Просмотр содержимого документа
«Машстаб 5-класс»
5-класс.Математика
Масштаб
Саттарова Г.А
Турмушта үйлөрдү,завод-фабрикалардын
имараттарын, стадиондорду жана
башкаларды курууда адегенде алардын
планын кагазга түшүрүп чийип алышат.
Ошондой эле жер бетинин сүрөттөлүшүн
да кагазга түшүрүшөт. Ал карта деп аталат.
Албетте,бул учурларда объектилердин
чыныгы өлчөмдөрүн бир нече (100,1000,10000,
1000000,...) эсе кичирейтип алышат.
Пландагы (картадагы) кесиндинин
узундугунун ага туура келүүчү жер
бетиндеги кесиндинин узундугуна
бөлгөндөгү тийинди пландын
(картанын) масштабы деп аталат.
3см
9см
үүүүү
6м=600см
3м=300см
9м=900см
«1см-1м»
«1см:100см»
«1:100»
6см
Биздин жогорудагы мисалда, пландагы
1см узундук чыныгы узундуктун 100см
ин түшүндүрөт. Ошондуктан үйдүн
планынын масштабы
Адатта бул масштабды 1:100 деп
жазышат.
Географиялык карталардан масштабы
1:100000, 1:1000000 деген сандарды көрүп
жүрөсүңөр. Бул сандарды кандай түшүнөсүңөр?
1-мисал: Эки шаардын арасындагы аралык
карта боюнча 3см,ал эми масштаб 1:1000000
болсо,эки шаардын чыныгы аралыгы канча?
Чыгаруу:
х -чыныгы аралык болсун
Картада 1- 3 см
Чыныгы 1000000-х
Жообу: 30км
2-мисал: Эки шаардын арасындагы аралык
карта боюнча 4см,ал эми чыныгы аралыгы
12км болсо,картанын масштабы кандай болгон?
Чыгаруу:
х -картанын масштабы болсун
Картада 1- 4 см
Чыныгы х-1200000см
Жообу: 1:300000
№ 700. Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын
арасындагы аралык 60км. Масштабы 1:750000
болгон Кыргызстандын картасындагы бул эки
шаардын арасындагы аралык канча?
х -картадагы аралык болсун
Картада 1- х см
Чыныгы 750000-6000000см
Жообу: 8см
Үйгө тапшырма:
№ 701,702,703