Мугалимдин статусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2001-ж. 14-январь
Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт мугалимдин иши менен байланышкан укуктук социалдык экономикалык мамилелерди жөнгө салат жана жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртуунун камсыз кылуучу шарттарды түзүп берүүгө аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган
1 глава
Жалпы жоболор
1-статья. Мугалимдин статусунун мазмуну
Педагогдук иштин шарттары жана мүнөзү мугалимдин статусунун мазмунун аныктайт, ал мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктерин камтыйт.
Мугалим Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы белгиленген бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.
2-статья. Мугалимдик статуска ээ болгондор
Кыргыз Республикасынын жана башка ар кандай өлкөнүн зарыл болгон педагогикалык билимге жана тиешелүү квалификацияга ээ болгон, ар түрдүү типтеги жана менчиктин турундөгү жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринде иштеген жарандары мугалимдик статуска ээ.
Педагогикалык билими жана квалификациясы жокторго квалификацияны жогорлатуучу тийиштүү кайра даярдыктан жана аттестациядан өткөндөн кийин мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин педагогикалык кеңешинин чечими боюнча педагогдук иш жүргүзүү укугу берилет.
Квалификацясынын жетишсиздигине жана окуу тарбия ишинин принциптерине сыйбаган адепсиз аракеттерине байланыштуу мугалимди статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын. Милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актларынан турат.
4-статья. Мугалимдин педагогдук ишинин принциптери
Мугалимдин ишинин негизги принциптери.
Окуучуну окутууга, тарбиялоого, өнүктүрүүгө жекече багытталган мамиле
Окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий каада-салттарга урмат көрсөтүүнү камсыз кылган окутуунун жана тарбиялоонун гумандуулук мүнөзү;
Жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерди жана адеп-ахлактык дөөлөттөрдү жактоо;
Окуучуларга алардын жынысы, этникалык теги, тили, диний ынанымы боюнча түздөн-түз же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча түздөн-түз тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө жана артыкчылык берүүгө жол берөө;
Окуучуларды мекенди сүйүү,жогорку жарандуулук, эл достугунун духунда тарбиялоо;
Билим берүүнүн жолун жолдоочулугу;
Окутуу жана тарбия берүү принциптеринин биримдиги;
Илимдин, техниканын жана маданияттын эң соңку жетишкендиктеринин негизинде өз билимин өркүндөтүү;
Окуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен тыгыз байланыш;
Балдар жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле Кыргыз республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бул ишке таламдаш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташтык болуп саналат.
2 глава
Мугалимдин укуктары
5-статья. Мугалимдин кесиптик ишиндеги укуктары
Мыйзамда аныкталган зарыл билими жана тийиштүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар улутуна, жынысына, тилине, социалдык тегине жана туткан динине карабастан, педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.
Мугалим:
Мамлекеттик билим берүү стандарттына ылайык келген жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы бекиткен окуу программаларын, окутуу формаларын жана усулдарын, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандап алууга;
Жаңы автордук программаларды, окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгууга катышууга;
Новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык экспермент жүргүзүүгө, алдыңкы педагогикалык тажыйрбаны ишке ашырууга;
Педагогикалык иште новатордук усулдарды жана ыкмаларды түзгөндүгү жана жайылткандыгы үчүн сыйланууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече педагогдук иш жүргүзүүгө;
Категорияны жогорлатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестацияланууга;
Белгиленген тартипте беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорлатып турууга;
Жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу;
Мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек кодесинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштырып иштөө укугунан пайдалана алат;
Мугалим мектепти башкарууга катышууга укуктуу;
Мугалимдин кызмат абалынын туруктуулугу ал мектепте билим берүү тутумун уюштуруу толук же жарым жартылай өзгөртүлгөн учурда да кепилдикке алынат.
6-стаья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо
Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат.
Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш.
Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы иштеп чыккан жана бекиткен жоболор менен жөнгө салынат.
Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартылууга жол берилбейт.
Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мунөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз.
7 статья. Материалдык жактан камсыз болуу укугу
Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмундө аныкталган тартипте жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы билимин педагогикалык стажын эске алуу менен аттестациянын жыйынтыгына жараша жана бирдей тарифтик сетканын (БТС) негизинде белгиленет.
Мугалимдин кызмат акысы финансы жылына (12 ай) эсептелет.
Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн.
Мектептер камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк, демөөрчүлүк каражаттардан мугалимдерге кошумча жана кошуп төлөөнү өз алдынча белгилей алат.
Мугалимдин кызмат акысынын өлчөмү бирдиктүү тарифтик сетканын баштапкы (нөлдүк) өлчөмүнүн өзгөрүшүн эсепке алып, мезгил-мезгили менен кайра каралат.
Мугалимдин стандарттык ченемден (ставкадан) ашкан окуу-тарбия ишине акы төлөнөт.
Класс жетекчилик үчүн мугалимдин айлык акысына кошумча төлөөнүн өлчөмү;
1-4 класстарда эң аз айлык акынын 75 процентин;
5-11 класстарда эң аз айлык акынын 100 процентин түзөт.
Жаш адистердин (кесиптик орто жана кесиптик жогорку педагогикалык окуу жайларын буткөндөн кийин үч жылга чейинки педагогикалык стажы барлардын) айлык акысына эң аз айлык акынын бир өлчөмундө, айыл жеринде эки өлчөмүндө, чек ара райондорунда-үч өлчөмүндө кошумча төлөө белгиленет.
Мамлекет мектептердин мугалимдерине жана жетекчилерине республикалык бюджеттен айлык акынын жыл ичинде толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылат.
Мугалимдердин айлык акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, аны төлөп берүү “Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индексациялоо менен жүргүзүлөт.
Бийик толуу жана алыскы айылдык райондордо иштеген мугалимдерге Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгиленген тартиптке жеңилдиктер жана айлык акысына кошумча төлөөлөр каралат.
Турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай куруу үчүн жер участоктору берилет.
Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринде иштеген илимдин кандидаттык же докторунун окумуштуулук даражасы бар мугалимдерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мугалимдин айлыгынан кармап калууларга тыюу салынат.
Мектеп окуучулардын тандоосу боюнча факультативдик сабактарды, курстарды өткөрүүгө, ийримдерди, клубдарды илимий студияларды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга, лекцияларга акы төлөп берүүгө каражат бөлүүгө укуктуу.
8 статья. Социалдык жактан камсыз болуу укугу.
Мамлекет мугалимдин анын репродуктивдик функциясына байланышкан эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана социалдык женилдик шарттары менен камсыз кылат.
Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө женилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды бере алат.
9 статья. Эс алуу укугу.
Мугалимдин эс алуу укугу окуу сааттарын сарамжал пландаштыруу, жумалык эс алуу берүү, ошондой эле мыйзамдарда каралгандай жыл сайын төлөнүүчү өргүүлөргө чыгаруу менен камсыз кылынат.
Мугалимдин жумуш күнүнүн жана жумуш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында каралган чектерде белгиленет.
10-статья. Саламаттыкты сактоо укугу.
Мугалим саламаттыгын сактоого укуктуу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык эпидемияга каршы, дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү менен ишке ашырылат.
Мугалимге жыл сайын мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде милдетүү турдө амбулаториялык жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
Мугалим Кыргыз Республикасынын өкмөтү белгилеген женил шартта санаторияларда жана эс алуу үйлөрүндө санаториялык-курорттук дарыланууга, пансионаттарда жана туристик базаларда эс алууга укуктуу.
11-статья. Жер үлүштөрү менен камсыз болуу укугу.
Айыл жеринде жашаган мугалимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дыйкан жана фермер чарбаларынын мучөлөрү менен бирдей эле жер үлүшүнө, кыймылсыз мүлккө жана башка мүлктөргө ээ болууга укуктуу.
