Лекция №8
Тема: Окутуунун усулдары жана каражаттары.
1.Окутуу усулдары, ыкмалары, каражаттары жөнүндө түшүнүктөр.
2.Окутуу усулдарынын классификациясы.
3.Окутуу усулдарын чыгармачылык менен колдонуу.
Окутуу усулдары, ыкмалары, каражаттары жөнүндө түшүнүктөр.
Билим берүүнүн максатын жана мазмунун так аныктап, аларды ишке ашыруу усулдарын өркүндөткөндө гана окутуунун ийгилиги камсыз болот. Дидактикада окутуунун усулуна али так аныктама бериле элек. Бул жөнүндөгү ой-пикирлер өтө эле көп түрдүү. Алардын ичинде окутуунун методдорун туура эмес түшүнгөндөрү да жок эмес. Алардын бирөөлөрү окутуунун усулун мугалимдин гана ишмердүүлүгүнө тиешелүү деп карашса, дагы башка бирөөлөрү аны окуучулардын ишмердүүлүгүнө гана мүнөздүү кубулуш катарында түшүнүшөт. Окутуунун усулу окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн аныктоочу мугалимдин ишмердүүлүгү экендигине алардын баамы толук жете бербейт.
Дүйнө таануу процессиндеги инсанияттын кылымдарды карыткан иш тажрыйбаларды улам жаш муундарга үйрөтүүнү жеңилдетүү, коомдук турмуштун өнүгүүсүндөгү өтө зарыл муктаждык. Мунун өз табиятына ылайык усулун табуу керек эле. Ал усулдар көп баскычтуу процесс. Алардын негизгилери: сенсорика (туюу, сөзүү), моторика (кыймыл), интеллект (башкаруу).
Бул баскычтардын өз ара карым-катнашынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн баамдап толук түшүнбөй туруп окутуунун усулун жемиштүү ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Ар бир баскычты өздөштүргөн сайын окуучу белгилүү ыкмага ээ болот. Үйрөнгөн ыкма кээде дагы бир жаңы ыкманын түптөлүшүнө өбөлгө түзсө, кээде ага тоскоол болот. Мисалы, орус алфавитин өздөштүрүүдө окуучуда калыптанган ыкмалар анын латын алфавитин жеңил эле өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтсө, окуучудагы кыймылдын калыптанып калган кээ бир ыкмалары жаңы кыймылды өздөштүрүүгө тоскоол болот. Окуучу кээде латын тамгасынын ордуна орус тамгасын жазып жиберет, же анын тескерисинче болушу мүмкүн. Демек, окутуунун методу — окуучуларды билим, ык, машыгууларга ээ кылып, алардын акыл күчтөрүн өстүрүү, дүйнөгө болгон илимий көз караштарын калыптандыруу максатында мугалим менен окуучулардын биргелешип иштөө жолдору.
Окутуунун традициялуу усулдары кылымдар бою колдонуп келе жаткандыгына карабастан, мектепте окутуу башталгандан бери эле аларды ырааттуу иштеп чыгуу окумуштуу педагогдорду түйшүккө салып келе жатат. Мектептеги окутуу процессин байкоо аркылуу дидакттар окуучулар менен мугалимдердин ишмердүүлүктөрүндөгү сырткы көп түрдүү көрүнүштөрдү баамдашкан. Ишмердүүлүктөрдүн ошол түрлөрүн окутуунун усулдары деп аташкан. Мугалим материалды баяндап жатса айтып берүү усулу, окуучулар китеп окушса — китеп менен иштөө усулу, мугалим предметти же анын сүрөтүн көрсөтсө - демонстрациялоо усулу, окуучу маселе чыгарса — маселе иштөө усулу, мугалим окуучудан тапшырманы сураса — оозеки суроо усулу ж.у.с.
