Просмотр содержимого документа
«Окуучуга эмне керек экенин ...»
“Окуучуга эмне керек экенин, мугалим окуучудан жакшы билет” стереотиби. Бул орто мектеп үчүн эле эмес ЖОЖ үчүн да мүнөздүү адашуу. Көпчүлүк учурда “Сен мен үчүн эмес, өзүң үчүн окуйсуң” деген сөздөрдү абдан көп укса болот.Чындыгында окуучулар өзүлөрүнүн ийгиликтүү жашоосуна керектүү билим менен билгичтик алыш үчүн окушпайт, орто андан кийин жогорку мектепте окуу планына жана программасына киргизилген кээ бир маалыматтардын түрмөгүн окутуучу окуп бере алыш учүн окушат.
“Бардык балдар жөндөмдүү эмес деп бөлүнүшөт” стереотиби.
Мектепте акыркы балдарга ар кандай чаралар пайдаланышат: жеке окутуу топторун уюштуруудан баштап толук көңүл бурбай койгонго чейин, качан класстын бардыгы мугалим менен бул унчукпаган “жөндөмсүз балдарды” жөн гана байкабай коюшканга чейин. Мектепте да, ЖОЖ до дайыма “бул сенин көйгөйүң” – деген уяты жок (циничный) ойду укса болот. Стереотиптин жүгү бар окутуучуларга, адамдар ар башка жана алар окутуучу көрсөткөндөй тигил же бул шаблонго топ келгенге жаралган эмес деген жөнөкөй эле чындыкты түшүнүп жана кабыл алуу кыйын. Мектепке, мугалимге окутуп жаткандардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташууну билиши керек.
Убакыттын бийлиги.
Убакыт- сабакты жана анын өзүнчө этаптарын уюштуруудагы маанилүү элемент. Иштин ар бир түрүнө канча мүнөт керек? Жеке жана топтордун мээ чабуулуна канча убакыт талап кылынат? Түгөйлөр менен иштөөгө, маалымат менен иштөөгө, презентациялоого канча убакыт керек? Адатта мугалим сабакка даярданып жатып бул суроолорго жооп берет. Бирок инсанга багытталган сабакта убакыт өзгөчө мааниге ээ. Окуучуларга жоопту ойлонгонго канча убакыт кетет, эгер алар ойлонууга багытталган болсо, тандоо кылыш керек болсо, чечим кабыл алыш керек болсо же негиздөөнү ойлонуш керек болсо? Инновациялык инсанга багытталган методикада жоопту күтүү убактысы чоң мааниге ээ. Окуучуларга берилген суроого жоопту ойлонууга убакыт бериш керек. Көпчүлүк учурда мугалим берилген суроого жоопту билүү менен, окуучулардан токтоосуз жооп берүүнү талап кылат. Унчукпай калуу, окуучу бир нерсени билбейт же берилген тапшырманы, суроону аткара албай калды деп кабыл алат. Бирок ушул окуучунун башында жөнөкөй эмес процесстер жүрүп жатат да: ал суроону жана тапшырманы түшүнүп жатат, ал ушул проблема жөнүндө эмнени билерин аныктап, жаңы идеяны түзүп, аягында оюн өз сөзүнө айлантып жатат. Ушундан кийин гана мугалим берилген суроого жооп ала алат. Мугалимдин жоопту күтүшүнө канча сандагы убакыт өтөт? Эгерде мугалим жоопту күтүү убактысын көбөйтсө, анда окуучулар маңыздуу жооп беришерин байкоолор көрсөтөт.
Рефлексияны сабактын баскычы катары бөлүп кароо, аны идеяларды текшерүү баскычы, билимди менчиктештирүү катары атайын пландаштыруу сунушталат. Сабактын так ушул баскычында күтүлбөгөн, оригиналдуу идеялар жаралат.
Окутуунун ачык методдору жана ыкмалары.
Америкалык изилдөөчүлөрдүн маалыматтары боюнча сабакта окуучулардын материалдарын өздөштүрүүсү окутуунун методун тандап алуусунан көз каранды болот. Окуу процессин уюштуруунун тиги же бул методдорунан билимди өздөштүрүү көз карандылыгын бөлүштүрүү сүрөтүн берген үйрөнүү пирамидасына көңүл бурууну сунуштайт.
Окутуунун интерактивдүү методдору менен жетишкен биргелешкен окутууга приоритет берилерин көрүп турабыз. Даяр жоопторду берүү үчүн эмес, жеке өзүнүн оюн фактыларды, окуяларды, кубулуштарды, алардын баасын эмес, камтышы зарыл. Окуучу штамптарды эске тутпай, оюн негиздеп, өзү жыйынтык чыгарышы керек.
Заманбап мезгилде сынчыл ой жүгүрткөн, көз карандысыз пикири бар адамдарды баалашат. Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өркүндөткөн мугалим, кандайдыр бир классиктин макаласын көчүргөн тапшырманы эч качан бербейт, эмен менен макул эместигин алдын ала эскертип сын рецензияны жазууну сунуштайт. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясынын тажрыйбасы белгилүү. Мисалы, социалдык илим боюнча экзаменде мындай тапшырманы сунушташат. Улуу Британиядан Шотландия бөлүмүнүе жактоочулары жана душмандары бар, өзүңөрдүн позицияңарды баяндагыла жана негиздегиле.
Сабактарда дискуссия үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөр колдонулат. Эгерде окуучулар бири-бирине суроо бере башташса жана бири-бирине жооп беришсе, бири-бири менен сүйлөшүшсө – бул мугалимдин жетишкендиги.