Райондук борборлордо, шаарчаларда, районго жана областка баш ийген шаарларда жашаган жана иштеген мугалимдерге турак үйдү кезексиз куруу жана дача участогун бөлүп берүү укугу берилет.
12-статья. Жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттерин бүтүрүүчүлөрдү чыныгы аскер кызматына чакырууну кийинкиге калтыруу укугу
Айыл жерлерине иштөөгө жиберилген жогорку кесиптик билим берүү окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин бутүрүүчүлөрүнүн айыл жерлериндеги мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринде иштеген эмгектик ишинин бүткүл мезгилинде чыныгы аскер кызматына чакыруу кийинкиге калтырышат.
13-статья. Сыйланууга укуктуу.
Жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүүнүн борбордук мамлекеттик башкаруу органы тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйылыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
14-статья. Мугалимдин ишинин айрым түрлөрүнө чектөөлөр
Мугалиге:
Мектепте диний, атеисттик үгүт иштерин жүргүзүүгө;
Мектепте саясий топторду, партияларды уюштурууга;
Шовнисттик, улутчул, милитаристтик идеологияларды жайылтууга;
Окуучуларды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга тартууга;
Окуучуларга зордук-зомбулук кылууга тыюу салынат.
3-глава.
Мугалимдин милдеттери жана жоопкерчилиги
15 статья. Мугалимдин милдеттери
Мугалим;
Окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттынын денгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
Окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө сарамжал мамилени тарбиялоого;
Жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка касиеттерге урмат көрсөтүүнү бекемдөөгө;
Өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;
Окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
Окуучуларды өз ара түшүнүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү турмушка даярдоого;
Окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдетүү
16-статья. Мугалимдин администрациялык жарандык-укуктук жана жазыктык жоопкерчилиги
Мугалим укук тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 токтому
Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Тиркелген Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр А.Атамбаев.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген
4. Билим берүү процессинин катышуучулары
36. Жалпы билим берүү уюмунун окуу процесинин катышуучулары болуп окуучулар, педагогикалык кызматкерлер (мындан ары - мугалимдер) жана окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) эсептелинет.
37. Жалпы билим берүү уюмуна бекитилген аймакта жашаган окуу жашындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн бардыгы арыздарынын жана аныкталган үлгүдөгү медициналык маалыматтарынын негизинде мектепте билим берүүнүн бардык баскычтарына кабыл алуулары сыноосуз, акчалай жана башка төлөмдөрсүз өткөрүлөт.
38. Сабактарды тереңдетип окутуучу мектептерге, лицейлерге жана гимназия- ларга кирүүчүлөр арыздарынын негизинде тестирлөө таризинде кабыл алынышат.
Жалпы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан жана билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылган тестирлөөнүн шарттары окууга кирүүчүлөрдүн даярдык деңгээлдерин аныктоого жана ушул типтеги жалпы билим берүү уюмунда тереңдетилген деңгээлдеги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрө алган даярдыгы барларды тандай алууга багытталат.
Атайын жатак-мектептерге окуучуларды кабыл алуу, аларды атайын жатак-мектептин бир түрүнөн башкасына которуу психологиялык-медициналык- педагогикалык консультациялардын корутундулары боюнча Билим берүү министрлиги аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
39. Жалпы билим берүү уюму кабыл алып жатканда окуучуларды жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу екүлдерүн) өзүнүн уставы жана окуу процессии женге салуучу башка да жердиктүү документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
40.Окуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары менен милдеттери ушул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
41. Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы билим берүү уюмун ар кайсы этабына окууга кирүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч, жалпы орто билим алууга;
-кошумча билим берүү кызматын, анын ичинде акы төлөнүүчү да таризде алууга;
- жалпы билим берүү уюмунун китеп-канасынын, маданияттык-спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкташкан тартиптер боюнча бекер тамактанууга жана медициналык тейлөөгө, жүргүнчү автотранспортто жүрүүнүн жеңилдиктерин пайдаланууга;
-уставда аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
-инсандык кадыр-баркты урматтого жана маалымат эркиндигин, өзүнүн жеке көз карашын ынанымдарын эркин айтууга;
- жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктаганда мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерин өз учурунда алууга ж.б. укуктуу.
