемсиң, бизди сары санаадан арылтып да, кубаттандырып да салдыңбы? Баса десең, кара жемсөө күпсөрлөргө күйүктүң не, күйүңпөдүң не? Ха-ха-ха... Аман болуңуз, аксакалым, кайыр...

Алп ооз аял иймене үн катты:

- Агай, ачуу келгенде Алла Тааланы да айыптайт экенбиз жана оозумдан осолдук оргуп кетти окшоду, оюңузга албасаңыз деп суранам.

- Кечиримдүү, жарыгым, адилетсиздикке атырылып бир тийме акыйкатчыл тоо жүрөк экенсиз, ушунуңуздун өзү күрөшкө тете, укум-тукумуңуз ушул жолдон кайтпасын...

- Айтканыңыз келсин, сизге да жакшылык каалайбыз...


Карт жоокер кайрат берет


Кеңсе алдында эл котолойт. Ошолордун арасынан эле бир аял күйүп-бышат:

- Калыс болгулачы, калың журт, толукшуп терисине батпай семирген жигиттер аскерге жараксыз болуп, анын ордуна ачмыйган, көкүрөк оорусу күч алган менин күчүгүм эл коргойт дегенине таңым бар. Ылайым эле дени сак болуп, чек кайтарып бергей эле. Өлкөнү күчтүүлөр, шамдагайлар коргоочу эмес беле?

Алтымыш ашкан кемпирдин кеби балдарын аскерге жөнөтмөкчү болгондорду ар түркүн ойго азгырды. Элүүдөн өтө берген киши:

- Байбиче, азыр аскер турмушу оор, тамагы начар дешет, ошол себептен балдарын аскерден арачалаштын амалын издегендер болот окшобойбу, - деди мыйыгынан күлүп.

- Ээ, ким эмнени кааласа, ошону бүтүрүп жатат, мурда балдарды өлкөнү коргошко мектептен баштап машыктыруучу. Ата Мекендик согуштан канкөөкөрлөп кайткандарды чакырып, окуучуларга аңгеме-дүкөн курдурчу. Баатырдык эпосторду, көркөм адабияттарды окутуп, талкуу болуучу, азыр Американын ит чагылыш киносун көрсөтүп жатпайбы. Киши өлтүргөн, зордуктаган, тоногон кинолор, ошолорду көргөндөр кудай уруп Ата Журтту коргой алабы?

Дагы бирөө таянган таягын көтөрө берип, калчылдап чыкты:

- Аскерден качат деген эмне акмакчылык. Неберем: "Барбайт элем" деп мойнойт, жетелеп келдим. Жанагы баласын аскерге бардырбай жаткандар өздөрүнө балээ тилегендер, дал ошолор түпкө жетет... Баары эле өзүбүздөн... Туткунга түшкөндөрдү "баатыр" десек, кан кечип, орден, медаль тагынып келгендерди барк албасак, анан ушул суу жүрөктөр эл коргойбу?

- Ой, аксакал, акырын, - деп бир ыйбаалуу жигит ага чукулдады.

- Эмнеге акырын, Баткендин чегин бузуп киргендерден ким коргоду? Эски жоокерлер, во! Көрдүңбү? Ал эми, биз, береги келесоолорго Американын кийимин кийгизип, алардын айкырыкка жык толгон музыкасын угузуп коюп: "Ата Журтту коргоп келегой", - деп жалынып олтурабыз. Ал эми буларың: "Что такой, Ата Мекен?" - деп шылдыңдап күлүшөт.

Карт жоокердин калчылдагы басылып, жайланып калганда батакөй чал аскерге жаңыдан чакырылып жаткан уландарды беттеп батасын чубуртту:

- Жарыктарым, силердин аманчылыгыңарды тилеген ата-эне бүгүн эле бул жерге келип олтурган жери жок. Биз дагы граждандык милдетибизди өтөп, согуш сырына каныкканбыз. Бул жарыкчылыкта эки түрлүү адамдар бар: бири - арын сактаган, бири - жанын сактаган.Арын сактаган - Ата Журтун сактаганга тете, не дегенде намысын душманга алдырбагандар, улуу Жеңишти алып берип, укум-тукумубузду сыймыкка бөлөшкөн. Ар-намыстын уулдарыжөнүндө ырлар ырдалып, даңазалуу дастандар жаралган. Алардын ысымдары чет өлкөлөрдө даңкталуу. Анткени, алар Германиянын, Польшанын, Варшаваны, Прибалтиканы коргошуп, баатырларча курман болушкан. Ошол шаарлардын тарыхында алардын ысмы алтын тамгалар менен жазылуу, - деп басылганда анын сөзүн дагы бирөө коштоп жөнөдү:

- Абдан туура, бирок, азыркы күндө айрым жазгычтар: "коркконунан согушка барып өлүм табышкан, туткундарды Сталин аттырып, сүргүнгө айдаган деген сандырак кепти сапырылтып, жаштардын санаасын бузуп жатышпайбы? - деди. Карт жоокер таягын көтөрө берип: "Во-көрдүңбү, мына ошолор даана чыккынчы!" - деп дабышын өкүмдөтө эки жагына сүрдүү карады. - Мына мен өзүм чакырттырбайөэтпей эле арызданып жатып баргам...

Батакөй чал ага жылмая карап:

- Төшүңүздөгү орден, медаль баатырлыктын нак белгиси! Небереңизди жетелеп келип, аскерге узатып жатканыңыз Ата Журтуна өмүрүн зарптаган акылман карылыктын касиети, ылайым сиздей намыска бек, аттанып чыкса, элине абийир таап келген адамдарыбыз арбый берсин!

- Көрдүңөрбү, садагалар, эмгекти баалай билгендер четтен табылат. Ыракмат сизге - деди карт жоокер мурутун сыймыктана сылап.

Батакөй чал наалыган кемпирге беттеди:

- Ээ, байбиче, аскерге жарактуу уулуңуз ушулбу? - деп орто бойлуу, катиңки уланды көрсөттү.

- Ооба, жалгызымдын мурунга жыт кылар эркеги ушул, калганы кыз.

- Небереңиз антка бек, боорукер, кыйынчылыктан коркпогон эр жүрөк жоокер болот. "Асылдын тукуму жалкы" деген абалтан калган нуска бар, ылайым беттегенин алып тынган азаматтардан болсун. Сиз, байбиче акылдуу жана бактылуу экенсиз ушулардын убайын көрүңүз...

- Айтканың келсин, ырас, көңүл жубаткыч кепке устат экенсиң. Кур санаага туткун болгон жанды курчутуп салбадыңбы?

- Ээ, байбиче, ылайым балдарыбыз майып болуп төрөлбөсүн дейли, кендир башына конгон кеңгир баштардан кудай сактасын дейли. Жамандын жаны аялуу дегендей, аялуу жан-сатылггыч жан, ар-кору жок, жаан-жакшылыкта карыдан төр талашкан, капсалаңдуу күндө өлүүдөн көр талашкан арсыз жан, андай эсерлер да эсен болсун, аларсыз адил жүрөк эрлер таанылмак кайда?

- Баракелде, иним, көп жаша, өзүңдүн неберең тетиги ыйбалуу ак саргыл улан го...

- Ооба...

- Бактылуу болсун...

- Айтканыңыз келсин...


Салам өлүмдөн сактады


Токсонунчу жылдын башында Корумду айлындагы пансионатка Батакөй чал байбичеси менен барган эле. Совет бийлиги күчүнөн кайтып, жойпу жана куйтулар: "Куурап жүрдүк эле, эми куунар кезек келди", - дешип жайкалып сала беришкен маалда пансионаттардын куну качып калган. Баягыдай котедж сайын муздаткыч, радио-телевизор, килем-килче - мүлдө шыпкалган. Көпчүлүктөн нарк качып, көчөлөрдөн көрк кеткен кезде алкынып, жулкунган, улууну көзүнө илбеген көй кашкалык даң салып, улан-кыздардын кыял-жоругу жат элдин жагымсыз жорук-жосунуна уулангандай сезилди. Эски там ураганда түбүнөн курт-кумурска быкырап, андан калса жагымсыз көрүнүш зээнди кейиткенсип турду. Батакөй чал бай чайкап: "Улуу доордун агымы тартылып, өстөнү кагыраган сайга айланды белем", - деп ичтен эзилди. Ымыркай кезинен өткөн доордун бешигине бөлөнүп, андан агарып-көгөрүп, ал тургай ага жалындуу жаштыгын зарптап келсе, каңырык түтөтө жоктобой кантет? Чал ичтен күбүрөйт: "Бул мезгилди көрүшкөндө тагдыр насип эткен тура..."

Экөө ээрчищип, элдин жашоо-тиричилигин байкамакка айыл аралап баратышса, алдынан эмчектеги баласын дөңгөлөктүү мамыкка салып алып, үч жашар кызын ээрчиткен келин алыстан эле жол бошото берип, жүгүнүп койду. Чал-кемпирдин жүрөгүнө таң аткандай, каны дүргүп, денесин жалын чарпыды.

- Теңир жалгасын, жарыгым, алдыңдан ырыс-ыйман таазим этип тосуп алып турсун, өспүрүмдөргө өрнөгүң жуксун, кары-картаңды кадырлаган касиетиң укум-тукумуңа таверик болсун...

Мындан соң байбичеси келинге жакындай берип:

- Алганың менен тең агар, айланайын, тектүү жердин тукуму турбайсыңбы, - де5п эркелете мээримин төктү.

Экөө узай берип, артына кылчайышса, батаны алмай-термей бир чайкайнамдай узата берген абышка-кемпирге келин таңдана карап турган эле. Бакылдап бата узаткан чалдын дабышы мемиреп тынч турган кыштактын кыйла жерине угулдубу, айтор ар кайсы короодон кемпирлер чыгып, кашаа алдындагы үстөлгө көчүп басып кетишти; ээрчишкен экөө ким кезиксе, ошонун баарына салам айтып, баш ийкешет. Жаш балдарга адими кийинген чал: "Ассалоому алейкум" айтса, кай бири элейе таңыркайт, сезгичи: "Салам алейким" - деп тигилерден озуна мыйтыйган кирдүү колун сунат да: "Өмүрлүү бол, жарыгым", - деген батага тунат. Кай бири бетин баскан өңдөнүп, колунун салаасынан куулук-шумдугу жок өңдөнгөн чалдын кылыгына таңсык. Булар эмес, териси бошоп, терең карыган кемпир-чал ойго чумушат: "Кызык, батаны аркалай келишкенсип, көчө-көчөнү кыдырып: "Ассалоому алейкум" айткан бул кимдер? Неси болсо да жакшы жышаан, ар бир үйдүн төрүнө өткөнгө тете болду, ал-жайын сурап билсеңерчи?.."

Бирок айылдагы алп ооз, орусчаны чала моңол койгулаткан, анысына илимдин учуна чыккандай дымактанган аял:

- Ой, алар эмне олуя чалыштан бекен, алтымыш ашканда акылына айнып баратса керек, эзели тааныбаган кишисине эс-акылы барлар эсендик айтчу беле? - деп эрдемсине заңкылдайт.

Бактын көлөсөкүндө олтурган ак сакалы жайкалган кары обочодо туруп алып, оозун чоюштаткан оёнго таягын жаңсайт:

- Орок ооз оёндорго бул доор оңдой берди окшоду. Буларың аял затындагы ийменчээк, уяң, сабырлуу, кечиримдүү жана акактай тунук, ааламда жок жаракөрлүк касиеттерден келин-кыздарыбызды кол жуудурат. Тарпылдата баып, таркылдап сүйлөгөн, улууга урмат-кичүүгө ызаат көрсөтпөгөн чалма этектердин ыпластыгы таза кыздарга кынадай жукпагай эле. Анда эле алар эр күтө албайт да элге бата албайт. Жаратылыш да мээрман эне сымал өтө кылдат, өтө назик Меңдубана өңдүү уулу чөптөр гүлдөгөндө күндүз чанагы жабылып, түнкүсүн гана ачат, не дегенде адам ууланбасын... Эне да адам аттууну бирдей көрүп, астейдил асырайт. Ал эми тигил аңкылдак келинге алыстан келип, көчө-көчөгө асыл сапаттын үрөнүн чачып жүргөн абышка-кемпир акылынан айныгандай көрүнгөн. Мен эки доорду көргөн педагогмун, биз карылар, улан-кыздарыбызды алиги салам айтып, бата берген абышка-кемпир сымал улуттук каада-салтка каныктыралы.

- Мунуңуз ак сөз, оболу өзүбүздүн осолдукту оңдойлу, көч башы экенибизди унутуп койду ыраңдуу, - деди алтымышты алкымдаган кара сакал.

- Эстегенде бир кызык уяны эсиңерге салайын, - деди алиги педагог: - Согуш маалында чечен, болгар Кыргызстанга сүрүлбөдүбү, ошондо Шамил деген эңчер бойлуу, көзү кайнап, тынч тура албаган өжөр айтат, согуш маалында биз бири-бирибизди сатып кирдик. Аталаш агам немецтерге тыңчы болуп жүргөнүн кошунабыз Кызыл Армиянын командирине билгизип коюп, агам атылып кетти. Өчүн алайын деп, ак балтамды камдап, күүгүм талаш эшигинин түбүндө аңдып турдум. Бир оокумда кошунам чыга келип:

- Ассалоому алейкум, - деп эки колун бооруна алып, башын ийип, таазим этти. Эмнеси экенин билбейм, балта колумдан ыргып кетти. Ойлонуңузчу: "Мен сизге ааламдагы бакытты тилейм", - деп эки колун бооруна алып,башын тосуп берип жатса, кандай мыкаачы балта көтөрөт. Саламдын касиетин ошондо байкадым деген болчу. Кийин алар эл-журттан бата алып жерине кайтышты.

- Кызык окучя экен аба, азыр мектептен мечит көбөйдү деп мактанабыз, молдолор жалаң эле куранды жаттатпай, балдарга оболу улуттук каада-салтты үйрөтсө боло, ушул жагынан мүчүп жүрүшпөсүн...

- Мунуң да бир эсептен жөндүү... Күнөө бизде... Көрдүңөрбү, алыстан келген бир адамдын саламы баарыбызды терең ойго салганын, карылардан ушундай касиет качпасын, - деди карт педагог башын көтөрө берип, айланага ойлуу көз чаптыра.


Дүңгүрөмө музыкадан жугар илдет


Жетишпеген турмуш желкелеп келгенде жеңил ойлуулар ашкере мактоонун жана курулай даңазанын кулу болуп чыга келишти. Алардын айрымдары акча тапкыч болсо, кээси кызматка илинген кыйындар экен. Мындай ала өпкөлөр той берсе, тууган-туушкандарынын колунда барбы, жокпу салыгын салып, Ала-Тоого аңыз этерлик даңазаны көксөйт.

Эми ошондой тойлордо чакан кафе, ресторандарды жалдамайын жарптары жазылбай калсын. Андай тойлордо микрофон болуп, кулак тундура тос айтылбаса шааниси чыгабы? Андайда бир-эки серпип алгандар сөз угат деген бекер. Кулактын курчун кандырар музыка коюлбаса, чет элдик бийлер бийленбесе, учкаяктана канат күүлөгөн улгайып калгандардын ичкен ашы ылдыйлабайт. Төтөн дүңгүрөгөн аспаптардын алкымын агытып, кээде итче улуп, бирдай мыёолгон жат элдин ырчысы чаңырып турса, тойдун даражасы көкөлөп, той ээсинин кумардан канганын ошондо көрүп ал. Ал ырдын мазмуну кандай, кыргыз элинин тоо булагындай тунук, жандүйнөнү көшүтөөр овонун тебелеп-тепсеп жаткан жери жокпу, ал жагын аңдап да, арданып да койбогон биздин элдин маңоолугун кантесиң! Анан калса, жагалданган, кумар оту алоологон жаш таланттарыбыз аппараттарды сахнага тизип алышып, чаңырта коё беришип, өздөрү обонсуз кобураса, сөз угулбай, дүңгүрөк гана мээге чабылып, жашы өтүп калгандардын кыжырын кайнатса, аргасыздан сыртка сүрүлөт.

- Айланайындар, акырын койгулачы! - деген сайын алагүү тарткан алакачма уландар жин ургандай башын шылкылдатып, жер тепкилеп, кара буусу чыкмайын кан дүргүтө ыракаттанышат.

Ушундай тойлордун бирине батакөй чал байбичеси менен барып калды. Аппараттан чыккан үндүн толкуну анын сезимине тийип, тула боюн дирилдетти. Деле бул чал өңдүү өтө сезгич, өтө назик адамдар кара жолдун боюна турганда он эки тонналык күрүлдөгөн машиналар өткөндө анын жүрөгүн ошончолук оору жүккө тете үндүн толкуну силкинтип, жанын кейитет. Медициналык адабияттарда андай адамдар өлүм-житимдеги ызы-чуудан, өкүрүк-бакырыктан боюн ала качып, алтыны акча да ачууланбай, кыйынчылыкты жеңиш үчүн эркин курчутсун, денесин чыңасын деген кеңештерден улам аярлана ар качан болбосун коргонуп келет. Алар адам баласынын башына түшкөн кайгы-касиретке да кайдыгер карай албай, жүрөгүнө күч келтирет, калктын ой-санаасын көөдөнүнө батырып, ошону менен алпурушуп келишет.

Кыйышпас адамы берген тойдогу музыканын дүңгүрү түз эле мээсине чаап, жандүйнөсүн жанчып кирди. Албетте, жашынан жат элдин ач айкырыктуу музыкасын жетектегенден да болгон чыгар. Жаштар шарактап бийлеп, жарк-журт эткен электр жарыгы көздүн курчун мокотуп, сезимди ичиркентти. Өз курдуу эки чал менен ээрчишип, сыртка атылды. Кафеден үч жүз кадам ооласа да каңылдак үн артынан калбай, канын кайнатат. Ого бетер башы зыңылдап, чыдамы кетет. Той ээсине барып:

- Өмүрүңөргө береке берсин, музыканы саал басаңдатып коё аласыңарбы? - деди.

- Айтсам болбой жатат, тетиги жашабагырлар, башчысы кыркма мурут, болук жигит...

Батакөй чал аны чакыртып алып, ээндете ээрчитип барып, шыбырайын дегени бул:

- Жарыгым, ылайым кан басымың көтөрүлбөй калк тоюнда каңылдак музыкаң менен камбылдана кызмат эте бер.

- Ыракмат, старик, ихи-ихи-ихи... - Ал кызарган жүзүн кирдеген кол жолугу менен сүртүп, батадан шекшине бергендей ырсалаңдап күлдү.

- Иним, өзүңдөн өтүнөөр өтө бир кыжалат иш болуп калды.

- Айтыңыз...

- Элге кызматың сиңип баратыптыр, эми калкка кайрымдуулук этишиңизди өтүнөм.

- Кандайча? Ихи-ихи-ихи... - Шекшине жылмайды.

- Американын Калифорния университетинин бир илимпозу эстраданын каңылдагы алтымыш децибилден ашканда адамдардын нервине терс таасир этип, ал сокку аш казанды жаралып коёрун аныктаптыр. Эстрада жагында он жылдап иштегендердин аш казаны гастрит оорусуна чалдыгарын далилденген. Ал эми кары-картаң, жаш балдар ыракат алмак түгүл жүрөгүнө тамак баспай, кан басымы жогорулап, уйкусу качаарын айтыптыр...

- Неужели?

- Жарыгым, илимпоз аны бир нече жылдап изилдеген соң адамдарды ач кыйкырыктын азабынан арачалап калайын деп газета аркылуу дүйнө жүзүнө кабарлап олтурбайбы?!

- Интересно, ойлонуш керек экен.

- Алла Таала өзүңө акыл-эсти арбын берсин да, шыбыр аркылуу берген батам шыпаа болуп, айкырык салган аппараттын үнү алтымыш децибилден азайып, өзүңдүн ден соолугуң чың болсун.

- Ыракмат, старик, кечириңиз. Мен муну сизден укпасам мактаныч иретинде бакылдата бермекмин, - деп дароо жетип барып дабышын басаңдатты.

- Өх, айланайындар-ай, бая эле ушинтсеңер эмне? - деди жоолугу кежигесине кеткен аял оңдоно берип.

- Ээ, байбиче, батыштын ач кыйкырык салып үрөй учурган, көшүп турган көңүлдүн кутун учурган музыкасы менен айбандык кумарланууга толгон искусствосу элди ар тараптан тумчуктуруп барат. Мындайда ар бир адам ага каршы турбаса, улуттук касиеттен кол жууп калаары айдан ак, - деди батакөй чал.

- Аныңыз ак сөз, акылы бышпаган боз баштыктар эмнени көрсө, ошону туурады, ал эми биз уул-кызыбыз ыйлабасын деп жөн койдук. Акыры бизди акылы али бышпаган, жат элдин чапанын жамынган, өз элинин салтын-наркын жериген балакайлар чүлүктөп алып жөнөдү.

- Ой, айланайын-ай, кыргыздын дили жумшак тура, башкалар өз динин, өз салтын катуу тутат экен. Биз байкуш, койчу-у, койчу... кантейин...

- Аңкоо айкөлдүктөн, алысты көрө албаган алсыздыктан азап чеккендер канча бул ааламда. "Кудай артын берсин", - деген экен бизден мурда өткөн бабаларыбыз, анткени артын алоолоно өрт чалып баткан күн ак жаркын болуп ата келет тура. Эртеңки атар таңыбыз кирсиз тунук болсун дейли...

- Айтканыңыз келсин, убарлаш, ушундай батаны жаздлана жатсаң уйкуң тынч болору шексиз... Кайыр эсен болуңуздар...


Көөдөн сокурлук


Калыбет тарткан ак куба жигит батакөй чалды көрө сала алыстан салам айтып жиберди. Антпегенде оозун таптап турган чал озунуп: "Ассалоому алейкум", - деп жиберсе, уятка жыгылмак.

- Эсен турасызбы, аба, бүгүн сизден мурда озунуп салам айтканыма сүйүнүп турам, - деди жайдарылана.

- Тагдыр сизге озунуп бакыт нурун чачсын, уулуңду аскерге чакырып жатат - деп уккан элек, жайын айтчы...

- Ой, аба, сиздин айтканыңыз келбедиби? Көзү начарлап кетиптир. Эскерттиңиз эле го: "Жарыгым, жарым метрден теле көрбөйт, көзгө залал, алыстан көр, бир күндө отуз-кырк мүнөттөн ашырба. Медицина ашык көз жок деп газета-журналдарга жазып жатат, эсиңе ал, улуум деп. Сыртка чыкканыңызда аялым жактырбай: "Капкайдагыны окуп алып, канкакшай берет экен. Андай болсо, телевизорду эмне чыгарды", - деп мыскылдаган. Мына эми, түшүмү бул болду. Комиссияда олтурган карт врач: "Мындан ары телевизорду көп тиктебе, чылым чекпе, ичимдикти оозуңа алба, көзүңдүн гимнастикасын жаса, чеснок, пияз же, эртең менен гимнастика ойно, кара жумушка чегил деген экен. Сизде жүгүрүү боюнча беш-алты китеп бар деп таякем айтса, жүгүрөм деп ээлигип алды, берип турасызбы?

