СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

МПМ, 5-семестр, 2-лекция

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабак -окутууну уюштуруунун негизги формасы 

Просмотр содержимого документа
«МПМ, 5-семестр, 2-лекция»

  1. Сабак – математиканы окутууну уюштуруунун негизги формасы жана окутуу процессинин негизги элементи. Математика боюнча сабактар төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

  1. Жаңы билим берүү сабагы

  2. Бышыктоо сабагы

  3. Комбинирленген сабак (аралаш сабак)

  4. Текшерүү сабагы

  1. Ар бир типтеги сабак төмөнкүдөй сыяктуу структурага ээ:

  1. Мурда өтүлгөн материалдар боюнча билимдерди текшерүү жана бышыктоо

  2. Жаңы материалды үйрөнүү

  3. Жаңы материалды бышыктоо

  4. Үйгө тапшырма

  1. Жаңы материалды үйрөнүү

  2. Сабакта өтүлгөндү жана мурда өтүлгөндөрдү бышыктоо

  3. Үйгө практикалык тапшырмалар

  4. Кийинки теманы үйрөнүүгө даярдоо иштери

Жогорудагы сабактын структурасы толук жана бүтүн бойдон комбинирленген сабакка таандык. Математика сабагынын дагы бир тиби болуп текшерүү ишти анализдөө сабагы эсептелет.

Ар бир сабакка окуу жылынын башталышында предмет боюнча программанын негизинде тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан түзүлгөн чейректик планга ылайык өтө кылдаттык, чеберчилик менен даярдалган план-конспект мугалимдин колунда болууга тийиш. Программа мамлекеттик документ болуп саналат, мындан сырткары жыл сайын билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген окуу пландары басылып чыгат. Ал окуу пландарында берилген класстарда ар бир предметке жумасына канча саат бөлүнгөнү көрсөтүлөт жана бул программага ылайык мугалим предмет боюнча чейректик, жарым жылдык жана жылдык пландар иштелип чыгат.

Бул планда ар бир класска төмөнкүлөр чагылдырылат:

  1. Ар бир тема

  2. Ар бир темага туура келүүчу сааттар

  3. Сабакты өтүү датасы

  4. Үй тапшырмасы

  5. Сабакты өтүү үчүн керектүү куралдар

  6. Текшерүү ишинин жазылуу датасы

Чейректик пландар мектептин методикалык бирикмесинде талкууланып, методикалык бирикменин төрагасы жана завуч тарабынан текшерилип кол коюлуп, мектептин директору тарабынан бекитилет.

Окутууну уюштуруу мүнөздөгү суроолорго эң алгач мугалимдин ишти пландаштыруусу жана окутуу процессиндеги окуучулардын окуу-таануу ишмердүүлүгү кирет.

Программанын ар бир темасын үйрөнүүдөгү иштин пландаштырылышы – мугалимдин милдети. Программада ар бир тема боюнча иштөөгө сарпталуучу сааттардын саны гана көрсөтүлөт. Мугалим үчүн түрдүү окуу колдонмолорунда сунушталган пландаштыруунун үлгүлөрү дайыма мисал катары келтирилет. Алар эч качан мугалимди тема боюнча бардык иштин планын өз алдынча иштеп чыгуу зарылчылыгынан бошотпойт. Мугалим, чындыгында иш жүзүнө ашырып, түзгөн планы өзүнө гана таандык болушу абзел.

Планды түзүүдө ар бир мугалим математиканын башталгыч курсунун алдына койгон жалпы окуу тарбия маселелерине жана программанын талаптарынан келип чыгуучу тема боюнча иштөө системасына жана мазмунуна таянуу керек, бирок өзү окуткан класстагы чыныгы окутууга ылайыктуу шарттарды эске алуусу зарыл. Мында класстын окуучуларынын билим деңгээлинин өзгөчөлүгү эске алынат. Мугалим гана өзүнүн окуучулары өтүлгөндөрдөн кайсы тема жакшы өздөштүрүлгөнүн, жаңы теманы өтүүдөн же түшүндүрүүдөн мурда кайсы суроолорго дагы токтолуп, бышыктоо керек экендигин, кээ бир окуучуларга кандайдыр бир жекече даярдоо иштерин жүргүзүүнү жана башкаларды билет.

Өзүнүн ишин пландаштыруу менен мугалим кандай окутуунун каражаттарын кайсы конкреттүү темаларды үйрөнүүдө колдонуусун, түрдүү окутуунун техникалык каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгү барбы, окуучулар менен дифференцирлеп окутууну уюштуруу үчүн зарыл болгон дидактикалык материалдар менен камсыз болушун эске алууну унутпоо керек. Тема боюнча мугалимдин иш планынын түзүлүшү кандайдыр бир өлчөмдө мугалимдин өзүнүн иштөө стилин чагылдырат.

Тематикалык пландаштыруудан сырткары, тема боюнча сабактардын системасынын жыйынтыгынан алынган ар бир сабактын максатын түзүүдө ар бир конкреттүү теманын өзгөчөлүктөрүн, окутуунун жалпы окуу жана тарбия берүүчүлүк максаттарын туура тандоо чоң мааниге ээ.

