№5-гимназия мектеби Шооруков Бакытбек
Баткен облусу Лейлек району Катран айылы
№5 гимназия мектебинин математика жана информатика
Мугалими Шооруков Бакытбек Абдибахапович
Илимдин айрым багыттары боюнгча талантуу жаштарды тарбиялоодо олкобуздо уюштурлган айрым атайын мектептер, атайын класстар, гимназиялар чон иштерди жургузушуудо. Бирок алар бардык мектептердин таланттуу жаштарын камтый алышпайт. Ошондуктан мектептерде ийримдерди уюштуруу максатка ылайыктуу.
Ийримдин негизги максаты материалды терен оздоштуруу, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун жогорулатуу, кесипке туура багыт беруу жана окуучуларды ар тараптуу тарбиялоо.
Математика ийрими негизинен окуучулардын математика боюнча билимдерин кенейтуу, анын жаны тармактары менен тааныштыруу, ага кызыгууну арттыруу жана окуучуларды математиканын айрым маселелерин оз алдынча чече билууго машыктыруу максатын коздойт. Окуу программасынын жана мугалимдин убактысынын ченелуу болушу сабак убагында математикалык кызыктуу бир катар фактыларга толугураак токтолуп отурууга мумкунчулук бербейт.
Ийримде программалык материалдарды терендетип уйронуу менен Гана чектелбестен, математиканын турдуу областтарынан алынган темаларды, алардын практикалык маанилерин, тарыхый материалдарды да кароого болот.
Ийрим сабакты пландаштырууда томонку максаттарды негиз кылып алууга болот:
Программалык материалдарды терендетуу;
Окуучуларды предмет боюнча программага кирбеген айрым теориялык, тарыхый материалдар менен тааныштыруу;
Окуучулардын логикалык ойлоосун, пикир жургузо билуусун остуруу;
Окуучулардын соз байлыгын остуруу, оз алдынча докладдар, билдируулор жасоого уйротуу;
Окуучуларды оз алдынча кошумча адабияттардан пайдалана билууго тарбиялоо.
Математикалык ийримдерди откоруп туруу, кечелерди даярдоо, математикалык дубал газеталарды чыгаруу окуучулардын билим денгээлин жана ан сезимин арттырат.
МАТЕМАТИКАЛЫК КЕЧЕНИН ПРОГРАММАСЫ.
Саламдашуу (жалпы окуучулар)
1 – окуучу: Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер жана окуучулар!
2 – окуучу: Кутмандуу кунунуздор менен!
1 – окуучу: Конулдуу кечиниздер менен кымбаттуу математика илиминин куйормандары!
2 – окуучу: Эмесе урматтуу жаш таланттар сиздердин эс алуунуздарга арналган математикалык кечебизди баштоого уруксат этиниздер.
1 – окуучу: Кечени кызыктуу откоруу учун 9 – класстын окуучулары «Тик бурчтук» жана «Квадрат» командалары болуп экиге болунот.
2 – окуучу: Кечебизде:
1 – окуучу: Математика жонундо монтаж айтылат.
2 – окуучу: Хор ырдалат.
1 – окуучу: Улуу математиктердин нуска создору айтылат.
2 – окуучу: Геометриялык фигураларга саякат жасалат.
1 – окуучу: Викторинанын суроолору берилет.
2 – окуучу: Бий бийленет
1 – окуучу: Кызыктуу оюндар ойнолот.
2 – окуучу: Табышмактар айтылат.
1 – окуучу: Математикалык фокустар корсотулот.
2 – окуучу: Пародия ырдалат.
1 – окуучу: Маселелер чыгарылат.
2 – окуучу: Интермедия.
1 – окуучу: Капитандарга суроолор берилет.
2 – окуучу: МОНТАЖ
Кораблди башкарып,
Кок денизди как жарып.
Самолету башкарып,
Кок асманды как жарып.
А
р онорго жарагын,
Жакшы окугун ал учун, хор
Математика сабагын.
