СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нооруз майрамы жонундо

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Нооруз майрамы жонундо»

С.Турдуеватындагы №55 орто мектебинин башталгыч класс мугалими Зафарбек кызы Аида.

Класс: 3- класс

Өтүү мөөнөтү: 2024-жыл

Жалган куран айынын_____________

Сабактын темасы : Нооруз майрамы .

Сабактын максаты:

Көрсөткүчү:

1.Билим берүүчүлүк :

Окуучулар Нооруз майрамынын баалуулуктары менен таанышышат жана элдик баалуу каада-салттары тууралуу өз ойлорун эркин айтып беришет.

1.Окуучулар Нооруз майрамынын баалуулуктары менен таанышышса жана элдик баалуу каада-салттар тууралуу өз ойлорун эркин айта билишсе.

2.Өнүктүрүүчүлүк :Тема боюнча талдоо жүргүзүшөт,жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелешет ,сөз байлыгын өстүрүшөт жана тушунугун айтып бере алышат .

Тема боюнча талдоо жүргүзүшсө ,жаны сөздөрдүн маанисин чечмелешсе , сөз байлыгын өстүрүшсө жана түшүнүгүн айтып бере алышса.

3.Тарбия берүүчүлүк :Элдик каада –салттарды урматтоого ,барктоого, сыйлоого,улуттук тамак-аштардын баалуулугун даңазалоого тарбияланышат.

Элдик каада –салттарды урматтоого, барактоого , сыйлоого , улуттук ,тамак-аштардын баалуулугун даңазалоого тарбияланышса.


Сабактын тиби:

Жаны билимдерди өздөштүрүү сабагы

Сабактын жабдылышы : Слайд , окуу китеби , окуу куралдары , таблица ,сүрөт , карточкалар , проектр , ноудбук ,бор .

Окутуу усулу : Интерактивдуу усул.

Предмет аралык байланыш: Кыргыз тили, мен жана дуйно ,математика , көркөм -өнөр.

Негизги компетенттуулуктор:

Предметтик компетентуулук:

Маалыматтык:


Алган маалыматтарын кабылдап ,негизги ойду аныктоо менен ,алынган маалыматтарын так баяндайт


Социалдык-коммуникативдик:

Оозеки жүзүндө берилген маалыматтарды кабылдоо менен ,өз ара аракеттенүүнү калыптандырат.

ПК-2

Окуй алуу компотенттүүлүгү

ПК-3

Сөз байлыгы менен иштей алуу компотенттүүлүгү.

ПК-4

Сүйлөм текст менен иштей алуу компотенттүүлүгү.

Өз алдынча (ишин) уюштуруу жана көйгөйлөрүн же маселелерин чече билүү.

ПК-5

Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компотенттүүлүгү.



Баалоо критерийлери:

1.Диагностикалык баалоо

2.Калыптандыруучу баалоо.

3.Жыйынтыктоочу баалоо

(кыргыздын улуттук буюмдары менен баалоо: калпак,шөкүлө,комуз,боз үй,көөкөр ж.б)







Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы:

Мугалимдин иш аракети:

Окуучулардын иш аракети:

Уюштуруу: (3 мин)

Окуучулар менен саламдашуу,сабакка жагымдуу маанай түзүү


Алтын эреже:

1.Балыктай туйлабайбыз

2.Аарыдай ызылдабайбыз

3.Короздой кыйкырбайбыз

4.Улактай секирбейбиз

5.Кол көтөрүп жооп беребиз


(сүрөттөр илинет)

Окуучулар мугалим менен саламдашат,

сабакка даярданышат.

Баалоо талаптарын түшүндүрүү:

(2 мин)

Мугалим өзү түшүндүрөт:(улуттук баалуулуктарды ким көп тапса , ошол топ утат)

Окуучулар айтылгандарды активтүүлүк менен аткарышат

Топко бөлүү:

Топторго бөлөт.


4 топко бөлүнөт:

1.Жаз

2.Нооруз

3.Байчечекей

4.Сүмөлөк

Кокустук түрдө бөлүү

Окуучулар бөлүнгөн боюнча отурушат.

Үй тапшырмасын суроо (5 мин.)

Тема: Үзүлбөй калган гүлдөр.

Тема боюнча чынжырча түрүндө айтып беришет.

Өз ойлорун айтышат,активтүү катышат.

Мээге чабуул жасоо (3 мин.)

Өндүрүлгөн майсаны эжеке көтөрө кирет да,бүгүнкү темабыз эмне жөнүндө болот деп ойлойсунар?

Окуучулардын жообу

Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү (10 мин)

Ютубдан Ноорузга байланыштуу көрсөтмөлөр

Тема боюнча түшүнүк алышып,оозэки мисалдарды келтиришет.

Жаңы тема:

Нооруз майрамы


1-бөлүк.

Табиятка жан кирди

2-бөлүк.

Күн менен түндүн

теңелиши

3-бөлүк.

Кечиришүү

4-бөлүк.

Түрдүү даамдар


Ушул бөлүктөр боюнча топтор түшүнүктөрүн айтышат,талкуулашат,

турмушта пайдалана

билишет.

Нооруз майрамы, жаңы жыл майрамы экенин билишет

Бышыктоо:


Б.Б.Б.К

(Батманга доскага чыгып жазышат)

Билем

Билдим

Билгим келет








Жыйынтыктоо:

Суроо-жооп:

Окуучулар жооп беришет.

Үй тапшырма:

Нооруз майрамы темасын окуп келүү


Билимин баалоо:

1.Өзүн-өзү баалоо

2.Топтор боюнча баалоо

Смайлик коюлат.

1.Мен эң жакшы түшүндүм

2.Мен жакшы түшүндүм

3.Мага жардам керек