СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин педагогикалык философиям

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Менин педагогикалык философиям

Просмотр содержимого документа
«Менин педагогикалык философиям»

Менин педагогикалык философиям

Мугалим билим менен акыл - эстин саяпкери.

Биздин жашоо - бул ар түркүн түстөгү карусель. Ачык айкын, кызыктуу маалыматтарга бай, күтүлбөгөн бурулуштар кайда алып барат, чечилбеген суроолордун түйүнүн кантип чечсе болот деп миң түрлүү ой-толгоолорду ойлонобуз. Жашоодогу мындай туруксуз ойлорду ойлоо менен жаркын келечекти үмүттөнөбүз.

Биздин келечек - бул балдар. Балдарды буудайдын даны менен салыштырсак, буудайды эксек, убагында сугарып, жакшы карасак, түшүм мол болуп, токчулук болот. Балдарга да туура жол көрсөтүп, татыктуу билим жана тарбия берип өстүрсөк, келечектеги мыкты инсан чыгат.

Мугалим катары менин миссиям - жаш инсандын жан дүйнөсүн татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо. Азыркы балдар сырткы чөйрөдөгү ар түрдүү таасирлерди түз кабыл алат. Пайдалуу же пайдасыз деп жыйынтык чыгарууга алардын чыпкасы (фильтри) жок. Сырткы чөйрөдөгү таасирлердин агымын призмадан өткөргөндөй таза жана тунук кылып билим берип, тарбиялап өстүрүү мугалимдин милдети.

Акылман Сократ айткандай: "Бардык кесиптер адамдын өзүнөн берилет үчөө гана кудайдан , алар: педагог, сот, врач". Бул акылмандын сөзү менин педагогикалык философиямдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат. Педагогика деген сөз өзү эле "Баланы жетелеп жүрөм, тарбиялайм"деп которулат эмеспи. "Окуучу үчүн мектептеги эң негизги кубулуш, эң негизги окулуучу предмет, эң негизги көрсөтүлүүчү үлгү болуп МУГАЛИМ эсептелинет "- деп немец педагогу Фридриг Дистервегдин айтканы талашсыз чындык.

Мектеп, окуучу, сабак. Бир-биринен бөлүп кароого мүмкүн болбогон нерселер. А мугалим болсо үйдө жүрсө да, мектепте сабак учурунда, балким уктап жатып да мектепти, андагы бүгүнкү өткөн сабагын, же эртеңки өтө турган сабагын ойлогон, ал сабак менен бирге окуучусун кошо ала жүргөн адам.

Мектептен чыктың, сабак бүттү, жаныңда окуучулар жок. Бирок неге мугалим буларды ойлоп түйшөлөт? Ал түйшөлүүдө кээде кубаныч, кээде капалануу, а кээде жөн гана ой толгоолор бар. Мугалимдин кубанычы окуучунун жетишкендиги, анын керек болсо бир эле сабагыңда жооп берген жообу, ал алган жакшы баа мугалим үчүн чоң бир кубаныч. Окуучуңдун ар бир ийгиликтүү кадамы сени шыктандырат, бар түйшүгүңдү унуттурат. Бул мугалим үчүн керемет сезим, мындай жагдайда өзүңдү бактылуу сезесиң. Бирок бул керемет сезимди сезүү үчүн, сенин алдыңда эң чоң жоопкерчилик турат. Ал сенин билимиң, ал билимди практика менен айкалыштыруу. Демек, окуучунун ийгилиги үчүн, ал ийгиликке мугалим катары чын дилиңден кубануу үчүн эң биринчиден сенин чын дилден берген сабагың. Ар бир сабак жөн гана тема түшүндүрүү эмес, сабак менен бирге тарбия берүү, окуучуга өтүп жаткан темаңдын негизинде таасир калтыруу. Албетте, мунун баары сенин өтө турган сабагыңдын планында каралат. Кеп ошол тарбиялык максаттарды жеткире алгандыгыңда.

Сенин көз алдыңда жыйырмадан ашык окуучу олтурат. Демек, жыйырмадан ашык көз караш, ар башка жан дүйнө жана ошончо өзгөчөлүк. Мугалим мунун барын туя билип, жан дүйнөсү менен кабыл алуусу абзел. Андыктан ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн чечип, анын жан дүйнөсүнө сиңип кирүүгө тийишсиз. Албетте, ар бир окуучуну жалаң “5” деген баага жеткире албайсың. Бирок мугалимдик кубанычты сезүү үчүн ар бир окуучу сага ачылып, сени кеңешчи кылып, сенден “5” деген баа албаса да, өзүнө керектүү жакшы сөздү, жардамды алуусу керек. Ал үчүн ар бир окуучуну таанып, жүрөгүңө түнөтүүң керек. Ошондо гана сен түйшүк менен бирге мугалимдик кубанычты сезесиң.

Мугалим катары качан капаланасың? Окуучуң үй ишин аткарбай келгенде, сени укпай отурганда, же темаңды таптакыр түшүнбөсө.

Бирок менин жеке оюмда , сен мугалим катары капалансаң болот, эгер бир да окуучу сага сабактан тышкары убакта, мейли сабак учурунда сенден жардам сурап кайрылбаса, сен капалансаң болот окуучунун жан дүйнөсүндөгү бороонду сезбей өткөрүп жиберген учуруңда. Мугалим жөн гана сабак өтүп, билим берген адам эмес, ал окуучунун жан дүйнөсүн сезе-туя, көрө билүүсү керек.

