№ 14- сабак
I.Сабактын темасы. Азоту бар органикалык бирикмелер. Нитробирикмелер
Аминдер. Аминокислоталар жана белоктор
Нитробирикмелер
Азот кислотасынын глицерин, целлюлоза менен аракеттенишкенде пайда болгон заттар татаал эфирлер классына кирет. Нитроцеллюлоза жана нитроглицерин азот кислотасынын татаал эфири болуп саналат.
Углеводороддук радикалдар нитро тобу менен биригишкенде нитробирикмелер пайда болот. Анын жалпы формуласы R – NO2.
Азот кислотасы – НNO3 же HO – NO2 мындай формада органикалык химияда көп колдонулат.
- NO2 нитро тобу деп аталат. Углеводороддордун радикалдарынын жаратылышына жараша нитробирикмелер чектүү, чексиз жана ароматикалык болуп бөлүнүшөт.
Чектүү углеводороддордун нитробирикмелерине төмөнкүлөр кирет.
СН3 - NO2 нитрометан, С2Н5 - NO2 нитроэтан, жыпар жыттуу углеводороддордун нитробирикмесинин биринчи өкүлү С6Н5 - NO2 нитробензол болуп саналат Бензолго азот кислотасын кошуп күкүрт кислотасын катализатар катарында таасир этип ысытканда ачык сары түстөгү суюктук – нитробензол пайда болот.
H 2SO4 t 0 C
С6Н6 + HO – NO2 С6Н5 - NO2 + H2O
Нитробензол ачуу бадам сыяктуу жагымдуу жытуу болгондуктан парфюмерияда ж.б. заттарды синтездөөдө алгачкы зат катары колдонулат. Бензолдун гомологдору толуолду, фенолду нитрлөөгө болот.
Нитробирикмелер жарылгыч зат катары согуштук техникада колдонулат. Фенолду нитирлөөдөн сары түстөгү катуу кристаллдык зат – тринитрофенол пайда болот. Тринитрофенол (тротил) пикрин кислотасына салыштырмалуу колдонууда коркунучсуз жана арзан.
2.Аминдер
Аммиактын туундулары болгон, азоту бар органикалык бирикмелер аминдер деп аталат.
Аммиактын молекуласындагы суутектин атомдорунун бирөө же бир нечеси углеводороддук радикалдар менен алмашкан органикалык бирикмелер аминдер деп аталат.
Аммиактын молекуласындагы суутектин атомдорунун углеводороддук радикал менен алмашкан санына жараша, аминдер үчкө бөлүнүшөт:
-NH2 тобу амин тобу деп аталат.
Аминдер күчтүү негиздер болуп саналат. Азоту бар органикалык бирикмелердин курамына көмуртек, суутек, кычкылтектен башка азот дагы камтылгандыгын билдик.
Радикалдары окшош жана ар түрдүү болушу мүмкүн.
Номенклатурасы жана изомерлери. Систематикалык номенклатура боюнча аминдерди туура келген углеводороддун атына «амин» сөзүн кошуу менен аташат. Номерлөө амин тобу жайгашкан жагынан башталат.
4 3 2 1 1 2 3 4
Н 3С – СН2 – СН2 – СН2 – NH2 Н 3С – СН– СН2 – СН
|
1 – аминобутан NH2 2 – аминобутан
Аминдерддин физикалык, химиялык касиеттери, алынышы жана колдонулушу
Аминдер радикалдардын түзүлүшүнө жараша алифатикалык (метиламин СН3NH2), алициклдүү (циклогексиламин (С6Н11- NH2), ароматикалык (фениламин же анилин
С6Н5 - NH2). Молекуласындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три -, жана полиаминдер деп аталат.
Жөнөкөй аминдер – аммиак жыттуу газдар, жогорку молекулалуу аминдер суюктук жана катуу заттар. СН3 NH2 - метиламин, (СН3 ) 2 NH–диметиламин, (СН3 ) 3 N– триметиламин түссүз, мүнөздүү жыты бар күйүүчү газдар, сууда жакшы эрийт, эритмеси негиздик чөйрөгө ээ. Аминдер аммиак сыяктуу негиздик жана нуклеофилдик касиетке ээ.
Аминдер абадагы кычкылтек менен женил кычкылданат. Абада күйөт.
4Н3С – СН2 – NH2 + 15 О2 8 СО2 + 14 Н2О + 2N2
Аминдер негиздик касиетке ээ, кислоталар менен сууда эрүүчү туздарды пайда кылат.
СН3 NH2 + НС1 [ СН3 NH3 ] CI
Метиламин метиламмоний хлорид
Анилин - С6Н5 - NH2. Анилинди 1842-жылы Н.Н. Зинин нитробензолду кычкыл чөйрөдө калыбына келтирүү жолу менен алган.