- Алагой, жарыгым, айткан кеп-кеңешти көңүлүнө түйбөгөндөр канча. Байыркы грек акылмандарынын жазгандарын окуп олтурсаң, илим-билимдин шооласы көөдөнүн жарык этпеген, коомдогу алдыңкы ойлорго каныкпаган наадан жана түркөй калктар болгонун, алар чачылып-чабылып, биримдиксиз жашап, сырт баскынчыларга оңой олжо болушканын, алардын калың катмары ырымчыл, кудайчыл жана билимди жерип, сары металлга кулданып күн кечиришкенин шылдың этишкен. Адам коому болгон соң кызык окуялар кездешет. Кийинки он-он беш жылда ар үйдө үйүлүп жатчу газета-журналдан эл каңтарылды, ар кыл илимдин тармагы боюнча жер-жерлерде адистер аңгеме-дүкөн курса, ага барыштан мойну жар беришчү бекен? Эми ошолордун бирине зар болушуп, тагдырын көз ачыктан күтүп калышты. Имиш-имишке ишеним артышты. Көөдөн кереңдикке туюкталды да курсак башты бийледи, жүрөктү жүгөндөдү.

- Мунуңузга толук кошулам, аба, сөздү коюп, бөзгө качырдык эле Кытай бөзү өлүм-житимге алпарышка араң жарады. Иран, Ирактын, Жапон, Америка товарлары күмүш жалаган менен ден соолукка залалы бар деп табылды. Он жылдавп жериген орус кездемеси жана буюму керемет экенине эми көзүбүз жетти. Ошондой эле өз эне тилибизди жеридик эле уул-кыздарыбыз ширелүү кептен ажырап, кекечтене келжиреп калышты. Мына эми, карт врач уулумдун көзүнүн курчу кетти деп айып тапкандай сиз сөзүңөрдүн куну кетти, алысты көргөн көкүрөгүңөр туюкталды деп кыйыктап олтурасыз, - деди алиги жигит.

- Ээ, иним, көр оокатка көмүлө берип, көөдөн көрөңгүсү үзүлгөндөр көргө кирбегени менен өлгөнгө тете, эл коргоого уулуң кандай жарабай жаныңды кейиткен болсо, алар адам санынан чыгып, жумурай-журтту дал ошоной сыздатып жатпайбы.

- Ата Журт силер үчүн деп айгай салгандар арбыны арбын, бирок...

- Тилинин учу гана таза болуп, түпкүрү ылайланып калгандар канча... Калк камына төрөлгөндөр тилинен эмес, дилинен, добушунан эмес конушунан баамдалат. Ылайым көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкан көзү курч, көөдөнү сезгичтер көбөйсүн да узак өмүр сүрүшсүн", - деп батакөй чал оомийин тилеп, алиги жигитке спорт жөнүндөгү китептерин бермекке үйүнө ээрчитип жөнөдү.


Батакөйдү тонойлу дешиптир


Жарыктык кыштын күнү бир тутам го, быягынан чыгат деле, терең карыган чалдай тушалып олтуруп, сеңирден нары жылт берет. Тещ эле каш карайып көз байланат; мындай маалда калаанын кай бир автобустары карылардан качат; не дегенде, шофёрдун көзүнө мүлдө эле кагыраган сайдын таштары тургандай, көөдөнүнө кылкан ширелгенсийт: баары тең эле күбөлүктөрүн соройтсо, шофёр кысыр уй баккандай кыжынат да турат.

- Ой, эмне качасыңар, миң качкыла, карылык эми эле кууп жетет, биздин кыргыздын айрым бир олжокеч балдары бар, карыны көрсө кагынып турган, өсөрүңөргө жакшы, антпегиле... - дейт ызаланган кемпирлер.

- План толбой жатат, бензин минтип асмандын башына чыкты, бала-бакыраны да багыш керек, дабай, бат түшкүлө!

Айт, айтпаса, төгүнбү, бечаралар таң, күн калааны канча айланышат, акчага жарыбай, ар ким, ар ким менен кер-мур айтышып олтуруп, жүрөгүн да оорутуп алышат. Түбүң түшкөн дүйнө, улам кызыктырып, утуру качып олтуруп, кууганды кубантымыш эткени менен кууратып саларын адам дегениң кайдан аңдасын. Батакөй чал ушуларды ойлоп келип, жылдыз чыгар алдында кабагы карыш салынган бечеранын көңүлүн жаркытайын деп, муну айтты:

- Алтын башың аман болсун, күмүшүң күнүгө кулпуруп турсун.

Шофёр кыжынат:

- Ээк, бапылдабай бат түшчү.

Чал кайрыла берип, терикпестен деп турганы:

- Акчага да жетерсиң, минтип олтурсаң абийириңден кетээрсиң, батаны жерисең бакылдак чалдын айтканы келди дээрсиң...

Эшиткендер эшикке чыгып калганда олбурлуу жигит:

- Ата, айтканыңызды кайталап коюңузчу, элге угуза жүрөйүн...

Чал анын соболуна жооп кайтарып, туюк көчөгө түштү. Көзгө сайса көрүнгүс. Ар кайсы жерде күйүп туруучу шамдар небак жоголгон. Калаанын чет жагындагы бир үйдүн эшик алдында "Аллюминий алабыз", - деп жазылып турган эле. Кайсы күнү ошол жазуу илинди, дал ошондон бери зымдар кыркылды. Казан жана аллюминий идиштер уурдалды белем. Чал өзүнчө кобурайт:

- Капырай-е, Кыргызстанда аллюминий кени көчө-көчөдө жаткансып, эси жок ургансайларды ууруга түркөнүн карабайсыңбы, көз көрүнөө эле чыккынчылык... Чекисттер эмне карабайт дейм да... Акыркы теске салынаар...

Чал эки жагына элеңдей караса, алды-артында эрбеңдеген караан азайып барат. Бир аз узай түшкөндө капталынан бир-экөө качырып, далы талаштыра берип калганда жер таянып барып оңолду. Күнүгө эки километр чуркап, турникке алты жолу тартылган чал муштум кезеп, эски ыкмасына сала чыкчырылды.

- Чеч кийимиңди, чөнтөгүңдө эмне бар? - Канжар жаркылдатканы олбурлуу көрүндү. Чалдын тебетейин экинчиси кармап турду. Ал чалкалай берип:

- Ой, какмар десе, Эсендин уулусуңбу, ээ кокуй, ушинтмек белең, сен төрөлгөндө элдин уулу болсун, кордолгондордун коргоочусу болсун деп бата берген элем. Ой жаман какмар, сүннөткө олтургузганда Ата Журтуна алымдуу, ар-намысты бийик туткан уул болсун дебедим беле, ээ алат күн, сен онунчуну бүткөндө илимдин учунда чыккан мыкты адам болгун деп бата бербедик беле? Эсиңден чыгып кеттиби? Чөнтөгүндө эмне бар дейсиң да, чөнтөгүмдө ушаланган кагаз бар.

Канжар кезеген улан чын эле тааныйт тура деп бүшүркөп буйдалып калды. Жанындагысы четтей берди. Чал кайрадан катуу дабышка салып коё берди:

- Ээ, жарыгым, отуз жыл жондон түшпөгөн чапаныма кызыктыңбы же мышыктын терисинен тигилген тебетейге азгырылдыңбы? Ээ, жараткан кудай, берген баталарым башыма тийген муштум болуп, канжарды алкымыма такаттырдыңбы, ааламдагы алп баталарды берген балдарыма тонотмок белең, кудай?!.

Нарыдан бирөөнүн үнү зоңкулдады:

- Ой, батакөй чалдын үнү окшойт, жүргүлө тез!

Муну угушаары менен беркилер тебетейди таштап, качып жөнөштү. Аңгыча жигиттер жетип келишти.

- Оо, жарыктык, не болду?

- Өмүрүңөргө береке берсин, айланайындар, башты жерге салып, караңгыда өзүмчө кобурап келаттым эле жетесиздер желке тараптан шукшурулуп келип, ителги тебишти салып олтурбайбы?

- Тааныйсызбы?

- Көркоолор көөдөй караңгылыкты мекен этишээрин билебиз го. Элди тоноп көнгөн Эсен дегенди билчү элем, ошонун баласы турбайсыңбы демиш этип, берген баталарымды кайталап, саал алаксытып, бирер-жарым көз болор деп чыйпыйым чыга күтсөм, силерди кудай жибердиби-ай, анча жетип келбесеңер чечиндиип кетишмек, амал канча, аман болушсун...

- Ой, жарыктык десек, кайра ага боору ачып, аман болсун дейт тура. Андайларды атыш керек!

- Ээ, жарыгым, каракчылар болбосо, кайрымдуу кайраттуулуар таанылбай калат. Андайларды ата берсек, бул аалам өлүк жыттанып жүрбөсүн. Буларда эмненин күнөөсү, булар эмес, Индонезия, Америка, Россия, Израил, Германия өңдүү ири өлкөнү башкарагндар ач көздүк менен жан жыргатыштын кулу болуп жатканын радио бүт дүйнөгө кабарлап турат го. Алардын жанында булардыкы бете берер иш. Мени дагы чала муштады, кемпирдин кашында болбой, жылдыз толгонго дейре эмне көчөлөп жүрөм десең...

- Ха-ха-ха, ой аксакал... Кайра күлкүгө салат тура... Биз болсок, сөгүнө берип, нервди коротуп алмакпыз... Кана, ата, сизди жеткирип коёлу...

- Үй бул жерде, аз калды. Таалайыңар артып, кара жүрөк кан соргучтардан калкты калкалаган укум-тукумдуу болгула, садагаларым. Силердей боорукерер жер жүзүн каптасын...

- Айтканыңыз келсин, ата!..


Имаратка берилген бата


Областтык мекеменин алдында котолоп тургандар арбын. Бирөөлөр губернаторду күтсө, дагы бирөөлөр орун басарларына, же бөлүм башчыларына жолугушка зарылат. Таң эрте жалтылдаган машиналар бийик имараттын алдына токтоор замат, андан болук тарткан, адими кийинген жигиттер боюн түзөп, башын бийик тутуп, топтошуп тургандарды тоотпогон кыязда жогорку кабатка жорголой басышат. Берки бечаралар оозун төөнөтүп койгонсуп, үн катпай улутуна турушат десең. Ээ, Кудай-ай, кур дегенде оолай берип, баш ийкеп, урмат-ызаат байкатып коюшса эмне? Капырай-е, деги токсонунчу жылдан бери адамдардын бели тоңуна тартып, бетон мамы сымалданып калганбы деп жүрөгүң ачышат.

Ишенбесеңер ошолорго "Ассалоому алейкум" айтып көргүлөчү, маңыроо тартып таңыркап турганы турган. Кулак деле, көз деле жайында, тил гана күрмөлбөйт, бу жорукту жоромолдош да кыйын. Мындай шумдукту бир нече жолу байкаган Батакөй чал: "Балээнин баары элден салам күтүп, улуттук салтты унут калтырган улуктарда эмеспи. Кайсы мекемеге барба, кезек күтүп олтургандарды кемсинте карап, үндөбөстөн кабинетине култ коёт. "Сен кандай болсо эл ошондой" - деген экен бир акылман, демек башчың тигиндей болсо, калктын бели какайыңкы" - деп ойлоп, катта чоңдоруна катыктуу бата жолдоп кайтышты эп көрдү. Ал эми калган-каткандарына кезиккен сайын колун бооруна ала калып, саламын жазбады. Кай бири таңазар албастан, үн-сөзсүз узап кетишти. Кээси: "Кексөө чал саал айнып калганбы?" - дегендей мыйыгынан жылмайышат. Бир даары элпектене алик алат. Мунусуна да шүгүрчүлүк...

Үчүнчү кабаттын жолун тоскон милиционерге салам айтса, ордунан туруп, колун чекесине тийгизип:

- Кайда, кимге? - деди.

Чал жылмая берип, оң колун калпагына тийгизе чоңдордун каттасын атады.

- Кандай жумуш менен?

- Бата берейин дедим эле, жарыгым...

- Бата? - Ал эки ийнин куушуруп, ойлоно калды. "Эл чоңдорго берчүсүн үйүнө жеткирсе, мунун көз көрүнөө бергени кандай?" - деген ойго кеттиби-ай, чалдын коюн-кончун тинте карайт.

- Ооба, айланайын, Кудай өзүңө дес берсин, эки гана мүнөттүк бата, - деп шоошагын серейтет.

- Тетигиндей олтуруңуз, азыр помощник келет. - Сары жигит сөөмөйү менен баш орундукту көрсөтүп, телефон бурады.

- Ыракмат, жарыгым, орусча мектепти ойбооруңча бүткөн турбайсыңбы... Дурус, дурус...

Мүнөттөн соң көк көз, куйкум сары жигит келип, үн катпастан милиционерге ээк кагат. Батакөй чал тура калып, күлүңдөп:

- Ассалоому алейкум узатты...

- Салам... Салам... -Чалды бүшүркөй караган орус жигит ага суроолуу көз тигет. Чал озунуп:

- Кечириңиз, мен акимден эч нерсе сурабайм, бир гана берер батам бар, - деди.

- Что такой, бата? - Тигил милиционерден сураса, ал ийнин кушуруп, башын оң жагына кыйшайтты...

- Ээ жарыгым, батаны билбейсиңби? - Карыя ага жылмая карап, жакындай келди. Ал деле дудук өңдүү мылмыят. Ошондо карыя орус жигитинен суранды:

- Айтып барыңыз, Бишкектен келген карыя бата берем деп суранды деп.

Орус жигит элпектене жылмайды:

- Бата... Бата бересиз... жакшы - карыянын аты-жөнүн жазып кетти.

Пагонунда жарыш эки лента басылган жигитти карыя жагымдуу ырайда карап туруп, дегени бул:

- Ылайым пагонуңа жылдыз тагылсын, жүрөгүңө кыргыз элинин каада-салтынын оту жагылсын, канатың элпегине тартсын, калкка ырайымың артсын...

Жигиттин өңү кыяра түшүп, көзү учкунданып, жүзүн жеңил күлкүнүн эпкини чайды:

- Ыракмат, ата...

- Аа-а, кыязы батаны эми түшүндүң го, жарыгым... Кыргыз болгон соң наркын унутпаган абзел... Ха-ха-ха...

Аңгыча губернатордун жардамчысы келип, жалооруңку ырайда:

- Кечиресиз, ашыгыштуу иш менен азыр алыска кетип баратат, - деди.

- Дай бог вам здоровье...

- Ой, не зашто...

- Мына ушуну бата дейт.

- Кечириңиз, аксакал, биринчи жолу угуп жаттым эле.

- Эч нерсе эмес, губернаторго берилчү баталар силерге насип этилиптир. Элге адал кызмат эткиле,силер эшик кайтарып сөз ташыган кызматкер эмессиңер, силер да мамлекеттик ишке чегилгенсиңер, ал эми чыныгы мамлекеттик адам эң оболу өзү ар тараптан тарбияланууга тийиш, силер ошол көптү билген сергектигиңер менен келип-кеткендерге нускалуу таалим тийгизесиңер, көңүлүн көтөрөсүңөр...

- Ыракмат, аксакал, сиз педагог окшойсуз, менин энем да педагог, сөзүңөр, оюңар төп чыкты. Кечириңиз, иш ушундай болуп калды... - деп орус жигит жүзүн кыярта, таазим этти.

Батакөй карыя ийиле кош айтышып, төмөнгө кудуп кетти да башын көтөрө берип сыртка чыкты. Анын көөдөнүнө көптөгөн санаа көбүрүп жабырды. Кыйла жерди арытып жүргөн карыя улуу акын Калыктын мындай бир сабын эисне түшүрдү: "Дубанга баткан кайран баш, дубанадай сүрдүктү..." Ал кобурай берип, бийик имаратты карап алып, санаага батты... Байыркы Рим республикасындагы окуялар жыйырма кылым өткөн соң кайталанат деген эмне шумдук, ха-ха-ха... Ушундай да окшоштук болот экен ээ... Байыркы дүйнөнүн эң акыркы тарыхчысы Аммиан Марцеллин мындай деп жазган экен:

"... Римдик билермандардын көбү бекерликке белчесинен батып, даңкчыл, көйрөң, кекирейме жана жеңил ойлуу келип, ырымчыл атанып, жан жыргатыштын жана менменсинүүнүн түйшүгүн тарта берип, жандүйнөсү каңгырап бош калды.

Олуттуу жана ойчул билимдүүлөрдү жадаткыч жана пайдасыз катары санап, алардан безе качып калышты. Ал бечаралар акылман философтон көрөырчыларды чакырат, чечендердин ордуна күлдүргүч маскарапоздорду жактырышат. Китепканалар табып сымал түбөлүккө жабылып, анын ордуна артисттердин аспаптары арбын чыгарылат..." - дептир.

Анын сыңарындай жыйырманчы кылымдын аягында жыргап-куунаган жетекчи батаан кандай качып олтурат. Бата - ата-бабалардан калган нуска, бата - элдик педагогика, арашан сууларында адамды кеселден айыктырар канча микроэлементтер болсо, батада адам баласын асырап жана алгалата турган асыл ойлор бугуп жатат. Бул касиетти көркөм сөздү жеригендер, бата жукпастар эстерине алышпайт. Алар сөздөн мурда бөздү барктайт, адамдан мурда алтынга азгырылат, акыры акыйкаттан жазгырылат, - деп батакөй төрт кабат имаратты карап туруп, ага деп турганы:

- Ээ, ээси керең имаратым, сен канчалык акталып, сырдалган сайын көркөм көрүнгөнүң менен сага убактылуу ээлик эткендин жан дүйнөсү агарбай жатканына жол болсун!

Ээ, ээси качанаак жана бата жукпас имаратым, сен курулганы далайы келип кетти, мындан кийинкиң зирек болсун, чөлкөмдөгү элге тирек болсун, - деп жолуна түштү.


Президентке бата


Топтошуп тургандарга батакөй карыя жакындай барып:

- Ассалоому алейкум, агаиндер, алакан алыштырып, ал-жай сурашалы бул тирүүчүлүктө, - деп четинен түрө кош колдоп учурашты.

- Кандайсың? - деп жиберди ээрди жука кубакайы.

- Азырынча деним сак, жан боорум, сырколууга берер соболду узаттыңыз, деги өзүңүз ар балээден алыссызбы?

Бир даары күлгөн болду, бир даары дагы кандай сөз чыгаар экен деп батакөйдүн оозуна тигилишет.

- Сен, митаам, жан боорум деп, курдашыңды өлтүрө албай жүрөсүңбү? Кайтыш болгонго бир боорум деп өкүрчү эмес беле? - деп дымактана жүргөн, ким кызматка илинсе, ага чап кенедей жабышкан киши тамаша иретинде кээр агытты.

- Ээ, азилкеч курдаш, качантан бери калем кармап, кара сөз жазып жүргөнүңдү билбедим, бирок "жан боорум" деген жакшы сөздү жамандыкка жоруган жорток экениңди, сылык-сыпаа сөзгө чорко экениңди эми тааныдым. Сендейлер элге жазуучумун деп төш кагып, чыныгы таланттарга көлөкө түшүрүп жүрбөйбү?! Жандай көргөн адамды жан боорум атайт, жан жөкөрү деп да коёт. Бир эл, бир журт болсо бир боорбуз делинет, ары карап кетсе, бир боорум, асылым деп айгай салат. Сен мени митаамсың деп боорго тебе сүйлөсөң, мен жан боорум деп, бул инимди боорума тарта кеп урдум, мунум боорукердик жана сыпаалык эмеспи, курдашжан, - деп басылганда сөз иликтеген, адамдын ким экендигин акыл таразасына салган илимпоз:

- Куп гана келиштирдиңиз, кыргыздын кылым карыткан бай сөзүнө каныкпай, алгы-берги жана чарба сөзгө алаксып, нечен сылык, назик сөздөр эстен чыгып кетти. Ошол унут сөздөр айтылып калса, оноктор маанисине түшүнбөй, оор алганы да чын.

- Баамчылдыгың артып, өмүрүңүзгө береке берсин. Сиз болбогондо бир топко үстөмөндөп алмак, - деп батакөй карыя жайдарлана өөдөсүндү.

Алиги дымактана кеп урган, жасана кийинген жазгыч:

- Ой, деле сен кыйын болчу, эми ушул жерден кыйындыгыңды билгизип, тун Президент кайра шайланды, ушуга бир бата узатып көрчү. Бул жерде улуу, кичүү турат, баамдап багалы:

- Баса, десең... абдан туура, ооба, андай батакөй экенсиз... Ии кана... Чубуртуңуз, - деп чепеңдеген бирөө жазгычка жакындай берип шыкактайт.

- Ээ, асылкеч курдаш, бул соболуң нары жооптуу, нары кооптуу. Жооптуу дегеним, өлкө башындагы адамга батаны көрүнгөн жерден эле бере беришке болбос, ар иштин өз орду бар, бата ошол адамдын көзүнчө, бир себепке байланып айтылганы оңдур, бул бир жагы... Кооптуу дегеним, Президенттин өзүнө айтылбаган соң ар ким, ар ким-ар кимдин ак батаны ара жерден бурмалап жиберишет, мындайда эки тараптын көңүлүнө кир кетиши ыктымал. Батанын төрөлөр маалы бар, топуракка жылуулук жеткенде ага түшкөн үрөн өнүп чыккан сымал, адамдын жүрөгүнө кубанычтын илеби барса, ошондо гана арашан сөз атылат. Байыртан бери ак бата чоң жыйындарда берилип келген эле, асылкеч курдаш, мени шакаба чегип турасыз, бул жерде нарк билбес өңдөнүп, ичиңден "ха-халап" жүрбө, - деп батакөй карыя нары-бери басып, тынчы кете баштады. Оозун кыбыратып, ээрдин жаланып, ичинен купуя бирдемени кайталагандай түрү бар.

- Кудайды карасаң боло, Аскар Акаевдин тушунда өлкөгө өзгөчө эмгеги сиңген карыя делинип, карылык чектелди. Баса, наам алдың, неужели оозуңдун желин аяйсың, - деп ажыр жоопчул жазгыч асылып алды белем...

- Ии, ооба, эмне калппы? Ыя, аксакал, ии наамыңыз деги бар, эми дагы эмне? - Шыкакчы туурадан теминет...

Ушул маалда алиги салабаттуу, оор басырык окумуштуу кептин калысын айтты.

- Аксакал, сөзгө конок бериңиз, жөндүү болуп турат. Бул жерде жети киши экенбиз. "Жетинин бии - Кыдыр" делинет элибизде. Президентке атайлап барып, бата беришке мүмкүн эмес. Сизди кабыл алышка анын чолосу да тийбейт. Өтө жооптуу учур ага эми жөктөлдү. Ошондуктан ушул жерден узатып көрсөңүз, ага берилген бата элге жетет, эл аркылуу өзүнө эшитилет, ушуңуз абзелдир...

- Ии, мына көрдүңүзбү, калыс сөз... Бая эле... И кана, эмесе...

