СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математика 4-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Математика 4-класс»

куну






колу






Сабактын темасы:жолдо журуу эрежелери

"Автомагистраль" - автотранспорт каражаттардын ылдам жүрүшү үчүн арналган, ар бир багыт үчүн экиден кем эмес жүрүү тилкеси бар, бири-биринен бөлүүчү тилке менен (ал жок болсо - жолдун тосмосу менен) ажыратылган, башка жолдор менен, темир жол же трамвай жолдор, жөөлөр үчүн же велосипед үчүн жолдор менен бир деңгээлде кесилишпеген, 5.1(**) белги менен белгиленген, өткөрүүгө жарактуулугу жогорку жол.

"Авариялык кырдаал" - жол кыймылынын учурунда жол кыймылына катышуучулардын аракеттери же аракетсиздиги жол-транспорт кырсыгы болуу коркунучун жараткан кырдаал.

"Автопоезд" - чиркегич (чиркегичтер) чиркелген механикалык транспорт каражат.

"Жол кыймылынын коопсуздугу" - жол кыймылына катышуучулардын жана мамлекеттин жол-транспорт кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен корголуу даражасын чагылдыруучу жол кыймылынын абалы.

"Коопсуз дистанция" - ошол эле тилкеде алдыда бараткан транспорт каражатка чейинки, ал капыстан тормоз берген же токтогон учурда артта келаткан транспорт каражаттын айдоочусуна капыстан катуу тормоз бербестен сүзүшүүнү болтурбоого мүмкүндүк берчү аралык.

"Коопсуз интервал" - жүрүп бараткан транспорт каражаттардын же алар менен башка объекттердин капталдарынын арасындагы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу аралык.

"Коопсуз ылдамдык" - айдоочу транспорт каражатты коопсуз башкарууга жана конкреттүү жол шарттарында анын кыймылын контролдоого мүмкүндүк алуучу ылдамдык.

"Буксирлөө" - бир транспорт каражат менен экинчи транспорт каражатты катуу же ийилчээк илгич менен же бир бөлүгүн платформага же атайын таяныч түзүлүшкө жүктөө жолу менен сүйрөө, бул транспорттук составдарды эксплуатациялоого кирбейт.

"Велосипед" - майыптар коляскаларынан тышкары эки же андан ашык дөңгөлөгү бар жана анда отурган адамдын кара күчү менен кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

"Көрүнөөлүк" - айдоочунун ордунан жолдун элементтеринин чектерин жана жүрүүгө катышуучулардын орундарын даана көрүүгө болуучу максимум аралык, бул айдоочуга транспорт каражатты башкаруу учурунда коопсуз ылдамдыкты тандоо жана коопсуз маневр жасоо үчүн ориентир алууга мүмкүндүк берет.

"Айдоочу" - кандайдыр-бир транспортту башкарган адам, жүк жүктөлүүчү, мингич жана башка малды айдап бараткан адам. Айдоону үйрөтүп жаткан адам да айдоочуга теңештирилет.

"Аргасыздан токтоо" - транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушунан же ташылып бараткан жүк келтирген коркунучтан, айдоочунун (жүргүнчүнүн) абалынын начарлоосунан же жолдо тоскоолдук пайда болушунан улам кыймылдын токтотулушу.

"Транспорт каражатынын ээси" - балансында транспорт каражаты бар юридикалык жак болуп саналган уюм же транспорт каражатына менчик укугу бар адам.

"Башкы жол" - кесип өткөн (кошулган) жолго карата 2.1, 2.3.1. - 2.3.3. же 5.1. белгилери менен көрсөтүлгөн жол же топурак жолго салыштырмалуу катуу кыртыштуу (асфальт жана цемент-бетон, таш материалдар жана ушул сыяктуулар менен капталган) жол же жамаатташ аймактардан чыккан жолдорго карата ар кандай жол. Кесилишке жакын жердеги экинчи даражадагы жолдун капталган кыртышы бар болушу аны мааниси боюнча кесилишип жаткан жолго карата теңдеш кылбайт.

"Араба (чана)" - жаныбарлар чегилип кыймылга келүүчү транспорт каражаты.

"Тоодогу жолдор" - жүрүүнүн коопсуздугуна таасир этүүчү техникалык мүнөздөмөлөрү: деңиз деңгээлинен орчундуу бийиктиги, тик өйдөлүштөрү, чукул радиустагы бурулуштары, серпантини, горизонталь участоктордун кыскалыгы, бүтөлүп калуу, суу жеп кетүү, таш кулоо, кар көчкү жүрүшү мүмкүндүгү, жолго жакын жарлар ж.б.у.с; аба ырайынын шарты тез өзгөрүшү менен түз жердеги жолдордон айырмаланган жолдор.

"Жүк ташуучу автомобиль" - конструкциясы жана жабдылышы боюнча жүктөрдү ташууга арналган автомобиль.

"Кызмат адамдары" - өздөрүнө кызматтан көз каранды эмес адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча тескөө укуктарын жүзөгө ашырган же мыйзамдарда белгиленген тартипте буга укуктуу болгон адамдар, ошондой эле мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык функцияларды аткарган адамдар.

"Жол" - ылайыкташтырылган же ыңгайлаштырылган жана транспорт каражатынын кыймылы үчүн пайдаланылуучу жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүңкү бети. Жол өзүнө бир же бир нече жүрүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле трамвай жолдорун, жөө адамдар басуучу жолду, жол жээгин жана тилкелер болгон учурда аларды бөлүштүрүүчү сызыктарды камтыйт.

"Жол-транспорт кырсыгы" - транспорт каражатынын жол кыймылынын процессинде жана анын катышуусу менен келип чыккан, адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, транспорт каражатынын, жүктүн, курулуштун бузулушуна же материалдык зыянга алып келген окуя.

"Жол кыймылы" - жолдордун бетинде транспорт каражаттардын жардамы менен же аларсыз адамдарды жана жүктөрдү ташуу процессинде болуучу коомдук мамилелердин жыйындысы.

"Жолдогу кырдаал" - жолдун шарттары, жолдун тийиштүү участогунда тоскоолдуктардын болушу, жол кыймылынын ургаалдуулугу жана уюштурулуш деңгээли (жол бетиндеги чийиндердин, жол белгилеринин, жолдук жабдуулардын, светофорлордун болушу жана алардын абалы) менен мүнөздөлүүчү факторлордун жыйындысы, айдоочу ылдамдыкты, жүрүү тилкесин жана транспорт каражатты башкаруу ыкмасын тандоодо ушуларды эске алууга тийиш.

"Темир жол өткөөлү" - жолдун темир жол менен бир деңгээлде кесилишкен жери.

"Турак жай зона" - калктуу конуштагы 5.38 жана 5.39. белгилер менен белгиленген аймак.

"Жасалма курулмалар" - жолдор дарыялар, жарлар, тоо кыркалары, жолдор жана башка тоскоолдуктар менен кесилишкенде жасалчу, кардан, кулоолордон тосуучу курулмалар. Автомобиль жолдорундагы негизги жасалма курулмалар: көпүрөлөр, кабат жолдор, тоннелдер, эстакадалар, түтүктөр, сууну агызуучу түзүлүштөр, галереялар, тирөөч дубалдар ж.б.

