СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

MS DOS аракет системасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аракет системасы-бул оперативдик эсти, процессорду, сырткы түзүлүштөрдү, файлдарды башкаруучу жана колдонуучу менен компьютердин ортосундагы байланышты уюштуруучу программалардын тобу

Просмотр содержимого документа
«MS DOS аракет системасы»


MS DOS аракет системасы


Аракет системасы-бул оперативдик эсти, процессорду, сырткы түзүлүштөрдү, файлдарды башкаруучу жана колдонуучу менен компьютердин ортосундагы байланышты уюштуруучу программалардын тобу.

Бул аракет системасы 1981-жылы февраль айында IBM PC фирмасынын заказы боюнча Micro soft фирмасы тарабынан чыккан. MS DOS деген сөздүн аввревиатурасына токтололу:

M - micro

S - soft

D - disk

O - operation

S-system-деген сөздөрдүн кыскартылган учуру. Бул диск аркылуу жүктөөлүүчү аракет системасы дегенди түшүндүрѳт.

Биз мында кара экранга командаларды жазуу аркылуу иштеп, компьютер менен маек жүргүзөбүз. Каталог жана файл түзүп, өчүрүп, көчүрүп, атын өзгөртүп жана башка аракеттерди аткарабыз.


MS DOS аракет системасынын версиялары.


1.x версиясы – бул бир типтүү форматтагы дискета менен иштеген.


2.x версиясы 1983-жылы март айларында чыккан.

Мүмкүнчүлүтөрү:

-катуу диск менен иштеген;

-иерархиялык струтуралык файл системасы менен иштеген;

-360 Кб форматтагы дискета менен иштеген;

-файлдык атрибуттар менен иштөөгө мүмкүн болгон


3.3x 1984-жылы март айларында чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү:

-1.2Мб форматтагы дискттер менен иштеген;

-3.5 дюмдагы дискеталар(720Кб) менен иштеген;

-тармак менен иштеген;

-label, attrib, Xcopy, replase командалар менен иштеген;


4.x 1988-жылы март айларында чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү:

- графика менен иштеген;

- логикалык дисктин өлчөмү 32Мб болгон;

-Программалык оболочка DOS-shell менен иштеген


5.0 1991-жылы июль айында чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү:

-ОЗУ ну эффективдүү колдонгон;

-Кошумча сервистик

- Программалар менен иштеген;

-драйвердик түзүлүштөрдү жүктөгөн;

-Катуу дисктин өлчөмү 2Гигобайтка чейин болгон;

-3.5 өлчөмдөгү дискета үчүн форматы 2.88Мб болгон


6.0 версиясы 1993-жылы июль айында чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү:

- ОЗУ ну эффективдүүколднгон;

-кошумча сервистик программалар;

-Config.sys файл;

- вирустан коргоочу система;


6.2 версиясы 1993-жылы чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү:

-программалардын эффективдүүлүгү жогору;

-CD ROM ду кеширленген;

-Bat жана autoexes.bat файлдарынын кадамдап аткарылышы



MS DOS аракет системасында командалар үч топко бөлүнөт.

  1. Жалпы системалык(параметри жок)

  2. Файлдар менен иштөөчү

  3. каталогдор менен иштөөчү


MS DOS аракет системасынын командалары:


Командалар

Функциясы

1.

Date

Күндү, айды, жылды көрсөтөт

2.

Time

Убакытты көрсөтөт

3.

Vol

Дисктин атын, сериялык номерин чагылдырат

4.

Ver

Аракет системасынын версиясын көрсөтөт

5.

Dir

Дискттин мазмунун жүгүртүлгөн абалда окуйт

6.

Dir/w

Дискттин мазмунун мамыча түрүндө окуйт

7.

Dir/p

Дискттин мазмунун барактап окуйт

8.

Cd

Каталогго кирет

9.

cd..

Подкаталогдордон кадамдап чыгат

10.

Cd\

Подкаталогдордон дароо чыгат

11.

Copy con

Файл түзүү

12.

Type

Файлдын мазмунун окуу

13.

Edit

Файлды редактирлөө

14.

Delete

Файлды өчүрүү

15.

Ren

Файлдын атын өзгөртүү

16.

Copy

Файлдарды көчүрүү

17.

Rd

Каталог өчүрүү

18

Md

Каталог түзүү









Практикалык иш №1


Тема: Чакыруу сапчасы

Максаты: Компьютерди ишке чегерүүнү үйрөнүү


Компьютерди токко кошкондо турактуу эсте жазылган программа иштейт. Бул микросхема ВIOS деп аталат. BIOS-Basic Ihput Output System. Мында компьютерди тестирлөө жана алгачкы жүктөлүүчү программаларды иштетүү, дисктен окуу же катуу дисктен окуу, басылган клавишалардын кодун окуу кызматы аткарылат. Андан кийин дисководдо ийилчек диск бар же жок экендигин текшерет. Андан соң эгер дискета жок болсо, катуу диске кайрылат да система ошол дисктен жүктөлөт.

