Башталгыч класстардын окуучуларын окутуу жана тарбиялоо боюнча көп грандуу педагогикалык ишмердүүлүктөгү мугалимдерди даярдоо комплекстик мүнөзгө ээ. Математика предмети боюнча мындай даярдоонун негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
Коомдук – саясий жана жалпы философиялык даярдык
Психологиялык жана жалпы педагогикалык даярдык
Математикалык даярдык
Методикалык даярдык
Бул компоненттер мугалимдин даярдыгын бүтүндөй даярдоого өз ара байланышкан.
Математиканын өнүгүү тарыхына токтолсок. Математиканын өнүгүү тарыхында 4 мезгил каралат:
Математиканын жаралуу мезгили
Турактуу чоңдуктардын математикасы мезгили
Өзгөрүлмө чоңдуктардын математикасы мезгили
Азыркы замандагы математика мезгили
Ар бир мезгилге түрдүү математикалык идеялардын жаралышы, фактылардын ачылышы туура келет. Математика илими, башка илимдер сыяктуу эле үзгүлтүксүз өнүгүүгө ээ. Бул толсо техниканын, экономиканын, педагогиканын, математиканы окутуу методикасынын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.
Жаш өспүрүмдөргө математиканы окутуу методикасы эң байыркы жана эң жаш илим болуп саналат. Эсептөөнү окутуу байыркы шумерлик жана байыркы египеттик мектептерде окутуунун негизги бөлүгүн түзгөн. 1703 – жылы Магницкийдин «арифметика» китеби балдарга математиканы окутуунун биринчи окуу колдонмосу болуп эсептелген. 20 –кылымдын башынан баштап атайын китептер жарык көргөн. 1955 – жылы гана Н.А.Менчинскаянын жарык көргөн «Психология обучения арифметике» деген китебинде математикалык спецификага гана эмес мектеп курагындагы кенже окуучулардын арифметикалык мазмундагы билимдерди өздөштүрүү закон – ченемдүүлүктөрүнө көңүл бурган. Ошентип бул илимдин пайда болушу математиканын илим катары өнүгүүсү гана эмес, эки чоң билимдердин областы: окутуунун жалпы дидактикасы жана окутуунун жана өнүгүүнүн психологиясы өнүгө баштаган. Бул областтардын кесилишинен төмөнкүдөй 3 суроого жооп издөө талап кылынат:
Эмне үчүн окутулат? Кенже курактагы балага математиканы окутуу кандай максатка ээ? Ушул нерсе керекпи? Керек болсо, эмне үчүн?
Эмнени окутат? Кандай мазмунда окутуу керек? Бала үйрөнүү үчүн арналган математикалык түшүнүктөрдүн списогу кандай болушу керек? Алардын кандай критерийи бар? Удаалаштыгы кандай болушу керек?
Кантип окутуу керек? Баланын ишмердүүлүгүн уюштуруунун кандай ыкмалары бар? Окутуунун уюштурууда баланын индивидуалдык өзгөчөлүгүн, жаш – курагынын психологиялык өзгөчөлүгүн кантип эске алуу керек?
Бул суроолор математиканы окутуу методикасынын изилдөө объектиси болуп саналат. Математикалык өнүгүү процесси жана мектеп курагындагы кенже окуучулардын математикалык билимдерин жана элестөөлөрүн калыптандыруу процесси.
«Методика» же «усул» сөзү грек тилинен алынганда метод – жол же багыт дегенди түшүндүрөт. Математиканын методикасы – математиканы коомдун алдына коюлган окутуунун максаттарына туура келүүчү анын атайын деңгээлде өнүгүүсүн изилдөөчү жана педагогикалык илимдердин системасына таандык педагогиканын тармагы.
Башталгыч класстарда математиканы окутуу методикасынын предмети болуп:
Математиканы окутуунун максаттарын негиздөө,
Математиканы окутуунун мазмунун илимий негизде иштеп чыгуу,
Окутуу методдорун илимий негизде иштеп чыгуу,
Окутуу каражаттарын илимий негизде иштеп чыгуу,
Окутуу мекемелерин илимий негизде иштеп чыгуу эсептелет.
Ошентип окутуунун максаттары, мазмуну, методдору, каражаттары жана формалары методикалык системанын негизги компоненттери эсептелет.
