Сабактын темасы: МУГАЛИМ-МОМОЛУУ ДАРАК
Сабактын максаты: “Мугалим момолуу дарак” экендигин далилдей алышат. Талыкпастан изденип, окуучуларга билим тарбия берген мугалимдерди сыйлашат.
Мугалим: Мугалимдер коомдун жана мамлекеттин туркугу демекчи ар бир акыл эстуу адамдын дуйно таанымына чыйыр жол салган бул-мугалим.
Сиздерди кесиптик майрамыныздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узак омур, туйшуктуу бмрок асыл ишиниздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Анда эмесе окуучуларга берелик.
Медина: Салам, салам, саламбы.
Салам айткан жаманбы
Кыргызымдын салты бар,
Саламдашуу жагы бар.
Фарида: Кыргыздын кумуш кемери
Кыргыздар создун чебери
Кыргыздын салтын унутпай
Кыргызча салам берели.
Эламан: Калем сапты туура кармап уйроткон
Тунгуч эжей эне эмес ким анан.
Козду ачып коп нерсени уйроткон,
Агай эжем кайда болсон жур аман.
Ходиче: Агайлар алтын кесибин,
Бактынын ачкан эшигин.
Жандырып омур чырагын,
Тушунткон жолдун ыраагын.
Бектур: Жылдыздарга тобом тийсе да,
Мугалим менин сыйлаарым.
Баш ийип таазим кылаарым,
Мугалим алтын чынарым.
Билал: Ай, ай эжекем.
Бара жатып овтобустун ичинде
Ай эжеке гул берчи деп сурадым
Ай эжеке гул беруунун ордуна
Кайра мени гул ордуна куураттын
Ай, ай эжекем,
Ой, ой эжекем
Ай, ай эжекем
Ой, ой эжекем
Ай эжеке солубасын гулунуз
Анда эмесе саламатта журунуз
Капысынан жолугушуп калганда
Окуучум деп салам айта журунуз.
Ай, ай эжекем,
Ой, ой эжекем
Ай, ай эжекем
Ой, ой эжекем
МУГАЛИМ ЖОНУНДО ДЕКЛАМАЦИЯЛАР:
Зейнеп: Окутуп копту уйроткон,
Тамгаларды суйлоткон
Мугалим менин устатым
Мугалим менин курдашым
Исманали: Жаркылдатып кабагын
Мугалим берет сабагын
Кундо барып мектепке
Жанылыкка канамын.
Медина: Жердин топтой экенин
Жылдыздын алыс экенин
Билип алдык мектептен
Жардамы менен эжейдин
Эламан: Мугалимдер бар болгула аман эсен
Окуучуга билим берип талыкпаган
Биз учун аябай кымбатсынар
Силерге тен келе албас буткул аалам
Фарида: Мугалим эжейлерим билим берген
Талпынтып жетелешип бизди келген
Ар дайым талыкпастан, чарчабастан
Эмгегин арнап келет жан дил менен
Бектур: Билим берип уйроткон
Алтын менин эжекем
Сизди дайым ардактайм
Коп жашаныз эжекем
Аман: Билим алалы агай – эжейди таарынтпай
Уйубуз го мектеп биздин экичи
Коп суйлобой коп угалы сабакты
Кийин тийет чон жардамы билимдин.
Гулнур: Кепти корком суйлоткон
Менин асыл мугалимим
Майрам менен куттуктап
Гулдестемди беремин.
Имран: Мугалимди момолуу дарак дешет
Окуучуну аппакай барак дешет
Ар дайым эриш аркак окуп иштеп
Мекенин гулдотууго жетишишет.
Хадиче: Математика сабагын
Кокурокко туйобуз
Мээрим тогуп окуткан
Мугалимди суйобуз
Билал: Мугалим бул мээрим токкон энедей
Мугалим бул тунук таза булактай
Мугалим бул жанып турган чырактай
Темирлан: Суйкумдотуп жамалын
Эжей берет сабагын
Ар кун окуп мектепте
Терен билим аламын.
Зейнеп: Кучунузду аябай
Бизге билим бересиз
Илимдуу балдар болсун деп
Бизге тилек кыласыз
Алинур: Ай эжекем, эжекем
Эч ооруба берекем
Кудайдан мен суранам
Чын ден соолук берсе экен.
Эламан: Фамилиямды жазалбаган
Мына эми жазамын
“А” тамгасын тааныбаган
Мына эми тааныймын
Фарида: Мээрим тогуп сылык суйлоп дайыма
Ар убакта берет бизге тарбия
Алпештеген апамдайсыз эжеке
Туболукко таазим этем мен сизге.
Исманали: “А” тамгадан уйроткон
Алтын созду суйлоткон
Ар дайым эсимдесин эжекем
Апамдай жумшак суйлогон
Мугалим: - Ушул кесиптин ээлери да мугалимден билиалышкан. Демек ,
мугалим синирген билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес бутун мамлекеттин тагдыры коз каранды. Адамдын акыл эси калыптангандан бери эле мугалим тарбия берип келген.
АКЫЛМАН МЕНЕН БАЛА
Бир куну акылман арабасы менен келатып, жолдон кичинекей баланын шаар жасап жатканын корот.
Акылман: Балам арабага жол бербейсинби?
Бала: Чон ата мен шаар жасап жатам. Шаар арабага жол бербейт. Шаарды айланып отунуз – дейт.
Абышка тан калып арабасынан тушуп келип, сенин акылын коп экен - дейт.
Бала: Ата коёндун божогу уч кундо жугуруп кетет. Мен жетидемин. Кантип бир нерсе билбейин – дейт.
Акылман ага ыраазы боло: сага суроо берейин, жообун угуп сенин бир нерсе билерине ишенейин, - деди.
Бала жооп берерин айтат.
Кандай суда балык болбойт?
Кандай тоодо таш болбойт?
Кандай жыгачта бутак болбойт?
Бала: Булакта балык, кум дободо таш, чирик жыгачта бутак болбойт, - дейт.
Бала: Чон ата асманда канча жылдыз бар?
Акылман: Ээ балам жакын нерседен сурачы.
Бала: Кашынызда канча тал кыл бар.
Кичине баланын акылына баа берген акылман: ээ балам, окуну коп окугун. Омурун узун болсун – деп, шаарды айланып отот экен.
Окуучулар:
Урматтуу биздин эжеке,
Дайым сизди сыйлайбыз.
Тапшырманы аткарып,
Биз тартиптуу болобуз.
Сабактарды жакшы окуп,
Биз улгулуу болобуз.
БЕШ – БАЛА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕБИ
БЕШ – БАЛА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕБИ
БЕШ – БАЛА БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕБИ