Сабактын темасы: Ньютондун 1-закону
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Ньютондун 1-закону;
Ньютондун 1-закону инерция закону экендигин аныктагыла;
Формулаларды пайдаланып маселе иштегиле;
Сабактын критерийлери:
Ньютондун 1-закон билсе;
Ньютондун 1-закону инерция закону экендигин билсе;
Формулаларды пайдаланып маселе чыгара билсе;
Өз көз караштарынын жана чечимдеринин ар түдүүлүгүн кабыл ала билип, башка студенттердин пикирлерин урматтоо менен кабыл ала билүүгө тарбияланышса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Кандай учурда борборго умтулуучу ылдамдануу пайда болот ?
Борборго умтулуучу күч деп кандай күчтү айтабыз ?
Борборго умтулуучу ылдамдануунун аныктамасы кандай аныкталат ?
Жогорудагылардын турмуштук колдонулуш мисалдарынан келтигиле ?
Жаңы тема:
Кандай шартта тынч турган нерсе кыймылга келет, б.а ал нерссенин ылдамдыгы нөлдөн бааштап кандайдыр бир чоңдукка жетет?
Бул суроого күндөлүк байкоолор, же тажрыййбалар жооп берет. Мисалы, жерде тынч жаткан топту алалык. Ал топту бирөө тепмейинче, же ал топко кыймылдагы башка топ келип урунмайынча, же ал топту бирөө таяк менен чапмайынча, же ага шамал таасир этмейинче ж.б. кыймылга келбейт, тынч тура берет. Ал топ өзүнөн-өзү эле кыймылга келбейт. Демек, тынч турган нерсе, агабашка нерсе таасир этмейин өз ылдамдыгын өзгөртпөйт.
Ошол сыяктуу эле нерсенин ылдамдыгынын азайышы,же ал нерсенин токтоп калышы да өзүнөн өзү эле келип чыкпайт. Мисалы, учуп келе жаткан ок жыгачка келип тийсе, ал ылдамдыгын азайтып отуруп, ошол жыгачтын тоскоолдугу астында токтойт. Тоголонуп келе жаткан топ, шар, педалын айландырбай түз жолдо келе жаткан велосипедист ж.б. акыры жол менен, же пол менен сүрүлүүнүн натыйжасында токтошот. Жол бурулушундагы кыймыл багытынын өзгөрүшү деле ага башка нерселердин таасир этүүсүнөн келип чыгат. Мисалы, ыргытылган топ Жердин тартуу күчүнүн таасиринен,же шамалдын таасиринен, же дубалга келип тийсе, дубал тарабынан таасир эткен күчтүн ннатыйжасында өз кыймыл багытын өзгөртөт. Тез чуркап келе жаткан адм зымкарагайды айланып өтүү үчүн аны колу менен кармап туруп, өз кыймылынын багытын өзгөртөт.Ошентип, ар кандай нерселерге анын ылдамдыгынын багытын чоңдугун да сактоого умтулуу касиети таандык. Нерсе өз ылдамдыгын башка нерсенин таасири астында гана өзгөртө алат.
Нерселердин өз ылдамдыгын чоңдугун жана багытын сактоого умтулуу касиети инерция деп аталат.
Башка нерселердин таасирине дуушар болбогон нерсе өзүнүн тынч абалын, же түз сызыктуу бир калыптагы кыймылын сактайт, бул инерция закону деп аталат.
Инерция закону 17 кылымда эле италиялак физик Г.Галилей тарабынан изилденип, ошол эле кылымда англиялык физик жана математик Исаак Ньютон тарабынан механиканын негизги закондорунун бири катары ачылган.
Эгер нерсеге башка нерселер аракет этпесе, же ал аракеттер бирин-бири компенсациялап турса, анда ал нерсе өзүнүн тынч абалын,же түз сызыктуу бир калыпта кыймылындагы абалын сактай алат.
Бул закон Ньютондун биринчи закону деп аталат. Ньютондун 1-закону инерция закону деп да аталат.
Эки, же андан көп нерсенин аракеттери бири бирин компенсациялашат, б.а нерселердин биргелишкен аракети нерселер жок кездегидей болот.
Жогоруда айтылгандардын жана турмуштук мисалдардын негизинде төмөнкүдөй жыйынттыкка келебиз: эгер нерселердин аракеттери бири-бирин компенсициялашса, анда ал нерселердин таасири астындагы нерсе тынч абалын сактайт. Бирок бул жерде кыймылдын да, тынчтыктын да салыштырмалуу экендигин унутпашыбыз керек.
Тынч абал сыяктуу эле, түз сызыктуу бир калыптагы кыймылындагы абалда нерсенин табигый абалы болуп эсептелет. Нерсе ылдамдануусуз, б.а турактуу ылдамдыкта кыймылдаса, анда аны инерция боюнча кыймылдап жатат деп эсептейбиз. Ал эми нерселер өзара аракеттенишкен учурда алардын ар бири өз ылдамдыгын өзгөртөт. Демек, алардын ар бири ылдамданууга ээ болот да, ал ылдамдануулар ар бир нерседе ар башка чоңдукта болушу мүмкүн.
Ал эми ылдамдануу убакыт бирдигиндеги ылдамдыктын өзгөрүшү экени белгилүү. Бул өзгөрүү канчалык аз болсо, ылдамданууда ошончо кичине болот.
мындан
- канча кичине болсо, а да ошончо кичине болот. Өзара аракеттенишкен нерселердин кайсынысынын ылдамдануусу кичине болсо же ылдамдыгы жай өзгөрсө ошонусу инерттүүрөөк болот. Ал эми өзара аракеттешүүдө нерсе ылдамдыгын такыр өзгөртпөсө , анда ал инерция боюнча, б.а түз сызыктуу жана бир калыптагы кыймылдаган болот.
Инерттүүлүк – бул бардык нерселерге тиешелүү касиет. Ал нерсенин ылдамдыгын өзгөртүш үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат дегенди билдирет. Ылдамдыкты өзгөртүү үчүн канчалык көп убакыт талап кылынса, нерсе ошончолук инерттүү болуп эсептелет. Б.а ылдамдыгы жайыраак өзөгөргөнү инерттүүрөөк болот.
Бышыктоо, жыйынтыктоо:
Ньютондун биринчи законунун аныктамасын айтып бергиле.
Инерция деп эмнени айтабыз?
Нерсенин кандай абалдарын табигый абал дейбиз?
Инерциянын колдонулушуна мисадар келтиргиле?
Үйгө тапшырма берүү: Ньютондун 1-закону
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат