-Маалыматтык«фастфуд»жана эмне үчүн маалыматты аң-сезим менен пайдалануу керек.
-Фэйктер, аларды эмне үчүн таратышат, малыматтын чын-бышыгын кантип ажыратуу керек.
| слайдтын № | Слайдтын мазмуну | |
| 1 | Өткөн сабакта биз силер менен маалымат деген эмес, жашоодогу дээрлик бардык чөйрөгө бүгүнкү күндөгү маалыматтык агым кандай олуттуу тассир тийгизээри жөнүндө сөз кылганбыз. Бүгүн болсо, силер кандай маалыматтын түрлөрүнө туш болушуңар мүмкүн экендигин талдайбыз. Интернет аркылуу ар түрдүү маалыматка толук жана эркин жетүү мүмкүнчүлүгү астында сиз маалымат толкунунун алдында калууңуз толук мүмкүн. Балким сиз жөн гана маалымат керектөөчүсүнө айланып, ар кандай сүрөттөрдү карап, кезектеги кызыктуу фактыны окуп же вирустуу видеолорду көрөсүз. Балким маалыматтык манипцляциянын таасирине кабыласыз жалпы агымга кошулуп, буга мисалдарды кийинирээек келтиребиз. Бирок ошол эле кезде азыркы жаңы технологиялар ачып жаткан маалымат алуу эркиндигин туура пайдалансаңыз жана азыр коммуникациянын ар түрдүү сыяктуу куралдары, анын ичиндеинтернет, гезит, радио жана телевидение сунуштап жаткан эбегейсиз чоң маалымат массивин аң-сезим менен керектесеңиз, сиз жашооңузду башкарып, жөндөмдөрүңүздү өнүктүрө аласыз. | |
| | 1-Көнүгүү.Маалыматтык «фастфуд»(сунушталган убакыт 5 мин.) 1-Кадам.Дискуссия . Бүгүн силер менен маалымат туурасында аны тамак катары сөз кылабыз. Маалымат, тамак сыяктуу эле пайдалуу же зыяндуу болушу мүмкүн, ал тургай маалыматтык «фастфуд» болушу да ыктымал. Силер кандай ойлойсуңар маалыматтык «фастфуд»деген эмене? (эгер окуучуларда вариант жок болсо, «фастфуд» тамак катары эмнени түшүндүрөөрү туурасында ой жүгүрткүлө, андан кийин биргелешкен талкуунун негизинде, тамак сыяктуу фастфуд – куру калориядай эле, маалыматта да көңдөй, маанисиз, көңүл ачуудан башка максаты жок продуктулар болоорун түшүндүргүлө.) | |
| 2 | 2-Кадам.Презентация. 21-кылымды керектөөчүлөрдүн кылым деп аташат, бул бир гана тиричиликке керектүү предметтерге, тамак-аш, кийим, гаджеттерге эле эмес, маалыматка да тиешелүү. Азыр маалыматты ашыкча пайдалануу мезгили. Төмөнкү маалыматтар буга далил боло алат.: Интернетте 204 000000 электрондук кат жөнөтүлөт Фэйсбукта 6 000000 баракча, 20 млн. сүрөт каралат, 2 460 000 пост жарыяланат. Youtubeда 1 300000 ролик ойнотулат. Жана ушул эле порталга узактыгы 72 саат болгон видео билдирүү жүктөлөт, башкача айтканда, Youtubeка бир мүнөттө жүктөлгөн видеонун баарын көрүп чыгыш үчүн уктабай, тамак ичпей 3 сутка убакыт керек. Гугл издөө системасы 4 000 000 издөө операцияларын жүргүзөт. Вотсап-мессенджерде бир мүнөттө 347 222 сүрөт жөнөтүлөт. Твиттерде 277 000 пост жарыяланат. Инстаграмда 216 000 пост жарыяланат. Бул маалыматтар маалымат агымынын эбегейсиз чоңдугун жана ушунчалык көп сандаган контент өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. | |
