Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу Айлана-чөйрөнү карагылачы, бизди курчап тургандардын бардыгы: класстагы проектор, үйдөгү муздаткыч, көчөдөгү жол чырак, заманбап мультфильмдер жана онлайн оюндардан тартып атомдук станциялар жана Айдагы роботторго чейин компьютерлердин жардамында түзүлгөн жана башкарылат. Маалыматтык технологиялар (МТ) биздин күндөлүк жашообузга сиңип бара жатат. Алар биздин турмушубузду ыңгайлуу жана коопсуз, эң негизги- си кандай гана маселе болбосун аларды тез арада чечкенге жардам берет. Азыр биз көз ирмемде керектүү маалыматты онлайн энциклопедиялардан таап, же болбосо башка өлкөдөгү досубузга билдирүү жөнөтө алабыз. Учурда жасалма интеллект, виртуалдуу жана толукталган реалдуулук, жа- салма органдарды өндүрүү үчүн биотехнологиялар сыяктуу фантастиканын чегиндеги технологиялар кеңири колдонула баштады. Мындан бир канча жыл мурда принтерде үч өлчөмдүү басып чыгаруу деген фантастика эле, азыр болсо бүтүндөй үйдү басып чыгаруучу принтерлер жасалып чыкты. Ошол эле учурда глобалдуу компьютерлештирүү заманында компьютердин адамдын дене-бой жана психикалык ден соолугу-на тийгизген таасири жөнүндө да суроо жаралат. Компьютерде көп олтуруу адамдын нервдик,эндокриндик, иммундук системаларынын өз-гөрүүсүнө алып келип, анын сөөк-булчуң аппарат- тарына жана көзүнө терс таасирин тийгизет. Гиподинамия – бул организмдин кый-мыл активдүүлү-гүнүн аздыгы,жалпы дене-бой активдүүлүгүнүн азайышы. Технологиялардын өнүгүүсүнүн жакшы жактарына мисалдар: ачык электрондук энциклопедияларга эркин кирүү; маалыматтарды дароо жиберүү; интернетти такси чакырууга, билеттерге заказ берүүгө пайдалануу; онлайн дүкөндөрдөн буюмдарды сатып алуу; болжолдоо үчүн жасалма интеллектти пайдалануу; реалдуу объекттерди 3Dда басып чыгаруу. Компьютерде иштөөдө өзүңөрдүн ден соолугуңарга зыян келтирбеш үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек: • компьютерде үзгүлтүксүз иштөө режими 20 мүнөттөн ашпашы керек; • тыныгууларда жеңил көнүгүүлөрдү жасап туруу керек; • көзүңөр ачышса, көрүүңөр кескин начарласа, колуңардын манжаларында ооруксунууну сезсеңер же жүрөгүңөрдүн тез-тез согушун байкасаңар тез арада иш ордуңарды таштап, мугалимге билдиргиле; • көздөн экранга чейинки аралык - 50-70 см (сунулган колдун аралыгындай болуш керек); • моюн кичине ийилген абалда; • экран көздүн деңгээлинен кичине төмөнүрөөк жайгашышы керек; • дене түз, ийиндер түшкөн жана эркин абалда болушу керек; • тизелер жана чыканактар тик бурч боюнча жайгашышы керек; • стулдун чети тизенин артына тийбей турушу керек; • буттар түз жайгашып жана бири-бирине учкаштырылбашы керек. |