Просмотр содержимого документа
«Мекенди корго- ыйык милдет»
МЕКЕНДИ КОРГОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ
Сабактын максаты:
Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козголот. Эр жигиттерди аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбияланышат. Атуулдук сезими ойгонот.
Сабактын жабдылышы:
Керектүү адабияттар, тарткатмалар.
Сабактын жүрүшү:
Окуучулар сабактын башталышында «Сенаскерге барууну каалсайсыңбы?», «Ата Журтту кантип коргойбуз?» деген суроолорго жооп беришет. Класста жалпы окуучулар талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө да кеп козгошот.
Кыргыз армиясы замандын чакырыктарына даярбы?
Кыргызармиясы,мурдагысоюздук республикалардагыдай эле, жаш армия. Бүтүндөй өлкөдөгү абал сыяктуу эле, кыргыз армиясынын да азырынча чама-чаркы чакталуу. Адистер туура баамдашкандай, салыштыра келгенде эзелтен күчтүү армиясы менен таанылган чоң империяларды мындай кой, соңку кездери бутуна туруп алган өлкөлөрдүн армиясындагы деңгээлге жетип алуу үчүн, кыргыз армиясы кыйла реформаларга, каражатка, убакытка муктаж. Чынында, армияда өзгөрүүлөр байкалып, барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен, абдан тездик менен өзгөрүп аткан дүйнө үч-төрт кадам дагы алдыга жылып кетип, жеткирбей барат. Ошентсе да, адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такаат бере алаарына ишенишет. Анын үстүнө, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын алкагында аскердик кызматташууларды тынымсыз жүргүзүп келет.
Аскердик кызмат кадыр-баркын жоготтубу?
Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна, кала берсе, кызмат өтөбөө үчүн ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар. Алардын эң негизгиси –аскердеги «дедовщинанын» көптүгү. Мындай абалга тушукпаш үчүн, аскер жашындагы уландардын көбү кызмат өтөөдөн кутулуунун жолдорун издей башташат. Ошентип, аскерден калуунун жолдору изделип атып, текшерүүдөн өткөн, өзүнчө эле бир армиядан калуунун жолдорун үйрөткөн окуулук чыкчудай болгон түрдүү ыкмалар чыга келди. Алардын бир даары жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулушса, окууга өтпөй калгандары кийинки ыкмаларга өтүштү. Айрымдары шашылыш үйлөнүп, балалуу болгонго ашыгышат. Анткени, жубайы, жаш баласы барлар аскерге алынбайт, эгер биринчисинен кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо, биротоло аскердик кызматтан бошотулат. Кыйласы баашын оорутпай, дароо эле аскер комиссариатынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш-билишине жең алдынан акча бере коюшат. Өз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып, аскердик күбөлүк алып беришет. Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чоң кедерги болуп жатканы да айтылып келет.
Армиянын жашоо шартына да кызмат өтөп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо-шарт жакшырып калганы айтылганы менен, дале болсо коррупциялык элементтердин бар экендиги, аскерлердин тамак-аштары түгөл бойдон жетпей, жолдо кыйласы жок болору, ал аз келгенсип, аскерлердин куралкармаганды үйрөнбөй эле талаада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айтыла калып жүрөт.