| | 2-Көнүгүү.«Ашыкча маалымат» (сунушталган убакыт 10 мин) (Материалдар: мессенджерлердин аты жазылган карточкалар; каалаган түстүү журнал, мисалдар жазылган барак, ыктыярчы үчүн калемсап, балдар үчүн тапшырмалар жазылган карточкалар) 1-Кадам.Алты окуучуну тандап алуу керек (активдүү, ачык). Алардын ичинен бир ыктыярчы эшикке чыгат, калгандары тапшырма баракчаларын алышат. Аларга тапшырманы окуп, даярданганга 1 минута берилет. 2-Кадам.Ыктыярчыга мисалдар менен барак берилет, ал 1 минутанын ичинде бардык мисалдарды жазуу түрүндө аткарып чыгышы керек. Ушул эле убакта карточкаларды алган балдар ага карата өз тапшырмаларын аткарышат. «Маалымат каналдары» оюнун ойногон балдар үчүн карточкалар. (тиешелүү каналдын белгисин алардын кийимине тагып же башына кийгизип койсо болот) | Каналдын аталышы | Аткаруучуга тапшырма | | Канал «Youtube» 2 адам | Силер чогуу кандайдыр бир кыймыл-аракетти көрсөтүп беришиңер керек жана ошол мааниде маектешишиңер керек. Мисалы, магазинде дос кыздар кийим кийип көрүп жатышат же эки бала боксташып жатат же башка эки адам катышкан кыймыл-аракет. | | Facebook | Кандайдыр бир журнал же гезитти алып барактап жатып, классташыңа андагы сүрөттү көрсөт, сүрөттүн алдындагы текстти анын көңүлү бурулгандай кылып катуу окуп бер. Оюңа эмес келсе айта бер, аба ырайы, саясат, айырмасы жок, бир гана унчукпай калбоо керек! | | WhatsUpp | Классташың кайрылып жатып, ар бир сүйлөм алдында кандайдыр бир үн чыгарып тур. Мисалы, “динь-динь, кутман таң! динь-динь кел маектешебиз? динь-динь мектептен качан келесиң? Ж.б.” | | Instagram (кыз) | Сен болсо эшке чыгып кеткен балага кайрылып, тынбай сүйлөшүн керек, эртең мененки тамакка эмне жедиң, бүгүн жолдон эмне көрдүң, кандай көйнөк сатып алдың, жана ар бир сүйлөмдү “Карасаң, мен бүгүн эмне...(жедим, көрдүм, сатып алдым ж.б.” деген сөздөр менен башташың керек. | 3-Кадам.Бир мүнөттөн кийин процессти токтотуп, ыктыярчы канча мисалды аткарып бүткөнүн текшерүү керек. Ыктыярчыга суроолор: Мисалдарды аткаруу кыйын болдубу? Эгер ошондой болсо, эмне тоскоол болду? Ал классташтарынан уккан жана көргөн маалыматтардан бир нерсе эстеп калдыбы? Жок? Эмне үчүн? Эгер эстеп калса ал маалымат кимден келди эле? Ал маселени аткарууда тоскоол болдубу? Бул адамдардан уккан нерселер пайдалуу болдубу? Класс менен бул көнүгүү эмнени көрсөткөнүн талкуулагыла. Бүтүм: маалыматтык “таштандынын” көптүгү иштен алагды кылат, натыйжада башта тыңгылыктуу эч нерсе деле калбайт, жөнөкөй эле тапшырмаларда көп каталар кетиши мүмкүн. Ыктыярчы үчүн карточка: | 61 - 47 = | 16 + 35 = | | 51 - 24 = | 88 + 6 = | | 65 - 28 = | 11 - 7 = | | 16 + 84 = | 43 + 38 = | | 57 - 19 = | 7 + 19 = | | 59 + 42 = | 48 + 37 = | | 29 + 32 = | 54 - 28 = | | 35 + 47 = | 60 - 15 = | | 23 + 29 = | 28 + 4 = | | 35 + 28 = | 62 + 18 = | | 48 - 39 = | 27 + 48 = | | 19 + 14 = | 15 + 18 = | | 86 + 7 = | 90 - 24 = | | 350 - 1 = | 41 - 25 = | | 32 - 25 = | 800 - 70 = | | 18 + 73 = | 81 + 19 = | | 26 + 47 = | 37 + 18 = | | 94 - 64 = | 38 + 26 = | | 56 - 29 = | 75 - 6 = | | 50 - 47 = | 17 + 49 = | | 52 - 17 = | 29 + 41 = | | 90 - 16 = | 74 + 8 = | | 27 + 47 = | 60 - 13 = | | 25 + 37 = | 73 - 18 = | | 94 - 65 = | 350 - 1 = | | 63 - 28 = | 14 + 7 = | | 56 + 8 = | 31 - 15 = | | 64 + 18 = | 39 + 45 = | | 40 - 38 = | 39 + 9 = 30 | 4-Кадам. Окуучуларга суроолор. Силер кандай ойлойсуңар маалыматтык «фастфуд» деген эмне жана анын бул көнүгүү менен эмне байланышы бар? | |
| 3 | Мугалим үчүн маалымат: Эгер кыйынчылык жаралса тамак менен аналогия жүргүзгүлө. Жеңил, эч пайдасыз, көңүл ачуучу маалымат аз өлчөмдө көп зыяны жок, бирок аны дайыма пайдалануу мээнин “таштандыларга” толушуна алып келет. Пайдаланган маалыматтаын сапаттуулугу жеген тамактын сапаты сыктуу эле абдан маанилүү. Анткени, бул түздөн-түз адамдын ой-жүгүртүү жөндөмүнө таасир тийгизет. Эсиңерде болсун, бардык маалымат: китептер, посттор, сүрөттөр мээнин активдүүлүгүнө таасир этет. Биз баарыбыз мээбизди толтуруп турабыз, ал эми маалыматтын ашыктыгы, айрыкча жеңил маалыматтын көптүгү, сизди жөн гана керектөөчүгө айлантат. Мындай туш келди керектөөнүн баасы – биринчиден убакыт. Эстеп көргүлө, силер канча убакытта бир социалдык тармактарга кирип, жөн эле кезиккен маалыматтарды эле окуп, сүрөттөрдү көрүп баштайсыз, бир саат, анан экинчиси өткөнү билинбейт. Экинчи баасы, убакыттй эле баалуу –маалыматты анализдөө жөндөмү. | |
| 4 | Маалыматты пайдаланууда эң негизгиси анын санында эмес, анын актуалдуулугунда жана сапатында. Адамдар үчүн баарын билүү жана башкалардан биринчи аны таратуу абдан маанилүү, бирок көп учурда бул үстүртөн гана болот. Бул эмнеге алып келет?Ойлонбой туруп, интернет эмнени сунуштаса баарын тегиз окуу же көз ирмемде аны менен социалдык тармактарда бөлүшүүдө адамдар маалыматты талдоого үлгүрбөйт, фастфуддун куру калорияларын менен денесине май топтогондой, бул маалыматтарды мээге топтой берет. Маалыматты сапаттуу анализдөө үчүн убакыт керек, отуруп ойлонуп көрүү керек, зарыл болсо өзүнө өзү суроо берип, аларга жоп бергенге аракет кылыш керек.Бирок буга убакыт жок, анткени бүт убактысын маалыматты чогултууга коротот. | |
| 5 | 3-Көнүгүү. «LOL»(сунушталган убакыт: 5 мин.) 1-Кадам. Мугалим мемдер менен слайдды көрсөтөт. | |
| 6 | Мем (англ. meme) — маданий маалымат бирдиги. Мем болуп каалаган идея, символ, манера же адамдан адамга аң-сезимдүү же сезим менен речь, жазуу, видео, ритуал, жесттер аркылуу берилген аракет образыже образдары саналат. Мем – айтылуу фразалар же персонаждын жардамы менен жеке сезимиңди билдирүү жолу. Алар биздин жашообузга бекем орун алды. Достор менен же кесиптештер менен пикир алмашууда көпчүлүк адамдар белгилүү комикстерге таандык “вирус” фразаларды колдонушат, ар кандай жол менен персонаждардын элесин чагылдырууга аракет кылышат. | |
| 7 | Акыркы убактарда виртуалдык баарлашуу процессинде өз мамилелерин же эмоцияларын билдирүү үчүн ар кандай сүрөттөр көп колдонула баштады. Эмне үчүн адамдар өзүлөрү ойлоп тапкан сөздөрдү аз колдонуп, көбүрөөк мурдатан даяр, бирок бирөөнүн фразаларын же сүрөттөрүн колдоно баштады?(дискуссия 2-3 мин). Силер мындай нерселерди көп колдоносуңарбы? Мугалим үчүн маалымат: Талкуунун багытын, азыр дүйнөдө бардык нерсени жеңилдетүүгө болгон тенденция, анын ичинде сүйлөшүү тилин да, орун алып жатканына бургула. Көпчүлүк адамдар азыр айтышат, эмодзи (мессенджерлердеги смайлдар менен белгилер) –бул бардыгына түшүнүктүү болгон жаңы эл аралык тил | |
| 8 | Адамдар коммуникация үчүн чектелүү гана фразаларды колдонууга көнүп алышы, адамдын ашыкча маалыматты пайдалангандыгынын мисалы. Бул сүрөт, же «мем»-заманбап маалымат-керектөөчү адамды так чагылдырат, ойлонуп көргөндүн ордуна, анын жообу дайыма даяр: лол. Лол деген эмне? LOL - лол деп же эл-оу-эл деп окулат. ( англ. тилинен laughingoutloud — катуу, үн чыгарып күлүү же; lotsoflaughs — көп күлкү) — англис тилдүү акроним, интернет-мем. Термин интернет баарлашууда күлкүнү жазуу түрүндө чагылдыруу үчүн пайдаланылат. | |
| 9 | 2-Кадам. Дискуссия жана мугалимдин презентациясы. Биз эмне үчүн мындай болуп бара жатабыз? (окуучулардын жообун угуу). Анткени, биз маалыматтык «фастфуд» көп колдонобуз.Адамдар өзүлөрү фраза ойлоп табуга жалкоолонушат, ошондуктан алар даяр “загатовкаларды, мемдерди алат да өз баарлашуусунда пайдаланат. Же аларды ойлондурган нерсе жөнүндө ага окшош маалыматты ойлоп табат. Класска суроо: Маалыматты ашыкча пайдалануу эмнеси менен кооптуу? Мисалдарды окуучулар менен талкуулагыла. Сын көз менен ой жүгүртүү жөндөмүнүн мокошу. Притуплением критического мышления. Сын көз менен ой жүгүртүү – бул силерге багыт табууга, туура чечим кабыл алууга жана зыяндуусунун баш тартууга жардам берген жөндөм. Анын мокошу менен анализдөө жөндөмү да азаят. Натыйжада биз куган, көргөндөрдүн баарына ишене баштайбыз. Жазылгандардын баарына кантип ишене бербөөгө боло турганын мен силерге анан айтып берем. Ошентип, сын көз менен ой жүгүртүү - бул теманы же окуяны силерге көрсөткөн жагынан гана эмес, ар тараптан көрө билүү жөндөмү. Маалыматты кантип колдонуу керек? Колго тийгендин баарынын эле окуунун кереги жок. Кезектеги маалыматты изилдеп жатып, өзүнөргө суроо бергиле, бул маалымат эмнеге керек? Бул алынган маалыматтар жашоону жакшыртканга жардам бере алабы? Качан силер мектепти, андан соң жогорку окуу жайын бүтүп жумуш издегенде, силердин кызматкер катары артыкчылыгыңар маалыматта эмес, анткени ага баары эле ээ боло алышат, маалыматты анализдөө, маанилүүсүн бөлүү жана жашоодо пайдалануу жөндөмү. Башыңарды “таштандылар” менен булгабагыла. 3-Кадам.Окуучуларга суроо:Кандай ойлойсуңар, маалыматтык «фастуддан»? таптакыр баш тартуу керекпи? (Оозеки. Тез.) Окуучулардын жообун угуу. | |
| 10 | Маалыматтык «фастуд»же жеңил маалымат дайыма мээни жай алдырат. Гезиттерде мисалы, акыркы барак анекдо, гороскоп же кызыктуу фактыларга берилет. Канчалык жеңил маалыматты көп колдонгон сайын, ого берет дагы каалатат. Мисалы адамдар мышыктардын кызыктуу сүрөттөрдү барактоодон баштап, анан күчүктөргө өтөт, анан яхталар, атактуу жылдыздар, анан токтонуу мүмкүн эмес. Мен силерге жеңил маалыматты эч качан пайдаланбаш керек деп айта албайм. Бирок чени менен аң-сезимдүү пайдалануу керек. Болбосо манипуляциянын курмандыгына айланасыңар. | |