- Көп маалкатпасаңчы, курдашым, ай таң, ары жакта көрөңгө чак го, - деп ызага бир таман жакын жазгыч жаагын жаныйт. Ага кошулуп, калгандар кошо сүрөмөлөйт.

Батакөй карыя алардан оолай берип, дөңсөрөөк жерге чыгып, кыбыланы бет алып, жаншап кирди:

Өмүрүңүз өлбөстүктүн шамын жаксын,

Өлкөңүз өрүштөп, ар-намыстуу шаңга батсын.

Туман гүлдүү оюңуз мөмө берсин,

Туу тутунар уул-кыздар өсүп-өнө берсин!

Мээр чөптүү жериңиз пулданбасын,

Меймандос элиңиз кулданбасын.

Ач көз, алкы бузук пейлинен тапсын,

Ата Журтка ок атканды ажал капсын.

Жүздөгөн өлкөгө жүзүңүз жарык болсун,

Жүргүзгөн ишиңиз жүйөөлүү тарых болсун!

Оомийин!

- Оомийин, бата деп ушуну айтса болот, тула бойду жалын чарпыган алп бата тура, - деп илимпоз карыянын колун кысты.

- Ха-ха-ха, намыстантып койдук эле төгүп салды. Балбандын эти ачынмайын жыга албайт, чечендин намысына тиймейин чечилип сөз чыгарбайт, - деп жазгыч дымактана эки жагын каранды.

Илимпоз сөз жалгады:

- Президентке берилген бата элге да берилген бата экен. Баса, эли-жери болбосо Президент болобу, кептин түйүнү ушул жерде жатпайбы? Элдин ой-санаасы да ушул. Демек, Президентке элдик бата берилиптир, ыракмат, аксакал, - деди илимпоз.

Көбүнчө кеч кыстай эки-экиден кошоктошуп жүргөн аялдар көп кабаттуу үйлөргө кирип кетип, кыйладан соң көңүлдөрү көтөрүңкү кайтышат. Непада Батакөй чал алардын алдынан чыгып калса, Иогово секталары кыргыз тилинде чыгарган китепчелерди сунат. Карыя каада-салтка салып, колун бооруна алып:

- Өзүңөргө буюрсун, буюгуп жүргөн, жарыктарым, - деп алкап узатат.

Бирде тогуз кабаттуу үйлөрдүн үй комитеттеринде иштеген аялдар пенсиясы тартыштардын тизмесин шашылыш алып, ар ким, ар ким менен күпүң-күпүң этишкенин байкайт.

- Депутаттыкка кандидаттыгын көрсөткөн өкүл жармачтарга жашыкча конверт берип жатыптыр деген аңыз кичи райондордун базарларын аралай чапты. Ким бериптир, кандай кызматта экен, биздин жай-маанибизди түгөл түшүнөт бекен? Мындай соболго жан адам жооп кайырбай, ийин куушуруп оолактай беришет. Анан калса, азыркыларың ак оюн аңтара салып, акыл куруп, бир бүтүмгө келер өнөктүгү байкалбайт, көбү ичимен тап. Кимге добуш берген жатасыңар, кимге ишенесиңер деп чечмелеп көрсөң!

- Ал деле ойго келсе буюрбасын, - деп орто жашагандары кесе жооп кайтарышат. Жаштар бири-биринен кыйытып сурамжыласа:

- Посмотрим, - деп ийин кагышат. Үй үйгө актай конверт жаап жатыптыр деген табышмактуу кеп таралаар замат Батакөй чал:

- Сүрөттөрүн бир нече миңдеген нускада бастырып, көрүнгөн жерге чаптатып, упарак болгондор менен ак боз бээ чалып, ак бата алгандарды актай конверт ара жолго калтырышы ажеп эмес. Не дегенде, торго түшүрүп айла-амалды тапкан адам өтө кыраакы, саресеп, абдан аяр, бирөөлөрдү тымызын жумшап коюп түбөлүк максатты көздөгөн көсөл. Округдагы шайлоочулардын так эсебин алып, ошолордун 30-40 пайызына ак конверт таратып, аты-жөнүн жаздырып, кол койдуруп, тап жылгыс кылса, жеңиш - аныкы. Диний секталар биздин элге тарткан тузак дал ушул ыкмада. Тузакка ким кандай чалынды; желеге кантип кабылды; саятчынын торуна кантип түштү, алар өз айбын өлүмжан айтышпайт. Кайтып, элдик эски-макал лакапты бетине кармашат. Ичтен иритип, сепилдин түбүн өзүбүзгө бошоттуруп, уратып баса берүүчүлөр ошолор.

"Саятчы" деген сөздү жаңы муун билбей калбадыбы? Бүркүттөр кеч күздө кайтып баратканда тор жайып, өңүткө буккан куш күйгүч - саятчы делинет. Жарыктарым, азыркы "саятчы" үн чыгарбай, конверт көргөзүп калган тура. Сак болгула, - деди жумшак дабыштап.

Шайлоонун жыйынтыгында кыргыз да, орус да эмес, башка улуттун өкүлү утуп, карыянын кайманалап айткан кеби калетсиз болуп чыкты.


У (ЭКС) Х


Такай таңга маал туруп алышып, ботаникалык бактын ичинде жайдыр-кыштыр жүгүргөн беш-алты абышка бар. Ассалоому алейкум айтышып, ал жай сурашкан соң:

- Кандай жаңылык эшиттиңиз? - дешет. Бири "Азаттыктан" укканын айтып, кай бирин жактырса, кай бирине кол серпет. "Би-Би-Сини" каза калтырбаган, какшана сүйлөгөн саясатчы чал бирде кер какшык аралата коюп, күлдүрүп алмасын карматат. Айтор, карагайдын ичине күлкүгө, талаш-тартышка толтурмайын коюшпайт. Денени чыйралтаар көнүгүүсүн да ойноп, эл тагдырын да ойлогон кексе карылар ушундайча эс алышат.

- Оо, Батакөй аксакал, жүгүргөн жактан кырк жылга чамалап, бул жагынан да алдыдасыз, ой тапкыч жактан озуксуз, чоң жарыш чукулдап келет. Бул жагынан бир аңгеме-дүкөн куруп бербейсизби, - дешип тегеректеп алышат. Батакөй кары алардын талабын эп көрүп, математикалык табышмакты алдыларынан тартты. Обол мурда өзүнө учкаяктаган филолог кары кагазды окуп алып:

- Игрик, кашаанын ичинде экс, анан береги эмне белги, тигил го - икс.

- Таппаган шумдугуң жок, деди күлүп.

- А-а, - деди көнүгүүгө көп көңүлү чаппай, ыкчам басканга ык алган ветеринардык илимдин кандидаты. - Игрек, экс икстен чоң деп окусак болот. Ха-ха мунуңузда маани жатат. Талаш-тартыш дал ушундан уланат.

- Ушундай теңдемелерди бешинчиден окуган неберем мага көрсөткөнүн, эжеңе чыгартып ал деп койгом. Эми, муну кадимки эле адамдар деп айтсак, эп келчүдөн. Ха-ха-ха, - деп такай акыйкат тарапты таамай айткан чал.

- Ырас, бу математикада кыйла ойлор кыт куйгандай катылуу жатат. Мынабу игрек, кашанын ичиндеги экс дегенди мен мындайча түшүндүм. Экс болсо, мурдагы кызматкер, ал барып, игректи коэффициент катары карманып турганы - азыр дагы колу-жолу бош эмес, иштеп жүрөт деп туюндум. Бул болсо, такыр белгисиз икстен барктуу, баалуу дегендикти билдирет, же калппы? - деди качан болбосун китепти колтугуна кыстара жүргөн кары.

- Охоо, - деди чепилдеген филолог, - мектепте окуп жүргөндө Батакөй аксакалдай математик болгондо ушул илимге ооп кетмек экемин. Мына, эми аңгеме-дүкөндүн дарбазасы ачылды. Ооба, мурда белдүү кызматта иштеп, азыр депутат, же башка бир иш менен алек болгондор өзүн депутаттыкка койсо, эл аны колдоору бышык. Ал эми икс болсо, элге дайны билинбеген бирөө. Балким ал, бийик максатты көздөп, калк кызматын аркаласам дегенде эки көзү төрт чыгар, бирок али жумуртканын ичиндеги балапан сымал, - деп сыпаттап өттү.

- Ээ, - деди ветеринар илимпозу - кашага камалган экс деле оңой эмес, аны колдоочулар табылат...

- Табыларын табылат, бирок, ал экс илгери-кийин абийирине чаң жугузуп алган жокпу - кеп ошондо. Болбосо азыр, көөлөнүп жүрсө да көчөнүн атын койдурам деген көөсөрдөн күйөсүң..

- Ха-ха-ха, - деп филолог кубана күлдү - катыра айттың. Экспромт. Кээде чукугандай сөз тапканыңды жактырам.

- Кеп ошондо, - деди кез-кези менен сөзгө аралаша коюп жүргөн музыкант-обончу, - калк канчалык укса да кулагынын кумары канбаган обондуу ырлар сымал экс-мырзанын элге сүйкүмү артык. Не дегенде, дили таза, үй-бүлөсү, жашоосу адалдан бүткөн ким болбосун: "Адам тура", - деп суктанат. Мындайлар депутат болсо деп тилек этесиң. Бирок, эр жигиттин багынан...

- Андайлардын багын ачкан эстүү-баштуу, аң-сезимдүү эл болот. Эгер ошол чөйрөнү куйтулар аралап, ылайлабаса, - деди кара тору кары тиштене...

- Муну ырас эстеттиң, баса десең... Англиянын "Фигаро" газетасы Америка төртүнчү ирет элди дүрбөлөңгө салып, Украинаны экиге бөлмөк болду деп жазганын телевизордон көрүп, баш чайкадык го. Улуу сепилди уратып, элдин ынтымагын бузуп, адамдарды алтын тыйындан жез тыйынга айландырыш жактан алардын абалтан берки ата каадасы экенин Эмил Золя, Марк Твен, Гюго, Бальзак, Горький сыяктуу улуу жазуучулар небак эле айтып коюшкан. Мына бул игрек жана кашага камалган экс, сыртка таасир деп да түшүнгүлө, - деди Батакөй кары толкундана.

- Мунуңузга кулдугубуз бар, биздин тилек сырттан жугуштуу илдеттин вирусу таркабасын дейли, - деп ветеринар илимпозу сөзүн аяктады.

Филолог чепелектеп болбойт:

- Болор шайлоонун алдын-ала түкшөмөлдөп койдук окшойт. Эми өзүңүздүн ойду угуп көрөлүчү...

Математикалык туюнтманы тапкан кары:

- Негизинен бул жолку маегибиз, үй-бүлө чөйрөсүнөн Ата Журтка аша чаап, андан аалам алкагына дейре көтөрүлгөн ойлорду козгоду. Баарыбыз элибиз адилдиктен тайбаса, биримдиги чыңдалса, калк камына кара башын сайгандарды баалай билишсе, - деген эле тилектебиз. Эл Ата Журттун жүрөгү делинет, жүрөк акактай тунук болсо, биз бактылуубуз. Бул ар бирибизге жараша болот, - деди.

- Табышмактуу туюнтмаларды арбын таап, арабызда аман жүрүңүз, - деди филолог.


Топурак түйөр бата


Кечээ эле жакында эки миңинчи жылдын жай айларында Батакөй чалдын бөлөсү: "Үйдөн даам сызып кеткиле", - деп чакырды.

- Түлөөбү? же, - деп карыя тек-жайын териштире албай мукактанды. Не дегенде, бирөөгө чай бериш деген кыямат өңдөнүп калбадыбы, азык-түлүк кымбат. Ала-Тоо аймагынан азып-тозуп келген алып сатарлар базар аттууну бийлеп алышты. Таң эрте дунган, корей, орустардын жолун бөгөп, базарга бастырбай, алып келгендерин арзан алат да, кайра кымбатка пулдайт. Андай учурда насипке бай дасторкон жайыш, андан даам сызыш кыжалат өңдөнүп барат. Чакырган үйгө куру кол кириш өөн учурайт.

- Түлөөбү?.. - Батакөй чал кайра жандыра сураганда бөлөсү дымактана кеп урду:

- Америкага кеткен кызым ошояктын эли деген кагаз алыптыр. Эми кызы менен күйөөсүн чакырткан экен. Аларга уруксат этилген ыраңдуу жөнөмөккө камылга бүттү. Элден бата алалы деген элек.

- Түзүк, түзүк - деп батакөй карыя ичтен дымыды. "Ата-көрүү, аялдын Америкага кетиши анча ар-кор эмес эле. Эр жигиттин элинен ажырап калышы эмне деген эссиздик. Согуш жылдарында Итибай деген карыя небереси Карыбайды аскерге алып жатса, курдаштарын бата алганы чакырып: "Айланайын, эл-журт, эми Карыбайга биротоло куран окуп койгула, бул бечара замбиректин үнүнөн эле жан берет", - дептир. Анын сыңарындай ата конушунан ажырап, чет өлкөгө киренди кирип, кулдана жүрүп, кулап кетсе, не аты калчу. Уйгактуу жерди оттой берип, жүнүн мүлдө тикен ширеп, эт-сөөгү калган кой сымал көөдөнүнө кара боорлукту, ач көздүктү ширетип албагай эле", - деп купуя тилек этти.

- Түлөөңөр кабыл болсун айтып, батакөй чал байбичеси менен барды. Бул олтурушта доллар, алтын жана байлыктын кеби көбүрдү.

- Ээ, бөлө, кудай артын берсин. Эсил дүйнө барында жетимиш, сексен тыйынга бир доллар алмашылса, алмашылып, алмашылбаса, сүткө тийген күчүктөй жүзүн жашырып турар эле. Эгемен заманында эл-журтту ээликтирген азезилге айланды. Эселектерди эл, журтунан айырып, жат элге жагына кызмат эттирген тымызын зордукчул өңдөндү. Бир доллары биздин элүү сомду этектен тартып, таманына басты, кай бир сары эсеп сүткор атыкты, түркөй бечаралардын түбүнө жетти. Калктан калыстык, каниетчилик качты, кудай артын берсин дейли.

- Ээ, бөлө, заман ушул, каерде болбосун байып келейин деген тилекте жан талашкан калк, биз ойлогондой ар-намыс жана абийир, уят-сыйыт, ал тургай ырыс-ыйман конуш которбой турса эмне? Замандын агымы ушул, эл жел аяк жагына ооду, бул турган Россияны биякка кой, Америка, Кытай, Израиль дейби-ай, биз атын укпаган өлкөлөргө жан айласынан өрүп кеткендер канча дейсиң! Америка азыркыларга Алайдан чукул көрүнөт окшобойбу, долларың капчыгыңда калың болсо, канатыңды сабалай бер...

- Доллар учкаяктардын убактылуу жел кемеси өңдөнгөн менен акыры ага кул болгондордун алды Америка менен Италиянын түрмөсүнө тыгылды го.

- Аа, Россиянын көпөстөрүн айтасызбы, ооба, ооба... Акыры азабын тартып шермендеси чыгат тура.

- Американын улуу сатириги Марк Твендин атын уккан чыгарсыз, бөлө...

- Аа-а, аны бала кезде бир аз эшиттим эле.

- Мунуңузга шүгүрчүлүк, бөлөжан. Бир кылымдан ашык дүйнө салган Американын сатириги эмес, азыркы күндөгү Ала-Тоонун аймагында жашап өткөн акылман акын-жазуучулардын атын билбегендер табылат. Бул жерде айтайын дегеним, доллардын бийлигине бөжөңдөбөгөн улуу сатирачы америкалыктардын түп атасы-сүткор болушканын, алардын укум-тукуму ата-бабаларынан ашып түшкөн ач көз, кайрымсыз, кара боор атыкты. Дүйнө элинин тилектештигин билгизген 1-май майрамы 1886-жылы чикаголук жумушчулардын көтөрүлүшүнөн улам көз жарганын, доллар үстөмдүк эткен жерде кан төгүлмөйүн койбойт деп жазыптыр, бөлөжан...

- Америкага кыргыздар эмес, кытай, орус аябай шыкалды дешет го... бай өлкө болсо...

- Аныңыз ак сөз, бөлөжан, бай менен мампай болсоң сараңдыгың артат, жардыга жанашсаң жаракөрлүү берешендигиң артат деген бар эмеспи. Жакында эле "Азаттык" радиосу: "Орустар неге Америкадан кете баштады?" деген соболду үч кишиге бериптир.

- Ээ, байыганда баса бербей жандары жокпу, ии айтсаңыз...

- Таап айттыңыз, ошо байыгандарга Америкадан неге жададыңар деп он тогуз жашар студентке, отуздан ооган жумушчуга, элүүнүн ашын ичкен мугалимге собол салса, баарынын ою төп чыгыптыр. Ал ойду мугалим мындайча туюнткан: "Американы жамандашка ооз барбайт, аялым экөөбүз келген элек, жан аябай иштедик, машина, үй-жай күттүк, самаган санжыргага куунадык. Ал тургай жетелеген итибизден өйдө алтын каргы тагынды. Бирок көөдөндөн мурдагы көрөңгү агылды, көрсө, бул жарыкчылыкта алтынга алмашкыс жан дүйнөнүн байлыгы менен бирге киндик каның тамган Ата Журт адамга ыйык белем", - дептир.

- Деле сөзүңдө калет жок, кыз-күйөө деле ошолор сымал, бир аз ооз жылытып алып туруп, ойт беребиз деген тилекте...

Батакөй чал оозун таптап, сөз жөнөтөөрдө орто бойлуу, бакыраң көз, кара тору жигит салам айтып кирип келди. Ал жай сурашкан соң, жөн жайын кабарлады. Аш келип бүткөн соң күйөө бала бата тиледи:

- Оомийин...

Батакөй чал:

- Америкалыктар алтын казып, биякта убактылуу жүрүшсө, силер чет өлкөнүн жерин жердеп, элин эл деп, алардын пашпортун алып, алтын-күмүшкө чулганабыз деген тилекте баратыпсыңар, ылайым тилегиңер кабыл болсун. Эл-жеринен кол үзүп, кулак угуп, көз көргүс жерге аттанып, сапар алгандарга ата-баба салтында: "Ата конушуңарга аман-эсен кайрылып кел!" - деп топурак түйүп берүүчү, муну эсиңден чыгарба. Эл-жерге кусалыгыңар артканда топурактан жыттап койгон изгилик. Ошол бир ууч топурак силерди алтын зоолудан куткарып, ата салтыңардан айнытпай, Ала-Тоого аман-эсен алып келерине мен кепил. Акча тапкыч аялың менен абийир күтүп кайткыла. Оомийин...

- Ой, бөлө, бу топурак түйүп берет деген башка болуучу эле го...

- Мага ишенбесең Константин Кузьмич Юдахиндин сөздүгүнөн кара, - деди карыя жылмайыңкы.


Акмакты мактоо - айыптуу иш


Алыстан айгайлап, кол булгалап, энтеңдешкен экөө батакөй чалга жете келишти. Кара тору олбурлуусу, майланышкан жүзүн күнгө чагылыштыра колундагы газетаны көкөлөтө деп турганы:

- Аксакал, момуну окудуңузбу?

Карыя кетенчиктей берип:

- Ассалоому алейкум, иним, жакшы уктап, жай турдуңузбу? - деди табышмактуу соболдоп. Аны тигил жигит сезе койдубу-ай:

- Кечириңиз, момундагы жаакташкан жазуучуларга жаным кашайып келатып, салам айтканды унутуп коюпмун, айыптуумун, аксакал, айыптуумун...

- Алла Таала ак көңүлдүүнү алактата шаштырбасын да ызалыктын таманына бастырбасын! Ал эмине, чагымдашуу бекен?

- Аксакал, азыркы биздин эгемендүү заманда жүзгө жакын газета чыгат, мына ошолорду барактап көрсөңүз бири-биринен өч алмакка, бирин бири кемсинтип кордомокко кээр агытышканын көрөсүз, мына, бир жазгыч дагы бирөөн көөлөптүр, Шакем ошого капа, - деди ак куба, орто бойлуу, жупуну кийингени.

- Булар бир топтон бери кайым айтышат. Жазуучуларың жаман калк экен го...

Батакөй чал андан саал оолай берип:

- Иним, Алла Таала өзүңүзгө дес берсин да, өзгөлөргө жаманчылыкты сүйүнчүлөштөн оолактатып, санааңа сары убайым жуутпасын. Береги кылапат айтышкан экөөнүн кимисинде күнөө оодук экенин териштирип бекер, андай учурда аларды кепке алгандар да эл көзүнө жеңилет. Анткени, болор-болбос таарынычтарын калайык-калкка кабарлап, өч алышабыз деген менен экөө тең адам деген ый ык атка ылай чачып, өздөрүнүн чүмбөттөрүн сыйрып алышты. Алардын жорук-жосунуна кыжынып, өзүнүн санаасын бузганы аз келгенсип, өзгөлөрдүн ой-пикирине бүлүк салгандар да тигилердей эле күнөөгө батат.

- Жазуучу деген ыйык эмес беле? Буларчы?..

- Иним, - деди карыя. - Азыркы күндө бир муун бүтүндөй эле кыргыз адабиятын окубай калышты. Не дегенде, бир кездерде бир дагы орус жок айылдарга орус мектептери ачылды. Аны бүткөндөр эне тилден жана элдик каадалуу дилден мүчүдү. Ошондон улам эки сөзүнүн бирин орусчалаган оёндор арабызда оодук. Алар макала жазгандын баарын эле жазуучу деп билишет. Анын үстүнө жазуучу деген күбөлүктү көтөрүп, көөдөн каккандар көбөйдү, алардын жорук-жосунун көрүшкөндөр: "Жазуучулар бузулду" - деген ойдо жүрүшөт, инилерим.

Чыныгы сөз зергерлери көчө чаңын көөдөнүнө жугузбай, көмүскөдө жатып алып, көөнөрбөс поэзиянын көөрүгүн басып, көпчүлүккө адеп-ахлаптын үрөнүн себишке көз майын, көкүрөк отун үрөшөт.

Чыныгы сөз зергерлери мамлекеттик ой менен жашап, элдик мүдөөгө батып, канткенде калк жүрөгүндө катуу уйкуда жаткан касиеттү ойлорду чукурантып коюштун далбасында күн-түн узанып, убай тартууда.

Чыныгы сөз зергерлерибиз талантпыз деп көөдөн көтөргөндөрдү көргөндө, калк оозуна калпыс жоругу арбын кирген калем кармагандарга кабылганда алар үчүн уялып, эл-журтка көрүнүштөн жазганышат.

- Охоо, аксакал көздү ачып салбадыңызбы, мен куруюн, сиз айткандай дымактанган, деле гой, укмуштай талант болуп көрүнгөн бирөөн "Айкөл" деп газетага мактай коём деп али күнчө азап чегип келем. Түү, көрсө, мындай көөдүктүн көзү туюк белем, - деди ак куба жигит баш чайкап...

- Ха-ха-ха... көрүнгөндөн тил укканын кантесиң! - деди олбурлуу карасы.

- Ой, айланайын, аксакал, "Айкөл" деп жазгандан кийин эле телефон чырылдап калды. Ала койсом: "Сен Закировсуңбу?" - дейт күчөнө. Ооба...