С6Н5 - NО2 + 3Н2 С 6Н5 - NH2 + 2Н 2О
Мына ошол азоту бар органикалык бирикмелердин эң манилүүлөрүнөн бири – аминокислоталар. Аминокислоталардын курамында углеводороддук радикал менен бириккен карбоксил тобу - СООН жана амин тобу - NH2 бар. Аминокислоталардын курамын төмөнкү жалпы формула менен көрсөтүүгө болот: H2N - R - COOH
Аминокислоталар – амфотердик органикалык бирикмелер
Бир эле учурда карбоксил жана амин тобун камтыган органикалык кислоталар аминокислоталар деп аталат.
Аминокислоталар жаратылышта кеңири таралган, белоктордун курамына кирет. Карбоксил тобуна карата амин тобунун алган орду боюнча α, β – аминокислоталарга бөлүнүшөт.
NH2
|
СН3 - СН2 – СООН СН3 – СН- СООН H2N - CH2 – CH2 - COOH
Прапион кислотасы α- аминпропион кислота β – аминпропион кислотасы
Белоктордун курамына α- аминокислоталар кирет. Карбоксил тобуна жараша моно - , дикарбондук кислоталар болуп бөлүнүшөт. Амин тобунун саны боюнча моно- жана диаминокислоталар деп аталат. Углеводороддордук радикалдын жаратылышы боюнча аминокислоталар алифатикалык жана жыпар жыттуу болуп бөлүнүшөт.
Аминокислоталардын эл аралык аталышы туура келген углеводороддордун аттарынын алдына «амин» деген мүчөнү улап айтылат Мисалы, аминоэтан кисотасы (гликокол), 2 – аминопропан кислотасы ( аланин) ж.б.
Чектүү углеводороддордон алынган аминокислоталардын кээ бир өкүлдөрү Таблица 11.
| Аминокислоталардын аталыштары | Аминокислоталардын формулалары |
| Гликокол, глицин, аминоуксус же аминоэтан кислотасы | Н2N - CH2-COOH |
| Аланин, α –аминопропион, 2 – аминопропан кислотасы | CH3 – CH – COOH | NH2 |
| 2 – амино-бутан кислотасы | CH3 – CH2 – СН – COOH | NH2 |
| 4.Аспаргин, α –аминоянтар, же 2- амно бутандидиовая кислота (эки негиздүү) | НООС– CH2 – COOH | NH2 |
| 5.Лизин, диаминокапрон, же 2,6 – диамингексан кислотасы | CH2- СН2 - СН2 – СН2 - СН - СООН | | NH2 NH2 |
Аминокислоталар катуу кристаллдык заттар, сууда жакшы эришет жана органикалык эриткичтерде эрибейт, даамы таттуу. Суудагы эритмеси нейтралдуу чөйрөнү берет. Аминокислоталардан тирүү организмдердин органдардын ткандардын белоктору, гормондор, ферментер ж.б. биологиялык манилүү заттар пайда болот.
α- аминокислоталар өндүрүштө синтетикалык буланы алууда колдонулат.
Аминокислоталарды радикалдагы суутек атому амин тобуна алмашкан карбон кислоталарынан өндүрүлгөндөр катары кароого болот. Мисалы, уксус кислотасынан аминоуксус кислотасы өндүрүлөт. Анын курамы төмөндөгүдөй
NH2-CH2-COOH аминоуксус кислотасы, эски аталышы боюнча «гликокол» деп аталат.
Аминокислоталардын молекуласындагы - NH2 тобу жана карбоксил тобу – СООН бири-бирине таасир этүүсүнөн биполярдык иондорду пайда кылат.
[ Н2N - CH2-COOH ] H 3N+ - CH2 – COO—
Аминокислоталар органикалык амфотердик бирикмелер болуп саналат. Булардын амфотердик касиетке ээ болорунун себеби, бир эле учурда негиздик- NH2 тобу жана кислоталык – СООН тобунун болушу менен шартталат. Ошондуктан чөйрөгө жараша аминокислоталар катион жана анион түрүндө боло алышат: кычкыл чөйрөдө амин тобу протондошот, жегичтик чөйрөдө – карбоксил тобу анионго айланат. Нейтралдуу чөйрөдө аминокислоталар биполярдык ион түрүндө болот.
Күчтүү кислоталар менен аминокислоталар амин тобу боюнча туздарды пайда кылат.