"Транспорт жүрүүчү бөлүктүн чети" - жол бетиндеги чийин менен, эгер ал жок болсо - жол бетинин четин бойлото, ошондой эле жүрүүчү бөлүк трамвай жолу менен кошулган жерде шарттуу линия менен аныкталат. Жол бетинин чекесин аныктоого мүмкүн эмес болсо, анын ичинде жол шарттары боюнча да аныктоого болбосо, жүрүүчү бөлүктүн четин айдоочу өзү тапталган тилкенин чети боюнча аныктайт.

"Жүрүүчү бөлүктөгү четки абал" - транспорт каражаттын жүрүүчү бөлүктүн четинен жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге карата абалы, бул удаалаш бараткан транспорт каражатка (анын ичинде эки дөңгөлөктүү транспорт каражатка) жүрүүчү бөлүктүн четине, жүрүүчү бөлүктүн ортосуна же бөлүүчү тилкеге андан да жакыныраак жүрүүгө мүмкүндүк бербейт.

"Жеңил автомобиль" - уруксат берилген салмагы 3500 (үч миң беш жүз) кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундардын саны сегизден ашпаган, конструкциясы жана жабдылышы боюнча зарыл ыңгайды жана коопсуздукту камсыздоо менен жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн ташууга арналган транспорт каражат.

"Маневр жасоо" - транспорт каражаттын жүрүп башташы, токтошу, аялдамасы, бурулушу (кайрылышы), орун которуусу, тормоз бериши жана артка жүрүшү.

"Маршруттук транспорт каражат" - жолдор аркылуу адамдарды ташууга арналган жана белгиленген токтоочу пункттары (аялдамасы) бар белгиленген багыт боюнча жүргөн жалпы пайдалануудагы транспорт каражат (автобус, троллейбус, трамвай, маршруттук такси).

"Көпүрө" - дарыя, жар же башка тоскоолдуктар аркылуу өтүүгө арналган курулма, анын чектери өткөрүүчү курулмалардын башталышы жана аягы болуп эсептелет.

"Механикалык транспорт каражат" - мопедден тышкары кыймылдаткыч менен жүрүүчү транспорт каражаты. Термин ошондой эле ар кандай тракторлорго жана өзү жүрүүчү машиналарга жайылтылат.

"Мопед" - 50 куб.см ашпаган жумуш көлөмүндөгү кыймылдаткыч менен жүрүүчү жана эң жогорку конструкциялык ылдамдыгы саатына 50 километрден ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Орнотулуучу кыймылдаткычы бар велосипеддер жана ушундай мүнөздөмөсү бар башка транспорт каражаттары мопедге теңештирилет.

"Мотоцикл" - капталында чиркегичи бар же анысы жок болгон эки дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражат. Жүктөлгөн абалда салмагы 400 килограммдан ашпаган үч же төрт дөңгөлөктүү механикалык транспорт каражаттары мотоциклдерге теңештирилет.

"Калктуу конуш" - курулуштары бар аймак, ага кире бериште жана андан чыккан жолдор 5.22 - 5.25 белгилери менен көрсөтүлгөн.

"Начар көрүнүү" - туманда, жамгыр, кар жааганда жана ушуга окшош шарттарда, ошондой эле күүгүмдө алдыдагы жолдун 300 м нары көрүнбөшү.

"Уюшулган жөө колонна" - жол боюнча чогуу бир багытта бараткан, Эрежелердин 4.2-пунктуна ылайык белгиленген адамдардын тобу.

"Токтоо" - транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөткө чейинки убакытка токтотуу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү үчүн, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү зарыл болгондо андан узак убакытта атайылап токтотуу.

"Кулоо" - тик беттерден таштардын, шагылдын жана асканын чоң бөлүктөрүнүн кулап түшүүсү.

"Ашып өтүү" - жүрүп бараткан бир же бир нече транспорт каражатты башка транспорт каражаттын ээлеген тилкесинен чыгуу менен, анын ичинде утурлаш тилкеге чыгуу менен кууп өтүшү.

"Жолдун чети" - жолдун жүрүүчү бөлүккө туташ, аны менен бир деңгээлдеги, бетинин капталышы боюнча айырмаланган же 1.2.1. чийин менен бөлүнгөн элементи. Жолдун чети транспорт каражаттарды токтотуу жана аялдамасы, жөө адамдардын, мопеддердин, велосипеддердин (тротуарлар, велосипед жолдору жок же алар боюнча жүрүү мүмкүн эмес болгон учурда), арабалар (чаналар) жүрүшү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

"Көрүүнүн чектелиши" - бараткан багыттагы жолдо көрүүнүн жолдун геометриялык параметрлери, жол боюндагы инженердик курулмалар, өсүмдүктөр жана башка объекттер, ошондой эле транспорт каражаттар менен чектелген көрүнүшү.

"Опурталдуу жүк" - касиеттерине байланыштуу ташууда адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтириши, табигый чөйрөгө зыян келтириши, материалдык баалуулуктарды бузушу же жок кылышы мүмкүн болгон заттар, алардан жасалган нерселер, өндүрүштүк же чарбалык иштин калдыктары.

"Жүрүүдөгү коркунуч" - жол кыймылынын процессинде пайда болуп, ошол багытта ошол ылдамдык менен жүрүүнү андан ары улантуу жол-транспорт кырсыгы чыгышына опурталдуу болгон кырдаал.

"Озуу" - транспорт каражаттын жанаша тилкелер боюнча удаалаш бараткан транспорт каражаттардын ылдамдыгынан ашык ылдамдык менен жүрүшү.

"Жол кыймылын уюштуруу" - жолдордогу кыймылды башкаруу боюнча уюштуруучу-техникалык жана тескөөчү иш-чаралардын комплекси.

"Уюшулган транспорттук колонна" - жаркылдаган көк түстөгү же айкалышкан көк жана кызыл түстөгү атайын өчүп-күйгөн жарыгы бар эң алдыдагы транспорт каражатынын коштоосунда дайыма күйгүзүлгөн жарыктары менен бир гана тилкеде биринин артынан бири бараткан үч же андан ашык механикалык транспорт каражаттарынын тобу.

"Көрбөй калуу" - көзгө жарыктын тийишинен улам айдоочу минимум аралыктагы жол элементтерин көрүүгө же айырмалап таанууга мүмкүнчүлүгү болбой калган физиологиялык абал.

"Кесилиш" - жолдор бир деңгээлде кесилишкен, кошулган же айрылышкан, элестетип боолголонгон сызыктар менен чектелип, жолдордун кесилишинин борборунан кыйла алыс турган карама-каршы жактарда жайгашкан бурулуштардын башталыштарын бириктирип турган жол кесилиши. Жол боюндагы аймактардан кошулган жолдор кесилиш деп аталбайт.

"Жөө адам" - транспорт каражатында болбогон жана анда иш жүргүзбөгөн адам. Майыптардын кыймылдаткычы жок коляскасында бараткандар, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелегендер, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн адамдар жөө адамдарга теңештирилет.

"Жөө адам өткөөлү" - 5.16.1, 5.16.2 белгилери жана (же) 1.14.1-1.14.3(***) чийини менен белгиленген жана жөө адамдар жолдон өтүшү айырмаланып көрсөтүлгөн жол бөлүгү. Чийин жок болгон учурда жөө адамдын өткөөлүнүн туурасы 5.16.1 жана 5.16.2 белгилеринин ортосундагы аралык менен аныкталат.