- Закиров болбой, замыраң кал, тапкан экенсиң айкөлдү, эмне Токсонбаев сага айкөлбү, ыя?! Акмак десе, - деп ашатты белем. Арадан бир аз убакыт өткөндө дагы бирөө: "Ой сен, Закировсуңбу, даана көшөкөр турбайсыңбы, акмакты айкөл деп Ала-Тоого жар сала айгайлаган сендейлер элдин көңүлүн кирдетет. Көрөбүз, сага Токсонбаев торколуу чапан жапканын, шашпа... - деди.

- Мынча болду, жашырба, - деп беркиси шыкак берди.

- Айтпасам деле алакандай элге айгине эмеспи. Торколуу тон жапканы ушул. Сенин жазганыңдан мен дагы жеме уктум, келесоо турбайсыңбы, бул жерден кеткин дебеспи. Аргамды түгөтүп, кысмактай берди, акыры чагымга өтүп, чалкасынан салдым.

Баятан бери ойлуу турган батакөй чал:

- Тоголок арызчы Токсонбаев кезинде толгон кишинин жүрөгүнүн сары суусун алган дешет. Жалган жеринен жамы журтка ылай чачканды "Айкөл" атка кондуруп, асмандата макташ - айыптуу ишке тете иним. Акыр түбү адилет сынга түшүнгөнүңө миң мертебе алкыш. Эсиңерде болсун, инилерим, калкка кастарын тиккендерди көкөлөтө мактагандар каргышка кабылат. Ал эми элдин бак-таалайына жаралгандарды каралагандар наалатка калат. Силерге Алла Таала адилдикти сезе билген дес берсин. Ак караны айра билген көз берсин, адам аттууну алдейлей билген сөз берсин, - деп бата тиледи.

- Ыракмат, аксакал, көөдөнгө көз салып койдуңуз, - деди көшөкөрлүү сөзүнөн көөлү таяк жеген жигит.


"Жакшы кулун күлүктү жандайт, чобур ат кулундун соңунан калбайт"


Кийинки жылдары газета-журнал социализм тушундагыдай жарык көрбөй, алыскы райондорго эркин басылмадан барса, барат, барбаса жок. Кезинде үй сайын үч-төрт газета окуп, жедеп көнүп калган калк, коңултуктап, радио-телеге күнү түшүп калган чак. Айтор жандүйнө жакырчылыкка учураган маалда бала дебей, чоң дебей карта чабышмайды каалашыт, ошого алаксып, ошого ыракаттанат десең...

Дал ошондой маалда жаңы аки кыштак-кыштакты кыдырып, эл-жер менен таанышмакка жыйын куратты. Тоого жакын айылдын эли мектеп залына жык-жыйма толду белем. Багалчак келген, жоон жолпу, бакалоору буруйган, бакыраң көз, курагы элүүнүн үстү дегидей киши башын какайта түз эле даярдалган орунба барып көчүк басты. Жан жөкөр өңдөнүп коштоп жүргөндөр да жайгаашкан соң айыл өкмөтүнүн башчысы алиги кишини элге тааныштырмакка анын илимпоз экенин баян этип туруп, сөз узатты.

Эки колу менен үстөлдү таяна берип, үнүн жасап, эл-жер менен таанышып жүргөнүн баяндап:

- Жериңер укмуштуудай кооз, топурагыңар алтын, сууңар тунук жана мол экен, өзүңөр ыкшоо, кандай десем шалтурук турбайсыңарбы, көчөңөр булганыч, өзүңөр да көчөңөр өңлүү десем оору тийип калабы. Айтор өтө эле мажирөөсүңөр. Азыркы заман карышкыр сымал качырган заман, элиң бөрү болсо - бөрү, түлкү болсо - түлкү бол, кыймылдасаңар боло... Эмне деген элсиңер, карта чабышкандын ордуна иштегиле...

- Бул жигит биздин Майрыктын тагасы белем, - деди четтен бирөө.

- Азыркы илимпоз апалактап сүйлөйт, ошону билбейсиңерби, - деп оозу жука аял күңк этти.

Илимпоздун сынчыл сөзүнөн улам күбүр-шыбыр жанданды...

- Тынчтангыла...

- Карышкырча кабышмак болдукпу,- деди алп ооздоно сары абышка. Бир даары ха-халап басылды. Суроо үстүнө суроо жаады, көбүнчө жерди айдашка кандайча аркаңыз тиет, май жок, үрөн жок деген эле күйүттүү күңкүл.

- Жок, жок дебей иштегиле, жоктун түбү жок, шаардыктарга караганда кудая тобо десеңер боло.. Майда жандыгыңар бар. - Жаңы аким барсагай манжаларын үстөлгө койгондо кимдир бирөө: "Колу үкүнүн текөөрүндөй тура" - дегенде, сөз чыккан тегерек дуу күлүп барып дымыды. Ооба, агаин, колдун манжалары да адамдын жандүйнөсүнөн кабар берер белгилери болот экен, ал эми береги жырткычтын текөөрү сымал манжалар сезгич адамды чочутканы да ошондой болсо керек. Акимдин кулагы шакабаны чалдыбы-ай:

- Какшыкчыл жаман эл турбайсыңарбы? Мага бир тобу айтышты эле тоого жакын эл адамдын адам экенин тааный алышпайт деп... Ой-боой, так нельзя... Закон слабый, - деп баш чайкап, айыл өкмөтүнө акырая карады. Чап жаак, момун чалыш бечаранын өңү кубулуп:

- Айланайындар, тынчтангыла, дагы кимде суроо бар, - дегенде баары дым-дым.

- Кимде кандай каалоо-тилек бар?..

Чет жактан бирөө колун соройтту.

- Оо, батакөй абам тура, бар, бар, жакшы бата бериңиз, - деди кир калпак.

- Көңүлүн жибитип бериңиз, аке, көр оокатыбыз өтпөй калбасын, - деди эркек үндүү аял дарылдап...

Батакөй чал үстөл башына жакындай берип, эки колун бооруна алып:

- Ассалоому алейкум, ардактуу акимибиз, абалкыдан калган адет экен амандык сураштык, айып этпеңиз, - деди.

Ортодон бирөө:

- Бир нөл, - деди күчөнө.

Аким ыңгайсыздана колун берип жатып: "Бул чалы кебез менен мууздап кирди окшойт, салам айтпай калбадым беле?" - деп ичинен бушайман.

Үнүн жасап, көөдөнүн көтөрө берип, карыя жаңшап кирди:

- Эл, жер менен таанышып, биздин завалуу аймактын асылын туйганыңызга ыракмат. Бирок, акылман адамдар байыртан бери оболу ошол асыл аймак элге кандай таасир эткенин баамдап туруп, андан соң элдин океан сымал ой акылын баамдап келип, аларды белинен бекем баскан бекерпоздугун туюшчу тура. Сиз, ардактуу акимибиз, алды жагын аңдабай, арт жагын гана аңдапсыз...

- Эки нөл, - деди ортодон бирөө спорт аянтчасында мелдеш өтүп жаткандай. Чын-чынына келсе, аким менен карыянын ортосунда акыл ойдун айкашы күчөп барат го.

Акимдин мойнуна тегирмендин ташы илингендей шылкыя түшкөндө карыя ээрдин жалана деп турганы:

- Көчөңөр ыплас экен, көчөңөргө жараша өзүңөр карта чабышат экенсиңер дедиң, муну моюндайбыз. Көчөнү көрктөндүрүмүш эткен элек, бирок чарбагын эле эмес, кара жолду кандыра сугарган оёндорубуз олтурат бул жерде.

- Дайыр менен Кайыр, кала берсе Шайыр, - деди ортодогу купшуңдаган бирөө.

Эл дуу-дуу болуп басылды. Карыя кайрадан каркылдайт:

- Мажирөөлүгүбүз деле чын, шалтурук дедиңиз төбөсүнөн түштүңүз, ушул биздин жерди корей, дунган, өзбекке берсе, түз жерди биякка кой, өндүр-өндүрдөн бери өнбөгөн жемиш токою калбас эле. Эми туз даам буйруп, өзүңүз келипсиз, элибиз жерден башын албай иштээр...

- Ак сөз, жетекчи кандай болсо, эл ошондой, - деп бир чал коштоп өттү.

- Азыркы заман карышкыр заман, карышкы болгула. Элиң түлкү болсо, түлкү бол деп өттүңүз. Замандан айланайын, эгемендүү, эркин заман экен, биздей эндекей элге эп келген заман экен, ким кандай жашайм десе, ошондой оңтойлуу заман тура, ырас карышкыры, түлкүсү, үкүсү деле бар. Ууру-бөрүсү өрүгөн амалкөй куулары канча. Ошолордун колтугуна кыштап, акыйкат издей алабызбы, аким иним... Эл аларды ээрчип кетсе, эмне күндү көрүүчү. Бул жагын ойлойлу. Самсыган элди сасыткы ойдон арачалап, санжыргалуу өрөөнгө ээрчитип чыксың деп өзүңүздү чектеген экен, буга да каниет этели. Эзелтен калган бир сөз бар, жакшы жетекчи элди ээрчитет, жаманы элди чүнчүтөт деген. "Жакшы кулун күлүктү жандайт, чобур ат кулундун соңунан калбайт" делинет уңгулуу кете. Азгабы, көпкөбү, акимдикке чектелипсиз. Алла Таала өзүңүзгшө азып-тозбогон акыл берсин, эл жүгүнө майышпаган эрк берсин, калк камына канат сабаар дем берсин, оомийин...

- Үч нөл, ата, арабызда туу болуп эсен жүрүңүз, - деди купшуңдаган эр.

Аким уялганынан жүзү албырып чыкты ыраңудуу ордунан элпек туруп:

- Аксакал, аман болуңуз, сиздей элдик даанышмандарды ээрчийли. Сиздей сөз билги, салт сактаган нарктуу адамдарыбызды көч башы этели, көп күнөөм болсо кечириңиздер...

- Аха-аа, бул жыйын үч бир эсеби менен аяктады деп оозун жыйып алганда залды күлкү аралады.


Сакайткыч бата


Алыстан салам узатып, кош колдоп, учурашкан кара тору жигит:

- Сак саламат турасызбы, ата, - деди эркелете карап.

- Шүгүрчүлүк, жарыгым, шүгүрчүлүк. Эл арасында, көч карачында, элдир-селдир күн көргөнүбүзгө шүгүрчүлүк. Тирүүчүлүк зор бакыт, нары ырыс-таалай эмеспи, буюрган насипке канимет этип жашаганды ырыстуу адам дешет. "Оо, ырысы жок, бечера-ай" - дедирткилик кылбасын, бала-бакыра өз күнүн көрсө, эл-журт эсен жүрүп, санаасы тыңгылыктуу болсо, ошондо барып биз эсенбиз.

- Ыракмат, ата, айып көрбөсөңүз, азыноолак собол салсамбы деген ниетим бар эле.

- Абдан жакшы, жарыгым, айта гой...

- Сиз акимге бата узаткан күндөн бери ой көңүлүмө чиеленди да калды.

- Кандай ой?

- Биздин акимди ким болбосун жактыра бербейт экен. Кекирейме, жеңил ойлуу, шайкелең дешип, ошол чекиликтин чети-белин жана чемендеген сөзүн биз менен жолукканда баамдадык го. Анан ошого укмуштай бата бергениңизге таң калдык, - деди алиги жигит карыяны тике карай албай.

- Ха-ха-ха... Карыганда бу чал ага эмне кошомат этип бөжөңдөйт, андан көрө жети өмүрүн жерге киргизе сындаса, ага айтылган кеп ылакапка айланмак деген күңкү айың да айтылган чыгар.

- Во-во, төбөсүнөн түштүңүз...

- Андай болсо, өзүңдү жана өзүң өңдүү жаштарды жана акылы бычам бойдон кармап, кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн шооласын аң-сезимине сүртсүн деп тилейин. Ошондо барып, шооласыз еген наалатка калышпайт. Ичи тар жана көралбастык адамды жүрөк ооруга кабылтаарын медицина айгинелеп келген. Тагдыр өзүңөрдү отко-жамга түшкөн күйүктчөөлдүктөн күнчөлүк алыс алпарсын дейли.

Эми, акимге берген батамдын жөн-жайын айтайын, байыртан бери бата адам аттууну алга сүрөп, ар кыл аарм ойдон арачалап, ага кайрат, дем, күч жана эрк жаратып, акыл-оюн кеңитип, жандүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн жаймалап келген. Бул жарыкчылыкта бирөө жакшы, бирөө жаман болуп төрөлбөйт. Ырас, тегине карайт дечи, бирок жашынан жаман жорук жосунду жабыштырып алгандар да болот. Ошол өнөкөт уларып олтуруп, ооруга чалдыгат. Андан сакайтууга бата миңдин бири эм. Адам өзүнүн алсыздыгын ансыз деле сезет, аны кемсинтип чүнчүткөндө ого бетер кесели зилдейт. Ал эми анын жакшы жагын мурда көрө билип, аны кашкайта айтканда ошол адамдын канына учкун бүркүлүп, тула бою бийик ойдун жалыны чарпып, ар-намыс күч алып, көөдөндө көшүгөн ойлорду ойготот, ошондон улам ал оң жолго түшөт. Кыргызда: "Өсөр эл бири-бирин баатырым деп чакырат, өспөс эл бири-бирин каапырым деп жапырат", - деген уютмалуу ой айтылып келген. Муну чечмелеп олтурбайын, жарыгым, акимге алдын-ала берилген бата: "Ушуларды эсиңе түйүп, ыйык вазийпаңды аткара бил", - деп гана туюндурма. Аны сөз түйүнүн чече билгендер гана туят. Азыр бири-бирин кыжынткан санакорлор, суу жүрөктөр, ушакчылар дарбыган өткөөл мезгилде табышмактуу кепти, тамашалуу ойду, тазаркыч жана дем берер күлкүнү капарына түк албаган түнт бечаралар түптөнүп барат. Не дегенде, андайлар сөздү барк албай, бөзгө умтулду, майда-чүйдө олжонун кулуна айланды да адам деген ыйык ысымга көлөкө түшүрүп олтурат. Ошолорду таштанды чуңкурунан сеңирди көздөй секирик жасаган бата болот деп басылганда алиги жигит:

- Сизде батанын түмөн-түмөн түрлөрү барбы деп түкшөмөлдөп жатабыз, - деди иймене.

- Ха-ха-ха, жарыгым-ай, далай кепти эми чубатмак болбодуңбу, ооба, таап айттың. Менде кур бата, сүр бата, сөөк бата, алп бата, салт бата дегендери катылуу. Жүрөк нени сезсе, ооздон ошол баталардын түрлөрү оргуп чыгат.

- Ыракмат, аксакал, эми гана сөз кумарын анча-мынча аңдаган эттик. Бизге туу болуп эсен жүрүңүз.

- Айтканың келсин, өзүңдүн өмүрүңө да береке берип, бул жарыкчылыкта кар болбо, - деп узатып койду.


Тон жана шинел баяны


Бул кур жигит адими кийинген, кызыл жүздүү курдашын ортого алып: "Жамынганың морт болсун, жаның бек болсун" - айтышып, эптеп бирдеме алдыртыштын амалында кекиртек созушат. Не болсун, кадимки эле кара тон, этеги тизени не жабат, не жаппайт, бирок фабрикадан чыккан, тигилишинде өөн жок. Норка тумагы, кара күрөң тону, кара булгаары өтүгү куп келишип, аны бардар да, мартабалуу да көрсөтүп тургансыйт. Дарак көркү жалбырак, адам көркү чүпүрөк дегендей, адими кездемеге чулганса, көөдөндүн караңгы, ажыры таанылмагы кыйын го, чиркин! Жаңы тонуунун не колу ачыктыгын, не зыкымдыгын сынамакка шынаарлашканы ошондон болсо керек.

Курдалган топко "Ассалоому алейкум" айтып коюп, батакөй чал узап баратканда кара тору, элпектенген эңчер бойлуу жигит кош колдоп, жан-алы калбай учурашып, жай сурашты. Аны көргөндөр үн-сөзсүз шүк турушту. Карыянын алдын торой апалактаган кара тору жигит:

- Ата, береги жигит областтык аппаратта иштейт, бир өсүп, бир чоңойгонбуз, тонуң морт болсун, жаның бек болсун айтып, шыйкоолоп жаттык эле, айып көрбөйсүзбү?

- Айыбы жок, жарыгым, жалаң тондуу болсо, жарытып сыйлай албас, жакалуу тончок болсо, жандатып койгондо бирдеме жалмалатканга жарайт.

- Ата, кечириңиз, тигине жакасы бар, кат-кат кийми деги ичинде...

- Ха-ха-ха, жарыгым, тон жөнүндө толгон кеп бар дечи, бирок тондун ичиндеги жүрөк туурасында кыйытылып жатпайбы...

- Кандайча?

- Куур тондун ичинде, куурасын жигит өлбөсүн, тери тондун ичинде тердесин жигит өлбөсүн делинет, Буга баамыңар жетер бекен?

- Албетте, ата...

- Жолдон келип тон меники дейт...

- Карөзгөй жалакор, абийирсиз, зордукчул...

- Өзүңө карап, тон бычпа...

Алиги ала качма жигит буйдала түшкөндө калгандар карыянын оозуна тигилишти. Ал сынамакка отуздан ооп калган жигитти күлүңдөй карап турду. Алиги жигит колун булгалактатат:

- Өзүнө чактап тигилген тон өзгөлөргө жараксыз, демек меникиндей тон башкаларда болбосун деген ич тардык, көралбастык, - деди.

- Жалаң тондуу дегеничи?

- Колунда малы жок деген өңдүү кеп го.

- Дурус, дурус, жарыгым. Жакалуу тонго эми түшүндүңөр окшоду. Ал эми силер "тондуу уул" деген сөздү эшиттиңер беле?

Баары тең тунжурап туруп бергенде карыя сөзүн улады:

- Бакма уул деген маниде, эс тартып калган бирөөнүн баласын асырап алса, аны тондуу уул деп коюшкан тура. Демек, ал өзүнүн тону менен келген. Сөздүн сыпаалыгын карагылачы...

- Ээ, ата, мунун баарын билбей калбадыкпы?

- Силерди орусча окутабыз, орустун түшүн жоруп турса, кор болбой, жемин жедиртпейт дей берип, орусча окутуп, уул-кыздар эне тилинен тукулжурады, буга да биз күнөөлүбүз.

- Азыр англис тилине ооп алышты, кокуйдун үстүнө алат эми арбыды, - деди олбурлуу жигит муңайыңкы...

- Ал дейсиңби? Түркчө, кытайча, япончо... - Үчүнчүсү баш чайкады.

- Аларын колдосок болот, канча тил билсе, ошончо бийикте турат, бирок кыргыз боло туруп, эне тилин унутуп коюш - арсыздык. Тилин өлтүрүп, дилин өчүрүп, улуттун аты гана калган Сибирдин элин айтпайсыңбы? - деди дагы бири...

Баары дымырай түшкөндө батакөй кары сөзгө кирди:

- Согуш маалында жарадар болуп, элге келсем райондук аткаруу комитетине катчылыкка дайындашты. Райондук аткаруу комитетинин башчысы - орус, ал дагы майып, Ленинграддан келиптир, -деди эски чекист Аденов Турдугул башынан өткөндөрүн баян этип жатып, - күндөрдүн биринде мага муну буюрду. Иш кагаздарын, арыздарды кыргыз тилинде жүргүзөсүң, орустар орусча жазып келсе да алба. Кыргыз тилинде гана жазылсын...

- Жолдош, төрага, бул кандайча? - деп таң калдым. Ал мага көгүлжүм көзүн кадай берип, сырын ачты. Бул тапшырманы мага Лениград обкомунун катчысы жолдош Жданов берген. "Силердин жаман адатыңар, барган жериңерди орусташтырып, майда улуттардын тилин өлтүрөсүңөр, дининен ажыратасыңар, каада-салтын бузасыңар, партия буга катуу тыюу салат", - деген эле. Ошондон баштап үч-төрт жылча иш кагаздар кыргыз тилинде жүрдү. Кыргызча үйрөнбөгөн орусту көрөйүн. Биз кыргызстандыктар Ленинградды, Кронттаддды камкордукка алганбыз. Ждановдун тапшырмасы ушундан улам чыгаар. Ал эми негизинен Сталин башчылык эткен саясый бюро майда улуттарды сактап калуу жөнүндө бөтөнчө кам көргөн тура. Көрдүңөрбү, - деди эски чекист: "Бардык эл Сталиндин улут саясатынан эркин дем алышкан. Бекеринен югославиялык карт коммунисттер". Биз Сталиндин шинелинен чыкканбыз", - деп сыймыктана "Правда" газетасына жар салышпаган эле.

- Өмүр бою бир шинел менен өттү дегени чынбы, ата?

- Ананчы... Байыркы Кытай даанышманы Конфуцийдин чыгармаларында аскер кийимчен падышанын сырткы мүнөзүндө мындайча ой жатат: "Элим, мен сенин жоокериңмин, мени каякка буюрсаң, ошол жакка даярмын, мен силерди жат душмандан коргоймун жана казынаңа суук кол киргизбей сактап берем" - дегени экен. Сталин бул философиялык китепти окуган чыгар. Ал эми анын шинели жөнүндөгү философияны бизден кийинки укум-тукум чечмелеп, аларын күмөн болбос...

- Ыракмат, ата, байыркы Кытай акылмандары тон, шинелден бөлөк дагы эмнелерди айткан экен?

- Жарыктарым, улуу Кытай элинин: "Бекер табылган бир сомдон корк" - деген макалы бар. Алар эч качан сыланкороздоно кийинбейт, булайт ичпейт, азга топук тилейт, жөнөкөй, карапайым, каниетичилдик, абийирдүүлүк - алардын ыйык салты. Ошол себептен дүйнөдөгү көп эл орто бай сымал жашап келет. Кийинки жылдары бизде, чапан тойлор, салык тойлор арбыды. Атын атаса, куту сүйүнөт деген бар. Мындайда көңүлгө кубанычтын нуру жаап, көөдөндө той түшөт. Ал эми биз курсакка куюлма тойду, андан бийик көргөнүбүз жосунсуз... Ээ, жарыктарым, сөздүн удулу, ойдун өңүтү келгенде муну айтайын: мындан аркы тойлорубуз куру намыска малынбаган, тон жамынбаган, элге салык салынбаган, элүүдөн күлүк чабылбаган, эскиликтин дүмүрүнө чалынбаган тойлордон болсун, оомийин...

- Ха-ха-ха, ыракмат ата, Уландын тонунан улам укум-тукумга таберик болору уютмалуу ойлор чубалды. Ылайым сиз айткан ак тилектер кабыл болсун. Сиздин ушул батаңыздын түйүнү уккан биздин олуттуу иштерди аткарышка мажбурлап койду, ыракмат ата, көп жашаңыз!

- Сөз билги улан-кыздарыбыз өнүп-өсө берсин! - деди карыя жылмая.


Сүннөт тойдо...


