№ 4- сабак
I.Сабактын темасы. Чектүү углеводороддор боюнча маселелерди чыгаруу
Пландаштырылган жыйынтыктар:
- Студенттердин предметтик билимин бир бүтүн системпга бириктирүү жана тажрыйбалык ишмердүүлүктөрүн калыптандыруу;
- өзүнө туура баалоого калыптандыруу;
- өзү уюштурууга жана өзүн өзү тарбиялоо денгээлине жеткирүү;
- азыркы замандагы дайыма болуп турган өзгөрүүлөргө көнүктүрүү жана алардын чыгармачылык эмгек потенциалын өнүктүрүү
2.Өтүлгөн материалдарды кайталоо
а) Чектүү углеводородордун жалпы формуласы. Валенттик бурчтары жана аргындашуу абалы кандай ?
б) Чектүү углеводородордун химиялык касиеттерине мисал келтиргиле.
в) Радикалдар кандайча пайда болушат?
г) Табиятта чектүү углеводородор кайда жана кандай түрдө кездешет?
д) Циклофарафиндер деп кандай чектүү углеводородор аталат, алардын ачык тизмектүү углеводороддордан кандай айырмасы бар?
3. Теориялык билимдерди практикалык жактан бекемдөө
Метанды суу буусунун катышуусунда 800°-1000°Сге чейин ысытып никель (Ni) катализаторун колдонуу менен синтез газы же суу газы деп аталган газдардын аралашмасы өндурулуп алынат. Анын реакциясынын тендемесин жазалы.
t°C, Kat, Ni .
СН4+ Н20 ► 3Н2 + СО
Синтез газы өз кезегинде химиялык баалуу сырье. Бул газдын курамында 70% суутек кармалып журөт. Демек, синтез газы көпчулук органикалык заттарды өндуруудө керек болгон суутекти алууда жана экологиялык таза отун катары колдонушат. Андан тышкары 1000°Сден жогорку температурада ысытканда метан ажырайт:
1000°C,
СН4 ——► С + 2Н2 |
50
Бул учурда дагы көө алынат. Ал кайда колдонулаарын билесинер. Этан, пропан, бутан арзан отун катары (баллондор менен ташылуучу, тиричилик газы) уй-тиричилигинде пайдаланылат. Этан этиленди ендуруп алуудагы сырье.
Углеводороддордун гомологиялык катарынын ортоңку звеносу кыймылдаткычтардын куйуучу майлары (бензин, керосин, кемуртек атомунун саны жетиден жогору болгондору) болуп эсептелет. Ошондой эле алар эриткич катары да колдонулат.
Жогорку углеводороддор кир кетируучу каражаттарды ендуруунун сырьңсу болуп саналат.
Метандын галогендуу туундулары ар туркун максаттар учун колдонулат. Муздаткычтарда муздатуучу реагент (СНзС1) фреон-12, хлороформ жана төрт хлордуу метан эриткич катары ж.б.
Метандын колдонулушу
а) Көнүгүүлөр
№ 35-көнүгүү. Алкандардын кайсы өкүлдөрүнүн изомерлери жок?
а) метан, этан, бутан
б) этан, пропан, пентан
в) пропан, метан, гексан
г) метан, этан, пропан
д ) гексан, пентан, этан.
№ 36. Кадимки шартта суюк углеводороддор:
а) С 3Н8
б ) С 2Н 6
в ) С 20Н 42
г ) С 6Н 14
д ) С 4Н8
№ 40. Кайсы заттар бири – бирине гомолог болуп саналат?
а) С 2Н6 , С 2Н 4
б ) С 3Н8 , С 3Н 6
в ) С 4Н 10. ,С 5Н 12
г ) С 6Н 14 , С 6Н 12
д ) С 4Н8 , С 4Н 10 .
№42. Циклоалкандарды кайсы заттардан алууга болот?
а) нефтиден жана жыпар жыттуу углеводороддордон
б) чектүү углеводороддон
в) чексиз углеводороддордор
г) жаратылыш газынан жана алкандардан
д ) таш көмүрдөн жана ацетиленден.
№ 43. Чектүү углеводороддордо көмүртек атомдорунун булуттарынын кандай гибриддешүүсү мүнөздүү?
а) SP
б ) SP 2
в ) S- S
г ) SP 3
д ) S-P
б) Маселелер
1.Метандын молекулалык массасын эсептегиле?
Мисал: Mr(СН4) = Аr(С) + Аr(Н*4) = 12 + ( 1*4) = 12 + 4 =16
Mr(С2Н6) = ?
Mr(С4Н10) = ?
Mr(С5Н10) = ?
2. 0,5 моль метандын массасы канчага барабар?
Чыгаруу: Мr = 1моль
Mr(СН4) = Mr(С) + Mr(Н*4) = 12 + ( 1*4) = 12 + 4 =16
16г________1моль
Х ________ 0,5 моль Х = 16 г * 0,5 моль / 1 моль = 8 г
0,25 моль этандын массасы канчага барабар?
29 г бутан канча молду тузот?
17,5 г циклопентан канча молду тузот?
Маселе № 12. 5 м3 жаратылыш газында 95% метан газын кармап турса, аны күйгүзүш үчүн канча көлөм кычкылтек сарпталат?
Берилди: Чыгаруу:
V(жар.газ )
= 5 м3 1. 5 м3 = 5000л.
95: 100 % = 0,95. 5000 х 0,95 = 4750
4750л хл
2.СН 4 + 2О 2 СО2 + 2 Н 2О
V(О 2 )= ? 22.4 л 44,8 л
4750 Хл 4750 х 44,8
---------- = --------- ; х = ---------------------- =9500 л
22.4 44,8 22, 4
= 9,5 м 3
Маселе №18. 56 л пропанды хлордоодо, (н.ш.) канча көлөмдөгү хлордуу суутек пайда болот (реакция биринчи баскычта жүрөт).
Берилди: Чыгаруу:
56л Хл
V(пропан) С 3Н 8 + С1 2 С 3 Н 7 С1 + Н С1
22,4 л 22,4л
= 56 л
Х = 56л.
V(НС1 )= ?
5. Үйгө тапшырма.