Ой толгоолор. Ой толгоо деген чексиз го! Ойлоносуң ал окуучуну эмнеге уруштум, же ал тентектигин качан коёт? Эмнеге сабакка кызыпайт. Бирок дагы ойлонушуң керек. Ал бүгүн капалуу отурду, маанайы жок, кандай жагдайга туш болду экен? Жөн гана ойлонуп койбой, сен өзүңдү мээримдүү, ишенимдүү таяныч экениңди далилдей жүрүшүң керек. Мейли ал жакшы окуган окуучу болсун же тескерисинче. Мугалим үчүн окуучунун билими менен жан дүйнөсү көрүнүп турушу керек. Ошондо гана балким, окуучу сага сабактан тышкаркы убактарда кайрылып, кеңеш сурайт, анда сен бир кадам алдыга жылдың, а окуучу болсо эки кадам алдыда. Ар бир мугалим мектептин дарбазасынын артындагы жашоосун, капачылыгын унутуп, ички дүйнөсүнө нур чачыратып, мектеп босогосун аттайт эмеспи. Күн сайын мындай демди кайдан алат? Албетте окуучулардын балбылдаган көздөрүнөн. Мугалим окуучулардын үмүттөрүн актоом керек, алар мага ишенет деп тынымсыз эмгектенет. Алардын ишеничине кирүү үчүн мугалим кандай болуш керек? Билимдин казынасына бай, тажрыйбасы мол, бир катар: артист, сүрөтчү, жазуучу, ырчы, кеңешчи сыяктуу сапаттарга ээ, ошондой эле мугалимдин устаканасында тынымсыз изденүү, заманбап технология, мугалимдин инсандык дарамети, балдар менен аяр жана чыгармачылык мамилеси, өз элинин эртеңи үчүн зор жоопкерчилигин сезген тазалыгы, улуттун угутун өз мээнети менен сугарган, мекенчил болуш керек.

Ар бир бала - бул жылдыз, ар бир жылдыз өзгөчө жаркырап, күйүп турсун десек, аларга убакыт жана күч жумшоо керек. Жылдыз канчалык жарык болсо, биздин жашоо ошончолук толук кандуу жана жаркын келечектүү.Эгер бийик, чексиз тепкичтери бар мунараны карасак, ал мунарага чыгыш үчүн , тепкичтер менен окуучулар барат, аларга мугалимдер жол көрсөтөт. Мугалимдин билими, тажрыйбасы, чыдамкайлыгы, тырышчаактыгы ар бир баланы бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүүгө түрткү берет. Ошентип биз мугалимдер окуучулардын ойлонуусуна, кийинки аракетине, жашоодогу кыйынчылыктардан коркпоосуна, чырмалышкан жолдо туура багыт алуусуна жардам беребиз.

Менин мугалимдик бакытым - бул балдардын жүрөгүндөгү бизге болгон ишеничтин чексиздигинде жана алардын бизден көп жакшы нерселерди, келечекти күткөн үмүттүү балбылдаган көздөрүндө. Менин ар бир сөзүм, ар бир кадамым балдардын жыргалчылыгы үчүн, демек Мекенибиз Кыргызстандын келечеги үчүн болсо экен деп кудайдан тилейм.

Бул менин окутуудагы жан дүйнөмдөн чыккан философиям!

Күндө келем мектеп ичи класска,

Күткөндөр бар, күткөндүгү ыраста.

Садагасы окуучулар эмеспи,

Сагындырган көрбөй калсам бир паска.



Балбылдаган көздөрүңдү карасам,

Таттуу кыял татынакай балапан.

Эжейлешип алдым тосуп чуркашса,

Ал жаныма кубат берчү арашан.



Бейпил күндүн ачып билим эшигин,

Бергим келет менден алчу кешигин.

Аларга эмей анан кимге арналмак,

Эл агартуу мугалимдик кесибим.









МЕНИН КРЕДОМ

  • Өзүмдүн окуучуларым, мектебим менен

сыймыктануу.

  • Сабактарда чыгармачылык жана кубаныч

тартуулаган жагдай түзө билүү.

  • Адегенде үйрөтүү, андан соң суроо

  • Окуучулардын жүрүш-турушун жана

билимин баалоодо калыс болуу.

  • Ар бир окуучунун жакшы жагын таба

билүү.

  • Окуучулардын кызыкчылыгын көздөө.

  • Ар кандай кырдаал учурунда

окуучуларымдын ордуна өзүмдү коюп

көрүү.

  • Мектеп босогосун ар дайым жакшы

маанай менен аттоо.















Мугалимдин усулдук темасы:



Сабак өтүүдө интерактивдүү ыкманы пайдалануу менен окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана сабаттуулугун арттыруу.



Күндө келем мектеп ичи класска,

Күткөндөр бар, күткөндүгү ыраста.

Садагасы окуучулар эмеспи,

Сагындырган көрбөй калсам бир паска.



Балбылдаган көздөрүңдү карасам,

Таттуу кыял татынакай балапан.

Эжейлешип алдым тосуп чуркашса,

Ал жаныма кубат берчү арашан.



Бейпил күндүн ачып билим эшигин,

Бергим келет менден алчу кешигин.

Аларга эмей анан кимге арналмак,

Эл агартуу мугалимдик кесибим.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!