| 11 | 4-Көнүгүү. Фейктер.(сунушталган:8 мин) 1-Кадам.Өткөн сабакта силер менен маалыматтын калыстыгы жана чынчылдыгы туурасында сөз кылганбыз. Бул сүрөт туурасында эмне айта аласыңар? Слайдды көрсөтүү Слайд 6 2-Кадам. Суроо: Бул сүрөттүн тарыхын билесиңерби, айтып бергиле? 3-Кадам.Эгер эч ким билбесе, бир окуучуну жарыянын текстин окуп берүүнү сурангыла. 4-Кадам.Класска суроо: Бул жарыяны окуп, асыл тукум күчүк алууну каалагандар канчылык көп болушу мүмкүн деп ойлойсуңар? Канчалык көп адам жардам берүү максатында бул маалыматты өзүнүн социалдык баракчасында таркатууну каалайт деп ойлойсуңар? Бул билдирүү эмне үчүн жасалган, кандай деп ойлойсуңар? 5-Кадам. Фейктин тарыхын баяндоо: Бул сүрөт тексти менен социальдык тармактарда бир нече жылдан бери жүрөт. Ойлонуп көргүлө, бул пост кошумча силерде кандай суроолорду жаратышы мүмкүн?Сын көз караш менен ой жүгүртүү жөндөмүңордү пайдаланып, бул билдирүү күмөн туудурган бир нече учурларды белгилегиле. 6-Кадам.Окуучулардын жообун угуу. 7-Кадам.Мугалимдин толуктоосу. Эмне үчүн күчүктөрдү сууга чөктүргөнү жаткан кожоюндардын жашаган жери, шаары, же өлкөсү да көрсөтүлгөн эмес? Эмне үчүн күчүктөрдүн канчасы ургаачы, канчасы эркек экени, көрсөтүлгөн телефон номери боюна кимге кайрылуу керектиги айтылган эмес? Эмне үчүн өтө кымбат турган күчүктөрдү ээлери сууга чөктүрүп өлтүргөн жатат? Орусияда орто эсеп менен далматин күчүктор 300 доллар турат. Себетте 15 күчүк жатат, 4500 долларды ким сууга чөктүрөт? Эгер башка шаарда, өлкөдө жашасаңар мындай маалыматты эмне үчүн таратат? | |
| 12 | Көрсөтүлгөн номер бул атайын номер, ага чалган учурда сиздин номериңизден акча алынат, айрым учурларда чоң сумма алынышы мүмкүн. Бул сыяктуу маалыматтын түрү фейк деп аталат, англис тилинен fake – жасалма дегенди түшүндүрөт. Википедияда мындай аныктама берилет: Жасалма (фейк) жаңылыктар – бул маалыматтык мистификация же атайылап социалдык тармактарда же салттуу ММКда туура эмес маалымат таратып, финансылык же саясий пайда көрүү үчүн атайын адаштыруу. Фейктин кандай түрлөрүн билесиңер? | |
| 13 | Репост кылганы үчүн БМВ же квартира ойнотулган сүрөттөрдү көрсөткүлө. Ошондой эле айфон, айпад жана башка техникалардын ойнотулушун мисал келтиргиле. Окуучуларга дагы бир жолу бул жарыялар пайда кылчу суроолор туурасында ойлонуп көрүүнү сунуштагыла. | |
| 14 | Өзүнүн кызыкчылыгы болбосо эч ким техниканы, машина же квартираны эч ким бекер таратпайт. Бул сыяктуу фейктердин бир нече окшош өзгөчөлүктөрү бар. Кимге жазылыш керектиги көрсөтүлбөйт. Ойнотуу жүргүзүп жаткан адамдын же компаниянын байланыш телефондору айтылбайт. Мындай посттордун авторлору адатта жаңы катталгандар. Алардын активдүүлүгүн текшерип көргүлө. Адатта чоң-чоң утуштарды белгилүү компаниялар өткөрөт. | |