Алп ооздор ачарчылык каптады деп айгай салышканы менен, айыл-айылда аш-той али алысырай элек. Анын бир эле күбөсү - акы төлөмө каналдан, радиодон куттук айтып, ак тилегин туйгузуп, ыр сурашкандардан кезек тийбейт. Ошолордун баары туулган күндөрүн белгилешип, дуулдагандын ичинде. Айланайын кыргызым-ай, мындай карап турсаң, бар дүйнөсүн, бир казанга кайнатып, бир дасторконго жайнатып, жарыкчылыкты шаңына чыгарган боордоштугу күч белем деп кетесиң. Бала төрөлгөндөн, ал эр жетип, үйлөнүп, жайланып, очор-бачар болуп, койчу "метрого түшүп" кеткен күндө да жылдыктарын өткөрүп, жыргап алмайын көксөсү суубайт-ов!

Ушундай үлпөттөрдөн кыргызбайым сүннөт жана үйлөнүү тоюна үртүнмөйүн койбойт.

Батакөй чалды кыйыр туугандарынын бири сүннөт тоюна чакырып калды. Байбичеси:

- Кап, кантип сомсоюп, куру кол кирип барабыз, кур дегенде баласына курчагандай бөздүн жогун айтпайсыңбы, деп наалыды. Ары кетип, бери кетип жүрүп бир нече тойордун көңүлүн алган көк көйнөк тапты. Булар ээрчишип: "Түлөөңөр кабыл болсун" айтып барганда баланын энеси тосуп алып, байбиченин колундагы жупуну белекти додолонуп жаткан чүпүрөк-чапырактын үстүнө ыргытып салды. Күйөөсү аны көрүп:

- Ии, төргө өтүңүз, аба, - деди ооз учунан.

Төргө төрөлөр шыкалып алганын көрүп:

- Ой айланайын, той биздики, улуу меймандар төрлөсүн, - деп капшыт жакка көчүк басты. Бирин-экин ыйбалуу жигит жан-жагына карашты:

- Жогору отурсаңыз боло дешип, чыйпылыкташып, ордунан тура калышты.

- Жарыктарым, олтура бергилечи, таалайлуу болгула, нарк сактаган нагыз кыргыздын тукумдары экенсиңер, көңүл ыраазы. Билгенге куттуу үйдүн кай тарабы болбосун - төр, - дегенине болушпады.

- Сизден жогору чыгышка кантип дит чыдасын. Кекиртектен аш өтөбү?

- Алтын башыңар аман болсун, айланайындар, деп саал өйдөлөгөн болду.

Төргө жагалдана жарк-журк эткен жакут таштуу айымдар, салаа сайын алтын шакек салынып, кулагына коштоп салынган алтыр сырга... Богок байлаган, алысты оштоно караган жоон-жолпу бизнесмендер шыкалган. Аларга көөнөргөн чапан жамынган, жашы жетимишке барып калган карыя эзелки карапа идиш өңдөндү, илимге сүңгүп кирип, бул жашоодогу жыргалчылыктан жана атак-даңктан аша кечкен, өтө эле жупуну кийинип, карыя келери менен каргып турган техникалык илимдердин докторун анча барк алышпады. Май баскан көздөр тумандап, тула бойдогу ашыкча жүк жүрөктүн сезимталдыгын ыкшоолонтуп, амалкөй менен табылган акча асыл ойлорду алсыратып чүнчүтүп салгандыктан ар-намыс корунуп, анын ордун текеберлик ээлеген. Алтындын зээри ажал аттууну капарына алдырбаган соң теңирсиген жарым жапайылык күч алган. Илимпоз аларды бир карап алып, мыскылдуу жылмайып, үн катпады.

Дасторконго бата тиленип, чайга карашты. Бир аздан соң шарап куюлуп, тост сүйлөндү. Төрдө жагалдана жасалма кыял менен олтурган, жаак эттери буруйган жигит аяш атасы катарында сөз жөнөттү:

- Асманы ачык болсун, жолу шыдыр болсун, ашына аш, башына баш кошулсун, - деп салды.

Андан соң анын катарындагы болук, пакене бойлуу, адими кийингени:

- Ата-бабасынын жолун жолдогон адам болсун, түпкү атасы болуш болуптур, эми бул уулуңар аким, губернатор болсун, - деди эле бир даары "ха-ха-халап" күлүшүп, бир даары: "Бийликке дам койгондор далай эмеспи, ылайым тилек кабыл болсун", - деп, жарым-жартылай какшык аралаштырды.

- Баятан бери маңөдүр-даңөдүр олтурган, ичи саал көпкөрүңкү өңдөнгөн быйпык мурун, чекеси кушуш жигит:

- Аман-эсен чоңоп, англис тилин катыра билип, Америкадан доллар артынып келсин, - деп басылды.

Илимпоз жыргап күлүп:

- Өзүнчө бата бердиңиз, - деп жымсалдады.

Алардын арасында шайырланып, ырдап олтурган, тили келегей тарткан, курагы кырктын үстү дегидей, алтын шакек салынганы:

- Жамбылдын жашын берсин, Чыңгыздын башын берсин, - дебеспи. Көпчүлүк дуу-дуу, бир даары сонун бата экен десе, бир даары көп тойлордо айтылып жүрөт го деп жактыра бербеди.

Айтор, белек-бечкекти арбын алып келгендер бири да калбай тилек айтып, аягына чыкканда батакөй карыяга сөз кезеги келди. Ал ушуга дейре дымып, өзүнчө ойго батып олтурган. Ичинен: "Кайда барба, дал ушундай маңызсыз, максатсыз, мажирөө баталар берилет берип, аны көшөкөрлүк жагына оодарып жиберишти. Батанын касиетин качырышты, сөздүн кунун кетиришти", - деп абагир чекти. Курбу-курдаштары болбогон соң бекер келген экемин деп наалыды. Ал сөзүн камдап, оозун эптеп келгенде иреге тарапта олтурган кара тору жигит:

- Ата, эми эл айтып жүрөр бата бериңиз, - деди көзүн бажыраңдатып.

- Айланайындар, менин батам өтө жөнөкөй жана өтө кыска, балким силердин купулуңарга толбос. Баягынын уулу адам болгон тура деген сөзгө алынып, көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкандардан болсун, оомийин...

- Оомийин... - дешип бир тобу коштогон соң көбү тунжурап терең ойго чөмүлүштү. Ушул арада техникалык илимдин доктору сөзгө аралашты:

- Адам болуш аз-азда, акмак болуш бир паста деген кеп бар го. Адам тура, адам экен дегенди чечмелеп олтурсак мааниси өтө тереңде. Узак жашап, адам деген атка конбой, тирүүсүндө унутулгандар бар. Курулай атак-даңк кулдук урса, эли-жеринен азып-тосуп, ата конушунан кетип, Американын кишиси деген паспорт алып, улутун сатса, андайларды адам деп айтмак түгүл атаңа наалат дешет. Аксакалдын берген батасы кабыл болсун, айып көрбөңүздөр акыйкаттуу ата-бабадан калган ак бата, оомийин!

Баары алакан жайышып, бата тиленди. Төрдөгүлөр намыстандыбы, же ичинен чал менен илимпозго ачуусу келиштиби-ай, шарапты шак-шак тартып жиберишти.

- Давай, музыка, тыныгуу, - деп айгайлашты.

Батакөй чал байбичесин коштоп, үйүн көздөп бет алганда илимпоз кошо чыкты:

- Ой, аксакал, тамагы чукулдап калыптыр, - деп үй ээси шыбырай эскертти.

- Ээ, иним, батабызды бердик, насиптен ооз тийдик, жаштарга жолтоо болбойлу, айланайын, ыракмат...

- Таарынбагыла...

- Таарынбай турган курдаштарыңды ырас чогултупсуң, жакшы тосушсун, - деп ыраазылыгын туйгуза узап кетти.


Табышмактуу батага чакчырылган чалма этек


Батакөй карыя айыл аралап баратса, не алыстан көргөнбү-ай, не мурунтан алдын тосуп чыгыштын кыябын келтире албай жүргөнбү, обочодон эле оңго чукулдаган эркек баласын ээрчитип, сөөк-саактуу жаагын түк бастырган, ийри тумушук адам озунуп:

- Ассалоому алейкум, - деп кош колдоп учурашты.

- Валекиме салам, иним, эл катарлуу эсен турасыңарбы? - дегиче болбой, уулу да салам айтып, жүз жаркытып турду. Батаөй чалга анын учкундаган кара көзүнөн сезгичтик жышааны байкалды:

- Бактылуу бол, жарыгым, - деп башынан сылады.

- Ыракмат, атаке өзүңүз да...

- Ха-ха-ха, айланайын элпегим, эл кызматына учуп-күйгөн адам болот, кары-картаңга кол кабыш этип, көңүлүн жаркытат, ошондон бул уулуң ыракмат алат. Ак көңүл адамдардын байлыгы элдин кубанычы эмеспи, - деп баланын башынан сылады. Бул карыя алтымыштан өткөнү адам аттуунун баарын өзүндөй көрмө адети күч алды. Айрыкча балдардын кыял-жоругуна ичи элжирейт. Көчөдө суйсала баскан кыздарды, бой түзөп, адеп күткөн жаштарды көрүп, көөдөнүнө кубаныч уялайт: "Буюрса жакшы адамдар арбый берет экен"...

Көчөдөн жол бошотуп, автобустан орун бергендерди көрсө: "Өмүрүңө береке берсин, жарыгым, нени самасаң, ошого жет" - демейин койбойт. Күндөрдүн биринде жаш улан орус байбичеге орун бошотту. Чалдын ичи ысып:

- Бактылуу бол, жарыгым, улуттун сыймыгын кадыр туткан жердин кулуну экенсиң, ушунуңдан жазба, ким элди сыйласа, аны элдик тура дешет, элдин уулу болуп өс, жарыгым, - деп басылды.

- Ыракмат, ата... - деп уландын жүзү албырып чыкты.

Жанындагы тааныш аял:

- Батаны тигил орун берсин, бирөө үчүн эмне бата бересиң? - деди.

- Аларда: "Спасибо" деген гана жөнөкөй, бирок улуу сөз бар. Биздеги батанын касиети бир бөлөк, билсеңиз аяш, мен бир уланга бата бериш менен тегеректеп турган улуу-кичүүнүн сезимине ар-намыстын үрөнүн чачтым.

- Ой, кечиресиз, деги сиз кайдан иштейсиз, академия тарапка барганыңызды байкап калам, - деп бетин бырыш тордогон аял жандана түштү.

- Таптыңыз, таптыңыз, - деп чал өзүнчө компоёт, ичинен адамдарды куштарлаган жоругуна сыймыктанат. Ага ушул батакөйлүк, элпектик кайдан жукту экен деп бирөөлөрдүн кеп урганын кулагы чалган. Баса, мага Абшак кызы Мария: "Айланайын, жалгызым, элден бата ала жүр, карыга каралашып, элпек жана сезгич болгунуң изги; калп айтпа, арамдык жакка баспа, агарып-көгөрөсүң, асты бата алыштан кыя өтпө, жашыксың, мунуң жарашпайт", - деп кулагына кумдай куяр эле. анан калса, согуш жылдары кары-картаңдын огородун айдап берип, теминин басышып, кайда жумшаса элпектене жөнөп берип, батага тунган. Кийин-кийин кызматка илингенде элпектиги пастап, пейил күткөн өңдөндү. Күндөрдүн биринде Жалал-Абаддын кичине базарына кире клаып, ардеме-бирдемелерди көрүп жүрсө, анын көзүнө ак кийиздин үстүнө олтурган жалаң актан кийинген, күмүш сакалы төшүнө төгүлгөн, өңдүү-түстүү карыя, ак жайнамаздын үстүнө анча-мынча гана писте, өрүк, буурчак, жаңгакты чачып коюптур. Жаш жигит: Ушуларды да сатабы? - деп ойлогуча болбой карыя: "Ассалоому алейкум" деп озунуп салам айтса болобу.

- Валекума салам, - деди да аксакалга жакындап, кол берди. Жүрөгү оозуна кептеле түшкөнсүдү. Бир аз жай сурашты да уялганынан тез эле базардан ата чыкты. Өзүн өзү ашатат: "Ээ, мылмык эмне озунуп салам айтпадың! Же болор-болбос мансабыңа чирендиңби?! Аа-ал, ошол күндөн ушул күн оозунан салам түшпөйт. Кай убак болбосун чүштөдөй ак кийинген, салабаттуу карыя көз алдына келе калат. Өзү да таза, ак кийинишке дилгир. Ошондон улам ал жаштарга жана эс тарткан балдарга бата берип, таасир этишке кумарланат...

Алтымышынчы жылдын башынан тарта байыркы Грек акылмандары: Сенекенин "Лутфилдиге адеп-ахлап жөнүндөгү катын", Цицерондун "Карылык жана достугун" Платон, Овидий, Лукиан, Плутарх, Диоген, Пифагор, Софокл, Евклид өңдүү жазуучулардын чыгармаларын кайра-кайра окуштан тажабайт. Оюн тереңдетип, эркин курчутат, күн санап, философия, медицина, педагогика жана башка илимдин тармактарынан ой калпыйт.

Береги он жашар баладан улам ага сексенге барган карыянын берген батасын алиге эстейт:

- Береги уулуң, өзүңө кайрымдуу, элге боорукер адам болуп өсөт, - деген. Ошондо атасы: "Айтканыңыз келсин, ыракмат" - деп ага таазим эткен. Ошол себептен береги ыманы ысык балага кайталап дагы бата берейинчи деп оозун эптеп келгенде.

- Аксакал, уулуңузга ак батаңызды берип коюңузчу, сизди алыстан көрүп алдыңызды тосуп чыктым эле, - деди тигил киши.

Карыя күлүңдөгөн кыязда алакан жайып:

- Өмүрүңө бересе берсин, акылдуунун алдында жүрсүн, акмактын артында болсун, оомийин! - деди.

- Ыракмат, аксакал, айтканыңыз келсин! - деди алиги жигит ичинен күдүктөнө: "Мындай батаны эзели уккан эмесмин", - деген кыязда сумсайыңдкы тартты.

Ушундан улам не өттү, не өтпөдү, карыянын байбичеси күүлөнөң келип, дабышын чаңырыңкы чыгарды.

- Деги сенин батаңдан күйүп бүттүм го, бул жалганда...

- И, байбиче, не шумдук?

- Не шумдук деп коёт, Абди дегендин аялы көрүнгөн жерге, батакөй аке балама акмактын артында болсун дептир, ушундай да маскараланган бата береби, акмактын артынан өзүнүн балдары ээрчип калсын, деп аңкылдап жүрөт дейт.

- Берген батаны чечмелеп беришке ушунча айылдан бир дагы акылдуу аял чыкпаган экен го...

- Кайсы катынды айтасың, самогонго мээси уулангандар сөз түйүнүн чече алмакпы? Деги батаңдын баш-аягы кандай эле?

- Баланын баш терисине карап туруп, уулуң акылдуунун алдында жүрсүн, акмактын артында болсун деген жазыгымбы?

- Мындай табышмактуу, мындай акылман батаны чалагайым чалма этек түшүнмөк кайда? Аларга бетке чабар, октой түз тиер сөз керек. Азыркылар импорттук бөздү жамынып, чет элдик сөзгө табынып жүрөшкөнүн байкасаң боло, байкушум.

- Аның ак сөз, байбиче, ошолор акылдуунун алдында жүрсө, алардын кем-карчын көрүп, катасын бетине басып, адилдикке үндөйт эле. Аларың кайтып акмактарга жанашып, алар менен сабакташ да, табакташ да болуп, ирип-чирип жатышпайбы? Кокус өөдөсүнүп алдыга озом десе, акмак аларды аңгекти көздөй урат да коёт. Акмактан оолактап артынан акмалап жүрсө, алардын ыпластыгына жийиркенип, мыскылдап күлүп, ар кандай кырсыктан алыс да, аман да болушмак.

- Ээ, абышка, өзүң айткандай акмактардын колутугуна кирип алып, акыйкат издешет имиш". Көч кадырын билбеген көчкөндө көлүк өлтүрөт, сөз кадырын билбеген сөздү өзүнө келтирет. Мындан ары жеңил баа болуп, кез келгенге "Ассалоому алейкум айтып, "ак батаңды бере бербечи"...

- Ээ, акыл карачач, байбичем, салам менен батанын үрөнү үзүлүп турган чакта ким гана кезипесин алардын көөдөнүнө улуу касиеттин үрөнүн чачкан ыйык парз. Адам го, тирүүдөн түңүлбө дешет. Бирде болбосо, бирде ошол үрөн өнүп чыгаар. Ансыз да нес өңдөнгөн, дудук чалыштар кездешет, аларга өчөшүп ыйык парзды өтөбөсөк, өзүбүз күнөөгө батабыз.

- Үнүң кардыкпасын да түшүмүң арбын болсун, үрөнчүм...

- Бала-бакыраңдын убайын, чалыңдын урматын, элиңдин сыйын көр, алтын байбичем...

Бир күнү чал-кемпир адам баласы жөнүндөгү асыл ойлорду жаздана укташты.


Ач көздүктү ашкерелеген бата


Кез-кези менен күн батаар алдында мектепке жакын аянтчага ондон ашык киши жыйыла калып, жаңылыктардан кеп урушат. Жеп-ичкендерди жер-жеберине жеткире айыңдашат, айтор не ич күптүүлөрү болобу, не башка ойлору болобу ортого салып, ой бөлүшөт. Алардын арасында эски партиялык-советтик кызматкерлер, инженер-инструктор, педагог, карт жоокерлер, басма кызматкерлери, тергөөчү, айтор адис аттуунун көбү чогулушмайын койбойт. Төтөн күн ачык тийип, мемиреп турганда ар ким билгенин элине баян этет. Чет өлкөдөгү ал-абалдан баштап, өлкөнүн ички-тышкы саясатынан, жаштарды тарбиялоодон өйдө козгошот. Ананчы, коомдук иште кыйла жыл өмүрүн зарптап, сый-урматка арзыгандары аз эмес. Жөнөкөй, каниетчил, калыс, мамлекеттик ой менен жашаган аң-сезими бийик адамдар жолукккан жерде Ата Журт тагдыры айтылмайын койбойт. Туугандардын арасынан мурда сот жаатында иштеген ноочо келген кара сур жигит:

- Үсөке, силердин үйдө жашаган Гришаны издеп, милиция гаражга барыптыр, машинасы кайда деп. Кароолчу билбейм десе керенк. Ал менден сурайт, силер жакта жашоочу эмес беле деп. Күрүнбөй калды го...

- Эки айга чамалады, кайсы бир банкта иштөөчү. Анысын кырсык аралап, жабылып калды ыраңдуу. Баса, Москвада банкы бар деп уккан элек, - деди элүүнүн жоон ортосуна барган инженер.

- Ооба, ооба... такай иномарка минип жүргөн ийри тумшук, күпчөкпү?

- Швейцарияга барып келген имиш, - деп кошунасы кошумчалады. - Айтор, шойкому күч чыгар.

- Буларда түп атасынан бери каухар, алтын сакталып келет имиш. Карл Маркс сүткорлордун кудайы акча дептир, демек Ата Журту да, ага тууганы да доллар, алтын эмеспи, - деди педагог.

Ушул учурда четтеги кара ору жигит сөзгө аралашты.

- Энеси Израилге барып, туугандарына катышып келген, ошондон кийин кайтыш болду.

- Айтор, азыр бир эмес, эки өлкөнүн гражданини болушка Россияда эркиндик берилгенби деп калдым. Биздикилер деле Россияга, Америкага, Түркияга барып, граждандыкка өтүп жаткан имиш. Ошояктан соода-сатыгын жүргүзөт.

- Анысы чындык.

Батакөй макалдата:

- Жөөтчүлүк аралаган жерде

Алды алдынан талаалаган элде.

Кишиден пейил качат,

Журтту каатчыл басат,

Кызыл кулак сүткор көбөйгөндө

Кылымдан берки абийир, ар-кор азат, - деп илгерки акылмандар айткан тура.

- Ээ, аксакал, алар даана олуя экен го, ошолордун оозунан чыккан сөздүн бүгүнкү күнгө дал келгенин кара, - деп арык чырай жигит коштоп кетти.

- Чын эле пейии качкан, оборун ачкан, опкок тартып, көпшөктөнө балтаң-балтаң баскан балапан күрп сымалдангандар көбөйдү го. Түркиянын камыр турушу нандын ортосун кандай көңдөйлөтүп жиберсе, айрымдарды кап курсак аттанты го, бул заман, - деп куу сүйлөгөн чекир көз киши күлүп койду.

- Жаш жигиттер булкуюп, бети тултуюп, тула бою тулупка окшогондор канча, - деп арык жигит жар-жар этет.

- Ээ, инилерим, мешкей курсак, кериней кекиртектер кезиккен жерде кеп түгөнүп, кепшемей күчөйт, - деди карыя.

- Ой, аксакал-ай, түндүгүн түшүрө айтасыз да, аларың тойдон эмне жедиң дегенге кызыгып, эмне деген сөз болдуга кызыгышпайт, кайра кандай чапан жабылдыга кулак асат. Аларың акылдуу сөздү угушка чыдамы жетпейт, анткени аны түшүнүшкө чаркы чак, кеп укса күптүү болуп калат, - деди арык жигит.

Батакөй кары жамактата жаншайт:

Зыкым марттан качаар,

Ичи тар коноктон качаар,

Сылык-сыпаа онок менен соргоктон качаар, - деген бар...

- Ха-ха-ха, жыргатып салбадыңызбы, аксакал, ыракмат, - дейт сот жагында иштеген солдогой. - Баягыда бир сонун кеп айттыңыз эле. Соргок байлыгын курсагына топтойт, таш тырмак алтынын таш арасына корумдайт да кайра өзү таба албай, көрүнгөнгө ороңдойт, сылаң короз сыртын порумдайт деп...

- Бир акылман айткан экен, жоону жеңген баатыр эмес, денедеги эки клапынды тыйган баатыр деп, адам эркин таптап курчутпаса, ажалды да, ооруну да ошол экөөнөн табат.

- Аксакал, клапан деген эмне? - деди момун чалышы.

Акрыкчырай күрөөсүнөн бери күрптүн жүнүндөй кызыра түшүүп:

- Ошону билбейсиңби, мына деп төш жагын чапты, мына деп көчүк жагын көрсөттү...

- Кап, сөздү жүрөктөн төмөн түшүрүп жиберип... Кечириңиз, аба, соргок менен ууру-бөрүгө макалдата айттыңыз эле эстен чыгып кетиптир, - деди инженер жигит иймене.

- Ооба, ооба, ал мындай:

Обору ачылганга оору жакын,

Кыйды сүткорго кырсык жакын.

Соодагер санаа менен байып,

убайым менен карыйт.

Ууру койдум дебейт,

Бөрү тойдум дебейт.

Ашкере семирген өлүп тынат,

Ашыкча байым деген бирди көрүп тынат.