MS DOS аракет системасы ишке чегерилиши үчүн компьютердеги системалык дискте системанын модулдары болушу зарыл. Алар BIOS, баштапкы жөнөтүүчү блок, msdos.sys, command. Com. Система ишке чегерилгенде жогорудагы көрсөтүлгөн тартип боюнча ар бир программа ишке чегерилет башкача айтканда бат эске тутукча жүктөлөт да иштин аягына чыкканча БЭТ. Жеке компьютердеги программаларга жараша Windows (3.11, 95, 98, 2000, XP) же Нортон Коммандерди (NC) экрандан көрүүгө болот. Тиешелүү баскычтардын жардамы менен бул программадан чыгып, DOC тун чакыруусуна өтөбүз. NC ден чыгуу үчүн F10 баскычын басып, пайда болгон диалогдук терезечеден Ооба баскычын басуу керек.

Мындан кийин DOC тун чакыруусу чыгат. Ал төмөндөгүдөй: C:\ -бул сап чакыруу сапчасы же командалык сап деп аталат Жана бул саптын чыгышы компьютер ишке даяр экендигин көрсөтөт.

Көнүгүү:

Компьютерди электр булагын ажыратып кайра иштетүү (ctrl+alt+delete баскычтардын чогу басуу менен ысык өчүрүп күйгүзүү аркылуу).






Практикалык иш №2


Тема: Учурдагы убакытты, жылды көрүү жана өзгөртүүлөрдү

киргизүү

Максаты: Учурдагы убакытты, жылды, айды, күндү көрүү жана

өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үйрөнүү.

Учурда DOS тун чакыруусу C:\ түрүндөгү чыгып көрсөтүлүп турат. Мында ушул учурда кайсы күн, ай, жыл экендигин билүү үчүн: 1. C:\date деп жазып, {enter} басабыз.

Учурдагы дата: 29.06.2005

Жаңы күндү киргизиңиз деген диалогдук терезе чыгат.

Эгерде жаңы күндү киргизгибиз келсе, анда аны терип жазабыз. Адагенде күн, айы, жылы ирээти менен жазылат. Өзгөртүүнү каалабасак анда {enter} басып коебуз.

2. Эгерде убакытты билгибиз келсе, анда: C:\time деп жазып, {enter}

баскычын басабыз.

Учурдагы убакыт: 17.45.05

Жаңы убакытты киргизиңиз деген диалоктук терезе чыгат.

Эгерде жаңы убакытты киргизгиң келсе, анда аны терип жазабыз. Адегенде саат, минута, секунда ирээти менен жазылат. Өзгөртүүнү каалабасак анда {enter} басып коебуз.


Көнүгүү:

  1. Учурдагы убакытты көрүп, аны 18:30 га өзгөрткүлө

  2. Учурдагы убакытты көрүп, аны 21:35 га өзгөрткүлө

  3. Учурдагы убакытты көрүп, аны 10:05 га өзгөрткүлө

  4. Учурдагы убакытты көрүп, аны 22:55 га өзгөрткүлө

  5. Учурдагы убакытты көрүп, аны 09:03 га өзгөрткүлө

  6. Учурдагы убакытты көрүп, аны 11:09:1974 га өзгөрткүлө

  7. Учурдагы убакытты көрүп, аны 20:02:2002 га өзгөрткүлө

  8. Учурдагы убакытты көрүп, аны 10:01:2005 га өзгөрткүлө

  9. Учурдагы убакытты көрүп, аны 08:03:2007 га өзгөрткүлө

  10. Учурдагы убакытты көрүп, аны 31:08:2003 га өзгөрткүлө




Практикалык иш №3

Тема: Учурдагы дискттин атын окуу жана аракет системасынын

версиясын тактоо.

Максаты: Учурдагы дискттин атын жана сериялык номерин

окуу жана иштеп жаткан аракет системасынын версиясын тактоону үйрөнүү.


Учурда DOS тун чакыруусу С:/ түрүндө чыгып көрсөтүлүп турат. Мына ушул учурда дисктин атын жана сериялык номерин билүү үчүн:

C:/vol деп жазып,{enter} баскычын басабыз.

Бул учурда дисктин аты, сериялык номери жана меткасы(эгер

метка коюлса) чагылып чыгып турат.


Эгерде иштеп жаткан аракет системанын версиясын билүүнү

кааласак, анда:

C:/ver деп жазып, {enter} баскычын басабыз.

