СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 16.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Өмүргө" ырдын тексти

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аалы Токомбаевдин "Өмүргө" ж.б. ырларынын тексттери берилген. 10-класстын кыргыз адабияты китебинде тексттери берилбегендиктен

Просмотр содержимого документа
«"Өмүргө" ырдын тексти»

Ѳмүргѳ

Жылт-жылт этип алыстагы жалындай.

Жылып ѳмүр жоголууда табылбай.

Жылас буга жаш жүрѳктѳр жалындап,

Жылмайбастан тулку турат кабылдай.


Ырас, ѳмүр аткан октой ѳтѳбү?

Ырас, жаштык суу сепкендей ѳчѳбү?

Ыйламсырай туткун болуп толкунга,

Ыраа кѳрбѳс башка доорго кѳчѳбү?..


Ойлоп турсам эчен-эчен кылымды,

Оюм жетпей эрмек кылам чылымды.

Ок экен го бир атылган жашчылык,

Ошондуктан каламга айтам сырымды.


Ойно, калам, ойло, кѳңүл, жарышчы!

Ок болуша, тап намысын алышчы!

Обочолоп тирүүлүктѳн кеткенче,

Окторула тап куралын чабышчы!


Сан айтсам да, сактабассың ѳмүрүм,

Секунд ѳтсѳ, жакындашат ѳлүмүм.

Сагалашып мага кезек келгенче,

Социалга умтула бер, кѳңүлүм!


Кѳңүл эмес, эмгегим да атылуу,

Кѳптүн мен бир карегимин шатылуу.

Керек кылса тепсеп чыксын жогору,

Кебелбестен элим үчүн ичем уу!


Кѳз жиберип ар минутту караса,

Күндѳ кызык, күндѳ жаңы тамаша.

Кѳргѳнүмдѳн кѳрбѳгѳнүм эсепсиз,

Кѳргүм келет дагыларды талаша.


Ѳмүр кургур, ѳскѳнүңдѳн танбассың,

Ѳлүм чиркин! Сансыз канга канбассың.

Ѳксѳт, ѳлүм, ѳмүр, сен да ѳсѳ бер!

Ѳлүм, элге эмгек чачпай барбасмын.



Тил алса

Табийгат, тагдыр тил алса

Ак чабак болуп жаралсам.

Деңизден сүзүп, ойноктоп

Дем кылган жакка баралсам.


Күнѳѳсүз, кирсиз дүйнѳгѳ

Энеден кайра тѳрѳлсѳм;

Кѳк чыбык кыркып ат кылып;

Кѳпѳлѳк издеп жѳнѳлсѳм.


Табийгат мага тил алса-

Кызыл гүл болуп жайнасам;

Болбосо гүлдүн ашыгы-

Жаш булбул болуп сайрасам.


Кѳргѳндүн кѳзүн алдырбай,

Мѳмѳлѳр болуп тизилсем;

Адамдын колун сундурбай,

Алдына жайнап үзүлсѳм.


Табийгат, тагдыр тил алса-

Мѳл булак болуп ойносом;

Карарган жерин тазартып,

Калкыма кирди койбосом.


Арча кѳрсѳң


Кыпкызыл зоого чыккан арча кѳрсѳң-

Чалкыган жалын жүрѳк акын деп бил!

Мүнѳзү зоо сыяктуу менсинген жан,

Ушинтип ѳткѳн дегин мээримдүү

Элеси тирүү бойдон турат дегин,

Кѳгѳрүп арча сындуу, сезилбей кир.


Бир шилтемдер


Жардамга?!

Ким болсо да колуңду сун!

Алактап айла кетип турган чакта.

Андан соң, андан ыйык эчтеме жок,

Биринчи милдет ушул адамзатка.


Мен каалап келбегенмин.

Эрким жоктон

Дүйнѳгѳ ыйлап келгем, ыйлап кетем.

Келген соң кең дүйнѳгѳ уктап кетпей

Ѳмүрдү ѳлгѳнүмчѳ ырдап кетем.



Алкоо

Күздүн нуру, жүрѳгүмдүн кубаты,

Бар, кулунум, аттандырдым аскерге!

Адам чиркин, качан болсо бир ѳлѳт,

Ѳлсѳн дагы кул болбогун жат элге.


Сен курдашсың эркиндиктин таңына,

Менден бетер мекениңди баалайсың.

Кул болбостон, ажал менен кармашып,

Элиң үчүн ѳлгѳнүңдү каалайсың.


Жалгызымсың, жеңил эмес мен үчүн,

Бирок сенден жардам күтѳт мекениң,

Баргым келет ажырабай сен менен,

Мезгилимден ѳтүп кеткен экенмин.


Баргын, балам, жалгыз кеткен сен эмес,

Кѳтѳрүшкүн кыйын күндүн салмагын.

Жаның менен намысыңды аруулап,

Мекен үчүн чоң майдандан калбагын.


Кыргызчылык


Кыргыздын салтындабы, тегиндеби?..

Байыртан элинде жок кытмыр кылык,

Тааныйбы, тааныбайбы, картаңдарды

Уулдары урматташат, кыздар сылык.

Ким билет, кимге жагат, кимге жакпайт?

Ушундай сыйкор келген «кыргызчылык»,

Келсе да алда кайдан чоочун конок,

Сурашпайт, «Сен кимсиң?» - деп бирѳѳ чыгып.

Жарык жүз, дасторкондо чүйгүн тамак,

Меймандын черин жазат, бугун сыгып.

Ким билет, кимге салкын, кимге жылуу?

Ушул салт, биздин тилде «кыргызчылык».







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!