СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык КВН

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Математикалык КВН класстан тышкаркы сабак

Просмотр содержимого документа
«Математикалык КВН»

Математикалык КВН

Сабактын темасы: Билими күчтүү минди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.

Сабактын максаты: а) Окуучулардын алган билимдерин бекемдөө, көндүмдөрүн калыптандыруу, өтүлгөн ар бир тема боюнча алган түшүнүктөрүн оозеки жана жазуу жүзүндө жооп бере алганга жетишүү жана аны эс тутумуна бекем сактап калуусуна шарт түзүү. Предмет аралык байланышты чыңдоо.

б) Алдыга коюлган тапшырманы чечүүгө жоопкерчилик менен мамиле жасоого, тактыкка, эмгекти сүйүүгө, тыкандыкка, тазалыкка, баштаган ишти аягына чыгара билүүгө. Лидерликке умтулууга, бирөөнүн оюн уга жана сыйлай билүүгө, топ менен иштей билүүгө үйрөтүү, көркөмдүк табитин өстүрүү.

В) Окуучуларды берилген суроолорго тез шайыр жоопторду таба билүүгө , шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн арттыруучу жагдайларды түзүү, чыгармачылыгын арттыруу.

Сабактын жабдылышы: Сүрөт, плакат, макал лакап, сандар, маркер, ватман, эмблема

Сабактын формасы: Класстан тышкаркы сабак- КВН

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

Б) Командалардын мелдеши башталат.

Тапшырмалар:

1-тапшырма: Саламдашуу

1-команда. Атанын улуу салтынан

Акыйкат заман наркынан.

Жалындуу салам айтабыз,

Хор менен- “Намыс” командасынын атынан.

2-команда. Апанын ыйык салтынан

Билимдүүлөр атынан.

Эсендик салам айтабыз

Хор менен- “Ынтымак” командасынын атынан.

1-команда. Кана балдар талыкпастан,

Билим кенин казалы.

Билбегенди бул КВНден,

Билип алууга шашалы.



2-команда. Кыялды арттырып,

Санааны калтырып.

Мелдешке аттаналы,

Ишеним артышалы

Капитан командалар чыгып командасынын аталышын жана төшүндөгү тагылган эмблеманын сүрөттөлүшүн чечмелеп беришет.

Команда мүчөлөрү 2 топ болуп иш столуна отурушат.

2-тапшырма: “ Сан жазуу” деп аталат.

Команда мүчөлөрү доскага чыгышат. Ар бир мүчөнүн колуна 1ден 9га чейинки цифралар берилет да, (себеби ар бир командада 9дан окуучу бар) мугалим окуган 9 орундуу санды орундарын которуу менен эки команда тең жазышат. Кайсы команда туура жана бат жазат. Жазыла турган сандар- 982376541, 691473268

3-тапшырма: Математикалык макалдар. Эки команда ким көп айтат.

4-тапшырма: Ыр. Ар бир командадан чыгып ырдашат .

5-тапшырма: Чиймеде канча үч бурчтук бар?

Кайсы команда көп үч бурчтук табат?

6-тапшырма: Бий . эки команда кезектешип бийлешет. Бул тапшырмагада калыстар тобу баа коюшат.

7-тапшырма: а) Төмөнкү квадратка 1ден 9га чейинки цифраларды туура жайгаштырсаңар, жолчосу, мамычасы жана диогналдарынын суммасы 15ке барабар болот. Кантип туура жайгаштыруу керек?










Б ) Төмөнкү сүрөттөгү фигуранын ар бир катарындагы уч фигуранын суммалары 15ке барабар болгондой кылып, 1ден 9га чейинки цифралардын бирөөсүн тегерекченин ортосуна, калгандарын ар бир диаметрдин учтарына жайгаштыргыла.







8-тапшырма: Табышмактар

Мугалим эки командага окуп берет. Алар таппай калса, катышуучулар деле жооп берсе болот. Жооп табууга 1 минутадан убакыт берилет.

  1. Суудан эки тамганы сурайбыз,

Ага миңдин 1-тамгасын улайбыз.

Козулардын маараганын,

Андан ары улайбыз.

Бул кайсы сөз? (сумма)

  1. Кыштын күнү көк асмандан,

  2. Жерге- сууга чачылат.

Ага кошсоң чен бирдигин,

Бир канаттуу жазылат.

Бул кайсы канаттуу (карга).

9-тапшырма:

Хор. КВНдин мүчөлорү хор ырдашат

Математика акылдын кенчи,

Ойду өстүрүп, акыл эс берчү,

Окуйлу суйуп, эске бек түйүп,

Алалы дайым”4”жана “5”.



Мелдештик бүгүн акыл сынашып,

Билими күчтүү алдыга озду.

Арнашып каалоо, куттукташалы,

Окуйлу талбай математиканы!

Мелдештин жыйынтыгын, конкурс башталарда дайындалган жана катышуучуларга тааныштырылган, курамы мугалимдерден турган ардактуу калыстар тобунун мүчөлөрүнүн койгон жыйынтыгын калыстар тобунун төрагасы угузат.

Мугалим так иштеп берген калыстар тобунун мүчөлөрүнө ырахмат айтып мүчөлөргө мугалим тарабынан даярдалган грамоталар тапшыруу менен аяктайт.



















Бишкек шаары Свердлов району №94 -жалпы орто билим бекрүү мектеби











Математикалык КВН



Темасы: Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат





Предмети: Математика

Классы: 9- класс

Мугалим: Абдилазиз кызы Гүлбарчын















Бишкек шаары 2020-жыл


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!