"Кыймыл тилкеси" - жолдун узатасынан кеткен тилкелеринин ар бири, алар чийин менен белгиленет же белгиленбейт жана туурасы автомобилдердин бир катар кыймылы үчүн жетиштүү болот.

"Артыкчылык (приоритет)" - жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда белгиленген багытта биринчи кезекте өтүү укугу.

"Жанаша аймак" - түздөн-түз жол боюнда жайгашкан жана транспорт каражаттары кесип өтүшүнө арналбаган аймак (короолор, турак-жай массивдери, автомобиль токтоп туруучу жай, автомобилге май куюучу станция (АЗС), ишканалар жана башкалар).

"Чиркегич" - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында жүрүүгө арналган транспорт каражаты. Бул термин жарым-жартылай жүктөлүүчү жана өзүнчө сүйрөлүүчү чиркегичтерге да колдонулат.

"Жүрүүчү бөлүк" - рельсте жүрбөөчү транспорт каражаттар жүрүшү үчүн арналган жолдун бөлүгү.

"Жүргүнчү" - транспорт каражаттагы айдоочудан башка адам, ошондой эле транспорт каражатка кирген (отурган) же транспорт каражаттан чыгып (түшүп) жаткан адам.

"Жолдордун кесилиши" - автомобилдик жолдордун тоому, анда бири-бирине кошулган жолдор үзүлүп калбайт жана алардын ар бири боюнча аралап өтүү мүмкүндүгү бар.

"Башка катарга өтүү" - бараткан багытты өзгөртпөстөн ээлеп турган тилкеден же катардан чыгуу.

"Үйлөтмө коопсуздук жаздыгы" - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү сактап калуучу түзүлүш, ал катуу токтогондо баллондон же генератордон келүүчү газ менен бат толтурулчу атайын каптан турат.

"Жүрүүгө тоскоол" - жүрүүчү бөлүктүн ошол тилкеси же жолдун бүткүл бети боюнча андан ары жүрүүнү кыйындаткан же такыр мүмкүндүк бербеген ар кандай материалдык объект.

"Авариядан сактануучу бурулуш" - тик ылдый түшкөндө транспорт каражаттын тормоздук түзүлүштөрү иштебей калган учурда жүрүүгө тоскоолдук (өйдөлүш) жаратуу менен транспорт каражатты мажбурлап токтотууга арналган, бети жумшак материал (кум, шагыл) менен капталган, жолдон чыга берме туюк участок.

"Өткөөл жолдор" - башка жол (темир жол) менен кесилишкен жерде ал боюнча ар кыл деңгээлдерде жүрүүнү камсыздоочу жана башка жолго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү, көпүрө тибиндеги инженердик курулма.

"Ажыратуучу тилке" - жолдун конструкциясынын бөлүнгөн элементи, ал чектеш карама-каршы жүрүүчү бөлүктөрдү ажыратып турат жана ал рельс менен жүрбөгөн транспорт каражаттары менен жөө адамдардын кыймылы жана токтоп турушу үчүн арналган эмес.

"Уруксат берилген максимум масса" - жүк, айдоочу жана жүргүнчүлөр жүктөлгөн транспорт каражатынын массасы, аны максималдуу жол берилген масса катарында чыгарган ишкана белгилейт. Бир курамга кирген транспорт каражатынын уруксат берилген максималдуу массаларынын суммасы транспорт каражаттарынын курамынын, башкача айтканда бир бүтүн катары чиркелишкен жана кыймылдагы курамдын уруксат берилген максималдуу массасы катары каралат.

"Жөнгө салуучу" - тиешелүү күбөлүгү жана кийими (формалык кийими же айырмалоочу белгиси - колуна оролгон чүпөрөгү, жезли, кызыл сигналы же жарык чыгаргычы бар дискасы, кызыл фонары же желекчеси) бар ички иштер органынын, аскер автоинспекциясынын, жол-эксплуатациялоо кызматынын кызматкери, темир жол өткөөлүндөгү, сал өткөөлүндөгү кезметчи, кошуундун адамы, ички иштер органынын штаттан тышкаркы кызматкери.

"Рельсте жүрүүчү транспорт каражат" - трамвай жана трамвайдын жолу менен жүрүүчү атайын жабдуулуу платформалар. Жол кыймылына катышкан бардык башка транспорт каражаттар рельсте жүрбөөчүлөр деп эсептелет.

"Коопсуздук куру" - жол-транспорт кырсыгында айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттын ичиндеги өз орундарында кармоого арналган ийкемдүү тасма.

"Токтоп туруу" - жүргүнчүлөрдү отургузуу же түшүрүү, же транспорт каражатына жүк жүктөө же түшүрүү менен байланышпаган себептер боюнча транспорт каражатынын кыймылын 5 мүнөттөн ашык убакытка атайылап токтотуу.

"Жарыкты чагылдыргыч" - жарык нурларды чагылдыргыч, ал тийген жарыктын нурларын келген багытын карай чагылдырганы менен айырмаланат.

"Светофор" - жол кыймылын жөнгө салууга арналган жарык менен сигнал берүүчү түзүлүш.

"Транспорт каражат" - адамдарды жана (же) жүктөрдү ташууга арналган түзүлүш.

"Такси" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга таандык, "Такси" деген таануучу белгиси бар транспорт каражаттар. Таанылуучу "Такси" белгиси "Т" деген баш тамгасы жана ичинен жарык күйгүзүлгөн чакмак белгилери бар трапеция түрүндө болуп, автомобилдин үстүнө биротоло же магнит менен орнотулат.

"Сутканын караңгы мезгили" - кеч күүгүмдөн таңкы күүгүмгө чейинки убакыттын аралыгы.

"Тоннель" - транспорт каражаттарды, сууну ж.б. өткөрүү үчүн арналган, жер катмарынын, тоо массивинин же суу катмарынын астынан өтүүчү жер алдындагы инженердик курулма.

"Тормоздук жол" - шашылыш тормоз берген учурда транспорт каражат тормоздук системанын башкаруу органына (педаль, сап) таасир эткенден баштап ал толук токтогонго чейинки аралык.

"Тротуар" - жолдун элементи, ал жөө адамдар басышы үчүн арналган жана жүрүүчү бөлүккө кошулуп же андан газон менен бөлүнүп турат.

"Жол берүү (тоскоолдук түзбөө)" - эгерде кайсы бир жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, улантууга же кыймыл багытын өзгөртүүгө болгон аракеттери ага караганда салыштырмалуу артыкчылыгы бар башка жол кыймылынын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, ал жол кыймылынын катышуучусуна жогорудагыдай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирүүчү талап.

"Жол кыймылынын катышуучусу" - айдоочу, жөө адам, транспорт каражаттын жүргүнчүсү, малды айдоочу катары кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам.

"Көчө" - калктуу конуштун ичиндеги шаардык автомобиль жүрүүчү жол.

"Айдоочунун чарчашы" - транспорт каражатты башкаруу убагындагы иштин натыйжасында көңүл коюунун азайышынан, кыймыл-аракеттин координациясы бузулушунан, уйку басуудан көрүнгөн организмдин физиологиялык абалы.