Артыкча дүңгүрөгөн, акырында мүңкүрөгөн... - деген өңдүү уютмалуу кеп илгертен бери ооздон оозго көчүп келген. Азыр уютмалуу кепти угуп, өзүн-өзү оң жолго муюткандар миңден бир. Не дегенде, көөдөнүн көр оокаттын санаа-сарпы алып, алтын, доллар буту колуна алтын зоолу салып, көзүн таңып, тилин байлады да өзүн тирүүлөй жайлады. Жалтырак таштарга корумдалды.

- Бах, мына сөз эмес бекен-аа, табааны кандырып, жыргатып салдыңыз, философиялык маек деген ушул. Жумасына бир сапар ар кайсы окуядан кеп салып берсеңиз, ойго каныгат элек, - деди инженер.

- Байыркы Грек акылмандары жумасына бир ирет маек курушуп, жаштарды чечендикке машыктырчу тура. Дал бүгүн эне тилдин кунарын качыргандар, оноктор, алп ооз бабырлар, көп шилти сөзгө көнүккөн жазгычтар, орусча чалып сүйлөгөн орок ооздор дарбыган жерлерде сиздей сөзмөр карылар аңгеме-дүкөн куруп беришсе, жаштардын жан-дүйнөсү байыбас беле да улуттук нарк өрүш албас беле? Атаганат десеңчи, - деп педагог таңдайын так эттирди.

- Андай болсо, жаштарыңды чогултуп, саатына акча төлөгүлө, - деп эки жерде күркөсү бар киши буркуйду.

Батакөй чал чок баскандай ыргыды:

- Ой айланайын, жарыгым, сөзүн саткан кары-кешиги кедейген кары дебейсиңби, кой нары жаман жорукту, байыртан бери бабаларыбыз жамы журтка акылман сөздүн көөкарын агызып, адамкерчиликтин асыл үрөнүн сээп келишкен, бул ар бир карынын ыйык парзы. Жакшылыгын саткан - ыйманын сатканга тете. Анын бетин нары кылсын. Байыркы Грек акылманы: "Жердеги көр дүйнө азгыргыч келип, адам деген улуу атактан адаштырып коёруна бек ынандым, ылайым аны көрбөгөнүм ийги, - деп эки көзүн чукутуп салган экен.

- Ох-оо, кандай эрктүүлүк, чынында адамдын көзү ач, тйбос топор, сук. Көз ирмемдеги ыракатка азгырып, көп жылдык өмүрдүн убайын кескен да ач көздүк. Ыйман-ызааттан кетирип, алкын буздуруп, эл көзүнө тирүүлөй өлөөрүн билгизбей отко, сууга түрткөн да ушул сугала... Ата-баланы ажыраткан, ага туугандан кетиририп, Ата Журтунан бездирген да ач көздүк. Рынок деген ылаңдан соң жан бүткөндүн көөдөнүнө уялаган ыйык отту өчүрдү жана абийирди айдап салды. Акчага көзү каткандар, ага жанын да саткандар зили түбү оң таппайт да укум-тукумуна: "Сенин атаң акчага сатылгыч болчу" деген наалат калат.

- Калетсиз го чиркин, адам дегениң ага карабайт тура, - деп солдогой баш чайкады.

Карыя сөзүн жалгады:

- Алар адам деген аттан ажырап: "Ошо да кишиби?" деген атка конот. Бул өлүмдөн нары. Алла таала биздин кийинки муундарыбзыд кепке кемтик, сөзгө сөлтүк этер жорук-жосундан сактасын. Байыркы Грек акылманы Платон: "Опурталдуу мезгилде мамлекетибиз үчүн да, өзүбүз үчүн да жакшылык болсун" деп сыйынуудан өтөр эч нерсе жок деген экен. Биздин да тилек ушул эмеспи, жарыктарым, эсен бололу...

- Аксакал, сизге кудай өмүр берсин.

- Өзүңөр да өнүп-өскүлө.


Карылыкка кам урган бата


Батакөй чал жарык манайы жана баптап айтылган саламы менен адамдын ич-койнуна киргидей элес жаралат. Алардын оюн козгой турган сөз чыгарат, же алардын санаасын тазартар, жакшылыкка үндөөр кептин учун кылтыйтат. Карыга же жашка жанаша калганда алардын курагына жараша ой таап, жумшак тамашалуу кеби менен алардын жүрөгүнө барчу жолду таап алат да, бүйрөсүн кызытып оюн козгойт. Анда ар ким чама-чаркын баамдатат. Кыргыздар жашаган алыскы кыштактарда маданий очоктору кыйрап, клубдары талкаланып калган соң эл ар кайсы жерде топ-топ болуп, өздөрүнчө маек курмай, же карта чабышмайга көчүшкөн. Ошолорго кез болуп:

- Ассалоому алейкум айтып, белин кайкалата берди тигилерди сынамакка. Алардын арасынан кер мурутчан жигит башын көтөрө карап алып, картасына алаксып: "Вал-алекуу, Ваал-лее-куу - деп үн кубулта баш ийкеди. Калганы бул жупуну кийинген карыны капарына алмак түгүл, оюндун кызуусунда. Нарыда топтошуп чылым чегип турган бир кур жигиттер өздөрүнчө кобур-кобур.

- Ассалоому алейкум, жарыктарым, ортоңор толсун, оюңар омоктуу болсун.

- Салам алеким, - деп бирөө кош колдоп, кол узатты. Чалды бүшүркөй карап, оңдуу жуулбаган колун коомай карматты.

- Ата, ортобуз сиз менен толсун да орундуу кебиңиз жүрөгүбүзгө консун.

- Ыракмат уулум, өмүрүңө береке берсин, көрөңгөлүү кепке көөдөнү ачыктар көбүрөөк болсун...

- Жолоочулап жүргөн жайыңыз бар окшоду.

- Илик-жарма, куда-сөөккө учураша кетели деген эле тилек.

- Ыракмат ата, сиздей карыларыбыз бала-бакыра менен карта чабышып утуп алса, "Давай, алдыр!" - деп турушат. Алардын жорук-жосунун көрүп куйка курушат.

- Эркеч карыңар жокпу?

- Ха-ха-ха, эркеч дейт тура, - деп кара тору жигит арсалаңдап басылды. Алар деле бар, үйлөрүндө, булар көчө карылары.

Батакөй чал кеп урду:

- Кыргызда журт карысы, дөң карысы, аш карысы деп аталып келген.

- Дөң карысы деген эмнеси? - деди четте турган ымтыраган бирөө.

- Илгери заманда карылары дөңгө олтуруп алып, санжыралуу акылман кептен баштап, айыл-ападагы ал-жайды сурамжылап турушкан. Аш карысы болсо, топок жете албаган, дөңгө бара албагандар экен. Журт карысы дегендер акыл тапкыч, калк камын ойлоп, аларга көч башы болуп келгендер.

- Ыракмат ата, азыр айыл-айылда нарктуу, салабаттуу карыларыбыз аз, - деди сөз жүйөөсүн түшүнгөнү.

- Койсоңчу, наборот азыр мечитке барчулар, жаназага турчулар көбөйдү. Сакалчан жигиттер андан...

- Албетте, дин жагын, тигил дүйнө жагын, кудайдын кудуретин жана арбактар жөнүндө айтымыш эткендер арбын, бирок, акылман сөз табылбайт. Атам айтчу эле, жез ооз Супатай Кыдыр акенин жүргөн жери той, сүйлөгөнү ой болчу деп сыпаттаган экен деп. Азыр ошондой ойчулдарга зарбыз. Же китепканабыз жок, жаз, күз жанталашмай, саал бошой калсак көчөгө чыкмай.

Батакөй чал муну туйгузду.

- Көөдөн аңгырап бош калса, көчөгө чыгары да бышык. Арга кеткенде аны сакал менен жаап-жашырмакка далбасташат. Китепканага көнүп калгандын бир даары мечитке оойт, бир тобу өзүн-өзү алаксытмакка карта чабышат. Ал эми жаштардын жан дүйнөсүнө жагымдуу сөз, даанышман ой табылгыс байлык. Байыркы Грек акылмандары Платон, Сенеке, Сократтар жаштарды топтоп алып, атайын мектеп ачышкан тура. Силердин араңардан жаштардын акыл-ой, аң-сезимин өстүрөр адамдар болгону абзел. Шаардагы, райондогу китепканалардан китеп алдырып, чогултуп окушка болор беле?

- Эй, аксакал, кереги эмне тигинден ары Плоатон, Сократтын. Өзүбүздүн Мухамбет пайгамбар өңдүү олуя заадалар турганда, - деп кара тору, ноочо келгени кур намыска кулданат.

Карыя жагымдуу жылмая берип:

- Иним, акылман сөз, адабият, илим-билим мүлдө адамзат байлыгы. Бир тилден экинчи тилге которулуп, ошол элдин жан дүйнөсүн байытат. Өгүнү бир акынчалыш жигит: "Мобу китепти окудуңузбу, куран сымал асмандан аян берип жаздырган. Алыкулуң тирилип келсе да мындай дастан жаза албайт" деп эрдемсинет. Мен ага: "Жарыгым, ал акыныңдын чама-чаркын, башынан бери билем, бир кезде романдарды жамырата жазып, сынга кабылып, калеми колунан түшкөн. Эми эч ким адабиятты тескебеген маалда асмандан кудай аян берди деп айдатып жатканын да билебиз. Орто кылымдын улуу ойчулу Бекон: "Мамлекет ураганда айбандык кумарпоздукту даңктаган, жокко ишенген ырымчылдыкты жардаган жазгычтар дарбып кетет дептир, - десем ал олурая карап:

- Беконуң ким, кайдагы Беконду айтасың, - деп таң калды бечара. Көрдүңүзбү караңгылыкты, сабатсыздыкты. Ал эми Дени Дидро деген филсоф: "Эмне үчүн байыркы грек жазуучуларынын көркөм чыгармалары ушул күнгө дейре жашап келет. Анткени, алар философиянын мектебинен өтүшкөн дептир. Азыркы жазгычтар улуттук эпосторду, философияны, педагогиканы, каада-салтты толук билбей турушуп, алешем бирдемени чүргөшөт да, өздөрүн чыныгы талантпыз деп элге таңуулашат.

- Ой аксакал, сиз илимпоз, маданияттуу кары окшойсуз. Айылдагы аксакалдарыбыз арак менен кошо билимин да, билгенин да кошо ичип салышты. Анан кантип биз жакшы болобуз, - деп ноочо кара тору жигит улууларга доо арта муңканды.

- Карыларды карап, ошолор ошол жашка кантип келген, өмүрүн неге зарптаган буларды аңдабай туруп, доо артып, алардын жашоосунан от тамызгы ала албай жатканыңарга капамын, жарыктарым. Карыдан таалим-тарбия, ой өнөт. Дал бүгүнкү күнү нарктуу, салттуу карыгандар канча дейсиң. Ал эми акылы бычам бойдон калган карыларыбыз да болот. Силер, жарыктарым, обол мурда адамдардын жакшы жагына илүү салгылачы. Ал эми терс жагын байкап, ошондой болбоско тырышкыла. Токсонунчу жылдын карылары жамандыр-жакшыдыр жаш күнүнөн берки өмүрүн өлкөсүнө тоздургандар. Адамдын өмүрү өлкөсүнө Ата Журтуна кызмат өтөгөнү менен өлчөнөт. Ушул жагын эске алган соң ошондо барып өзүңөрдүн калк камына кандай кайрымыңар артты экен салыштырып баккыла.

- Ыракмат аксакал, көп жашаңыз, - дешти ыраазы боло.

- Тагдыр силерди болор болбос ызалыктан алыстатып, өз күчүңөргө ишенгендей эрк жана акыл ыроолосун, - деп кары кош айтышып жолуна түштү.

Бир далайы: "Бул карыя университетте иштеген окшойт", - деп бүшүркөйт.

- Неси болсо да терең ойго чөгөрдү. Биз дагы карылыкка эмитеден кам жегенибиз оң белем, - деди сөзмөр жигит...


Эрдик кылымдарга аңыздалат


Кара папкачан, эски папкачан бирөө жоон топ кишиге муңун чагат:

- Кай жерде болбосун, байлыкты эңсеген, долларга жетсек деп жутунгандар дарбыды. Анан калса, сом соксоктоп качкан өңдөнүп, анча-мынча гана куйрук карматканы болбосо, кара таман кедейге караанын көрсөтпөскө кууланып, бир айылдан бир айылга катташтырбай салды. Байлык падышасы - доллар түпкүрдө түнөгөнү менен дүйнө элин чимирик аттырып жаткансып, өзүнчө теңирсийт-ов! Оо, куу турмуш-ай, жер-асманда желден күлүк, зуу-зу, жашаган жайлары алтын, күмүш буусун жалаган, ар кабатына кирсе чыккыс, короо алдындагы тай торпоктой ит, жанында автоматчан жигит. Дөбөттүн жегенин дөөлөттүү дыйкан жебейт. Бактылуу деп ушуларды айт. Алды социализм кезинде: "Биз чыныгы ленинчилерден болобуз!" - деп калкка кабарлашып, эки оозунун бири: "Коммунисттик партия" эле. "Коммунизмди мен жоготтум, СССРди Ельцин талкалады деп Михаил Горбачев мактаган соң аларың чыныгы демократ атка конушту да: "Коммунисттер элди түрмөгө камашкан" деп билеттерин өрттөштү. "Минтип урап калаарын билбей, бекер эле кудайдын азабын тартып, таң-күн жандый кыйнап иштеген экенбиз", - дешип, эл байлыгын ар кыл айла-амал менен менчиктешти. Буларга ынанган оомалар: "Оо ырысы жок, биз, караңгы түрмөдө эашаппыз" - дешип, күн көрүштүн күн карамасына айланышты. Партияга жан дилибиз менен берилип,идеалга сугарылып, эл үчүн, Ата Журт үчүн жаш күндөн берки өмүрдү берип келип, көргөн күнүбүз бу. Уул-кыздарым: "Ата, бизди өтө эле ак жүрөк кылып тарбиялапсыңар, бул доордо жан бага алабй калбадыкпы?" - деп каңырык түтөтөт, кантели.

Анын сөзүн эски күрмөсүнө кирдеген орден, медалдарын тагынган, оң жаккы жакасында "Кызыл Жылдыз" ордени бар кары коштоп жөнөдү:

- Быйыл бир аз карт жоокерлерге кам көрүлбөдүбү, болбосо менин кызым: "Ата ордендериңди сат, же жогот, жаштар шылдыңдашат экен" - деп күйгүзбөдүбү? "Ой, айланайын, биз жеңишти алып келбедикпи, ушинтесиңерби", - деп уруша кеттим.

Четте туруп алып, удаа-удаа баш чайкап, улутунган карыя: - "Эа Сталину, за Родину" деп өрт кечип, кан көөркөрдөп келсек, бизди ажалга өз эрки менен кантип гана барды экен деп шакаба чеккенде күйбөгөн жериң күл болгудай. Анысы го ал дейли, жалгыз шинел жамынган Сталинди жамандаганда эт жүрөк экиге бөлүнгөндөй эсенгирей түшөт экенсиң. Элди бактылуу кылган ошол эмес беле? Кантели, калкты канашалап, кандан бүткөн калаабызды уратып, чыккынчылыар ушул күндү көргөздү го, - деп зээни кейиди.

- Оо, кан кечип келген касиеттүү, карыларым, силердин эрдигиңер нечен кылымга эрдик катары аңыздалат. Элди бакытка бөлөгөндөр жамынган сур шинел, кылымдан кылымга эскирбей: "Адамдар, силерди жат душмандан коргоп кай тарапка буюрсаңар ошол тарапка жөнөп, айтканыңарды так аткарар жоокериңмин!" деген ойду туйгузат. Эл таалайына жаралгандар менен калкты жоодон коргогондор кийинки урпактарды сыймыкка бөлөп, көөдөнүнө эрдиктин үрөнүн себет. Бул күндөрдө карандай чай ичип, кабыргандар кайышкан менен түбөлүгү бакыт эмеспи. Адилдик жана ак безерлик менен күн көрүп, көр оокатка көмүлбөй, адамкерчиликти бийиктигинде өтүп кетиштин өзү эмне деген даңазалуу эрдик. Ылайым, өзүңөрдөй эл камында азап чеккен уул-кыздарыңар үрөн-бутактай берсин, ошондо атпай журтка агарып таң атат. Оомийин!

- Оомийин, каркылдак карыны, кудай айдап келдиби-ай, көөдөнгө шам жагып койбодуңбу? Бизге тилегениң өзүңө да келсин...





Көр көөдөндөр


Айылга автобус каттамак тирүүнүн тозогу десеңчи, жедеп чалдыбары чыгып, жаңы мотор, жаңы тетикти тапмайын эскиси керектен кетип, майы асмандап барат. Андайда менчиктер кулаалы кайкы зыпылдап, жан чөнтөгүңдү кагып алышат. Бир эсептен алардыкын эп көрөсүң. Бирок карыга кара боорлугун карматат да аялдамага таштап кетип, акыйтат. Оо кайран заман-ай, мүнөтүнө мүнөт зыпылдап каттаган машиналарды эстеп, улутунуп аласың-ов! Ушуларды ойлоп жупуну кийинген кары нары-бери басат эле басат. Эки аял, бир жигит чалды карап коюп, басып келишти.

- Ассалоому алейкум - карыя баш ийе салам айтты эле эки аял мемиреп туруп беришти. Жигит чукул келип:

- Салам, - деп кол берди.

- Калаагабы? - Карыя дабышын басаңдата сурады.

- Ооба, маңы жапыз, сезгичтиги мокок өңдөнгөн жигит саал четтей берди.

Ушул арада жогор жактан бакылдашкан адамдардын сөгүшкөнү күчөп, бирөө айгайлайт:

- Ай, көр, сендейди көр дейт, айттырмайынча билбейсиң, сатып бер, жоготтуңбу, жоготтуң. Атаңдын оозун урайын, көр!

Калган сөздөрү даана эшитилбеди. Эки аялдын жоон-жолпусу:

- Уйларды баласына кайтартып койсо, кыйкырчаак акемдин кысыр калды семиз уюн уурдап кетиптир. Анын ордун бастыр десе, уйчу акем торпок берем дегенби-ай, - деди.

Жогортон чыккан ачуу чаңырыктын жөнү бар экен го деген кыязда карыя дале аркы-терки басат. Ушул арада алиги ишенчээк жигит:

- Ата, бир сөз сурасам айып көрбөйсүзбү? - деп өтүндү.

- Ии, жарыгым, ал кандай сөз?

- Азыр уккан чыгарсыз, Касый абам уйчуну көр деп жемеледи го. Уйчунун эки көзү соо...

- Аа-аа, жарыгым, сураарың эп... Үйлөнүп, жайланып алгандырсың?

- Ооба, бир уулду болгонбуз...

- Өмүрлүү болсун да, адам деген атка консун...

- Ыракмат, ата, - деп бажырая бергенде бозомок өңү кыярып чыкты.

- Соболуңдан мурда уйчу деген кебиңдин осол экенин эскертейин. Кийин шашпай маанисин ар кимден сурап алаарсың...

Жигит башын шылкыйта аялдарды караса, алар жылмайышып тетири бурулушту.

- Уй багып, уй кайтарганды бадачы атайт. Уйду бадага кошуп коёлу дегенди эшиттиң беле? Аа-аа, анда эмесе ошол... Уйлар эмес, уй десе көп экенин туйгузат. Элдер эмес - эл деп койсо жетерлик. Илгерки заманда эмес, азщыр деле ушундайча айтылып жүрөт, ха-ха-ха...

- Кечиресиз, ата, бутуна турду деген кандай?

- Орусчадан октой түз гана оодара салган оёндор "Бутуна турду" деген онок сөздү ойлоп табышкан. Мунун мааниси ар кандай: балабыз каз турду, балабыз жерден колун алды, балабыз телчикти, балабыз басып кетти, балабыз кол арага жарап калды деп ырааты менен айтылган сөздөр бар. Жок, чарба же өнөр жай жөнүндө болуп калса, чарба өрүш алды, дыйкан ирденип сала берди, майда соодагер мантыга түштү, өнөр жай өнүктү деп ар кыл мааниде айтылат. Ушундай окуяларга байлап жалаң эле "Бутуна турду" дей берсек, эне тилибизди ылайлап алабыз го... Бул муну менен кетсин.

Эми жанагы өзүң сураган "Көр, сен көрсүң!" деген сөзгө келели. Бадачы болгон соң семиз малды уурдатып жибербейин деп саксактап турганы оң эле. Эртеңки күнү мал уурдалса, эмне болоруна көзү жетпей, акыл тегеретпей жатпайбы? Эртеңки күнүн көрө билбегенди - "Көр" деп аташат.

Күнөөсүн туйбай, өз айбын өзгөлөргө жаба салып, кол астындагыларга жеме шыкайт, муну "көр жемечи" аташат. Айтор, тили заар, үнү ачуу бейжайлар ак безерди көрдөн алып көргө, жерден алып жерге урат.

- Көрдөн алып көргө урат дегениңизди чечмелеп берсеңиз...

- Бул соболуң да жөндүү... Байыртан бери көрдө жаткан арбакты эч бир калк жамандаган эмес. Себеп дегенде, өлүү жанга сын айтылбайт, ал укпайт. Ал эми анын артында калгандарга кайбатаган сөз катуу тиет. Кек ырбайт.Диндик көз караштан алганда - арбактарга шек келтирүү кечиримсиз күнөө делинет. Мындай жорук чыккынчы Хрущевдун Сталинди жамандагынан улам өөрнчүп, дүйнө элине бүлүк салганы кимге дайын эмес. Хрущев жеке анын арбагы менен алышпай, танка менен анын монументалдуу эстеликтерин талкалатты. Ал өзү өлгөндө көрүнө батпай, сыртка чыгып калганда кайра көмүшкөн. Ушундан улам элде: "Бирөөгө көр казба, көр казсаң өзүңө терең кащ" - дегени төп келгенин баамдайсың. Көөдөнү көр киши улуу адамдарды көөлөгөнү менен көсөмдөр көкөлөтөт. Буга Черчиллдин Сталинге берген баасын эскерип коюш жетиштүү болор, иним.

- Ыракмат ата, буларды элден уккан элек, бирок терең чечмелей алышка чектелген түшүнүк тушоо салары анык тура.

- Баса, кемчилигин сезе билиш да көөдөнү ачыктыгын айкындайт, иним. Рынок деген илдет чыкканы көрүнгөнүбүз көр-жерин көтөрүнүп, боюңа карабай, карала-торала болуп жүрүшөт го. "Ой көрдөн чыга калгансып кайдан десе, ээ көр тирлик көргө киргизет тура, кай бири көрдөн чыга албай жатпайбы? Кээси көр дүйнөгө корумдалып, өлүү-тирүүсү белгисиз. Кудай ошондой опурталдуу кырсыктан сактасын, силердей жаштарды.

- Ыракма, ата, көз да, көөдөн да ачылды...

Карыянын сөзүн тыңшап турган аялдар ага таазим эте:

- Узак жашаңыз ата, көп-көп келип туруңуз, - дешти.

- Кеп сиңимдүү болсо, айткан адам ыраазы. Кудай сөз билги менен алсын деген да ушул. Көөдөнүңөргө көрөңгөлүү ой түнөктөсүн - деп бата узатты.