Бара-бара түрдүү ар кыл наамдагы окутуунун усулдарын иреттөө зарылдыгы келип чыкты. Буларды иретке салуу үчүн окутуунун усулун аныктоочу белгилерди тактоо керек эле. Окутуунун усулдарынын мазмунун аныктоодо да педагогдордун пикирлери чаржайыт кетти. Кээ бир авторлор усулду окутуу ишинин ыкмаларынын жыйындысы катары карашса, кээлери — мугалим окуучуларды билбегенден билгенге алып баруучу жол катары, үчүнчүсү — окутууну уюштуруунун формасы катары, төртүнчүсү — окутуунун максатына жетүү үчүн багытталган мугалим менен окуучунун биргелешкен иши катары карашты.Окуу — өзгөчө ык менен ишке ашуучу таанып-билүү процесси. Ошондуктан дидактика илими окутуу усулдарын обьективдүү дүйнөнү таанып-билүү усулдарынын психологиялык механизмдери менен тыгыз байланышта талдайт. Окутуу усулдары деле обьективдүү дүйнөнү таанып-билүү усулдары сыяктуу эле ойлоо операцияларынын жана логикалык ой-пикир ыкмаларынын анализ менен синтездин, жалпылоонун, абстракциялоо жана конкреттештирүүнүн, индукция менен дедукциянын жыйындысы болуп эсептелет.
Окутуунун усулдарынын айрым составдуу бөлүктөрүн, деталдарын окутуунун ыкмасы деп айтат. Мисалы, мугалим жаңы материалды баяндоодо, окуучуларды адабияттар жана окуу китептери менен иштетүүдө, лабораториялык иштерди аткарууда, маселе чыгарууда окуучуларга үйрөнүп жаткан материалдын планын түздүрүү ыкмасы. Усул менен ыкма бири-бири менен өтө тыгыз байланышып, бири-бирине кээде өтүп кете берет. Мисалы, жаңы теманы өтүүдө түшүндүрүү усул катары колдонулса, окуучулар өз алдынча лабораториялык иш аткаруу учурунда алардын кыймыл-аракеттеринин ыраатын түшүндүрүүсү ыкма катары колдонулат. Ошондой эле мугалим баяндоонун айрым учурунда кинокадрды же диапозитивди көрсөтсө — ыкма, ал эми фильмди балдарга көрсөтсө — билим алуунун же аны бекемдөөнүн усулу болуп эсептелет.
Окутуунун усулдарынан окутуунун каражаттарын айырмалай билүү зарыл. Окутуунун каражаттарына компьютер, ЭЭМ, окутуучу машиналар, инструменттер, аппараттар, алардын сүрөттөрү, макеттери, кинолор, диапозитивдер, сүрөттөр, окуу куралдары, китептер, дептерлер, географиялык, тарыхый карталар ж.б. кирет.
Окутуунун усулдарын сабактан да айырмалай билүү керек. Бир эле сабакта түрдүү усулдар колдонулууга тийиш. Андагы колдонулган ар бир усул сабактын составдуу бир бөлүгү болуп гана эсептелет. Окутуунун усулдары өтө көп түрдүү. Мугалим бул же тигил усулду алдында турган окуу ишинин максатына жана милдеттерине, окулуп жаткан материалдын мазмунуна карап таңдап алат. Бирок, усулду тандоо мугалимдин каалоосуна толук көз каранды эмес. Аны тандоо обьективдүү мүнөзгө ээ. Усул окутуунун максатына жана билим берүүнүн мазмунуна ылайык болот.Ошондой эле окутуунун усулун таңдап алууда мугалим класстагы окуучулардын темпераменттерин, мүнөздөрүн жана шык, жөндөмдөрүн, турмуштук тажрыйбаларын толук эсепке алууга тийиш. Ансыз окутуунун ар кандай эле жакшы усулу тиешелүү натыйжасын бербей калат. Окутуу процессинин обьективдүү талаптарына ылайык прогрессивдүү педагогдор Коменский, Дистерверг, Ушинский, Толстойдор окутуунун курулай жаттатуу усулуна каршы чыгып, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн толук эсепке алган усулдарды пайдаланууну талап кылышкан.
1920-жылдардагы советтик мектептин практикасында айрым авторлор окутуунун эки гана усулу бар деген ойду айтышкан.
