СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдердин статусу жөнүндө

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдердин статусу жөнүндө»

Бишкек шаары

2001-жылдын 14-январы N 9


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


Мугалимдин статусу жєнїндє


(КР

2005-жылдын 18-июлундагы N 105,

2005-жылдын 30-июлундагы N 117,

2006-жылдын 28-декабрындагы N 210,

2009-жылдын 25-июнундагы N 189,

2010-жылдын 26-мартындагы N 56,

2011-жылдын 8-августундагы N 150,

2013-жылдын 15-январындагы N 3

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Мугалимдин укуктары

III Глава. Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги

IV Глава. Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана

квалификациясын жогорулатуу

V Глава. Корутунду жоболор


Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, мугалимдин иши менен байланышкан укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жєнгє салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берїї мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды тїзїп берїїгє, аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.


I Глава

Жалпы жоболор


1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну


Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелїї квалификацияга ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берїї мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши.

Педагогдук иштин шарттары жана мїнєзї мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.

(КР 2005-жылдын 18-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор


Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай єлкєнїн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелїї квалификацияга ээ болгон, ар тїрдїї типтеги жана менчиктин тїрїндєгї, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдарында, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдарында иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ.

(2-бєлїгї КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамына ылайык кїчїн жоготту)

Квалификациясынын жетишсиздигине жана окуу-тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жїргїзїлєт.

(КР 2005-жылдын 18-июлундагы N 105, 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


3-статья. Мугалимдин статусу жєнїндє мыйзамдар


Кыргыз Республикасынын мугалимдин статусу жєнїндє мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Билим берїї жєнїндє" Мыйзамынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.


4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери


Мугалимдин ишинин негизги принциптери:

- окуучуну окутууга, тарбиялоого, єнїктїрїїгє жекече багытталган мамиле;

- окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат кєрсєтїїнї камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мїнєзї;

- жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дєєлєттєрї жактоо;

- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандуулугу, диний ынанымы, жаш курагы, теги, мїлктїк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча тїздєн-тїз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектєєгє же артыкчылыктарды берїїгє жол бербєє;

- окуучуларды мекенди сїйїї, жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;

- билим берїїнїн жолун жолдоочулугу;

- педагогикалык иштин уюштуруу усулдардын жана формаларын эркин тандап алуу;

- окутуу жана тарбия берїї принциптеринин биримдиги;

- илимдин, техниканын жана маданияттын эў соўку жетишкендиктеринин негизинде єз билимин єркїндєтїї;

- окуучулар жана алардын їй-бїлєлєрї менен тыгыз байланыш;

- балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык болуп саналат.

(КР 2005-жылдын 30-июлундагы N 117, 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


II Глава

Мугалимдин укуктары


5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары


Зарыл билими жана мыйзамда аныкталган тиешелїї педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жїргїзїїгє укуктуу болот.

Мугалим:

- мамлекеттик билим берїї стандарттарына ылайык келген жана Єкмєт бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;

- жаўы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;

- новатордук усулдарды жана ыкмаларды тїзїїгє жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жїргїзїїгє, алдыўкы педагогикалык тажрыйбаны ишке ашырууга;

- педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды тїзгєндїгї жана жайылткандыгы їчїн сыйланууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жїргїзїїгє;

- категорияны жогорулатуу максатында мєєнєтїнєн мурда аттестацияланууга;

- белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатып турууга;

- жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык єз ишин башка иш менен айкалыштырып иштєє укугунан пайдалана алат.

Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу.

Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берїї тутумун уюштуруу толук же жарым-жартылай єзгєртїлгєн учурда да кепилдикке алынат.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо


Кыргыз Республикасынын же башка єлкєнїн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат.

Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектєє киргизбєєгє тийиш. Аттестациянын жїрїшїндє жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берїї калыстык менен жїргїзїлїїгє жана мугалимдин єзїнє маалымдалууга тийиш.

Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берїї жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Єкмєт тарабынан бекитилет.

Мектепке чейинки билим берїїчї, жалпы билим берїїчї, мектептен тышкары билим берїїчї, атайын билим берїїчї уюмдардын, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдарынын мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт.

Окуучулардын ата-энелери, єзїнїн мїнєзї боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жїйєсїз кийлигишїїгє укуксуз.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


7-статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу


Мугалимдин кызмат акысынын єлчємї Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет.

Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет.

Жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары жергиликтїї бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мїмкїн.

Мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдары, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдары камкорчулук кеўеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык єздїк, демєєрчїлїк каражаттардан педагог кызматкерлерине кошумча жана кошуп тєлєєнї єз алдынча белгилей алат.

(Бешинчи бєлїк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык кїчїн жоготту)

Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы тєлєнєт.

(Жетинчи бєлїк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык кїчїн жоготту)

(Сегизинчи бєлїк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык кїчїн жоготту)

(Тогузунчу бєлїк КР 2011-жылдын 8-августундагы N 150 Мыйзамына ылайык кїчїн жоготту)

Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык жана жергиликтїї бюджеттерден айлык акыны жыл ичинде толук кєлємдє єз убагында тєлєп берїїнї камсыз кылат.

Мугалимдердин айлык акысы єз убагында тєлєнбєгєн учурда, аны тєлєп берїї "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык тєлєєлєрдї єз убагында берїїнї камсыз кылуу жєнїндє" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жїргїзїлєт.

Бийик тоолуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Єкмєтї белгилеген тартипте жеўилдиктер жана айлык акысына кошумча тєлєєлєр каралат.

Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтїї мамлекеттик администрациялар жана жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу їчїн жер участоктору берилет.

Мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдарында, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдарында иштеген илимдин кандидаты же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат.

Мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдары, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдары окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды єткєрїїгє, ийримдерди, клубдарды, илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы тєлєп берїїгє каражат бєлїїгє укуктуу.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 210, 2009-жылдын 25-июнундагы N 189, 2010-жылдын 26-мартындагы N 56, 2011-жылдын 8-августундагы N 150, 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


8-статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу


Мамлекет мугалимди анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык жеўилдик шарттары менен камсыз кылат.

Жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары жергиликтїї бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын кїтїї жана коммуналдык тейлєє боюнча эксплуатациялык чыгымдарын тєлєєдє жеўилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


9-статья. Эс алуу укугу


Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берїї, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын тєлєнїїчї єргїїлєргє чыгаруу менен камсыз кылынат.

Мугалимдин иш кїнїнїн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


10-статья. Саламаттык сактоо укугу


Мугалим саламаттыгын сактоого укуктуу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жїргїзїї менен ишке ашырылат.

Мугалимге жыл сайын мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде милдеттїї тїрдє амбулаториялык жана медициналык текшерїї жїргїзїлєт.

Мугалим Кыргыз Республикасынын Єкмєтї белгилеген жеўилдик шартта санаторияларда жана эс алуу їйлєрїндє санаториялык-курорттук дарыланууга, пансионаттарда жана туристтик базаларда эс алууга укуктуу.


11-статья. Жер їлїштєрї менен камсыз болуу укугу


Айыл жеринде жашаган мугалимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дыйкан жана фермер чарбаларынын мїчєлєрї менен бирдей эле жер їлїштєрїнє, кыймылсыз мїлккє жана башка мїлктєргє ээ болууга укуктуу.

Райондук борборлордо, шаарчаларда, районго жана областка баш ийген шаарларда жашаган жана иштеген мугалимдерге турак їйдї кезексиз куруу жана дача участогун бєлїп берїї укугу берилет.


12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берїї

окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин

бїтїрїїчїлєрдї чыныгы аскер кызматына чакырууну

кийинкиге калтыруу укугу


Айыл жерлерине иштєєгє жиберилген жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берїї окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бїтїрїїчїлєрїнє айыл жерлериндеги мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдарында, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдарында иштеген эмгектик ишинин бїткїл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырылат.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


13-статья. Сыйлануу укугу


Єсїп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги їчїн мугалим билим берїї жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга кєрсєтїлїшї мїмкїн.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


14-статья. Мугалимдин ишинин айрым тїрлєрїнє чектєєлєр


Мугалимге:

- мектепте диний, атеисттик їгїт иштерин жїргїзїїгє;

- мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;

- шовинисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;

- окуучуларды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга тартууга;

- окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.


III Глава

Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги


15-статья. Мугалимдин милдеттери


Мугалим:

- окутууну жогорку кесиптик деўгээлде жїргїзїїгє, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берїї стандарттарынын деўгээлинен кемитпей єздєштїрїїсїн камсыз кылууга;

- окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына, анын мамлекеттик тїзїлїшїнє урмат кєрсєтїї духунда жїргїзїїгє, айлана-чєйрєгє сарамжал мамилени тарбиялоого;

- жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттїїлїккє, эмгекти сїйїїгє, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат кєрсєтїїнї бекемдєєгє;

- єзїнїн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз єркїндєтїїгє;

- окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;

- окуучуларды єз ара тїшїнїшїї, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аў-сезимдїї турмушка даярдоого;

- окуучулардын жекече чыгармачылык жєндємїн єнїктїрїїгє кємєк кєрсєтїїгє милдеттїї.


16-статья. Мугалимдин администрациялык, жарандык-укуктук жана

жазыктык жоопкерчилиги


Мугалим, укук тартибин бузгандыгы їчїн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.


IV Глава

Мугалимди даярдоо, кайра даярдоо жана

квалификациясын жогорулатуу


17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо


Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай тїрдєгї жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт.

Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында єз иши їчїн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту єз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берїї ишин жїргїзїїгє лицензия берген билим берїї жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.

Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жїргїзїлєт.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана

кайра даярдоо


Мамлекет мектепке чейинки билим берїї, жалпы билим берїї, мектептен тышкары билим берїї, атайын билим берїї уюмдарынын, балдарга жана єспїрїмдєргє кошумча билим берїї уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо їчїн бардык шарттарды тїзїїгє кепилдик берет.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берїї уюмдары, кошумча кесиптик билим берїї уюмдары менен тїзїлгєн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жїзєгє ашырылат.

Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш їчїн чыгармачылык єргїї берїїнїн кепилдигин алат.

Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификация-

сын жогорулатуунун мыйзамдарда жєнгє салынбаган тартиби, тїрлєрї жана формалары Кыргыз Республикасынын Єкмєтї тарабынан белгиленет.

(КР 2013-жылдын 15-январындагы N 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


V Глава

Корутунду жоболор


19-статья. Ушул Мыйзамды жїзєгє ашырууну камсыз кылуу боюнча

мамлекеттик органдардын, жергиликтїї єз алдынча

башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин,

уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана

жоопкерчилиги


Мамлекеттик органдар, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, билим берїїнїн мамлекеттик башкаруу органдары єздєрїнїн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чегинде ушул Мыйзамды жїзєгє ашырууну камсыз кылат. Мугалимдердин укуктарын жїзєгє ашыруу боюнча милдеттерин аткарбаган же чала аткарган кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Администрациялык башкаруу жагынан кызматтык милдеттерин аткарууда кєрсєтїлгєн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери менен мугалимдерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук кєлємдє толтурулат.


20-статья. Ушул Мыйзамдын кїчїнє кириши


Ушул Мыйзам 2001-жылдын 1-январынан тартып кїчїнє кирет.

Кыргыз Республикасынын Єкмєтї єзїнїн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


"Эркин Тоо" газетасынын 2001-жылдын 19-январында N 5 жарыяланды


Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев