Тексттеги кара менен белгиленген сүйлөмдө калтырылган тыныш белгилерин тап.
Бир күнү апенди кан кийикке чыкканда. Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
-Оо, Апенди бүгүн биз менен бирге кийикке жүргүн,-деп ээрчитип алды. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак убакка кийик уулап, кечке жуук үйдү көздөй кайткан кезде, жаан төгүп жиберди. Башкалардын баарынын аты тың жана мыкты болгондуктан, чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апенди атын камчыласа,баспай койду. Эч болбосо шаарга кургак барайын деди да, үстүндөгү кийимдерин бүт чечип, астына салынып алды. Акыры шаарга жеткенде, аларды кайра кийип, кандыкына келди. Кан Апендинин кийими бүт кургак экенин көруп, аябай таң калып:
- Оо, Апенди, биз аттын оозун коё берип, үйгө жеткенче жаанга абдан суу болдук, а сенин кийимиң купкургак, бул кандай?-деп сурады.
-Каным, мен минген ат анык шумдук экен. Силерден азыраак кала түшүп, анан шаарды карай жөнөгөндө, мен муну шамалдан мурда баратабы деп ойлодум. Шаарга тез эле жетип, жаан басылгандан кийин мында келдим,-деди.
Бир күнү кан кийикке дагы чыкты. Апендиге бөлөк ат мингизип, кашаң атты өзү минди. Булар кайра кайткан кезде асманды булут каптап,жаан нөшөрлөдү.
Апенди минген атына камчы басып, шаарга кирип кетти. Ал эми кан канчалык аракет кылса да, минген аты ордунан жылбай, жолдошторунан артта калды. Кан шаарга араң жетип, үйүнө келсе, Апенди купкургак жыргап отурат.
Кандын кыжыры кайнап:
Сен мени неге алдадың Мен сага ишенем деп кийимим бүт суу болуп өзүм да үшүдүм деди
Анда Апенди
Сен эмнге ачууланасың Үстүңдөгү кийимиңди чечип астына салып жаан басылгандан кийин кайра кийгенди билген жоксуңбу деди
Тексттин ичинен төмөнкү сөздөрдүн синонимин тап.
Кечкурун-
Чыйрак-
Чабал-
Аябай жаады-
Митаам-
Ачуулануу-
Сөздөрдүн антонимин тап.
Бирдиктүү-
Жалкы-
Көмкөр-
Кайрак-
Тексттин ичинен фразеологизмди таап, анын маанисин чечмеле
Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү тексттин ичинен тап
Берилген сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз.
Кыргызстанда жаңгактуу токой бир канча чоң аянтты ээлейт.
Тексттеги кара менен белгиленген сүйлөмдө калтырылган тыныш белгилерин тап.
Жаңыл -жеке инсан, көптүн бири. Эгер ал идиш чайкап, от жагып, тамак бышыргандан, үй -тиричилигинен башканы билбеген бир жан болсо, даңктуу “Жаңыл Мырза” дастаны жаралбаган болор эле. Ал кичинесинен эркекче кийинип, чүкө атып, ат үйрөтүп, күрөшүм, жаа атып чоңойду. Жаңылдын жаа тартканына, балким, бир кыргыз баатыры теңеле албаса керек. Ал ыргытылган тебетей жерге түшкөнчө он беш жебе атууга үлгүрүп, төбөсүн оюп, түпкүч кылып салган. Бул -укмуш өнөр, көзгө илешпеген тез кыймыл менен таамай ата билиүүнүн айкалышы. Жаңылдын сейрек кездешүүчү мындай жөндөмүнө акылы төп келет. Ал турмуштагы жайнаган милдеттердин ичинен элин жанындай сүйүп, аны коргоого алгандыгы- анын акылынын жетиктигин айгинелейт. Жаңылдын келкели жүрүп турганда жоо нойгут элинин четине жолой албайт. Жологону жеңилип, шермендеси чыгат. Үйлөнөм деп чочоңдоп ,сес көрсөтүү үчүн кол курап, жылкы тийгендери да өз жазасын алган. Бул баатыр кыздын өз элин сүгөндүгү да өзгөчө, ал өзүнүн жеке үй -бүлө куруу, жубай тандап ,күйөөгө чыгуу кызыкчылыгынан да баш тарткан. Эмне болсоң, ошо бол деп ,элин тыштап, өзү каалаган бирөөнүн көлөкөсүн паана кылып кете бербеген. Айласыз ,колго түшуп туткундалганда гана өз элин камкордук кыла албай калган, бирок эсинен чыгарбаган, эбедейи эзилип сыгынган. Бул- кандай сулуу сезим! Элдин элдиги ,жок болбой сакталып калышы да ушул Жаңылга окшогон эр азаматтардын бир тууган элге тартылуу сезимдеринин күчтүулүгүнөн болгон. Ал эми Жаңыл элинен ажыраганда, аны издеп келип таппай калганда ,ага жашоонун ,мындан ары тирүү жүрүүнун мааниси өчөт да ,ыктыярдуу турдө жоктукка моюн сунат. Анан мындай кызды эл кантип эсинен чыгарат. Дастанга кошулуп ырдоо Жаңылга узак өмүр берүүнүн элдик каражаты. Ал ырдалуу менен мындан ары улам кийинки муунуду аралап эл элдик ар намыс жөүндөгү сабактын ой жүгүртүүнүн уюткусу болуп кете берерине ишенем.
Тексттин ичинен төмөнкү сөздөрдүн синонимин таап, маанисин жаз.
Төп-
Жөндөмүнө-
Паана –
Моюн сунат-
Сес көрсөтүү-
Тексттин ичинен төмөнкү сөздөрдүн антонимин тап.
Ыктыярдуу-
Баш тарткан-
Тексттин ичиндеги жандоочторду өзунө тиешелүү болгон сөздөр менен жаз
Тексттин ичинен фразеологизмди таап, анын маанисин чечмеле
Берилген сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүз.
Темирбек жолдоштору менен Ысык-Көлгө дем алууга келди.