Менин педагогикалык философиям
“Коомдун зор күчү мугалимге жүктөлөт”,- деп Чыңгыз Айтматов айткандай, тандаган кесибимдин пайдасын окуучуларга, коомго канткенде жеткире алам деген ой мени тынчсыздандырат.
Бото Нарматов атындагы орто мектебинин “Мектеп ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, азыркы жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялайт” деген миссиясынын негизинде өзүмө “Учурдун талабына ылайык заманбап технологияларды пайдаланып сапаттуу билим берүү менен, окуучуну ата-энелер менен биргеликте ар тараптан өнүгүүгө тарбиялоо” деген көйгөйдү жаратып, иш тажрыйбамды кеңейтип келем.
Бала кыялымдан бери мугалимдик кесипти тандап, максатыма жетип, Ош шаарындагы Ош Технологиялык университетинин Табигый-техникалык факультетинин информатика адистигине тапшырып, 2014-жылы окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктадым .
“ Мыкты студент, мыкты мугалим боло алат” дегендей, мыкты мугалим болууга аракеттенип, учурдун талабына ылайык заманбап технологияларды пайдаланып, окутуунун инновациялык методдорун ар бир сабагымда колдонуп келем. Окуучуларым маалыматтын заманбап каражаттарына жана маалыматтык технологияларга ээ болуусун, зарыл болгон маалыматты өз алдынча издеп, анализдеп, кайра өзгөртүп түзүүлөрүн өнүктүргөн компотенттүү окуучуларды окутуп жатам. Окутуунун ишмердүүлүк формасында уюштурууну системага айлантууга багытталган сабактын ар түрдүү этаптарында “Саякат сабак”, “ Жомок сабак”, “Семинар сабак”, “ Аралаш сабак”, “ Аңгеме сабактарды” өтүп келем. Ошону менен бирге , “okuma.kg”, “acmp.ru”, “leamingapps.org”, “rebus.com”, “webmath.ru”, “bilim.kg”, “plickers”, “питонтиютор”, “мультиурок” онлайн сайттарды колдонуп, жыйынтыктоочу сабактарымда окуучуларым менен биргеликте тест, слайд, видео, крассворд, программаларды түздүрүп үйрөтүп келем.
Белгилүү кыргыз педагогу Сулайман Рысбаевдин “Адамдын бактысы-жакшы мугалимден жакшы насаат угуп, жакшы тарбия алгандыгында” деген учкул сөзүнө таянам. Окуткан окуучуларымды өзүм жашап жаткан доорго эмес, алардын келечегине багыттап, робототехника жана It тармагынан мыкты окуучулар чыгуусуна максат коюп, мектепте “Жаңы технологияларга саякат” аталышындагы ийримди жетектеп келем. Бул ийримдеги негизги планым беш жылдык убакытты өзүнө камтыйт.
“ Устаттан шакирт өтөт” демекчи, окуткан окуучуларым учурда IT тармагында эмгектенип, элге кызмат кылып келишүүдө.
Жыл сайын өткөрүлгөн республикалык деңгээлдеги аймактык олимпиадада окуучуларым эки жыл катары менен 1-2-3- орунду ээлешти.Ошондой эле “Сорос”фонду тарабынан уюшулган “Питон тили” курсунда жеңүүчү аталып, Ош шаарында бир жума окуучуларым менен биргеликте эс алып, ноутбук жана башка баалуу белектер менен сыйландык.
Мугалиммин, окуучума жарыгын чачып турган,
Мугалиммин , чырпыкты жетилтип чынар кылган.
Мугалиммин, булактын көзүн ачып,
Булак суусун чоң дайрага кошуп турган.
Мугалиммин, окуучунун күлкүсүнөн,
Дем алып, азыктанып жашап турган.
“Чоң иштин ийгилиги майдадан башталат” деп В.И.Ленин айткандай, мектепте өткөн ар бир чыгармачыл сабактарым, класстан тышкаркы иштерим менин тажрыйбамды байытып, педагогикалык ишмердүүлүгүм артып келет.
Окуучуга тамчыдай билим берүү үчүн мугалим өзү деңиздей сууну өзүнө сиңирүү керектигин эске алып, өз билимимди өнүктүрүү максатында онлайн, офлайн курстарына жана семинарларга байма-бай катышып келем.
Билимди башкалар менен бөлүшсө азайбайт, тескерисинче, көбөйөт. Кесиптештерим менен өз билгендеримди бөлүшүп, алардын компьтердик сабаттуулуктарын жогорулатууга көмөктөшүп, курстарды жана семинарларды уюштурам.
Мындан сырткары мектеп менен эле чектелип калбастан, айыл ичинде 7 жаштан баштап компьтерге кызыккан бардык айыл тургундарына курс ачып, жеке ишкерлер өздөрү өндүргөн продукцияларын дүйнөлүк аренага алып чыгуусу үчүн атайын сайттарды ачып , веб баракчаларга жарыялоону үйрөтүүнү максат кылам.
“Тарбия берүү улуу иш, ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет” деп В.Белинский айткандай,баланы тарбиялоодо үйдөн ата-эне, мектепте мугалим тарабынан көзөмөлгө алынып, эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барабыз. Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамынын ээси Гапыр Мадеминовдун “Ата-энелер мектеби” биздин мектепте да колго алынып, ошонун негизинде иш-пландар түзүлүп, “Эне окумайынча, бала окубайт” деген ураан менен ата-энелер менен “Тарбия баалуулуктары”, “14-15 жаштагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоо методдору”, “Ата тарбиясы” деген темаларда сабактар өтүлдү.
Ал эми тарбиялык сабактарда окуучуларга “ Адептүүлүк-адам көркү”, “ Ийгиликке жетүүнүн сыры” жана башка деген темаларда окуучуларым менен ой бөлүшөбүз жана кыргыздын үрп-адатын, каада-салттарын, макал-лакаптарын пайдалануу менен мыкты класс болгонго аракеттенебиз.
Окуучулардын жан дүйнөсүн байытып, руханий азык тартуулоого аракеттенип, ата-энелер менен биргеликте китеп окууну салтка айлантып, таймаштарды ай сайын өткөрүп келебиз.
Менин классым мектепте өткөрүлгөн “Заманбап кыз”, “Мырза жигит” конкурстарында жана спорт боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды ээлегендиги менин буга чейинки өткөргөн иш-аракеттеримдин үзүрү жана алардын ийгилиги менин ийгилигим деп билемин.
“Мугалимдик кесип- мамилелешүүнүн, тазалыктын, сооп жыйноонун, бала астында күндө сыноодо туруунун кесиби” деп Эл мугалими Мамады Байымбетов таамай айткан. Мына ушул күн сайын сыноодо туруучу кесип мени күн сайын изденүүгө, умтулууга, кенен ой жүгүртүүгө, келечекке жаркын көз караш менен кароого, баланын жан дүйнөсүнө үңүлүп кирүүгө, аларды берилип сүйүүгө үндөйт.
Келечекте Кыргызстандын билим берүүсүнө өзгөчө салым кошсом деп ниет кылам. Анткени мен жөн гана бала окутуп эмес, сүйүүгө толгон келечек куруп жатамын.
Балдар менин бар байлыгым, мол бактым,
Балдар менен өткөн өмүр гүл өмүр.
“Саламатпы эжей” деген сөз үчүн,
Мен мектептен кетким кетбейт бир өмүр