СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Март сүрөтүнүн тарыхы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Март сүрөтүнүн тарыхы»

«Март»

«Пейзаж»- бул жаратылышты же аймакты чагылдыргын сүрөт искусствосу. Пейзаж маанайды, эмоцияларды жана таасирлерди берүү менен бирге автордун көркөм көз карашын чагылдыра алат. Сиздер менен бөлүшүүчү сүрөт да, өзүнө бир канча мазмунду, бир канча тарыхты камтыйт. Биздин «Бир сүрөттүн тарыхы» рубрикабызда сүрөтчүлөрдүн шедеври болгон Исаак Ильич Левитандын «Март» сүрөтү жөнүндө болмокчу.

Сүрөттүн аталышы: «Март».

Автору: Исаак Левитан (1860-1900).

Жазылган жылы: 1895-жыл

Өлчөмү: 60 x 75 см.

Жанр: Пейзаж.

Техника: Майлуу боёк.

Материал: Холст

Учурдагы жайгашкан жери: Мамлекеттик Третьяков галереясы, Москва.

«Март» — 1895-жылы Исаак Ильич Левитан тарабынан тартылган атактуу картина. Кенепте(холстто) жаздын башталышындагы ачык күн сүрөттөлөт. Бардык жерде дагы эле кар бар. Жаратылыш толугу менен кардан арылы элек. Бирок жазгы жаркыраган күн азыртан эле жерди, бак-дарактарды сылап турат. Анын жылуу нурларынын астында алдыңкы пландагы кар катмары кичирейип калган. Композициянын ортосунда чанага жабдылган ат. Бийик, бийик кайың дарактар, канаттууларды кабыл алууга даяр турган уялар. Оң жактагы эки кабаттуу жыгач үйдүн дубалынан сары нур чачырап, айлананын баарын жылытып тургансыйт. Подъездин кара чатырындагы кар кулайын деп тургансыйт. Сол жакта кочкул жашыл ийне жалбырактуу дарактар. Чыгармада кышкы уйкудан ойгонгон жаратылыштын көптөгөн деталдары чагылдырылган, кубанычтуу атмосфера, жарык жана ачык түстөр колдонулган.

Исаак Левитан – XIX кылымдын аягындагы орустун көрүнүктүү сүрөтчүсү, поэзия негизги ноталар менен гармониялуу айкалышкан “маанай пейзаждарынын” жаратуучусу. Ал башкалардан өзгөчөлөнүп табиятты рухийлештирип, анын эң кылдат абалын ачып, курчап турган дүйнөгө көз чаптырган адамдын сезимдерин сүрөттө чагылдырганды билген. Сүрөтчүнүн чыгармалары лирикага, турмуш чындыгына толуп, эбегейсиз көркөм чеберчилиги менен айырмаланат.

Сүрөтчү кышкы темаларды тартууну жактырчу эмес, ал түскө бай жаз-күз мотивдерин жактырган. Эрибеген кардын көптүгү менен «Март» картинасы анын чыгармачылыгында сейрек учурайт. Пейзажчы бул сүрөттү адаттан тыш тез, бир нече сеанстарда тартканы белгиүү. Исаак Левитан табияттын карама-каршы күчтөрүнүн – жылуулук менен сууктун, жарык менен караңгылыктын кагылышын чагылдырган.

Исаак Левитандын «Март» картинасы 1896-жылы эки көчмө көргөзмөдө көрсөтүлүп, сүрөтчүлөр арасында чыныгы сенсация жаратып, орус живописинин тарыхында бурулуш учур болгон. Көрсө, буга чейин эч ким карды жана асманды мынчалык жаркыраган, сергек жана жашоону ырастаган боёп көргөн эмес. Павел Третьяков тарабынан сатылып алынган чыгарма Третьяков галереясынын коллекциясына киргизилген жана азыркыга чейин пейзаж сүрөтчүлөрү үчүн шыктануу булагы болуп саналат.