Биринчиси — изилдөө усулу, экинчиси даяр билимдер усулу. Окутууга догматикалык мүнөз бергендигине байланыштуу экинчи усул советтик мектептин практикасынан четтетилген болуучу. Ошентип, окутуунун жарактуу усулу деп изилдөө усулу гана таанылган. Бул усул боюнча окуучулар үйрөнүп жаткан предметти өзүнчө байкап жана баяндоонун негизинде тыянак чыгарып, билимге ээ болууга тийиш эле. Ошол эле жылдары биздин мектепте проектилер усулу, кийинчерээк лабораториялык-бригадалык усулдар универсалдык усулга айланып кетишкен.окуучулар улам татаалдашып баруучу тапшырма-план, проектилерди аткаруу процессинде билимди өздөштүрүп ала турган система. Бул усул окуучулардын жалпы билим деңгээлин төмөндөтүп, окуу предметтерин жоюуга алып келди. Бул усул XIX кылымдын экинчи жарымында Америка Кошмо Штаттарынын кыштак мектептеринде пайда болуп, кийин бүт мектептерге тараган. Негиздөөчүлөр: Д.Дьюи, Х.К. Килпатрик, Е.Коллинг.
1920-жылдарда проектилердин усулу совет мектептерине таркай баштады. Аны жактоочулар (В.Шульгин, М.Крупенина, Б.Игнатьев) бул усулду окутуунун мектебин турмуштун мектебине айландыруунун бирден-бир каражаты, анда билим алуу эмгектенүүнүн негизинде жана эмгектенүү менен тыгыз байланышта ишке ашат деп макташкан. Бул усулду универсалдаштыруу мектептер үчүн проекттик комплекстүү программа түзүп, басмадан чыгарууга алып келди
20-жылдардын аягында, 30-жылдардын башында биздин мектеп, техникум жана жогорку окуу жайларыбызда бригадалык-лабораториялык усул да кеңири таркалган эле. Ал усул Дальтон-план деген усулдун негизинде түзүлгөн. Дальтон-план АКШнын Дальтон деген шаарында (негиздөөчүсү Е.Паркхерст) пайда болгон окутуу системасы. Бул план боюнча окуучу класстын жалпы иши менен байланышпай эле ал иш формасын өзү эркин таңдап алып, өзүнүн окууга тиешелүү убактысын каалагандай пайдаланат. Советтик педагогдор коллективчилди тарбиялоо максатына ылайык окутууну бригадалык формада уюштурушкан. Бригаданын ишине окуу материалдарын жакшы өздөштүргөн мыкты окуучу-бригадир жетекчилик кылган. Окуучулар эки аптадан бир айга чейинки мөөнөткө ылайык тапшырмалардын үстүнөн көрсөтүлгөн адабияттар, көзөмөлдөөчү суроолор, маселе көнүгүүлөр аткаруунун үстүнөн иштешкен. Иш процессинд окуучулар кыйналган учурда гана мугалим консультация берген. Тапшырмалар толук аткарылган учурда гана жыйынтыктоочу сабак өткөрүлгөн. Бригадада көбүнчө активдүү окуучулар (айрыкча бригадирлер) тапшырманы аткарып, отчет беришкен. Көпчүлүк окуучулар жөн эле эч нерсе аткарбай, катарда баа алып жүрө беришкен. Бул окутуу ишинин натыйжасын тыянактоодогу жоопкерсиздикке алып келген.
Усул окутуу жана билим берүү менен гана чектелбестен тарбиялык мааниге да ээ, совет мектебинин мугалими окуучулар окуу материалдарын аң-сезимдүү кабыл алуусун камсыз кылып, окуучулардын ойлоосун, өз алдынчалыгын калыптандырууга багыттай турган усулдарды пайдаланууга тийиш деген көрсөтмө берген.
Советтик грузин педагогу Д.С. Лордкипанидзе окутуунун усулун окуучулар билим, ык, машыгууга ээ боло турган булактарга карай топтоштурууну сунуш кылып, аларды окутуунун оозеки усулу, китеп менен иштөө усулу, практикалык окуу иштер усулу, жазма иштер усулу деп квалификациялаган эле. Ушул эле негизде советтик башка бир топ педагогдор (Е.Я.Голант, С.Г.Шаповаленко, Н.М.Верзилин ж.б.) окутуунун усулдарын үч топко бөлөт: оозеки усулдар, көргөзмөлүү усулдар, практикалык усулдар. Бардык педагогдор толук тан албагандыгына карабастан, өтө жөнөкөй жана практикалык колдонууга ыңгайлуу болгондугу үчүн азыркы педагогикалык окуу куралдарында, жаңы илимий булактарда бул классификация кеңири таркап кеткен.