НООС - CH2- NH2 + НС1 [ НООС - CH2 – NH3 + ] C1--
Глицин глициндин гидрохлориди
Н2N - CH2-COOH + NaOH Н2N - CH2-COONa + H2O
Практика жүзүндө аминокислоталарды карбон кислоталарынын радикалдарындагы суутектин атомун галогенге алмаштырып, андан кийин аммиакты таасир этүү аркылуу галогенди амин тобуна алмаштыруу менен алышат, мисалы:
Амин –NН2, карбоксил -СООН топтору экөө бирдей аминокислоталардын химиялык касиеттерин аныктайт. Амин тобу -NH2 заттын негиздик касиетин көрсөтөт, анткени ал суутектин катионун донор-акцептор механизми менен азоттун сарпталбаган жуп электрондорунун эсебинен өзүнө тартып алат:
Донор-акцептор механизми менен аммиакты өткөндө таанышкансынар, аммиактагы азоттун жалкы үч электрону суутектин атомдору менен байланышууга сарпталган, ал эми сарпталбаган жуп электронунун эсебинен суутектин катионун өзүнө тартып алып, аммонийди пайда кыларын эсинерге түшүргүлө:
Демек аминокислотанын курамындагы амин тобу өзүн аммиак сыяктуу алып жүрөт.
Карбоксил тобу -СООН аминокислоталардын кислоталык касиеттерин аныктайт.
Молекуласында углеводороддук радикал менен байланышкан амин тобу (— NH2) жана карбоксил тобу (— СООН) бар органикалык бирикмелер аминокислоталар деп аталат.
Аминокислоталарда (аминдерде) амфотердүүлүк касиет бар экендиги алардын туздар менен болгон көп сандагы комплекстик бирикмелеринен байкалат. Бир эле мезгилде мындай эки касиетке (негиздик жана кислоталык) ээ болгон заттар амфотердик заттар деп аталат.
Мындай касиеттерге органикалык эмес химия курсунан айрым металлдардын оксиддери жана гидроксиддери ээ болорун билесинер, мисалы, Zn(OH)2, A1(ОH)3.
Молекуласында негиздик жана кислоталык топтору болгондуктан, аминокислоталар бири-бири менен аракеттенишип, белоктордун полимерлерин пайда кылат:
Төмөнкү молекулалуу заттарды, мисалы, сууну кошумча пайда кылуу менен полимерлерди алуу реакциялары поликонденсация реакциялары деп аталат.
Аминокислоталардын бири-бири менен аракеттенишүү реакцияларында бир молекуланын амин тобу менен экинчи молекуланын карбоксил тобунун ортосунда пептиддик байланыш пайда болот:
Пептиддик байланыш
Полимерде бул байланыш көп жолу кайталанат, ошондуктан полимерди полипептид деп да аташат.
Аминокислоталардын молекулаларынан белоктор - полипептиддер түзүлөт. 2Одан ашык аминокислоталар белгилүү, ал эми белоктор өтө көп. Белокторду ажыратуу менен, алардын курамы көптөгөн аминокислоталардан тура тургандыгын далилдеген немец окумуштуусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Э. Г. Фишер болгон.
Жер жүзүндөгү ар бир организмде өзүнө тиешелүү белоктордун жыйындысы бар. Айрым учурда өтө жакын туугандардын, эгиздердин белокторунун жыйындысы окшош болушу мүмкүн.
Белоктун молекуласындагы полипептиддик чынжырда аминокислоталардын ирети белоктун түзүлүшүн аныктайт. Мындай түзүлүш биринчилик түзүлүш деп аталат (29-cүpөт). Белоктордун экинчилик жана үчүнчүлүк, төртүнчүлүк түзүлүштөрү да белгилүү (30-31-32-cүpөттөp). Алар менен жалпы биология предметин окуганда таанышасынар. Белоктун молекуласын тереӊ изилдеген орус окумуштуусу, биохимик А. Я. Данилевский болуп саналат.
Белоктордун адамдын организми үчүн кандай мааниси бар экендиги тууралуу кошумча маалыматтарды топтогула, баяндап жазгыла.
Белоктор тирүү организмдерде көптөгөн манилүү кызматтарды аткарат: куруучу, катализаторлук, сактоочу, ташуучу, энергиялык ж. б.
Белоктордун баары кислоталардын, жегичтердин таасиринде гидролизге учурайт, аминокислоталар пайда болот. Бул касиет тамак синирүүнүн негизин түзөт.
Айрым таасирлердин астында белоктордун табигый түзүлүштөрү бузулат, башкача айтканда денатурацияга учурайт. Мисалы, жумуртканын белогу сууга салып ысытканда уюп калат. Белоктор мүнөздүү жыт чыгаруу менен күйөт.
V. Бышыктоо
1. Азоту бар органикалык бирикмелер кайсылар?
2. Нитробирикмелер деп кандай заттарды атайбыз?
3.Эмне үчүн аминокислоталар бир эле мезгилде эки касиетти (негиздик жана кислоталык) алып жүрөт?
4.Полимерлешүү реакцияларынан поликонденсация реакциясы кандай айырмаланат?
5.Белоктордун түзүлүштөрү эмне менен аныкталат?
6. Белоктор кандай кызматтарды аткарат?
7. Төмөнкү айланыштар ишке аша турган реакциялардын тендемелерин түзгүлө: этан→ этил спирти→ уксус альдегиди → уксус кислотасы→ хлоруксус кислотасы→ аминоуксус кислотасы→ полипептид (белок).