СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун методу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окутуунун методу»

ТМ-2

Окутуунун коммуникативдик методу

Окутуунун коммуникативдик методу экинчи тилди окутуу процессинде негизги болуп саналат. Окутуунун коммуникативдик методунун спецификалык өзгөчөлүгү болуп окутуу процессинин реалдуу баарлашууга жакындашуусу саналат.

Бул метод негизги беш принципке ээ: кепке багытталуу принциби, жекелик принциби, функционалдуулук принциби, кырдаалдык принцип, жаӊылык принциби:

Кепке багытталуу принциби коммуникативдик баалуу кептик материалды колдонууну түшүндүрөт. Сабакта учурдагы коммуникативдик кырдаал менен тыгыз байланышкан ар түрдүү сүйлөмдөр жана фразалар колдонулат, бул үчүн сабак учурунда белгилүү бир лексикалык материал берилет.

Жекечелик принциби  окуучунун өзгөчөлүктөрүн эске алышы керек. Адам курчап турган чөйрөгө карата өз мамилесин кеби аркылуу билдирет. Курчап турган чөйрөгө карата мамиле ар дайым жекече болгондуктан, кептин өзү да индивидуалдуу болот. Кептик тапшырма адамдын кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө дал келгенде гана жекече реакция болушу мүмкүн. Коммуникативдик метод үчүн жекелик (жекелештирүү) кызыгууну жана активдүүлүктү жаратуу үчүн башкы каражат болуп саналат.

Функционалдуулук принцибинин маӊызы ар кандай кеп бирдиги баарлашуу процессинде кандайдыр бир кептик кызмат аткара тургандыгында болуп саналат. Көп учурда окуучулар окутуу курсунан кийин сөздөрдү жана грамматикалык формаларды билип туруп, бирок алардын баарын сүйлөөдө колдоно алышпай калышат, анткени билгенин ошол кырдаалга алып өтө алышпайт, мисалы, сөздү же форманы өздөрү аткарган кептик функциядан ажыратып алдын-ала толтурууда алар кептик тапшырма менен ассоциацияланбайт.

Функционалдуулук баарлашуу процессине ылайыктуу материалды тандоону жана уюштурууну аныктайт. Сүйлөшүү темаларынын жана грамматикалык кубулуштардын айланасында эмес, кырдаалдардын, кептик тапшырмалардын айланасында материалды уюштурганда жана кептик каражаттарды эске алганда гана коммуникациянын керектөөлөрүнө жакындоо болот. Буга ылайык сүйлөөнүн фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык жактарынын биримдигин камсыз кылуу зарыл.

Кырдаалдык принцип коммуникативдүүлүк кырдаалдык окутууну талап кылат деген фактта негизделет. Кырдаалдык окутуу кептик стимуляциянын ыкмасы катары да, кептик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн милдеттүү шарты катары да зарыл. Кырдаал коммуникативдик реалдуулукту жаратууга жана муну менен сүйлөөнүн нукуралыгын пайда кылууга жана кызыгууну колдоого жөндөмдүү.

Жаӊылык принциби  сүйлөшүүнүн темасын, жагдайын жана милдеттерин алмаштыруу аркылуу мүнөздөлүүчү процесс менен байланышкан. Жаӊылык кептик көндүмдөрдүн ийкемдүүлүгүн камсыз кылат, ансыз кептик бир көндүмдү экинчи кептик көндүмгө алып өтүү ишке ашпайт, ошондой эле кеп билгичтиктерин өнүктүрүү, айрыкча анын динамикалуулугун (методикалык даярдыксыз кепти), кайра кайтарып берүүчүлүгүн (жемиштүүлүк сапатын), бириктирүү механизмин, сүйлөөгө демилгелүүлүктү, кептин темпин, өзгөчө сүйлөөчүнүн стратегиясын жана тактикасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул үчүн кептик кырдаалдарды такай өзгөртүп туруу зарыл.

Коммуникативдик методдун принциптерин таблицада төмөндөгүчө чагылдырууга болот:


Окутуунун коммуникативдик методунун принциптеринин мазмундук жагы

Принцип

Мазмун

1

кепке багытталуу принциби

Фразалар жана сүйлөмдөр + учурдагы коммуникативдик кырдаал

2

жекелик (жекелештирүү) принциби

Кептик тапшырма окуучунун кызыгууларына жана керектөөлөрүнө дал келет.

3

функционалдуулук принциби

Кептик бирдик кептик функцияны аткарат.

4

кырдаалдык принцип

кептин баарлашуучулардын өз ара мамилелерине дал келүүчүлүгү

5

жаӊылык принциби

кептик кырдаалдардын түрүн өзгөртүү


Таблицадан улам окутуунун коммуникативдик методу кеп бирдиктери окуучулардын кызыгууларына жана алардын өз ара мамилелерине дал келе турган, такай жаӊыланып туруучу коммуникативдик кырдаалдар болгон учурда гана кызмат кыла турган инструмент болуп саналуучу принциптерге негизделерин көрүүгө болот. Башкача айтканда, баарлашуу учурундагы окуучунун өзү борбордук түшүнүк болуп саналат. Бул учурда лексикалык байлыгы эле толукталбастан, кеп бирдиктерин баарлашууда колдонууга үйрөтүү да ишке ашат, бул болсо экинчи тилди окутуу сабагын башка предметтерден айырмалап турат.