И.Я. Лернер, М.Н. Скаткин 1965-жылы окуучулардын таанып-билүү иштеринин активдүүлүк деңгээлине негиздеген окутуунун усулдарынын өзгөчө системасын сунуш кылышты. Булардын ою боюнча окутуунун усулдары деп окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүктөрүн уюштуруу эсептелет. Бул авторлор окутуунун усулун төмөнкү топторго бөлөт:
Көрсөтмөлүү - түшүндүрүү усулу.
Репродуктивдүү усул.
Проблемалуу баяндоо усулу.
Аз-аздан изденүү же эвристикалык усул.
Изилдөө усулу.
Бул классификациянын баштагылардан айырмасы: алардын ар биринде окуучулардын билимди өздөштүрүүдөгү таанып-билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү бири-биринен так айырмаланат, Окутуунун усулдарын бул принципте классификациялоонун дагы бир ынанарлык жагы, мында окуу баарыдан мурда таанып-билүү ишмердүүлүгү катарында каралат. Бул классификация боюнча окутуунун усулдарын эки чоң топко бөлсө болот. 1) репродуктивдик (1-2-усулдар). Мында окуучулар даяр билимди алып, аны кайталап айтат, 2) продуктивдүү (4-5-усулдар). Мында окуучу чыгармачылык ишмердүүлүк процессинде жаңы түшүнүккө өзү жетет. Ал эми проблемалуу баяндоодо (3-усул) даяр информация алуу жана чыгармачылык ой жүгүртүүнүн элементтери бар, берки эки топтун ортосунда аларды байланыштыруучу кызмат аткарат.
Окутуу усулдарынын классификациясы.
Билим алуунун булактары боюнча
| Окуу методдору | Билимдин булактары |
| Мугалимдин сөзү | Айтыпберүү, аңгемелешүү, лекция |
| Басма сөздөр | Китеп, адабияттар, окуу куралдары, журналдар, газеталар |
| Жаратылыштагы предметтер, кубулуштар | Байкоо, тажрыйба, экскурсия |
| Техникалык жана башка окуу каражаттары | Демонстрация, иллюстрация, үлгүлөр жана башка |
| Окуучунун өзүнүн практикалык иштери | Маселе чыгаруу, лабораториялык, практикалык иштер |
Дидактикалык максаттары боюнчаң
| Дидактикалык максаттар | Окутуунун методдору |
| Жаңы материалды берүү | Түшүндүрүү, китеп менен иштее, эксперимент, үлгүнү пайдалануу |
| Жаңы материалды бышыктоо | Көнүгүүлөр, китеп менен иштөө, лабароториялык жумуш, маселе иштөө |
| Окуу ыкмаларын үйрөтүү | Түшүндүрүү, практикалык көрсөтмө берүү, инструкция |
| Билимдерди практикада колдонуу | Маселе иштөө, сочинение, практикалык иштерди аткаруу |
| Билимдерди текшерүү | Оозэки суроо, жазуу жана текшерүү иштери, реферат, доклад, тест |
Маалыматтын түрлөрү боюнча
| Маалыматтын түрлөрү | Окутууметоддору |
| Оозеки | Айтып берүү, аңгемелешүү, лекция |
| Көрсөтмө | Демонстрация, иллюстрация, экскурсия, байкоо |
| Практикалык | Көнүгүү-тапшырмалар, маселе чыгаруу, лабораториялык иштер, тажрыйбаны жүргүзүү, практикумдар, анализдөө, салыштыруу, талдоо |
Мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнүң байланышы
| Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү |
| Аңгемелешүүнү жүргүзүү | Аңгемелешүүгө аралашуу, катышуу |
| Айтыпберүү | Угуу, көрүү, ойлонуу, түшүнүү |
| Лекция | Жазуу иштери |
| Билимдерди текшерүү | Маселе чыгаруу, жазууиштери, тапшырмаларды аткаруу |
| Демонстрация | Экскурсия |
3. Окутуу усулдарын чыгармачылык менен колдонуу.