"Транспорт каражаттын экологиялык коопсуздугу" - транспорт каражаттын айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуучу касиеттери.

"Эстакада" - кесилишкен жерде бир жол экинчи жолдун үстүнөн өткөндө транспорт каражаттардын жана (же) жөө адамдардын жүрүшү үчүн арналган, ошондой эле бош эмес жерлерди же транспорттордун агымын айланып өтүү үчүн жердин деңгээлинен жогору турган жол жасоого арналган инженердик курулма.

куну






колу






Сабактын темасы:Жол чырак(Светофор)

Светофор гректин «pforos» деген сөзүнөн алынган. Бизче «алып жүрүүчү» дегенди билдирет.
Кээ бир өлкөлөрдө жол чырактар кошумча үн сигналдары менен жабдылган. Анткени, алар азиздерге ылайыкталып ойлонуп табылган.
Көптөгөн өлкөлөрдөгү шаарлардын, анын ичинде Бишкектин да кээ бир кыймылы көп көчө­лө­рүндө өзгөчө жол чырактар бар. Атайын жасалган баскычты
басар замат жашыл күйүп, жолдон өтүп алсаң болот. Бирок, мындай жол чырактар саналуу гана. Алардын көбү иштебей калган.
Ал эми ГДР өкүм сүрүп турган кезде оригиналдуу жол чырактарды колдонушкан. Тактап айтканда, жол чырактар адамдын кейпинде жасалчу. Саксонияда ушул күнгө чейин мындай жол чырактар колдонулуп келет.
Тула шаарындагы жүргүнчүлөр өзгөчө жол чырактын кызматын көрө башташты. Көнүп калган жашыл,сары, кызыл өңдөрдү карап эле жол тартибин сактабастан, жол чырактын жанына орнотулган атайын таблодон «Күткүлө!», «Өткүлө!» деген да жазууларды окуп, айрыкча этияттыкка көнүп жатышат.
пайда болуу тарыхынан
Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж. Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ фонары колдонулган. Андагы кызыл өң “токто!” жана жашыл өң “өт!” дегенди түшүндүргөн. Бирок, 1869-жылы 2-январда газ фонары жарылып кетип, жанындагы светофорду башкарган полиция кызматкерин жарадар кылган. Ушундан кийин окумуштуулар дагы ойлоно башташкан.
1910-жылы адамдын катышуусу керек болбогон автоматташкан жол чырак Эрнст Сиррин аттуу чикаголук окумуштуу тарабынан ойлонуп табылган. Бул светофордо “токто! ” жана “өт!” деген жазуу болгон.
Электр менен иштеген жол чырактын ойлоп табуучусу болуп АКШнын Юта штатына караштуу соллт-лейк-ситилик Ластер Вайр аттуу окумуштуунун аты аталып келет. 1912-жылы ал кызыл, жашыл сигналы бар жол чыракты ойлоп тапкан. Бирок, ойлоп табуусуна патент алган эмес. Ал эми 1914-жылы ойлонуп табылган электр жол чырагы Жеймс Хог аттуу окумуштууга таандык болгон. Бул да эки: жашыл жана кызыл өңдө болгон. Жол чырактар кошумча үн сигналын берип турган. Бул система жолдун кесилишиндеги будкада отурган полиция кызматкери аркылуу ишке ашкан. Ал эми үч өңдөгү жол чырактар 1920-жылы чыга баштаган. Сары өң кошулуп чыгарыла баштаган жол чырактарынын авторлору Жон Харрис менен Уильям Поттс болушкан. 1922-жылы мындай жол чырактар Европага жайыла баштайт. Советтер союзунда эң биринчи жол чырак 1930-жылы 15-январда Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Ал эми Москва шаарына 30-декабрда коюлган эле.
Мындан тышкары да жол чырактын пайда болушунда көптөгөн окумуштуулардын аты аталып келет. Бирок, булардын эмгектерин биринчи чыккан жол чыракты ар тараптан өнүктүрүүчүлөрдүн катарына киргизсек болот .
Жол чырактагы өңдөр эмнени билдирет?
Жол чыракты ойлоп табуучулар, өнүктүрүү­чүлөр кызыл, жашыл, сары өңдөрдү бекеринен тандап алышпаган.
Кызыл өң. Илгертеден эле отту, канды туюндуруп келген. Ошондон улам коркунучту эскертүүчү катары жол чыракка колдонулган. Негизи, кызыл нерсени көргөндө бардык адамдардын аң-сезиминде “этият болуу керек” деген ой пайда болот.
Сары өң. Илгертен сары түстү күндүн түсү менен байланыштырып келишкен. Мисалы, күн чыгары менен элдин баары кыймылга келет эмеспи. Ошондуктан, сары түс “кыймылга даярдануу” дегенди туюнтуп, жол чыракка колдонуп калган.
Жашыл өң. Жашыл талаа, жашыл токой, жаштык, эс алуу, бейпилдик, жакшы тилек, жаңылануу дегенди туюнтуп, “коопсуз кыймылга келүү” дегенди билдирет.
Бишкек шаарындагы жол чырактар тууралуу...
Борбор калаабызда жол чырактар 1970-жылдан 1990-жылга чейин орнотулган. Жалпы жол чырактардын саны ошол кезде 164 болгон. Андан соң бир топ жыл оңдоо иштери менен аз-аздан толуктоолор болуп турган. Учурдагы маалыматтар боюнча, бир эле жол чыракты орнотуу жана иштетүү үчүн орто эсеп менен
1 миллион 200 миң
 сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат экен.
Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 173 жол чырак бар. Алардын 5и жаңы орнотулган. Тактай кетсек, Киев-Ибраимов, Токтогул-Эркиндик гүлбагы, Москва-Турусбеков, Ж.Пудовкин-Медеров, Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлган жол чырактар. Ошондой эле Москва-Шопоков жана Бах-Гагарин көчөлөрүнө жаңы 2 жол чырак орнотулуп жатат.
Шаарыбызды өнүктүрүү тууралуу генералдык планында келечекте көчөлөрдүн 50дөн ашык кесилишине, жаңы конуштарга жол чырак орнотуу үчүн бюджеттен акча каралган.
Азыркы учурда өлкөбүз боюнча маал-маалы менен электр жарыгынын өчүрүлүп жатканына байланыштуу көчөлөрдөгү жол чырактардын да өчүп калышы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканы белгилүү. МАИ кызматкерлери үчүн да бул кошумча жүк болуп жаткансыйт. Бирок, Бишкек шаарынынын мэриясы тарабынан бул маселе көзөмөлгө алынып жатышы кубанарлык иш.
Сөз аягында бардык жүргүнчүлөргө жол кырсыгынан алыс болуп, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болушун каалайбыз.






















куну






колу






Сабактын темасы:кочо жана кесилиш жолдор

13. Кесилиштерден өтүү

 

     13.1. Оңго же солго бурулганда айдоочу өзү бурулуп  жаткан  жолдун

жүрүүчү бөлүгүнөн өтүп жаткан жөө адамдарга,  ошондой эле аны велосипед

жолдору боюнча кесип өткөн велосипедчендерге жол берүүгө тийиш.

