СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуунун технологиялары

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окутуунун технологиялары»

ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

Окутуунун технологиясы - билим берүү стандартында, окуу программасында көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн окутуунун методдорун, каражаттарын, формаларын, шарттарын иштеп чыгуунун, тандоонун, колдонуунун жана текшерүүнүн жолу.

Окутуунун кредиттик технологиясы билим берүүдө студенттин окуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун негизги принциптеринин бири.

Окутуунун кредиттик технологиясы – жекелештирүү, билим берүү траекториясын тандоого

негизделген, өз алдынча билим алуу деңгээлин көтөрүүгө жана билимдерди чыгармачылык менен өздөштүрүүгө багытталган, окуу материалынын көлөмү кредит түрүндө көрсөтүлгөн билим берүү технологиясы.

Кредиттик системанын максаты – окуп - үйрөнүү ишин жакшыртуу. Үйрөнүүнү жакшыртуу

деген «үйрөнүүнү үйрөтүү» ишмердүүлүгүн калыптандыруу, «проблеманы чечүү көндүмдөрүн

үйрөтүү» сыяктуу өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Бул максатка жетүү үчүн кредиттик системада тандоо боюнча сабактардын саны артат. Ушуну менен студенттердин каалаган темасын тандоо жана кызыккан темаларда изилдөө ишин жүргүзө ала турган убакытка ээ болуу мүмкүнчүлүгү болот. Бул система боюнча окуп бүткөндөн кийин:

  • инсандын изилдөөчүлүк жөндөмү өсөт;

  • баарын билбесе да, жалпы жолунан проблема чечүүнүн технологияларын жана

методологиясын билет;

  • өзүнө керек болгон нерселерди өз убагында үйрөнө алат;

  • кыйынчылыктардын (билим жагынан) теориялык жактан таанытып, аны чечүү жолдорун

издеген инсан калыптанат;

  • булардын негизинде пландагандарынын жана изилдегендеринин жыйынтыктарын, өз ойлорун жазуу жүзүндө жана оозеки түрдө толук, туура түшүндүрө алган инсандар калыптанат.

Мына ушул сыяктуу артыкчылыктарынан улам кредиттик системага өтүү билим берүүнүн

сапатын өзгөртүүгө көмөк берет.

Окутуунун жаңы технологиялары катары:

  • программалык тестирлөө;

  • модул системасы:

  • интерактивдүү окутуу;

  • сынчыл ойломдуу өстүрүү программасынын стратегиясы жб.

Жогоруда белгиленген окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичитик дөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясыныны мазмунун жана багыттарын бир топ оптималдаштырып жаңыртат.

Модулдук система Республиканын бардык окуу жайларын киргизилген. Модулдук система кредиттик технология боюнча окутуунун сапатын баалоочу метод болуп саналат. Ал Болон процессинин негизги бөлүгү болуп эсептелет. Модулдук окутуу - илимий жактан негизделген, калыпка салынган окутуунун технологиясы. Анда студенттер дайыма ар бир модул боюнча окуу материалынөздөштүрүүнүн сапатын баалоонун сандык ченемин камтыган негизги түшүнүктөргө, тажырыйбаларга, тапкычтыкка ээ болуусу керек. Окуу модулунун негизги ядросу болуп окулган лекциянын маалымат менен толук камсыз болушу, практикалык жана лабораториялык иштер, студенттин өз алдынча иш алып баруусу эсептелет.

Интерактивдүү окутуу - студент менен окутуучунун, окутуучу менне студенттин бири-бири менен биргелешип жана кызматташып иштөөсүн камсыз кылуучу метод. Бул методду ар түрдүү шарттарга ылайыктап, окутуу максаттарына жана каражаттарына шайкеш келтирүу аркылуу сабактарды уюштуруу окутуучу тандап алган окутуунун технологияларына жараша болоору түшүнүктүү. Интерактивдүү окутууда технологиясында студенттердин турмуштук тажырыйбасы, мурда ээ болгон билим жана билгичтиги жаңы билим алуунун башаты катары каралышы керек.

Негизги максат - окуй билүүгө үйрөнүү, таанып билүүнүн маңызын түшүнүү, өз билимин тартынбай айтууга көнүгүү, негизги ойду башкалардан ажыратып билүү, өз алдынча корутундуга келүү аркылуу билим, билгичитик, көндүмдөргө ээ болуу, ар ишке чыгармачылык менен мамиле жасоого багыт алуу.

Булардын ичинен сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиялык методдору активдүү колдонулуп, окутуучу менен студенттин ишмердүүлүгүнүн, мамилелеринин стилин өзгөртөт. Бул программа менен иштөөдө окутуучунун жетиштүү методикалык компоненттүүлүгү жана ээ болуучу натыйжаны, артыкчылыкты алдын ала көрө билүү зарылдыгын түзөт. Ошондуктан, окутуунну технологиялык стратегияларынын ар бири тийиштүү даражадагы айкын максаттарга жетүүнүн куралы болуп саналат. Ал эми, студенттерде төмөндөгүдөй сапаттардын калыптанышы үчүн колдонулат:

  • Топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш-аракеттик жөндөмдүүлүгү;

  • Маалымат булактары менен иштөөдөгү тактык, тыкандык:

  • Өз көз карашы менен тигил же бул фактыны түшүндүрө албаган, же акыл эске, логикага карама-каршы келген андан баш тартууга жарамдуулук.

Ошондой эле, студенттердин коммутативдик ишмердүүлүгү сөз байлыгын арттырууга стратегиялык стимул түзөт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!