СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Оюн сабактын иштелмеси

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Оюн сабактын иштелмеси»

Сабактын темасы: “Мыкты физик” аттуу кече сабак.

Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: 7-8-класста өтүлгөн материалдарды кайталоо жолу менен окуучулардын алган биолимдерин текшерүү жана ойлоо сезимин өстүрүү, физикалык табышмактарды таба билүүгө, апыртмаларды жаңылбай айтууга, Улуу физиктерди жана алардын ачылыш-жаңылыктарын билүүгө үйрөнүшөт.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар физика сабагына болгон кызыгуусу , активдүүлүгүн арттыруу,өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгү, логикалык ой жүгүртүүсүнүн негизинде формулаларды жаза билүүгө, ошондой эле бат эсептөөгө машыгышат.

В) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар тез, так иштөөгө, шамдагайлыкка жана чынчылдыкка үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: физикалык ырлар, табышмактар, апыртмалар жазылган буклет, окумуштуулардын аттары жазылган барак, доска, бор.

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу: окуучулардын сабака көңүл буруусу талап кылынат.

Б) Сабакты өтүүгө өбөлгө түзүү: доскага атайын парталар менен стулдар коюлат.

Эки класстын арасынан каалаган жети окуучу чыгат. Бул окуучулар “Мыкты физик” аттуу кечеде билимдерин текшкрүү аркылуу күч сынашат. Катышкан жети окуучуга улуу физик окумуштуулардын аттары барака жазылып, ар ар бир окуучунун мойнуна илинет. Мисалы.Архимед, Ампер, Фарадей ,Ом, Паскаль, Галилей, Ньютон.

Ошондой эле алардын алдында барак, ручка берилет. Калган окуучулар булардын билим сапатын баалап, табышмак ,апыртмаларды, даярдап отурушу зарыл.

Суроолор бериле баштайт. Катышкан окуучулар тез убакытта так жооп берууго тийиш.

Окуучуларга ар бир бөлуктө (раунда) учтөн суроо берилет.Ар бир үч кайталап суроо бергенден кийин жооп бере албаган окуучуну добуш беруу менен өзүлөрү, алдында турган барака атын жазуу менен оюндан чыгарылат. Добуш берүүдө окуучулар бири-бири менен кенешпестен, “эмне учун чыгарып,жатасын” аны да ойлонуп чечүү керек.

Ошентип, акырында калган эки окуучуга татаал суроолорго берилет. Эгер экөө тең болуп калса дагы суроо беруу менен “Мыкты физик” окуучуну табуу керек. Ар бир бөлүк бүткөндө окуучулар добуш беруу чечимине убакыт беруу менен калган окуучулар арасынан физикалык табышмактар жана апыртмалар берилет.

Мен сабакты физикалык ыр менен баштайм.

ФИЗИКА

Аба жер, суу адамдар,

Өсумдук менен айбандар.

Жанып турган жылдыздар,

Т Жаратылыш деп аталат.



Он сегиз миң ааламды,

Изилдеген физика.

Жаан- чачын, чалгылган,

Айта турган физика.



Самалет, кеме, курулуш,

Көрсөтүп турган физика.

Электр шамын жактырып,

Токту берген физика.



Терең билсе биздерди,

Тынчтыкка салым кошмокчу.

Ачылыш жасап эң ири,

Кылымдардан озмокчу.



Окуучуларга жогорудагыдай шарт түшүндүрүлүү менен аларга төмөндөгүдөй суроолор бериле баштайт.

1.Физика эмнени окутат?

2.Заттын канча түрү бар?

3.Затты түзгөн бөлүкчөлөрдү эмне деп айтабыз?

4.Диффузия кубулушу.

5.Жылуулук кубулуштарына мисал.

6.Заттын түрүн бири-биринен кантип айырмалоого болот?

7.Молекулалар кандай кыймылга ээ?

8.Механикалык кыймыл.

9.Жол деп эмнени айтабыз?

10.Траектория деп эмнени түшүнөбүз?

11.Бир калыптагы кыймыл.

12.Бир калыптагы эмес кыймыл.

13.Ылдамдык деген эмне?

14.Ылдамдыктын бирдиги.

15.Ички энергия.

16.Паскаль закону.

17.Жылуулук саны.

18.Жылуулук санынын бирдиктери.

19.Отун куйгондо болунуп чыккан жылуулук саны.

20.Зат эригенде бөлүнүп чыккан жылуулук саны.

21.Салыштырма жылуулук сыйымдуулук.

Берилген суроого окуучу жооп бере албай калса кол көтөргөн окуучудан туура жообун алса болот. Кийинки бөлүктөрүндө дагы ушундай суроолор берилет.

Биринчи ж.б. бөлүктөрү бүткөндө берилуучу табышмактар.

ТАБЫШМАКТАР.

Салмагы бар өлчөсөм,

Көрүнбөйсүн көзгө сен.

Өмүр бою бир минут,

Туралбаймын сенсиз мен.

Мен кандайдыр бир чондукмун-нерсени массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсүмүн. Мен кайсы чондукмун?

АПЫРТМАЛАР.

-Мен мектепке секундасына 10 м/с ылдамдыкта чуркап келем.

-Ал эми биз жакында Айда экскурсияда болдук.

-Биз сууну ысытып, музга айландырдык.

-Биздин мектепте Архимед жана Ньютон сабак өтүштү ж.б.



Сабакты бышыктоо: Суроо бергенде толук жооп болбой калса, кайрадан жеңилдетип окуучулардан сурайм да, акырында өзүм толуктап жооп берүүгө аракеттенем.

Балоо: Ш.А.Амонашвилинин “Бала ойноп жатып кубулуштарды, буюмдарды таанып билет” деген сөзүнө таянып, жогорудагы ырларды билген окуучу “Эң жакшы” деп бааланат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!