Билим берүү жылдан жылга өнүгүп барат жана аны менен бирге билим берүүнүн жаңы ыкмалары да түзүлүп, мүмкүн болушунча мамлекет тарабынан ар тараптан билим алганга шарттар түзүлүп жатат. XXI-кылымда билим берүү процесси аябай чоң деңгээлге жетип, заманбап технологиялардын жардамы менен сабактар өткөрүлүп жатат. Алсак, мындан 10 жыл мурун интерактивдүү доскалар, проектор менен сабак берүү жокко эсе болчу. Азыр баары электрондоштурулган, билим алгандарга да, сабак берген мугалимдерге да женилдиктер каралып түзүлүүдө. Заманбап билим берүү системасы, мына ушул шарттар менен биргеликте мугалимдерге эркин, чыгармачыл, маданияттуу жана активдүү инсанды тарбиялоо талабын күчөткөндүгү, окуучулардын окуу- чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн азыркы учурдагы ролун жогорулатууда. Ошондой эле, окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып, окуу-чыгармачылык, чыгармачылык ишмердүүлүк, жөндөмдүүлүк түшүнүктөрүнүн мааниси, мазмуну белгиленип, бул түшүнүктөр «окуучунун окуу- чыгармачыл жөндөмдүүлүгү» түшүнүгүн аныктап алууга мүмкүндүк берүүдө. Окуучулардын окуу-чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү материалдык жана руханий баалуулуктарды түзүүдө, жаңылыктарды, табылгаларды жаратууда талапка жооп берүүчү иш-аракеттин аткарылышын ийгиликтүү камсыз кылуучу жекече психологиялык өзгөчөлүктөрдүн комплекси деп аныкталган. Окуучулардын окуу-чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү маселелерин изилдөөнүн алкагында окуучулардын окуу- чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн компоненттери бир канча окумуштуулардын изилдөө обьектисине айланууда жана изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен биргеликте ишке ашыруу, жолго коюу жолдору да сунушталып келет. Заманбап билим берүүдо ар турдуу жаны технологиялар мыкты билим алуу үчүн эн зарыл шарт болууда. Анткени, жаңы технологиялар жалпы эле коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.Бул өнүттөн алып караганда “интерактивдүү окутуу” окуучулардын окуу-чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирүүсүнүн шарты катары өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү азыркы учурда негизги максаттардан болуп эсептелүүдө. Окутуу процессинде окуучулар белгилүү билимдерге билгичтиктерге көндүмдөргө ээ болушат. Билим бул окуучунун мээсинде болуп өтүүчү психикалык процесстин натыйжасы. Билим окуучунун өзүнүн активдүү окуу- чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болот. Ошондуктан окутуу окуучу менен окутуучунун ортосундагы өз ара аракеттенишүү процесси болуп эсептелет жана анын натыйжасында окуучуда белгилуу билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөр калыптанат. Мугалим окуучунун ишмердүүлүгүн (аракеттер система) уюштурат, багыттайт жана контролдойт. Зарыл болгон каражаттарды жана маалыматтарды камдап берет.Ар кандай иш аракетте өз ара байланышкан эки процесс болот: калыбына келтирүүчү (кайталоочу) жана чыгармачылык процесси. Калыбына келтирүүчү иш-аракетте адам буга чейин иштелип чыккан ыкмаларды, фактыларды түшүнүктөрдү кайра эстеп калыбына келтирет же кайталайт. Окуу-чыгармачылык ишмердүүлүгү болсо мындан айырмаланып кандайдыр бир жаңы нерсени түзүүгө багытталат. Сабак окутуу процессинде окуучуларда ушул ишмердүулүктөрдүн экөөнү тең көрүүгө болот. Ошентип, калыбына келтирүүчү иш аракеттин натыйжасында мурда айтылып көрсөтүлгөндөр, жасалгандар, колдонулгандар ж.б. тушүрүлүп толук кайталанат, б.