Математиканы окутуу процессин пландаштыруунун негизги элементи болуп ар бир сабакты пландаштыруу эсептелет. Ал мугалимдин ар бир күнүмдүк ишинде аткаруучу негизги жана татаал маселе болуп саналат.

Мектепте окутууну уюштуруунун эң негизги формасы болуп эсептелген сабактан тышкары, мугалим зарылчылыкка жараша балдар менен иштөөнүн башка уюштуруу формаларын пайдаланат. Алардын эң биринчилеринен болуп математиканы окутуу процессинин эң зарыл элементи катары кызмат кылган, сабак менен тыгыз үзгүлтүксүз байланышта болгон окуучулардын өз – алдынча үй тапшырмасы эсептелет. Ошондой эле мугалимдин жетекчилиги астында жүргүзүлүүчү класстан тышкаркы иштердин түрдүү формалары кирет. Буга окуучулардын группасынын составы боюнча өзгөрүүчү же өз – өзүнчө окуучулар менен өз алдынча иштерди жүргүзүү кирет. Мындай иштерди жүргүзүүнүн максаты болуп оору же кандайдыр бир себептерге байланыштуусабакка келбей калган балдардын байкалган билимдеринин жетишсиздигин толуктоо болуп саналат.

Ошондой эле кызыктуу математиканын материалдарына негизделген окуучулардын группасы же жалпы класс менен класстан тышкаркы даярданууга багытталат. Анын максаты – балдардын математикага болгон кызыгуусун арттыруу, балдардын байкагычтыгын өнүктүрүү жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруучу кээ бир кызык математикалык фактылар, маселелер, көнүгүүлөр, оюндар менен тааныштыруу.

Ошондой эле сейилдөө, экскурсия учурундагы сыяктуу убакыт өткөрүүлөрдө математикалык кызыктуу маселелелерин чечүү да кирет.

Класстан ташкаркы иштер пландаштырылышы керек, болгондо да анын планы сабактагы негизги окуу иштеринин планы менен макулдашылыш керек.

Математиканы окутуу процессин уюштуруу жөнүндө кеп козгоп жатып сабактын жүрүшүндө балдардын окуу – таануу ишмердүүлүктөрүн уюштуруунун түрдүү формалары жөнүндө эстен чыгарбоо зарыл. Сабактын жүрүшүндө класстын бардык окуучулары мугалимдин берген тапшырмасын бир мезгилде аткарышса жана коюлган суроолорго жооп берүүгө аракет кыла алышса, анда фронталдык иш жүргүзүүгө болот.

Окутуу процессинде дээрлик бардык сабактарда индивидуалдык, группалык, коллективдик айкалыштагы түрдүү формалар байкалат. Кандай формада сабакты уюштуруу көптөгөн абалдарга жараша болот.

3) Окуу китеби математиканы окутууда окуу процессин жандандыруучу негизги элемент болуп саналат, ал программа менен туура келүүчүлүктө түзүлөт.

Башталгыч класстарда математика боюнча программаны түзүү массалык мектептердегидей эле принциптин негизинде. Математиканы окутуу концентрдик жана сызыктуу принциптер боюнча түзүлгөн программанын негизинде жүргүзүлөт. Математиканын каалаган түшүнүгү алгач элементардык түрдө үйрөнүлүп, андан соң бул түшүнүктөр тереңдетилип жана кеңейтилип окутулушун концентрдик принцип түшүндүрөт.

Башталгыч класстарда санды үйрөнүү үчүн концентрдик метод колдонулат, алгач сандардын мезгили берилип, андан кийин сандардын концентри каралат. Массалык мектептерде гана сандын концентри

10 ичиндеги сандар

100 ичиндеги сандар

1000 ичиндеги сандар

Көп орундуу сандардын концентри

Кийинки класстарда сан темасы тереңдетилген жана кеңири түрдө кайталанылат. Мисалы терс, бөлчөк сандар ж.б.

Сызыктуу принцип. Сызыктуулук принциби математиканы окутуу боюнча программа жөнөкөйдөн татаалга карай түзүлүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө геометриялык материалдарда көрсөтмөлүү колдонулат, б.а. геометриялык түшүнүктөр алгач түз сызыкта, андан кийин тегиздикте, кийин мейкиндикте каралат.

Окуу китебинин мазмунунда программада каралган гана суроолор гана камтылат. Окуу китебинин эң негизги өзгөчөлүгү болуп программанын талаптарына жооп берүү, курстун программасында камтылган суроолордун кандай деңгээлде экенин көрсөтүү жана конкреттештирүү эсептелет.

Окуу китеби мектептин башталгыч класстарында математиканы окутуунун мазмунуна карата программанын талаптарын аныктайт, конкреттештирет жана деталдаштырат. Окуу китеби программанын атайын суроолорун үйрөнүү системасын аныктайт.