     13.2. Эгерде  айдоочуну токтоого мажбурлап,  туурасынан кеткен ба-

гыттагы транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук  түзгөн  топтолуу

пайда  болсо кесилишке чыгууга же жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүгө тыюу са-

лынат.

     13.3. Кезектүүлүк  светофордун  же  жөнгө салуучунун сигналы менен

аныкталган кесилиш жөнгө салынуучу кесилиш деп эсептелет.

     Иштебеген светофордун  сары  сигналы  күйүп-өчүп турганда же жөнгө

салуучу жок болгон учурда кесилиш жөнгө салынбаган кесилиш деп  эсепте-

лет  жана  айдоочулар  жөнгө салынбаган кесилиштен өтүү эрежелерин жана

кесилиште орнотулган артыкчылык белгилерин жетекчиликке алууга тийиш.

 

     Жөнгө салынуучу кесилиштер

 

     13.4. Светофордун  жашыл  сигналы  боюнча  солго бурулган же артка

кайрылган учурда рельсасыз транспорт каражатынын айдоочусу каршы багыт-

та  түз же оңго бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул  эрежени  жетекчиликке  алууга

тийиш.

     13.5. Светофордун  сары  же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча

секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө айдоочу  башка  багыт-

тарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

     13.6. Эгерде светофордун же жөнгө салуучунун  сигналдары  бир  эле

учурда трамвайга жана рельсасыз транспорт каражаттарына жүрүүгө уруксат

берсе,  өзүнүн кыймылынын багытына карабастан трамвай  артыкчылыкка  ээ

болот. Бирок светофордун сары же кызыл сигналы менен бир учурда кошумча

секцияда күйгөн стрелканын багыты боюнча жүрүүдө трамвай  башка  багыт-

тарда жүрүп бараткан транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.

     13.7. Светофордун уруксат  берген  сигналынын  учурунда  кесилишке

чыккан  айдоочу  кесилиштен  чыккандан кийинки светофордун сигналдарына

карабастан белгиленген багытта кетүүгө тийиш.  Бирок,  айдоочу бараткан

жолдо жайгашкан светофордун алдындагы кесилиште стоп-линия (5.33.  бел-

гиси) бар болсо, айдоочу ар бир светофордун сигналын жетекчиликке алуу-

га тийиш.

     13.8. Светофордун уруксат берген сигналы күйгөн учурда айдоочу ке-

силиштеги кыймылын актап жаткан транспорт каражаттарына жана бул багыт-

тагы жүрүүчү бөлүктөн өтүп бүтө элек жөө  адамдарга  жол  берүүгө  мил-

деттүү.

 

     Жөнгө салынбаган кесилиштер

 

     13.9. Теңдеш мааниде эмес жолдордун кесилишинде экинчи  даражадагы

жолдо  келаткан  транспорт  каражатынын  айдоочусу башкы жолдо келаткан

транспорт каражаттарынын  андан  аркы  кыймылынап  багытына  карабастан

аларга жол берүүгө тийиш.

     13.10. Теңдеш  маанидеги жолдордун кесилишинде рельсасыз транспорт

каражатынын айдоочусу оң жактан келаткан  транспорт  каражаттарына  жол

берүүгө милдеттүү. Трамвайлардын айдоочулары да өз ара ушул эрежени же-

текчиликке алууга тийиш.

     Мындай кесилиштерде  трамвай өзүнүн кыймылынын багытына карабастан

рельсасыз транспорт каражаттарынын алдында артыкчылыкка ээ болот.

     13.11. Башкы  жол  кесилиште  багытын өзгөрткөн учурда башкы жолдо

келаткан айдоочулар өз ара теңдеш маанидеги жолдордун кесилишинен  өтүү

эрежелерин жетекчиликке алууга тийиш.  Экинчи даражадагы жолдо келаткан

айдоочулар да ушул эрежелерди жетекчиликке алууга тийиш.

     13.12. Солго  бурулганда  же артка кайрылганда рельсасыз транспорт

каражатынын айдоочусу теңдеш маанидеги жолдо каршы багытта түз же  оңго

бараткан  транспорт каражаттарына жол берүүгө милдеттүү.  Трамвайлардын

айдоочулары да өз ара ушул эрежени жетекчиликке алууга тийиш.

     13.13. Эгерде  айдоочу  жолго төшөлгөн нерсе бар экендигин аныктай

албаса (караңгы учур,  ылай, кар жана ушул сыяктуулар), ал эми артыкчы-

лык белгиси жок болсо,  ал экинчи даражадагы жолдомун деп эсептөөгө ти-

йиш.

 

          14. Жөө адам өткөлдөөрүү жана маршруттары транспорт

                      каражаттарынын аялдамалары

 

     14.1. Транспорт каражатынын айдоочусу жөнгө салынбаган(*) жөө адам

өткөөлү аркылуу  жүрүүчү  бөлүктөн  өтүп  бараткан  жөө  адамдарга  жол

берүүгө милдеттүү.

     14.2. Эгерде жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлүнүн  алдында  транс-

порт каражаты токтоп калса же кыймылын жайлатса,  анын жанындагы тилке-

лерде келаткан башка транспорт каражаттарынын айдоочулары токтоп калган

транспорт каражатынын алдында жөө адамдар жок экендигине ынангандан ки-

йин гана кыймылын уланта алат.

     14.3. Жөнгө  салынуучу  жөө адам өткөөлдөрүндө светофордун уруксат

берүүчү сигналы күйгөн учурда айдоочу бул  багыттагы  жүрүүчү  бөлүктөн

жөө адамдар өтүп кетишине мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш.

     14.4. Эгерде өткөөлдө эл толуп кетсе, ал жөө адам өткөөлүнө айдоо-

чунун токтошуна мажбурласа, ал жөө адам өткөөлүнө чыгууга тюу салынат.

     14.5. Бардык учурларда анын ичинде жөө адам өткөөлдөрүнөн  тышкары

жерлерде  айдоочу  ак  таягы  менен  белги  берген  сокур жөө адамдарды

өткөрүп жиберүүгө милдеттүү.

     14.6. Эгерде  транспорт  каражатына  отургузуу  же  андан  түшүрүү

жүрүүчү бөлүктөн же анда  жайгашкан  отургузуу  аянтчасынан  жүргүзүлүп

жатса, айдоочу аялдамада токтоп турган маршруттагы транспорт каражатына

карай бараткан же андан (эшик  тараптан)  келаткан  жөө  адамдарга  жол

берүүгө тийиш.

     14.7. "Адамдарды ташыйт" деген таануу белгиси бар токтогон  транс-

порт каражатына жандап келатканда айдоочу ылдамдыкты азайтууга,  зарыл-

чылык болгон учурда токтоого жана балдардын тобун өкөрүүгө тийиш.





куну






колу






Сабактын темасы:ЖƟƟ жургунчуу Ɵтуучу жол

4. Жөө адамдардын укуктары жана милдеттери

(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136 токтомунун редакциясына ылайык

4.1. Жөө адамдар тротуар же жөөчөндөр жолдору менен, ал эми булар жок болгон учурда чоң жолдун жээги менен басууга тийиш. Көлөмдүү буюмдарды ташып же көтөрүп бараткан жөө адамдар, ошондой эле кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткан адамдар, эгерде алардын тротуар же жолдун жээги боюнча кыймылы башка жөө адамдар үчүн тоскоолдук кылса, жүрүүчү жолдун чети менен жүрө алат.

Тротуарлар, жөөчөндөр жолдору же жол жээктери жок болсо, ошондой эле алар боюнча басуу мүмкүн болбосо, жөө адамдар велосипед жолдору боюнча же жүрүүчү бөлүктүн чети боюнча (ажыратуучу тилкеси бар жолдордо жүрүүчү бөлүктүн тышкы чети боюнча) бир катар баса алат.

Калктуу конуштардан тышкары жерде жүрүүчү бөлүк боюнча баратканда жөө адамдар транспорт каражаттарынын кыймылына утурлап басууга тийиш. Кыймылдаткычы жок майыптар коляскасында бараткандар, мотоциклди, мопедди айдап, велосипед тээп бараткандар мындай учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын жүрүшү боюнча жылууга тийиш.

4.2. Жүрүүчү бөлүк боюнча уюшулган жөө колоннага транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча гана оң тарап менен бир катарда төрт адамдан ашпастан басууга уруксат берилет. Колоннанын алдында жана артында кызыл желекчеси бар, ал эми караңгы учурда жана жол начар көрүнгөн шартта: алдыда - ак түстөгү, артта - кызыл түстөгү күйгүзүлгөн фонарлары бар коштоочулар болууга тийиш.

Балдардын топторун тротуарлар же жөөчөндөр жолдору боюнча гана, ал эми алар жокто - жолдун жээги боюнча, бирок күн жарыкта жана чоң кишилердин коштоосу менен алып жүрүүгө уруксат берилет.

4.3. Жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөрдү жөө адам өткөөлү боюнча, анын ичинде жер алдындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр боюнча, ал эми алар жокто - кесилиштердеги тротуарлардын же жол жээктеринин линиялары боюнча кесип өтүүгө тийиш.

Көзгө көрүнүп турган жерде өткөөл же кесилиш жок болгон учурда ажыратуучу тилкеси жана эки тарап тең жакшы көрүнгөн жерде тосмолор болбогон участкаларда жолдо жүрүүчү бөлүктүн четин карай тике бурч менен кесип өтүүгө болот.

4.4. Кыймыл жөнгө салынган жерлерде жөө адамдар жөнгө салуучунун же жөө адамдар светофорунун, ал эми алар жокто - транспорт светофорунун сигналдарын жетекчиликке алууга тийиш.

4.5. Жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлдөрүндө жөө адамдар жакындап келаткан транспорт каражаттарына чейинки аралыкка, алардын ылдамдыгына баа бергенден жана жолдон өтүү алар үчүн коопсуз болоруна ынангандан кийин жүрүүчү бөлүккө чыга алат. Жөө адам өткөөлүнөн тышкары жерде транспорт жүрүүчү бөлүктү кесип өтүүдө жөө адамдар мындан тышкары, транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүүгө жана жакындап келаткан транспорт каражаттарынын жоктугуна ынанбастан токтоп турган транспорт каражатынын же чөйрөнүн көрүнүшүн чектеген башка тоскоолдуктун артынан чыга калууга тийиш эмес.

4.6. Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, жүрүүчү бөлүккө чыккандан кийин жөө адамдар ал жерде кармалып калууга же токтолууга тийиш эмес. Өткөнгө жетишпей калган жөө адамдар карама-каршы багыттагы транспорт агымдарын бөлүп турган линияга токтоого тийиш. Андан аркы кыймыл коопсуз экендигине ынангандан кийин гана светофордун (жөнгө салуучунун) сигналын эске алуу менен жолдон өтүүнү улантууга болот.

4.7. Көк түстөгү жаркылдоочу маягы жана үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындан келаткан учурда жөө адамдар жүрүүчү бөлүктөн өтпөй турууга, ал эми ал жердегилер бул транспорт каражаттарына жол берүүгө жана жүрүүчү бөлүктү тез арада бошотууга милдеттүү.

4.8. Маршруттагы транспорт каражатын жана таксини жүрүүчү бөлүктөгү бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчаларда, ал эми алар жок болсо - тротуарда же жолдун жээгинде гана күтүүгө уруксат берилет. Бир аз көтөрүлгөн отургузуучу аянтчалар менен жабдылбаган токтоочу пункттарда транспорт каражатына отуруу үчүн жүрүүчү бөлүккө ал токтогондон кийин гана уруксат берилет. Түшүрүп бүткөндөн кийин кармалбастан жүрүүчү бөлүктү бошотуу зарыл.

Жүрүүчү бөлүк аркылуу токтоочу пунктту карай же андан артты карай баратканда жөө адамдар Эрежелердин 4.4.- 4.7.-пункттарынын талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

4.9. Жөө адам төмөнкүлөргө укуктуу:

- жашоого жана ден соолукка;

- жолду жана транспорт каражатты пайдаланууга;

- жолдордун абалы жөнүндө маалымат алууга;

- тез медициналык жардам алууга;

- ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аны кармагандыгынын себебин билүү

























куну






колу








Сабактын темасы: Коомдук транспорт

Швейцарияга келип калсаңыз, абдан кызыктуу автобуска отуруп калышыңыз мүмкүн. Мунун айдоочусу жок. Болгондо дагы электр кубаты менен жүрөт.

Камера жана сенсорлор анын жолдо жүрүүсүн көзөмөлдөп турат. Бул автобус өзүн-өзү башкарат. Саатына 30 км менен жүрө алат. Жолдо тоскоолдуктар пайда болсо, токтоп калат. Кээде катуу тормоз бериши мүмкүн. Ошентсе да бул автобусту жүргүнчүлөр жакшы көрөт.

"Баары сонун экен. Үйдөн качан алып кетет деп аны күтөм",-дейт жүргүнчүлөрдүн бири. Автобустун ичинде жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкер дагы бар.

Эгерде жол оңдолуп жатса, автобус багытынан адашып калышы мүмкүн. Мындай учурларда кызматкер аны башкара алат. Жөнөкөй автобустарга караганда бул унаа коомдук транспорт системасына уланган. Атайын борбордо аны камера аркылуу көзөмөлдөшөт.

Адистер мындай автобустар коомдук транспорттун ордун баса албайт. Болгону алардын жардамчысы катары кызмат кылат деген пикирде.

"Айдоочусуз автобустарды алыскы аймактарда, коомдук транспорт жок жерлерде иштетүүгө болот",-дейт транспорт боюнча адис Питер Снек.

Ал үйүңүздөн сизди алып кетип, жакынкы транспорт түйүнү бар жерге таштайт. Ал жерден кадимки автобуска отуруп, сапарыңызды уланта бересиз. Кийинки жылы электр автобустарын каалаган жүргүнчүгө сунуштай башташат.

Би-Би-Синин технология боюнча баяндамачысы Рори Кетлан-Жонстун соңку жылдардагы айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшүндөгү абал тууралуу макаласын сунуштайбыз.TY IMAGES

Соңку жылдарда айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшү күтүлбөгөндөй прогресс жаратты.