Аңгыча автобус келип, карыя автобуска илинип-илинбей "Ассалоому алейкум" айтты. Ошол замат жаш жигит учуп турду:

- Келиңиз, ата!

- Улууну көрсө учуп турган уяттуу жердин уясынан канат кагыпсың, жарыгым, уулуң урумга, кызым кырымга жетсин...

- Ха-ха-ха, ой шутник старик, кыздарыбыз ансыз деле чет өлкөлөргө кетип жатпайбы! Бирок визиткаңыз дурус экен, молодец...

- Сиз кандай болсоңуз эл ошондой эмеспи, иним!

- Бир нөл, аксакалдын пайдасында, - деди спорт кийимчен жигит.

Батакөй карыя ушундан баштап дымыганы дымыган, чымчыктар чыркылдаган жайда булбул сайрамак кайда?


Сынаакы бата


Карыяны көрө коюп, алыстан "Ассалоому алейкум айтып" бүгүлө учурашкан жылмаң жигит кош колдоп:

- Эсен турасызюы, аксакал, сизди сыртыңыздан тааныйм, бала-бакыраңыз эсенби? - деп айландыра карап, ийниндеги кылды алып жерге таштады. Карыя аны жылмая карап, ичинен күлгөнүн байкатпады.

- Тебетейиңиз кут болсун, жакшы жарашат тура, саал мындайраак кйиңиз, - деп оңдоп да жиберди. Топтошуп тургандар бири-бирине көз ымкышып, тымызын булк-булк.

Ошондо барып карыя кепке кирди:

- Ыракмат иним, дос башка карайт, душман бутка карайт деген. Бөрк алдында бөрү бар деп да айтылат. Өзүм адам аттууга дос көрүнөйүн деген далалатың бар экен. Жумгалдын арашандап оргуган жеринен турбайсыңбы?

- Төбөсүнөн түштүңүз "сухопутный" саяк. Ха-ха-ха, тигиниси "морской", - деп тамашага күлүп калышты.

- Ата, айып этпесеңиз, тетиги четтеги жигиттин каерден экенин айта аласызбы?

- Алты айрык мүйүзүн экчеп коюп, ошонусуна өзү кубат байлап, карышкыр тиш салаттан кабарсыз, куулук-шумдугу жок маңырайып турган бугу кейиптенет.

- Хи-хи-хи... Таптыңыз, дал өзү, аксакал. Аа, береги койкогой моюн иниңизчи?

Карыя кара тору, ноочо бойлуу жигиттин тула боюна көз жүгүртүп алды.

- Сырт сымбатын сырдамалап, басмырт жүргөндү басынта караган, өйдөлөгөндү опузага камаган, бийлик менен байлыкты самаган амалкөй куулар бийликке жетсе, эзелки кекти кууп, нечен чыгаандарды жыланча чагып келгенин тарых санжырадан баамдаган чыгарсыңар. Береги сырты сыпаа, ички дүйнөсү да ошого төп келген жигит абасы таза, бийикте өскөн мырза карагай кейиптенип турбайбы?

- Ха-ха-ха, муну да тарыхты козгоп келип, табышмактата таап айттыңыз. Береги иниңизчи, - деп четте турган каралжын, көзгө комсоо көрүнгөн жигитти көрсөтө берди.

- Капкайдагы азып-тозгондорду канатына калалап, ошолорду аттап-тондой берип, өз жанына карабаган Атантай жоомарт сымал ички дүйнөсү чалкар баба дыйкандын укум-тукуму тура...

- Бах-бах, ыя, Кудайберген, бул сөздү бирдеме деп майлайсың го...

- Буюрса, - деп күлүп койду коңур жигит.

- Ыракмат, аксакал, көп жашаңыз, чын эле чүйлүктөй каниетчил эл кайда? Калың калкты асыраган Сары-Өзөндөй жер кайда?

Жанатан бери ыйбаалана сөз талашпай, салт сактаган жигитке карыя:

- Ылайым, ушул мүнөзүңдөн жазба иним, өзгө элден өзгөчөлөнгөн улут сыймыгын аркалай жүргөн, ар-кору мол уул-кыздарыбыз арбын. Ошолордун бири өзүң экенсиң. Жаңы келген келиндей йбаа күткөн жамы журттун ырыс-талаайына бүткөн укум-тукумубуз өнүп-өссүн дейли. Ошондо кыргыз эли кемелине келет...

- Калкка кайрымдуулук каалаган карыларыбыздын катары калыңдана берсин, - деди баятан бери шапылдап сүйлөгөн, карыдагы катылуу ойду чубап чыккан жигит.


Дил агарып, жүрөк тазарсын


Кай бирөөлөр баскан-турганы элпегине тартып, шайдооттоно шайыр жүрөт, ошолордун жан-дүйнөсү музыка менен поэзияны абдан күсөйт. Күү чертилип, ыр ырдалган жерде алардын кыялы эргип, тула бою куюлушкан ыргакка кошо жуурулушуп кеткендей термелет, ыракаттанат. Алардын дабышы басаң келип, сөздөрү ыргактанып, уйкашына тартып, ооздон эркин коолдоп леп-леп этет. Өздөрү да жамактата ыр кураштыра коюп, ал тургай көрүп, билгенин ырга салат. Кезинде кошокчу жана акын аялдар элибизде арбын тура. Бешик ырын ырдап, наристенин жүрөгүнө элибиздин обонун жана ырын эмчек сүтү менен кошо оозанткан да ошолор болгон. Карыя же каадалуу адам кайтыш болгондо анын түп жайынан бери кошуп, даңазалаган да ошолор эле. Азыр жан дүйнөсүнөн ыр оолактаган келин-кыз өлүк чыккан жерде кошок билбей, өксөгөнгө күчүн чыгарышат. Бешиктеги наристеге обон созо алдейлеген апа чанда-чанда. Ошол себептен наристенин жан дүйнөсүнө поэзия түнөктөбөй жатканы да ушундан. Ээ, кайран заман десеңчи, ошолорду даңазалап, барктвап, акын-кошокчуларды ат чаптырып алдырып, анын сөзүнө канып... Өлгөн тирилгенге тете болор эле го...

Кийин-кийин өзүбүздөн чыккан оёндор кошокту, санжыраны, куран окуганды эскиликке тогоп, чогулуштан чогулушка салып, улуттун нарктуу сөз казынасына залал келтиришкен. Арга не, өттү кетти.

"Ассалоому алейкум" оозунан түшпөгөн карыя кезинде ошолорду келекелеп сатира жазганы бар. Деле жаш күнүнөн бери кыз бергенде кошок менен узатканын да көрүп калган. Анан калса, ал жашаган айылда манасчылар, комузчулар, ырчылар, санжырачылар, куудулдар арбын эле. Нечен улан-кыз алардан шайырлыкты, сөз тапкычтыкты үйрөнүшкөн. Кайгы-муңун, махабатын ырга салышка кумарланган улан-кыздарды айтасыңбы? Эмгекке ыр менен барып, кайра ыр менен кайткан аялдарды көргөн эле. Анан калса, карагай, арча каптаган чалкак-чалкак тоолор, арашандуу аймак, бир ыптасын көлдүн толкуну чайыган, бир ыптасын Ала-Тоонун жели желпиген чөлкөм жаштардын көөдөнүнө табияттын табышмактуу сырларын жана сулуулугун жаймалаган. Алыстаса, кусалыгы ашынып, Ала-Тоону ата-энеге теңеши да ошондон.

Береги сыртынан дымыган өңдөнүп, бирок ичинен кайнап, жан дүйнөсү музыканын ыргагы менен кошо ай-ааламга чабыттаган карыя жашынан обончуларды, акын жана комузчуларды жандады. Маркумдар Жумамүдүн Шералиев, Бектемир Эгинчиев, Муса Баетов, Атай Огонбаевдерди эс тартып калган кезинде көрүп, бир нече жолу ырларын уккан. Мыскал, Асек, Жапар, Экия, Канымгүл, Ырыспай өңдүү булбул таңшык, күмүш көмөкөй ырчы-обончулардын ырларын күнү бүгүн бир маал укмайын жарпы жазылбайт. Айрыкча кийинки жылдары кыргыз обондорунан кол жууп бараткан чакта алардын ырларын өздөрүнүн аткаруусунда касетадан угуп, ыракатка батат.

Баса, залкар обончу, композитор Абдылас Малдыбаев менен бир нече жолу баарлашканы эсинде. Кечээ эле искусствону сүйгөн адамдардын тобун ооз толтура салам айтып, жай сурашкан соң сөздөн сөз ырбап, бүгүнкү ыр-күүлөр, эстрада ырчылары жөнүндө иренжиген ойлор оргуду. Эки жүзчө ырларына обон чыккан, жыйырмадан ашык китептери жарык көргөн, чыгармалары чет элдик бир нече тилдерге которулган, көмүскөдө туруп, көөнөрбөс поэзиянын көөрүгүн баскан, бирок анын колунан өнүп-өскөн акындар жеткен наамды али ала элек Абзий Кыдыров жөнүндө кеп урулду:

- Азыркы ырчылардын ырларына кунт коюп, сөздөрүн талдап көрдүңөрбү? - деп гана тымызын жандатып койгону. Аа-ал ушул жерден желпинген акын чалыш колду шилтеп, күүлөнүп кирсе болобу:

- Алардыкын ыр дешке ооз барбайт. Кургак сөздү көп кайталап "ай-ай" дей беришет. "Көчөдө жигиттер көп эмес беле, менин жигитимди неге тартып алдың?" - деген тантык сөздөрдөн турган жаңырыктар. Анан калса, аларың: "Биз чыныгы таланттардан болобуз" деп бой көтөргөнүн кантесиң. Ээ, аксакал, кай күйүттү айтып жан кейители. Сөздү чалчыкка, ойду балчыкка бастырган ургансайлар учкаяктап барат, - деп басылды.

Батакөй карыянын дегени бул:

- Американын чыгаан жазуучусу Марк Твен мындан эки кылым илгери: "Ыпластыкка оонап алып, долларга жана анын ээлерине жалынып-жалбара чокунуп жатышкан бечараларды өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Уурдалган сасыз миллиондор сары азезилдин калтыратма безгегин каптатып, америкалыктардын эркин мокотуп, талкалагыч кайрымсыздык өкүм сүрүүдө", - дептир. Ошол кыйраткыч доллар калаабызда чардап турган соң аны ары кет дешке арга барбы? Ырыңды, обонуңду быякка кой, салт санааңды сапырып салаары аныык.

- Аныңыз ак сөз, аксакал, ошол доллар ээлерине жагабыз, додолонгон алтын табабыз, - дешип, айрым өнөрпоздор америкалык алдас урган ырчыларды сокур туурап, улуттук обондорду, нарктуу ырларды тебелеп-тепсеп жатышкан жери жокпу? Аны кой жапон аппаратын каңылдата катуу коё берип, өздөрү жин ургандай жан алакетке түшкөндөй ойкуштанып, чаңырып калганын кантесиң. Чет элдик ырчылар жөнүндө америкалык бир сенатор: "Сионизм эстрадасы американын японияга таштаган бомбасынан ашып түштү" - дептир. Анан калса, ошол ойкуштанган ырчыларды элдин арасына туруп алып, ар кайсы жерден кыйкырып, ышкырып, кубаттап колдоочулары акчага сатылат экен...

Туурадан бирөө сөздү жыра талашты.

- Балээнин баары ошондо жатпайбы? Ал эмес, Өзбекстандан келген бир көз ачык аял спорт аянтчасына кирип, элди алаканы менен дарылайм деп алдап, аны колдомуш эткендер ортого делөөрүп, кыйкырып чыгышпадыбы? Ха-ха-ха... бул алдамчылыктын ана башы эмеспи. Аларга алданган аңкоо кыргызбайларды айт... Ха-ха-ха.. Анын жанында айкырык салган Алла Пугачева алтынга тете өңдөнүп жатпайбы? Аны сокур туураган белимчиден беш-алтоо жүрөт го, же обондон жок. же ырдан жок. Баарыдан күйгүзгөнү мыкты ырларды атайлап бузуп, ырдамыш эткенине күйөсүң...

Сөз аягы сээлдеген чакта карыя кепке кирди:

- Жан багабыз деп ар кайсы өлкөгө жалданган кордук эмес, жан дүйнөсү аңгырап бош калгансып, жат элдин чоорун тартып, ырын ырдап, алардын жосунун сокур турап, мазарга сыйынгандай таазим эте бүгүлүп тургандын өзү өлүмдүн өлүмү. Эне тилинен ажырап, салтынан, наркынан кагылган кайридин калктын таз кейпин кийбеген элек деп кудайга мунажат этесиң. Не дегенде элдик ыр, обондо улуттун ыйык касиеттери катылуу эмеспи. Бешик ырынан торолуп, "Манас" өңдүү алп дастандар аркылуу эр жетип, ыр менен талааны гүлдөтүп, ыр менен душманды жүдөтүп, жеңе жүргөн эле же кошок эмес, же көңүлдү көтөрүп кайрат берер элдик ыр эмес, бака чардак менен эчки маараткан ыракат алышаар бекен?

"Ырларым ок, керек болсо атамын, газга каршы газ даярдап жатамын", деп маркум Жусуп Турусбеков ырдагандай көркөм сөз - курал, көркөм сөз - жан азыгы, улут намысы, муну баалабагандар сөздү чалчыкка айлантып, же нака орусча эмес, же кыргызча эмес былжыраган сөздөрдү мылжың-мылжың этип турганына жүрөк сыздайт.

Искусство жагына кунт коюп жүргөн жиги:

- Жаш таланттарга таарынып бекер, мурдагы заманда аларга багыт берип, ырларын тандап, обонун кароодон өткөрүп, андан соң элге чыгарышчу, азыр эч даярдыксыз окто катылбаган обонду ой боорчунча созот да турат. Көбүнесе жаштыгын жоктоп боздойт. Анысы да чын. Кийинки он жылда алардын жалындуу жаштыгы, жигердүү кайраты не өлкөгө, не өздөрүнө тырмактын агынчалык убай бербеди. Бул жагынан алардын боздогону эп, - дегенде бир тобу "ха-халап" басылды.

Батакөй чал муну кошту:

- Ар бир доордун ыры, обону, бийи болот экен. Париж революциясы же Совет доорундагы ырларды окусаң, кайрат дем берет да тула боюңа алоологон жалын үйөрлөйт, намыска бөлөйт да адамзаттын туу чокусун көздөй жетелейт. Ал эми ураган мезгилдин ыр, обондорун же аркыл жанрдагы көркөм чыгармалардын маанисине илүү салып көргүлөчү мүлдө жан жыгатмай, жана азыткы жорук-жосун, ыпластыкты майда-чүйдөсүнөн өйдө терип-тепчип санап берген фактография. Окуган адамдын кыжырын келтирип, оройлук, осолдук, былжыр сөз жана шермендечиликти таамай айтып салган жүрөктөн төмөн түшө сөздөргө жык толгон чүргөмөлөр. Кантели, кудай жаштарыбызга дес берип, кыргыздын канында жок жорук-жосундан боюн ала качып, аң-сезимин таза күтсүн дейли. Ал эми калем кармаган жаштарыбызга айтаар кеп, оболу адамдардын турмушундагы жарык жагына көбүрөөк иликтөө салып, адабият жана искусствонун теориясы менен да тааныш болуп туруп, өздөрү адеп-ахлап жагынан ички дүйнөсүн тазарткан соң чыгарма жазганга киришсе деген ак тилекти айтаар элем.

- Ыракмат, ата, жүрөк тазарса, чыгарма да ошого жарага жаралат эмеспи, - деди искусствого шыктуу жигит.


Сөзү өлгөнгө добуш жок


Өткөн жылдын кеч күзүндө сары жалбырактар жаап, чымыны жок жай сымалданып турган чакта калаанын ичине сүрөттүү кагаздар көчө-көчөнүн туш-тушуна: "Аталар, энекелер, берекелер, мен силер дегенде карегимди сыгып берем! Добушуңарды аяй көрбөгүлө!" - деген сөздөрдү бадырайта жаздырган чакырыктар чапталды белем.

Анан калса, эки-үч кыз шаракташа келип:

- Атаке, ушул эжейибиз сиздин ден соолугуңузду карап, өмүрүңүзгө өмүр улайт. Эжени шайлаңыз, - дешти. - Сүрөтү басылган баракты берип жатышып.

- Жарыктарым, - деди Батакөй чал, - өзүн-өзү күнүгө сындаган сотту тааныбайт; өз денесин күнүгө ийлеп, тап менен жүргөн табыпчы менен доктурду тааныбайт. Куржундап доллар күткөн кудайын тааныбайт; абийирине чаң жугузбаган адилдиктен айныбайт, - ушул төрт ооз сөзүм өмүрүңөргө күл азык болсун, жарыктарым, эл тааныбаганды мен да тааныбайт экемин, бар болгула... - Ал алакан жая кыздарды алкап узаткан соң, сыйда мүчөлүү кыз:

- Ыракмат, аташка, оорубаңыз, - деди.

- Өзүңөр да көк түтүн менен көк суунун селинен алас болгула, айланайындар, - деп баш ийкеди.

- Вот, старина, что сказал түшүнбөй койдум, - деди эки боёк сүртүнгөн жынсычаны.

- Мен чечмелеп берем, сабак болор сөз, - деди сыпайы кара торусу.

Ушундан бир саат не өттү, не өтпөдү эки жигит ээрчише кирип:

- Кандайсың чал? - деди курсактуу күрсүгүй жигити жайдаңдап, - мени таанып жатасыңбы? Шайлоо кудаңыздын бөлөсү болом, конокто бирге болбодук беле?

- Ээ, жарыгым, илгерки өткөн заманда Ассалоому алейкум айтып, ал-жай сурашчу эле. Кандайсың, чал дедиң? Ооруй элекпиз, шүгүрчүлүк. Өрөпкүй келген өзүңөргө жол болсун.

- Кечириңиз, абышка, конечно, чал деген орой сөз. Ардактуу абышка, сизге бекер дары берер, оорусаңыз бекер жаткырып, оорутпай укол атар илимпоз докторду тааныштырганы келдик.

- Ыракмат, жарыктарым, Алла Таала оозуңарга жагымдуу сылык сөз салсын, көөдөнүңөргө адилдикти көрөр көз салсын, - деди карыя аларды алмай-термей карап.

- Андай болсо, ардактуу абышка, ушул докторду шайлоого добуш бересизби? Хирург, мына бул сүрөт ошонуку?

- Сүрөтүндө ыманы ысык, өңү жайдары, дидары - салабаттуу көрүнөт. Өңүнө карап шайлагандын арты өкүнүч болор, жарыктарым... Деги бул хирургдун ысмы ким?

- Мына, жазылуу турат. Элебесов Бергенбай...

- Оо, билдим, билдим...

- Аа, билдиңби абышка, бул иттей кыйын хирург. Бул депутат болсо, алтынчы округдун эли бүт бойдон бекер дарыланат.

- Билдим, садагасы, сиз иттей деген хирург мактагандай иш жасаптыр...

- Вот, айттык го,.. - Күрсүгүй аз жерден "чал" деп айтып жибербей, сөзүнүн аягын жутуп алды.

- Ооба, ал биздин кошунаны өтүңдө таш бар, операция жасайм, - деп, текшерүүдөн өткөртпөй туруп союп салса, дарты бөлөк экен. Эки жүз долларынан да, ден соолугунан да ажырап, эсенгиреп олтурат. Чагымда, силер дагы болочок хирург болчу түрүңөр байкалып турат.

- Ооба, биз, бул агайдан сабак алабыз...

- Жарыктарым, илимин алсаңар да, таалимин тартпагыла. Анткени, ишеничтен кеткен киши - адам санынан чыккан киши деген экен бир акылман. Ал эми сөзүн өлтүргөндөр өзүн эле өлтүрбөй, дени соолорду кошо кокуйлатат. Андайлар, эл эмнени билмек эле дешип, бийликке, атак-даңкка жетмекке далбас урат. Ар бирибизди эл алаканга салгандай аңдап турат. Сөзү өлгөнгө добуш жок.

Эки жигит турган орундарында бетон мамы сымал катып калышты.





Төбөңдөн урган төрт берен


Деги элден айлансак болот; ар кандай окуя болор алдында топтошо калып, ыкташа калып, шыбың-шыбың кебин салып, ыракатка канып туруп, тарап кетме адети бар го, чиркин. Андайда ала жазда асман бетин бербей, бирде уюлгуй тартып, бирде чачырап учкан карга-таан сымал кыргыз айылдарында бөтөнчө бир шаң өкүм сүрөт дейсиң, күн-түн топураган улан-кыздын арыбаган күлкүсүн айтпа. Аларды ээликтирип айлуу түнгө алып чыккан шайлоо дегенибиздин сыйкырлуу күчүн кантесиң. "Мен депутат болом дегендер, жарым жыл мурда айыл-айылды аралай чаап, арак-шарабын агызып, арасынан сакалдууларын терип, ак боз бээ союп берип, батага маарышат. Анын шек-шооротун эшиткендер дымып калмакпы. "Ошол кап курсакча болбогонду кудай алсын!" - дешип, алдарынын келишинче аттанып жөнөшөт. Эл эми, аларды ары кет демек беле, жардынын бир тойгону орто байыганы дегендей, бата баарына бирдей айтылат, добушка келгенде убададан тайгылат.

Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунда төрт берен биригип, бир гана бата алсак, өтүп кетербиз деген кыялга жеңдиришип, кандай күн болбосун ажырашпайлы деген антка бекишти. Ооба, өткөн 2003-жылкы шайлоодо ар округ төрттөн депутат шайлаганга укуктуу болушпадыбы. Ошондо сыналган төрт берен, карагайдын уюлу сымал камдашкан ынтымак курап, округдагы кичи райондорду суу жайпагандай тегиз кыдырышты.

Эми андайда жер алган кедейлердин чырагына май тамды дебейсиңби?! Шайлоочуларга жолугабыз дешип төртөө тең журт алдында түп максаттарын түгөл баян этишти.

- Төртөөңдүн ким экениңерди эми билдик. Кана, бизге тийгизер жарыгыңар кандай?

- Эмне кем-карчыңар бар? - деди аларга баш-көз өңдөнгөнү.

- Трансформатор жок, караңгыбыз, телефон жок.

- Муну мен бүтүрөйүн. Бирок, телефонду Өкмөт баасына деп сүйлөшүп берейин, - деди ноочо келген, карасур аз сүйлөгөнү.

- Сууну алыстан ташыйбыз, арыктын агындысы, айлабыз куруду.

- Муну мага койгула, бирок, эмики жылдын майына барат, - деди майболпочу.

Эл дуу-дуу:

- Шайланып алып, куйругун шарт түйгөн депутаттардан күйгөнбүз, аке, - деди ээрди жука, эркек үндүү келин.

- Сөзүбүз сөз, бизде да абийир бар, - деди жоон-жолпу келген богоктуу жигит.

- Анда ыракмат, кышкысын балдар мектепке катташтан кыйналат экен?