| | 5-Көнүгүү. Фейк- фейкэмес (окуучу менен доскада өткөрүлөт) (сунушталган убакыт:10 мин.) 1-Кадам. 2 сүрөттү көрсөткүлө: 2-Кадам.Бул сүрөттөрдүн кайсынысы фейк, кайсынысында чыныгы айфон ойнотулуп жатат? 3-Кадам.Доскага ыктыярчы чакырылат. Ал кайсы белгилери боюнча фейк же чындык экенин аныктап жатканын доскага жазсын. Калган окуучулар принциптерди толуктаганга жардам беришет. Мугалимге жардам катары: 1 - сүрөттө – чынында эле айфон ойнотулууда, анткени: Утушту ким ойнотуп жатканы көрсөтүлгөн - интернет магазин «Светофор», Маалымат ээсинин баракчасы туурасында толук маалыматтары бар – контактылары, адрес, телефон чалып, адреси боюнча барып сурап көрүүгө болот Утуш оюнунун логикалык максаты бар–баракчасына жазылгандардын санын көбөйтүү 2-сүрөт – фейк: эч нерсе менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон мартчылык. Текстте мурдагы фейктерде пайдаланылган сүйлөмдөрдү жолуктурууга болот, мисалы “акчаны гана көздөгөн биздин заманды жактырбайм” ж.б., телефону көрсөтүлгөн эмес, автору түшүнүксүз. Слайд № 12.Андан кийин түшүндүргүлө. Чыныгы утуш оюндарынын уландысы болот, анткени анын авторлору үчүн бул маркетингдик амал жана имиджин сактоо болуп саналат. Мисалы Фэйсбукта рэнд системасы менен (кокустук менен сан тандоо) жеңүүчү аныкталган видеону көрсөтүлгөн. Утуш оюнунун видеосу:https://www.facebook.com/pg/svetoforkg/videos/?ref=page_internal Жеңүүчүнүн сүрөтү https://www.facebook.com/svetoforkg/photos/a.10150169298250337.331969.33263990336/10155026628565337/?type=3&theater «Светофор»дүкөнүнүн фейсбук баракчасында жеңүүчүнүн тандоодогу видео жана кийинчерээк анын сүрөтү жарыяланганын окуучуларга түшүндүргүлө. Фейктердин максаты ар кандай болушу мүмкүн. Биринчиден, албетте бул шылуундук. Айфонго байланыштуу окуяда, маселен, сизге жеткирүү кызматы үчүн акча сал деп сурашы мүмкүн, ал эми сиздейден миңдеп саналашы мүмкүн. Квартирага байланыштуу окуяда бул же квартира курган компаниянын вирустук рекламасы болушу мүмкүн. Адамдар кызыгуусун пайда кылып, анан утуш оюнун шылуундарга шылтап коюуга болот, же жөн гана тиги же бул ресурстун катышуучуларынын саны көбөйтүүгө арналган контент болушу мүмкүн. | https://www.facebook.com/pg/svetoforkg/videos/?ref=page_internal Фотография победителя |
| 15 | Бул сүрөттү ким билет? Бир нече жыл мурда бул сүрөт кайгылуу таржымалы менен бүт дүйнөнү кыдырып чыккан, Сириялык жетим ата-энесинин мүрзөсүнүн ортосунда уктап жатканы айтылган. Баардыгы активдүү түрдө бири-бири менен бөлүшкөн. | |
| 16 | Ал эми окуянын уландысы төмөндөгүдөй: чынында бул сүрөт атайылап тартылган экен, аны Сауд Аравиялык фотограф тарткан, долбоордун идеясы ата-энеге болгон сүйүүнү көрсөтүү болгон. Автор кийин өзү бул эмгегинин мындай тарап кеткенине таң калып, бардык жерге сүрөттүн Сирияга эч катышы жок экенин жазып чыккан. Бирок телевидение аркылуу да фейктер берилет. | |