Неге кокто самолет,
Того тийип жарылбайт.
Неге сууда корабль,
Кумга батып сайылбайт.
Ал анткени капитан,
Билет кайда бараарын.
Жакшы окуган жашында,
Математика сабагын.
Доктор учкуч же моряк,
Ким болууда талабын.
Ким болсон да билип кой,
Эсине бек туйуп кой.
А
р онорго жарагын,
Жакшы окугун ал учун, хор
Математика сабагын.
1 – окуучу: ХОР
КВН – достук элчиси,
КВН – ыйман белгиси.
Шандантып бугун КВНди,
Омурдун Берген энчиси.
Кайырма:
Туризм бищзге ынгайлуу,
Караган, арча, гул жайлуу.
Ыйман - тартип бизде бар,
Достуктун ырын ырдаган.
Шайыр, тапкыч бизде бар,
Мейман достук канда бар.
Алга суроп коштогун,
Кол чаап достор, туугандар.
Кайырма:
2 – окуучу: Илимдердин падышасы ким? «Математика»
1 – окуучу: Илимдердин кыйыны ким? «Математика»
2 – окуучу: Илимдердин тазасы ким? «Математика»
1 – окуучу: Учуу бул-? «Математика»
2 – окуучу: Улуу математиктердин нуска создору.
а) Эсепсиз эч кандай философиялык ой жугуртууго болбойт, бардык илимдердин энеси эсеп. Анания
б) Математика – бул акылдын гимнастикасы. К. Гаусс.
в) Математикалык жондом, бул акылдын жаркын сапатынын корунушу. Сухомлинский.
г) Математикада формулны эмес, ой жугуртуунун ыргактарын эске туту креек. Ермаков.
д) Математика акылды тартипке келтирип логикалык ой жугуртууго уйротот. Калинин.
1 – окуучу: ГЕОМЕТРИЯЛЫК ФИГУРАЛАРГА САЯКАТ.
Мен чекитмин, чекитмин,
Корунбоймун козуно.
Узундук жок, аянт жок,
Ишенип кой созумо.
Кээде турам тикемен,
Кээде калам кыйшайып.
Фигуранын баарына,
Жак болуучу онорум.
Бирок аянтым жок, колом жок.,
Болуп журом которум.
Ар башка эки чекитти,
Туташтырып коемун.
Башкалардын баарынын,
Эн тузу мен боломун.
Бир тегиздикте жатабыз,
Чексиздикке шашабыз.
Жалпы чекитке ээ эмеспиз,
Ошонубузга капабыз.
Бирок аралыгыбыз ар качан бирдей,
Ошону ойлоп конул ачабыз.
Бурчтардын коп туру бар,
Ар кимисин билип ал.
Кен бурч, тар бурч, тик бурчтар,
Ар кимисинин суру бар.
Озум тиу бурч баатырмын,
Чондугум 90 градус.
Мунозум бар тонураак,
Тар бурч менден кичине,
Кен бурч болсо чонураак.
Менин атым уч бурчтук,
Болугумун тегиздиктин.
Аянтым бар коломум жок,
Кереги жок семиздиктин.
Уч бурчумду суммалап,
180 градусту аламын.
Тууган туушкан коп менде,
Ошого шугурчулку кылам.
Тик бурчтуктар биригип,
Пресс конференция курушкан.
Негизи болуп ошондо,
Коп бурчтуктар турушкан.
Биригууго чечим чыгып,
Достошуудан куралгам.
Призма де пат коюшуп,
Мейкиндикте жаралгам.
Уч бурчтуктар биригип,
Пресс конференция курушкан.
Негиз болуп ошондо,
Коп бурчтуктар турушкан.
Бир чокуга биригуудон жаралгам,
Мейкиндикте пирамида деген ат менен жаралгам.