а. репродукцияланат. Өзгөрүү окуу процессинин ар бир бөлүгүн камтып, анын бардык катышуучуларынын бири-бирине болгон байланышын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана ошондой эле жаңы технологияларды колдонууга багытталышы керек. Демек, окуучуларды окутууда мектеп мугалимдеринин кесиптик даярдыгын терең анализдөө жана аны азыркы талаптарга ылайыкташтыруу актуалдуу илимий маселе болуп саналат. Интерактивдүү окутуу окуучулардын окуу-чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирүү процессин натыйжалуу жүргүзүү үчүн биринчи ирээтте маалыматтык-компьютердик технологияны системалуу жана үзгүлтүксүз колдонуу зарыл. Россия Федерациясында мектептерде компьютердик технологияларды сабакка киргизүү боюнча бир нече диссертациялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Брусницына Г.Г., Добудько Т.В., Зияутдинова С.М., Литвинович О.И., Ряхинова И. Б., Сергеева Т.Ф. жана башкалардын диссертациялык изилдөөлөрү компьютердик технологиянын окуу процессинде жаны технология катары колдонуунун теориялык жана практикалык маселелерине арналган. Ал эми Кыргыз Республикасында жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча диссертациялык изилдөөлөр төмөнкү окумуштуулар: Ороскулов Т.Р. (1992-ж.), Басина О.Н. (1995-ж.), Кененбаев А.М. (2001 -ж.), Нуржанова С.А (2004-ж.), Карагулов Д. (2005-ж.), Панкова Г.Д. (2005-ж.), Рыбина Т.И. (2007-ж.), Ажыбаев Д.М. (2008-ж) тарабынан жүргүзүлгөн. Алардын изилдөөлөрүнө таянсак, азыркы учурда мектеп мугалимдери маалыматтык-компьютердик технологияны толук өздөштүрүп, аны практикада колдонуу көндүмдөрүнө сөзсүз түрдө ээ болушу зарыл. Жана мугалимдер окуу процессинде маалыматтык технологияны колдонуу аркылуу мектеп окуучуларынын тиешелүү кызыгуусун пайда кылаарын, окуу процесси жогорку ылдамдыкта жүргүзүлө тургандыгын жана ар бир окуучунун өз алдынча иштей билүүсүнө шарт түзүлө тургандыгын илимий жактан негиздешет. Окуучулардын таанып билүүчүлүк жана окуу-чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, өз билимин өнүктүрүү, өзүн-өзү таанып билүү жана калыптандыруусун пайда кылуучу жана өнүкгүрүүчү интерактивдүү методдордун кеңири колдонулуусу замандын талабы болуп келүүдө. Аны менен биргеликте окутуу процессинде окуучулардын окуу-чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирөдө интерактивдүү технологияларды системалуу колдонуу менен окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүлөөрү шексиз. Ошондуктан «интерактивдүү сабактарды кантип түзүп отсө болот?» деген суроо ар бир мугалимдин окуу процессин натыйжалуу уюштуруусуна туртку берген бирден-бир койгойлуу суроолордун катарын толуктап келет. Интерактивдүү сабак мугалим менен окуучунун «өз ара аракеттенүү» принцибине негизделген. Интерактивдүү досканы колдонуп өткөрүлгөн сабактар кээде интерактивдүү деп аталат. Бирок методикалык көз караштан алганда, бул милдеттүү шарт эмес. Ал эми интерактивдүү сабактарды кантип түзсө болот деген суроого томонку зарыл иш-аракеттерди корсотууго болот.Алар: - сабакты пландаштыруу; - электрондук презентация; - компьютер жана проекторду колдонуу. "Интерактивдүүлүк» деген сөз "өз ара аракеттенүү" дегенди билдирет. Интерактив- (англ. inter-өз ара, act-иш аракет) кимдир бирөө менен иштешүү, аңгемелешүү, диалог жүргүзүү кырдаалы.Бул усул окуучулардын мугалим менен эле эмес, өз ара да кыйла кеңири иштешүүсүнө, окуу процессинде окуучулардын демилгелүү болушуна ылайыкталат.Интерактивдүү сабактарда мугалим окутуу жана тарбиялоо максатына жетүү үчүн окуучулардын окуу ишмердигин багыттап гана турат. Мугалим окуучу үчүн мугалим эмес, фасилитатор- жеңилдетүүчү көмөктөшүүчү, жагымдуу маанай түзүүчү, окуучуну изденүүгө түртүүчү, даяр жоопту бербестен аны табууга ылайыктап шарт же суроо табуучу, өзгөчө эмпатиялуу алып баруучуга окшош адам. Билим алууда окуучу активдүүлүк көрсөтүү керек, бирок алардын активдүүлүгүн курчутуу фасилитаторго көз каранды. Керек болсо чыр –чатакка (конфликт-тараптардын кызыкчылыктарынын карама –каршы келүүсү) чейин алып барып, кайра аларды консенсуска алып келүү. Интерактивдүү сабак - бул окуучулар окуу процессинин субъекттери катары чыгып, бири-бири менен активдүү өз ара аракеттенише турган сабактардын формасы. Мындай сабактарда мугалим мектеп окуучуларынын гана окуу-чыгармачылык жана таанып-билүү иш-аракетин жетектейт. Интерактивдүү сабактарды түзүү үчүн алгач билим берүү процесси алдыга койгон максаттарды аныктоо зарыл. Билим Беруу законуна ылайык, ар бир сабактын максаттары, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү болуп бөлүнөт. Максаттарга ылайык, материалды сунуштоонун оптималдуу ыкмаларын тандоо башкы маселе болот. Ыкмаларды тандоо көбүнчө окуучулардын жаш курагына байланыштуу. Эгерде башталгыч же орто класстын окуучулары үчүн сабактын планы же долбоору иштелип жаткан болсо, анда сабакка мүмкүн болушунча көбүрөөк визуалдык көрсөтмөлөрдү кошуу зарылчылыгы бар. Булар басма жана электрондук булактар болушу мүмкүн. Эгерде интерактивдүү сабактын негизи катары электрондук презентация жасоо керек болсо, (азыркы учурда бул абдан популярдуу), анда аны иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу керек. Иллюстрация үчүн жогорку сапаттагы, жогорку резолюциядагы сүрөттөрдү гана тандоо керек. Кезеги менен көңүлдүү иш-чаралар менен бирге компьютерди колдонуу аркылуу теориялык слайддарды алмаштыруу максатка ылайык. Мындай өткөөлдөр окуучуларды тез-тез кайталануучу ишаракеттерден чарчоодон сактоого жардам берет. Бирок мугалим канчалык аракет кылган болсо дагы, сабактын ортосунда окуучулардын көңүлү төмөндөй баштайт. Андай учурда компьютерден үн дизайны жардамга келет. Көрүнүктүү инсандын туура тандалган, өтө эле катуу эмес обону же аудиосу окуучулардын көңүлүн дароо бурат, аларды изилденип жаткан темага кызыктырат. Презентация менен иштөөдөн кийин, окуучулардан сабактын обзорун жазууну сурануу дагы оз натыйжасын берет, анда алар үйрөнгөндөрүн баса көрсөтүшөт, алар үчүн кыйыныраак болгон жагдайларды дагы айтып бере алышат. Интерактивдүү окутуунун принциптерин ишке ашыруу үчүн, өтүлгөн материалдын негизинде кыскача жыйынтыктоочу тапшырма берилсе, аны окуучулар өздөрү текшеришет (мисалы, биринчи ка- тарда отургандар экинчи катардагы окуучулардын тапшырмаларын текшеришет). Бул алардын көз карандысыздыгын көрсөтүү менен окуучуларга объективдүүлүктү жана кунт коюну тарбиялоого жардам берет, ошондой эле текшерүүчү катары өзү материалды канчалык түшүнгөндүгүн көрсөтө алганга мумкунчулук тузот. Жогоруда белгиленгендей, интерактивдүү ыкма менен окутуу баарыдан мурда бул окуу процессинде окуучулардын бири-бири, ошондой эле мугалим менен өз ара байланышта болуусу жана түгөйлөрдүн же группалардын өз ара аракеттениши, кызматташтыгы жана окуу-чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн активдешүүсү болуп эсептелет. Интерактивдүү метод-татаал идеяларды түшүнүүгө жана окутуунун максаттарына жетишүүгө жардам берген каражат катары колдонулуучу усул. Ошондой эле интерактивдүүлүк - идеяларды жазуу, оозеки түрдө же кандайдыр бир сигналдардын жардамы менен алмашуучулук. Жыйынтыктап айтканда, интерактивдүү окутуунун башкы өзгөчөлүгү, окуу процесси группада биргелешип аракеттенүү аркылуу жүргүзүлгөндүгүндө. Биргелешкен иш окуучулардын ар биринин жалпы ишке, анын ичинен окуу-чыгармачылык ишмердигине кызыгуусун жаратат жана тырышып аракеттенүүнү, ойлонууну, окуу жана чыгармачылык активдүүлүктү талап кылат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй интерактивдүү ыкма менен окутууда, окуучулардын билим сапаты дагы жогорулайт
Пайдаланылган адабияттар:
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарики 2002
3. В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006
4. Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002
5. Выбор методов обучение. Под ред Ю.К. Бабанского. М., 1981