СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин педагогикалык философиям

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Менин педагогикалык философиям

Просмотр содержимого документа
«Менин педагогикалык философиям»

Менин педагогикалык философиям

Ч.С. Урсеитова, Бишкек шаары, А. Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназия

Мугалим – окуучулардын досу, устаты

Жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо мугалимдин жыйынтыгы методдорду туура тандап алуусунун таасири чоң. Ошондуктан интерактивдүү метод билим берүүдөгү бүт талаптарга жооп берет. Өзгөчө сабакты оюндар окуучунун жөндөмүн, талантын арттырат, анткени алар сабакты активдүү катышуу менен терең билим ала алышат.

Мугалим – бул дос, балдардын жардамчысы, билим алуудагы устаты. Мен үчүн, албетте, балдардын билимге болгон кызыгуусу, күнүмдүк чарчоонун жүгүн арбытат. Ошондуктан менин сабагымда балдар теманы терең өздөштүрүп, кийинки сабакка кызыгуу менен келиши үчүн шарт түзүп берүүм абдан маанилүү. Үйрөтүп жатып биз да үйрөнөбүз.

Өзүм окуткан окуучуларыма турмуш жолун, билим башатын үйрөтүү, мен үчүн чоң сыймык жана ырахат. Окутуп-тарбиялоодогу менин башкы максатым – эффективдүү сабак өтүү менен жогорку көрсөткүчтөргө, б.а. мыкты натыйжаларга жетишүү.

Башталгыч класс – билимдин пайдубалы. Билим, тарбия берүүнүн сапатын өркүндөтүү өлкөбүздүн өсүшүнө салым кошуучу атуулдарды тарбиялап, өстүрүү республикадагы олуттуу маселелерден болуп эсептелет. Эл керегине жараган атуулдарды тарбиялоодо башталгыч мектеп зор милдеттерди аткарат. Өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу үчүн адамга окуу билгичтиги эӊ зарыл, керектүү сапаттардын болуп эсептелет. Башталгыч мектептин мугалими, кенже балдарга билим берүүдө, жалпы билим берүүчү мектептин пайдубалын түзөт. Башталгыч мектепте адамдын мүнөзүн, акыл жана адептик сапаттарын, коомдогу жүрүм-турумун аныктоочу жөндөмү жана касиеттери түптөлүп, калыптанат.

Билимдин жашообузга тийгизген таасирлерин талдоо, кол менен жасалган иштин акыл эмгегинен айырмасын салыштырып түшүндүрүү менен окуучулардын келечекте ким болооруна кадам таштата турган өнөр менен кесип бөлүштүргүчү биз, мугалимдербиз. Биздин ар бир сөзүбүз, баскан-турганыбыз, жүрүш-турушубуз, жарашыктуу кийинип жүрүүбүз, тазалык, кичи пейил жөнөкөйлүгүбүз, керек болсо, ырдап-бийлеп, күлгөнүбүз окуучу үчүн – таалим-тарбия.

Окуучу бизден көзүбүз күлүп, тилибизден бал сөз чыгып турганын күтөт, аларга эч убакта каарданып, капа болуп турганыбызды көрсөтпөшүбүз керек. Канчалык шашылып турсак да, артист сахнага кандай даярданса, биз мугалимдер андан көбүрөөк даярданышыбыз керек.

Окуучу мугалимдин сынчысы. Андан кылдат сезим менен дайыма биздин жүрүм-турумду, кабак-кашыбызды, ар бир сөзүбүзгө чейин сындап турат. Биздин ар бир акыл-насаатыбыз, айткан сөзүбүз алардын келечегине багыт берүүчү чоң жол. Мен окуучумдун жүрөгүнөн алган, сыйлуу эжеке болуу үчүн бүткүл күч-аракетимди жумшайм, ар бири менен өз алдынча сүйлөшүп, тил табышууга, алардын көйгөйлөрү менен чечишип, мүнөзүнө жараша мамиле кылам. Балким, үйүндө ар кандай маселе жаралып калдыбы, эмне себептен кечигип келди, эмне үчүн көңүлсүз отурат, кабагы салыңкы, мугалимге, жолдошторуна жасаган мамилеси кандай, мына ушулардын баарын эске алып, туура түшүнүп жана түшүндүрүш менин педагогдук милдетим. Албетте, биз, мугалимдер балдарга кыйкырып-бакыргандан баар таба албайбыз, билимдерибиз да жукпайт, жылуу сөз жүрөктөн орун табат, дегендей сөздүн жакшысы акылыбыздан ажырабасын.

Бардык кесип агып чыккан булак деп койсок да жарашат. Мугалим кесипкананын ачкычы, мугалим сүйдүргөн кесиптин ырахатын эңсеп, сүйүп, ээ болууга аракет жасайт. Ошондуктан ар бир агай, эжеке кесиптин кызык сырын ачууга окуучулардан билген, изденген, кызыккан мугалим болуубуз зарыл. Биз ыйык кесиптин ээси экенибиз өтө чоң сыймык, сыймыктын оор жүгүн баарыбыз тегиз көтөрүүгө милдеттүүбүз.

Белгилүү педагог В.А.Сухомлинский: «Эң коркунучтуу нерсе бул окуучунун күн сайын 5-6 саатка созулган, айларды, жылдарды уурдаган бекерчилиги. Бул адамды адамдыктан калтырат да кийин буга мектеп да, өндүрүш да жардам бере албайт, бул жоготуунун ордун эч нерсе толтура албайт»,- демекчи, менин оюмча, ар бир келечек муун жогоруда айтылгандай убакыттын өтүшү менен гана чектелбестен, маңыздуу, келечектүү билим алып, убакытты текке кетирбей натыйжалуу сарптоо абзел.

Кыргыз Республикасындагы жалпы орто билим берүүнүн улуттук куррикулуму мектептерде жайылтылып, жакшы натыйжаларды берүүдө. Анда белгиленген билим берүүнүн максаттарына төмөнкүлөр кирген.

- өзүңдөгү ички дараметти ачууга жөндөмдүү, гумандуу, чыгармачыл, көп маданияттуу, өзүн өнүктүрө билген инсанды тарбиялоо;

- окуучуларды өз алдынчалыкка, демилгелүүлүккө жана өз иш-аракетин мыкты уюштура билүүгө, өз жүрүм-турумун жана жашоосу үчүн жоопкерчиликтүү болууга, жогорку деңгээлдеги укуктук маданиятты калыптандырып, өз укугун коргой билүүгө жана сабырдуулукка тарбиялоо.

Башталгыч класста окуучунун келечекте кайсы багытка барарын аныктайт, билимдин, тарбиянын башатына баш багат. Башталгыч класс мугалиминин өткөн сабагы окуучунун турмушунда маанилүү роль ойнойт. Башталгыч класс ой жүгүртүүсүнө, салыштыруу жана туура, негиздүү ой бүтүмүнө келүү билгичтигине, аӊ-сезимдин зирек болуп калыптанышына негиз болот. болбосун аткаруусуна мүмкүндүк түзүп, анын аң-сезимин калыптандырат.

Сөзүмдүн аягында жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодо билимдин, илимдин, тарбиянын ар кандай сырларын ачып берүүгө, өз алдынча алдындагы маселени чече билүүгө, илим-билимге болгон кызыгууларын тереңдетүү үчүн бүткүл билимимди, күч-аракетимди жумшап, өз кесибимдин түйшүгүн аркалап, окуучуларымдын сүйүктүү, кадырлуу жана билимдүү мугалими болууга милдеттүүмүн.