СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мыкты усулдук бирикме

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мыкты усулдук бирикме»

Т.Машрапов атындагы №34 ортомектебинин УСУЛДУК КЕҢЕШИ тарабынан иштелип чыккан «Жылдын мыкты усулдук бирикмеси» конкурсунун ЖОБОСУ.

  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.

    1. Бул жобо мектептин усулдук бирикмелеринин ишмердүүлүгүн, конкурстун катышуучуларын, мөөнөтүн, тартибин жана шарттарын аныктайт.

    2. Конкурсу уюштуруучулары болуп мектептин УСУЛДУК КЕҢЕШИ саналат.

    3. Конкурс мектеп ичиндени усулдук бирикмелердин арасында өткөрүлөт.

  2. КОНКУРСТУН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ.

    1. Конкурстун максаты: мектептин усулдук бирикмелеринин ишине мотивация берүү, колдоо көрсөтүү менен алардын алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтуу.

    2. Конкурстун милдеттери:

  • Усулдук бирикмелердин кесиптик статусун көтөрүү.

  • Усулдук бирикме жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу.

  • Усулдук бирикме мүчөлөрүнүн чыгармачыл потенциалын ачууга шарттарды түзүү.

  • Мектепте ар бир усулдук бирикменин мүчөлөрүнүн системалуу иш алып баруусун камсыздоо.

  1. КОНКУРСТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

    1. «Жылдык мыкты усулдук бирикмеси» конкурсуна мектептин ар бир усулдук бирикме жетекчиси жана анын курамындагы ар бир предметтик мугалим катышат.

    2. Конкурстун катышуучулары өз ыктыяры менен эмес, милдеттүү түрдө катышуусу керек.

  2. КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ, ШАРТТАРЫ. ЖАНА МӨӨНӨТҮ.

    1. Конкурс этап менен өткөрүлөт. Чнварь айында 1-этап жыйынтыкталып, 2-этап май айында жыйынтыкталат.

    2. Конкурсту өткөрүүдө жобонун негизинде иш алып баруу үчүн атайын калыстар тобу түзүлөт. Калыстар тобу Усулдук кеңеш тарабынан сунушталып, токтомдун негизинде жана мектептин буйругу менен дайындалат.

    3. Конкурстун калыстар тобу:

  • Жобого ылайык катышуучулардын сунуштаган иш-кагаздарынын сапатын баалайт.

  • Конкурстун негизинде уюштурулган ар бир иш-чарага катышышат.

  • Ар бир этап боюнча жыйынтык чыгарып, баалап, протоколдоштурат.

  • Конкурсту жылдын аягына чейин жыйынтыктап 25-май «Акыркы коңгуроо» салтанатында жеңүүчүлөрдү сыйлоого катышышат.

    1. Конкурс 2018-жылдын 1-сентябрынан 2019-жылдын май айына чейин уланат.

  1. КОНКУРСТУН ЭТАПТАРЫН БААЛОО ЧЕН-ӨЛЧӨМДӨРҮ.

    1. Усулдук бирикменин иш-кагаздары:

  • Усулдук бирикменин отурумдарынын токтомдору. (2 жылдык)

  • Өткөн окуу жылынын планы жана пландын аткарылышы боюнча АНАЛИЗИ.

  • Быйылкы окуу жылына карата Усулдук бирикменин портфолиосу.







    1. Усулдук бирикменин иш кагаздарын баалоо чен-өлчөмдөрү.

(балл менен)



Мазмуну

Көлөмү

Баллы

  1. Усулдук бирикменин иш-кагаздары. (жалпы 20 балл)


  • Усулдук бирикменин отурумдарынын токтомдору.

(2 жылдык быйылкы окуу жылын кошкондо)

2 жылдык

(2017-2018, 2018-2019)


6 балл

  • Өткөн окуу жылынын планы жана пландын аткарылышы боюнча АНАЛИЗИ.

План 10 барактан ашпашы керек


Анализ 2 барактан ашпашы керек.

6 балл

  • Быйылкы окуу жылына карата Усулдук бирикменин портфолиосу

1 боксфайлдан ашпашы керек.

8 балл

  1. Ачык саат, класстан тышкаркы иштер. (жалпы 10 балл)


  • Ар бир Усулдук бирикме мүчөсүнүн ачык сааттары


Ар бири 2 сааттан кем эмес

5 балл

  • Ар бир усулдук бирикме мүчөсүнүн класстан тышкаркы иштери.

Ар бири 2 ден кем эмес

5 балл

  1. Өз ара сабактарга катышуу (жалпы 10 балл)


  • Усулдук бирикме жетекчинин бирикмедеги ар бир мүчөлөрдүн сабактарына катышуусу.

Курамында канча мугалим болсо ар биринин 4 төн кем эмес сабагына анализ жүргүзүшү керек

5 балл

  • Ар бир усулдук бирикме мүчөсүнүн өз ара сабакка катышуусу жана анализ берүү ишмердүүлүгү.

Эркин

5 балл

  1. Насаатчылык жана олимпиадалык топтун иш-кагаздары

(жалпы 10 балл)


  • Насаатчы мугалимдин ишмердүүлүгү

Папкасы

Пландары

Ачык сабактары

Анализдери.

Кошумча материалдары

Ж.б иш-кагаздары

1 папка

Ырааттуулугу каралат

5 балл

Предметтик УБ

  • Олимпиадалык топтун иш-кагаздары

ОТ түзүү

Пландары

Графиги

Журналы

Сапаттык курамы

Ар бир предметтик мугалимдин ОТ менен иштөө папкасы







5 балл

Башталгыч класстар УБ

  • Башталгыч класстардын ишмердүүлүгү.

  • Окуучулардын коллиграфиясы

  • окуу техникасы

  • кошумча маалыматтар

Ар бир мугалимдин окуучулары каралат. Окуу техникасы, жазуу иштери боюнча дептерлери болушу керек.

  1. Класс кааналарынын жабдылышы (жалпы 15 балл)


  • Кабинеттин паспорту

Ар бир кабинет башчысынын паспорттору болушу керек

5 балл

  • Кабинеттин жылдык планы

Ар бир кабинет башчысынын пландары болушу керек

5 балл


  • Кабинеттин тематикалык жабдылышы жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү.

Оформлениесинин жаңыланышы

5 балл

  1. Мектептин жана коомдук иштерге катышуусу (жалпы 5 балл)


Ар бир мугалимдин мектептин жетекчилери тарабынан берилген тапшырмаларды так аткаруусу бааланат.

Мектеп администрациясынын маалыматы

5 балл



  1. ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРУУ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО.

    1. Конкурстун жыйынтыгын комиссия мүчөлөрү чыгарат. Жалпы 70 баллдын эң жогорку баллына жетишкен усулдук бирикме жеңүүчү болуп табылат. Жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй баалуу сыйлыктар жана катышуучулар шыктандыруучу байгелер менен сыйланышат.

1-орун «Мыкты усулдук бирикме» номинациясы, 1-даражадагы диплом жана 1 даана ак- кара түстөгү принтер.

2-3-орундарга 2-3- даражадагы дипломдор жана кеңсе буюмдары.

Ар бир усулдук бирикмеге диплом жана грамоталар тапшырылат.