42.Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
-жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;
-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка да улуттардын салттарын, жалпы билим берүү уюмунун башка окуучуларынын жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
-ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде мектептик кийим талаптарын аткарууга;
-жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө этиеттик мамиле кылууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен окуучулардын кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
43.Жалпы билим берүү уюмүндагы тартип окуу процессинин бардык катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтосунун негизинде жолго салынат.
Окуучуларга карата кара күч жана психикалык зомбулук ыкмаларын колдонууга кескин тыюу салынат.
44. Жалпы билим берүү уюму окуучулардын жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз жалпы билим берүү программаларында жана Базистик окуу планында каралбаган жумуштарды аткарууга жол берилбейт.
45. окуучуларды коомдук-саясый жана диний партиялар менен уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө кирүүсүнө (өтүүгө), ошондой эле ушул партиялар менен уюмдардын иштерине, агитациялык компаниялар менен саясый акцияларына катышуусун мажбурлоого жол берилбейт.
46. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы менен аяктайт.
Тийиштүү класстардын негизги жалпы билим берүү программаларын толук өлчөмдө өздөштүргөн окуучулар жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча кийинки класска которулат.
Өткөн класстын (баскычтын) негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбегөн окуучулардын Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жалпы билим берүү уюмунун кийинки классында (баскычында) окуусуна жол берилбейт.
47. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) тапшырылат.
Жалпы билим берүү уюму жалпы негизги же жалпы орто билим берүүнү аяктабаган окуучуга аныкталган үлгүдөгү маалымкат тапшырат.
48. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык жалпы билим берүү уюмунун герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билиминин артыкчылыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбелүк, аттестат) тапшырылат.
Бир же бир нече сабактарды өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчү «Айрым сабактарды өздөштүрүүдө жетишкен өзгөчө ийгиликтери үчүн» деген Мактоо грамотасы менен сыйланат.
Бардык сабактар боюнча эң жакшы чейректик, жылдык жана жыйынтыктоочу баалары бар класстарынын окуучулары “Окуудагы эң жакшы ийгиликтери үчүн” деген Мактоо баракчасы менен сыйланышат.
49. Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими жана балдардын иштери боюнча комиссиянын макулдугу боюнча укукка каршы иш-аракеттерди жасаган жана жалпы билим берүү уюмунун уставын көп жолу одоно бузгандыгы үчүн он беш жашка чыккан окуучуларды, педагогикалык таасир этүүнүн чектүү чарасы катары жалпы билим берүү уюмунан чыгарууга жол берилет.
Балдардын иштери боюнча комиссия ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) менен бирдикте чыгарылган окуучуну башка жалпы билим берүү уюмунда окуусун улантуу же ишке орноштуруу боюнча чечимин бир ай ичинде кабыл алат.
Жетим балдарды жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) багуусунан ажыраган балдарды жалпы билим берүү уюмунан чыгаруу жөнүндө чечим тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрдүн макулдугу менен кабыл алынат.
50. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
-жалпы билим берүү уюмун тандап, окуусун улантуу үчүн окутуунун бардык этабына балдарын жиберүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде окуучулардын жалпы орто билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
-балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
-уставдааныкталгантариздежалпыбилимберүүуюмунунбашкаруусуна ка- тышууга;
-билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органына балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча кайрылууга укуктуу.
51. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү)төмөнкүлөргө милдеттүү:
-балага жалпы орто билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
-баланын инсандык намысын урматтап, аны улуттук, тарыхый, руханий-маданияттык, Мекенин, айлана-чөйрөнү урматтоого, тарбиялоого;
-Жалпы билим берүү уюмунун уставында өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аткарууга жана балдарынын тарбиясына жана балдары жалпы билим берүү уюмдарына зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жооп берүүгө.
52. Ушул жобонун 52 жана 53-пункттарында каралбаган ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) башка укуктары жана милдеттери жалпы билим берүү уюмунун уставында бекитилиши мүмкүн.
53.Жалпы билим берүү уюмун мугалимдер менен толуктоо (комплекстөө) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлүп, уставында аныкталат.
Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп жалпы билим берүү уюму эсептелет.
Педагогикалык кызматка билими жөнүндө диплому, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон адамдар кабыл алынат.
Педагогикалык билими жана дасыгы жок жараандар кайра даярдоо курсунан өтүшкөндөн кийин гана педагогикалык кесипте иштөөгө укуктуу.
Соттолгон же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмунда иштееге жол берилбейт.
Педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
54.Мугалимдердин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн келишим менен жөнгө салынат.
55.Мугалимдер төмөнкүлөргө укуктуу:
окутуунун жана тарбиялоонун усулдарын, жалпы билим берүү программаларын, окутуу-усулдук комплекттерди, окуучулардын билимин баалоонун усулдарын өз алдынча тандоого жана колдонууга;
-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окутуу жана тарбиялоо усулдарынын негиздеринде автордук жалпы билим берүү программасын, окуу китебин, окутуу-усулдук колдонмолорун иштеп чыгууга жана колдонууга;
-алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды жүзөгө ашырууга;
-өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
-кесиптик иши үчүн тийиштүү шарттарды талап кылууга;
-өзүнүн кесиптик деңгээлин жана дасыгын жогорулатууга (бул максатта жалпы билим берүү уюмунун администрациясы мугалимдерди кайра даярдоо жана дасыктарын жогорулатуу курстарында окутуу үчүн тийиштүү шарттарды түзөт);
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык өз ыктыяры менен аттестацияланууга;
-уставында аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмун башкарууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
56. Мугалимдер төмөнкүлөргө милдеттүү:
-педагогикалык этиканы жана жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;
-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде окуучулардын негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүлөрүн камсыздоого;
-окуучулардын өзгөчөлүктөрүн, ишке чеберчилик менен мамиле кылууларын өнүктүрүүгө, жүрүм-турумдарынын жогору ахлактык сапаттарын тарбиялоого;
-билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен кызматтык дасыктык талаптарга ылайык келүүгө;
-өзүнүн кесиптик деңгээлин ар дайым өркүндөтүүгө жана дасыктарын жогорулатууга;
-окуучуларга карата моралдыкжанакүчыкмаларынколдонбоогомилдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен мугалимдердин кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
57. Педагогикалык жүктүн өлчөмү окуу планы боюнча саттардын санына, жалпы билим берүү уюмунун кадрлар менен камсыздыгына жана башка да иш шарттарына жараша аныкталат.
Окуу планынын саатарынын саны азайтылбаса же класстардын саны кыскартылбаса, окуу жылынын башында белгиленген окутуу жүктөмүнүн өлчөмү (педагогикалык иши) окуу жылынын ичинде жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын демилгеси менен бир ставкадан төмөн кыскартылбайт.
Жаңы окуу жылынын башында окутуу жүгүг белгилөөдө, бул жалпы билим берүү уюму негизги иш орду болуп саналган мугалимдер үчүн класстарда сабак өтүү өлчөмү жана окутууну улантуу сакталат.
58. Мугалимдердин макулдугусуз кесиптик милдеттери жана эмгек келишиминде каралбаган жумуштарга тартууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурлардан тышкары, эмгек келишими менен каралбаган жумушту аткарууга мугалимдин каршы болушу аны кызматтан бошотууга негиз боло албайт.
59. жалпы билим берүү уюмунун башка категориядагы кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери тийиштүү типтеги дасыктык мүнөздөмөлөрү жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.