Автоунаа каалаган жерибизге өзү эле алып барып, биз болсо өз ишибиз менен алек болобуз деген эми жомок болбой калды окшойт. Албетте, автоунаалар өз алдынча болуп калганы менен транспорт каражатын толук автоматташтырууга азырынча жете элекпиз. Айдоочунун катыштыгы баары бир зарыл болуп жатат.

Бирок бул жакында өзгөрөбү?

Bloomberg маалыматына караганда Ford компаниясы айдоочусуз башкарылган унааларды толугу менен автоматташтырууга өтүүгө камынууда. Анткени айдоочусуз башкарылган унааларды сыноо учурунда инженерлер зээрикенден рулда баратып уктап калып жатышат. Алар кыла турган эч нерсе жок деп жазды Bloomberg.

Ford компаниясы Би-Би-Сиге бул айтылгандар чындыкка жакын, бирок, инженерлер сыноо учурунда уктап калат деген жалган деп билдирди.

Компаниянын билдирүүсүндө "толугу менен автоунаа көз карандысыз болбосо, ал айдоочуга күмөнсүнгөн коопсуздук сезимин пайда кылаары" айтылат. Айрым кырдаалдарда автоматтык башкаруу системасы иштебей калса, анда айдоочу кырдаалды бат жөнгө салып кете албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан Ford түз эле Автоунаа инженерлер коомунун (SAE) классификациясындагы төртүнчү деңгээлге өтүүнү эсепке алууда. Бул деген толук автоматташтырууга өтүү.

SAE - эл аралык уюму унааны автоматташтыруу системасынын классификациясын иштеп чыккан. Система алты баскычтан турат: эң төмөн деңгээли нөлдө айдоочу баарын өзү башкарып, ал эми бешинчи деңгээлинде автоунаа бардык кырдаалда өзүн өзү башкарат.

2017-жылдын январь айында Лас-Вегаста өткөн керектелүүчү электроника жарманкесинде Ford өкүлдөрү мага сыр чечишип сүйлөшкөн учурда толук автоматташтырылган унааны 2021-жылга чыгаруу планы тууралуу айтышты.

"Биз 2021-жылы чыгара турган автоунаа толук автоматташтырылып, анда руль дагы, педалдар дагы болбойт. Айдоочу такыр кийгилишпейт, унаа кандай кырдаал болсо да өзү билип, башкарылат",-деген компания өкүлү.



























куну






колу








Сабактын темасы: Коопсуз ичуучу суу.



Суу — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Ал метеорологиялык шартка жараша түрдүү абалда (туман, булут, жаан, кар, мөңгү, муз) болот. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат. Тузсуз суу тиричиликте чоң мааниге ээ.

Жер шарынын 3⁄4 бөлүгү суу менен капталып, дайыма жаратылышта айланып жүрөт. Жер бетинин 60%ке жакыны тузсуз сууга муктаж. 500 млндой киши суунун жетишсиздигинен же сапатсыз болушунан түрдүү оорулар менен жабыркашат. Суу ресурсунун көбүн ичүүгө жана өнөр жайга жараксыз туздуу деңиз жана океан суулар түзөт. Суунун азыктык касиети болбогону менен тирүү организмдин ажырагыс составдык бөлүгү болуп эсептелет. Өсүмдүктөрдө 90%га, чоң кишинин денесинде 65%га жакын суу болот. Организмде суунун белгилүү санда туруктуу болушу — тиричиликтеги зарыл шарттардын бири. Организм керектөөчү суунун саны жана андагы туздун составы өзгөрсө, тамак сиңирүү, кан пайда болуу жана башкалар процесстер бузулат. Суусуз организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жылуулук алмашуу, дененин туруктуу температурасын сактоо мүмкүн эмес. Адам суусуз бир нече күн жашай алат. Эгер ал 1—1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6—8%га жакын суусун жоготсо жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе галлюцинация болуп, жута албай калат, ал эми 12%тен ашык жетпесе өлөт. Кишилер иштеген ишине, чөйрө шартына жана тамак-аштагы туздун санына жараша орто эсеп менен күндө 2ден 4 лге чейин суу ичет. Суткалык орточо керектөө — 2,5 л. Сууну ашыкча ичүү жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирип, көп тердетет, тер менен кошо туздар чыгат. организм алсызданат. Ичилүүчү 1 л сууда 0,02ден 2 гга чейин минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт. Мисалы, сууда фтор жетишпесе тиш чирийт, ашык болсо ал карарып тактар пайда болот. Сууда кальций, магний, темир туздары көп болсо шордуу суу деп аталат. Анда жашылча, эт жакшы бышпайт, чай жакшы чыкпай, даамы да болбойт, кир жууганда самын жакшы көбүрбөйт. Үй шартында шордуу сууну жумшартуу үчүн кайнатуу керек. Эгерде сууда темир көп болсо суунун түсү өзгөрүп, темир даамданат, аны кайнатканда идиште кызыл күрөң кебер пайда болот. Сууга жугуштуу оорунун козгогучу түшсө (мисалы, ич келтенин таякчасы агын сууда 183 күнгө чейин, дизентериянын таякчасы 92 күнгө чейин жашайт), алардын таралышына шарт түзөт. Суунун сапатын баалоодо адам сезүү органдары аркылуу сезген анын температурасы, тунуктугу, жыты, даамы, шордуулугу кыйла маанилүү. Биздин өлкөдө ичилүүчү суунун сапатын санитария-эпидемиологиялык станция көзөмөлдөйт. Суу жалаң гана ичүү, чарбалык-тиричилик жана өндүрүш үчүн эмес, анын ден соолук, эстетикалык жана спорт үчүн да мааниси чоң. Суунун жетишсиздиги экономикалык, техникалык процесске терс таасир этет. Анын айыл чарба жана өнөр жай үчүн мааниси баа жеткис. Мисалы, 1 т эгин өстүрүү үчүн 1000 м3, 1 т күрүч үчүн 4000 м суу талап кылынат.













куну






колу








Сабактын темасы: Колду самын менен жуу.

Самындын курамы

Самын жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет.
Самын, нейтралдык майлардын щелочтуу гидролизинин негизинде алынат. Самын катуу жана суюк болуп бөлүнөт. Катуу самындын формуласы - C17Н35CООNa, суюк самын - C17Н35CООК.
Майдын курамында каныкпаган май к-талары (Мисалы, олеин к-тасы) көп болсо, суюк май алынат: күнкарама, пахта, зайтун майлары. Жаныбардан алынган майда көбүнчө стеарин, пальмитин к-талары болот. Булар эрүү темп-расы жогору болгон катуу майлар, алардан жасалган самын катуу болот.

Бөлүнүшү

Пайдаланышына карата

  • кир самын жана

  • атайын (мисалы, дарылоочу) самын, ошондой эле

  • катуу,

  • суюк жана

  • күкүм түрүндө болот.ай

Кир самын

Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72% кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карама, пахта, буурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир самын менен колду, денени жана башты жуушка болбойт.

Атыр самын

Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат.

Майлуу самындар

Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат.

Дарылоочу самын

Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» самын менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себорея, экзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ.
Чачты жууш үчүн хна кошулган самын «Гаяне» чыгарылат.

Суюк атыр самын

Суюк атыр самынына күн караманын, кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат. «Дегтярное» суюк самыны — самындын суу-спирт эритмеси жуулган жердеги кан айланууну жакшыртат жана мителерге каршы, антисептик каражат катары пайдаланылат.

Күкүм самын

Күкүм самын — сода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулган самын.































куну






колу








Сабактын темасы: Эксперементтерден(заара-зандан коопсуз арылуу)

Заара бөлүп чыгаруу системасы Бөлүнүп чыгуусу

Адам ичип жеген тамак заттар анын организминде сиңет жана ткань менен органдарда ар кандай химиялык кошулмаларга ажырап, организмди ууландыруучу түрдүү уу заттар пайда болот. Ага белоктордун алмашуусунан пайда болгон аммиак, булчуңдардын кыймыл-аракетинин негизинде келип чыккан сүт кислотасы жана башка уу заттар кирет. Айрым учурда тамак-аш менен организмге керексиз уу заттар кириши да ыктымал. Ошондуктан организм бул уу заттардын баарын тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек.

Алардын көпчүлүгү Заара бөлүп чыгаруу системасы аркылуу сийдик менен кошо сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле бул органдар ички чөйрөнүн, кандын жана ткань суюктугунун бир калыптагы абалын да сактайт. Себеби организмдеги эң татаал химиялык процесстер ушул суюктуктардын составына кирген заттардын туура айкалышынын негизинде гана жүрөт.

Түзүлүшү

Заара бөлүп чыгаруучу органдарга эки бөйрөк, бөйрөктөн табарсыкка сийдик агызуучу түтүк, табарсык жана заараны сыртка агызуучу канал кирет.

Булардын ичинен бөйрөк алгачкы жана акыркы сийдикти жаратуучу негизги орган. Ал эми заара агуучу түтүк, табарсык жана сийдикти сыртка агызуучу канал сийдикти бөлүп чыгаруучу органдарды түзөт. Бөйрөк жалаң гана сийдик пайда кылбастан ал ренин жана депрессин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Бул гормондор организмдеги кан басымын иретке келтирип турат. Ал эми оң жана сол бөйрөктүн коңулунан сийдик агуучу түтүктөр башталып, табарсыкка барып куят. Сийдик агуучу түтүк узундугу 25—28 смге ич көңдөйүнүн арткы бетинде жайгашып, анын керегеси үч катмардан турат. Табарсык жамбаш чарасынын ичинде жайгашат. Табарсыктын көлөмү орто эсеп менен ымыркайдыкы 50 см , үч жашар баланыкы 180 см3, сегиз жашар баланыкы 250 см3, ал эми орто жаштагы адамдыкы 700—750 см3 ге чейин жетет. Адамдын табарсыгы түбү, денеси жана моюну болуп үч бөлүктөн турат. Табарсык сийдикти чогултуучу резервуар гана эмес, аны сыртка бөлүп чыгаруучу орган. Табарсык сийдикти чогултуп, кайра артты карай сийдик агуучу түтүктөргө жибербей кармап турат. Сийдик табарсыктан сийдикти сыртка агызуучу түтүккө өтөт. Анатомиялык түзүлүшү боюнча эркек менен аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү бири-биринен кыйла айырмаланат Алсак, эркектин сийдикти сыртка агызуучу түтүгү табарсыктан башталып, сырткы жыныс органынын башына чейин жетет. Анын уз. 16—18 смдей жогорку, ортоңку жана сырткы үч бөлүктөн турат. Эркектин сийдикти сыртка агызуучу түтүгү аркылуу жалаң гана сийдик акпастан, жыныстык катнашуу учурунда эркектин урук клеткасы (сперматозоиди) сыртка агып чыгат. Ал эми аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү болсо табарсыктан башталып, жыныс кынынын ооз жагынын үстүнө ачылат. Анын уз. 3—3,5 смдей. Аялдардын сийдикти сыртка чыгаруучу түтүгү кыска болуп, анын ички -жана сырткы кыскычтары анчейин бекем болбогондуктан, кээ бир учурда аялда сийдигин кармай албай калган учурлар болот. Заара кылуу — татаал рефлекстик акт. Ал табарсык капталынын булчуңдары жыйрылганда, заараны сыртка агызуучу каналынын сфинктери бошоңдогондо болот. Дени соо кишинин табарсыгында 250—300 мл заара толгондо заара кылгысы келет, суткасына 4— 6 жолу заара ушатат.







Оорулар

Заара бөлүп чыгаруучу системанын оорулары тубаса, анын ичинде тукум куума жана кийин пайда болушу мүмкүн. Кээ бир өөрчүү кемтигинде, мисалы, эки бөйрөктүн тең жок болушунда жашоо мүмкүн эмес, айрым кемтиктер бул системанын функциясынын бузулушу менен коштолот. Бөйрөктүн жетилбей калышында артерия басымы жогорулап, ак шишик басат, ошондой эле зат алмашуу бузулуп, кант жана кантсыз диабет (к. Кантсыз диабет, Кант диабети), подагра, кем акыл, сокур болуу ыктымал. Бөйрөк кыйла жетилбей калган учурда бөйрөк иши начарлап, уремияга алып келет. Заара агуучу түтүк менен табарсыктын өөрчүү кемтигинде зааранын агышы бузулат (к. Туттугуу), зааранын токтобой калышы мүмкүн. Заара агуучу түтүк менен табарсыктын тубаса жабыркашында бөйрөктү жана бөйрөк чөйчөкчөсүн сезгентет. Бул системанын кийин пайда болгон оорулары көбүнчө сезгенүү процессине, анын ичинде инфекция же травмага байланыштуу болот. Бөйрөктүн жана бөйрөк күлтүгүнүн сезгениши (к. Нефрит, Пиелонефрит) демейде ангина, скарлатинанын кабылдоосу катары өөрчүйт, ошондой эле геморрагиялык ысытмада, лептоспироздо байкалат, кээде ревматизм, эндокрин, аллергия ооруларын коштойт. Бөйрөктүн токсикалык катуу жабыркашы органикалык эриткичтер, сымап, мышьяк бирикмелери, өзүн өзү дарылоодо колдонулуучу кээ бир дарылар менен ууланууда, талгакта, сепсисте (ооруканадан сырткары абортто), өтө катуу күйгөндө, үшүк алууда жана башка байкалат. Тез-тез заара кылуу, ооруу, зааранын агышынын өзгөрүшү, токтобой калышы, туттугуу табарсыктын, заара агуучу түтүктүн, простата безинин, ошондой эле жанаша органдар — көтөн чучук, жатындын түрдүү оорулары менен байланыштуу болот (к. Простата безинин аденомасы, Сүзөк, Заара жолдорунун таш оорусу, Простатит, Цистит, Уретрит).

Заара жолунун катуу кармама жана өнөкөт сезгенүүсү, көбүнчө сүзөктү врачка өз убагында кайрылбай өзүн өзү дарылоодо, ошондой эле трихомоноздо, өздүк жана жыныс гигиена эрежелерин бузганда (к. Өздүк гигиена) болот. Заара бөлүп чыгаруу системасынын оорусун табууда көптөгөн ар түрдүү ыкмалар пайдаланылат. Заараны, канды изилдөө жүргүзүлөт. Бөйрөк оорусунун диагнозун тактоодо рентгендик изилдөө да колдонулат.













































куну






колу








Сабактын темасы:Жеке гигиена

куну






колу









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!