2 – окуучу: ВИКТОРИНАНЫН СУРООЛОРУ
Бир квинтиллиондо канча нолу бар? (18)
Далилдоону таоап кылбаган суйлом эмне деп аталат? (аксиома)
Геометрия канча болуктон турат? (2)
Багытталган кесинди эмне деп аталат? (вектор)
14 ту алуу учун 7 ни канчага болуу керек? (
)
Кандай сандар телегейи тегиз сандар деп аталат? (озуно барабар болбогон болуучулордун суммасына барабар сандар)
1 – окуучу: КЫЗЫКТУУ ОЮНДАР
«Хоп» оюну – сандарды саноодо так сандардын ордуна «хоп» деп айтат. Ким жанылса оюндан чыгат.
2 – окуучу: ТАБЫШМАКТАР
а) Беш шам куйуп турат. Эгер экоону очуруп салса канча шам калат? (2)
б) Сыйда сакал, кер мурут,
12000 жигити,
Эр Манасты жандады.
Толук жаштуу аксакал,
9000 тандалды,
Бай Жакыпты жандады.
Байбиче Шакан кудагый,
Барууга болгон ылайык,
900 болду кемпири.
Толуктап баарын келтирди,
Кудага канча киши барган тапкыла? (12000+9000+900+3=21903)
1 – окуучу: МАТЕМАТИКАЛЫК ФОКУСТАР.
Залда отургандарга шакекти-бармактарыныздардын белгилуу бир муунуна кийгизиниздер. Мен сиздердин кайсы бармагыныздардын канчанчы муунунда жана кайсы адамда экенин таап беремин.
Шакек бекиткен адамдын номерин 2 ге кобойткуло.
Чыккан санга 5 ти кошкула.
Чыккан санды 5 ке кобойткуло.
Чыккан санга шакек кийгизилген манжанын номерин кошкула.
Чыккан санды 10 го кобойткуло.
Чыккан санга шакек кийгизилген муундун номерин кошкула.
Чыккан санды мага айткыла.
(Чыккан сандан 250 ну кемитебиз, акыркы цифра муундун номери, экинчи цифра манжанын номери, биринчи цифра кишинин номери)
2 – окуучу: ПАРОДИЯ
Эсеп, эсеп чайнайт башынды,
Мен сабакка барбайм башым катыды.
Балким озу сезер мейли сезбесин,
Аягына жазалбайм чыккан санымды.
Кайырма:
Ай ким билет, ким билет,
Голованы чиритет.
Сиз мугалим мен окуучу,
Отуз эсеп не керек.
Ошол математика
Баш оорутат дайыма
Ал бизге эмес ал башкага
Ай терек терек неге термелет,
Аягыны табалбай оюм термелет.
Атымды атап сабак сураса,
Коркконумдан жаным алкымга келет.
Кайырма:
1 – окуучу: МАСЕЛЕ
а) Эгер сутканын калган болугу отконунон эки эссе коп болсо, азыр саат канча болот?
Х – откон болугу
2Х – калган болугу Х+2Х=24
б) Байкеси инисинен 2 жашка улуу. Алардын жаштарынын суммасы атасынын жашына барабар. Эгерде атасы 11 жылдан кийин 65 ке чыкса кичуу баласы канчада?
Х – инисинин жашы
Х+2 байкесинин жашы Х+(Х+2)=65-11
2 – окуучу: ИНТЕРМЕДИЯ «Коп бурчтуктар уюму жана Акмат»
1 – окуучу: КАПИТАНДАРГА СУРООЛОР
а) Миллиарддын башкача аталышы? (биллион)
б) 5 ти алуу учун 10 ду канчага кобойтуу керек? (
)
в) Дуйнодогу эн биринчи математик профессор аял? (С.Я. Ковалевская)
г) «+», «-» белгилерин кайсы олконун математиктери кийирген? (немец математиктери)
д) ∞ (чексиз) белгисин кайсы математик сунуштаган? (1655 – жылы англис математиги Джон Валлис)
е) Функцияны у=f(Х) деп белгилоону ким киргизген? (1734 – жылы Леонард Эйлер)
ж) Перпендикуляр белгисин кайсы математик кийирген? (1634 – жылы француз математиги Эригон)
7