| Балдар, силер компьютерде узак убакыт отуруу зыян экенин билдиңер. Сөзсүз тыныгуу жасап, бир нече жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу керек. Азыр биз алардын айрымдарын жасайбыз. Буларды компьютерде иштеп отурган кезде ар бир жарым саат сайын кайталап тургула. Көздөр үчүн гимнастика: Компьютерде иштегенде көз өзгөчө чарчайт. Ошондуктан монитордон көзүбүздү алып, тез-тез ачып жумуу керек (10 сек.). Көзүбүздү жумабыз. Дагы бир жолу көзүбүздү ачып-жумуп, андан соң терезени карайбыз. Башыбызды кыймылдатпастан көзүбүздү айландырабыз: солго-оңго, өйдө-ылдый. Көңүлүбүздү алысыраакта жайгашкан кандайдыр бир нерсеге бурабыз (30 сек.), андан соң – жакыныраак нерсеге (30 сек.) Бул көнүгүү көрсөтмөлүү болушу үчүн маалымат графикасын колдонсо болот. (https://aif.ru/health/life/44479) Баш, кол жана кыр арка үчүн көнүгүүлөр: Колдун манжаларын кысабыз жана коё беребиз. Колду муштумга түйөбүз жана муштумубузду айландырабыз. Эки колдун манжаларын салаалап, алакандарды тийиштирип алып ичти карай жана сыртты карай айландырабыз. Башты 3 жолу оңго жана 3 жолу солго карай айландырабыз. Ийинди көтөрөбүз жана акырындан алдыга жана артка карай кыймылдатабыз (3 жолу) Бул көнүгүүлөр эскерткич түрүндө жасалгаланып, кабинетте илинип турса жакшы болот. |