Бул учурда аракет системасынын канчанчы версиясы жана качан

негизделгендиги жөнүндө маалымат чыгып турат.


Кѳнүгүү:

  1. Учурда дисктин атын, сериялык номерин жана меткасын окугула.

  2. Учурда кайсы аракет системасы менен(канчанчы версиясы) иштеп жаткандыгыбызды аныкта.

Практикалык иш №4

Тема: Учурдагы дискти алмаштыруу.

Максаты: Учурдагы диск түшүнүгүн билүү жана дисктерди

алмаштырууга үйрөнүү.


Иш учурунда диск учурдагы диск деп аталат. Учурдагы дискти алмаштыруу үчүн дискттин атын Жана кош чекит коюп Enter баскычын басуу керек.

Мисалы: C:\D: ди жазып, {Enter} деген баскычты басабыз. Анда экранда D:\ сабы чыгат. Бул саптан кѳрүнүп тургандай С дискисинен D дискисине ѳттүк. Учурдагы диск D болду.


Кѳнүгүү:

  1. C: дискисинен A: ийилчээк дискисине ѳтүү

  2. А: ийилчээк дискисинен D: дискисине ѳтүү

  3. D: дискисинен C: дискисине ѳтүү

  4. C: дискисинен E: дискисине ѳтүү

  5. E: дискисинен F: дискисине ѳтүү

  6. F: дискисинен D: дискисине ѳтүү

  7. D: дискисинен C: дискисине ѳтүү



Практикалык иш №5

Тема: Дискттин мазмунун окуу, кѳрүү.

Максаты: Дискттин мазмунун барактап, мамыча Жана жүгүртүлгѳн абалда окуй билүүгѳ үйрѳнүү.

Менин дискетамда же компьютердеги катуу дисктте эмне маалыматтар болду экен деген суроого жооп алыш үчүн тѳмѳнкү команданы билүү зарыл.

Dir{дир}-Directory{директори} {«каталог» дегенди түшүндүрѳт}

Мисалы, азыр силер менен бирдикте С дисктин ичиндеги каталог, подкаталог Жана файлдардын тизмесин кѳрѳбүз.

C:\ dir {enter} (мазмунун жүгүртүлгѳн абалда окуйбуз)

Бул учурда канча каталог, файл бар экендиги жүгүртүлгѳн абалда чыгып, жыйынтыгын жазып коёт, кайра чакыруу чыгат.

Dir командасын тѳмѳндѳгүдѳй параметрлер менен иштетүүгѳ болот.

  1. dir{enter} баскычын басуу менен дискттин мазмуну жүгүртүлгѳн абалда окулат.

  2. dir/w {enter} дискттин мазмунун мамычаларга бѳлүштүрүлүп чыгарат.

  3. dir/p {enter} дискттин мазмунун барактап чыгарат


Кѳнүгүү:

  1. Экранда C:\ деген DOS тун чакыруусу турса, D: диске ѳтүп, ал дисктин мазмунун

А) жүгүртүлгѳн абалда

Б) барактап

В) мамычаларга бѳлүп чыгарып окуу

  1. Экранда D:\ деген DOS тун чакыруусунан, A: жумшак дискке ѳтүп, ал дискетагы маалыматтарды

А) жүгүртүлгѳн абалда

Б) барактап

В) мамычаларга бѳлүп чыгарып окуу

  1. Учурдагы C:\ деген DOS тун чакыруусунан, дисктин мазмунун

А) жүгүртүлгѳн абалда

Б) барактап

В) мамычаларга бѳлүп чыгарып окуу


Практикалык иш №6

Тема: Каталог түзүү, учурдагы каталогду алмаштыруу.

Максаты: Каталогду түзүү жана анны алмаштыра билүүгѳ үйрѳнүү.


Биз учурдагы C(D же A) диске ѳзүбүз каалагандай ат менен жаңы каталог түзѳ алабыз. Жаңы каталог түзүү үчүн:

MD (эм-ди)-майк директории (каталог түзүү) командасы колдонулат.

Мисалы: C:\md{пробел} Meder {enter}

Бул командадан кийин C диске Meder деген каталог түзүлѳт. Анны текшерүү үчүн С дискттин мазмунун окугула. Тизмеден Meder деген атты издесеңер табылат.

Эми ушул түзүлгѳн Meder каталогунун ичине кантип киребиз. Ал үчүн: CD{си-ди} Change Directory(чейнж директори) (каталогду алмаштыруу) командасын колдонобуз.

Жазылыш форматы: C:\ cd {пробел} Meder{enter}

Бул аткарылгандан кийин экранда тѳмѳндѳгүдѳй сап чыгат.

C:\ Meder бул С дисктин ичиндеги Meder каталогу менен иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлѳт (башкача айтканда Meder каталогунун ичине кирдик).