| 17 | 4-Көнүгүү. «ТВдагы фейктер» (сунушталган убакыт:5 мин.) https://www.youtube.com/watch?v=7fXITKzQco0&list=PLeACsCPrcY3BqjumpB8flFpX58DVh_waK&index=6 диктордун үнү акырындай баштагандан тартып айта баштоо керек. | |
| 18 | Бул сюжет Биринчи каналдын эфиринен ММКларда “Челябинск” деп аталган метеорит түшкөң күнү көрсөтүлгөн. Ал Чебаркуль көлүнө түшкөн. Биринчи канал көрсөткөн видео интернеттеги тамашалардын бири болгон. Редакторлор маалыматты текшербей туруп эфирге кетирип, сайтына жайгаштырган. Кийин калпы билингенде, сайттагы видеону алмаштырышкан. Бирок, интернет колдонуучулар бул жаңылык сайтка чыкканын скриншот кылып сактап алышкан. Жаңылыктарда метеорит кулаган жер деп көрсөтүлгөн жер - Бул Туркмениядагы газ кратери. Ал 1971-жылдан бери Дарваза кыштагына жакын жерде күйүп турат. Мугалимге маалымат үчүн: Туркменистанда советтик геологдор жер алдындагы топтолгон газды табышкан. Скважинаны чалгындоо үчүн казуу-бургулоо иштери учурунда геологдор жер алдындагы кваернага (боштук) туш келишкен, ага байланыштуу жер түшүп кетип, газ толгон чоң ойдуңду пайда кылган. Бургулоо жабдууларынын бардыгы транспорту менен кошо пайда болгон аңга түшүп кеткен, адамдар жабыр тарткан эмес. Адамдарга жана малга зыян болгон газ сыртка чыкпашы үчүн аны өрттөөнү чечишкен. Геологдор өрт бир нече күндөн кийин өчөт деп болжошкон. Бирок, жаңылышкан экен. 1971-жылдан бери кратерден чыккан газ күнү-түнү тынымсыз күйүп турат. Бул редакторлор видеонун чын-бышыгын текшербй туруп эфирге бергендеги журналисттик катачылыктын мисалы. Бирок айрым учурларда аудиториянын белгилүү бир пикирин жаратыш үчүн атайлап эле туура эмес маалымат таратылат. Маалымат бүгүнкү күндө олуттуу куралга айланды. Анын эң негизгилери болуп телевидение эсептелет, айрыкча КМШ аймагында, Россия, Кыргызстан, Казахстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдө.. Телевидение -бул өлкө калкы үчүн маалымат алуунун негизги булагы болуп эсептелет. Мына ошондуктан, телеканалдан эмнени көрсөтүүнү чечүүнү каалагандардын саны мынча көп. Бүтүм: Дайыма эсиңерде болсун, биз, көрүүчүлөр, ар бирибиз маалыматтын керектөөчүсү болуп саналабыз, анын ичинде теле контенттин да. Эгер телеканалдар мындай фейктерди жасап жатса, анда көрүүчүлөр өзүлөрү ага жол берип жатышат. Көрүүчүлөр бул маалыматты сиңирип жана ага ишенип жатышат. | |
| 19 | Бирок журналистер 1-апрелде тамаша кылганды жакшы көрүшөт, кээде алар тамаша катары берген жаңылыктарына айрымдар ишенишет. «Ала-Арчадафорель»видеосу : https://www.youtube.com/watch?v=bGTYQbmU3rs&index=3&t=3s&list=PLeACsCPrcY3BqjumpB8flFpX58DVh_waK Мугалимдин түшүндүрмөсү: Бул ТВ1 кгканалынын 1-апрелге карата тамалашуу сюжети экенин окуучуларга түшүндүрүп берүү керек. Бүтүм: Эмне фейк деп эсептелет? Бардыгы: жалгыз эле социалдык тармактардагы жарыялар эле эмес, башка бирөөнүн атынан түзүлгөн профайл, сүрөт, фотофактылар ж.б. | |
