СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучунун жазуу ишин өнүктүрүүдөгү үлгүлөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

        Ичимдиктин таасири

   "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда болот жер жаңы", дегендей XX кылымда ата - бабабыз көрбөгөн, билбеген , жасабаган , жеп-ичпеген ж.б. нерселер элибиздин турмушунда кадимки көрүнүш катары болуп калды. Ошолордун бири араккечтик жана бангилик көйгөйү.

      Тээ 1920-жылдары тиф, келте, ичи өткөк ж.б. илдеттеге каршы дары катары пайдалануу үчүн арак, спирт деген нерселер пайда болду. Жыгач челектерге  куюлуп оозуна алюминий кружка байланып дарылыкка ич десе да арам деп ичишпеген экен. Бара-бара ичкен адамга "кырк жылкы айдатып" көөнүмүш адатка, аш-тойлордо көнүл ачуучу сый тамакка да айланып, эл арасында "кырк жылкылуулар" да көбөйө баштады. Кыргыз элинин атамзамандан бери ордунан жылдырбаган каада-салттарын ушул нерсе жылдыра баштады. Бул көрүнүштү азайтуу максатында эл ичинде үгүт-насаат иштери жүрүп айтылуу Райкан Шүкүрбеков "Жинди суу" деген термесин жазып, аны төкмө акын Эстебес Турсуналиев ырдап радиядон дембе-дем угузуп турчу. Өткөн замандын 60-жылдары жазылса да, азыркы учурда дагы өзүнүн актулдуулугун жогото элек. Анда:

                   "Термемдин башы арактан,

                    Айланып кесин тамактан.

                     Силерге айтып жатамын,

                     Качсын деп жаман адаттан",- деп андан алыс болууга чакырат. Андан ары улап:

                     "Карабайт кары жашына,

                     Капаны үйөт башына.

                      Жүргөн жери ызычуу,

                      Эч кимге жакпайт- Жинди суу",- демек, элибиздеги уулудан тартынуу, кичүүдөн ийменүү деген эчактаа келген адатыбыз жоголуп баратканы айтылып жатат. Мына мындай абалда карынын баркы кетип, баласы курдуу жаштарга шерик бөтөлкөлөш боло баштайт. 

           Ичкилик берметтей болуп жылтылдап, түлкүдөй болуп жылтылдап, бөтөлкөдө жай жатып, ичине кирсе чандатып,адамдын ташдырын талкалап, өзүнүн торуна бекем чырмап алды. Райкан айткандай:

                 Түгөнбөс пахмель башталат,

                 Баш ооруйт кайда качасын",- ал аял эркекти ылгыбайт:

                   "Айтылуу сулуу келиндин,

                    Көрөсүн көркү кеткенин.

                    Өзүнчө туруп кейийсин,

                     Көргөндө мастын өпкөнүн.

                    Кийип алган этине,

                    Апасынын чепкенин.

                   Ак шайы жолук эми жок

                  Ак тубар көйнөк деги жок"-, ушундан эле бул жетесиз ичкиликтин адамзатка тийгизген кыянаттыгын көрүүгө болот. Анткени, ичкич аял кандай бала төрөшү мүмкүн? Ойлогулачы! Ооба бир нерсеге муктаж бала... ден-соолугунан, же акыл эсинен, мүмкүн сүйлөөгө муктаж болуп жүрбөсүн, а балким баары жакшы болуп төрөлсө да эс -кыл кире баштаганда бир нерсеге муктаж болоор. М: "Касандра тамгасындагы" Анрюша сыяктуу ата-энеге муктаждыр. Бир нерседен өксүү адамды ар кандай жолго алпарат эмеспи. Ошол эле Андрюша- Филофей эмнени гана ойлоп таппады э. Ал аны өзүн танытуу максатында эле, бирок аны түшүнгөндөн кийин космоско учуп кетти да, өзүн чексиз ааламга таштады. Мындай нерселерди айта берсек көп, канчалар үй-бүлөсүнөн, ишинен, ден-соолугунан, адамгерчилигинен ажырап жатат. Ушул нерселерди эске алып, ичимдиктен алыс бололу....


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!