Ар кандай ишмердүүлүктү сапаттуу ишке ашыруу үчүн атайын билимдерге жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болуу зарыл. Методикалык билимдердин жана жөндөмдүүлүктөрдүн өзгөчөлүгү алардын психологиялык, дидактикалык жана математикалык билимдери менен тыгыз байланышкан. Педагог канчалык бул байланышты жакшы түшүнсө, анын методикалык даярдыгы ошончолук жогору болот, методикалык ишмердүүлүгүнүн чыгармачылыгын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү да жогору болот. Конкреттүү математикалык түшүнүктөрдү үйрөнүүгө байланышкан ситуацияларды анализдөө жана математика сабагында балдардын ишмердүүлүгүн уюштуруу көрсөткөндөй мугалимдин ишмердүүлүгү интегративдүүлүк мүнөзүнө ээ, себеби методикалык гана эмес психологиялык, дидактикалык жана математикалык даярдыктарга шартташкан. Мындай татаал механизм конкреттүү методикалык сунуштар жана педагогдун ишмердүүлүгүнүн көрсөтмөлөрү түрүндө берилген методикалык билимдерге шартташуу керек. Ошондой эле бул же тигил математикалык объектилерди окуп үйрөнүү төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл:
Айрым же жеке методиканын суроолорун, башкача айтканда бүгүнкү күндүн талабына ылайык математикалык фактыларды, түшүнүктөрдү, касиеттерди, амалдарды аткарууну заманбап технологияларга ылайык окуп үйрөнүүнү
Өнүктүрүүчү окутуунун дидактикалык принциптерин чагылдыруучу тарбия берүү жана окутуу процессинин дидактикалык принциптерин
Өнүктүрүүчү окутуунун психологиялык закон – ченемдүүлүктөрүн, билимдерди, жөндөмдүүлүктөрдү жана ыктарды баланын өздөштүрүү процессинин закон – ченемдүүлүктөрүн.
Илимдердин системасында методикалык илимдер дидактикалык блокто каралат. Белгилүү болгондой дидактика тарбиялоо теориясы жана окутуу теориясына бөлүнөт. Окутуу теориясында жалпы дидактика (жалпы суроолор: методдор, формалар, каражаттар) жана жекече дидактика (предметтик) ажыратылып каралат. Жекече дидактика окутуу методикасы же акыркы мезгилдерде билим берүүчү технологиялар деген аталышка ээ.
Математиканы окутуу методикасы башка илимдер менен тыгыз байланышкан жана эң алгач математика, педагогика, курак психологиясы жана башкалар менен тыгыз байланышкан.
Башталгыч класстарда математиканы окутуу методикасы менен башка илимдердин өз ара байланышына токтололу:
Баланын математикалык өнүгүүсүнүн методикасы башка илимдердин негизги идеяларын, изилдөө натыйжаларын колдонот. Мисалы, философиялык жана педагогикалык идеялар методикалык теорияны иштеп чыгуу процессинде багытточу жана негиздөөчү кызмат аткарат. Мындан сырткары, башка илимдердин идеялары менен карым – катнашуу конкреттүү методикалык технологияларды иштеп чыгуунун негизи болуп саналат.
Психологиянын идеялары жана анын эксперименталдык изилдөөлөрү окутуунун мазмунун негиздейт жана анын удаалаштыгын камсыз кылат.
Физиологиянын идеялары болсо шарттуу рефлектордук ишмердүүлүк, эки сигналдык система, мээ кабыгынын зонасында жетилүүнүн курактык этаптары менен тескери байланыштын жыйынтыгында окутуу процессинде балдардын жөндөмдөрүн, адаттарын, ыктарын калыптандыруу механизмин түшүнүүгө жардам берет.
Башка илимдерде пайдалануучу илимдерди интеграциялоо шарттарында изилдөө методдору жалпы илимдерде колдонууга тийиш болгондуктан, кандай метод болбосун методикада зарылчылыгы бар.
Студенттерге белгилүү болгондой, адабиятты анализдөө методу (библиографияларды түзүү, конспектилөө, тезис түзүү, план түзүү, цитаталарды жазуу) каалагандай илимдерде колдонулгандыктан, универсалдуу болуп саналат.
Педагогика жана психологиядан методика байкоо, анкета жүргүзүү, аңгемелешүү методдору менен, математикалык статистикадан анализдөө методу менен байланышат.
Төмөнкү таблицада башталгыч мектепте билим берүү менен негизги звенодо окуп – үйрөнүлүүчү предметтердин байланышы чагылдырылган.
Билим берүү областына киришүү (башталгыч мектеп) | Билим берүү областы (мектептин негизги звеносу) |
Адабий окуу, кыргыз тили | Кыргыз адабияты, кыргыз тили |
Математика | алгебра, геометрия |
табият таануу | География, Коом таануу, биология |
Кол эмгек жана сүрөт | Черчение,сүрөт |
Дене тарбия | Дене тарбия |