| | № 6 – көнүгүү Аскерлер.(сунушталган убакыт:7 мин.) 1-Кадам.Окуучуларды 2 топко бөлүү керек. 2-Кадам.Алдын ала карточкалар таратылат. (Биринчи топ үчун № 1 карточка, экинчи топ үчун № 2 карточка) 3-Кадам. Топторго тапшырма: сүрөттө көргөнүңөр боюнча чакан аңгеме түзгүлө. 4-Кадам.Топтордун презентациясы. Окуучулардын болжолдуу жоопторун угуу 5-Кадам.Мугалимдин толуктоосу. Талкуудан соң, сүрөттү толук көрсөткүлө. Суроо: Сүрөттөгү окуя боюнча пикириңер өзгөрдүбү? 6-Кадам.Окуучулардын жообу. Сүрөттүн биринчи бөлүгү туткунга болгон мыкаачылык мамилени көрсөтсө, экинчи бөлүгү болсо көрүүчүнү адаштырышы мүмкүн, аны көргөн адам достук мамиледеги жоокер бирөөгө суу ичирип жатат же туткунга жакшы мамиле кылып жатат деп түшүнүшү мүмкүн.Бирок, чындык ушунда, абсолюттуктүрдө ак же кара деген болбойт, туткунга болгон абдан жакшы мамиле, же таптакыр эле ырайымсыз мамиле болбогон сыяктуу эле. Ооба, бул туткун, бирок аны басмырлап жатышкан жок, сыягы ага ишенбегендиктен башына автомат жатса керек. Бул сүрөткө байланыштуу жаңы «мем» пайда болду, ал ар түрдүү кызыктар булактардан кандайча ар кандай маалымат алышыбыз мүмкүн экенин чагылдырат. Массалык маалымат каражаттары окуяны толук чагылдырууну талап кылган профессионалдык этиканын стандарттарын сакташат. Журналисттер көп учурда окуяны биринчи булактай эле толук чагылдырышат. Бирок, сүрөттүн бир бөлүгүн гана, же башына автомат такалган жокерди, же солдатка суу берип жаткандарды гана көрсөткөн ММКлар да бар. Бул көнүгүү окуя туурасында канчалык көбүрөөк билсең, ошончолук картинаны толук элестетүүгө мүмкүн экенин көрсөтүү үчүн жасалат. Ар кандай себептерге байланыштуу толук маалымат алууга мүмкүн эмес болгон учурларда, маселен окуянын бир бөлүгү атайлап айиылбай калган учурда, сын көз менен ой жүгүртүү жардам берет. Анын аркасында биз кошумча суроолорду берип, аларга жооп табууга жана издөөгө мүмкүнчүлүк алабыз. Эгер окуучулар сүрөттөгү реалдуу окуя кандай болгонун билгилери келсе, төмөнкүдөй түшүндүрүңүз: Справка: https://voynavfoto.jimdo.com/%D0%B2%D0%BE%D0%B9%D0%BD%D0%B0-%D0%B2-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BA%D0%B5-2003-2011/ Американын 15 - Экспедициялык бөлүгүнүн деңиз жөө аскерлери ирактык жоокерге флягадан суу берип жатат. морские пехотинцы из 15-го Экспедиционного подразделения отпаивают иракского солдата водой из фляги. Бул бөлүк Ирактын Кувейт тарабынан басып киргенде, 200дөй аскери колго түшүп берген. Ирактын түштүгү, 2003-жыл, 21-март. Сүрөт 2003-жылы тартылган. | |
| 20 | Бүтүм: (окуучулар менен талкуу) Жеңил маалымат бизди толук ээлеп алуусуна эмне үчүн жол бербөө керек экенин туурасында талкуу жүргүзүү. Сын көз менен ой жүгүртүү эмнеге керек? Сабакты жалпылоо. Бүтүмдөр: Биз уккан жана көргөн маалыматтын баары эле чындыкка жатпайт. Фото-, аудио-, видеомаалыматтарга дайыма сын менен караш керек. Сын көз менен ой жүгүртө албаган адамга чечим кабыл алуу кыйынга турат. Маалыматты кабыл алаардан мурда суроо бериш керек: “Автор маалыматты эмне үчүн берип жатат?, Ал эмнени жеткиргиси келип жатат? Мен бул маалыматтан өзүм үчүн кандай пайда ала алдым?”. | |