КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ
БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ
Жалал-Абад шаарындагы Жолболду Болотов атындагы №21 мектеп- мекемеси
Абдыразакова Айтурган Орозалиевна
I Бөлүм
Мугалим жөнүндө жалпы маалымат
II бөлүм
Илимий-методикалык ишмердүүлүк
III бөлүм
Педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы
IV бөлүм
Мугалимдин класстан тышкаркы иш-аракети
V бөлүм
Окуу-материалдык база
Резюме
Абдыразакова Айтурган Орозалиевна
Туулган жылы, айы,
күнү: 17.11.1997-ж.
Туулган жери: Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Акман айыл өкмөтү.
Үй бүлөлүк абалы: Никесиз
Улуту : Кыргыз
Билими: Бакалавр. ЖАМУ 2015-2019.ж
Адистиги: Тарых мугалими
Компьютерди өздөштүрүүсү: бар
Тил билүүсү: кыргыз тили,
орус тили
Жеке сапаттары: Жоопкерчиликтүү,
Чечкиндүү, акылдуу, ыймандуу
Хоббиси: китеп окуу, чеберчилик, сүрөт тартуу
Дареги жана телефону: Жалал-Абад шаары, Ленина 47/48
0770 005 009
Менин проблемам
Кылым карыткан кыргыз элинин каада салттарын, үрп адаттарын аздектей билүүгө үндөө
Окуучуларды айкөлдүккө, ыймандуулукка, чынчылдыкка тарбиялоо.
Балдарды ата мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо .
Окуучуларды маданиятуулука тарбиялоо.
Мамлекеттик символдор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.
Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни
Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.
Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики
Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку
Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
Кайырма
Кыргыз тили - жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним,
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тили Ата журттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма
Кыргыз тили - жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним,
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,
Ата журттун келечеги, ак таңы.
Кайырма
Кыргыз тили - жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили - Мекеним,
Менин өлкөм Кыргызстан!

Манастын жети осуяты: 1. Эл журттун бүтүндүгү 2. Улуттар арасындагы ынтымак 3. Улуттук ар-намыс 4. Алдыңкы өнөр-билим 5. Адамды, ата-бабаны урматтоо 6. Табият менен таттуу мамиледе болу 7. Мамлекетти чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 12-сессиясында кабыл алынган.
Адамдагы тазалыктын 7 эрежеси
Колдогу тазалык- кол менен ашыкча эч нерсени албоо керек. Тапкан кирешеңен муктаждууларга бөлүштүр.
Кулактын тазалыгы- коркоктордун, кызыл кандуулардын, кытмырлардын сөзүнөн оолак бол. Жаман ушак айындарды, жаман сөздөрдү кулак укпасын.
Көздүн тазалыгы- көрө албастыктан, ичи тардыктан, каардануудан, бөлүп-жаруудан көздү сактоо.
Ооздун тазалыгы- бул деген оозду ашыкча сөздөрдөн балит сөздөрдөн сактоо, унчукпай кутулуу.
Дененин жана кийимдин тазалыгы- ар дайым денени таза алып жүрүп, кийимди таза кийсең, эч качан уят болбойсуң.
Ойдун тазалыгы- башыңдан негативдүү ойлорду, жаман кыялдарды алып салып жакшы ойлорду максат, тилектерди кыялданып алдыга умтулуу керек.
Жан дүйнөнүн жана жүрөктүн тазалыгы- жан дүйнөңдү жаралануудан, жабыркоодон сактоо, коргоо керек.
Манас гимни
Кайын барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай очоордо
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Кайырма:
Асман менен Жериндин
Тироосунон буткондой,
Айын менен Кунундун
Бир озунон буткондой-
Тенир уулу эр Манас.
Белес-белден беш удургуп откон эл,
Арстан болуп ай чапчыган к
очмон эл.
Курандылап, куруп бара жатканда
Эр Манасты туу карманып оскон эл.
Кайырма:
Манас улуу — кыргыз элдин желеги.
Ата-мурас, акыл, ойдун терени.
Туболукко ташка тамга баскандай
Кыргыз элдин адамзатка белеги.
Өмүр баян
Мен Абдыразакова Айтурган Орозалиевна
1997-жылдын 17- ноябрында Базар- Коргон районуна караштуу Акман айылында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулганмын.
Атам Асанов Орозали 1973-жылы 21-августта туулган.
Апам Курбанбекова Уркуя 1975-жылы 17-ноябрда туулган. Үй-бүлөдө үч биртуугадын ортончусумун.
2004-жылы ошол эле айылда Бекмамат Осмонов атындагы №21 атындагы гимназия мектебине 1-класска кабыл алындым. 2015-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Пегагогика факультетине тапшырып 2019-жылы окуумду аяктадым. Ошол эле жылы №21 Ж.Болотов атындагы орто мектебинде алгачкы эмгек жолумду баштадым.
Учурда ушул мектепте эмгектенүүдөмүн.