Просмотр содержимого документа
«Нооруз тарбиялык саат»
Нооруз майрамы
Нооруз
Кыйырын кезип б үт жердин,
Кыргыз элге туш келдиӊ.
Ниетиӊде жакшылык,
Нооруз майрам куш келгин.
Кыдыр тоону, талааны,
Кубант дыйкан бабаны.
Жамгыры ӊдан жашарып,
Жадырасын жамалы.
«Нооруз» майрамы
Нооруз ( фарс. نوروز , ЭФА: [nouˈɾuːz] — "Жаңы күн") - Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинин "науруз" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау" – “жаңы”, "руз" – “күн” деген маанини билдирет. Совет бийлиги учурунда 62 жыл бою 21-Март – Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып, 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.
Алас, алас.
Ар балээден калас.
Эски жыл кетти.
Жаңы жыл келди.
Алас, алас.
Айдан аман,
Жылдан эсен.
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңир
берди.
Алас, алас......
Нооруздун
келиши менен
табакка салынган кургак арчанын талын
чатырата күйгүзүп, аңкыган анын жыты менен боз үйдүн
ичин
аласташкан.
Нооруз майрамында ар түрдүү улуттук даамдар жасалып, дасторкон үстүндө жалаӊ жакшы каалоо тилектер айтылып, аксакалдар бата беришкен.
Бешигин кептүү болсун Ата-энең эптүү болсун Тууганын айыл болсун Тууган-туушкан канат болсун Тукумуң жүзгө жетсин Малың миңге жетсин Оомийин!
Кесепеттүүнүн көзүнөн сакта Кээрдүүнүн сөзүнөн сактасын Баарыбызга өбөк бол Ата-энеңе жөлөк бол Өмүрүң узун болсун Оомийин!
Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын
аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын
жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.
8
Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен, Жетелешип жазгы жумшак жел менен. Ырыскыны алып келип элиме, Кут төгүлүп, агып турат жергеме.
Ак калпак барктуу аталар, Ажарлуу асыл апалар. Ак тилек жанган Ноорузда, Айытылып турсун баталар.
Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.
Нооруз
Бардык
майрамы
араздашуу эски
күнү таарынычы
жыл менен кетти деп эсептешкен жана ал тууралуу эч бир көңүлгө алып козгошкон эмес.
бар адамдар кол кармашып, чын дилден бири-бирин кечиришип, жарашышкан.
Кыргыздар жыл ажыраш к үнүнө карата с үмөлөк бышырышкан. С үмөлөк даяр болгондо айыл
адамдары атайын үймө-үй кыдырып оз тийишкен жана ал үйгө таза дилинен каалоолорду айтышкан
Нооруз- бул аруулуктун, тазалыктын, жаӊылануунун майрамы.
Нооруз- жаздын, кайра жаралуунун майрамы.
Нооруз майрамы ӊыздар менен!