Каталогду алмаштыруу үчүн учурдагы каталогдон чыгуу кере. Чыгуу командасы тѳмѳндѳгүдѳй:

C:\ Medercd.. (же cd\) жазуу керек, андан кийин Enter ди басабыз.

cd.. –бул подкаталогдон удаалаш чыгуу

cd\-бул каталогдон дароо чыгуу, учурдагы DOS тун чакыруусуна келет.


Кѳнүгүү:

I. С: диске ѳтүү

1. Учурдагы дискке «Mektep» каталогун түзүү.

2. «Mektep» каталогунун ичине кирүү.

3. «Mektep» каталогуна «UKG» подкаталогун түзүү

4. «UKG» подкаталогуна кирүү.

5. «UKG» подкаталогуна «Klass» подкаталогун түзүү

6. «Klass» подкаталгунан, «UKG» подкаталогунан, «Mektep» каталогунан ирети менен Жана дароо С: диске чыккыла.

7. Учурдагы дисктин мазмунун окуу.


II. Жумшак дискке А: ѳтүү

1. Учурдагы дискке «Ulan» каталогун түзүү.

2. «Ulan» каталогунун ичине кирүү.

3. «Ulan» каталогуна «Urmat» подкаталогун түзүү

4. «Urmat» подкаталогуна кирүү.

5. «Urmat» подкаталогуна «Samara» подкаталогун түзүү

6. «Samara» подкаталгунан, «Urmat» подкаталогунан, «Ulan» каталогунан ирети менен Жана дароо A:\ диске чыккыла.

7. Учурдагы дисктин мазмунун окуу.


III. D:\ дискке ѳтүү

1. Учурдагы дискке «Manas» каталогун түзүү.

2. «Manas» каталогунун ичине кирүү.

3. «Manas» каталогуна «Semetei» подкаталогун түзүү

4. «Semetei» подкаталогуна кирүү.

5. «Semetei» подкаталогуна «Seitek» подкаталогун түзүү

6. «Seitek» подкаталгунан, «Semetei» подкаталогунан, «Seitek» каталогунан ирети менен Жана дароо D:\ диске чыккыла.

7. Учурдагы дисктин мазмунун окуу.


Практикалык иш №7

Тема: Тексттик файл түзүү.

Максаты: Тексттик файл түзѳ билүүгѳ үйрѳнүү.


Учурдагы Meder каталогуна Elnura файлын түзүү үчүн тѳмѳнкү команданы колдонобуз:

C:\Meder copy con{пробел}Elnura.txt {enter}

Мында copy con деген командадан кийин файлдын ысмы жазылып enter баскычын баскандан кийин, кийинки сапка текст киргизебиз. Текстти терип бүткѳндѳн кийин жазылган маалыматты сактоо үчүн Ctrl+Z же F6 баскычын басабыз. Бул учурда жазылган маалыматты Elnura файлына сакатаган болобуз. Бул аракетибиз менен биз учурдагы C: дисктеги Meder каталогуна Elnura файлын түздүк.

Ал эми файлдын атынан кийин жазылган .txt –бул файлдын кеңейтилиши. Түзүлгѳн файл тексттик файл экендигин аныктап турат.


Кѳнүгүүлѳр:

I. D: дискисине ”Kanat” каталогун түзгүлѳ

1. Kanat каталогуна ѳтүү керек

2. Бул каталогко Meerim.txt файлын түзүү

3. Тѳмѳнкү текстти терүү

Болбос жигит кээ бирде,

Бой кѳтѳрүп мактанат.

Билген жанга чынында,

Билим менен макталат.

Акылдуу жигит ар иштин

Артын ойлоп сактанат.

4. Файлга жазылган маалыматты сактоо.


II. С: дискисине ”Atir” каталогун түзгүлѳ

1. Atir каталогуна ѳтүү керек

2. Бул каталогко Jipar.txt файлын түзүү

3. Тѳмѳнкү текстти терүү

Ѳмүр ѳтѳт, жашоого да кеч кирет,

Жаңылар да барган сайын эскирет.

Ушул сонун окуучулук күндѳрү,

Аттиң ай, деп эстей турган күн келет.

4. Файлга жазылган маалыматты сактоо.


III. А: жумшак диске ”Asan” каталогун түзгүлѳ

1. Atabek каталогуна ѳтүү керек

2. Бул каталогко Uson.txt файлын түзүү

3. Тѳмѳнкү текстти терүү

Күүгүм кирип, күн кеч кирип баратат,

Эртесинде жаркыраган таң атат.

Тура турса болот эле бир азга,

Мезгил мынча бизден күндү талашат.

4. Файлга жазылган маалыматты сактоо.