- Анысы мага тиешелүү. Эртең мененки жетиде, түшкү экиде маршрутту каттатабыз. Бул жагы оңой, - деди орто бойлуу, сыйда мүчөлүү жигит.

- Мектепте класстык бөлмөлөр жетпейт, куралдар тартыш, китептер жок.

- Муну мен көтөрөйүн. Сегиз жылдык мектепти курдурушка киришип, спорт аянтчасын орнотом. Өкмөт бербесе, өзүмдүн жанымдан төлөйм. - Эт албаган, катыңкы адеми кийинген ушинетти.

Эл дымый калганда айыл аксакалы колун көтөрөрү менен өзү да кошо козголуп:

- Эл, журт, береги төрт берендин убадасына, кудай-акы уюп калдык. Ушуларды тобунан бузбай колдоп берели. Айтымына караганда ар бири ар түрлүү мекеменин башчылары экен. Кандай дейсиңер? Ишенелиби?

- Ишенели, - деди төртөөн жандаган жигит: Аксакалдын сөзүн колдойбуз, - дегендер кол көтөрүп койгула. Баладан өйдө эки колун асмандатып, "ураалап" жиберишти.

Арадан бир жума өтпөй, ноочо келген, карасур жигит келип трансформаторду орнотор жердин жайын кыдырып, жаштарга кургурдан жапма челек өңдөнттү. Ал тургай күрүч да бастыртып жиберди. Эки курдай экчегенде сөздөн сөз чыгып:

- Аба, - деди шашма жигит, - аба, кыргызда ага-тууган, жек-жаат деген болот экен. Алардан чыксак, айлабыз алты кетет. Чынын айталы кабыргабыз кайышып турат. Мына, булар деле чынын айтышсын...

- Төртөөңдү тең колдойбуз дебедиңер беле?

- Бул былжырайт, дегенибиз деген - туурадан теңирекей жигит күүлөнө сүйлөдү. - Шайлайбыз дедик, шайлайбыз.

Трансформатор койдурмакчы болгон жигит:

- Тигилерди өзүңөр билгиле, бирок мени калтырбагыла. Трансформаторду жакында орноттурам, - деди муңайым тарта.

- Бөркүңөрдөй көрүңүз, аба! - деп бакалактай баягы шашмасы канат күүлөп.

Ушундан эки күн өтпөй, богоктуу жигит бир жашик арагын, жарым койдун этин төмөнкү зонага, ошончону жогорку зонага таштап:

- Өңгөнү койсоңор да мени сөзсүз шайлагыла, - деген бир сөз айтып, жөнөп берди.

Мындан эки-үч күн өтпөй эт албаган катыңкы мектепке анча-мынча көрсөтмө куралдарды, китептерди берип жатып:

- Башканы койсоңор да, мени шайлагыла, - деп кетсе болобу...

Шайлоо жакындап калганда эл кайрадан дүргүп, башкалар концерт менен келишип, жолугушуу уюштуруп жатты. Ошондо мурдагы төртөө жөнүндө кеп козголуп, айыл аксакалына: "Башканы койсоңор да мени шайлагыла" - деген айрымдарынын өтүнүчүн угузуп, бул кандай болчу деген өңдүү собол салышты.

Айыл аксакалы:

- Оо, төбөңдөн урган төрт берет, антты бузган алдамчы белең. Төртөө төрт тараптан келген жоону тосоор сепил экен дебедик беле? Арга не, өз убалдалары өзүнө, - деп кол серпти.

Баятан бери кулагын ачык коюп, кулуюп олтурган Батакөй чал:

- Күнөө өзүбүздө, агаиндер, биз али депутатка кандидатты тандашты билбейбиз. Алар шаардык кеңештин жыйынында жер алган кедейлердин турмуш-тиричилигин канткенде жакшыртыштын жай-маанисин туюндуруп, өзөктүү маселе көтөрүп, ошого жараша бюджеттен акча бөлдүртүп беришке кудурети жетер билими жана тажрыйбасы барбы? Мурда алар элди артынан ээрчитип, жумурай-журтка аздыр-көптүр аркасы тийгенби, улан-кыздарды оң жолго салар жандүйнөсү чалкарбы; бул жагына баа бербей, кимдин жан чөнтөгү калың болсо, ошону колдосок, эртеңки күнү кокуй-наалатты ошондо кошолонтуп жүрбөйлү. Эң башкысы - бизге эл мүдөөсүнө күйүп-жанган, Ата-Журтуна кара башын сайган ар-намысы бек адамдарды шайласак, калкыбыз кайгы-капасыз болбойбу!

- Жарыктарым, - деди Батакөй чал жаштарды беттеп, - добушуңарды анча-мынча олжо-буйлага алмаштырбагыла. Ар бир адилет адамдын добушу - Ата Журттун конушу. Садагалар, ар бириңе тагдыр ата конушун ардактап, ата салтын ыйык туткан касиет берсин деп тилейм. Карыларым, силерге ырыс-ыйман айтсын оомийин!

- Ыракмат, ата, сиздей адамдарыбыз аман да, арбын да болсун, - деди ак куба жигит көөдөнүн көтөрө берип. - Акылмандарга жолуксаң, Ала-Тоонун сеңирине чыккандай бийиктейсиң!

- Университеттин профессору сымалданып сүйлөдү, - деди орто жашка барган кара тору киши.

- Калк ичи - акыл кенчи, - деген ушул. Карыган мага да сабак болду, балдарым, жети өлчөм бир кесели мындайда, - деди айыл аксакалы.


Башын жоготкон байбиче


Шайлоо күнү байкоо салып көрдүң беле, курдаш? Калаанын как ортосунда элдин агымы, жүрүм-туруму салкын, саал-паал жайдары, кытмыр жылмайышка салган жылмаңдар аз, көбү ичимен тап. Ал эми калаанын чет жагы, жака-бели шаңдуураак, адамдар бири-бири менен ээн-эркин эрмектеше берет да, добушун кимге берерин оозу боштор балп эттире айта салмасы бар.

Батакөй чал ошондой чөлкөмдүн бирине тап болду. Таң эртеден калкты маршруттарга салып, шайлоо пунктуна жеткирип жатканы; келгендердин жүзү жаркып, жаштары жагалдана басышат. Булар кайсы бир кичи райондон, жер алган кедейлер тарабынан келишкен сыяктанат. Күлкү, тамаша аралап, шайлоого демдүү келишти.

Ал эми жөө-жалаңдап, төрт-бештен келгендердин маанайы басыңкы, улгайгандар илбип-селбип илкишет.

Дагы бир кур эски чоң автобуска шыкап келингендер бактын арасында турган эки жеңил машинага тийип өтмөйүн ичкери киришпеди. Алар тетири карап, оозу-мурдун сүртүп, кылкандуу балык жешкенсип, какырынып алышат.

Дагы бир бөлөгүн шыпыңдаган кара тору келин кучактап, мойнуна асыла калып, сол колун ар биринин койнуна сойлотуп, кулагына шыбыраган өңдөнөт.

Бир көшөгөлүү, төрт сүрөттүү үнсүз комедияны дал ушул жерден баамдады. Көз ымдап, жаңсап, башын оң, же сол жагына жыгып, намаз окуган молдо сымалдар шайлоого кирер алдында арбын кездешет белем деп Батакөй чал ичинен бир эсе күлөт, бир эсе түтөйт. Ал дагы ак ниет, момун чалыш, орусча өсүп, куулук-шумдуктан чет жээнине ишенимдүү өкүл болуп барган. Өкүлдөр өздөрүнчө олтуруп алып, бюллетендин таркатылышын байкап, тизмеден тыш бөлөк-бөтөн бирөө аралап, добуш бербесин деп аярлана аңдууга алышат.

Бир оокумда жетимишке жете бербеген жашы бар, ак жуумал, салабаттуу байбиче бюллетень алып, көзүн үлүңдөтө тизмедеги отуздан ашык адамдын аттарын издеп кирди. Тапты көрүнөт, ошол фамилиянын тушундагы төрт чарчы тегерекке белги коймокко, бир аз буйдала түштү. Бер жагын санаса он, бирок, анын тушундагы көзөнөкчө он бир. Кызык, бул эмнеси деп, комиссия тарапка собол салды. Аяктан бир жигит келип, санап көрсөтүп берип, кетип калды. Ал саал буйдала калганда баягы шыпыңдаган кара тору келин:

- Ой, апа, эмне таппай жатасызбы, - деп сөөмөйү менен бир жерди шектүү нукуп өтүп, оолай берди. Батакөй чал:

- Бул келин комиссияда бар беле, байбичеге баш тоголотуп кетти го, - деди.

Председатель шекшидиби, же аны эркин жойлотуп койгонуна сестендиби, ордунан тура калып, алиги келинди кууп чыкты.

- Оо, байбиче, менин көз айнегимди кийип караңызчы, - деп дароо бере салды. - Так, таамай көрсөтөт.

Байбиче уялдыбы, айтор колу калтырап жатып, башка уяга белги салыптыр.

- Жаңылып калдым, айланайындар, кечирип койгула, - деди бюллетенди көтөрүп, председателге карматты.

Ушул арада кара тору келин нукуп өткөн экинчи аял да:

- Мен да бузуп койдум, - деп четтей берди.

Ошол замат акт түзүлүп, күбөлөр кол коюшуп, беркилер кайра шайлашты.

Качан гана ак жуумал байбиче сыртка чыгып, элден обочолонуп баратканда, Батакөй чал жете:

- Байбиче, кара тору сыйкырчы сөйкөнүп өткөндө көзүңүз тумандап калды го, - деди.

- Балакеттүү келин даарып өткөнү, муунум калтырап, башымды жоготуп койдум. Таалай деген мыкты жигитти шайлайын деп баргам, тигил каскактын саатынан бөлөккө ооп кетпедимби.

- Ыракмат, байбиче, арамдыгы жок ак пейил адам экенсиз. Сиздей ак безерлердин башы азгырыктан улам жоголсо, элди башы менен басып, мурду менен тынгандар башкарса, урпактардын убалы кимге? Улгайгандар ушул жагын ойлобой жатабыз, байбиче.

- Кечириңиз, өмүрүмдө мынчалык жети өмүрүм жерге кирбеген эле.

- Өткөнгө өкүнбөйлү, байбиче, жоголгон башыңыз табылып, кийинки шайлоолордо өзүңүз өңдүү асылкечтер да ак жолунан адашпай жүрүшсүн, - деди карыя.


Сыйкырланган шайлоочулар


Алтын баш аман турса, Алла Тааладан башканын баарын көргүдөйсүң. Шайтан көрүнбөйт, алданбайт дегениң түккө турбай калды. Таң калбаска аргаң не? Мына, кечөө эле Бүткүл союздук телеберүүдөн Кашпировский жумурай журтту жатаар алдында сыйкырлап, уктатып да, айыктарып да жиберди го. Бир совет эли эмес, дүйнөдөгү калк түшүркөп:

- Бул эмне деген кудуреттүү сыр, - дешип баш чайкаган күндөрү болду. Атагы таш жарган академиктер илимий ачылышты жан алы калбай кубатташты. Дал ошол учурда өзбек элинен чыккан сыйкырчы көзачык аял биздин "Спартак" стадионуна калаа калкын камап алып, жан дүйнөсүнө жабышкан дартты силкип, жан чөнтөгүн бошотуп баса берди го!

Мындай кереметтке эл кургакка чыккан балыктай акактап жатканда, Германиянын "Штигель" журналы "Дөдөйлөр өлкөсүндө" деп тымызын күлүп алган соң, аз-маз тым-тым болгон элек.

Бирок, эл экенбиз, эчен түркүн олуя-заадалар орто кылымдан ойгонуп келгенсип, арбактар менен амандашып, алардын айткандарын кереге гезиттерге кереметтүү сыр катары чиймелеп киргенде, мында бир асманды карап алып:

- Кудай, муну угузганыңа да тобо, - деп жаканы муунта карманган элек.

Айтор, асман тараптан аян алып, аны ар ким, ар кимге таркаткан көзү ачыктар азыр деле арбын, Ошолордун бирин шаардык кеңешке депутаттыкка шайланаар талапкер шайлоочуларды сыйкырлатмакка алып чыкты.

Күндүзү күн мемиреп тийип, кечкисин жылуу болуп турду. Жер алган кедейлер бир көчөгө чогулушуп, бала-бакырасы менен бараандуу көрүнүшөт. Музыка кыйкырмайын азыркы жаштар алымсынбай калсын. Айтор, бака-шака, ызы-чуу, сөз угулбайт.

Жыйын ачылып, талапкерди тааныштырып, өмүр баянын айтып, аткарган кызматынан бери асмандатып бүткөн соң калганы ирети менен баян этилди.

Бирок, андайда басанаак балдар, баш бербеген улан-кыз, кызып алып, сөздү жыра талашкандар азабыңды айдай жедирет эмеспи. Тартип, тыюу, абийир деген мокогон чөлкөмдө чөкө таанча кыжы-кужу күчөй берери кимге дайын эмес. Анын үстүнө ар кошкон эл; жазгануу, уялуу, тартынуу дегенди билбей, жаңыраңдаган таркылдактар сазайыңды жетилтет. Ошондой бир күрү-күү күчөй түшкөн маалда:

- Мырзалар, айымдар, азыр биздин аймактагы касиеттүү адамыбыз, кыл табып Карлыгачтын сөзүнө кулак аскыла, - деп айтылар замат дуу-дуу өрт өчкөндөй дымып, баш бербеген балакайлар мурдун бир сүртүп алып, момурап беришсе болобу?

- Кудайымдын пенделери, Мухамбет пайгамбардын үмөттөрү, дили таза, забалуу, арбаюттуу адамдардын урук-жураты, баарыңарга Алла Таааладан ыйман-ырыскы, абийир тилейм. А дүйнө кеткен ата-бабалардын арбактары жөлөп-таяп Алла Таалам өзүңөргө жар болсун. Кудайым буюрган насип экен, сиздер менен дидарлашып олтурам. Мындай жыйындарга көңүлүм чапчу эмес эле. Алла тааладан: "Эртең элге барып, пешенесинен нур төгүлгөн медерге ак батаңды арнап кайт" деген аян болду, кадырлуу калайык. Бул адамдын түп атасынан бери олуя-завалар колдогон касиет бар экен. Түп атасынан бери элге ыракымын тийгизип, жарыгын чачкан айкөлдүк ушул жигитке ооптур.

Теңиримдин аян бергенине ак дилиңерден кошулуп, добушуңарды аябагыла, кудайым ар бириңерди колдосун, силердин да төрүңөрдө кут ойносун. Оомийин!

- Оомийин, берген батаңыз кабыл болсун! Кара, эл-журт касиеттүү Карлыгач эжеңердин сөзүн колдойбуз дегендер кол көтөрүп койгула!

- Ураа! Бир добуштан колдодуңар! Ыракмат, эл-журт, - деп ишенимдүү өкүл бакылдайт.

Ушул арада Батакөй чалга сөз тийди:

- Ассалому алейкум, агаин-тууган, силердин коомдук аң-сезимиңердин өскөнүнө жетине албай турам. Мугалимге баш бербеген балдар, уят-сыйыттан кеткен улан-кыз Алла Тааладан, абалкы арбактардан азга болсо да айбыгып, дымып бергенинен улам: "Бул чөлкөмдөн абийир, акыйкат алыстай элек тура", - деп эт жүрөгүм элжиреди. Ардактуу агаин-тууган, орто кылымдын өчкөн очокторунан от издебей, жүрөгүңөрдөгү ыйык учкунду тутантып, келечекке кенен карап, жан дүйнөңөргө илим-билимдин шооласын аралаткыла деп тилээр элем. Ак-караны айырган адилдик силерди жандай жүрсүн, бар болгула!

Обочондон бирөө үн салды:

- Кебез сыйыртмагын кекиртегибизге илип салган, бул ким ыя?


4Х = 40


Ээ, курдаш, карап турсаң азыркы шайлоо бир белгисизи бар теңдеменин өзүнө куп гана төп келип бараткансыйт. Ошол себептен 4х = 40 деген теңдемеге тегиздей салдым.

Ооба, белгисизди табыш оңою оңой, бирок, депутаттыкка таптакыр белгисиз кишилердин катталганына таң каласың. Береги теңдемени байкаган адам, бир округдан төрт адам шайланаар жерге балга үйүлгөн чымын сымал кыркы чокмороктошуп алганын карабайсыңбы деп мыскылдашы анык.

Демек, ИКСтин маанисин теңдеме боюнча тапсак онго барабар экен. Бир орунду он киши талашат десең! Оо, кызыгың түшкөн, дүйнө-ай, деле калайык калк атын эшитпегендер катталып алыптыр. Элге эмгеги, адамкерчилиги менен таанылса: "Оо, бул бечеранын депутат болом деп дегдей турган жөнү бар", - демекпиз да, добуш бермекпиз. Аны коюп, сүрөтүн бетон мамыларга, кире бериштин каалгаларына чаптатып, аты-жөнүн, өмүр жолун, аткарган ишин, өлкөнү өрүш алдырып жиберер ойлорун түрлөнтүп жазып коюшкан. Ээ, курган бечера, бул машакатка канча каражат чыгымдалды? Катталышы деле калың акча, эми анын үстүнө кагазын ташып жүргөндөргө, жалпалактап: "Мен жүз кишиге добуш бердирем", - дегендерге, округдук, участкалык шайлоонун билермандарына ушаткан акчасын коё кал. Кокус жолугушуу өткөрсө, аксакалдарына чай-чамалек таштамай өңдүү өнөкөт өрөөлөй басты го.

Ээ, кыргызың түшкөн, дүйнө-ай, адам дегениңде ар-кор, намыс болот дечү эле го. Анан калса, өзүнүн чама-чаркын адилдиктин таразасына салып көрөт дечү эле го. Буларды буйтап өтүп, пулдун күчүнө салып болсо, болбосо да бир чөйрөгө жарк этип таанылып калышкан талпынгандар такасын жешилтип барып, дымып калышты. Не болсун, өткөн жылкы Бишкек шаардык кеңешине депутат болом дегендердин алды отуз миң долларынан ажырап, оозун басып олтуруп калды деген кепти Батакөй чал эшиткенде дегени бул:

- Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт деген бар. Эшекти жемдеп, тулуптай бакса, тулпар болуп бербеген сымал кеп болду. Кай бирлерге азыркы шайлоо. Каадимден бери калыстыктан кайтпаган калк кара менен акты кантип ажыратпасын да, адал жүрөктүүнү арсыздан кантип айра албасын...Акыйкат акыры түбү жарк этмейин койбойт.


Саятчы"


Айрыкча шайлоо маалында кимдин ким экендиги таасын баамдалып каларын Батакөй чал байкап өттү. Адамдар аркылуу окуялар сыналат белем. Гитлердик фашизм совет өлкөсүнө кол салганда калктын урагыс аскадай биримдиги, эрдиги жана кайраты ташкындап, курал жагынан алда канча ашып турган душмандын ташын талкан эткен. Ошол элдин укум-тукуму бүгүнкү күнү неге майдаланып, күйпүл турмуштун очогун имерчиктеп, кайратынан жанып олтурат. Кай себептен кара курсактын камын ойлоп калк тагдырына кайдыгер карап, бытырап, дайынсыз чачылган өңдөнүп, күнүмдүк олжого сугулуп, түбөлүктүү максатынан адашат. Кай себептен айрымдар болор-болбос садага-секетке алданып, дининен безип, Иогово жагына оойт. Ушул өңдүү сансыз санаа улут-тагдырын ойлогондордун жанын жай алдырбай, уйкусун качырат.

Шайлоо алдына серп салган Батакөй чал көөдөнү кучак, көрөңгүсү чак бечералардын дептутаттыкка бүлүнгөнүнө ичинен бүлк-бүлк, бирок көмүскөгө көмүлүп алып, желе тарткан жөргөмүш өңдүү жөө тумандарды ушул саам аңдууга алды.

Көбүнчө кеч кыстай эки-экиден кошоктошуп жүргөн аялдар көп кабаттуу үйлөргө кирип кетип, кыйладан соң көңүлдөрү көтөрүңкү кайтышат. Непада Батакөй чал алардын алдынан чыгып калса, Иогово секталары кыргыз тилинде чыгарган китепчелерди сунат. Карыя каада-салтка салып, колун бооруна алып:

- Өзүңөргө буюрсун, буюгуп жүргөн, жарыктарым, - деп алкап узатат.

Бирде тогуз кабаттуу үйлөрдүн үй комитеттеринде иштеген аялдар пенсиясы тартыштардын тизмесин шашылыш алып, ар ким, ар ким менен күпүң-күпүң этишкенин байкайт.

- Депутаттыкка кандидаттыгын көрсөткөн өкүл жармачтарга жашыкча конверт берип жатыптыр деген аңыз кичи райондордун базарларын аралай чапты. Ким бериптир, кандай кызматта экен, биздин жай-маанибизди түгөл түшүнөт бекен? Мындай соболго жан адам жооп кайырбай, ийин куушуруп оолактай беришет. Анан калса, азыркыларың ак оюн аңтара салып, акыл куруп, бир бүтүмгө келер өнөктүгү байкалбайт, көбү ичимен тап. Кимге добуш берген жатасыңар, кимге ишенесиңер деп чечмелеп көрсөң!

- Ал деле ойго келсе буюрбасын, - деп орто жашагандары кесе жооп кайтарышат.Жаштар бири-биринен кыйытып сурамжыласа:

- Посмотрим, - деп ийин кагышат. Үй үйгө актай конверт жаап жатыптыр деген табышмактуу кеп таралаар замат Батакөй чал:

- Сүрөттөрүн бир нече миңдеген нускада бастырып, көрүнгөн жерге чаптатып, упарак болгондор менен ак боз бээ чалып, ак бата алгандарды актай конверт ара жолго калтырышы ажеп эмес. Не дегенде, торго түшүрүп айла-амалды тапкан адам өтө кыраакы, саресеп, абдан аяр, бирөөлөрдү тымызын жумшап коюп түбөлүк максатты көздөгөн көсөл. Округдагы шайлоочулардын так эсебин алып, ошолордун 30-40 пайызына ак конверт таратып, аты-жөнүн жаздырып, кол койдуруп, тап жылгыс кылса, жеңиш - аныкы. Диний секталар биздин элге тарткан тузак дал ушул ыкмада. Тузакка ким кандай чалынды; желеге кантип кабылды; саятчынын торуна кантип түштү, алар өз айбын өлүмжан айтышпайт. Кайтып, элдик эски-макал лакапты бетине кармашат. Ичтен иритип, сепилдин түбүн өзүбүзгө бошоттуруп, уратып баса берүүчүлөр ошолор.

"Саятчы" деген сөздү жаңы муун билбей калбадыбы? Бүркүттөр кеч күздө кайтып баратканда тор жайып, өңүткө буккан куш күйгүч - саятчы делинет. Жарыктарым, азыркы "саятчы" үн чыгарбай, конверт көргөзүп калган тура. Сак болгула, - деди жумшак дабыштап.

Шайлоонун жыйынтыгында кыргыз да, орус да эмес, башка улуттун өкүлү утуп, карыянын кайманалап айткан кеби калетсиз болуп чыкты.



© К.Ашымбаев, 2006. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

64