СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин мүнөзүм жана темпераментим

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Менин мүнөзүм жана темпераментим»

Сабактын  темасы:  Менин мунозум жана темпераментим.
Сабактын  максаты: 
1. Сүрөт  тартып,  тест  алуу  менен окуучулар  кандай  мүнөзгө  ээ экендигине  өздөрү  ынанышат;
2. Бул  сабак  аркылуу  окуучу  өзүнүн билбеген  жактарын  билип,  терең  тааный  алуусуна  шарт  түзүлөт;
3.  Улгулуу журуш-турушка, адептуулукко,ыймандуулукка, адамдарды урматтап сыйлай билууго, озун-озу таанып, тарбиялай билууго, жаман менен жакшыны ажыратып билууго тарбияланышат.
Сабактын  жабдылышы:  кагаз,  калем  фломастер.
Сабактын  жүрүшү:
1. Уюштуруу .
Сабактын  темасы  доскага  жазылат .
2. Тест менен иштоо:
Мугалим  бул  сабакта  окуучуга  өзүн  -  өзү  таануусу  үчүн  сүрөт  тарттырып,   тест  алуудан  баштайт.
      Бул  оюндун  шарттарын  мугалим  оозеки  түшүндүрүп  берет: 
а) Бир  барак  кагаз  аласыңар.
 б) Ошол  баракка  тоонун,  үйдүн,  дарыянын,  каптын 

(мешоктун)  жана  өзүңө  жаккан  бир  жаныбардын  сүрөтүн  тартасыңар.  Буга  20  минута  убакыт  берилет.  Барактын  четине  фамилияңарды  жазып  койгула.  Анан  мага  тапшырасыңар.
20  минутадан  кийин  мугалим  барактарды  топтоп  алып,  төмөндөгүдөй  кылып  чечмелеп  берет:
Тоонун  учтары  шиш  чуштугуй  болсо  адам  өтө  ачуусу  чукул  болуп  чыгат.
Боз  үйдүн  сүрөтүн  тарткан  окуучу  патриот  болуп  эсептелет  .
Дарыя  үзгүлтүксүз  тартылса  адам  өз  алдынча  иш  кыла  алат  ,  ал  эми  дарыя  үзүк -  үзүк  тартылса  өзүнчө  иш  кыла  албайт  ,  бирөөнүн  көрсөтмөсү  менен  гана  иш  кылат  .
Каптын  ( мешоктун)  оозу  буулуп  тартылса  адам  өтө  бышык , сараң  болуп  эсептелет. Ал  эми  каптын  оозу  ачык  тартылган  болсо  адам  колу  ачык,  берешен март  болуп  эсептелет .
Кайсы  жаныбардын  сүрөтүн  тартса  мүнөзү  ошол  жаныбардын  мүнөзүнө  окшош  болот . М:  Иттин  сурөтун  тартса  өтө  сак  ,  мышыктын  сүрөтүн  тартса  үйдөн  чыкпаган, арстан  же  жолборстун  сүрөтүн  тартса  айбаттуу  эч  нерседен  кайра  тартпаган  адам .
  Бул  оюн  аркылуу  окуучулардын  мүнөзүндөгү  айрым  кемчиликтерди  аныктап, жоюуга  аракеттенсе  болот же  окуучулардын  жакшы  жактарын  аныктап  ,  өнүктүрүүгө  мүмкүнчүлүк  түзүлөт  .

3. Улуу адамдардан улгу алалы...
Улуу адамдардын озун-озу тарбиялоого ундогон баа жеткис ойлору, создору кылымдан кылымга отуп, унутулбай келет.Эмесе ар бир топ ушундай ой- берметтеринен таап айтып тушундурмо бергиле.

-Адам учун эн кыйыны , кун сайын адам болуу.(ч.Айтматов)
-Сен таза болсон,мен таза болсом, коом да таза болот. (и. Раззаков)
-Мен пикир кылып жатам, демек, мен бармын (Рене Декарт)
Бул даанышман создордон жыйынтык чыгарсак адамдын билимдуу, онорлуу болуу менен эле максатка жетпейт экен. Ал кун сайын озунун адамдык сапаттарын сактап, жаман адаттардан алыс болуусу керек экен. «Аалым болуу оной, адам болуу кыйын»-деген создо калет жок. Анда эмесе создун корку болгон макал-лакаптар га кезек берели.Планшетте жазылган макалды толуктап, маанисин тушундуруп бергиле:
*Он колундун ачуусун…………………..( сол колун менен бас).
*Сабырдын тубу-……………………………(сары алтын)
*Жуз жыл жашасан –……………………..(жуз жыл оку)
*Адамды адам кылган……………………(эмгек)
*Адам болуу аста-аста…………………….(акмак болуу бир паста)
*Абийиринди жашындан ……………….(сакта)
4. Жыйынтыктоо:
   Бугунку отулгон тема боюнча жыйынтыктоо иретинде томонку суроолорго жооп берип королу:

1.Жашообуз  мазмундуу, максаттуу болушу учун эмнеге умтулуубуз керек?
Жооптор: жакшы адам болууга, кесипти туура тандоого, адамдык жакшы сапаттарды онуктурууго, билимдуу болууга, ж.б.

2.Озубузду тарбиялоо учун эмне кылуубуз керек?
Жооптор: иштерман болууга умтулуу, жакшы окуу, Улуу адамдардын чыгармачылыгын,омур жолун уйронуу, улгу алуу, ж.б.

3. Озубузду башкаруу учун эмне кылуу керек?
Жооптор:сабырдуу болуу, ачууга алдырбоо, жаман адаттарга уйронбоо, эмгектене билууго уйронуу, ж.б.

5. Уйго тапшырма беруу:
Идеал туткан адамын жонундо ой-жугуртуп кор. Андан кандай улгу аласын?